Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#501 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Форумдун кызыгы кетип бара жатат эмне кылыш керек?

Балким. Форумдун кызыгы кетип бара жатса, форумдун кызыгын кетирбеш керек деп кой. (тамаша) Чогуу-чараан жаңы сунуштарды кабылдап туруш керек. Маанилүү темалар көп болсо, берилген жооптор жогорку деңгээлде болсо, кызыктуулугу менен дайыма өзүнө тартып турат. Ошону менен катар, форумдагы көз караштарга туура мамиле жасап, ар бирибиз чындыкка умтулсак, ошондо форум чыныгы форумга айланар. Бирок, кээде кызыгы кетип калышы мүмкүн. Дүйнөдө бардык эле нерсе бир калыпта тура бербейт. Көпчүлү к учурда бир нерсенин гүлдөгө н мезгили болсо, анын алсыраган, өлгөн мезгили да болот. Ошондуктан көңү лдөрдү чөгөрбө й, дайыма алга умтулуунун өзү ийгиликти жаратат. Аны жаратмак – алгач сизден, калганы – бизден го!
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#502 Пользователь офлайн   Jeka   10 Апрель 2009 - 16:18

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 255
  • Катталган: 11 Октябрь 08
  • Соңку аракети: 11 Мар 2025 19:52
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азамат LIFE дос!
Мен жашым боюнча сенден улуумун. Бирок, жоопторуң у окуп отуруп ыраазы болуп жатам.
Аябай маанилүү , кыргыздын накта сөздөрү н колдонуп жооп берип жатыпсын.
Дагы белгилеп кетчү нерсе: абдан кооз,орусча айтканда "читабельный" кылып жазат экенсин.
Аның да алкоого арзыйт...

PS:
Учурдан пайдаланып USSR досту да мактагым келип турат. Ушу сен психологсун го.
Ачкан темаларың ы карасам - эң көп эл "каттаган" темалар экен.

Эмки темаңы даярдай бер досум анда!

Билдирүүнү түзөткөн: Jeka: 10 Апрель 2009 - 16:30

Алга жылбаган, артка жылат - жашоодо токтоп калуу жок.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#503 Пользователь офлайн   arhidey   10 Апрель 2009 - 16:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

LIFE мырза мактаганым жок чынында да жоопторунуздун жудоторлуу жери жок окусан окугун келгидей жазып жатасыз суроом сизге тажабадынызбы бере берелиби байке?


1.Кыздар кызгалдактар деп койот кыздарга кандай коз караштасыз? кандай кыздар жагат сизге,деги эле атай бериниз жаккан сапатын,жакпаган сапатын да атай кетсениз?

2.Намаз окуйсузбу?

3.Намаз окубаган инсан ыймандуу адам эсептелбейби?

4.Жан дуйно жагынан таза жакшы адам болуу учун биринчи кадам?

5.Туф Туф Мергенчи сиз турбайсызбы баарыны атып салган ,Мергенчи нигиниздин тушундурмосу, мааниси эмнеге бул никти тандагансыз?

6.Жердин формуласы кичине коз жаш сымал Кензабуронун созун тандап алууда максатыныз?

7.Чоочуп кеткенинизде кандай созду колдоносуз мисалы мен Апей ботом,олду деген сизчи?

Рахмат !Коп суроом учун кечиресиз дагы суроо берем бирок эртен Ок.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#504 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 16:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

azalove,

Саламатсызбы, Лайф мырза? 

1. Тагдырдын баласы менен Лайфтын мүнөздө рү мага башкача сезилет. А сизге?
Сөзү ңүздө жүйө бар. Тагдырдын баласы аябай олуттуу темаларда, анан салмактуу жооп берүүгө аракет кылчу. Анан көп күлчү эмес, жини да келип кетчү кээде. Жазгандарын карасаң, дайыма күрөң түстөгү шрифттерди колдонуп, аябай көп жазчу. Кээде тексттин узундугунан окугандан зеригип кетчүмү н. 
Лайф болсо ар түрдүү . Бир карасаң, башы «Алиги жөнүндө гү» жана «Оюн-күлкү , тамаша» деген темалардан чыкпайт. Бир карасаң, «Жүрөк сырында» аябай маанилүү жооп берүүгө аракет кылат, кээде жөн эле ойноп жазып коёт тийишип. Анан шайыр сыяктуу сезилет, баары бир серьезный ник.
Чыныгы жашоодо кандай адам болду экен деп ойлоно берем өзүмчө эле.

2. Колдон келбес бир ишке көңү л дегдетип капа болгон учур болду беле?


Мектепте окуп жүргөндө көп эле болчу. Мисалы, физика сабагынан эптеп жүрүп өтчүмү н. Өтө албай жүргөнү м аз келгенсип, чейрекке «5» чыгарам деп план түзүп койчумун. Бир жолкусунда агай менен талашып отуруп, ал менден Ом мыйзамын сураган. Жооп бере албай калганда, агай күлүмсү рөп «Не знаешь закон Ома, лучше сиди дома!» дегени эсимде. Өзүмчө ойлонуп койгом Омдун мага эмне кереги бар деп. Көрсө, ансыз... Бирок, жакшы эле кабылдачумун сабактарды. Физиканын кээрин химиядан, биологиядан, математикадан чыгарчумун. Сабактардан кыйналбай өтчүмү н. Түшүнү ксүз болгон нерсе эле тил, тарых, адабият сыяктуу сабактардан ар түрдүү баа алып жүрө берчүмү н, бирок жакшы эле билчүмү н. Азыр болсо, чоңоюп кичине акыл-эске келип, токтолоюн деп калдым. Колумдан келбеген бир нерсе болсо, азыр жөн гана жакшылыкка деп жоруп коём. Себеби, ар бир жоготуунун бир пайдасы бар.

3. Кыргызстаның ыз үчүн эмне кылууга жетиштиң из? 


Кыргызстаным үчүн көп эле нерсе кылууга аракет кылып жүрөм. Жашоодо өзүмдү өзүм багып, коомдук турмушка туура келгендей жүрүм- турумда болгонумдун өзү чоң жетишкендик болсо керек деп эсептейм.

4. “Катының ды казы бузса, арызыңды кимге айтасың?” деген учурдагы өлкөбү здүн абалына туура келеби? (мага ушундай сезиле берет да)


Чындыгы бар. «Мыйзам дегениң – буйлалаган төө, кайда жетелесең кете берет» деп аталарыбыз жөн жерден айтпаса керек. Кээде айрым чоңдор өздөрү нүн жеке кызыкчылыгына карап, мыйзам чыгаргандай. Аны кайра жаңы келгени өзүнө ылайыктап оңдой бергендей туюлат. Кандай болгон күндө да, күчтүү адамдын жанында күчсүз адам жаңылган болуп чыгат. Бир Кудай таразалайт да бардыгын. 

5. 20 жылдан кийинки Лайфты кандай элестетесиз? (Кудай буюрсун!)


Лайфты, Кудай буюрса, өз үй-бүлө сү бар, балдарынын маңдайында, үй-бүлө сүнөн, кылган ишинен рахат тапкан адам катары элестетем.

6. «Маңдайга жазган» дегенге ишенесизби?


«Маңдайга жазган» деген сөз бардык жагынан туура айтылган. Анткени, адамдын маңдайы компакт диск да. (тамаша) Бирок, кээ бир адамдардын «маңдайыма ушул жазылган» деп туура эмес пикирде жата бергендери туура эмес. Кудай аны да жасайт. Анткени ал адам ошол нерсени каалап жаткан болот. «Ниетине жараша амалы» деп коюшат эмеспи. Амал – адамдын жасаган кыймыл-аракети, жетишкендиктери бул жерде.

7. «Эркекчилик» дегенге коз карашыңыз.  


«Эркекчилик» деген эркекке тиешелүү нерселердин баарысы, топтому, жыйындысы же карама-каршы жынысындагы адам баласы же кызы аялзатынан бөлүп турган өзгөчө лүктөрү . Бир эркек (кыргыз катары) эрктүү , намыскөй, кайраттуу, коркпогон, акылдуу, колунан көп иш келген, калыс, сөзүнө турган адам болот деген ойдомун. Көп сапатты санап койсом кечирим сурайм. Жетпей калса, өзүң өр толуктап коёрсуңар.

8. Азамат акылдуу болсо алганы мээримдү ү болобу? 


Туура. Жакшы болуу эки тараптан тең болот. Эркек негизи акылдуу болушу керек. Аялдын мээрими дээринен. Аны эркек өзгөртө албайт деп ойлойм. Ошондуктан, кыргыздарда көсөм айтылган эрди-катын макалдары калса керек. Мисалы,

Эр жигиттин алганы жарашса
Алка-жакасы ак болот,
Элине эмгеги сиңип, бак конот.

Кээде коомдук жашоону да аялзаты өзгөртү п салат.

«Эр бузулса, каалга урайт,
Катын бузулса, каада урайт» дегендей.


9. Кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшыбы?
Жогорку суроодо ушул макалды чымчып өткөндө й болдум окшойт. Бардык нерсе өз табиятына ылайык болушу керек го. 

Эркек үндүү аялдын уяты жок,
Катын үндүү эркектин кубаты жок.


10. Өзүң үздү мактап коюңузчу 3 эле соз менен. 
Өзүмдү сындаганды билсем, мактаганды да жакшы көрөм. Өзүң дү өзүң мактабасаң , өзгө сени мактайбы деп коюшат. Анын сыңары, азыр мактаймын үч сөз менен өзүмдү :

ЖАКШЫ БАЛАМЫН, ЭЛ-ЖУРТ!

Мактана турган башка сөздөрдү менин билдирүү лөрүмдү окугандар, кебимди уккандар, же жөн эле чатта сүйлөшү п калгандар сезип жүрүшсө керек. Жанагы «Жаман өзүн мактайт» деген макалды кээде айтпай эле коюш керек деп ойлойм. Анын ордуна «Өзүмө дегенде – арстандай, өзгөгө дегенде – чычкандай» деген жакшы сөздү айтыш керек өзүмчү лдүккө байланыштуу. Рахмат. Сизге да ийгилик каалайм. Аябай тердеп чыктым.

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#505 Пользователь офлайн   LIFE   10 Апрель 2009 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Азамат LIFE дос!
Мен жашым боюнча сенден улуумун. Бирок, жоопторуң у окуп отуруп ыраазы болуп жатам.
Аябай маанилүү , кыргыздын накта сөздөрү н колдонуп жооп берип жатыпсын.
Дагы белгилеп кетчү нерсе: абдан кооз,орусча айтканда "читабельный" кылып жазат экенсин.
Аның да алкоого арзыйт...


Рахмат баамыңызга, Jeka мырза! Сиздикин да окуп калам англисче айткандай, flexible (флексибильный же ийкемдүү ), анан visible (визибильный же көзгө жакшы көрүнө т) деп коюшчу беле?... Ошондой кылып жазасыз. Бир сүйлөмү ңүздү окусам, кээде ал жерден жаңы ой жаралат. Ойлоруңуз ургаачы деп койбоймбу. Дайыма жакшылыктар үчүн балалап жүрө берсин! Бири-бирибизди аябай макташып алдык окшойт ээ? Кудай ушундай маанайдан айырбасын бизди.

P.S.: USSR болсо – сөз жеткис СУПЕР! Ток этер жерге томпойто атат же айтат.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#506 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 03:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

LIFE мырза, мактаганым жок. Чынында, жоопторуң уздун жүдөтө рлүү жери жок экен. Окуган сайын окугуң келгидей жазып жатасыз. Суроом сизге: тажабадың ызбы? Бере берелиби суроолорду, байке?

Суроолоруң уз аябай жакшы келатат. Түйүнчө ктө көп нерсе бар экенин сезип жатам.

1. «Кыздар – кызгалдактар! » деп коёт кыздарга. Кандай коз караштасыз? Кандай кыздар жагат сизге? Атай бериңиз жаккан сапаттарын да, жакпаган сапаттарын да.
«Кыздар – кызгалдактар» деген сөз туура эгер чыныгы кыз болсо. Кээде абал ар түрдүү болот. Кызыл көрүнгө нү менен гүлдөй электери көп. Ошолордон абайлаш керек. Кыздарды кызыл кызгалдактар деп кызыгып үзүп алам деп көгүн колуңа алып алба деп коюшчу болушу керек эле. 
Кыздардагы жаккан сапаттар: назиктик, кайрымдуулук, боорукердик, шайыр, анан ыр жазган адамдар жагат. Ыр адамдын жүрөгү нөн өтөт анткени. Дагы көп эле сапат.
Кыздардагы жакпаган сапаттар: текебердик, түшүнбө стүк, түнттү к, сөгүнчө өктүк деп кой.


2.Намаз окуйсузбу?
Дайыма намаз окубайм. Бирок мурда окугам. Азыр түрдүү шылтоолор менен күнөө гө батып жүрөт окшойм. Намазга көз карашым түз. Мусулманмын деген адамдын парзы.

3.Намаз окубаган инсан ыймандуу адам эсептелбейби?
Ыйман деген түшүнү к ар түрдүү бааланат. Исламда ыйман ички дүйнөнү н тазалыгы менен анын парздарын орундатуу аркылуу аткарылат. Ал парздардын бири – намаз. Намаз окуу ички дүйнөнү тазалайт. Күнөө лөрдүн кечирилү үсүнө өз пайдасын тийгизет. Бирок намазды парз катары эле аткарбастан, аны өзүнү н жеке пайдасы же кандайдыр бир себептерден улам намаз окуп жүргөн адамдын намазынан пайда чыкпайт. Намаз кылып жатканда, Алла Тааланын улуктугун ойлоо зарыл. Ушундай намаз гана адамдын ички дүйнөсү н таза кармап, жамандыктардан коргойт.

4.Жан дүйнө жагынан таза, жакшы адам болуу үчүн биринчи кадам?
Жан дүйнө жагынан таза, жакшы адам болуу үчүн биринчи кадам - өзүң үздүн таза, жакшы адам экениңизди эске алып, жашоодо жүрөгү ңүзгө жаккан иш-аракеттерди кылуу. 

5. Чух-чух, Мергенчи! .. Сиз турбайсызбы баарын атып салган?! Мергенчи нигиңиздин түшүндү рмөсү, мааниси. Эмнеге бул никти тандагансыз?
Ооба, мен кирип алып бардыгың арды атып деп кой. «Мергенчи» деген менин балалык кезимден бир элес. Айылда жаа тартып ойночу элек. Күндөрдү н биринде учуп бараткан бир кушту атып түшүргө м. Ошондо жанымдагы бала «Мергенчисиң го!» деген. Бул сөздүн маанисин ошондо билгем. 

6. «Жердин формуласы кичине көз жаш сымал» деген Кензабуро Оэнин сөзүн тандап алуудагы максатың ыз?
Кензабуро Оэнин чыгармаларына кызыгам. Бир жолкусунда окуп жатканда, ушул сөздү өзүмө жазып алган элем. Ошондон бери дайыма эстеп жүрөм. Жашоодо суунун мааниси чоң. Анткени, Жер шары төрт негизден турат: суу, аба, от, топурак. Ошондой эле адамдын канынын плазмасынын 80 пайызы суудан турат. Ушуга карап туруп жыйынтык чыгарса туура болор.

7.Чоочуп кеткениң изде кайсы сөздү колдоносуз? Мисалы, мен «Апей, ботом, өлдү! » дейм. Сизчи?
Кемпирлер өллө чоочушат. Мисалы, шампанский ачканда «Гөтөк! » деген эски адамдардын сөзүнө н баштап, дагы көбүн айтышат. Менде андай нерсе жок го. Бирок, чоочуганда «Оп-па!» деп кыйкырып жибермей адатым бар болчу кичинемде. Азыр деле ошондой болсо керек. 
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#507 Пользователь офлайн   Prince   11 Апрель 2009 - 03:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 383
  • Катталган: 10 Ноябрь 07
  • Соңку аракети: 17 Июл 2021 20:08
  • Жынысы:Эркек

Акыркы суроом болуп калсын LIFE мырза.

Кайран кыска омурду отпос кылса эмине?
Жашоо деген нерсени шандуу кылса эмине?
Коксогон максат алдна болуп калса эмине?
Бул дуйнодо жакшылар толуп ташса эмине?
Кош журоктор биригип жубай болсо эмине?
Козу ыйга толгон шордууга кайрат берсе эмине?
Тилегенин кудайдан берип койсо эмине?
Жашап журуп омурдо баркын билбей калсан эмине?
Коп соз менен пайда жок, кутомун сенден кайра жооп!

Ишинизге ийгилик!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#508 Пользователь офлайн   AeCHka   11 Апрель 2009 - 13:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Салам Лайф. Берилген суроо-жооптор баарысы кызыктуу болуп жатыптыр, мен абдан кызыгуу менен окуп чыктым баарысын.

Сурайын дегеним сизден: Чыныгы достук барына ишенесизби?

- "Ишенген досум сен болсон, алды-артынан тал карма" - чечмелеп бере аласызбы?

- Ишенген досторун сени биринчи эле "возможносттон" пайдаланып сени сатып кетсе...эмне кылат элениз?

- Мени эгоист деп айтышат... сиз эгоисттикти кандай тушуносуз..кайсы убакта эгоист болуш керек.. сиздин тушунугунуз?

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 11 Апрель 2009 - 13:07

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#509 Пользователь офлайн   XIX   11 Апрель 2009 - 13:40

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 13 Январь 09
  • Соңку аракети: 25 Май 2009 20:14

Жооптордо колдонулган создун баарын кантип жаттап журосуз билбейм. Окуп алып, танданып отурам. Айрым жерде эл билбеген нерсени жазасыз, айрым жерде, цитата келтире коесуз, мен укпаган терминдер... дегеле койчу, баамымда турколог, же историк эмессизби? Жанылышсам, так адистигинизди айта кетсениз
Ушундай акыл багажы толтура сыяктанган жигиттин жубайы кандай болуш керек.
Бир тилден ашык тил билбеген, компьютерди онундо коро элек, сиздин подпистеги адам жонундо вооообще тушунугу жок,бир суйлом жазса, он ката кеткен, "капотту" "пакот" деген, бирок жан-дуйносу жакшы кыз менен уй-було курат белениз?

Билдирүүнү түзөткөн: XIX: 11 Апрель 2009 - 13:41

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#510 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 14:47

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Акыркы суроом болуп калсын, LIFE мырза.


Кайран кыска өмүрдү өтпөс кылса эмине?
Жашоо деген нерсени шаңдуу кылса эмине?
Көксөгө н максат алдыңа болуп калса эмине?
Бул дүйнөдө жакшылар толуп ташса эмине?
Кош жүрөктө р биригип жубай болсо эмине?
Көзү ыйга толгон шордууга кайрат берсе эмине?
Тилегениң Кудайдан берип койсо эмине?
Жашап жүрүп өмүрдү н баркын билбей калсаң эмине?
Көп сөздө эч пайда жок, күтөмү н сенден кайра жооп!


Чынын айтсам, Prince мырзанын суроосу мени аябай түйшөлттү . Өзүм жөнөкө й эле баламын, ошентсе да жооп берүү үчүн бир азга болсун даанышмандын кейпин (образын) кийиш керек экен. Анан бир тамаша сөздү кошуп, төмөнкү дөй жооп бериптирмин, карасам.

Кайран кыска өмүрдү өтпөс кылса бир Кудай…
Жашоо деген нерсени шаңдуу кылса жаш курак…
Көксөгө н максат алдыңа болуп калса гүл курак…
Бул дүйнөдө жакшылар толуп ташса гүл бубак…
Кош жүрөктө р биригип жубай болсо гүл бурак…
Көзү ыйга толгон шордууга кайрат берсе күч-кубат…
Тилегениң Кудайдан берип койсо ал - бурак…
Жашап жүрүп өмүрдү н баркын билбей калсаң – сен дурак… 
Аз сөз – саз сөз, жооп бердим, сенден келген – бир сурак. 
:applause:

Окууңа, иштериңе ийгилик, Принц! ИГЛУда өркөнү ң өссүн. Чын жүрөктө н,

LIFE

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#511 Пользователь офлайн   arhidey   11 Апрель 2009 - 14:57

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

LIFE УЗУН УЗУН ЖООПТОРУН УЧУН ТЕРЕН ЫРААЗЫБЫЗ!

Аз гана убактыныз калды окшойт пайдаланып калайын суроом сизге:

1.Жаратылышты жактырасызбы? Эн кооз шаркыраган суунун бойунда тегерегинизде гулдор жайнаган кубангандан асманга учуп жатасыз ошол убакта коз алдынызга кандай сезимдер келет?

Жалгыз адам сыяктуу жалгыз гул жонундо.

2. Жайлоодо жадырап оскон коп гулдор менен бир тамдын устундо жалгыз осуп калган гулдун айырмасы эмнеде?Адамдар сыяктуу алардын да жашоосу болок деп ойлойсузбу?

3.Индеецтерге компьютер деген нерсени карматып койсон кандай акбалга тушушот?Ошого карата замандын озгорушуно кандай коз караштасыз? (тушунуксуз суроом учун кечиресиз бирок кызыгып жатам)

4.Конулу ото назиктик эч кандай пайда келтирбейт деп ойлойсузбу?

Рахмат!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#512 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 15:34

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Салам, LIFE!
Берилген суроо-жооптор баарысы кызыктуу болуп жатыптыр. Мен абдан кызыгуу менен окуп чыктым баарысын.


Дыкаттык менен мамиле кылганың ызга мен да «өз» ыраазычылыгымды билдирем, Аечка эже.


- Чыныгы достук барына ишенесизби?  
- Чыныгы достук барына ишенем. Анткени, чыныгы достук жок болсо, бизди ким чыныгы дос деп айтат. Чыныгы дос төмөнкү дөй болот:

http://www.super.kg/ ipb/index.php?s=&s. ..st&p=154339

- "Ишенген досум сен болсоң, алды-артынан тал карма". Чечмелеп бере аласызбы?
- «Ишенген кожом сен болсоң, алды-артың дан тал карма» деген макалдын репродукцияланган «……. досум … …………., …………………………» деген макалдын чындыгы бар деп ойлойм. Анткени, кээде «Досуң канча болсо, душманың ошончо» деп айтышат. Албетте, бул тескери багыттагы сөз эмес.Досту да аңдабасаң , эмне кылып жатканын биле албайсың кээде. Бирок досуң чекилик кетирсе, ага да кайгырбаш керек. Неге дегенде, досуңдун тепкени душманың дын өпкөнү нөн артык эмеспи.


- Ишенген досторуң сени биринчи эле "мүмкү нчүлүктө н" пайдаланып сени сатып кетсе, эмне кылат элеңиз?
- Алгачкы мүмкүнчү лүктө пайдаланган досту акыркы мүмкүнчү лүктөн өлтүрү шүң керек. (тамаша) Дос сымалдар көп болгондуктан, дайыма эле «достук» деген улуу сезим өз баасын ала бербеши мүмкүн. Ошондуктан, «Күлгө ндүн баары дос эмес, урушкандын баары кас эмес» же «Досуңа сырыңды сездирбе, досуңдун досу бар» деп айтышса керек. Жашоодон бардык нерсени күтүү гө болот. Кетирген катадан сабак алып жашамакмын экинчи ал жолго түшпөө гө аракеттенип.

- Мени эгоист деп айтышат. Сиз эгоисттикти кандай түшүнө сүз? Кайсы убакта эгоист болуш керек? Сиздин түшүнү гүңү з…
- Сизди канчалык өзүмчү л деп айткандардын өздөрү өзүмчү л адамдар. Анткени, адам бул дүйнөгө келгенде «өзү» келет жана бардык нерсени өзү жеңүү гө аракет кылат же күчтүү лөргө өзү жеңилет. Адамдын табиятында бар, ал «өзүмчү лдүктө н» өлүп Гана кутулар. 
Мындан тышкары дайым болуп келгендей эле эки түрдүү өзүмчү лдүктү айта кетейин, анткени жашоодо маанилүү : сүйүү дөгү өзүмчү лдүк жана секстеги өзүмчү лдүк.
Сүйүү дөгү «өзүмчү лдүктү н» аныктамасы - «Сизди сүйбөгө н адам жалгыз гана өзүн сүйдүрү ү үчүн кылган далалаты – сүйүү дөгү өзүмчү лдүк». Муну көп эле көрүү гө болот. Адам сени канчалык сүйөм деп жатса да, аркасында сүйүү жок. Тек гана өзүн сүйгөн киши жок болгону үчүн сени сүйөт жана сүйүү муктаждыгынан жабыр тарткан адам сенин сүйүү ңдөн күмөн санай баштайт.
Секстеги «өзүмчү лдүк» сүйүү дөгүсү нө караганда бир топ эле опурталдуу. Муну психологияда билсеңиз, «нарцизм» катары аташат. Нарцизм – адам өзүн-ө зү сүйүп тим болбой, өз денесин секстин объектисине айлантып андан кумар алат. Психоаналитиканын негизги түшүнү ктөрүнү н бири болуп эсептелет. Аябай тескери сүйлөп койсом, кечириңиздер.

Кыргызда «Өзүм дегенде арстандай, өзгө дегенде чычкандай» деген макал бар. Демек, өзүмчү лдүктү н пайдасы бар экен, достор. Рахмат.

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#513 Пользователь офлайн   Sara   11 Апрель 2009 - 15:53

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 315
  • Катталган: 02 Май 08
  • Соңку аракети: 13 Июл 2014 06:41
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Откоргон кундорунор, жашап жаткан жашоонор кантип кун откоруп жатканынар силерди канааттандырабы?
Тандап алган жолунарчы?
Озунорду кандай адам деп ойлойсунар?
Дружба может закончиться любовью, но любовь дружбой некогда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#514 Пользователь офлайн   ЛИМОН   11 Апрель 2009 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Салам алайкум! Сиз мурун да азыр да кирип жургон никтериниздин баарын айтып салыпсыз..Тактап айтканда сырларынызды ачып салыптырсыз. ...Эми мындан кийин эмне болот деп ойлойсуз ..окунуп калбайсызбы? Сыр жашыра билуу эмне деп ойлойсуз?


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#515 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 15:58

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Жооптордо колдонулган сөздүн баарын кантип жаттап жүрөсү з билбейм?... Таң! (Билбейм деген мааниде). Окуп алып, таңданып отурам. Айрым жерде эл билбеген нерсени жазасыз, айрым жерде цитата келтире коёсуз. Мен укпаган терминдер... Деги эле койчу… Баамымда түрколог же историк эмессизби? Жаңылышсам, так адистигиң изди айта кетсеңиз.

Атайын интервьюга келгенден кийин, дараметиме жараша бул жерди шаңдуу жана жандуу кылууга аракет кылып жатам. Негизи эле ошондой эмеспи.Форумга кирип тажадым дегендерге кандай дары колдонуп алардын «тажатма» оорусун дарыласа болот деп ойлонуп коём. Ошол үчүн колдон келишинче жакшылап жазууга, аркалаган милдетимди жоопкерчиликтү ү аткарууга далалат жасап жатам. Баамыңыз абдан туура. Адистигим боюнча тилчи-котормочумун (англис тили боюнча). Колдон келген аракетимди кылып, өзүмдү өстүрү п жүрө берем. Чыгыш тилдерине кызыгам. Сиздин жазууңуздагы «бир тилден ашык билбеген» деген жерди окуп, жашоодогу чындыкты жазгым келип турат. Азыркы учурда Кыргызстанда жакшы ишке кирүү үчүн талап 5 тилдик деңгээлде коюлуп жатат. Алар: орус тили (жашоонун чындыгы өкүнү чтүү, бирок ушундай), кыргыз тили, англис тили же бир батыш тили, чыгыш тилдеринен бирөө жана компьютердин тили же техниканын тили. Булардын ар биринен бирден өзүмдө бар деп ойлойм. Бирок, эң негизгиси адамдын тилин билүүгө эч бир тил жетпейт жеке пикиримде. Ушундай!
 
- Ушундай акыл багажы толтура сыяктанган жигиттин жубайы кандай болуш керек? 
Бир тилден ашык тил билбеген, компьютерди өңү ндө көрө элек, сиздин подпистеги адам жөнүндө вооообще түшүнү гү жок, бир сүйлөм жазса, он ката кетирген, "капотту" "пакот" деген, бирок жан дүйнөсү жакшы кыз менен үй-бүлө курат белеңиз?

- Кайра эле айланып тил жагына келип калыптыр маселе жана колтамгадагы (подпись) жазууга карап туруп акылга шилтеме жасалгандай. Динде бир адам майып же мунжу болбогондон кийин, дени сак адам менен турмуш куруу важип (маанилүү ). Ушуга караганда да жашоодогу жолдошуң ду сындагандын өзү туура эместир кээде. Бир эле тил билсе кайра жакшы. Өзүм котормочусу болом. Көп тил билсе кайра жакшы. Мага котормочу болот. Эң негизгиси жан дүйнөсү кең кыз менен турмуш куруу туура. Дүйнөдө дүйнөнү н кеңдиги эмес, жан дүйнөнү н тардыгы тозок адам үчүн. Алланын буйругу болсо адам андан качып кутулбайт. Анан дагы бир суроо менден: Мага ушундай кыздар же жигиттер керек-керек деп көп айтабыз. Негизи, ошол талапка ылайык адамдар сени карайбы? Бул да башка маселе. «Жигит өзү менсинет, жигитти ким теңсинет? » дегендей кеп да. Кандай болгон күндө да, «Эки курбу баш кошуп, эркелешсең түн кызык» деп жыргап жашаганга эч нерсе жетпейт аягында.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#516 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 22:45

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

LIFE, узун-узун жоопторуң үчүн терең ыраазыбыз!


Сизге да рахмат узун-узун суроолоруң уз үчүн!   :give_rose:

Аз гана убактыңыз калды окшойт. Мүмкүнчү лүктөн пайдаланып калайын. Суроолорум сизге:

1. Жаратылышты жактырасызбы? Эң кооз шаркыраган суунун боюнда тегерегиң изде гүлдөр жайнап турат. Кубангандан асманга учуп жатасыз. Ошол убакта көз алдыңызга кандай сезимдер келет?

Жаратылышты жактырбаган адам болбос. Бир күнү канат бүтүп, асманда сызып уча турган болсом, эсиме эмне келиши мүмкүн. Албетте, «Карганын как эткени өзүнө кубаныч» дегендей болуп көрбөгө н сезимге чумкумакмын. Анан да үч нерсе адамга кубаныч берет дегенди эстемекмин. Алар: жеген ашың, аялзаты жана ден-соолугуң . 

2. Жайлоодо жадырап өскөн көп гүлдөр менен бир тамдын үстүндө жалгыз өсүп калган гүлдүн айырмасы эмнеде? Адамдар сыяктуу алардын да жашоосу бөлөк деп ойлойсузбу?
Жайлоодо өскөн көп гүлдөр менен, бир тамдын үстүндө өскөн гүлдүн айырмасы асман менен жердей болсо керек. Жайлоодо Күн гүлдөргө өз нурун төгүп, гүлдөрдү н баары жапырт өсөт, тез чоңоёт. Тамдын башындагы гүл көлөкө дө өскөндү ктөн, абдан назик келет. Кичине эле туура эмес бир шарт өз таасирин тийгизсе, соолуп калат. Кыздардын ар бири ошондой. Ошондуктан, кыз көңү лү назик гүл сыяктуу деп коюшса керек. Бирок заманага жараша кыздар да эркектер менен жапырт жайлоодо өсүп жаткансыйт азыркы тапта өз мүнөздө рү менен. Жалпы адамзатка келсек, жалгыз болсоң бат куруйсуң . Көпчүлү к азчылыкты жеңет. 

3. Индеецтерге компьютер деген нерсени карматып койсоң, кандай акыбалда калышат? Ошого карата замандын өзгөрү шүнө кандай көз караштасыз? (Түшүнү ксүз суроом үчүн кечиресиз, бирок кызыгып жатам)
Индеецтердин көбү азыр Америкада Dell компаниясынын ноутбуктарын көтөрү п жүрүшө т окшойт жаңылбасам. Алар да «Заманаң бөрү болсо бөрү бол, түлкү болсо түлкү бол» деген сөздү аңдап билип калышкансыйт.

4. Көңү лү өтө назиктик эч кандай пайда келтирбейт деп ойлойсузбу?
Көңү лү өтө назиктик пайда алып келсе, өтө назик адамды азапка салса керек. Анткени, болор-болбос нерсеге эле өтө назик болуп сына берсе, анын тамтыгы калабы… Ошондуктан, жетишерлик назик болуп, башкаларды өзүнө тартып турган жакшы. 
Бирок, аялзатынын көбү назик болгону менен, бат эле сыныгын бүтөгө нсүйт. Анын мисалы «Аял деген назик нерсе, болбогонго эчкирет. Кайра бирөө эркелетет, кайгысы ылдам эскирет» деген жакшы сөздө туюлат.

Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#517 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 22:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Sara,
1. Өткөргө н күндөрү ңө, жашап жаткан жашооңор, кантип күн өткөрү п жатканың ар силерди канааттандырабы?
Адам жашоосунда бардык кезеңдер боло берет. Тирүү башка не келбейт да, не кетпейт. Кээде «Жашоонун алды кызык, арты өкүнү ч» болуп сезилиши мүмкүн. Ошентсе да, ар бир мүнөттү кумардануу менен жашаган жакшы. Бактылуу болууга эч нерсе жетпейт. Бактылуу адам – көпкө, Көккө жеткен адам эмес, өзүнү н жашоосундагы ордуна ыраазы болгон адам.

2. Тандап алган жолуңарчы?
Тандап алган жол ар түрдүү болушу мүмкүн. Бирөөгө тетири сезилген жол, башка бирөө үчүн оң болушу мүмкүн. Эң негизгиси, ал бир жол болгондуктан, андан тайгылбай, өз ролуңду туура ойногонуң дурус. Бул жагынан меники жакшы эле. Тандаган жолум туура. Ар бир жолкусунда кенен ойлоп, бир жолго түшүү гө аракет кылам. Кеңешип кескен бармак оорубайт дегендей.

3. Өзүң өрдү кандай адам деп ойлойсунар?
Аябай жөнөкө й адаммын деп мактанып коёюн. Силер форумчу катары жакшы билет болушуңар керек менин кандай адам экенимди. Кээде жанагы «Prison Break» фильминдеги Ти-Бэгге окшошуп кетем деп кой. (тамаша)

Жакшы суроолоруң ан улам ыраазычылык билдирем, Сара.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#518 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 23:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

Салам алайкум! Сиз мурун да азыр да кирип жүргөн никтериң издин баарын айтып салыпсыз. Тактап айтканда, сырларың ызды ачып салыптырсыз. Эми мындан кийин эмне болот деп ойлойсуз? Өкүнү п калбайсызбы? Сыр жашыра билүү эмне деп ойлойсуз?

Жакшы суроо берген экенсиз, Лимонтай. Чындап эле кээ бирлерге сыр кылып сары майдай сактап жүрдү элем. Бирок, чыныгы сыр эч кимге айтылбаганы болушу керек. Жашоо деген – жандуу дүйнө, жандын сырын ким билет? Ал жагынан да куру эмесмин. Никтерге келе турган болсок, кээ бирлерге билинбегени менен бир нигим, ал ник башка адам үчүн эч кандай деле сыр эмес болчу. Ошондуктан, бул жерде эч кандай сыр жок го деп ойлойм. Өкүнсө к чогуу өкүнө бүз. Аны да чогуу-чараан көрө жатарбыз. «Коркокко кош көрүнө т, кошогу менен беш көрүнө т» болгондо эч пайда жок.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#519 Пользователь офлайн   Maika   11 Апрель 2009 - 23:10

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 824
  • Катталган: 23 Август 08
  • Соңку аракети: 01 Ноя 2023 02:41
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Кыргызстан

pobegdegi T.D gevi koyson...?mnen okshosh?
Бул жерде акылдуу сөздөр жазылышы керек эле...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#520 Пользователь офлайн   LIFE   11 Апрель 2009 - 23:23

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 453
  • Катталган: 12 Сентябрь 08
  • Соңку аракети: 29 Сен 2011 15:03
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Шаарда турам.

Цитата

«Побегдеги» Ти-Бэггеби? Койсон…. Эмнең окшош?

«Бура сүйлөгө н күлөргө жакшы» дейт. Тамаша да, досям. Сара деген колдонуучунун ниги жакты да. Ошол үчүн жазып койдум.
Жердин формуласы кичине көз жаш сымал болгон.
Кензабуро Оэ
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 24
  • 25
  • 26
  • 27
  • 28
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 23 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 23, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 27 Июл 2025 17:42

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: