Набий алайхис-салату вас-салам тарабынан садыр болгон иштер эки түрдүү: 1. Табигый иштер; 2. Табигый болбогон иштер.
Отуруу, туруу, жеп-ичүү ж.б.у.с. табигый иштердин Расул алайхис-салату вас-салам үчүн да, ал заттын үммөттөрү үчүн да мубах экендигинде эч кандай талаш жок. Ошондуктан,
бул иштер мандубга кирбейт.
Табигый болбогон иштер болсо, Расул алайхис-салату вас-саламга эч ким шерик боло албай турган, анын өзүнө гана хос болгон иштерден, же анын өзүнө гана хос болбогон иштерден турат. Орозону үзбөй улантуу, башкача айтканда, күндүздү түнгө улап жиберүү, төрттөн ашык аялды никесине алуу ж.б.у.с. Расул алайхис-салату вас-саламдын өзүнө гана хос экендиги далилденген касиеттерде биз үчүн ал кишиге шерик болуу жайиз эмес. Бул иштер Расул алайхис-салату вас-саламдын өзүнө гана хос экендиги ижма менен сабит болгон. Ошондуктан,
бул иштерде үлгү алуу жайиз эмес.
Ал эми Расул алайхис-салату вас-саламдын кылган иштери бизге белгилүү бир амалдын кандай аткарылышын баян кылып берүү үчүн болгон болсо, мындай иштер, эч шексиз, далил болуп саналат. Бул болсо кээде ал заттын ачык айткан сөздөрүнөн билинет. Мисалы, Расул алайхис-салату вас-саламдын:
«Менин кандай намаз окуганымды көргөн болсоңор, ошондой намаз окугула»; «Бардык ырасым- дарыңарды менден алгыла» деген сөздөрү сыяктуу. Бул сөздөр Расул алайхис-салату вас-саламдын ушул кылган иштери ал кишинин изинен жүрүшүбүз үчүн бизге берилип жаткан баян-көрсөтмө экендигин билдирет. Баян үчүн кылынган амал кээде абалдын каринасынан билинет. Мисалы, Алла тааланын:
«Колдорун кескиле», [5:38]
- деген буйругу кандай аткарылышын баян кылып, уурунун колун томук- туу муундан кесип көрсөткөнү сыяктуу. Расул jдын кылган ишиндеги сөз же абалдын каринасы менен келген мындай баяндар – далилдин да- лалатына карай – иштин важиб, мандуб же мубах экендигин аныктап берет.
Баян кылып берүү үчүн болбогон, жокко чыгаруу да, тастыктоо да болбогон иштерге келсек, мындай иштердин айрымдарынан Аллага жа- кын болуу (курбат) максаты көрүнүп турат, айрымдарынан болсо мындай максат көрүнбөйт. Эгер Аллага жакын болуу максаты көрүнүп турса, мындай иштер мандуб амалга кирет. Аларды кылган сооп табат, кылба- ган адам жазаланбайт.
Мисалы, шашкедеги (зуха) сүннөт намазы сыяк- туу. Эгер кайсы бир иште курбат максаты көрүнбөсө, анда мындай иштер мубах амалдарга кирет.
Такийюддин Набаханий. Ислам түзүмү Кыргыз тилиндеги үчүнчү басылышы 1432-х. – 2011-м.
69 бетинен кочурулду
Расул алайхис-салату вас-саламдын иштеринен үлгү алуу
#2 25 May 2014 - 23:27
Козу карындай кылып тема ача бересиңби
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#4 25 May 2014 - 23:57
Калганы угуттооо буйурса
УЛУТЧУЛ ДЕЙТ БИЛБЕГЕН
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
УЛУТУН КИМДЕР СУЙБОГОН
КЫРГЫЗ ДЕП КЕЛИП ДУЙНОГО
КЫРГЫЗ ДЕП ОТОМ ДУЙНОДОН
Б.САРНОГОЕВ
МЕН ЖӨНҮНДӨ ЭМНЕ ДЕП ОЙЛОСОҢ ОЙЛОЙ БЕР МАГА КЫЗЫГЫ ЖОК!!!!
#5 26 May 2014 - 00:58
Kee birki sozdordu kotorboi ele ozbekchesinen jazyp salyptyrsyz go avtor. Sadyr bolgon, xos dep.

Супер-Инфо
super.kg
видео












