Европа биримдиги Украинанын жаңы шайланган президенти Петро Порошенкону колдоорун кайталады. "Шаркет легитимдүү шайланган жаңы жетекчиликти колдойт" деди Еврокомиссиянын төрагасы Мануэл Баррозу шейшембиде мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Брюсселдеги бейформал жолугушуусунан кийин.
Лидерлер Украинадагы конституциялык реформаны, өнөктөш өлкөнүн экономикасына финансылык көмөк көргөзүү жана тараптардын Орусиянын газынан көз каранды болгон энергетикалык коопсуздугун талкуулашты.
Баррозунун айтымында, аскерлер өлкө чыгышында орусиячыл жикчилер менен күрөшүп жаткан кезде Евробиримдик Украинанын “сырткы кысымга туруштук берүү” аракеттерин колдоону уланта бермекчи.
Бүгүн дүйнөдө...
#561 28 May 2014 - 18:47
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#562 28 May 2014 - 18:53
Өзүн эгемендүү деп жарыялаган Абхазия республикасында 27-майда бир нече миң киши реформа жоктугуна, коррупцияга каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар президенттик администрация жайгашкан имаратка кирүүгө бир нече жолу аракет жасап, айнектин талкалануусунан кийин кирип барышкан.
Президент Александр Анкваб оппозиция лидери Ахра Бжания менен сүйлөшүүгө, өкмөттү кетирүүгө макулдугун берип, чогулгандарды имараттан чыгып кетүүгө чакырды. Бирок эл президенттин да кызматтан кетишин талап кылууда.
2008-жылы орус-грузин согушунан кийин Орусия Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныган.
Президент Александр Анкваб оппозиция лидери Ахра Бжания менен сүйлөшүүгө, өкмөттү кетирүүгө макулдугун берип, чогулгандарды имараттан чыгып кетүүгө чакырды. Бирок эл президенттин да кызматтан кетишин талап кылууда.
2008-жылы орус-грузин согушунан кийин Орусия Абхазиянын эгемендүүлүгүн тааныган.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#563 28 May 2014 - 18:55
Жаныдан шайланган Индия өкмөт башчысы Нарендра Моди коллегасы Наваз Шарифти Пакистан аймагын террорчулардан тазалап, алардын Индияга каршы кол салуусуна жол бербөөгө чакырды. Пакистан өкмөт башчысы өз кезегинде эки мамлекеттин ортосунда "чын ниеттен кызматташуу барагын ачуу" гана ийгиликке алып келерин белгилеген.
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары 2008-жылы Мумбайда 166 адамдын өмүрүн алып кеткен террордук чабуулдан кийин Нью-Делиде биринчи жолу жолугушту. (AiT)
Эки өлкөнүн өкмөт башчылары 2008-жылы Мумбайда 166 адамдын өмүрүн алып кеткен террордук чабуулдан кийин Нью-Делиде биринчи жолу жолугушту. (AiT)
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#564 28 May 2014 - 19:13
Кыргызстандагы имамдын өмүрүнө кол салууга аракет кылган өзбек атайын күчтөрү кызматкеринин өздүгү аныкталды
«##.##» маалымат агенттиги 2014-жылы 17-май күнү кыргыз коопсуздук күчтөрүнөн алынган кабарды таратты. Кабарда мындай делет: «Кыргызстандын түштүгүндө колго алынган киши өзбек атайын кызматынын адамы экендиги аныкталды», «2014-жылы 27-апрель, кечки саат он экиге жакын милиция күчтөрү бир мас кишини колго алышкан, ал Ош облусунун Карасуу шаарындагы бир ашкананын жанында ызы-чуу көтөргөн. Аны колго алуу учурунда ал милиция кызматкерлерине бычак көтөрүп, катуу каршылык көрсөткөн, андан соң качууга урунган. Тинтүү учурунда анын жанынан Макаров үлгүсүндөгү тапанча жана ок-дарылар табылган о.э. жашырып койгон дагы бир тапанчаны тапшырган».
Жогоруда айтылгандай, кыргыз атайын кызматы бул адамды камакка алган. Коопсуздук жооптуусунун айтымында, бул адамдын өзбек атайын кызматына таандык экендиги аныкталган. Ал жергиликтүү мечиттин имамы Рашад Камаловду өлтүрүүгө даярданган экен. Айрымдардын айтышынча, Рашад Камалов тыюу салынган уюм Хизб-ут-Тахрирдин жергиликтүү жетекчиси имиш.
Камакка алынган ошол кимсенин өздүгү текшерилген. Ал 37 жаштагы Ташкент регионунда жашаган, «Омон» деп аталган өзбек ички коопсуздук күчтөрүнүн кызматкери болуп чыккан. Министрликтин баса белгилешинче, аны атайын күчтөрдүн кызматкери экенин далилдеген эч кандай документтер болбогон.
Ал мыйзамсыз курал алып жүрүү, чегарадан мыйзамсыз өтүү жана адам өлтүрүүгө аракет жасоо айыбы менен камакка алынды.

#565 28 May 2014 - 19:27
Россия Кытайга газ жеткирип берүү боюнча келишимге кол койду
Россиянын “Газпром” жана Кытайдын CNPC компаниялары Шанхайда газ жеткирип берүү келишимине кол коюшту
Россия Европа союзу тарабынан болуучу санкциялардан тынчсызданып, газ экспорту үчүн алтернативдик базар издеп жатат. Ушул келишимдин шарттары жарыя кылынбаган болсо да, анын жалпы көлөмү 400 миллиард доллар болушу айтылууда.
Россия президенти Владимир Путиндин айтышынча, Кытайга экспорт кылынуучу газдын баасы европалык керектөөчүлөр үчүн болжолдонгон баа саясатына жакын болот. Кабарларда айтылышынча, келишимге кол коюлгандан кийин “Газпром” акцияларынын баасы 2 пайызга көтөрүлгөн.
Келишимге ылайык, Россия Кытайга 2018-жылдан баштап жылына 38 миллиард куб метр газ жеткирип берет. “Газпром” компаниясынын жетекчиси А. Миллер келишимдин шарттарын “коомерциялык сыр” деп атаган.
Айрым эксперттердин пикиринче, электростанцияларын көмүрдөн жаратылыш газына өткөрүү үчүн бул келишим Кытай үчүн да зарыл болсо да, бирок Путинге зарыл болгону сыяктуу кыска убакытта кол коюлушу шарт эмес болчу. Анткени, Украинада болуп өтүүчү президенттик шайлоонун натыйжалары, кала берсе, мамлекетте оор абалдын сакалып калышы Россияга карата санкциялардын кезектеги баскычын баштап бериши мүмкүн. Ал эми газ экспорту 2018-жылдан башталышын эсепке ала турган болсо, ал учурдагы кризиске анчалык эле таасирин тийгизбейт. Акыркы маалыматтарга ылайык, миӊ метр куб газдын баасы 350 АКШ долларынын айланасында болушу мүмкүн.
Бүгүнкү күндө Россия жана Кытайдын өз ара товар айырбаштоо көлөмү жылына 90 миллиард долларды түзөт. Кабарларда айтылышынча, эки мамлекет алдыдагы 10 жылда ушул көлөмдү 200 миллиард долларга жеткирүүнү болжолдоодо. Эскертип өтөбүз, Россиянын Европа союзу менен өз ара товар айырбаштоо көлөмү жылына 400 миллиард доллардан ашат.

#566 28 May 2014 - 19:33
Кыргызстан президенти чегарадагы окуяларды парда артындагы колдор башкарып жаткандыгын айтты
CA-NEWS сайтынын жазышынча, Кыргызстан президенти Алмазбек Атамбаев шаршемби күнү Шанхайда “чагымчыл иштер Кыргызстанда кырдаалды курчутуу жана шарт алардын пайдасына болушун каалаган саясатчылар тарабынан ишке ашырылып жатат” деп билдирди.
Анын айтымында, ал бул маселе туурасында Тажикстан президенти Эмомали Рахмон менен да сүйлөшкөн жана Рахмон да чегара чатактарынын чыгышында үчүнчү тараптар бар экендигин баса белгилеген.
Атамбаев айрым тараптар өз кызыкчылыктары же саясий максаттары үчүн чегара аймактарындагы элдин ортосунда жаӊжал чыгарышын айтты.
Мындан эки апта мурда Тажикстан жана Кыргызстандын чегарасында чыккан чатактан 8 тажикстандык жана 17 кыргызстандык жарадар болгон эле.

#567 28 May 2014 - 19:41
"Google" компаниясы рулу жок унаа чыгарууда
"Google" компаниясы алгачкы рулу жок унааны иштеп бүттү. Бул унааны ушул жылдын соңунда эл алдына тартууламакчы. Бул тууралуу бүгүн, 28-майда чет элдик маалымат каражаттары компаниянын негиздөөчүлөрүнүн бири Сергей Бриндин маалыматына таянып жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Брин өз сөзүндө бул унаа компаниянын 8 долбоорунун алкагында жашыруун лабораторияда жасалгандыгын айткан. "Компания үчүн жаңы нерселерди ойлоп чыгаруу маанилүү. Буюрса, бул унаа чыккандан кийин эки жыл өтпөй автоөндүрүшү өзгөрөт, унаалар өзүн-өзү башкарып калышат", - дейт.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#568 28 May 2014 - 19:42
Медведев:
Акырындык менен суук согушка карай бара жатабыз
Россиянын премьер-министри Димитрий Медведев Украина кризиси тууралуу сөз кылып, Россияга карата АКШ тарабынан киргизилген санкцияны “суук согуштун” жаңыдан башталышы деп сүрөттөдү.
Итар-Тасс маалымат агенттиги таркаткан кабарга ылайык, премьер-министр Медведев АКШнын бул аракети эч кимге пайдалуу болбостугун баса белгиледи.
Медведев: “Түпкүлүгүндө биз акырындап суук согушка карай бара жатабыз. Анык болгондой, бул эч кимге пайда алып келбейт. Саясаттын сыры жетиштүү даражада сабырдуу жана этибардуу болууда о.э. аӊ-сезимдүү көрүнүштө чечим кабыл алууда. Ойлошумча, Обама муну узак убакытта ишке ашырууга жетишти. Ал эми учурда болуп жаткан иштер АКШнын бул сыяктуу токтомдордон ашыгын кабыл ала албагандыгын көрсөтүүдө”, – деди.
“Обама менен бүгүнкү күнгө чейин жетишкен натыйжаларыбыз жокко чыкты. Бул болсо, мени өкүндүрөт. Бул иштер эч бир көрүнүштө натыйжа бербейт. Обаманын ордуна башка президент келет жана бардык санкцияны унутат. Эч ким мындан пайда таппайт”, – деп кошумчалады премьер-министр.
О.э. ал дагы: “Биз санкция тарапкечи эмеспиз. Биз бул санкцияларга олуттуу көрүнштө жооп да бербейбиз. Биз санкция киргизген өлкөгө өзүнө жараша жооп кайтарышыбыз мүмкүн болчу. А бирок, андай кылбадык. Санкциялар эл аралык экономикалык алакаларга зыян жеткирет. Санкциялар жалаӊ гана саясатчылардын өз чечимдеринен кадыржам болгондуктарын далилдөө жана бардыгына күчүн көрсөтүп коюу үчүн болду”, – деди.
Санкция Россия экономикасына олуттуу таасир тийгизбегендигин айткан Медведев: “Россия экономикасы – эмне болгондо да – кулабайт. Биз эч бир мамлекетке андай учур пайда болушуна жол бербейбиз. Ар кандай абалда да биз элибизге карата өз жоопкерчилигибизди өз ордуна коёбуз. Россия улуу бир мамлекет, кырдаалды көзөмөлдөй алат”, – деп баса белгиледи.

#569 28 May 2014 - 19:48
Үрүмчүдө дагы башаламандык
Кытайдын Шинжаӊ уйгур автономиялуу областынын борбору Үрүмчүдө болгон жардыруунун натыйжасында өлгөндөрдүн саны 31ге жеткендиги кабарланууда.
Кытайдын расмий “Синхуа” маалымат агенттигинин кабар беришинче, Үрүмчү базарында эӊ эле жок дегенде онго жакын жарылуу болгон жана жарылуунун натыйжасында 90дон ашуун адам ар түрдүү деӊгээлде жараат алган.
Жергиликтүү убакыт менен таӊкы саат 8:00дө белгисиз адамдар эки автомобилде шаардык базардын аймагына кирип барып, адамдарга карай бир нече жардыруучу заттарды ыргыткандыгы айтылууда.
Кытай бийлиги бул окуяны террорчулук аракет деп баалап, коомчулукту сергектикке чакырды.
Бул окуя жөнүндө кабар берилгенден кийин Кытай Коммунисттик партиясынын башкы катчысы, Кытай Элдик Республикасынын президенти жана Борбордук аскерий кеӊештин төрагасы Си Цзиньпин бир катар маанилүү көрсөтмөлөрдү берди. Ал террорчуларды тез арада издеп табууну талап кылып, террорчулар катуу жазалана тургандыгын айтты о.э. жарадар болгондорго ыкчам жардам берүүнү уюштурууга жана өлгөндөрдүн жакындарына жардам берүүгө көрсөтмө берди. О.э. коомчулукту сак болууга чакырып, негизги жерлерде көзөмөлдү катуу күчөтүүгө буйрук бергендиги айтылууда.

#570 28 May 2014 - 19:55
Хорогдо башаламандыктар уланууда
21-май күнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорог шаарында наркотикалык заттар менен мыйзамсыз алектенүүчүлөрдү колго түшүрүү маалында контрабандачылар тобу менен милиция кызматкерлери ортосунда келип чыккан атышууда эки адам курман болгон жана бир нече адамдар жарадар болушкан. Жогорудагы окуядан кийин наркотикалык заттар менен мыйзамсы алектенүүчү топ, ошону менен бирге Хорог шаарынын жаштары шаардын борборундагы сот, прокуратура жана милиция имараттары алдында чогулуп, башаламандыктарды келтирип чыгарышканы о.э. жогорудагы имараттарды жана бир нече автомобилдерди өрттөп жиберишкени жөнүндө кабарланган болчу.
Бул окуянын артынан 22-май, бейшемби күнү Тажикстан президенти Эмомали Рахмон башчылыгында укук коргоо органдары жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен өткөрүлгөн жыйында Хорогдогу кырдаал талкуу кылынган. Жыйында негизги маселе Хорог шаарындагы кырдаалды жөнгө салуу о.э. шаардагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана наркотикалык наркотикалык заттардын мыйзамсыз соодасы менен алектенүүчүлөрдү колго түшүрүүдөн турган. Бул тууралуу Тажикстан президентинин маалымат кызматы кабар берген болчу.
Рахмон укук коргоо органдарынын жана күч түзүмдөрүнүн жетекчилерин окуяны ар тараптуу үйрөнүүгө о.э. айыптууларды жоопкерчиликке тартууга буйруган. Президенттин тапшырмасы негизинде мамлекет башчысынын улуттук коопсуздук маселелери боюнча жардамчысы Шерали Хайруллоев башчылыгында Хорог шаарына жиберилүүчү жумушчу топ түзүлгөн.
Мындан тышкары Эмомали Рахмон бейшемби күнү эртелеп Тоолуу Бадахшан овтономиялуу областынын жетекчиси Шадихан Жамшидов менен да телефон аркылуу сүйлөшкөн. Сүйлөшүү маалында президент аны жүзөгө келген кырдаалды турукташтырууга жана тийиштүү чараларды көрүүгө буйруган эле.
Жогорудагы окуядан кийин хорогдуктар 21-майдан бери шаар борборундагы майданда нааразылык акцияларын улантып, үч күн мурда жүз берген атышууга катышкандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну талап кылып жатышкан эле.
Уланып жаткан нааразылык акциясынын артынан 23-майдан 24-майга караган түнү Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын борбору Хорог шаарында кезектеги атышуу жүз берди. Бул атышуунун келип чыгышына жергиликтүү элдин өкүлдөрү Хорогдогу Улуттук имаратты ээллөгө аракет кылгандыгы себеп кылып көрсөтүлүүдө. Жогорудагы атышууда бир адам өлүп, эки адам жарадар болгону кабарланууда.
Тажикстан эгемендүүлүккө жетишкенине 23 жылдан ашкан болсо да Эмомали Рахмондун өкмөтү Тоолуу Бадахшанда толук көзөмөл орното алган жок. Расмий Тажикстан өкмөтү наркотикалык заттар менен мыйзамсыз алектенүүчү топторду тазалоо шылтоосу менен жогорудагы региондо атайын операцияларды өткөрүп келет.
2012-жылдын 24-25-июль күндөрү атайын кызматтын генералы Абдулла Назаровду өлтүргөндөрдү колго түшүрүү үчүн Хорогдо өткөрүлгөн операция маалында ондогон карапайым адамдар өлгөн эле. Расмий кабарларга ылайык, күч түзүмдөрүнүн 12 кызматкери, 30 согушкер жана бир карапайым жаран өлгөн. Расмий эмес булактаррга ылайык, өлтүрүлгөндөрдүн саны эки жүздөн ашкан, алардын жарымы тынч жарандар болгондугу айтылат.

#571 28 May 2014 - 20:22
Ажобуз Астанага аттанууда.
jpeg]
29-майда Астана шаарында өтө турган самитке президент Алмаз Атамбаев да катышаарын президенттин маалымат кызматынан билдиришти. Самитте Оруссия, Казакстан жана Белоруссия лидерлери Евразия биримдигинин экономикалык келишимине кол кою белгиленген. Ошондой эле самитте Кыргызстандын Бажы биримдигине кирүү боюнча "жол картасынын" кабыл алынышы күтүлүүдө. Кыргыз өкмөтү жана Жогорку Кеңештин эл аралык иштер боюнча комитет жол картасын жактырып беришти.
Райкан Абдразакова

#572 29 May 2014 - 11:15
Атамбаев Астанага жөнөп кетти
Евразия экономикалык биримдигин түзүү
келишимине кол коюлуучу саммитке
Кыргызстандан президент Алмазбек
Атамбаев баштаган делегация бүгүн жөнөп
кетти. Делегациянын курамында тышкы
иштер министри Эрлан Абдылдаев, экономика министри Темир Сариев, президенттик
аппараттын тышкы саясат бөлүмүнүн
башчысы Сапар Исаков жана башкалар бар.
Кыргызстандын мамлекет башчысы Евразия
экономикалык биримдигинин жыйынына
катышып, сөз сүйлөрү күтүлүүдө.

#573 29 May 2014 - 12:28
Assalamu-
alaikum, кечээки сунушум жетишпеген өңдөнөт. Ошондуктан эскертүү!
Сайттын эрежелери боюнча ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө тыюу салынган!

#575 29 May 2014 - 15:13
#576 01 June 2014 - 03:44
Буткул дуйнолук балдарды коргоо куну
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#577 02 June 2014 - 11:33
Жеке айтышууларга жол жок.
Assalamu-alaikum, сиздин жаңылыктарды "Саясат жана коом" бөлүмүндөгү темага жазууну сунуштайм!
nooken.kg, momyn_jygyt, айтышууларга жол берилбейт.
Бир жумадан БАН!

#578 02 June 2014 - 11:42
Assalamu-alaikum
, кечээки сунушум жетишпеген өңдөнөт. Ошондуктан эскертүү!
Сайттын эрежелери боюнча ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө тыюу салынган!
Сайттын эрежелери боюнча ар түрдүү шектүү билдирүүлөргө тыюу салынган!
Имиш сыяктуу жанылыктарды мобул темага жазыныздар:
http://www.super.kg/ ...dpost&p=1663400
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#579 02 June 2014 - 11:45
#580 02 June 2014 - 11:49
Ой имиш эмес эле. Болуп жаткан жанылыктарды кайда жазабыз?

Супер-Инфо
super.kg
видео