Мен кыргыздын көмүскөдө акыны… Же "Sweet-Lika'дан бир элес". Өздүк чыгармалар топтому...)
#461 21 Май 2014 - 16:46
#462 22 Май 2014 - 13:50
Аткан күндүн батканы не тезирээк?
Карааныңдан кабар бергин мага да.
Мен да бир күн сагынаармын ким билет?
А сен азыр сагынбагын Садага.
Чыккан күндүн батканы не сүрдүүрөөк?
Аяр сылай чачтарымдан жел жүрөт.
Кабагыңды сала көрбө Садага,
Балким сени жакшы көрөм ким билет?
Баткан күндүн атаары не кечирээк?
Балким тагдыр аяп мени кечирет…
Балбылдаган көздөрүңдөн садага,
Мен кайрылбайм, бактылуу бол тезирээк..!
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 22 Май 2014 - 13:50
#463 22 Май 2014 - 13:57
#464 23 Май 2014 - 00:05
#465 23 Май 2014 - 01:17
rnurzida (23 Май 2014 - 00:05) жазган:
Алдан тайып, алсыз болуп дуйнөдө,
Жалгыздыкка баш ийбеңиз бурадар!
Жаратылыш катып койсо жөн деле,
Ташты жарып агып чыгаар булактар…
Ээнсиреп, дүйнө кезип жалгыз гана,
Жалына Жараткандан үмүт таба.
Кеңири жан дүйнөгө бүлүк салган,
Кээде ушул жалгыздык жанга дабаа…
Бул саптар Сиздин урматыңызга…

Бар болуңуз эжоу, муңайбаңыз!

Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 23 Май 2014 - 01:41
#466 23 Май 2014 - 01:39
Сенден күткөн бакыттын бул илеби,
Башка жандан аз-аз этип жыттанат.
Тагдырдын тамашасы, башка бирөө
сага арналган көз карашка суктанат…
Сен издейсиң, мен да издейм 'Бакытты' ,
Максаттар бир, жолдор башка ачакай.
Мен жан үрөп жакындайын дегенде,
Кол булгалап менден алыс качат жай…
Кое бердим, сен да мени кое бер,
Жүрөктөрдө таза калсын тилектер.
Жандай өтүп таанымаксан болсок да,
Элестер бар, сүйлөшүшөт сүрөттөр.
Ак таңдарды кирген кечтер коштошот,
Өтүп кетти жайбаракат жаз да, күз…
Сенин көзүң жайга неге окшошот?
Мен негедир бактылуумун өзүңсүз…
P.S. буйрутма саптар.
#467 23 Май 2014 - 04:35
Sweet-Lika (23 Май 2014 - 01:17) жазган:
Жалгыздыкка баш ийбеңиз бурадар!
Жаратылыш катып койсо жөн деле,
Ташты жарып агып чыгаар булактар…
Ээнсиреп, дүйнө кезип жалгыз гана,
Жалына Жараткандан үмүт таба.
Кеңири жан дүйнөгө бүлүк салган,
Кээде ушул жалгыздык жанга дабаа…
Бул саптар Сиздин урматыңызга…

Бар болуңуз эжоу, муңайбаңыз!

Рахмат Лика кыз! Аябай кубанып, тим эле кокко башым жеткендей туюп жатам озумду. Терен ыраазычылык! Талантын ташкындай берсин! Жаратканым озу жар болсун сага!
#468 26 Май 2014 - 00:24
Анын боюн жылдыз менен кооздосом,
Жашыл шибер чөптү көккө сапырып!
Жалбырактар жылдыз болсо не десең..!

#469 26 Май 2014 - 23:13


Билдирүүнү түзөткөн: Altyndai: 26 Май 2014 - 23:14
#470 27 Май 2014 - 16:07
#471 27 Май 2014 - 16:54
Рахмат баарыңыздарга.


#472 29 Май 2014 - 02:58

Бугун кечке эмне менен алек болдунуз дебейсинби

Сенин кээде адамды кубандырып да, мунга салып да, тамаша менен жылмайтырып жазган ыр саптарынды , козумо жаш ала , кудундап суйуно , кайра-кайра ээринбей окуп чыктым

Канча саат бул темага кадалып олтуруп кеч киргенин сезбей да калыпмын

Азаматсын алтышкоо



#473 29 Май 2014 - 12:22
Смысл жизни улыбка мамы.
.
Хочу чтобы те люди, которых я люблю, были счастливее всех на свете. Они этого достойны!
#474 29 Май 2014 - 22:50
orhideya (29 Май 2014 - 02:58) жазган:

Бугун кечке эмне менен алек болдунуз дебейсинби

Сенин кээде адамды кубандырып да, мунга салып да, тамаша менен жылмайтырып жазган ыр саптарынды , козумо жаш ала , кудундап суйуно , кайра-кайра ээринбей окуп чыктым

Канча саат бул темага кадалып олтуруп кеч киргенин сезбей да калыпмын

Азаматсын алтышкоо



Адамдагы эң-эң кымбат убакыт,
Өтөт минут, секунддарын чубатып.
Көз ирмемдик, бирок кайтпайт эчендир,
Күн да батат, түнгө сапар улатып…
Убактыңызды текке кетирбесеңиз эле мен кубанычтамын эжем!

#475 29 Май 2014 - 22:55
shazi (29 Май 2014 - 12:22) жазган:
"Теманын аталышын кандай кылып өзгөртсөм" деп башым маң эле.
Мага идея жараттыңыз окшойт.
"Бук болуп, бугуң чыкпай жатабы? Анда бул жакка кир." деп койсомбу)).
Тамаша албетте.
Эч качан көңүлдү түшүрбөңүз! Бар болуңуз!

#476 29 Май 2014 - 23:09
Түшүмө кирчи менин өбөйүн илебиңди,
Жаныңдын чыкпайын эч бек кармап билегиңди.
Арзуулар шамал менен учканда сен тарапка,
Сагынчын жан дүйнөнүн жылдызга илейинби?..
Түшүмө кирчи менин уктайын, ойгонбоймун…
Санааркап санаа тартып ай сымал толгондоймун.
Сагынып карааныңды "жылт" эткен жылдыз сымал,
Ойлоном… Сени дагы мен кыйнап койгондоймун…
Түшүмө кирчи менин сүйлөшүп отурайын,
Жүрөккө сагынган бул жытыңды толтурайын.
Кетпечи жанымдан тек ойгонгум келбей турат,
Таң атат бир аздан соң… Азапты жок кылайын…
Түшүмө кирчи менин асылдан кымбатым эң!
Сен менен келгениңде кетсем дейм эчен-эчен,
Кыялым көккө учат ансайын өйдө…бийик…
Түшүмө кирчи Апа! Жарыгым Атам менен..!
Түшүмө кирчи менин…
'Дил кутудагы' Кубчиктин (kuba.94kg) билдирүүсүнөн улам жазылган ыр саптар…
*
Сен аман бол, бактылуу бол Куба!
#477 30 Май 2014 - 04:45
Sweet-Lika (29 Май 2014 - 22:50) жазган:
Өтөт минут, секунддарын чубатып.
Көз ирмемдик, бирок кайтпайт эчендир,
Күн да батат, түнгө сапар улатып…
Убактыңызды текке кетирбесеңиз эле мен кубанычтамын эжем!

Айткамын го, бул тема менин эн суйгон темама айланган деп...
Убактымы ченебейм, андыктан кыжаалатчылыка орун жок

#478 30 Май 2014 - 14:10
#479 01 Июнь 2014 - 14:25
Sweet-Lika (29 Май 2014 - 23:09) жазган:
Түшүмө кирчи менин өбөйүн илебиңди,
Жаныңдын чыкпайын эч бек кармап билегиңди.
Арзуулар шамал менен учканда сен тарапка,
Сагынчын жан дүйнөнүн жылдызга илейинби?..
Түшүмө кирчи менин уктайын, ойгонбоймун…
Санааркап санаа тартып ай сымал толгондоймун.
Сагынып карааныңды "жылт" эткен жылдыз сымал,
Ойлоном… Сени дагы мен кыйнап койгондоймун…
Түшүмө кирчи менин сүйлөшүп отурайын,
Жүрөккө сагынган бул жытыңды толтурайын.
Кетпечи жанымдан тек ойгонгум келбей турат,
Таң атат бир аздан соң… Азапты жок кылайын…
Түшүмө кирчи менин асылдан кымбатым эң!
Сен менен келгениңде кетсем дейм эчен-эчен,
Кыялым көккө учат ансайын өйдө…бийик…
Түшүмө кирчи Апа! Жарыгым Атам менен..!
Түшүмө кирчи менин…
'Дил кутудагы' Кубчиктин (kuba.94kg) билдирүүсүнөн улам жазылган ыр саптар…
*
Сен аман бол, бактылуу бол Куба!

Тилим буулуп калды го, не дээримди билбей калдым. Рахмат эжов Аллах ыраазы болсун...
kuba.94kg (24 Май 2014 - 13:24) жазган:

#480 06 Июнь 2014 - 12:44

Ач козунду элимдин жигиттери!
Канжыгага башынды байлап бербей
Буркут болуп шаншып от бийиктеги...
(С.Момбеков)