Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#481 Пользователь офлайн   fari   09 Апрель 2009 - 16:38

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 25 Июль 08
  • Соңку аракети: 26 Июн 2015 19:09
  • Жынысы:Аялзаты

Байккооу, Сиз эн жакшы адам экенинизди жана менин эн жакшы коргон Байкем экенинизди билесизби?

Жоопторунузду окуп, жыргап отурам. Калган суроолорумду анан берем.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#482 Пользователь офлайн   arhidey   09 Апрель 2009 - 17:41

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Кайра дагы суроом сизге жооп беруу сизге анчалык оор тийбейт деген ойдомун кучунуз жетуу ыктымалы корунуп турат суроом сизге:

Суроолорума коз карашыныз жонундо билдирсениз.

1.Журогу да озу да булгангандар -коз карашыныз?
3.Суйууну издеп таба албайсында, андан качып кутула албайсын-коз карашыныз?
4.Ата-журт карегимде журогумдун теренинде-коз каршыныз?
5.Жашоо кызыгы интернет менен-коз карашыныз?
6.Кыялына жараша тамагы-коз карашыныз?
7.Акчалуу бактылуубу- коз карашыныз?

РАХМАТ!! !

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#483 Пользователь офлайн   LIFE   09 Апрель 2009 - 17:44

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

arhidey,

- LIFE мырза, жооптор кызыктуу кетүүдө . Рахмат сизге.


- Рахмат, arhidey! Силер берген дем менен жооптордун ыргагы тездеп жатат.

1.Автобиографияң ыз жөнүндө жаза кетсеңиз, бирок узун-узун дегендей.
Мен, Х деген жигит ....-жылы Чүйдүн Аламүдү н районунда төрөлгө нмүн. Боз үйдө торолуп, жайлоодо өскөнмү н андан кийин. 8 жашка келгенде, мектепке барганмын. Айрым шарттардан улам бир нече мектепти алмаштыргам. Мектепти орто баалар менен бүтүргө м, бирок кээ бир сабактардан аябай күчтүү болчумун. Өз күчүм менен университетке өтүп, аны ийгиликтү ү аяктадым. Бир толук эмес жогорку билимим, эки жогорку билимдин ээсимин. 26 жаштамын. Толугураак маалымат алууну каалагандар купуялашсын.
 
2.Виртуалдагы кемпириң из чыныгы кемпириң изге айлануусун каалайт белеңиз?
Албетте. «Жакшы тилек – жарым ырыс» деп бекеринен айтылбаса керек. 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#484 Пользователь офлайн   LIFE   09 Апрель 2009 - 17:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

fari,

- Байккооу, Сиз эң жакшы адам экениңизди жана менин эң жакшы көргөн Байкем экениңизди билесизби? - Албетте, билбей коёмбу, карындаш жан. Бардыгыбыз бири-бирибизге жардам бергенибиз үчүн эң жакшы адамдардан болуп жүрөбү з. 



- Жоопторуң узду окуп, жыргап отурам. Калган суроолорумду анан берем.
- Күтөм ар бир сурооңду чыдамсыздык менен.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#485 Пользователь офлайн   LIFE   09 Апрель 2009 - 18:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

shasi,

- Башында Тагдырдын баласын кырктын кырынан эбак оогон адам болсо керек деп ойлогом. Анткени сиздин жазган жоопторуң уз, жашоого көз карашыңыз, пикириңиз мени ошондой ойго жетелеген. Эми билсем жапжаш эле жигит турбайсызбы. Өзүң үздү көп жылдык жашоону жашап койгондой туйбайсызбы?


- Туура баамдагансыз. Мени форумдан тааныгандар көбүнчө ошондой ойлошот. Чыныгы жашоодо кандай экенин билбейм. Өзүм менен теңдер менен кадимкидей эле мамиле түзөм. Анан улуулар менен көп сүйлөшө м. Балким ошонун таасири болгондур. Кичине кезимде таенем жанымда тамак берип жатып, бир жолкусунда башымдан сылап, «Балам, сени аяйм. Сен аябай эрте жетилдиң . Эрте жетилгендер жашоонун оорчулуктарынан кыйналчу эле» деп айтканы эсимде. Чындап эле эрте жетилүү адам үчүн бир топ оор. Жашоодо бир топ кыйынчылыктарга (өзүмө ылайык) туш болдум. Бирок ар биринин жыйынтыгында дайыма Жараткандын жакшылыктары бар экенин унутпайм. Физиологиялык жактан жаш болсом да, психологиялык жактан кары болушум мүмкүн. Аны аңдап билген сырт көздөр баамдап жаткан чыгар.
- Анан да сиздин кесибиңизди билгим келет. Мындай мырза кай кесипти аркалайт болду экен деп. Дагы суроолор бар. Кезеги келгенде берем.


- Билим берүү тармагында эмгектенем. Ошондуктан ушинтип кечке жазганды жакшы көрөм деп койбоймбу. (тамаша) Изилдөө иштерине кызыгам. Кийинки суроолоруң узда жүздөшкө нгө чейин ийгилик болсун.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#486 Пользователь офлайн   jazka   09 Апрель 2009 - 18:14

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 122
  • Катталган: 13 Апрель 08
  • Соңку аракети: 24 Авг 2014 23:20
  • Жынысы:Аялзаты

salam,LIFE!
menin suroom---- kaisy uchurda terdeisiz? :tongue:
"it`s better to have loved and lost,than never loved at all"
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#487 Пользователь офлайн   LIFE   09 Апрель 2009 - 18:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

arhidey,

- Кайра дагы суроом сизге жооп берүү сизге анчалык оор тийбейт деген ойдомун. Күчүң үз жетүү ыктымалы көрүнү п турат.

- Рахмат, мага шыкак берип жазганың ыз үчүн. Ар дайым ден-соолук менен катар денебизде түгөнгү с күч болсун!



Суроолорума көз карашыныз жөнүндө билдирсең из.

1.Жүрөгү да, өзү да булгангандар кимдер?

Ушул суроого туура келеби же келбейби билбейм. Бирок мен билген бир анекдот бар эле. Ошону алгы сөз ордуна жазып коёюн.
 
- Балам, тамак жээрден мурун колуңду жуудуңбу? Эртеден кечке чейин эмне кармаганың ды бир Кудай гана билет.
- Апа, антпеңизчи. Менин жүрөгү м таза.

Негизи эле жүрөгү кир болбогон адам болбосо керек бул жашоодо. Жашоонун өйдө-ылдыйында ката кетирбеген адам жок болгон сыяктуу эле ар бир адамдын жүрөгү булганып турса керек. Жүрөк болсо адамдын негизги органы болуп эсептелгендиктен, «Бул адамдын жүрөгү эле булганыптыр. Өзү булганган эмес» деп кесе айтууга мүмкүн эмес. Бирок, бул адам жашоодо көп жолу булганыптыр. Бул жаман адам экен деп жыйынтык чыгара берүү да туура эмес. Чоң ката кетиребиз. Кимдин канчалык деңгээлде булганганы акыретте билинсе керек. 


2.Сүйү үнү издеп таба албайсың , таап алсаң андан качып кутула албайсың .
«Бирөө гө зар дүйнө, башкасына кор дүйнө» деп бекеринен айтылбаса керек. Кээде колуңдагы бакыттын кадырын билбей, андан да көптү эңсеген учурлар болбой койбойт. Андай учурларда кош сүйүү же кайып сүйүү деп коёт болушу керек эгер бирөө сүйбөй жатса. 

Башка жагынан алганда, сүйүү нү күтпөш керек. Ал өзү келет. Андан качып кутула албайсың . «Кудай бул дүйнөгө бир улак жаратса, жанына бир түп шыбакты сөзсүз жаратат» деп айтышат эмеспи.

3. Ата Журт – карегимде, жүрөгү мдүн тереңинде!
Ата Журт үчүн канчалаган сезимдер арналып, чыгармалар жазылган. Бирок ошонун кадырына жете албай жүргөндө р көп. Ата Журттун кадыры башка жерде жүргөндө даана билинет. Ата Журт - эр азаматтын жүрөгү ндөгү намысы, сагынычы, жаны, жашоосу! Акыркы учурда «Кайсы жерден нан таап жеп жатсам, ошол жер менин Ата Журтум» деп ойлогон, кечиресиң ер, чала маңкурт жандар өкүндү рөт. Балким, айрым түшүнү ктөрдө н же саясаттардан улам жаштар өз Ата Журтунун баркына толугу менен бара албай жаткандыр. Ошондой болсо да, бир макал бар:

Ат көнгөн жеринде, эр туулган жеринде,
Ит тойгон жеринде, куш конгон жеринде.


4. Жашоо кызыгы интернет жөнүндө ой толгооңуз.
Интернет негизи эле 20-кылымдагы эң чоң ачылыш болуп эсептелет. Канча миллиондогон, миллиарддаган маалыматты бир көз ирмемдин ичинде алууга болот. Ичинде тарбиялык жактан аң-сезимди өстүрү үчүлө рү да бар, адамды түп тамырынан азгыруучулары да бар. Ушуга карап туруп интернеттин системасына баш-оту менен сүңгү п кирип алуу туура эмес көрүнү ш болсо керек деп ойлойм. Интернеттин адамдын керегине жарашы керек, адам интернеттин керегине эмес.

5. «Кыялына жараша тамагы» деген ой туурабы?


Кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар. Тамак да адамдын мүнөзү нө жараша демдүү бышса керек. Жакшы ниет менен бышырылган тамактын даамы, адамга тийгизген сообу башкача болсо керек. Ал эми эптеп-септеп тамак ичүү процесси үчүн бышырылган тамактардын көлөмү болсо да, аш болуму анан аркасы жаман болсо керек. Бул жагынан аялзаты жайдары болуп, өзүнү н жүрөгү нөн чыккан сезимдерден тамагына да кошо кетсе, эркектерди өзүнө тартып алат дегенге толук түрдө кошулам. 

Тамак ичип жаткан адам болсо «Жамандыкын – баса ич, жакшыныкын – жата ич» деген сөздү эске алып, алдына келген тамакты калтырбай ичкени жакшы.


6. Акчасы көп адам бактылуу адамбы?

Акча жан дүйнөгө бардык бакытты тартуулай албайт, тескерисинче адам пейилин бузат. Адам акчаны максатка жетүү үчүн бир каражат, бир ыкма катары гана колдонуусу керек. Анткени, акчасыз азыркы турмушта ийгиликтерге жетишүү да мүмкүн эмес. «Акчаң болсо калтаңда, калтаңдасаң талтаңда» деп көөп кетпеш керек акча көп болгондо. Акча адамды бакытка алып барат, бирок кайгыга чөгөрөт көпчүлүк учурда.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#488 Пользователь офлайн   LIFE   09 Апрель 2009 - 18:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

jazka,

Салам, LIFE!
Менин суроом: 
- Кайсы учурда тердейсиз?

- Аябай жакшы суроо экен. «Тер чыккандан шор чыгат» деп коюшат эмеспи. Анын сыңары, көп-кө п тер чыгарып туруу адам организмине болуп көрбөгө ндөй пайда алып келет. Чындыгында, аял менен эркектин ортосунан чыккан терге эч нерсе теңдешсиз. Бирок, ошондой болсо да жашоонун өктөмдү гүнөн кээде жарытып тер чыгара албагандар көп эле кездешет. Мактангандай болбоюн. :tongue: Ден-соолугумдун талап кылган нерселерин туура түшүнү п, системалуу түрдө тер чыгарып турууга аракет кылам. Сурооңо башкача жооп жаза баштасам, кечирип коёрсуң. Негизи, мен көп иштегенде, мончого барганда, чай ичкенде, кээде форумга билдирүү жазып жатканда тердейм. Аябай жагат.  :tongue:
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#489 Пользователь офлайн   myshka   09 Апрель 2009 - 20:07

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 170
  • Катталган: 28 Март 08
  • Соңку аракети: 24 Дек 2012 22:32
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:г.Бишкек

Калайсын дозум........... ....
.....

Дуйнодо баарынан эмне улук?


Баары болот - турмушта баары болот,
Боксо аяктын бир куну оорду толот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#490 Пользователь офлайн   ХАНЗАДА   09 Апрель 2009 - 20:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 605
  • Катталган: 04 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 22 Окт 2013 14:27
  • Жынысы:Белгисиз

Саламатсызбы, мен да элден кем калбай суроомду узатып калайынчы. Жогоруда жазгандарынызга коз жугурттум. СОООнун жооп жазыптырсыз.

Кайсы созду эн коп колдоносуз?

Суйуу сезимдери жонундо оюнуз кандай?

Кыргыздын патриотусузбу? Болсонуз, кантип далилдейсиз?

Эмнеден жыргап эс аласыз да, эмнеден рахаттана кубат аласыз?

Сиз учун ыйык адамдар...


Рахмат, бар болунуз! Мага койсо суроолорду жаадыра берем да ушинтип. Бирок дагы суроо берип калышым мумкун. Кутунуз, ээ.

Билдирүүнү түзөткөн: ХАНЗАДА: 09 Апрель 2009 - 20:12

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#491 Пользователь офлайн   vais   09 Апрель 2009 - 23:10

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 629
  • Катталган: 21 Ноябрь 08
  • Соңку аракети: 03 Май 2013 00:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:кыргызстан

Интервью абдан кызыктуу отуп жатыптыр. Айрыкча берилген жооптор терендиги, мазмундуулугу менен озгочолонуп турат. Бул Life мырзанын интеллектуалдык коронгосу бай экендигин айгинелеп турат. Анда эмесе четте калбай биз да бул жагымду мумкунчулуктон пайдаланалы.
Менин суроом акыл байлыгы жонундо (менимче сиз ушул тармакта иштейсиз). Акыл эмгеги биздин Мекенибизде туура баалануудабы? мисалы, мугалимдер менен илимпоздордун маянасы? Кыргызстанда байлык-муратка жетуунун кыска жолу эле бийлик аркылууболуп калбадыбы...
Сиз Кыргызстандын жарандары мандай тери менен гана киреше таап (бийлик же коммерция аркылуу эмес), энсеген каалоо-тилектерине жетуусу учун кандай иш-чараларды сунуштайт элениз? Жообунуз учун алдын-ала рахмат айтам.
Баш кесмек бар, бирок тил кесмей жок...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#492 Пользователь офлайн   Барс   10 Апрель 2009 - 07:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 2 987
  • Катталган: 24 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 09 Мар 2025 15:00
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Айылда

Ассалоому алейкум, LIFE мырза! Мүмкүнчү лүктөн пайдаланып мен да суроо берип салайын эмесе:

1. Форумга Тагдырдын баласы, Лайф деген никтер менен кирем депсиз. Менин жаман оюм: "Эки башка ник менен кирген киши башка бир үчүнчү ник менен деле кирип жүрөт да..."- деп атат. Ушу, же меники туурабы? Үчүнчү нигиңизди деле айтып койбойсузбу, болсо!!! Менден башкалардын деле ушундай шеги бар экенин угуп калам...
Же...текстологиялык изилдөө гө жөнөтү ү керекпи? %)

2. Дагстандык Расул Гамзатовду уккансыз да...Мына ошол Расулдун атасы Гамзат коңшу-колоң уна, жоро-жолдошуна өз китепканасынан бир китеп берсе, аны алардын бирөөсү убагында кайтарбаса: "Тууган, менин бир досум сиздикине кетти эле. Көп жүрүп калды. Үйүнө кайтайын деген ою бар бекен?" деп кыйтып гана берген китебин сурап алчу экен. А эми мен Гамзат эмесмин го, ошентсе да сурап коёюнчу:
Урматтуу Лайф мырза, менин бир сезим перзентим Сиздикине кетип, ошол жерде жашап жүрөт эле. Кийим-сийимин, бети-башын кирдедетип койбогонуң узга ишенемин. Бирок да ошонун пейли-кую, жүрүш- турушу, мамилеси, Сиздин ага болгон мамилеңиз туурасында мага билдирип койсоңуз жакшы болот го дедим эле. Бир-эки сөз менен сыпайгерчилик үчүн: "Оу жакшы экен. Мага абдан жакты... "деген жалпы фразалар менен чектелбей, Өзүң үздүн деңгээлиң изде, кенен-кесири талдап, сын-пикир айтып берет деп үмүттө нүп жүрөмү н... Албетте, убактыңызга карайсыз да!!! "Ушул болор-болобос, "тантык" немесин да сураптыр..." - деп кыжырыңыз келбесе экен...

Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 10 Апрель 2009 - 07:27

Үчтүктө үч сап - үч күлүк!
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#493 Пользователь офлайн   fari   10 Апрель 2009 - 10:12

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 25 Июль 08
  • Соңку аракети: 26 Июн 2015 19:09
  • Жынысы:Аялзаты

БАЙККООУ,ар бир кунунузду ийгилик коштоп, пайдалуу отсун!

Берген жоопторунузга рахмат! Эн жогорку денгээлдеги жоопторду алып жатабыз!
Суроолор:
"Таарынгандыкы таттуу болот" дегенди кандай тушуносуз?
Сиз коп таарынасызбы жана таарыныч адамга пайда алып келеби? Сизге пайда алып келди беле?
Негизи таарыныч мырзаларга жарашабы?

Бакыт каалайм!

Билдирүүнү түзөткөн: fari: 10 Апрель 2009 - 10:18

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#494 Пользователь офлайн   Кыргыз Happy   10 Апрель 2009 - 10:13

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 955
  • Катталган: 26 Февраль 09
  • Соңку аракети: 22 Фев 2020 12:34
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Ош

Форумдун кызыгы кетип бара жатат эмне кылыш керек?
Не с первого взгляда, но до последнего вздоха,
Верю в любовь, в нас, в себя, верю в бога. (KREC)

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#495 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 14:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Калайсың , дозум?



Бардыгы демейдегисиндей керемет. Сизде да бардыгы жакшы деп ниет кылам.

- Дүйнөдө баарынан эмне улук?
- Дүйнөдө баарынан ажал улук. Ажал келип, күн бүтсө, не деген улук адамдар анын курмандыгы болот. Ажалдан кутулуу жок. Кээде «Ажалдан улук арман жок» деп да коюшат. Бирок кыргызда салтты улук тутушат. Анткени «Салттын жолу улук, нарктын жолу ыйык. Салты, наркы жок элдин заманасы туюк» деп жөн жерден айтышпаса керек.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#496 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 15:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Саламатсызбы! Мен да элден кем калбай суроомду узатып калайынчы. Жогоруда жазгандарың ызга көз жүгүрттү м. Сонун жооп жазыптырсыз.



Рахмат, бар болуңуз! Мага койсо суроолорду жаадыра берем да ушинтип. Бирок дагы суроо берип калышым мүмкүн. Күтүң үз, ээ!...



Саламатчылык, Ханзада!
Суроолоруң уз абдан кызыктуу экен. Кызыгып отуруп жооп бердим. Кийинкилерине да эшик ачык.

- Кайсы сөздү эң көп колдоносуз?
- Негизи, дүйнөлү к телефондордо эң көп колдонулган сөз катары «Алло» эмес, англис тилиндеги «I (мен)» сөзү деп айтып жүрүшө т. Анткени, адам сүйлөп жатканда өзү жөнүндө көбүрө өк айткысы келет экен. Экинчи жагынан англис тилинде сүйлөмдү н башында «мен» деген сөздү айтпаса, ал сөздүн кимге таандык экени байкалбагансыйт. Ошондой эле, англис тилинин эң кызыктуу жери «мен» жана «Кудай» деген сөздөр дайыма баш тамга менен жазылат. I жана God сыяктуу. Албетте, бул айткандарым тилдик кичинекей чегинүү болсун. Менин эң көп колдонгон сөзүм «кебетеси» болушу керек. Мисалы, «Кебетеси бүгүн ал келбейт окшойт» «Кебетеси» деген сөздү жеке жашоомдо көп колдоном. Бирөөлө р «эме-эме» дей беришет кечке эле. 

- Сүйүү сезимдери жөнүндө оюңуз кандай?
- Негизи, сүйүү сезимин көп түрдүү кабылдаса болот. Мекен, ата-эне, бала, достук сыяктуу түрдүү категорияларда баалоого болот. Бирок булардын эң күчтүү сү жана сырдуусу кыз-жигиттин ортосундагы жакындык (интимность) болсо керек. Жакындык десе, көбүнчө бара-бара аягы белден ылдый түшүп кетчү эле ойлор. Сезимде болгон жакындык тууралуу кеп болгондо сүйүү нү эстейм. Сүйүү нүн көп түрү бар. Бирөөлө р айтат «Сүйүү – бир, сүйүү сымак – миң» деп. Менимче, (азыркы таптагы ойлорума жараша) ар бир сүйүү нү өз учурунда ардактай билген адам ар дайым утушта. Анткени сүйүү дө келечек жок. Келечекте сүйүү бүз кандай болот деп баш ооруткан адам сүйүү сүн жокко же .окко айландырып алат. Ошондуктан, сезимдердин туткуну болуп, бирөөгө «түбөлү ктүү сүйүү ңмүн» деп айткандар кээде жаңылышат. Түбөлү ктүү эч нерсе болбогон сыңары, сүйүү да бир күнү өлөт. Адамдын көзү тирүүсү ндө башка бирөөгө болгон сүйүү сү өлүп калса, анда «Сүйүү дөн бүткөн дарт өлтүрбө гөнү менен эч качан айыкпайт» болуп калат. Жыйынтыгында айтаарым: аң-сезимдү ү адам дайыма сүйүү гө милдеттү ү. Анткени, бул дүйнө сүйүү дөн жаралган.

- Кыргыздын патриотусузбу? Болсоңуз, кантип далилдейсиз?
- Кыргыздын патриотумун деп айткандан тартынбаймын. Неге дегенде, «патриот» деген сөздү айрым саясаттардан улам чаташтырып, башка бирөөгө болгон душмандык катары ойлоп жүргөн адамдар бар. Менимче, Мекенге, улутка, элге болгон сүйүү эч кандай душмандык эмес. Патриот болуу үчүн мен өз жумушумдан баштайм. Өз ишимди эң мыкты деңгээлде билип, анын үзүрү н көрүп, өзүң ө, андан кийин коомго кичине болсо да пайдасы тийген адамды патриот катары эсептейм. Биз өзүбү здү баксак, коом жакшы өнүгө т. Патриот болуу – ошол!

- Эмнеден жыргап эс аласыз да, эмнеден рахаттана кубат аласыз?
- Комедия фильм көргөндө н жыргап эс алам. Анткени, күлкү - өмүрдү н мүлкү. Ден-соолукка пайдасы зор. Жеген тамагымдан рахаттана кубат алам. Тамактын даамын билбесең , чыныгы түшүнү к болгон жашоонун көркүн сезбейсиң .

- Сиз үчүн ыйык адамдар...
- Ар бир адам үчүн эң ыйык адам эне болуп эсептелет. Анткени, энелер бул дүйнөгө бизди алып келип, өз тарбиясын берип чоңойтот. Башка ыйык адамдар жөнүндө айта кетсем, пайгамбарлар ар бирибиз үчүн ыйык болушу керек. Алар Кудайдын элчилери болгондуктан, адам акыл-эси менен алардын ордун өз жашоолорунда сезе билүүлө рү керек. Ал эми татыктуу адамдар деген категорияга адам баласынын жашоосуна жаңы ачылыштарды алып келген, өз эмгеги менен тарыхта калган адамдарды эскерүүгө болот.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#497 Пользователь офлайн   azalove   10 Апрель 2009 - 15:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 321
  • Катталган: 30 Январь 07
  • Соңку аракети: 24 Фев 2021 20:45
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Саламатсызбы Лайф мырза.
1. Тагдырдын баласы менен Лайфтын муноздору мага башкача сезилет. А сизге?
2 Колдон келбес бир ишке конул дегдетип капа болгон учур болду беле?
3 Кыргызстаныныз учун эмне кылууга жетиштиниз?
4 “Катынынды казы бузса, арызынды кимге айтасын?” деген учурдагы олкобуздун абалына туура келеби э? (мага ушундай сезиле берет да)
5. 20 жылдан кийинки Лайфты кандай элестетесиз? (кудай буюрсун )
6. «Мандайга жазган» дегенге ишенесизби?
7. «Эркекчилик» дегенге коз карашыныз.
8. Азамат акылдуу болсо алганы мээримдуу болобу?
9. Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшыбы э?
10. Озунузду мактап коюнузчу э, 3 эле соз менен.
Ишинизге ийгиликтерди каалайм. Рахмат
Эн мыкты сот-абийирибиз! (Н.И.Гнедич)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#498 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 15:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Интервью абдан кызыктуу өтүп жатыптыр. Айрыкча берилген жооптор тереңдиги, мазмундуулугу менен өзгөчө лөнүп турат. Бул Life мырзанын интеллектуалдык көрөң гөсү бай экендигин айгинелеп турат. Анда эмесе, четте калбай биз да бул жагымду мүмкүнчү лүктөн пайдаланалы.


Рахмат, vais байке!


Сиздин жоопторунуз да мага аябай жаккан. Мен да колдон келишинче жооп берейин.



- Менин суроом акыл байлыгы жөнүндө (менимче сиз ушул тармакта иштейсиз) болмокчу. Акыл эмгеги биздин Мекенибизде туура баалануудабы? Мисалы, мугалимдер менен илимпоздордун маянасы? Кыргызстанда байлык-муратка жетүүнү н кыска жолу эле бийлик аркылуу болуп калбадыбы...

- Жумушту экиге бөлүү гө болот: акыл жумушу жана кара жумуш. Акыл эмгеги айрымдарга жеңил көрүнгө нү менен, организмдеги канчалаган энергияны алып кетет. Анан дагы ар бир эле адам акыл эмгегинин өтөө лүнө чыга бербейт. Ал үчүн талант керек. Таланттар биздин Мекенибизде канчалык деңгээлде бааланып жаткандыгын ар бир жаран өз көзү менен күбө болгондой. Бийлик-байлык өзүнү н күчүн көрсөтү п, айрым учурда акты кара түрүндө көрсөткө нү же татыктуу баа берүүгө кудурети жетпей жатканы бардыгыбызды өкүндү рөт. Мугалимдер менен илимпоздорго берилген маянанын өлчөмү аябай эле төмөн. Керек болсо, таланттуу жаштар өз күчүн колдоно алышпай, айласыздан турмуштун тайгак жолуна түшүп кетишүү дө. Мектептерде айлык аз берилип, берилсе да өз убактысында берилбегендиктен, эң ардактуу деп эсептелген мугалимдик кесип кээ учурларда айрымдардын шылдыңына тушугууда (Айылда мугалим болуп жүрөт дегендей). Мугалимдер бардыгына кайыл болуп мектепке барышса, мектептин программасы (Программада аябай көп темалар камтылган. Сабак өтөйү н десе окуучусунун акыл-эси чакталуу, жетишсиз же пайдубалы начар), кошумча жумуштар (балдардан ремонтко, билим берүү иштерине акча чогултуу, кошумча чай аземдери, ж.б.) кыйнап коюуда. Мындан тышкары, бир эле мугалим өзүнө тиешеси жок эле сабактарды берүүгө мажбур болууда. Албетте, акчанын тартыштыгынан улам келип чыгууда. Кээде маалимдик билимди тыштан окугандар деле аркалап жатышат дегендей. Колунда диплому бар адамды мугалим кылып албай коюуга мектеп мүдүрлө рүнүн да алы жетпейт. Керек болсо, эптеп эле мугалим болууга адам издеп калышат күзүндө (билсеңиздер, телеканалдарда мугалимдикке чакырабыз деген рекламалар байма-бай өтөт). 
Илимпоздор дагы кыйналып жатышат. Мамлекеттик деңгээлде илимге жана жеке изилдөө лөргө каражат бөлүнбө йт. Ар ким өз күчүнө жараша эмгектенет. Колдоо болбогону аз келгенсип, бут тосуулар да байкалбай койбойт. Билим берүү мекемелеринде айрым илимий бөлүмдө рдүн жабылып жатканы да белгилүү . Ошол эле учурда кайсы бир жол менен илимдин кандидаттыгын же докторлугун алып жаткандар да бар. Бул көрүнү ш жалпы илимге болгон көз карашты начарлатып, илимдеги сапаттын төмөндө шүнө алып келүүдө . Бирок, бардык кыйынчылыктарга карабастан, өз ишин мыкты аркалап жүргөндө р көп. Алар болбосо, биз азыркы деңгээлге жетмек эмеспиз. Илим чөйрөсү нө атайын реформалоо процесси келмейинче, ар бирибиз өз ишибизди майын чыгара иштеп турууга жана акырындык менен өз жаңычылдыктарыбыз
ды жашоо тажрыйбасында колдонууга аракет кылышыбыз керек. Ошондо гана мамлекеттин өнүгү үсүнө өз үлүшү бүздү кошкон болорбуз.


- Сиз Кыргызстандын жарандары маңдай тери менен гана киреше таап (бийлик же коммерция аркылуу эмес), эңсеген каалоо-тилектерине жетүүсү үчүн кандай иш-чараларды сунуштайт элеңиз? Жообуңуз үчүн алдын-ала рахмат айтам.

- Ар бир жарандын бакубат жашоосу үчүн ден-соолук керек. Ар бир адам өз ден-соолугун чыңдоого умтулушу керек. Андан кийин билимдин сапатын өстүрү ү керек. Саны бар, сапаты аз нерседен эч качан пайда чыкпайт. Мисалы, жаңы бир технологиянын үлгүсү келсе, аны колдоно билген кыргыз жаштары саналуу гана болгону өкүндү рөт. Башка учурларда сыртынан адис көрүнгө нү менен, чыныгы иш чөйрөсү ндө ал тармактын А тамгасын аңдай электер да учурайт. Анан мамлекеттик кызмат орундарына кадрларды алууда туугандык, жакындык, санаалаштык сыяктуу өзгөчө лүктөргө көңү л бурууну токтотуу керек. Аткарылган иштердин көзөмө лгө алынуусу керек. Ушулардын бардыгын эске алгандан кийин, ар бир кызматкердин адамдык жана атуулдук укугун сыйлап, турмуш-тиричиликтеги чыныгы көрсөткү чтөргө жетишерлик маяна менен камсыздандырууга өтүшү керек. Ошондо гана коррупция токтойт болушу керек. Бир кызматкерге аз маяна берип, андан көп нерсени талап кылып, андан кийин аны коррупцияга аралашып жатасың деп күнөө лөөнү туура эмес көрүнү ш деп эсептейм. Ушулардын бардыгын ишке ашырган мыйзамдар туура иштелип чыгышы керек. Бир мыйзамдан ката кетсе, анда бир адамга зыян берген сыяктуу эле, бир чоң мамлекет андан жабыр тартат. Аябай көп сүйлөп тантып койсом, кечирим сурайм.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#499 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Ассалоому алейкум, LIFE мырза! Мүмкүнчү лүктөн пайдаланып мен да суроо бере салайын.


Алейкум ассалам, Барс аба!


Эмесе:
1. Форумга Тагдырдын баласы, Лайф деген никтер менен кирем депсиз. Менин жаман оюм: "Эки башка ник менен кирген киши башка бир үчүнчү ник менен деле кирип жүрөт да..."- деп атат. Ушу, же меники туурабы? Үчүнчү нигиңизди деле айтып койбойсузбу, болсо!!! Менден башкалардын деле ушундай шеги бар экенин угуп калам...
Же...текстологиялык изилдөө гө жөнөтү ү керекпи?  


Жүрө ктөрдү дүкүлдө ткөн суроо менен кайрылган экенсиз. Эки ник колдонуп, жүзүм кара болуп жүрдү элем. Ал аз келгенсип, үчүнчү никти да майданга чыгарып койгонум анык. Жашырып жүрдү элем, сиз сурадыңыз, мен айтайын. Ал – Мергенчи. Текстологиялык изилдөө жасайм десеңиз чоочуп кеттим. :(

2. Дагстандык Расул Гамзатовду уккансыз да...Мына ошол Расулдун атасы Гамзат коңшу-колоң уна, жоро-жолдошуна өз китепканасынан бир китеп берсе, аны алардын бирөөсү убагында кайтарбаса: "Тууган, менин бир досум сиздикине кетти эле. Көп жүрүп калды. Үйүнө кайтайын деген ою бар бекен?" деп кыйтып гана берген китебин сурап алчу экен. А эми мен Гамзат эмесмин го, ошентсе да сурап коёюнчу:
Урматтуу Лайф мырза, менин бир сезим перзентим Сиздикине кетип, ошол жерде жашап жүрөт эле. Кийим-сийимин, бети-башын кирдедетип койбогонуң узга ишенемин. Бирок да ошонун пейли-кую, жүрүш- турушу, мамилеси, Сиздин ага болгон мамилеңиз туурасында мага билдирип койсоңуз жакшы болот го дедим эле. Бир-эки сөз менен сыпайгерчилик үчүн: "Оу жакшы экен. Мага абдан жакты... "деген жалпы фразалар менен чектелбей, Өзүң үздүн деңгээлиң изде, кенен-кесири талдап, сын-пикир айтып берет деп үмүттө нүп жүрөмү н... Албетте, убактыңызга карайсыз да!!!" Ушул болор-болобос, "тантык" немесин да сураптыр..." - деп кыжырыңыз келбесе экен...


Сиздин перзентиң изди убакыт болгондо аз-аздан окуп, жекече ойлонуп коюп жүрөм. Чынын айтсам, Барс аба, сизди сындачу мен эмес, жашыңызга тең эмес дегендей. Ошентсе да, сиздин чыгармачылыгың ызга башынан эле таң берип келем. Бул сөздөрдү комплимент катары кабылдап албаңыз. Жакшы чыгармаларды жакшы деп эле айтам, деңгээли төмөн болсо «Жакшы экен» деп айтпайм. Өзүң үзгө маалым болгондой, ыр десе эле уйкаштыктан жаралган айрым сүйлөмдө рдү жазып койгондор толтура. Мен ыр жаза албайм. Ошол эле учурда ошондой уйкаштыктарды жазып койгондордукун ыр деп баалай албайм. Ырды жазуу таланттан тышкары искусство болуп эсептелет. Ырлардагы көркөмдү к, ыргактуулук, берейин деген ойдун күчтүү лүгү, менимче, жеке адамдын жараткан эч бир чыгармасында кездешпейт. Андан кийинки маселе – ырдагы өлчөмдө р. Айрым ыр жазгандардын ырын мындай коёлу, ырдын өлчөмдө рү жөнүндө жалпы түшүнү к таптакыр жокко эсе. Мисалы, мектеп программасынын эле алкагында орус тилиндеги ырларда ямб, хорей, дактиль, анапест сыяктуу өлчөмдө рдөн кеп курушчу эле. Ал эми Чыгыштын араб-фарсы ырларында касийда, газель, рубаи, кит'а жана фахрийе сыяктуу түрлөрү н билүүгө болот. Кыргыз ырларында деп ойлонуп коём. Төрт сап ыр жазылат. Анын рубаи категориясына кирип кирбөө сүн күн бою ойлонууга туура келет. Сиздин жазган ырлар жашоо-турмушка аябай жакын болгону менен эсте калат экен. Мисалы, «Уйкаштык менен ойноо» деген ырыңызды улам-улам окуп коём. Андан башка төрт сап ырлар өзгөчө жазылган. Мисалы, «Сиз!.. Сиз!..» деген ырыңызды форумга илгенде эле көпчүлү ктү суктандырган. Котормолорго болсо сөз жок. Котормо – жеке гана которуу иши эмес, эки тилде тең талантты колдоно алуу. Ырдын котормосу – тозок иш. Ырды жөн гана жаратпастан, аны кайрадан жараткандай болосуң. Анан дагы Чыгыш элдеринен жапон, кытайлардын ырын которот экенсиз. Ал жагынан мага аябай эле жакын сезилди. Мен да алардын философиясына жаш кезимден бери кызыгып келем. Тилин, дилин үйрөнү үгө далалаттанып жүрөм. Азыр уруксатың ыз менен бул жерде мага жаккан кыска бир ырыңызды илүү менен кыска билдирүү мдү жыйынтыктайын.  

Гёдай \Жапония\
   
  ***
Жалбырак учуп, жалбыракты жабат,
А жамгыр болсо, 
Жамгырдын үстүн чабат…



Эң жөнөкө й ыр жана жашоонун так өзү эмес бекен!
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#500 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 15:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Берген жоопторуң узга рахмат! Эң жогорку деңгээлдеги жоопторду алып жатабыз!

Бакыт каалайм!

Рахмат, колдооңузга, коштооңузга! Ак дилден чыккан сөзүң өрдү актаар бекенмин деп коюп жооп бере берейин. Сиздин да ишиңизде, жеке жашооңузда бекемдик орносун!

Суроолор:
- "Таарынгандыкы таттуу болот" дегенди кандай түшүнө сүз?

- Жаш балдарга айтылган сөз болсо керек. Анткени, жаш бала аябай ширин болот да, анан таарынып калса, ага тамактын эң чүйгүн жерин калтырууга аргассыз болосуң. Чоң киши таарынса, «Балакет-мээнет ич» болуп калса керек. Жөнөкө й учурларда «Таарынсаң Бишкекке кет» болот да.

- Сиз көп таарынасызбы жана таарыныч адамга пайда алып келеби? Сизге пайда алып келди беле?
- Мен таарынбайм. Бирөөлө р таарынып калдың дешип, аябай жинге тийүүгө аракет кылышат. Таарыныч адамдагы кайгыны көбөйтө т, ошондуктан проблема болсо дароо эле бетке чаап айтып калмай адатым бар. Ушунун айынан таарынтып алган адамдарым да көп болушу мүмкүн.  

- Негизи таарыныч мырзаларга жарашабы?
- Негизи, таарынчаактык эркекке мүнөздү ү көрүнү ш эмес. Кыздар таарынымыш болушу мүмкүн, бирок анын аркасында көпчүлү к учурда наздануу жатат. Аябай эле чоң таарыныч болуп, жигиттин же кыздын күнөө сү болсо, анда аны Кудай жазалайт. Ал – башка нерсе.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 23
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 30 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 30, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 15:57

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: