Суперстан: Бүгүн дүйнөдө... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (38 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Бүгүн дүйнөдө...

#541 Пользователь офлайн   Rinatik94   02 Май 2014 - 19:50

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 23 006
  • Катталган: 08 Февраль 13
  • Соңку аракети: 05 Мар 2019 23:21
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:instagram шаары) @rinat_imankulov

Бүгүн, 2-майда футбол
легендасы, айтылуу футболчу
Девид Бекхем 39 жашка
чыгып отурат. Бекхем
убагында "Манчестер
Юнайтед", "Реал", "Милан"
ж.б. клубдарда ойногон.
Футболчунун акыркы клубу -
франциялык "ПСЖ" болгон. Ал
акыркы оюнун былтыр, 18-
майда "Брестке" каршы (оюн
3:1 эсеп менен "ПСЖнын"
пайдасына аяктаган) ойноп,
карьерасын аяктаган.
Футболчунун атактуулугун,
чеберчилигин мындан
билиңиз, азыркы "Челсинин"
башкы машыктыруучусу
Жозе Моуринью "Карьерамда
ушундай футболчуну
машыктырбай калганыма
катуу өкүнөм" деген.

Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#542 Пользователь офлайн   nooken.kg   25 Май 2014 - 11:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 682
  • Катталган: 22 Июнь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокен району. ТАШТАК айылы.

Кече кечки саат 23:45. ЧЛ кубогу учун оюн болду. Испаниянын 2 командасы оюнга тушту. Реал Мадрид-Атлетико. Оюндун 1-болугундо Реал 1-0 эсеби менен утулуп тыныгууга чыгышты. 2-тайм этектеп Рамос оюн эсебин 1-1ге жеткирди. Эки команда тен жакшы ойноп жатышты. Ошентип кошумча 15-мин турган 2 тайм оюн болду.
Оюн 4-1 эсеби менен Реалдын жениши менен аяктап, Реал озунун фанаттарын кубантты. 10-жолку чемпиондук женишине жетишти.
Кудай буйруса АТА болом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#543 Пользователь офлайн   MIRlan   25 Май 2014 - 14:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Украинада президенттик шайлоо.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#544 Пользователь офлайн   MIRlan   25 Май 2014 - 14:17

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Белоруссияда болуп жаткан хоккей боюнча дуйнолук чемпионатында бугун финал.
Россия - Финляндия. 22:00 мск ОРТдан.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#545 Пользователь офлайн   kuba.94kg   25 Май 2014 - 22:53

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Бүгүн, 25-майда Киев шаарында
көлөмү кекиликтин
жумурткасындай болгон мөндүр
жаады. Бул тууралуу украиналык
маалымат каражаттары жазып
чыгышты.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#546 Пользователь офлайн   kuba.94kg   26 Май 2014 - 00:07

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Украинанын Луганск облусундагы
Новоайдар шайлоо участкасында
атышуу болуп, анда 1 адам каза
тапса, дагы бирөө жаракат алды.
Бул тууралуу бүгүн, 25-майда
Украинанын ИИМнин
башчысынын орун басары Сергей
Яров маалымат каражаттарына
билдирген.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#547 Пользователь офлайн   MIRlan   26 Май 2014 - 02:25

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Аким
  • Билдирүүсү: 12 100
  • Катталган: 16 Август 10
  • Соңку аракети: 14 Янв 2025 20:20
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ош

Просмотр сообщения MIRlan (25 Май 2014 - 14:17) жазган:

Белоруссияда болуп жаткан хоккей боюнча дуйнолук чемпионатында бугун финал.
Россия - Финляндия. 22:00 мск ОРТдан.

Россия чемпион болду. Финдерди 5:2 эсеп менен утту.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#548 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 15:50

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

дуйнодо кандай жанылыктар болсо да ушул темага жазабыз.

башка бул темага окшош тема таппадым
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#549 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Май 2014 - 16:03

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

"Дуйнодогу жанылыктар" темасы менен бириктирилди.
Assalamu-alaikum , жакшылап карап жүрүңүз. Эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#550 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Май 2014 - 16:09

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Assalamu- alaikum, жакшылап карашыңыз керек болчу.
ACAH_AKA, провокациядан алыс болуңуз!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#551 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 16:26

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Сексуалдык азчылык өкүлдөрү парламентке кайрылды

Кайрылууга “салттуу эмес сексуалдык мамилеге оң көз караштын түптөлүүсү үчүн” административдик жана кылмыш жоопкерчилигин сунуштап жаткан мыйзам долбоору негиз берген. Кайрылуу ээлери бул мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келерин жана сексуалдык азчылык өкүлдөрүн басынтуу менен бирге коомдо аларга каршы зомбулуктун кескин күч алышына алып келет деп чочулашат.

Катта айтылгандай аталган мыйзам долбоорунун авторлору – ЖК депутаттары Төрөбай Зулпукаровдун, Улукбек Кочкоровдун жана Курманбек Дыйканбаевдин атына 60тан ашуун кайрылуу жолдонуп, долбоорду чакыртып алууга чакырышкан.

Кыргызстанда 1998-жылы Кылмыш-жаза кодексинен бир жыныстагы адамдардын катнашы боюнча жаза алынып салынган. Бирок укук коргоочулар кыргыз коомчулугунда сексуалдык азчылыктарга карата сабырсыз маанай басымдуулук кыларын белгилешет. Ошол эле учурда кумса, бисексуал жана башка адамдардын укугун коргоо аракеттерин “Батыштын бузуку саясаты” деп сындагандар да жок эмес.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#552 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 16:38

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Иорданияда аскерий машыгуу башталды

Иорданияда өткөрүлүшү пландаштырылган аскерий машыгууга бир нече мамлекеттерден миңдеген аскерлер катышат. АКШ 6 миң аскер жиберүү ниетинде. Түркия да бул машыгууга өз аскерлерин жиберүүнүн астында турат.

25-майдан 8-июнга чейин уланышы айтылган жана бир нече мамлекеттерден 12500гө жакын аскерлер катыша турган “Арстан чабуулу” аттуу бул аскерий машыгууга катышуу үчүн АКШ аскерлери Иорданияга карай жолго чыккандыгы айтылууда. Машыгууга Түркия да катышат.

Башкы штаб башкармалыгынын интернет сайтында жарыя кылынышынча, Иорданияда уюштурулган аскерий машыгууга Түркия менен бир катарда Австралия, Бахрейн, Бельгия, Бруней, Бириккен Араб Амирликтери, Чехия республикасы, Франция, Ирак, Англия, Италия, Канада, Катар, Казакстан, Кувейт, Ливан, Мисир, Норвегия, Пакистан, Польша, Сауд Арабиясы өз аскерлери менен катышат.

Аскерий машыгуу жөнүндө чыгарылган билдирүүдө: “Регион тынчтыгына өз салымын кошуу максатында аба, жер жана деӊиз каражаттарын ортоктош аракет абалына келтирип, операцияларды аткара ала турган көрүнүштө машыгуудан өткөрүү көздөлгөн. О.э. бул аскерий машыгуудан көп улуттуу куралдуу күчтөр структурасы аралык кызматташтыкты жана биргеликте аракет кылууну тартипке салуу болжолдонууда”, – деп айтылат.

А бирок, билдирүүдө бул аскерий машыгуу аркылуу жогорудагы мамлекеттер кимге күчүн көрсөтүп коюуну максат кылгандыгы ачыкталбады.

Билдирүүнү түзөткөн: admin_superstan: 28 Май 2014 - 16:52
Түзөтүүнүн себеби: Жаңылык тууралуу өз оюңузду тиешелүү бөлүмгө жазууну сунуштайм.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#553 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 16:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Астанада Евразия биримдигине каршы чыккандар соттолду

Астанада Казакстандын Евразия экономикалык биримдигине киришине каршылыгын билдирип чыккан 7 активист соттун чечими менен 4 күнгө чейин камалды.

27-майда баш калаанын жанындагы Ильинка шаарчасында болгон акцияны чагылдырган 3 журналист да Административдик кодекске ылайык 4 күнгө камакка алынды. Алардын арасында "Азаттыктын" казак кызматынын кабарчысы Оркен Жоямерген да бар. Ага бейбаштык кылган деген айып тагылды.

Активисттер 29-майда Казакстан президенти Беларус жана Орусия мамлекет башчылары менен жолугушуп, биримдик боюнча келишимге кол кое турган күнү нааразылык акциясын өткөрүүнү пландоо үчүн чогулушкан. Полиция адегенде 20 кишини кармаган. Кийин алардын жарымы кое берилген.

Кремлдин ырастоосунда, Евразия экономикалык биримдиги “КМШ аймагында эң ири орток рынокко айланмакчы”.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#554 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 16:56

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Прикрепленное изображение: CDCBBC3C-85D6-462A-A964-24DC8C74643F_w748_r1_s.jpeg85D6-462A-A964-24DC8C74643F_w748_r1_s. jpeg]
Украина -- Бажы биримдигине каршы акциядан бир көрүнүш, Днепропетровск, 5-апрель, 2013

Кыргызстандын Бажы биримдигине киришин шарттаган жол картасы 29-майда биримдиктин Астанадагы жыйынында каралышы мүмкүн.

Жол картасы бекитилсе андан ары келишимге кол коюлуп, улуттук мыйзамдарды Бажы биримдигинин шартына шайкеш келтирүү иштери башталат. Экономика министри Темир Сариев бажы биримдигине кирүүдөгү жеңилдиктер атайын келишимде караларын белгиледи. Бирок муну эксперттер сүйлөшүү жараянындагы ыңгайсыз ыкма катары баалашып, жол картасы бекиген соң Кыргызстан өзүнүн кызыкчылыгын таңуулай албай каларын эскертишүүдө. Ошол эле кезде өлкөнүн Бажы биримдиги менен дүйнөлүк соода уюмунун тарифтик саясатын айкалыштыруу жагы күңүрт бойдон калып жатканы сынга алынууда.

Жеңилдик каралбаган жол картасы

Бажы биримдигине кирген Беларус, Орусия жана Казакстан 29-майда Астанада өтчү жыйында уюмду Евразиялык экономикалык мейкиндикке айландыруу боюнча келишимге кол коюшу күтүлүүдө. Ошондой эле анда Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразиялык экономикалык мейкиндикке кошулуу шарттарын бекиткен жол картасы күн тартибине коюлушу мүмкүн.

Кыргызстандын саүсий жетекчилиги аталган жыйынга катышууга атайын чакыруу алган. Бирок сунушталып жаткан жол картасында айрым товарларга бажы төлөмдөрүн азыркы тартипте калтырууну караган жеңилдиктер киргизилген эмес.

Экономика министри Темир Сариев ал жеңилдиктер жол картасынан кийин кабыл алына турган келишимде көрсөтүлөрүн белгиледи:

- Жол картасында биздин укуктук базабызды Бажы биримдигине шайкеш келтирүүнүн шарттары камтылган. Бажы биримдиги боюнча 110 документ кабыл алынган. Ал эми Евразиялык экономикалык союзга кошулуу үчүн биздин мигранттардын абалын жакшыруутуну көздөгөн он сегиз документ каралып жатат. Биримдикке кирүүнүн мөөнөттөрү жана бериле турган жеңилдиктер атайын келишимде бекитилген. Ошол үчүн алар жол картасына киргизилген жок.

Кыргызстан кызыкчылыгын коргой алабы?

Буга чейин өкмөттүн алдындагы жумушчу топ бажы Биримдигине кирүүнүн жол картасын иштеп чыгып, анда бир топ шарттарды койгон болчу. Анда сырттан ташылчу чийки зат, кездеме, фирнитура, техникалык жабдуу жана электрондук каражаттар сыяктуу товарлардын түрлөрүнө бажы тарифин өзгөртүүсүз калтыруу жагы суралган. Бирок Бажы биримдигинин айрым мүчөлөрү андай жеңилдиктер менен Кыргызстанды биримдикке кабыл алууга каршы чыгышкан.

"Эркин базар" институтунун жетекчиси Мирсулжан Намазалиев Бажы биримдигине кирүүдөгү мына ошол жеңилдиктерди алуу шарттары жол картасында көрсөтүлүүгө тийиш болчу деп эсептейт:

- Буга чейин президент дагы, өкмөт дагы, экономика министри дагы Кыргызстан өзүнүн улуттук кызыкчылыгы эске алынган шартта гана Бажы биримдигине кирет деп билидиришкен. Бирок алар буга чейин коюп келген жеңилдиктерди алуу маселесин экинчи планга калтырып койгондой. Анткени мына ошол эң өзөктүү маселе жол картасына киргизилүүгө тийиш эле. Анан эми ал жол картасы кабыл алынгандан кийин Кыргызстан аталган макулдашууга өзүнүн шарттарын кандайча коё алат? Бул жагы логикалык жактан алганда жөн эле утулуш.

Кыргызстанга Бажы биримдигине кирүү үчүн 377 миллион доллар керектелет. Бул каражат өлкөнүн бажы постторун жаңыдан жабдууга, эл аралык деңгээлдеги лабораторияларды курууга жана товарлардын техникалык регламентин иштеп чыгууга жумшалат. Ошол эле кезде Кыргызстандын алдында мүчө болуп турган Дүйнөлүк соода уюмунун талаптарын бузбаган шартта Бажы биримдигине кирүү сыноосу турат. Анткени мындан аркы тарифтик саясат боюнча Кыргызстан Дүйнөлүк соода уюму менен сүйлөшө элек.

Юстиция министри Алманбет Шыкмаматов Кыргызстан мүчө болгон Дүйнөлүк соода уюму менен Бажы биримдигинин талаптарын шайкеш келтирүү иштери аягына чейин жүргүзүлөрүнө токтолду:

- Биз бир эле учурда Бажы биримдигине да кирип, Дүйнөлүк соода уюмуна да мүчө бойдон кала беребиз. Анткени дүйнөдө мындай практика бар. Ошондуктан мында бири-бирине карама-каршы келген жагдайлар жокко эсе. Анан эми биз Дүйнөлүк соода уюмунан алган тарифтик саясаттагы жеңилдиктер кайрадан каралышы мүмкүн. Ал маселе орчундуу деле татаалдыкты жаратпайт.

Ошол эле кезде бир катар эксперттер Дүйнөлүк соода уюму менен Бажы биримдигинин ортосундагы бажы тарифиндеги айырмачылыктарды шайкеш келтирүү оңойго турбайт деп эсептешет.

Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүүсүнүн укуктук жагдайын караган жол картасы Жогорку Кеңештин эки комитетинен талкуудан өттү. Башында парламенттин фискалдык саясат комитети анын долбоорун жактырып, эл аралык мамилелер боюнча комитети анын корутундусуна шилтеме берүү менен жол картасын палатанын кароосуна алып чыгууга макулдук берди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#555 Пользователь офлайн   admin_superstan   28 Май 2014 - 17:12

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

ACAH_AKA , Сүрөт акыркы эскертүү!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#556 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 17:29

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Facebook социалдык тармагы Таиландда убактылуу жабык.

  Таиланд аскер бийлиги Фейсбук социалдык тармагын убактылуу жаап салды. "Фейсбук жана бир катар башка социалдык тармактарга да тыюу салынды. Бул туралуу теле жана коммуникация министирлиги аскер бийлигине шилтеме берүү менен билдирди. Буга чейин социалдык тармактарда жарандар 22-майда орногон бийликке нараазчылыктарын сайттар аркылуу билдирип жаткан. Өткөн жумада эле алардын топтолуусу 1000 кишиге чукулдаган. Бул чектөөлөр качанга чейин созулары азырынча белгисиз.

Билдирүүнү түзөткөн: Assalamu-alaikum: 28 Май 2014 - 17:31

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#557 Пользователь офлайн   nooken.kg   28 Май 2014 - 17:33

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 682
  • Катталган: 22 Июнь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2015 18:15
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ноокен району. ТАШТАК айылы.

Белгилүү кинорежиссёр Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси болуп өттү (фоторепротаж)
Бүгүн, 28-майда Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында белгилүү ишмер, кинорежиссёр жана акын Дооронбек Садырбаевдин 75 жылдыгына арналган салтанаттуу эскерүү кечеси болуп өттү.
Аземге КРнын Президентинин Аппарат жетекчиси Данияр Нарымбаев, КРнын экс-президенти Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, вице-премьер министр Тайырбек Сарпашев, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев, режиссёр Геннадий Базаров жана башкалар катышып, Дооронбек Садырбаев кыргыз элинин эсинде чыныгы атуул, мекенчил инсан катары сакталып калганын белгилеп өтүштү.
Салтанатка Дооронбек Садырбаевдин жубайы Сонунбүбү Көлбаева, үй-бүлөсү, жакын туугандары да катышты.
Иш-чарада ал тарткан тасмалардан үзүндү, ошондой эле басып өткөн жолу тууралуу даректүү тасмалар көрсөтүлдү. Аны менен катар көрүүчүлөр Дооронбек Садырбаевдин өмүр жолун чагылдырган көргөзмөгө күбө болушту.
Белгилей кетсек, Дооронбек Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган. Дооронбек Садырбаев 80тен ашуун даректүү тасмалардын, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Дооронбек Садырбаевдин 8 көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макалалары жарык көргөн. Дооронбек Садырбаев чыгармачыл адам катары гана эмес, саясатчы катары да таанылган. Ал Жогорку Кеңештин депутаты болуп, кыргыз эли башынан өткөргөн Үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан.
Дооронбек Садырбаев 2008-жылы 28-майда дүйнө салган. Каза болгондон кийин ага Кыргыз Эл Баатыры наамы ыйгарылган.
Кудай буйруса АТА болом!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#558 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 18:03

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

Ошто баласын 70 миң сомго соодалаган келин кармалды

Ош шаардык ИИБнын маалыматы боюнча 27 жаштагы келин үстүбүздөгү жылы февраль айында беш айлык баласын сатып жиберген. Бул жоругун аял колунда жоктугуна жана баланын атасыз туулганына шылтоодо. Маалыматка ылайык, баласын саткан келин менен чогуу наристени соодалоого далдалчы болгон ортомчу да кармалып, тергөө абагына киргизилди. Алардын үстүнөн Кылмыш кодексинин “Адам сатуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Ошондой эле бүгүн Ош шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринен 23 жаштагы келин ара төрөлгөн эки күндүк ымыркайын таштап качып кеткени кабарланган. (ZKo)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#559 Пользователь офлайн   ruslan_amatbek   28 Май 2014 - 18:05

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 52
  • Катталган: 28 Май 14
  • Соңку аракети: 23 Сен 2014 09:04
  • Жынысы:Эркек

Просмотр сообщения Assalamu-alaikum (28 Май 2014 - 15:56) жазган:

Прикрепленный файл CDCBBC3C-85D6-462A- A964-24DC8C74643F_w748_r1_s. jpeg


Ортодогу бош жерге эртен Кызгызстан барып кошулат...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#560 Пользователь офлайн   Assalamu-alaikum   28 Май 2014 - 18:41

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 182
  • Катталган: 12 Май 14
  • Соңку аракети: 09 Июн 2014 21:57
  • Жынысы:Эркек

АКШ Ооганстанда аз гана аскер калтырат

27-майда президент Барак Обама болочокто Ооганстанда калтырылчу аскерлердин санын жарыя кылды. Ага ылайык, 2014-жылдан кийин 9600 аскер калтырылып, алар Ооганстандын коопсуздук күчтөрүн машыктырууга көмөктөшөт жана “ал-каидачыларга” каршы антитеррордук операцияларды улантат.

Бирок 2016-жылдын аягына Кабылдагы АКШ элчиканасын күзөтүү үчүн аз гана (4 миңдей) аскер калып, калгандары биротоло чыгарылып кетет. Бир кезде Ооганстанда 100 миң америкалык аскер болсо, азыр 32 миң гана аскер бар.

АКШ аскерлери Ооганстанда 2001-жылдан бери жүрөт. Буга чейин америкалыктар чет жерде мынчалык көп убакыт согушкан эмес. Вьетнамдагы согуш он жылга созулуп, 1965-75-жылдары болгон. Президент Обама 27-майда айткандай, 2001-жылдын 11-сентябрында АКШда уюштурулган террордук чабуулдарга жооп катары киргизилип, алардын миссиясы болжогондон алда канча узакка созулду:

Биз Ооганстанда көптөгөн америкалыктар күткөндөн узагыраак туруп калдык. Бирок күмөн жок: биздин аскерлердин, дипломаттардын жана чалгынчыларыбыздын чеберчилиги жана жан аябаган каармандыгынын натыйжасында “ал-Каиданын” жетекчилигине оңолгус сокку урдук, Усама бин Ладен жок кылынды жана Ооганстан биздин мекенибизге чабуул жасоо үчүн колдонулушуна жол берилбеди.

28-майда Ооганстандын жаңы президенти шайлангандан кийин кол коюлат деп боолгонуп жаткан келишимге жараша эмки жылы өлкөдө АКШнын 9 600 гана аскери калат. Бул жөнүндө Барак Обама Ак үйдө жасаган билдирүүсүндө баса белгиледи:

- Биз бул аскерлерди 2014-жылдан кийин эки жактын өкмөттөрү сүйлөшүп койгон Эки жактуу коопсуздук келишимине кол коюлса гана калтыра алабыз.

АКШ президенти 27-майда ооган президенти Карзайга телефон кагып, жогорудагыдай чечим Германия, Британия жана Италиянын лидерлери менен макулдашылганын кабарлаганын Ак үйдөгү ырасмий булактар тастыкташты.

Коопсуздук боюнча келишимге Хамид Карзай утуру ар кандай талап айтып, кол койуудан баш тарткан. Бирок Ооганстандын президенттигине ат салышып жаткан Абдулла Абдулла жана Ашраф Гани Вашингтон менен эки жактуу коопсуздук келишимине кол койууга даяр экенин билгизишкен.

Ал келишим боюнча, Обаманын айтышынча, 2015-жылы аскерлердин дагы саны эки эсеге кыскартылат. Алар Кабылга жана Баграм аэродромуна топтолуп, согуштук операцияларга катышпайт; оогандарга аскерий жактан кеп-кеңешин берип, коопсуздук күчтөрүн машыктырууга көмөктөшөт.

2001-жылы Ооганстанга аскер киргизүүнү көпчүлүк америкалыктар колдогон. Декбарда CNN/ORS International өткөргөн жалпы улуттук сурамжылоо Ооганстандагы согушту америкалыктардын 17 проценти колдогонун, 82 проценти каршы экенин көрсөткөн. Ирак согушуна каршылар 69 проценттен эч качан ашкан эмес. Вьетнам согушу кезде Gallup сурамжылоо жүргүзгөндө америкалыктардын 60 проценти урушка каршы экенин айткан.

Быйыл март айында CBS News өткөргөн изилдөөгө караганда, америкалыктардын 68 проценти АКШ күчтөрү Ооганстандан чыгарылып кеткен соң өлкөдө тынчтык орнойт деп бекем ишенишпейт.

Барак Обама да 27-майдагы сөзүндө: “Ооганстан идеалдуу жай болбосун биз мойнубузга алышыбыз абзел жана ал үчүн жалгыз Америка жооптуу эмес. Ооганстандын келечегин оогандар өздөрү аныкташ керек,” - деди.

Коомдук пикирге карабай, кээ бир республикачыл конгрессмендер Ооганстандан аскерлерди чыгарып кетүү планын сындашты. Жон МаКейн, Келли Айот, Линдси Грэхэм аскерлерди Ооганстандан чыгарып кетүү “согушту аяктоону кыйындатчу монументалдуу жаңылыштык” жана “саясаттын стратегияны жеңүүсү” деп сыпатташты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (38 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 26
  • 27
  • 28
  • 29
  • 30
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 16 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 16, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 03:03

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: