Суперстан: Күтүүсүз бурулуш... - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Жүрөк сыры
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (77 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Күтүүсүз бурулуш... виртуалдуу дуйнонун жашоомо болгон таасири..

#201 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 16:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Жазчу жанылык болбогондуктан жазбай жатам. Конфликт болгон акыркы жолу. Чалып,жакшы эле суйлошуп жатканбыз.
-Мээрим жумушка орношту ,-деп баштады жанылыктарын.
-Жакшы болуп калдыбы?,-дедим созду улай.
-Жакшы. Акыркы убакта ооруусу кармабай калыптыр. Алаксысын деп жумушка киргизиптир мамасы.
-Жакшы, абдан кубанычтамын.
-Мен да.
Мындан кийин 2-3 муноттой жымжырттык окум сурду. Акыры кучумду топтоп:
-Жакшы болуп калса оз жашоосу менен кететтир,-дедим айтып бутоор менен терен дем алып.
-Оз жашоосу менен эле жашап келе жатат го,-деди куйбогон жеримди кул кылып.
-Ошондуктан, мен бул жакта, сен ал жакта журот экенбиз да ээ?,-дедим таарынгандай ун менен.
-Мээрим болбосо кетпей коет белен?
-Балким.
-Сен мени суйуп, ойлосон кандай гана болбосун жанымда болмоксун,-деди унун окум чыгарып.
-Кечирип кой, мен мени гана тандабаган адамдын жанында тура албайм. Эгер мени тандасан, кандай гана абал болбосун жанында болмокмун.
-Сен оорукчан кызга кантип озунду конкурент коросун? Сен кантип "же мен же ал?" деп айтасын.Сен ушунчалык таш боорсунбу? Бул ирет уну катуу чыкты.
-Кечирип кой , мен сенин жаман жактарынды коргум келбейт. Дагы бир аз суйлошсок конулум калып калышы мумкун,-дедим телефонду очурууго шашылып. Бирок, ал бул конфликтти аягына чыгаргысы келип тургандай:
-Качпа. суйлошобуз. Сен бул теманы суйлобосон унутулуп калмак беле?
-Суйлошолу, бирок,эмнени? экообуз бул теманы далай суйлошуп, чечим чыгара албадык эле го.
-Бугун чыгарабыз анда.
-Мен эки колдоп макулмун,-дедим чын эле ачууланып.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#202 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 17:10

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

-Сен мени тандаганын учун Алмаз ошол жакта журот экен да ээ?,-деди. Алмаз.. Алмаз.. Бир топко ойлоно тура калып эстедим, сиздерге башында айтып берген группалаш " поклоннигим" . Мен анын бул жакта окуганын билсем да такыр кызыкчу эмесмин. Козумду май басып, жалгыз гана суйуктуумду коруп калгандыктан ал жонундо ойлоп да койбосом керек.
-Эми кандай шылтоо табасын? Мээрим го ооруйт, ал оорубайт да бирок,-деди ыза аралаш.
-Сен эмне дегин келип жатат?
-Сен тушундун.
-Менин жалгыз тушунгонум Алмаздын бул жакта окуганын билет экенсин. Мунун мага кандай тиешеси бар?
-Кандайча тиешеси жок? Ал сени 5 жыл суйуп журуп, конулу калбай ал жакка да барыптыр.
-Мени жакшы коруусун мен тыя албайм да. Эн негизгиси мени тынчсыздандырбайт. Сен созду болуу учун ачтынбы бул теманы?,-дедим ага тушундуруп жатканыма жиним келип.
-Жок, сага тузмо туз тиешеси болгондуктан.
-Сен мени кызганып жатасынбы?,- дедим дагы эле тушуно албай.
-Ооба, сен мени кызгангандай, деди какшык аралаш.
Башым кадимкидей ооруп чыкты. Бири бирине тук тиешесиз темаларды суйлошуп, тушуно албай турганыбызга жиним келди.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#203 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 17:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

"Ал менен жолукмак тургай, суйлошпойбуз. Ал мени суйгону менен менин тынчымды албайт. Мен ал жонундо ойлоп дагы койбодум" деп актангым келип турса да оз куноосун ушул жол менен жуугусу келген суйуктуумо жиним келип, суйлоор созумду таппай турдум.
-Каалаганындай ойло,-дедим акыры оюмду жыйнап. Мага ишенбесен, сенин алдында актанууга милдеттуу эмесмин. Жада калса мен ойлоп койбогон нерселерди айтып жатканына ишене албай турам.
-Мен да ушуну сезишинди кааладым. Сен да "мен Мээримге ооругандыгы учун кам кором",-деп канча айтсам да ишенбегенсин, -деди жай гана.
-Омур бою кам кором десен уйлонуп ал,-деп телефонду очурдум да туш келген тарапка ыргытып жибердим.
Денемди майда калтырак басып, жалгыз гана ачуулануу эмес жек коруу сезимдери пайда болуп жаткандай болду. Ыйлагым да келбеди. Бирок озумду кантип женилдетуунун жолун таппай турдум.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#204 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 17:36

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Аябай оор экзамендерим менен алек болуп арадан 2 жума отту. Кундо суйлошуп конуп калган жаным, сагынып жудоп да кеттим. Бирок, чалбадым да, жазбадым да. Акыркы экзамендерим калган. Туруп чай коюп , даяр болгончо телефондон социалдык баракчамы текшерип жатып коргон козумо ишене албай турдум. Менин суйуктуум Мээрим менен жанаша тушкон суротторун жуктоп, жада калса достору "Жакшы тугойлор" сыяктуу комментарийлерди жазууга жетишиптир. Ордумдан турбай отура бердим. Тура калсам жер астын-устун болчудай башым айланып, озумду сезбей турдум. Бул кызганыч илдетиби? Же жон гана ачуулануубу? Мен эмнеге озумду кармана албай турам?,-деп шыбырап жаттым. Мойнумдан бироо муунтуп жаткандай дем жетишпей, ыйлагым келип турдум. Бир саатча убакыт откондо озумду суйроп университетке жонодум. Аудиторияда отурам. Оюмдун баары башка жакта , тагыраак айтканда башка бироодо. Кудай жалгап, экзаменим жакшы отту. Ал учурда ал да кызыктырбай жаткан негизи. Демейде тамашалап, куло берчу жаным, ал куну соз суйлогон баарына бурк этип, ичимдегини чыгаруу учун урушуп кетууго да даяр элем. Акыры абалымды тушундубу, эч ким унчукпады. Акыркы экзаменди ийгиликтуу тапшыруунун шаанисин кылалы деп чогуу окуган достор конул ачууга кетишти. Мен,жакында эле суйуктуум менен жетелеше басып, бакытка балкыган дениз жээгинде суу кечип откордум ошол кунумду.

Билдирүүнү түзөткөн: LaraKroff: 02 Июнь 2014 - 17:58

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#205 Пользователь офлайн   Sul00   02 Июнь 2014 - 17:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 17:26

капа болбонуз Сүрөт (СЫР БОЛБОСО КАЙСЫ ШААРДАСЫН)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#206 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 17:57

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Кечинде жаздыгыма коз жашымды тогуп , телефонду кучактап жаттым. Суротторду адашпасам 50 жолу ачып карадым окшойт. Чалып бир жообун уккум келди. Канчалык чалгым келбей турса да бир жообун укмайынча конулум тынчымак эмес. Ортодо коп саат айырма болгондуктан, уктап жатканын билсем да номерин терип баштадым. Бирок "абоненттин аппараты очук" экен. Мени таштап Мээримди Москвага алып кеткенде да ушундай сезимдер курчаса келсе керек эле.Бирок, ал учурда экообуз мынчалык жакын эмес элек. Азыр таптакыр башкача. Мен анын жан дуйносун, жылуулугун, жытын адашпай билип, андан башканы козум корбой калган болчу. Ал мени корунбогон жип менен байлап, оздук кылып алган болчу. Ансыз жашай албайм дебесем да , аны унутуу коптогон жылдарымды алаарын билем. Социалдык баракчадан ага жаздым : "Мени унутуу сен учун канчалык оной?". Жооп жазбады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#207 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 18:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Просмотр сообщения Sul00 (02 Июнь 2014 - 17:54) жазган:

капа болбонуз Сүрөт (СЫР БОЛБОСО КАЙСЫ ШААРДАСЫН)


Кечиресиз, анонимдуу бойдон калууну коздогон учун жерлердин, баардык адамдардын аттарын айткым келген жок.

Билдирүүнү түзөткөн: LaraKroff: 02 Июнь 2014 - 18:01

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#208 Пользователь офлайн   Sul00   02 Июнь 2014 - 18:02

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 56
  • Катталган: 15 Январь 14
  • Соңку аракети: 25 Июн 2014 17:26

дагы бир жолу окуп чыгып тушунбойда калдым .бироондуу тандабайбы же аны же сени .озун айтмакчы чечкинсиз окшойтСүрөт взрослый челевек ал оз жашоосун озу тандаш кереккоСүрөт ата -энеси эмес ал чындыгында Меканы суйобу
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#209 Пользователь офлайн   LaraKroff   02 Июнь 2014 - 18:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Тунт адамдын кейпин кийип, жай келээри менен Мекениме, суйгонумо барам деген коксом сууп журом. Алмазга жолуктум. Ага ыраазы болгонум озунун сезимдерин мага тануулабайт, мен сени суйгонум учун сен да мени суй дегендей мамиле жасабайт. Ага айтып берип жатып, коз жашымды кармана албадым.
-Ушул коз жашынды токкон адамды колумдан келсе аябай жазаламакмын, -деди оор ушкуруп.
-Анда мени да жазалаган болосун,-да дедим козумдун жашын аарчып.
-Ошондуктан колум байланган сыяктуу журом да,-деди мага карап.
-Суротко тушолубу?,-дедим тамашалай, озумду алаксытканга аракет кылып.
Ал да тушунду окшойт:
-Оч алуундун объекти мен болдумбу ошондо?,-деди шандуу каткырып.
-Каршысынбы?
-Жок, сен каалаган нерсеге каршылык корсото албашымды билесин да.
Экообуз тушкон бир нече суротту мен да баракчама жуктоп салсамбы деп жаш балача оч алууну ойлонуп жургонумо тан калам. Ушундай достор.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#210 Пользователь офлайн   saltanat.   02 Июнь 2014 - 19:52

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Тим коюңуз.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#211 Пользователь офлайн   shumkar929292   02 Июнь 2014 - 20:04

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 105
  • Катталган: 25 Январь 12
  • Соңку аракети: 15 Апр 2020 20:11

Журогум кантип ошондай болсун акмак турбайбы бир адамды деп башка адамдын да журогун ооруткан бул жакта туруп менин журогум кысылып кети. Сизге бакыт тилейм бактылуу болун.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#212 Пользователь офлайн   AMAH-2   02 Июнь 2014 - 20:17

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 971
  • Катталган: 21 Апрель 14
  • Соңку аракети: 18 Фев 2015 20:09
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Жүргүм келбеген жерде...

Ал байкуш бала тиги оорукчан Мээримди кыя албай жүрүп ага байланып калган тура.Болду эми ал Мээримге үйлөнөт.Сиз аны унутууга аракет кылыңыз да башкадан сүйүү күтүңүз.Бактылуулук каалайм сизге.
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#213 Пользователь офлайн   Laura92   02 Июнь 2014 - 20:52

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 42
  • Катталган: 29 Март 14
  • Соңку аракети: 27 Окт 2019 13:03
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кыргызстан

Мени туура тушунунуз,бирок сиз туура эмес кылып жатасыз.Суйгонунуз Мээримге жон гана жардам бергиси келет,аяйт,себеби ал оорулуу.Анан да кичинесинен тааныса,андан кантип кол узмок.Озунузду анын ордунда элестетип корсонуз,тушуносуз. Сиз кызганбай эле,бир аз эгоисттик кылып жатасыз.Тескерисинче Мээримге сиз да жардамдашып, акыбалын суйгонунунуздон сурап турсаныз жакшы болмок го менимче.Анан да очошпонуз,бир келген суйуунуздон озумчулдугунуздун айынан айрылып калбаныз демекмин.Бактылуу болун
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#214 Пользователь офлайн   tinatinka   03 Июнь 2014 - 10:35

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 18
  • Катталган: 05 Февраль 14
  • Соңку аракети: 29 Мар 2015 20:56

Суйуу кыйын,суйбой коюу андан да кыйын. Андыктан сизге бакыт каалайм. Эже сизге бир суроо: ага тагдырынызды байлап алыптырсыз, сиз аны менен бактылуу болушунузга ишенесизби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#215 Пользователь офлайн   aqua-94mema   03 Июнь 2014 - 11:11

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 497
  • Катталган: 03 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 20 Ноя 2020 18:42
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:денизден 3 метрге бийик жерде .

суйунун козу кор болот деген ушул да.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды
.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#216 Пользователь офлайн   LaraKroff   03 Июнь 2014 - 13:26

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 452
  • Катталган: 09 Январь 14
  • Соңку аракети: 10 Июл 2020 06:39

Просмотр сообщения tinatinka (03 Июнь 2014 - 10:35) жазган:

Суйуу кыйын,суйбой коюу андан да кыйын. Андыктан сизге бакыт каалайм. Эже сизге бир суроо: ага тагдырынызды байлап алыптырсыз, сиз аны менен бактылуу болушунузга ишенесизби?


Суйуу деген бактылуу-бактысыз болушунду ойлонбой туруп анын жанында болуунун каалоо болсо керек. Албетте, бактылуу болом деп ойлочумун. Азыр эмне ойлошумду билбей турам. Ушул жакка жазып, бугумду чыгарып журом.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#217 Пользователь офлайн   jyzka87   03 Июнь 2014 - 15:34

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 97
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 14 Фев 2019 22:12

Аябай кызыктуу экен. Бактылуу болгула.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#218 Пользователь офлайн   bai.kymbat   03 Июнь 2014 - 17:25

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 356
  • Катталган: 23 Август 11
  • Соңку аракети: 03 Дек 2021 18:02
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва-каракол

Эмне дээримдида билбей турам..... Автор Сени аяп кеттим,

Бул жерде башында эле кичине куулук мунозду колдонуп, суйуктуунузго кошулуп алып Мээримге жардам берсениз балким башкача болот беле, т.а суйуктуунор экоонорду коргон Мээрим балким озу эле алыстайт беле деймда ...

Эми Алмаз экоонордун суроттунорду киргизбе , ал киргизсе киргизе берсин (ал жаш баланын оюнундай болуп калат) Озунду эч качан ачууга алдырбагын жазса токтоо жооп берип кой, чалса акырын жооп бер кыскасы акылдуулугунду корсот.


келечек алдыда
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#219 Пользователь офлайн   Ak_gulum   04 Июнь 2014 - 00:35

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 18 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Сен 2014 02:59
  • Калаасы:ЖалалАбад

Окуп чыгып,журогум элжиреп кетти .Сиз бактылуу экенсиз. Журогунуздордо чыныгы суйуу сезимдери байыр алыптыр. Мындай керемет суйуу,романтика, унутулгус коз ирмемдер копчулугубуз учун арзуу бойдон кала берет.Автор кудайым сизге сабыр берсин.Суйгон сон,анын азабын тарта билуу керек.Бул сиздердин Махабат жолунуздардагы утурумдук чон сыноолор гана .Ачууга алдырып суйуктуунузду жоготуп албаныз .Сыноолорду сабырдуулук м.н женсениздер ,туболуктуу бакыт жолу ачылат.

Билдирүүнү түзөткөн: Ak_gulum: 04 Июнь 2014 - 01:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#220 Пользователь офлайн   Ak_gulum   04 Июнь 2014 - 00:54

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 18 Январь 14
  • Соңку аракети: 03 Сен 2014 02:59
  • Калаасы:ЖалалАбад

Просмотр сообщения AMAH-2 (02 Июнь 2014 - 20:17) жазган:

Ал байкуш бала тиги оорукчан Мээримди кыя албай жүрүп ага байланып калган тура.Болду эми ал Мээримге үйлөнөт.

Созунузду шамал учурсун. (кечиресиз)" Жакшы ниет жарым ырыс".

Суйушкордордун бирге болуусун каалап ,бактылуулук тилеген форумчуларыбыздын ниетин кудайым кабыл кылсын. Махабат сезимдерине балкып ,бири бирин чексиз суйуп турган эки жаштын ниети м.н турмуш жолун бир кылып ,туболук бакыт жана жакшы кундорду гана насип этсин кудайым!Оомийн! !

Билдирүүнү түзөткөн: Ak_gulum: 04 Июнь 2014 - 01:08

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Жүрөк сыры
  • Кийинки тема →

  • (77 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 9
  • 10
  • 11
  • 12
  • 13
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 49 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 49, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 09 Сен 2025 15:19

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: