Бердикожо Бийназаров
Кечигип төрөлгөн эгиздер
Автор бул китебинде, балага зар болгон эненин образын кенен ачып берген. Бул турмуштук баян, болгон окуянын негизинде жазылып, кызыктуу сюжеттер камтылган. Союз тарап, мамилекетибиз эркиндикти алган кездеги жошоо-турмуштун оош-кыйышы кенен чагылдырылып,
окуя кенен ачылган. Баарынан дагы тилине алы келбеген кайын эненин калыстыгы жоктугу жана атасы жок бойго жеткен баланын чечкинсиз жоругуна чыдаган жаш келиндин татаал тагдыры тарбия ирээтинде берилген. Анткен менен убакыт баарын тараза ташына салып, кимдин-ким экенин билгизип койгону, окурмандарды кайдыгер калтырбайт.
КЕЧИГИП ТӨРӨЛГӨН ЭГИЗДЕР
1983-жылдын февраль айы. Күн суук. Чыкыроон, күндүн жылышына тоскоолун тийгизип, калың жааган кардын илеби суук тартып жаздын кеч келишинен белги берип турду. Анткен менен төбөдөн тийген күндүн нуру алсыз жылуулук тартуулап турганда, карды кычырата басып көчө бойлоп келе жаткан, жашы жаңы гана он сегизге толгон Касым жашыл дарбазанын жанынан ай чырайлуу кызды көзү чалып калды да, дароо ал кызды суугун арта карады. Ушул жашка келгени мындай сулуу кызды көрбөсө керек. Балким көргөндүр, бирок азыркыдай абалга калып, жүрөгү менен берилип, биринчи көз караштан жактырып калуу сезимине кабылбаган чыгар. Буту тушалып, жомоктогу хандын жигити сулуу кызды көргөндө эсинен тангандай, Касым дагы эсинен танып бышып турган алмадай жетилген кызды жалдырап эле карап туруп калды. Кыз дагы жаш жигиттин абалына түшүнүп, уялыңкы көз караш менен бир саамга карады да, дарбазанын ичин карай кадам таштап, ичкери кирип кетти. Бала эшик жабылып бара жатканда кыздын акыркы жолу аппак колдорун гана көрүп, дагы бир топко тушалган аттай бир орундан жылбай туруп, анан жолун улады. Эч нерсе оюнда жок келе жаткан уландын ички дүйнөсүнө бүлүк салган бул көрүнүш, беш кайыптын бири, дидар кайыпка туш болгондон белги берип турду.
Касым орто бойлуу, каратору жигит. Бир жыл илгери мектепти бүтүп, учурда алты айлык айдоочунун окуусун окуп жаткан эле. Ушул жашка келгени кыз сүймөк турсун, кыздын колун кармап көрө элек кези.
Кадамын жай таштап, кылчак-кылчак кыз кирип кеткен жашыл дарбазаны илгери үмүт менен карап, ал жерден узап баратып Касым, алдындагы жерге тоңуп калган ташка чалынып жыгылып кетти. Баятан бери аны терезенин кычыгынан карап турган Аида, жыгылып кеткен жигитти көрүп, кыткылыктап күлүп жиберди. Анткен менен Аидага дагы алгач көргөндө эле, алиги уландын сырт келбети жагып калганын жашыра албайт болучу. Андан дагы анын жыгылып кеткендеги абалы, кандайдыр бир деңгээлде кыздын аёо сезимин козгоп, ага карата болгон оюн оңдогонго түрткү берди.
Касым качан гана көзгө кооз көрүнгөн, алиги үйдөн узап кеткен соң гана ойлуу кадамын алдыга таштап, баалуу буюмун жоготуп жиберген адамдай коңултактап үйүнө келип, кабагы салыңкы көмкөрөсүнөн эски диванга бой таштады. Көзүн жумса эле алиги үрдүн кызындай ай чырайлуу бей тааныш кыз көз алдына тартылып, болгон дитин ээлеп алды. Дидары бурулуп калган ал кыз менен эми таанышпаса жаны жай албачуудай сезилип, таттуу кыялдын кучагында термелип жатканда, тили ачуу "кара жаак"- деген атка конгон апасы Калича, сырттан кирип келип эле уу тилин агытты:
-Дагы жатасыңбы? Отун жарып койсоң боло деги?! - деди эле, Касым башын жаздыктан көтөрүп:
-Апа, ушул сөздү акырын эле айтсаңыз болот эле го. Мен отун жарып, бастырманын астына жыйып койгом, кардын алдында калбасын деген ойдо. Калича ошондо дагы жаагын жаап калбай:
-Көрдүм жарган отунуңду, ал эмнеге жетет. Күндүн суугу бул болсо... - деп, сөзүнүн аягын таппай калды да, анан ички үйгө кирип кетти. Касым, чукул жерден "мен алиги сулуу кызды алсам, апам минтип ажылдап турса, анда менин сүйүүм эмне болот"-деген ойду ойлоп, али тааныша элек кыздын келечегине кам көргөн болду. Бирок жүрөгү менен сезди, ал кыз менен таанышаарын.
Таң атканга чейин уйку бетин көрбөй, тун сүйүүнүн азабын тартып ооналактап жаткан Касым таңга жуук гана көзү илинип, уктап кетти. Эртең менен апасы адатынча ачуу тилин агытып, уйкудан ойготту. Негизи эле эрден эрте ажырган аялзатынын күчү тилинен чыгабы, апасынын тилдүүлүгүнө Касым көнүп деле калган. Бирок эмнегедир кечээтен бери, тактап айтканда алиги кызды көрүп калгандан бери, апасынын тилдүүлүгүнө тескери баа бере баштады. Калича чаңкылдаган үнү менен:
-Касым, деги сенин эрте турган күнүң болобу? Жөн койсом керээлди күнү кечке жата бергенден тажабайсың.
Башка балдардай атаң эле болсо эмне. Касым сөздү чойгусу келбей жаздыктан башын көтөрүп:
-Апа, деги сизге эмне болду? Урушпай эле жай сөз менен айтыңызчы, айтчуу сөзүңүздү. Таң атпай уруштун сөзүн баштабай!
Калича үнүн баштагыдай чаңкылдатпай:
-Эрте туруп от жаккан күнүң болобу деги? Кечээ жарып койгон отунуң калбай калыптыр. Тур сыртка чыгып көң салып кел!
-Ушул сөздү жай сөз менен эле айтсаңыз болот эле да - деп, апасына каяша айтып, кыялын көргөзүп жылуу төшөктөн туруп сыртка чыкты. Калича эмнегедир ушул саам, уулу айткандай болбогон нерсеге эле ачуулана бергенин сезип калды белем, каршы сөз айткан жок. Буга Касым дагы таң калып калды. Анткени, жооп угам деп ойлогон эле да.
Бул күнү, убакыт дигер намазына жакындап калган кезде Касымды кандайдыр бир белгисиз күч, алиги жашыл дарбазаны көздөй жетелеп жөнөдү. Жакшы эле аракет кылды ал жакка барбаска, бирок көз алдынан кетпеген кыздын сулуу келбети, жаркын элеси жанын жай алдыра койгон жок. Айтканга оңой бирок, тун сүйүүнүн түйшүгү, азабы, санаасы кимди гана ойго салбайт.
Көзгө тааныш жашыл дарбазанын жанына келген Касым бир топко туруп калды, таттуу кыялга жетеленип. Көз алдына элестетип келген болучу, алиги кызга кечээ көргөн жеримден жолугам - деп, бирок, аны көрө албай, ушундай бир жакшы ой, жакшы тилек менен келип супсуну сууп, үстүнөн бирөө муздак сууну куюп жибергенсип,
шалдырап эле туруп калды. Ал турсун бир орундан жылганга дарманы жетпей, нес болгон адамдай дарбаза жакты карап, кеминде бир сааттай убакыт турганда, түнөргөн булуттан чыккан күндүн нурундай Аида, эки чака көтөрүп суу алганы дарбазадан чыкканын көргөн Касым, өзүнө-өзү ишене албай көзүн бар-бар ирмеп, көргөн көзүнө таң берип, энеси эркек төрөгөндөй сүйүнүп кетти. Ушул жашка келгени, азыркыдай сүйүнүп көрбөсө керек. Бой келбетине жарашыктуу кийинген аркар шыйрак, кымча бел, музоо кирпик, орто бойлуу бей тааныш кыз көчөгө көрк берип, кыз каадасы кылып, кылыктана баскан бул кылыгы Касымга баштагыдан миң эсе кооз көрүнүп, кыздын артынан кандайдыр бир күч жетелегенсип,
өзүнөн-өзү басты. Аида ан сайын кылыктанып,
көйнөгүнүн этегин чайпалтып басып, суу ала турган жерге жетпей туруп калганда, Касым учурдан пайдаланып,
болгон күчүн жыйып жакын келип:
-Чоң кыз, саламатсызбы?
- деди. Ушул жерден сүрдөнгөндөн үнү дагы каргылданып,
кулакка жат, үшүгөн адамдын үнүндөй угулуп кетти. Аида сын көз менен карап, өзүнүн үстөмдүгүн көргөзүп:
-Саламатчылык,
сиз кимсиз?-деди.
Назик үндөн Касым баштагыдан алда канча сүрдөп, оозуна ылайыктуу сөз келбей, мугалимден сүрдөгөн окуучудай:
-Мен Касыммын. Сизди кечээ көргөндөн бери, менде чукул ой пайда болду "сиз менен таанышсамбы"
- деген. Сураныч сизден, менин өтүнүчүмдү четке кага көрбөсөңүз.
Кыз наздана караганда, сулуунун көз карашына туруштук бере албай, Касым аргасы жок жер карады. Ушул жерден билди өзүнүн мококтугун.
Сулуу менен биринчи жолу бетме-бет кездешкен Касымга мындан көрө жоо менен бетме-бет кездешүү алда канча жеңил болот беле... такыр эле өктөмдүгү жоголуп, тили буулуп калганы өзүн таң калтырды. Жакшы эле аракет кылды, кайран жигит бир нерсени айтайын деп, бирок тили буулуп али сүйлөй электе эле ээриндери титиреп, ылайыктуу сөз оозуна келбей, ал турсун тердеп дагы кетти. Кыздын көзүн тик карамак турсун, сөз таба албай туруп калган Касым болгон күчүн жыйып, жер караган калыбында:
- Чоң кыз, ысмыңыз ким?-деди, үнүн жапыз чыгарып. Аида учурдан пайдаланып:
-Мен сизди кечээ көргөм. Бирок, сиз менен бүгүн минтип жолугуп калам деп, ойлогон эмес элем. Уялыңкы чыккан кыздын үнүнөн Касым эрдемсий түштү. Эх, баардык нерсени баалуулугу жеткенге чейин эмеспи. Эгер Аида кыска сүйлөп, сүрдүү көз караш менен караганда, Касым баштагыдан дагы мокой түшөт беле. Кыздын уялыңкы жана жол бошотуп сүйлөгөн сөзү демине - дем берип:
-Сизге мени кандайдыр бир күч жолугууга ээрчитип келди. Сөз ушуну менен уланып, экөөнө таанышканга мүмкүнчүлүк табылды.
Аида суу алып, эки чаканы көтөрүп бери басканда Касым жардам бермекке аракет кылды, бирок бул аракети текке кетти. Аида ушуну эле күтүп тургансып:
-Мен өзүм эле, аны коюп сиз кечинде келиңизчи, үйдөгүлөр көрүп калса мага ыңгайсыз болуп калат го, чынында ушак айыңдан алыс болуп, эч ким билбегендей болгон эле жакшы, - деди. Ушул сөздү укканда Касым, уккан кулагына ишенбей, өзүн абдан бактылуу сезип, оозуна сөз келбей, башын ийкеп:
-Мен сизди кечинде тиги силердин үйдүн маңдайындагы бактын жанынан күтөм. Сөзсүз чыгыңыз деп, андан ары сөзүн таппай калганда Аида:
-Азыр бара бериңиз, кошуна-колоңдор көрүп калбасын. Касым эч сөз айта албай, өзүн бул дүйнөдөгү эң бактылуу адамдардай сезип, ал жерден нары басып кетти да, суу көтөргөн сулууну үйүнө кирип кеткенге чейин, бери жактан көз ирмебей карап турду. Качан гана кыз үйүнө кирип кеткенде, кылчак-кылчак артын карап, жолуна түштү.
Андайда убакыт дагы өтпөй калат эмеспи. Касым үчүн кечтин кириши азаптын-азабы болду. Декломация айта тургансып же чоң жыйында сөз алып сүйлөй турган адамдай Аидага айта турган сөзүн ичинен миң кайталап, катуу даярданды. Анткен менен убакыттын өтмөгү тун сүйүүгө кабылган уландын сабырын түгөтүп, чыдамын кетирди. Мал-салын жайлап, отун сууну даярдап, мына чыга берээрде апасы Калича:
-Касым, азыр эч жакка кетпей тура тур, шаардан таякең келе жатыптыр. Бейшенбектен баягы карызын доолаганы. Чогуу барып кел, жалгыз жибербей. Жаш уланга ушул эле жетпей турду эле. Касым дароо өңүн бузуп:
-Апа, мен бир жерге барып тез эле келип калам, таякем келгенге чейин. Сөз жебеген Калича адатынча ажылдап кирди эле, Касым өзүн кармана албай:
-Апа, болбогон нерсеге эле ачуулана бересиңби? Кызык эле жансыз. Мен убада берип койгом, "кечинде келем" деп, айттым го тез эле келем дебедимби.
-Эмне убада, кимге?-деп көзүнүн чаарын чачып карады. Бир күндө бир же эки киши менен урушкан Каличанын адаты. Жана эле дүкөндөн Аида менен урушуп кеткен. Аида кезеги келгенде соода кылганы жаткан. Аңгыча эле Калича:
-Ай кыз, сенде улууну сыйлоо деген болобу деги? Эмки жаштарда уят деле жок. Аида кабагы салыңкы:
-Эже мен сизди канча күттүм. Сиз тиги эже менен сүйлөшүп туруп албадыңызбы.
Мени үйдө күтүп калышты. Дүкөнчү аял Аидага болушуп кеткенде гана Калича сөзүн кайра алган. Ошондо Аида бул Каличаны ушундай бир жаман көз караш менен карап "кимдин энеси болду экен"деп ойлоп койгон эле. Эгер дүкөнчү ортого кирип сөзгө аралашпаганда,
Калича эмне деген гана сөздөрдү айтат эле. Дагы жакшы Аиданын, Каличага теңелбегени.
"Кечинде кел" деп айтылган убакыттан алда канча эрте келип, Касым жашыл дарбазадан көзүн албай карап турганда, эки бала басып келип:
-Дос, сен кимди күтүп турасың?-дешти,
бир ооздон. Мындайды күтпөгөн Касым жооп бере албай, башын жерге салган тейде:
-Мен жөн эле. Азыр бир теңтуш бала келет эле - деди, оозу бош. Тиги эки баланын бирөө Аиданын байкеси экенин Касым билген жок. Бердибек кабагын түйүп:
-Эй, иничек, азыр ушул жерден кетип кал, болбосо бирди көрүп каласың! - деди. Аңгыча Аида дарбазадан чыгып, байкесин көрүп эле кайра изине кайтты. Бирок аны Касым байкаган жок. Сөз кезеги келгенде :
-Балдар, мен силерге эмне кылдым?-деп,
сөз сүйлөп келе жатканда эле көзүнө катуу сокку тийип, бош турган денеси жерге кулап түштү. Тиги экөө учурдан пайдаланып,
жакшы эле сабашты. Касым кол көтөргөнгө дагы жараган жок. Ал турсун эмнеге токмок жеди, ага акылы жетпей турду. Аз убакыт илгери эле кызга жолугу үчүн сөз камдап жаткан Касым, эми эптеп үйүнө жетүү үчүн денесин түз кармап, бул жерден кетүүгө кадам таштады. Баятан бери дарбазанын ичинен аны карап турган Аида артынан келип:
-Касым, деги дени-кардың сообу?-деди.
Тааныш үндү уккан Касым абдан сүйүнүп кетти:
-Ооба, мен жакшы элемин, кап, экөөлөп кетишпедиби,
мен аларды тааныбайт экенмин. Аида көзү көгөргөн Касымды аяп:
-Кап, сак болсоң болмок. Мен сени абдан күттүм эле.
Касым бул сөздү укканда ооруган жерин унутуп калды. Жагымдуу чыккан кыздын назик үнү, жан тартып сүйлөгөнү, жоодургана карагаттай болгон көздөрү, баарынан дагы анын "сени абдан күттүм эле" деген сөзү Касым үчүн бакыт эмей... сөз кезеги келгенде:
-Мен үчүн бүгүн убакыт өтпөй койду. Менин азыр токмок жегеним эч нерсе эмес, эң негизгиси сага жолукканыма,
сени көргөнүмө ишене албай турам. Ушунчалык кыска убакыттын ичинде мен, сага берилип калам деп ойлогон эмес элем. Коңур үндүү жаш уландын айткандары жаш кыздын кулагына жаңырып, дагы жакшы сөз уккусу келип, сөз күттү. Касым жоодураган кыздын көзүнө тик карап:
-Аида, сени кандай эне төрөдү болду экен, жомоктогу сулуу кыздай кылып. Сөз ушул жерге келгенде жанагы эки караан пайда болуп, алиги көзгө урганы:
-Аида, сен бул жерде эмне кылып жүрөсүң?- деди. Тааныш үндү укканда Аида сөз таба албай, байкесинин өктөм чыккан үнүнө каршы сөз айтмак турсун, уялганынан артын карабай кыз каадасы кылып, чуркап кетти. Ушул жерден Бердибек:
-Мен сага эмне дедим эле?! Кетип каласыңбы же дагы бирди көргүң келип турабы? Касым дароо эле билди, бул бала Аиданын байкеси экенин. Уялган түр менен:
-Байке, кечирип коюңуз, менин кетип эле калганым оң - деди, корккон түр көргөзүп. Негизи эле кичүү балабы же кызбы улуудан ыйбаа кылып, коркуп койгону кандай жакшы көрүнүш. Касымдын тартынып жооп бергенинен Бердибек өзүн жогору тутуп:
-Балакай,
экинчи ушул аймактан сенин карааныңды көрбөйүн, бол тез кетип кал! - деди. Токмок жеп денеси оор тартып калгангабы же дагы токмок жегиси келбедиби, балким ортодогу мамилени бузууну каалабадыбы,
Касым эч каршы сөз айтпастан алдыга кадам таштады. Бердибек досу Кубаныч менен Касымды узата караган тейде бир саамга туруп:
-Кеттик, эми бул жакка бут таштабас болду, - деди эле, Кубаныч:
-Кайдан, билесиңби, баягыда экөөбүз Айнурага барганда байкесинен кандай токмок жедик эле. Анан эки күндөн кийин аны унутуп калып, кайра барганыбызчы.
Байкеси дагы кызык экен, карындашына биз эч кандай жаман иш кылбасак деле, кубалап, жолотпой койгонуна мен азыр деле таң калам. Бул айтылган сөз Бердибектин огородуна эле ыргытылган таш болуп калды. Бердибек өзүнүн күнөөсүн сезип, сөздүн төркүнү кайда жатканына баа берип, үн дебестен алдыга басып кетти.
************ **************
Көзү-башы көгөрүп келген Касымды көргөндө Калича урушаарга жоо таппай турган баатырдай, тим эле асмандан издегени жерден табылгансып:
-Балам, сени урган ким! Азыр мен анын жазасын берем! - деп жөн эле өңүн бузуп, найзага түшө турган баатырдай жеңин түрүнгөнгө чейин барды. Касым апасынын жоругуна күлкүсү келип:
- Апа, сизге анын канчалык кереги бар. Бейтааныш балдар менен тил табыша албай кетип эле урушуп кеттик. Эми бул боло турган эле иш эмеспи. Сиз мага болушчудай азыр мен жаш бала эмесмин да. Жазында армияга кетем. Анда мени менен кошо барыңыз. Ал жактан мындан жаман токмок жейм. Эркек бала болгондон кийин, уруш -талаш болот да. Андан көрө таякем качан келет? -деди.
Калича бир чети таң калса, бир чети баласынын жүйөөлүү айткан сөзүнө муюп, көзүн андан албаган калыбында:
- Бала болгондон кийин анча, мынча болсо дагы эненин тилин алып койгон жакшы болот. Эгер сен жана менин тилимди алып, эч жакка барбаган болсоң, балдардан токмок жемек эмессиң! Менин сенден башка кимим бар. Айт азыр барып ал балдар менен сүйлөшүп келейин, экинчи сага тийишбегендей болушат. Касым жактыра беребеген көз караш менен карап:
-Апа, күлкүнү келтибеңизчи.
Мен ал балдарды тааныбайм. Тааныган күндө дагы мен сизге алар жөнүндө айтпайм. Менде дагы жигиттик намыс деген болуш керек. Аны коюп мен барып таякемди тосуп келейин. Калича баштагы оюнан кайтып:
-Жок, келсе өзү келээр. Алдагы көгөргөн көзүң менен кантип барат элең. Андан көрө жылуу жатып эс ал. Мен сага марлини сууга чылап берейин, көзүңө баскандай бол, соруп алат! - деп күч менен айтып, бул оюна өзү ыраазы болуп, ишке киришти. Касым төшөктө жатып, Аиданы эстеди. Анын кам көрө сүйлөгөн сөзү, жагымдуу көз карашы, көз жоосун алган сулуу турпаты, кылыктана басканы, жаңырган айдай болгон кара кашы, жылдыздуу күйүп турган көздөрү, деги эле кынтыгы жок бой келбети көз алдына тартылып, тез аранын ичинде кыялындагыдай кыз менен тил табышып алганына ыраазы болуп, өзүн бактылуу сезип андан дагы анын байкеси менен дагы бети ачылып сүйлөшүп алганына ичинен кубанып, таттуу кыялга батып жатып көзү илинип кетти. Бир кезде, үнү жоон чыккан таякесинин бакылдап сүйлөгөн сөзүнөн улам ойгонуп кетти да, сөз тыңшап, уктамыш болуп жата берди. Ал эми Калича тим эле сахнага чыгып роль ойногон актрисадай үнүн жасап сүйлөп, акыркы жаңылыктарды айтып берип жатып, оозуна алы келбей, Касымдын токмок жеп келгенин дагы айтып салды. Таякеси Макен катуу кетпей, кайра:
-Эркек бала бирде токмок жейт, бирде токмоктойт ага эч капа болбоңуз. Жигит кезде көзү көгөрбөгөн эркек болбойт. Андан көрө мен эми кантип, тигинден карызды өндүрөм. Сиздин айтканыңыз боюнча эле келип калдым. Андан ары тыңгылыктуу деле сөз уланган жок. Касым таякесинин айткан сөзүнө көңүлү өсүп апасын тынчытып койгонуна ыраазы болду. Болбосо таң эрте дагы сурамак "кайсы жерден сабады, өңү түсүн байкап калдыңбы"
- деп. Бир чети апасын дагы аяп кетет. Тилинин ачуулугу эле болбосо, жакшы эле аял. Кээде гана өзүнө ээ боло албай кеткен сапаты, болгон жакшы жагын жууп кетет.
Касым, эки күн үйдө жатты да, акыры апасы кошунасынын үйүнө кеткенде, жылуу кийинип алып, акылына ээ бербеген сезимдин жетегине жетеленип, жашыл дарбазаны көздөй жөнөп берди. Бул кезде көз байланып калган болучу. Көзгө тааныш көчөгө келип, баягы бактын түбүндө дарбаза жакты карап туруп, өзүн чексиз бактылуу сезип, жок эле дегенде Аиданын келбетин бир көрүп калуу үчүн, дарбаза жактан жүзүн бурбай, зоо бетинен кайберенди аңдыган мергенчидей,
көзүн албай тимирейип тиктеп турду.
Ал эми Аиданын абалы эки күндөн бери болуп көрбөгөндөй өзгөрүлүп, бир көрүнүп жок болуп кеткен булуттан чыккан айга окшогон Касымдын элеси - болгон дитин ээлеп алып, түнү уйкусу качып, күндүзү ою бир жерге турбай калды. Бул, эми бойго жеткен кыздын ууз сүйүүгө кабылгандагы бир элеси эмеспи. Ооба, жаш кыздын жигиттен биринчи жолу жагымдуу сөз угуусу, аны жактырып калуусу, азап чегип ойлонгону, күткөнү, таттуу кыялга жетеленгени,
кандайдыр бир тымызын нерсени эңсегени, ичине сыр кылып катып азап чеккени, баё мүнөз менен келечектен чоңду үмүт кылып турмушка чыгып жатканы көз алдына тартылганы,
бул ар бир аял затынын башынан өткөн окуя эмеспи. Калыс алып караган кишиге, өзгөчө аял затынын сүйүүгө берилгенин жазганга сөз жетпейт го, чиркин. Ошол себептен кээ бир жаман ою жок, ишенчээк кыздар тун сүйүүгө кабылганы баам салып караган кишиге кандайдыр бир нерседен белги берери анык. Жаман ойдон алыс, ишенчээк кыздар жигиттерге алданып калганына дагы, ишенчээктик мүнөз себеп болгону тарыхта кайталанып эле келе жатат. Бул эми боло бере турган иш. Аида, канча жигиттер менен мамиле күттү, бирок, Касым менен жолукканы мындай абалга кабылып көргөн эмес. Сүйүү дагы жөн жерден пайда болбойт. Ар бир нерсеге албетте кандайдыр бир нерсе себеп болот, бирок аны адам баласы байкабайт. Ошол себептен учурунда баам салбаган адам баары өтүп кеткенден кийин гана өкүнүп калганы, бул жашоонун жазылбаган мыйзамы. Эгер баарын учурунда адам баласы билип, көрүп жасаганда, анда жаңылаштыктар болбойт эле го. Бул дагы билинбегени менен улуу Алланын буйругу экенин моюнга албай келебиз.
Касым чыдамы кетип кеминде эки сааттай убакыт күтүп турду. Убакыт алга жылган сайын караңгылык пардасы тартылып, арзып күткөнүн көрө албаганына ичинен өкүнүп, үнүн чыгарып наалып сүйлөнүп алып үйүнө кайтты. Эх, кандай гана таттуу кыялга жетеленип, чоң даярдык менен келбеди беле. Көрсө бул жашоодо баары эле ойдогудай боло бербейт тура. Эгер Касымдын оюндагыдай болгондо, анда баары башкача болбойт беле. Супсуну сууп, кабагы салыңкы кадамын алдыга таштап келе жатып, апасы эсине келди да, кандай шылтоо айтам деген ойду ойлоду. Бул кезде Аида сабагына даярданып өзүнүн бөлмөсүндө олтурган болучу. Эки жолу сыртка чыгып жол карап келгиси келди, бирок ага кандайдыр бир нерсе тоскоол болуп, чыккан жок. Эгер сыртка чыкканда, анда Касымга жолукмак беле ким билет.
Ал эми бул учурда санаа чеккен Калича, уулу Касымды күтүп олтуруп, бир орунга отура албай калган болучу. Эне да. Эненин чеккен санаасы ат көтөргүс жүк эмеспи. Оюна эмнелер гана келген жок. Балдар сабап, көчөдө ордунан тура албай жаткан уулунун абалы көз алдына тартылып, ою бузулуп, башындагы кан тамырлары ойлонгондон чыңалып чыккан эле. Андайда адам баласынын оюна качан жакшы нерсе келчү эле. Эгер Касым балдардан токмок жеп келип көзүнө көрүнбөгөн болсо, анда мынчалык санаа чекпейт болучу. Качан гана Касым астананы аттаганда, ушундай бир күч менен үшкүрүнүп алды. Үшкүрүк менен чеккен азабынан кутулуп, кандайдыр бир бирөө, үстүнөн оор жүктү алып салгансып, жеңилдей дагы түштү. Ар бир нерсенин башталган жана бүткөн учуру болот эмеспи. Калича күтүүнүн аягына чыкканына сүйүнгөнү менен адатынча уулуна ачуу тилин агытты:
-Кайда жүрдүң? - деп. Ушул суроонун берилишин күтүп, ал турсун жооп камдап койгон Касым:
-Теңтуш балдар келип калыптыр. Бир баланын туулган күнүнө катышып, оозго бир чыны чай келгенден кийин эле үйгө кайтып келе бердим - деди. Бул суроого канаттанбай калган Калича жаман көзү менен карап:
-Эмне каратып туруп калп айтасың, менин санаа чегип, сени күтүп олтуруп башым ооруп чыкканы сага оюнчукпу. Жок дегенде көзүңдөгү көктүн тагы кеткенге чейин үйдө олтура турсаң боло?! Айылчы аялдардай эле үйгө токтобойсуң - деп, сөзүнүн аягын жумшак бүтүрдү.
Касым апасынын абалына туура түшүндү, бирок, жүрөгүнө тынчтык бербеген сүйүүнүн азабы жанын жай алдырбай жатса эмне кылат. Тамакка табити тартпай, илдетке кабылган адамдай эки күндүн ичинде эле өңүнөн аза түштү. Муну Калича балдар сабагандан кийин бир жери ооруп жүрөт го деп жоруп койду. Эгер уулунун ууз сүйүүгө кабылганын билсе, анда ойго келбеген сөздү айтат беле ким билет. Улуунун көңүлсүз олтурганын билип, бир кездеги окуя эсине келди.
- (2 )
-
- 1
- 2
Кечигип төрөлгөн эгиздер Бердикожо Бийназаров
#1 05 June 2014 - 23:15
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#2 05 June 2014 - 23:17
******* ******
Калича, күйөөсү Эсенбекке турмушка чыкканда, кеминде жети-сегиз жыл төрөбөй жүрдү. Экөө бирин -бири арзып жүрүп турмуш курушкан болучу. Алгач Эсенбек менен таанышканда, аз жерден ойлонуп жатып сагынычтан куса болуп, кудум уулундай тамакка табити тартпай калган эле да. Анткени, Эсенбек эч эскертпей шаарга кетип калып, бир айдан ашык убакытта келген. Көрсө, шаардагы атасынын иниси там салып, ага жардам бергени кетиптир. Келип жолукканда кандай гана сүйүнбөдү эле. Ошол күнү экөөнүн өбүшүп беттери ачылган болучу. Эсенбек, таттуу тилин агытып, сагынганынан куса болуп, тамак ичпей алганын айтканда, Калича уккан кулагына ишенбей туруп ойго алаксып кетти да, анан Эсенбек дагы өзүнөн артык азап чеккенин угуп, башын анын көкүрөгүнө коюп, эркелегенде, Эсенбек түш көрүп жаткан адамдай, денесин калтырак басып, Каличанын башы жөлөнүп турган көкүрөгү ысып чыгып, илдет адамдын темпиратурасы 39ту көргөзгөнсүп, тердеп, оозуна сөз келбей калган. Ал эми өбүшкөндө, экөөнүн тең денелери калтырап, бири-бирин чындап сүйгөндөрүнө нак ишенген эле. Сүйүү эки жактан бирдей болгондо кандай жемишин берет. Ал эми алы жок, бир гана нерсени эңсеп сүйүшкөндөрдүн ортосундагы сүйүү албетте сүйүү эмес. Ал жөн гана жолугушуу экенине турмуш өзү күбө. Калича, үйүнө келгенде денеси от менен жалын болуп, жүзү албырып, дүйнөдө өзүнөн бактылуу эч ким жоктой сезбеди беле. Эмне иш кылып жатса дагы, болуп өткөн окуя көз алдына тартылып, Эсенбектин ар бир айткан сөзү кулагына угулуп, бул дүйнөнүн эң бийик чокусу жана кызыгы сүйүү менен экенине ошондо баа берген.
Ал эми Эсенбектин абалын жазганга сөз жетпейт го. Бир айдан ашык тарткан азабы бир тең, Калича менен жолугуп, анын назик денесине колу тийип, ак жүзүнөн өпкөнү бир тең болуп, жөн эле денесине канат бүтүп, асманда учуп жүргөндөй сезилди.
Сүйүү дагы баам салып караган кишиге билинбегени менен кумар оюнундай эле азартка кирет белем, Эсенбек, кеч кирди эле болду, Калича жашаган үйдүн түнкү кароолчусуна айланды да калды. Көрсө, кыздуу үйгө жигиттин келгени, бул илгертен бери келе жаткан жорук белем. Бир күнү Эсенбектин атасы байкап калып, түшкү тамакты ичип олтурганда айтып калды:
-Уулум, сенин эмнегедир акыркы кездерде басканың көбөйүп баратат, сүйлөшкөн кызың болсо айт, куда түшүп алып берейин. Болбосо "көп баскан аяк чок басат" деген кеп бар. Аскерге болсо барып келдиң, эми минтип түнү жорткон бөрү баласындай, кеч кирди эле таппай калчу болдум. Сенин кайда барып жатканыңды билем. Мен дагы сендей болуп жаш болгом. Үйгө токтобой калдың. Биз дагы келиндин ысык чайын ичип, энең идиш-аягын өткөзүп берсин - деп, сөздү учурунда айтып, жооп күтүп туруп калды эле, ал кезде ыйман бар да. Эсенбектин кулагынан бери кызарып, уялганынан жер карап, тили буулуп, тартынган калыбында:
-Ата, азыр мага эрте го? - деди. Бул айткан сөзүнүн аягында, көңүлдөнгөндүк бар болучу. Келдибек карыя уулунун абалына туура түшүнүп, сөздү чойбой:
-Сенин кайсы жашың калды. Илгери балдар сенин жашыңа келгенде эки, үч баланын атасы болуп калчу эле. Барган сайын жаш дагы жашарып баратабы деп калдым. Бир кезде жыйырмадан ашкан бала кадыр эсе чоң киши болуп, салабат күтүп калчу, сен али жаш баладай болуп, али эрте дейсиң да. Эртең кечте жообун бер, мен барып кыздын ата-энеси менен жолугушуп сүйлөшкөндөй болоюн! - деп, сөздү чукул бүтүрүп, тасмалга бата тилеп ордунан турду. Бул сунуш Эсенбекке абдан жакты. Бирок, "мунун кызын алат элем"- деп айтууга кудурети жетпей турду. "Аял алам" деп айтуу ушундай жооптуу экенин ушул жашка чыкканы билген эмес. Эми ким аркылуу айтат ага жооп издеп, кечинде Каличага келип жолугуп болгон ишти айтты:
-Калича, билесиңби, мен, сени кандай жакшы көрөрүмдү. Бирок, маселе кыйындап калды. Калича карагаттай көздөрүн бар-бар ирмеп:
-Эмнеге! - деп жооп күтүп туруп калды эле, Эсенбек кабагын түйүп:
-Атам мени "үйлөн" деп кыйнап жатат. Мага сенден башка кыздын бир тыйын дагы керек жок! Үйлөнсөм сага гана үйлөнүшүм керек. Башка кызга үйлөнүп алып өмүр бою сени ойлоп жашаганча, үйлөнбөй эле койгонум жакшы. Калича кабагы салыңкы:
-Атаң эмне башка бирөөнүн кызын ал деп жатабы?
Бул берилген суроого Эсенбек жооп бергенге шашылган жок. Күттүрүп анан:
-Жок, каалаган кызың болсо айт, куда түшүп алып берейин деп жатат. Мен "сени алам" деп айта албай койдум. Анткени, "аял алам" деп айтуу абдан эле жооптуу экенин бүгүн араң билдим. Эгер сен макул болсоң, атамды силердин үйгө жиберем, "куда түшүп кел" деп! Мен сенсиз жашай албайм. Деги качан экөөбүз кошулуп жашаган күнгө убакыт жетет болду экен. Калича мынчалык тез убакыттын ичинде күткөн эмес, мындай жооптуу талапты. Ага дагы "сага тийем" - деп айтуу ушундай бир чоң жоопкерчиликти талап кылды. Мектепти аяктаганы менен шаарга барып окуганга шарты болбой, быйыл үйүндө олтурган, апасына караан болуп. Чынында эле апасы дагы тили заар, урушчаак аял экенин өзү дагы жакшы билет. Эгер Эсенбектин атасы куда түшүп келсе, ачуу тилин агытып, тил кайрыса кандай болот, маселе мына ушунда. Адам баласындагы жаман сапат качан болсо жашоого кедерин тийгизип келет эмеспи. Каличага апасынын "кара жаак" атка конгону жакпай келет. Бир жолу кошуна Сейилкан эне менен болбогон сөз үчүн абдан катуу урушкан. Ал тамаша ирээтинде айткан сөзүн чырга айлантып, акыры, аны менен дагы мамилеси сууп, катышпай калган болучу.
Калича, үмүттүү караган Эсенбектин суроолуу тиктеген көз карашына тыңгылыктуу жооп таба албай, үнүн жапыз чыгарып:
-Апам эмне дейт болду экен? Менин коркконум эле апам. Апам макул болсо, мен сени кантип чанмак элем. Ансыз деле кечтин кириши мен үчүн азаптын, азабы. Качан гана сени көргөндө, менин жүрөгүм бир калыпта согуп, жашоо сени менен гана мага кызык көрүнөт. Баса, сен мындай кылбайсыңбы. Алгач сөз билги аялдарды жиберип көр, апамды ийге келтирсин, анан атаңды жибер. Болбосо апам "кызым жаш" -деп болбой койсо, сен башка кызга үйлөнүп алсаң, мен кандай күндү көрөм! - деп сунуш айтканда, Эсенбек бул сунушту туура көрүп, сүйүнүп кетти да, анан минтип айтты:
- Баарына өзүм күнөөлүмүн. Менин сага келип жатканымды атам билип калып, ушундай чукул талап койду. Калича таң калып:
-Анда анан эмнеге айтты "каалаган кызыңды айт" - деп. Эсенбек туура эмес сөз айтып алганын эми билип:
-Атам, сага келип жүргөнүмдү эмес, деги эле кызга барып жүргөнүмдү билип калды. Анткени кечинде мен үйгө токтобой калганымдан шек алса керек. Сөз ушул жерге келгенде Каличанын апасы үнүн чыгарып, кыйкырып калды:
-Калича, деги сен кайдасың? - деп. Ушул эле үндүн чыгышы менен Калича шашып калды да, чала коштошуп, шашыла басып үнүн чыгарды:
-Апа, мен мындамын! -деп.
Ошол күндүн эртеси мындайраак жеңелеринин жардамы менен алгач апасына билгизди, Каличага барып жүргөнү тууралуу.
Апасы анча жактыра берген жок. Үйдө эч ким жокто уулун чакырып алып, жаман көзү менен карап:
-Ошол кара жаак аталган Сүйүмкандын кызынан башка кыз айылда калбай калыптырбы. "Алма сабагынан алыс түшпөйт" - деген сөз бар. Анын кызын алсаң, бир кезде өзүң эле азабын тартасың. Ажаан аялдын ажаан кызы, эртең эле өнөрүн көргөзөт. Эгер тилди алсаң, мен сага башка кыз таап берейин. Апасы жакшы кызга үйлөн. Ошол себептен бекер жерден айтылган эмес "энесин көрүп кызын ал" -деген кеп. Мен Сүйүмканды жакшы билем. Ал азыр көпчүлүктөн чыгып калган, тилинин ачуусунан. Сага дагы туура түшүнөм. Көңүлүң анын кызына имерилип калды. Болбосо, мен ал кызды алууңа каршымын. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат"- деген кеп бар. Тиги Айсалкын жеңең жаңы келин болуп келгенде, элдин баары кызыккан "сулуу келин алдыңар" - деп. Ал жеңеңдин келгендеги чырайына ашык болбогон эркек жан калган эмес, эми карачы. Кандай аял болду? Туугандарына байкеңди катыштырбай, азыр үйүнө эч ким кирбейт. Аялдын жакшысы тууганды көл кылат, душманды дос кылат, ал эми жаманы тууганды алыстатып, ушак сөзгө жакын болуп, издегени эле жаман сөз болуп ушакчы аталып калат. Колуңдан келсе, эгер менин тилимди алсаң, Сүйүмкандын кызына жолобой эле койгонуң оң. Анын атасы өлө турган жан эмес болучу. Анын өлүмүнө Сүйүмкан эле себеп болду, ачуу тилин агызып жатып. ӨӨмүрү ичкиликти оозуна алаган эмес эле, акыркы күндөрү көңүлүн көтөрүү үчүн болгон эрмеги ичимдик болуп калып, боору эзилип каза болду. Жакшы аял болгондо Сүйүмкан, эрин ажалдын колунан алып калат болучу. Дегеним, канча күн талаада түнөп, ооруканага качан оорусу жеттиккенде гана барып калды. Ошондо дагы аны ооруканага Сүйүмкан эмес, бир тууганы жеткизди. Бул эми жаман аялдын жасаган иши. Деги балам өзүң эле билчи. Кийин мага токон-наалатың калбасын "мен Каличаны эле алмакмын" деген. Мен алып берген кыз жакпай калып, урушкан күнүңдө айтып чыксаң, мен жаман атуу болом - деп, жакшы эле жеткиликтүү кылып айтты. Бирок, жүрөк дегдеп калган соң, Каличаны алып тынды. Калича өткөндү эстеп олтуруп бир күнү Эсенбектин айткан сөзүн эстеди:
-Кап, мен бекер гана жаңылыптырмын. Апам жакшы эле айтты эле "Каличаны алба, анын апасы кара жаак, урушчаак аял" - деп. Сен дагы энеңди тартып колуңдан иш келбейт, бирок күчүң тилиңден чыкты. Жок дегенде эле мага эркек уул төрөп берип койсоң эмне?- деп.
Менин деле эне болуу бактысына туш келгим келет. Мен сага айткам, "врачка көрүн" деп. ӨӨзүң болбой койдуң. Врач балалуу болуш үчүн күйөөң дагы бизге келип көрүнсүн деген. Тилимди алып сен дагы мендей болуп дарылансаң, балким балалуу болуп калмак чыгарбыз. Эсенбек, колун шилтеп:
- Баягы эле сөзүң. Деги сенин сөз жеген учуруң болобу. Көчөгө баса албай калдым! - деген. Мындай ачуу сөздү уккан Калича, жаман оюн эми чындап ишке ашырып көрүп, башка эркекке жакындоону ойлоп койду.
Бир күнү чөпкө ишке чыкканда, тракторист Оморго көз кызып койсо, оюна койбой мүдөсүнө жетип койгондо, боюна бүтүп калганын сезген. Бирок, бул сырды бир гана Омор экөө гана билет. Башка жан адам билбейт. Эсенбек бала төрөлгөндө абдан катуу сүйүнүп, эки апта ачкыл суудан ичип акыры ооруп калып гана ичкиликтен алыстаган. Бала төрөлгөндө, чоң атасы абдан кубанып, балага Касым деп ат койгон. Анын себеби бала төрөлгөн күнү Касым досу түшүнө кирген. Ооба, согуштан Касым деген досу немистин огунан аман алып калган эле да. Аны кантип эсинен чыгарат.
Жаңы гана чабуулга өткөндө, Касым досу артынан келип басып жыгылганда ок, Касымдын оң ийнине тийип жарадар болуп, өзү аман калган. Ал эми Касым госпиталга жатып, ошол бойдон кабары жок болуп жүрүп кийин билди, Варшава шаарынын алдынан окко учканын.
Эми ошол Касымдын атынан койгон бала минтип чоңоюп, кызга жүрөгүн арнап, сүйүүгө кабылып, санаа чегүү менен алек. Бирок, билбейт, нокотек бала экенин. Кээде Калича, Касымдын кээ бир кулк мүнөзүнөн Омордун элесин байкап калат. Баары бир адам баласынын каны тартат эмеспи, атасынын кыял жоругун. Бирок, Калича ал жоругуна өкүнбөйт деле, эгер ал жолго барбаган болсо, бала төрөбөй калат беле ким билет. "Аялдын акылы алты эшекке жүк" - деп айтылган сөз бекер жерден айтылбаса керек. Болбосо, Калича эне болуу бакытына жетпей калып, ушул жашында жалгыз олтурат беле... Бир гана жаман адаты апасынан оогон урушчаактык сапаты. Бул сапатын бир кезде күйөөсү Эсенбек айтса, эми уулу акырын сөз кыйытып айта баштаганы өзүн ыңгайсыз сезип келет. "Бала атанын, кыз эненин күзгүсү" - дегендей адамдагы болгон кулк мүнөз балага ооп, тагдыр кайталанган учурлар көп эле кездешип келет. Бирок бул нерсеге эч ким баам салбайт.
Айткандай Калича дагы канчалык аракет кылган менен башы менен кете турчу кыял жоругун оңдогонго аракети күч, анткен менен калыптанып калган бул адаты өзүнө ээ кылбай келет.
***** *****
Ошол күндүн эртеси убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде, Касым Аидага жолукту. Ушул жолугушууну эки жүрөк кандай гана азап менен күттү эле. Али бири-бирине сүйүү тууралуу эч сөз айтыша элек, болгону жүрөк менен гана сезишип, бири-бирин жактырып калганын тую сезими менен гана билген эки жаштын сөзү түгөнбөй турган кезде, күтүлбөгөн абал тартуулап Аиданын байкеси келип калды.
- Бала мен сага эмне дедим эле? - дегенде, Касым ушундай бир берилүү менен сүйлөп жатып, кулакка тааныш үндү укканда, байкоосуздан мык басып алган адамдай чочуп кетип, каргылданган үнү менен салам айтып жибергенин өзү дагы сезбей калды. Бердибек, кабагы салыңкы берилген саламды алик албай туруп, баштагы сөзүн кайра кайталады:
- Мен сага эмне дедим эле? Эмне сенин кулагыңа жакшылык менен айткан сөз жетпейби? Касым, кадастап калды да:
- Байке, мен бул жерден өтүп бара жатып эле, Аидага жолугуп калдым. Бердибек кытмыр күлүп:
-Эмне башка жакта жол калбай калыптырбы? Кайдан келе жаттың эле? Касым калдалаңдап:
-Теңтуш баланы узатып келгем. Бердибек сөздү көп чойбой:
- Акыркы жолу сенин карааныңды көргөндөй болоюн, экинчи жолу ушул жерден сени көрсөм, мага таарынба. Тур азыр кетип кал! Ал эми сен Аида, үйгө киргин дагы сабагыңды оку. Сага ким коюптур, жигит менен сүйлөшкөндү! Касым, башын ийкеп кетип бара жатып, Аиданы карайм деп артын караганда, өзүнөн-өзү чалынып жыгылып кетти. Бул көрүнүш ушуну менен экинчи жолу кайталанышы. Аида дагы кыткылыктап кармана албай күлүп жиберди. "Күлкү менен уйкуга ар жок" деп бекер айтылбаса керек. Байкесинин жүзүн карай албай уялып туруп, күлүп жибергенине өзү дагы таң берди. Бердибек Касымдын сый көргөзүп, үн катпай сүрдөп, кетип калганына ичи жылып, тигинтип жыгылып кеткенине өзү дагы мыйыгынан күлүп, Аиданын артынан үйдү көздөй ойлуу басып бара жатып, өзүн Касымдын ордуна коюп көрдү. Бир чети улуудан уялып калгандын өзү дагы ойго жакшы нерсени ыроолоп, кабак көтүрүп калаарын ушул саам байкады. Негизи эле аз сүйлөгөн адам кандай барктуу. Эгер, Касым кичине эле тил кайрыган болсо, анда колунун кычуусу канганча сабап салат беле, аны так айтып болбойт. Турмуштун өзү филсофия экенин ким билбейт. Баардык улуу сөздөр турмуштан алынып жазылган эмеспи. Бердибек, бул жолу карындашына дагы башка ашыкча сөз кайрып айткан жок. Анын абалына туура түшүндү. Кыз бала дагы ыгын келтирип жигиттер менен сүйлөшкөнгө акысы бар. Алар эмне үчүн жасанышат, албетте табигат тартуулаган чырайларына кам көрүп, бирөөлөрдүн көңүлүн өздөрүнө буруп, жарашыктуу кийинип, боёнгондон каниет алышат эмеспи. Бул эми ургаачы адамга, тактап айтканда аял затына таандык сапат экенин турмуш мыйзамында болгон үчүн жашап келе жатпайбы. Албетте, аял заты жаралгандан көйрөң келишет. Андыктан ага туура түшүнүү керек.
Бердибек дагы ичинен купуя ойлонуп, эки жаштын жолугушуусуна тоскоол болгонун туура эмес көрүп, эми карындашынын эркин болушун ойлоп койду. Бирок, эмнгедир бир туугандык сезим менен Аиданы кызганып, ушул жолго барганын тана албайт эле.
***** ******
Касым, эми чындап сүйүүнүн туткунуна байланып, чылымы түгөнүп калган адамдай, бир жерге олтура албай калган абалга жетти. Анткени, Аида менен сүйлөшкөндө, анын дагы өзүндө көңүлү бар экенине нак ишенип, таттуу кыялга жетеленип, ойдун кучагында термелип олтурганда, апасы Калича айылчылап келдиби айтор аны так айтып болбойт, астананы аттап кирип келип эле:
- Ай, сага эмне болгон, соодасы бүткөн сарттай болуп? Деги бир жериң ооругандан алыссыңбы? - деп көзүн алайта караганда Касым апасын ушундай бир көз караш менен карап:
-Апа, сиз эмнеге эле бирөө менен урушкуңуз келип турат. Билесизби, мен кичине кезимде таянем дагы болбогон нерсеге эле уруша берчү. Сиз таянемдей карый элексиз да али - деп, сөздү учурунда айтып калды. Минтип айтам деп деле ойлогон эмес. Оозуна сала бергендей сөздү учурунда айтып, апасын сын көз караш менен карады, жооп күткөнсүп. Калича ушул жолу сөзгө жыгылып, бир кездеги күйөөсү Эсенбек айткан сөздү эстеп, оозуна ылайктуу сөз келбей, далысы жерге тийип жыгылган балбандай абдаарып эле туруп калды. Эгер, ушул сөздү уулу Касымдан башка адам айткан болсо, оозун коё берген тулпардай, кулак угуп көз көрбөгөн сөздөрдү айтат беле ким билет. Ооба, албетте жаман гана адамдар сөздөн жыгылып, качан болсо чырдын башында жүрөт эмеспи. Бул жолу Калича эч сөзгө келбей ички үйгө кирип эле шайы оогон адамдай көлдөлөңгө олтура кетти. Анткени, Турдубектин аялы менен эки саат илгери эле уруша кеткенде, ал дагы айткан " Ажаан апаңды жазбай тартыптырсың, качан болсо уруштун сөзүн сүйлөйсүң" - деп. Жаман сөз уккандан көрө камчынын уусуна туруштук берүү алда канча жеңил келээри анык. Калича, өзүнүн эле эмес, апасынын дагы дарегине карата айтылган ачуу сынды бир эмес эки адамдан бир күндө угуп жатканы, кандайдыр бир деңгээлде капа кылып, кан тамырлары чыңалып чыкты. Бул эми адам баласындагы өтө начар сапаттын тийгизген таасири жана кесепети экенине турмуш өзү күбө болуп, таразалап койду.
Ооба, бир кезде өзү дагы апасына сын айткан кудум уулу Касымдай болуп "апа, эмне мынча урушчааксыз, болбогон нерсеге эле ачууңуз келе берет" - деп. Анда Калича жаңы гана Эсенбек менен таанышып, кыз-жигит болуп жетелешип, сүйүүнүн таттуу жетегине кадам таштаган кези болучу. Эми ошол сынды жалгыз уулунан өзү укканда, апасына бекер сын айтканын эсине алып, ушул жашка чыкканы кудум апасындай тилдүү аял болуп чыга келгенине ишене албай турду. Ал турсун ачуу тилинин азабын канча жолу тартса дагы, азыркыдай абалга калып көргөн эмес.
Эч качан сөз жебеген апасы Каличанын, ушул саам эч сөзгө келбей, сөз угуп ички үйгө кирип кеткени Касымды таң калтырды. Касым апасына катуу сөз айтып алганына кыжаалат болуп ичинен өкүнүп алды. Бирок, туура сөз айтканына эмнегедир кабагы ачыла түштү.
Анткени, ушунтип апасын кичинеден тарбиялабаса, эгер Аидага үйлөнүп калса, анда ага сөзсүз тили тийээри анык. Ооздон чыккан сөз, атылган октон катуу экенин танып болбойт. Көңүлдү калтыруу кандай жаман. Касымдын болгон ой тилеги эми апасынын жаман сапатын кантип оңдоо болуп калды. Арадан чай кайнам убакыт өткөн кезде Калича олтурган ордунан туруп, Касымды жактыра бербеген көз карашта карап, өз иши менен алек болуп кетти. Бирок, эмне иш кылса дагы оюнун учкуну өзүнүн калпыс сүйлөгөн сөздөрүнө барып такала берди. Аңгыча эле айылдагы алдына ушак айткан жагынан ат салбаган Оролчач келип калды. Эх, аял заты кандай ушак уккандан өздөрүнө энергия алат. Ошол себептен "аял ушак" - деген сөз бекер жерден чыкпаган чыгар. Ар бир таасын айтылган сөз, сөзсүз турмуштан алынганы чындык.
Оролчач элүү жаштын кырына чыккан, толугунан келген каратору аял. Бир кезде бул дагы узун шыйрак, кымча бел, караторунун сулуусу болсо керек. Эми минтип толугунан келген тили-тилине тийбеген, эки айылды эриктирбеген, бир нерсени болжолдоп айткан ушакчы аял болуп чыга келди. Эч ким ойлобойт эле. Бир кезде бурала баскан, караторунун сулуусу, жигиттердин көзүн талытып караткан, ай чырайлуу кыздын ушакчы аялга айланып калганына. Эгер отуз жыл убакытты артка жылдырган болсок, азыркы Оролчач менен ошол кездеги Оролчачтын айрымасы асман менен жердей өзгөрү болгонуна ар бир адам таң калмак. Ооба, учурунда канчалаган балдар артынан чуркап, чуркаганга эмес, буйруганга турмушка чыгып, учурда Оролчач таене болуп, өзгөрүлгөн. Улуу кызы Бактыгүл, кудум өзүнүн эле бир кездеги турпаты. Анын бир гана айрымасы атасын тартып сөзгө мокок, аз сүйлөп, көп иш кылганы. Негизи эле бул жалганда аз сүйлөгөн адам алымдуу жана сыйга татыктуу болот эмеспи. Оролчачтын бетине айта алышпаганы менен айылдагылар анын артынан кулакка жат сөздөрдү жакшы эле айтышат. Ал турсун ага "кабарчы" - деп дагы ат коюп коюшкан. Анткени айылдагы болгон жаңылыктар Оролчач аркылуу элге тарайт. Андан дагы ушак айтканда тим эле жигине жеткире айтып, калп сөздү чын кылып, адамды ишендирип салган жөндөмү бар. Бул билинбегини менен "өнөр" - деп дагы айтсак жарашат. Оролчачтын кирип келгениде Каличанын кабагы ачыла түштү. Анткени, акыркы кабарларды айыл боюнча Оролчачтан артык эч ким билбейт. Ушул кезде чайнектеги чай дагы кайнап, тасмал даярдалып жаткан болучу. Калича эски таанышына жолуккан адамдай кабагы булуттан чыккан күнгө окшоп нурдана түштү. Анткени баятан бери бир нерсе жетишпей турган болучу. Оролчач кирип келгенде билди, ушак сөз угуу жана бирөөнү ушактап сүйлөгөн нерсе өзүнө жетпей турганын. Кызыл болуп демделген чай алдыга келип, бирден чыны чай куюлган кезде Оролчач негизги сөздү баштады:
-Калича, сен уктуң беле, тиги наркы көчөдө жашаган Сактандын жаңы мектепти бүткөн кызы турмушка чыкканы жатканын. Менин баамымды боюна бүтүп калып, алты айласы кетип, Сактан өзү баланы кыйнап жаткан имиш "кызыма үйлөн, болбосо сотко берем" - деп. Деги эле кыз баланы ошондойдон сактасын. Биздин убакта билсиңби, өптүрмөк турсун колубузду балдарга карматкандан коркчу эмес белек. Эми минтип атасынын төрүндө боозуп алышып, догурунуп жатышат. Бул сөздү уккан Каличанын көздөрү алайып:
-Анан?! - деп жиберди, сөз укканга дилгир экенин билгизип. Касым берки бөлмөдөн Оролчачтын сөзүн угуп таң калып калды. Анткени, Сактандын кызы Айзат менен классташ. Эч кандай боюна бүтпөй эле тиги ала турган бала "алакачсам дагы сени алам" - деп коркутуп жатат, мен ал баланы бир эле жолу көргөм" - деп кечинде эле классташ катары айткан. Эми ошол сөздү эки эселентип калпты кошуп, ишендирип айтканына таң калган Касым демин ичине катып дагы сөз тыңшады. Оролчач чайдан шорулдата ууртап:
-Анан тиги бала айласы жок макулдугун берип, ушул алтынчы күнү алганы жатыптыр. Калича сөздү бөлүп:
-Кимдин баласы экен, шордуу. Минин уулум дагы кечинде үйгө токтобой калды, үкүнүн уясын тапканбы деп дагы ойлоп калам. Баланын бойго жеткени дагы курусун, кеч кирди эле санаага салып кунаажынды ээрчиген букадай болуп үйгө токтобой калат экен. Деги ошондойдон сактаса болгону. Оролчач сөздү андан ары улады:
-Менин баамымда аскерден жаңы келген айылдын наркы башындагы илгери колгоздун зоотехниги болуп иштеген, билесиңби, Сапар дегенди, ошонун баласы экен. Бул сөздү дагы такыр туура эмес айтканын Касым угуп таң берди. Анткени ал зоотехниктин баласы эки апта илгери эле шаардан аял алып келген. Калича чайдан ууртап:
- Билем, ал зоотехник Эсенбек менен далай иштешип калбадыбы. Үйгө дагы келип бир-эки жолу өз колумдан чай дагы ичип калды. Ошол кишинин баласы кыз боозутуп жаман жолго барыптырбы? Бетим ий, деги заман кайда баратат? Оролчач бошогон чыныны узатып:
- Ал эч нерсе эмес, тиги Кабылбайдын эрге тийген кызы кош кат кезинде эри менен ажырашып келип, эми атасынын төрүндө олтуруптур. Былтыр мектепти бүтүрдү беле. Баамымда сенин уулуң менен бир класста окуса керек эле? Калича башын ийкеп:
-Ооба, мен Замираны кантип тааныбай калайын. Ал жакшы кыз эмес беле. Шордуу кызга эмне болду экен? Тийген жери жакшы экен дешпеди беле? Касым дагы таң калды. Анткени ал кызга эртең менен эле жолуккан, күйөөсү менен төркүлөп келгенин. Бир апта күйөөсү командировкага кеткени жатканын, анан үйдө жалгыз олтурганча мында алып келди. Балким эртең эле кетип калышым ыктымал, кайын эжемдер конок тосмок, жардам бер деп чакырып жатат" деген эле. Эми минтип аны дагы кулак укпаган сөз менен ушактап, кайдагы сөздү айтканына Касым чыдабай кетти да, ички үйдөн чыгып, чай ичкени тасмал четине олтуруп жатып:
-Саламатсызбы - деп учурашкан болду. Оролчач кара күчкө жылмайып:
-Ай, сен үйдө белең? - деген болду. Касым куюлган чайга колун сунуп:
-Уктап кетиптирмин, кобур үндөн улам ойгонуп кеттим - деген болду. Бул сөздү уккан Оролчач калп күлүп:
-Кап, сенин уктап жатканыңды билгенде акырын сүйлөшпөйт белек, билгеним жок,- деген болду. Анткен менен уурусун карматкан адамдай көздөрүн тайсалдатып, өңү бузулуп, калпы кармалып кала тургансып жоошуй түштү. Бул абалын Касым туура түшүнүп, эч сөз сүйлөбөстөн, чай ууртап, өзүнүн шашмалыгына өкүнүп алды. Анткени биртике чыдап олтура турганда, дагы кандай сөздөрдү угат эле. Аңгыча эле ыңгайсыз учурдан чыгыш үчүн Оролчач:
-Калича, сен тиги Мансурдун дүкөнүнө бардыңбы? Эми укмуш кийимдер келиптир. Турцияда окуган кызы абдан жакшы чыгып бир жагынан окуганга жетишсе, бир жагынан бизнес кылганга өтүп жатыптыр. Сөз эми такыр башка нукка бурулуп, Оролчач бир чайнек чай түгөнгөнчө оозу тынган жок. Касым эбак эле сыртка чыгып кеткен "экөөнө жолтоо болбоюн" - деген ойдо.
Эртеси эртең мененки чайга олтурганда Касым апасына дагы күтүлбөгөн жерден:
- Апа, билесизби, ар бир адам өзүнүн деңгээлине жараша дос күтөт. Тээ илгери бир адам, баласын бир аксакалга ээрчитип келип сынатмак болгондо ал аксакал айтыптыр "мага балаңды эмес, жакын досун алып кел, мен балаңдын досун көрүп туруп, анан айтып берем, балаң кандай адам экенин" - деп. Кечээ тиги Оролчач эже сизге абдан катуу ушак айтты. Биринчиден Сапардын баласы эки апта эле илгери шаардан аял алып келген. Ал эми Айзаттын боюна бүтпөй эле, аны бир бала алакачканы жатканын угуп, бүгүн шаарга кеткени жаткан. Ал эми Замира күйөөсү менен ажырашпай эле, кечээ күйөөсү экөөнө жолуккам. Төркүнүнө учурашканы эле келишкенин кеп кылган. Оролчач эже эмне мынча калпты айтат. Бир чыны чайын бирөөнүн күнөөсүн көтөрүп ушактабай эле ичип кетпейби. Калича баласынан бул сөздү укканда кабагын түйүп:
-Аял киши сүйлөй берет, ага эмне көңүл бурасың! - деди эле Касым:
-Аял киши сүйлөй берет деп эле ушак, калп сөздөрдү уга бересизби. Сиздин адамдык деңгээлиңиз абдан төмөн турбайбы. Эгер сиз Оролчачтан уккан сөздөрдү башка адамга айткан болсоңуз, өзүңүз эле уят болосуз. Бул жашоодо калп сүйлөбөгөн адам гана тилегине жетет. Оролчач эже мен тиги үйдөн чыгып келгенде, кандай абалга кабылды. Бул булганычтын бир гана үзүмү. Билесизби, адам баласы токсон пайыз күнөөнү бир гана тилден табат. Ал эми он пайызын баскан кадамдан табышы мүмкүн. Калича уулунан уккан сөздөргө муюп "чын эле, эгер мен Оролчачтан уккандарымды кантип ичиме жашыра алат элем, бирөөнө айтсам, ал дагы бирөөнө айтмак дагы, жок эле дегенде Замиранын апасы мага таарынып калмак" - деп ойлогондо, оюн бузуп Касым:
-Апа, мен гана сизге күйөм. Сизди алигидей ушак сөздөн алыс болсун деген гана аруу тилек менен айттым. Баса, сиз кечээ айтыңыз го "үкүнүн уясын таап алган го" - деп. Ал сөзгө мен такыр түшүнө алганым жок. "Үкүнүн уясы" деген эмнени билдирет? - деди. Калича бул суроонун берилишин күтпөгөнгө тайсалдай түштү да:
-Анын сага кереги жок. Кийин өзүң баамдап аласың! Андан көрө малдын жеми түгөнүп бара жатат. Акча берейин, тиги уй сарайда иштеген бука баккан Шатмандан жем алып келбейсиңби. Кыштын каары жаман. Ушул суукта жем жебеген мал жазында көтөрүм болуп калат - деп, сөз өңүтүн башкага бурду. Касым башын ийкеп:
-Апа, ал жагынан кам санабаңыз. Кечинде эле эки мешок жем алып келип коём. Мен азыр түшкө чейин мектеп жакка барып келейинчи. Жазында аскерге барам да. Мектепте бир кагазым бар, балким күзгө калып каламбы, агайдан даанасын билип койсомбу дедим эле. Анткени менин прописноюмду Байтур агай таап койдум, алып кет деген. Калича уулунан алигидей сын уккандан бери эмнегедир тайсалдап, аз да болсо жоошуй түшкөнсүдү.
Касым ушул саам апасынын абалына аз да болсо туура баа берип, ал турсун ойлонтуп койгонуна ичинен кубанып алып, ордунан турду.
Ооба, убакыт деген баарын унуткарып, баарын теске салган кандайдыр бир белгисиз күч экенин ким тана алат. Касым баягы бойдон Аидага жолуга албай ичинен эзилип, кабагы ачылбай эки айга чукул убакытты издөө менен өткөрдү. Март айынын аягында аскерге чакыруу барагын алып, биринчи медициналык текшерүүгө барганда, чачын тасырайтып алып салды. Калпакты баса кийип, аскерге кетем деген сезим менен чогуу чакырылган балдар менен жүрүп үйгө токтобой да калды. Ал эми Калича уулунун амандыгын тиленип, аман-эсен кызматын өтөп келсе экен деп, басса-турса тилеп, баласын жанына бир карыш чыгаргысы келбей, ичинен бушайман болуп баштады. Эне үчүн бала кандай ыйык. ӨӨзгөчө жалгыз баланын эки жылга аскерге кетиши, эки жыл баласын көрбөгөн эле эне үчүн эмне деген учу түгөнбөгөн санаа. Касым экинчи жолу областык медициналык текшерүүдөн өткөндөн кийин, бешинчи майда кете туруучу кагазын алды. Ал кезде аскерге барбай калуу өзгөчө эркек бала үчүн чоң намыс эмес беле. Калпакты баса кийип, барматухадан сеп этип алган Касым ичине кирген алигиге өзүн баатыр сезип, Аида жашаган үйдүн жанына эч тартынбай барып эшикти какты. Ичтен кичине тестиер кыз чыкканда Касым:
-Аиданы чакырып койчу - деди эле, такылдаган кыз чаңкылдаган үнү менен:
-Аида эжем шаарда - деди. Касым таң калып:
-Качан келет? - деп, суроолу карады эле, тиги кыз:
-Каникулда келет. Сиз ким болосуз?-деди эле Касым жооп бергенге шашылбай:
-Келип калса бул катты өз колуна берип кой, эч кимге бербей - деп, бир бүктөм кагазды карматты да, артка бурулду.

#3 05 June 2014 - 23:19
* ****
Аида шаарга келип окуп калам деп деле ойлогон эмес. Күнгө ишемби болучу. Кечки автобус менен келген атасынын турмушка чыкпаган карындашы Керез келип калды. Ооба, Керез эжеси жакшы жерде иштейт. Апасынын боюнда кезде атасы каза болуп калып, ошол себептен ысмын Керез деп коюшкан. Бала энесинин боюнда калып эркек төрөлсө Белек, кыз төрөлсө Керез деп койгон улуу салтта бар эмеспи. Салттан алыс кетпей, кыз төрөлгөндө, атасынан керезге калды деген ырым менен коюлган. Азыр Керездин жашы отуз алтыда. Ушул кезге чейин эмнеге турмушка чыккан жок, ага жооп табуу кыйын. Анткен менен чоң окуу жайды жакшы окуп аспирантураны дагы бүтүргөн. Балким "окуу" деп жүрүп, турмушка чыкпай калган чыгар.
Кечки тамакка олтурганда, агасы менен жеңесине кайрылды:
-Байке, жеңе эгер туура көрсөңүздөр эртең менен Аиданы шаарга алып кетип, ал жактан мектепке берип койсомбу дедим эле. Анткени, жаш кезде билинбегени менен жалгыз жашаган мага барган сайын оор боло баштады. Ойго ар кандай нерселер келип, өзгөчө түнкүсүн уйкум качып, жалгызтыктын белгиси билинип жатат. Аида жанымда караан болсун. Мектеп дагы үйдүн жанында. Бул сөздү алгач эле Бердибек коштоп кетти:
-Мен бул сунушка каршы эмесмин. Анткени шаарда билим алуу албетте жакшы. Тилди дагы билип алат. Бул айтылган сөз менен Аида бир нерсени даана сезди. Анткени байкеси Касым менен жолугушуп жүргөнүнө каршы экенин дагы бир жолу ушул айткан сөзү менен билдирип алды. Ар кандай талаш-тартыштар болуп жатып, акыры Аида эжеси менен шаарга кетмей болду. Бирок, жаңы гана жүрөгүнөн байыр алган, тынчтык бербей ойго салган Касымга кетип жатканын билгизбей бара жатканына ичинен эзилип, өкүнүп алды. Эмне болгон күндө дагы көңүлгө тынчтык бербеген назик сезим, баары бир адам баласын ойго салат эмеспи. Бир жагынан шаарга жете албай жаткан Аидага жакшы болду. Элеттик ар бир баланыбы, кыздыбы таттуу кыялга батырган "шаар" -деген өзүнчө бир билинбеген дүйнө эмеспи. Адам баласы дайыма жаңы нерсени, башка жерди көргүзү келип, ага ашыгаары турулуу иш экенин жашырып болбойт.
Эртеси кечки автобус менен эжесин ээрчип шаарга жөнөгөн Аида, Касымдын карааны көрүнүп калабы деген изги ойдо, терезеден сыртты карады. Кайран гана жаш жүрөк, баары бир өзүнүн өкүмүнөн жазбайт белем. Айтып койгон оңой, бирок, сүйүүнүн туткунуна кабылган кандай азап. Эгер Аида, Касымга жолукпаган болсо, кылчактап артын карабайт эле. Сезим күчүнө кимдин алы жетиптир. Ал турсун ысмы тарыхта калган алп баатырлар дагы сүйүүнүн алдында алсыздык кылып келгени жалганбы. Бир оюндан башка нерсе оюнан кете элек жаш кыздын ууз сүйүүгө кабылып, жапа чеккен адамдай санаага батканы эле сүйүүнүн бийиктигинен белги берип турду го. Ооз учунан "сүйүү" - деп айтканыбыз менен анын билинбеген азабын тартуу чоң жоопкерчилик экенин сүйүү башына келген адам гана билет. Айылдан шаарга келгенге чейин бир гана Касым эсинен кетпей туруп алганы Аиданы абдан бушайманга салды. Жаңы гана аны менен ачылып сүйлөшүп, сөздүн кызуусуна келип, жарпы жазылып келе жатканда байкеси тоскоол болсо, эми минтип анын караанын көргөзбөй шаарга шашылыш алып кеткен эжесинин бул жоругу дагы кабагына кар жаадырды. Бул сүйүү деген неме адам баласына ар кандай жол менен келе турган нерсе экенине турмуш күбө. Жаш денеси жетилип, жаңы гана жигиттин кучагында эркелей турган учурунда, минтип ал жагымдуу нерседен куру калып, эли арбын, чоң шаарга сапар тартканы да бир жагынан ойго салды.
- Анткен менен шаарга тез эле үйүр алып, көнүп кетти. Окуусу дагы бир калыпка түшүп, жаңы кыздар менен таанышып, жаңы досторду күтүп, окуусу менен алек болгон Аида убакыт алга жылган сайын эмнегедир сүйүүнү унутуп бараткандай болду. Анткени, сабактан жетишип калуу үчүн болгон дитин сабакка арнап, эжеси Керездин койгон талаптарын толугу менен аткарып, аны менен насиптеш болгону, ой тилеги башка нукка бурулду. Кээде гана Касымды ойлоп калганы болбосо, башка учурда колунан китеп түшпөй, кумарга азгырылган адамдай, китептин азгыруусуна баш оту менен киришти. Ооба, кино менен китепдегидей жашоо болсо гана. Жашоо ойдогудай болбойт да. ӨӨзгөчө адабий китептерди окуганда, баарын эсинен чыгарып салып, китепти окуп бүтмөйүн жаны жай албай калды.
Адам баласы үчүн жашоодо баары болот жана болуп келген. Бири Аидадай болуп китептин фанаты болсо, башка бири спорттун же диндин ашкере күйөрманы болуп жашоо өз нугунда өтө берет тура. Бул эми жашоонун жазылбаган мыйзамы экени жалган эмес.
Аида 9-май күнү жеңиш майрамына карат айылдагы үйүнө келгенде, сиңдиси эч кимге билгизбей колуна бир барак бүктөлгөн кагаз берди. Бул Касымдын берип кеткен каты болучу. Катта мындай деп жазылган эле "Аида, мен 5-май күнү аскерге кетип жатам. Сенин карааның көздөн учту. Сенден сураныч, бир көрүнүп койчу, мени азапка салбай - Касым" - деген.
Бул кат колуна тийгенге чейин Касымга жолугуп калсам экен деген аруу тилек менен келген Аида катты окуганда, мойнунан бирөө муздак суу куюп жибергенсип шалдырап эле туруп калды. Чындап калыс алып караганда Аида, айылга керек болсо Касымга бир жолугуп, дайынымды билгизип койсом деген ой менен келген болучу. Эми кабагына кадимкидей кар жаап, өңү өзгөрүлө түштү. Колундагы жазылган ак баракты кармаган тейде бир топко туруп калды да, анан өзүн колго алып, ички үйдөн сыртка чыкты. Ооба, шаардан жаңы келгенде элет жери көзгө бир башкача көрүнүп калат эмеспи. Аидага айылы райондун борбору болсо дагы, абдан бир башкача көрүнүп, такыр башка дүйнөгө түшүп калгандай болду. Касымдын жазган катын окуганы дароо эле кайра шаарга кеткиси келип, ээн талаада жалгыз калган адамдай, ээнсирей түштү. Бул эми дегдеп келгендеги ойдун ишке ашпай калгандагы бир элеси экенин жашырып болбойт.
Эртеси эртең менен эч жаман нерсе оюнда жок сууга келсе, бир бала келип колуна дагы кат карматты. Аида бул кат Касымдан экенин билип, дароо кабагы ачыла түштү. Табышмактуу нерсенин түйүнүн табуу албетте адам баласы үчүн кызык эмеспи. Сууну үйгө көтөрүп келгенче болгон ой максаты катта эмне деген сөздөр жазылганында болду. Качан гана эки чака сууну ордуна койгондо, шашыла басып өзүнүн бөлмөсүнө кирди да, катты ачып окуганга киришти. Көзгө тааныш кол жазманы көзү чалганда эле жүрөгү бир башкача согуп, денесин майда калтырак басып кетти. Аттиң, көрсө бул дүйнөдө билинбегени менен адам баласын сүйүнтө турган көп нерселер болот белем. Бирок, аны эч ким этибарга албай келет. Катта мындай деп жазылыптыр
"Аида, мен, сенин карааныңды бир көргөнгө зар болуп, эки жылга алыска өз милтетимди өтөгөнү кетип бара жатам. Сенин айтпай-дебей шаарга кеткениңе мен туура түшүнөм. Эми сага мен жазган катты ушул бала берип турат. Колуңдан келсе шаардагы дерегиңди билгизип, мага кат жаз. Мени, сенин жазган катың гана шердентип, шыгыма-шык кошот. Ал жагын эсиңден чыгара көрбө. Кат жаз, жооп күтөм Касым" - деген сөздөрдү миң кайталап окуп, кабагы ачыла түштү. Жылуу жана жакшы маанайда айтылган сөз адамды кандай кубантат. Аида жөн эле Касымдын өзү менен сүйлөшкөнсүп, жазгы күнкү жадырап тийген күндүн нурундай кабагы ачылып, жамалы жайнай түштү. Негизи адам баласына кабак ачык жүргөн, жаркылдап күлгөнү, жаңы ачылган гүлдүн элесин берип, кандай көзгө жакшы көрүнөт. Аида тим эле кызылы-кызыл, агы-ак болуп жүзү албырып чыкты. Бул да болсо жүрөк менен берилген сүйүүнүн бир гана кичиней үзүмү экени анык.
Эки күн айылда болгон Аида шаарга келген күнү кечинде, эмнегедир Керез эжеси менен абдан чечилип сүйлөштү. "Сөздү учурунда айтпаса атасы өлөт" - дегендей, учуру келдиби ким билет, Керез эмнегедир бир кезде башына келген сүйүү тууралуу абдан жакшы маанайда. берилип айтып берип баштады. Ооба, иштин дагы бүтө турган учуру бардай эле катылган сырдын дагы жарыкка чыга турган кези болот белем, Керез эмне болуп чечилип сүйлөдү ким билет. Балким, ишинен ойго келбеген акча алгангабы же начальнигинен ыраазы сөз уккангабы, кабагы абдан ачык болучу. Андан дагы Аида айылдан базарлыкты очойто алып келип, муздаткыч семиз койдун этине толуп, Керез секелек кезинен жакшы көрүп жеген сүзмө дагы келип кабагын ачтыбы ким билет. Негизи эле бул күн Керез үчүн абдан жакшы, жолдуу күн болду. Балким ушул дагы себеп болдубу аны так айтып болбойт, эч кимге айтпаган сырын эмне себептен сиңдисине төгүп салды, өзү дагы билбейт.
Стол үстүндө бышкан эт, сүзмө, сары май, каймак жана башка тамактын түрү жайнайт. Бал менен чай ичип олтурган эже-сиңди узун сөзгө киришти. Керез өткөндү эстеп:
-Аида, мен учурунда абдан туура эмес кылган экенмин. Байкемден жазганып жүрүп, айылдан чынын айтсам балдар менен такыр сүйлөшкөн жокмун. Мен дагы адам баласы болгондон кийин, менде дагы согуп турган жүрөк бар. Демек жүрөк согуп тургандан кийин, жубун издеген аккуудай, менин дагы жүрөгүм бирөө деп согуп, түнү уйку качып, күндүз оюмдун баары ага арналган. Ал бала менин артымдан көлөкөдөй ээрчисе дагы менин мокок мүнөзүм, калыптанып калган кыял-жоругум, сөзгө чоркоктугум ал баладан кол үзгөнгө түрткү берди. Мага чала болот. Азыр мына жашым кыркка жакындап калды, эми мени ким карайт. Ажырашкан же аялы каза болгон эле эркектер карабаса, башка мени карай турган бойдок жан деле калбай калса керек. "Кырк жашта жигит кыз жандайт, кырктагы кызды ким карайт" - дегендей, ургаачы жандын жолу кууш келет белем. Эгер эркек болсом ушул жашымда деле үйлөнүп алат элем го, каалаган кызга. Жаш өткөн сайын адам эч кимди жактыра бербей дагы калат экен. Анткени адамдардын жаман сапаттары көзгө көрүнө берген учур келгенби, ким билет.
Менин жүрөгүмө бүлүк салган Бакас менен экинчи курстан таанышкам. Ал бала алдыңкы студент болучу. Бирок, параллель группада окуп, аны көп кыздар жакшы көрчү. Бакас экөөбүз студенттик иштер менен көп жолугуп, көп иштерди бүтүрчү элек. Стенд газетаны чыгарган дагы экөөбүз болчубуз.
Бир күнү ал мага жакшы көрүп карганын кыйытып айтты. Бирок мен анын сөзүн укмаксан болуп койдум. Дагы бир жолу байкатпай менин бетимден өөп калды эле, ошондон кийин андан боюмду алыс тутуп калдым. Анткен менен жүрөк аны каалап турганын жашырганга аракетим, күчүм жетпегендей болду. Кээде Бакасты бир күн көрбөй калсам туттугуп, аба жетишпегенсип кетчүмүн. Анын келбетин көргөндө гана өзүмө келип, өз ишим менен алек болчумун. Ал кезде жигиттин алдына чыгып "мен, сени сүйөм" - деп айтуу болгон эмес. Ал турсун балдар дагы сүйүүсүн сөз менен эмес, көз караш жана кыймыл аракети, баскан-турганы менен билгизчү. Ооба, ал кездерде ичкен-жеген, жасаган иш, сүйлөгөн сөз баары таза болучу. Азыр булганып бара жаткандай. Кечинде шаардын четине чыксаң, кара булут шаарды каптап турат. Бул экологиянын бузулганынан белги берет. Калп айтуу дагы кандайдыр бир деңгээлде өсүп баратат. Бүгүн эртең менен ишке бара жатсам, аялдамада эки жаш кучакташып туруптур. Менин көзүмө абдан өөн учурады. Андай көзгө жат көрүнүштөр, кыргыз элинин менталитетине жараша бербейт. Кимдин оозунан биринчи жолу "сени сүйөм" - деген сөз чыкса демек анын сүйүүсү алсыз. "Сүйөм" - деген сөз ооздон чыкканга чейин сүйүүнүн күчү болот, ошол бир ооз сөз ооздон чыккандан кийин болду, сүйүү күчүн кетире баштайт. Бакас, мени кандай берилип сүйсө дагы, анын оозунан сүйүү туралуу сөз чыккан жок.
Бир күнү мен Бакасты бир кыз менен кетип бара жатканын көрүп көзүм тунарып, башым айланып кетти. Ошондо мен биринчи жолу Бакасты кызгандым. Эртеси күнү жолукканда эле биринчи берген суроом бул болду "кечээ сени менен кетип бара жаткан кыз ким?" -десем, Бакас мага күлө карап:
-Бөлөм, жаңы келди окууга тапшырганы. Ал шаарды жакшы билбейт, дагы бир апта аны ээрчитип жүрөм го. Таяжем мага тапшырып кетти - дегенде гана мен өзүмө келип, үшүкүрүнүп алдым да, ишим менен алаксып кеттим. Эх, ошондо эле сөз удулу келгенде айтып салсам эмне "сени ал кыздан абдан кызгандым" - деп. Канчалык мен Бакасты берилип сүйүп турсам дагы, ага колумду карматкан жокмун. Бул эми кыз балага таандык сыпаалык, бирок кийин корунуп жүрүп мен Бакастан кол жуудум. Анткени ал бешинчи курсту аятап жатканда мага келип айтты "үйдөгүлөр үйлөн деп жатышат" - деп. Жаман нерсе оюмда жок:
-Анда үйлөнө бербейсиңби? - десем, мени бир башкача көз караш менен карап:
-Керез, мен бир гана сени жакшы көрөм, башка кыздын мага кереги жок - деп айтты да жанымдан кетип калды.
Ошондо мен дагы бир жолу калпыс сүйлөп, жашоомдон жаңылыптырмын. Жаман оюмда "мени сүйсө, демек мага гана үйлөнөт" - деп ойлоптурмун. Мен окууну кызыл диплом менен аяктап, аспирантурада калганымды укканда Бакас, жаныма басып келип мени бир башкача көз караш менен тилиге карап:
- Керез, сен эмне мынча катуусуң? Мен, сенин артыңдан беш жыл көлөкөдөй гана ээрчидим. Акыры көзүм жетти, сенин жүрөгүңдү жибите албасыма. Эми мен жакында башка кызга үйлөнгөнү калдым. Сени эч качан эсимден чыгарбайм! Жакшы кал! - деп, башка сөз укпастан жанымдан кетип калды. Ошондо, менин жүрөгүм эңшерилип, ээн талаада жалгыз калган ботодой болуп жанымдан шамал ыркырагансып, шуулдап жатты. Артынан чуркап барып токтотсом деле болмок, ага менин куру намысым жол бербеди.
Бакас башка кызга үйлөнгөнү менен аны менен бактылуу жашап кетпептир. Кийин арадан төрт жыл өткөндө жолуксам, мага айтты "Керез, дале сени сүйөм, келинчегим менен сени элестетип жашап жатам, эки баламдын кадыры үчүн гана" - деди. Бул сөздү укканда менин көзүмө жаш келип, Бакасты аяп кеттим. Мен деле аны ойлоп, канча жолу көзүмдөн жаш акты.
Андан кийин деле көзгө толумду балдар сөз айтып тийишти, бирок мени иш менен окуу алаксытып, акыры минтип баарынан куру калып, төрт дубалды карап жалгыз калдым. Эгер учурунда турмушка чыгып койгонумда, үйүм ээн болбой азыр бака-шака болуп, балдарымдын түйшүгү менен алаксып, жашоом башкача болот беле ким билет. Көрсө "бакыт" деген бул жашоодо, бала үчүн түйшүк тартуу экен. Биз ата-эненин милдетинен бала багып кутулат окшойбуз. Анткени алар бизди кантип багып өстүрсө, алардын жолун улап бала баккандын өзү бул билинбегени менен чоң бакыт белем. Мен болсо, уяңдыктын жана өзүмчүлдүктүн айынан минтип ар кимди чанып жүрүп, акыры жалгыз калдым. Сен колуңдан келсе, көңүлүңө жаккан бала болсо кол кармашып кеткениң эле оң. Менин бере турган сунушум ушул. Кийин жаш өткөндө деле киши жакпай калат экен. Жаш кезде жүрөк күйүп турган учурда адамдын жаман сапатын деле көзүң чалбайт. Билесиңби, жаш кезде адам баласынын оюу тунук болуп, ушак сөздөрдү капарыңа алып, укпайсың. Ал эми жаш өйдөлөгөндө өзгөчө аял заты бирөөлөрдү ушактап , күнөө издеп эле калат белем... Мен жакында өзүмдөн беш жашка улуу бир киши менен таанышсам, чогуу иштеген эжелер эле аны жамандап жатышып, мени андан алыстатып салышты. Ал байке абдан жакшы киши болучу. Менден жаш кызга үйлөнүп алып, учурда жакшынакай эле жашап жатат. Бул эми буйрубагандык да. Айткандай сен өзүңдүн келечегиң үчүн өзүң гана күрөшүп, жакшы жашаганга аракет кыл! Бул айтылган сөз Аидага "байкеңден уялба, көңүлүңдөн түнөк тапкан баланы колуңдан чыгарба" деп айткандай сезилип кетти. Чечилип сүйлөгөн Керез, ичиндеги бугун чыгарып айтып алгангабы, айтор абдан жеңилдей түштү. Ооба, өзгөчө аял заты сөз менен же болбосо көз жашы менен ичиндеги терс энергиядан кутулат эмеспи. Ойлоп көрсө Керездин сырдаша турган деле курбусу жок экен. Жаш кездеги чогуу окуган кыздары баары үй-жай күткөндөн кийин, өздөрүнөн-өздөрү алыстап кетишкен. Эми минтип жалгыз калган кезинде, көптөн бери ичине катылган сырды өзүнөн кыйла жаш кичүү сиңдисине айтып жеңилдеп алганы менен, жакындан бери көз кысып тийишип жүргөн Азимбек Кыдыровичти көз алдына элестетип алып, мыйыгынан жылмайып алды. Бул жалган дүйнөдө адам баласы кээде жылуу сөзгө, жакшы мамилеге дагы муктаж болуп каларына турмуш өзү күбө. Эки жолу Азимбек Кыдырович ыгын келтирип көзүн кысканы Керездин үмүтүн жандырып, өзүнө бирөө ашык болуп жүргөнү үчүн, бактылуу сезип кетти. Бир жагынан карасак, бир адамды сүйдүрүп, өзүң жөнүндө ойлонтконуң дагы өзүнчө бир бакыттын бир кесими белем. Анткени, ар бир адам өзүнө карата ою таза адамдын бар болгонун билсе, сөзсүз түрдө жаман ойдон алаксып, жүрөгү жакшы нерседен үмүттөнөт эмеспи. Керез дагы аппак денесине куп жарашкан ич кийимин кийип, жаздыгы жалгыз, диван кроватына келип жатты да, Азимбек жөнүндө ойлоп койду. Аттиң, аял заты кандай гана ишенчээк жана таттуу кыялга бат жетеленет. Эгер баары кыялдангандай боло берсе, болгон аялдар бактылуу жашашпайт беле. Анткени баардык жагынан алып караганда аял заты болгон жакшы нерселерди, чоң үмүттү бир гана эркектерден үмүт кылып күтөт эмеспи. Ал эми аялдардын аруу тилектерин баардык эле эркектер биле бербейт. Бул эми "беш кол тең эмес" - деп айтылган улуу сөздүн турмуштан алынганынан белги берип турбайбы. Ооба, турмуштун өзү ичине канча философияны камтып турат. Тээ илгертен бери акылмандар улуу сөздөрдү албетте, турмуштан алып айтышканы баарыбызга маалым. Керез таттуу кыялга жетеленип, түн бир оокумуна чейин уктай албай жатып, анан көзү илинип кетти. Ал эми Аида, эжесинин аянычтуу тагдырына өзүнчө талдоо жүргүзүп, чечкиндүү болууну ичинен ойлоп койду. Буга албетте эжесинин сабак болсун деген таризде айткан сөздөрү дем берди.
************
Касым алыскы Украинанын Житомир шаарында эки жылдык кызматын өтөдү. Айтканга жеңил болгону менен эки жыл көп убакытты ичине камтыйт. Аскерге барган балдар 730 күн, ал турсун сааты, мүнөтүнөн бери эсептеп, күн санап кызмат өтөп, эки жылдын ичинде кадыресе салабат күтүп, аскердик тартипке көнүп, жашоонун баркын билип келет. Анткени атам тааныбаган башка улуттун баласы менен бир казандан тамак жеп, бирге жүрүп, көп нерсени үйрөнүп келгени эле аскерден келген баланын башынан көп нерсе өткөнүн билгизип койчу. Касым, боюна жарашыктуу аскер формасы менен алгач Фрунзеге келип түшкөндө, көзү менен көпчүлүктүн арасынан эң алгач эле издегени Аида болду. Анан эмне кылат, үмүт деген неме ар дайым ички сезимде жашап келет эмеспи. Эки жыл бою элестетип келбеди беле, шаардан Аидага жолугуп сүйлөшкөнүн. Топ кыздарды көрсө эле алардын арасынан караганы көзгө тааныш Аиданын элеси. Бирок, Аида көзүнө чалына койгон жок. Үч күн шаарды аралады. Алыскы чоң шаарларга караганда Фрунзе көзүнө кичинекей эле шаардай көрүнгөнү менен бак-шакка бай экенин байкады. Таза кийинген бой келбетине жарашкан аскердик формасы Касымга куп жарашып, өзгөчө кыздардын көзүн өзүнө бурду. Канчалаган сулуу кыздар менен таанышса дагы баары Аидачалык көңүлүн көтөрө албады. Үчүнчү күнү гана автобекетке келип, автобус менен айылын көздөй сапар алды.
Эки жыл күткөнүнөн дагы келет деген акыркы күндөрү Каличанын шаштысы кетип, жол караганы көбөйдү. Уулу менен кеткен балдардын алды эбак келген. Ал эми Касымдан али дайын жок. Жол караган эненин эмгегин элестетип көрөлү. Түн уйкусу качып, кичине эле дабыш чыкса уулу түнү менен келип калчудай сыртка чыгып караганы канча жолу кайталанды. Баарынан дагы жалгыз уулун күткөн эненин абалын жазганга сөз жетпейт го. Илгери согушка кеткен уулун күткөндөй таң эртеден, кеч күүгүмгө чейин жол караган, март айынын аягында Устиновдун чыгарган буйруганан бери адатка айланган. Ооба, марттын жыйырма жетисинде "аскердик милдетин өтөп бүткөндөр бошотулуп, он сегизге чыккан уландар аскерге алынсын" - деген буйрук чыккан газетаны Калича али күнчө колуна кармап, катып жүрөт. Ушул эле эненин улуулугу, балага карата болгон таза ойдун изгининен белги берип туру го.
Кечинде автобус келе турган учурда жол карап турган Калича бир нерсеге алаксып үйгө кирип кеттип, мына сыртка чыкканча тестиер бала чуркап келип эшиктен кирип келе жатып эле катуу кыйкырды:
-Калича апа, сүйүнчү! - дегенде, байкуш эне уккан кулагына ишене албай эле далдырап туруп, көзү бир жерди тиктеп токтоп калды. Ушул сөздү "качан угам" деп күтпөдү беле. Эми минтип күтүүнүн дагы чегине жетип, уккан кулагына ишене бербей, бир орундан жылбай туруп калганда, алиги бала колунан тартып:
-Апа, Касым байкем келди! - дегенде гана эч сөзгө келбей калдастап чуркап сыртка чыкты. Ушул саам көзүнө айлана чөйрө болуп көрбөгөндөй бир укмуш кооз көрүнүп, жашоо кызык сезилип кетти. Карегине келген жашты аарчыганга дарманы жетпей, жолдо келе жаткан аскер киймин кийген уулун көзү чалганда башы айланып, көзү туманданып кетти. Аз жерден бутун жаза басып алып жыгылып кете дагы жаздады. Андайда кадам алдыга жылбай дагы калат эмеспи. Көзү уулунда, бир нерсе сүйлөсө үнү өзүнө гана угулуп, ээлирген адамдай алдыга чуркап келе жатты. Бул эми сүйүнүчтүн белгиси эле. Эки жыл жалгыз жашап, күндө кечинде жаздыкка башын койгондо, уулунун амандыгын тилеген эненин тарткан санаасын, чеккен азабын, тилеген тилегин, карманган ырымын, уйкусу качып уктай албай чыккан күндөрүн, уулуна жалынып жазган каттарын эске алсак, сөз жетпеген эмгектин белгисинен белги берип, ат көтөргүз жүк билинип турбайбы. Ушул себептен "бейиш энелердин таман алдында" - деп бекер жерден айтылбаса керек. Ооба, баардык эле энелер бала үчүн кандай гана азаптарга чыдап, баардык кыйынчылыктарды көтөрүп келгенине жашоо өзү күбө. Бирок, энелердин эмгектери дайыма эле кайтып, актала бербейт. Кайсы эле эне "балам чылым чегип, ачкыл суу ичсин" деп тилейт. Чылым чеккен ден-соолукту алат, ал эми ичкилик ичүү адамдын адамдык касиетине доо кетирип, санаага салат эмеспи. Бирок, азгырык не бир түркүн жол менен адам баласын азгырып келет. Канчалаган энелер баласы балалуу болсо дагы, баласынын азабын тартып, жүгүн көтөрүп келе жатканы кылымдан- кылымга кайталанып келе жаткан адат экенин ким тана алат. Бул эми энелердин жүрөгү бала үчүн согорунан белги берип турбайбы.
Калича уулунун алдынан кудум жаш баладай чуркап чыкканы менен буттары тушалып калгансып, оруданан жылбай калгандай сезилди. Эх, эки жыл күткөнү бир тең, уулуна жетип кучагына кызууга ашыкканы бир тең болду го. Ан сайын буттары чалыштап, аралык алыстап кеткенсип, алыстан эле алдыга колун сунуп, көзүнө келген сүйүнүчтүн жашын аарчыганга дарманы жетпей, жол көрүнбөй калды, карекке толгон туманданган жаштан. Бул учурда бүгүнкү сапарым карыды дегенсип күн уясына кылкылдап батып бара жаткан болучу. Кечки пейзаж дагы өзүнчө бир кооздукту тартуулап, жашоого көрк берип тургансыды. Ооба, бүгүн кечке Калича бир орунга олтура албай, жүрөгү бир нерсени сезгенсип, үмүт менен улум-улам жол караган. Түнү түшүнө дагы уулу кирип, колунан кармап жатканда ойгонуп кетип, таң эрте тилек кылган "түшүм төп келип, уулум аман-эсен келсин"- деп жүзүнө алаканын тарткан. Андан дагы түш ченде Касымдын бир классташы эки күн мурда аскерден келгенин айтып, учурашып кеткен эле. Аны көргөндө "менин уулум дагы ушундай болуп келип, көзүмө көрүнгөн күн болот болду бекен"-деп тилегинчи. Колун сунуп, калдаңдап шашып келе жаткан апасынын караанын көргөндө эле Касым анын энелик мээримин, кусага баткан келбетин, чектен сырт өзүн сагынганын, колун сунуп келе жаткан абалын өз көзү менен көрүп, өзүн ичинен жаман көрүп кетти " Кап, шаарга келгенде эле, үйгө түз келе берсем эмне. Апамдан дагы мага "сүйүү" биринчи орунга турабы" - деп ойлоду да, кадамын тез таштап алдыга умтулду. Кайран эне ай, анан кантет. Уулуна жеткенче тим эле жаны чыгып кете жаздады го. Көрсө эненин балага болгон сүйүүсүнө, жасаган эмгегине, көргөн камылгасына эч нерсени салыштырып болбойт экен го. Касым качан гана алдыга умтулуп, жыгылып кете жаздаган апасына жетип кармап калганда кайран эне уулуна боюн таштап эле, күч менен улутунуп алып, бекем кучактаган бойдон кучагын жазбай бир топко туруп калды. Бул эки жыл күткөндөгү эненин эмгегинин кайтканы болучу. Касым ушул жерден тээ илгерки согуштан келген жоокерди элестетип жиберди. Ал кезде жоокерлер атылган октун арасында кан кечип согушуп жүрүп аман келгенде, эне кандай кабыл алчу эле. Ал эми эки жылдык кызмат өтөгөн бул согушка барып келгенге караганда алда канча жеңил нерсе эмеспи. Ошонтсе дагы баары бир аскерден келген бул чоң жоопкерчиликтүү иш экени, адамдардын аң сезимине терең орноп калган. Тынчтык мезгил болгон күндө дагы кээ бир аскерге кеткен балдардын жаны жок келген учурлар болуп калчу. Ошол себептен аскерге баруу жана кызмат өтөп келүү ар бир эркек уулдун милдети болуп калган. Бир кезде гана Касым апасынын кучагынан бошоп, тегеректеп калган кошуналар менен учурашты. Эх, билинбегени менен аскерде кызмат өтөп келген адам кандай барктуу экенин Касым ушул саам билди. Бой келбетине жарашыктуу кийинген аскер уулуна көзү тойбой караган Калича уулунун өзгөрүлүп калганын байкады. Ал эми Касымга апасы эки жылда эле картая түшкөндөй көрүнүп кетти. Ошол күнү эле Калича бир улакты садага чаап, сүйүнчүлөгөн балага Лениндин сүйрөтү бар акчадан бирди карматты. Касым улам учурашып келгендер менен алаксып жатып, түн ортосунда гана апасына жакшылап көңүл бурду. Эне-бала тээ бир топко чейин сөздөрү түгөнбөй сүйлөшүп олтурушту. Бул эми эки жылдагы кусага баткан сагынычтын белгиси болучу.
Алыста жүрүп, көзү такыр башка чөйрөгө көнө түшкөн Касым үчүн айылы, жашаган үйү, короодогу мал, деги эле айлана-чөйрө башка дүйнөгө түшүп калгандай элес берди. Кээде гана тили көнүп калган орус тили менен сүйлөгөнү болбосо, эне тилде сүйлөгөнгө араткети күч болду. Ооба, чынында эле бир жарым жыл такыр кыргыз улутун көргөнгө зар болгон. Жалгыз кыргыз болуп кызмат өтөдү. Ошол себептенби, тили кичине бурула түшүптүр. Таңга жуук гана уйкуга баш коюшту эне-бала.
Эки күн эптеп чыдаган Касым, кечке жуук көзгө тааныш көчөнү көздөй кадамын жай таштап келип, баягы жашыл дарбазанын жанына келгенде, эмнегедир көзүнө дарбаза кооз көрүнүп кетти. Анткени, жүрөгүнө тынчтык бербеген, жанын жай алдырбаган улуу-кичүүгө, кары-жашка бирдей келген сүйүүнүн деми ушул көчөгө жетелеп келбедиби. Болбосо бул жакка келмек дагы эмес. Көзүнө жашыл дарбаза, баягы Аида менен жолугушкан чоң бак ушундай бир сүйкүмдүү көрүнүп, эки жыл илгерки окуя эсине келди. Бир кезде дарбазадан жашы улгайып калган аял заты чыкканда шашып калган Касым учурашып жиберди. Аскер формасын али чече элек, Касым Айгүмүш эненин көзүнө тааныштай сезилип кетип, берилген саламды алик алган соң, сөз улады:
-Балам, аскерден жаңы келген түрүң бар, кызматыңды жакшы өтөп келдиңби? - деп кеп учугун улап калды. Касым, тиги аялдан мындай жылуу мамилени күтпөгөндүктөн азыраак калдастай түшүп, башын ийкеп жооп берди да. Дароо бул аял Аиданын энеси экенин баамдап билип, өзүн колго алды дагы:
-Ооба, апа, кызматты жакшы өтөп келдик, өзүңүздөр кандай жатасыздар? - деген болду. Айгүмүш аскердик формачан Касымды көргөндө эле бир кездеги өзүнүн жаш кезин эстеп кетти. Жолдошу Бооке дагы жаңы аскерден келгенде кудум Касымдай болуп келип учурашпады беле. Бир нерсени эстегенге дагы эсте калган нерсе же болбосо көзгө урунган кийим же буюм себеп болот белем, көзү тойбой карап:
-Балам, кайсы жерде кызмат өтөдүң? - деди, сөзгө тартып. Касым тиги аял менен сүйлөшкүсү келип:
-Украинанын Житомир деген шаарында болдум. Ракетний воискада - деди. Айгүмүш кызыгуусу арта:
-Ал жерде илгери согуш болгон эмеспи. Германдар болгон украина менен беларустардын жерин басып алышкан. Согуш көргөн элдин жеринде болгон турбайсыңбы. Эң негизгиси аман-эсен келиптирсиң. Кимдин уулу болосуң? Бул айылдын теңинен көбүн тааныйм! - деди эле, Касым эмнегедир атасынын атын кысынып жатып айтты:
-Эсенбектин! - деди, кыска сүйлөп. Айгүмүш бүшүркөп:
- Кайсы Эсенбектин? - деди эле Касым:
-Айылдын наркы башындагы, Келдибектин уулу Эсенбекти тааныйсызбы? -деп суроолуу караганда Айгүмүш кабагын чытып:
-Тааныйм, тааныбай кантип калайын! Чоң атаң Келдибек абдан жакшы киши болгон. Атаң Эсенбек менин билишимде каза болуп калды беле? Касым башын ийкеп:
-Ооба - деп кыска жооп берген болду. Айгүмүш көп жактыра бербей:
-Жетим жетилет деген ушул. Атаң өлө турган адам эмес эле. Ажалынын жеткени эмеспи. Апаң Калича кандай жүрөт? - деди.
-Апам жакшы эле - деген болду. Айгүмүш бир сөз айтайын деп оозун камдап баратып, кайра айта албай калды. Аңгыча эле чагылгандын жарыгындай айланага көрк берип, дарбазадан эки жыл караанына зар болгон Аида чыгып калды.

#4 05 June 2014 - 23:20
**********
Жашыл түскө боёлгон шаардын кооздугу өзгөчө жаз мезгилинде абдан көзгө көрктүү көрүнүп, адам баласын таттуу кыялга жетелейт эмеспи. Ошол себептен жаз баам салып караган кишиге, жашоого жаңы дем берээри анык. Боюна жарашыктуу ак көйнөгүн кийген, өз жашынан алда канча жаш көрүнгөн Керез айланага көрк кошуп, такасы бийик бут кийминен тыкылдаган үнү кулакка жагымдуулук тартуулап, Россия кино театырынын жанынан өтүп бара жатканда, алдын тороп токтотуп, кара тору, орто бойлуу бала:
-Чоң кыз, Ала-Тоо кино театырына кандай барса болот? - деп сурап калды. Бир караган кишиге жылдыздуу көрүнгөн бул бала, чынында эле Керездин көңүлүн өзүнө бурду. Керез сыпаа, булактын үнүндөй шыңгыр үнүн жасап, жөтөлүп алып:
-Мени ээрчисеңиз таап аласыз, жолубуз бирге экен - деди. Ушул эле сөз керек белем Эрмат кабагы ачык:
-Анда абдан жашы болбодубу. Алыс эмеспи? - деген болду. Керез мыйыгынан жылмайып:
-Алыс болсо мен жөө баспайт элем. Ашып кетсе он мүнөттө барып калабыз-деп кызылы-кызыл, агы-ак дидарына көрк кошуп, жагымдуу жылмайып койду. Сулуунун бул кылыгы өзүнө абдан жарашып, көркүнө чыга түшүп, сүрдүү көрүнүп кетти эле, Эрмат көзүн жалтактатып, ылайыктуу сөз айта албай оозун жалжайтып күлгөн болду да:
-Адашып калдым. Көрсө мага "Россия" дебей "Ала-Тоо" деп айтканын эми эстебедимби - деди эле Керез белгисиз бирөөнөн жанындагы бей тааныш баланы кысканып:
- Эмне сүйлөшкөн кызыңыз күтүп жатабы? - деди. Эрмат жаш баладай башын тырмап:
-Кайдагы кыз. Классташ балдар жолукмакбыз. Менин азыр сүйлөшкөн деле кызым жок, теңтуш балдар бир кыз менен тааныштырмак. Колуктум менен ажырашып кеттим. Экөөбүз беш жылдан ашык убакыт жашап, балалуу боло албаган соң, менин тилимди албай келинчегим кетип калды "сен дагы балалуу болушуң керек, мен сенин тагдырыңды бузуп, жолуңду кармагым келбейт" - деп. Бул сөздү укканда Керез чукул жерден ойлоно калды "чын эле кыз бала турмушка чыкканда төрөбөгөнү дагы бир балээнин башын козгойт турбайбы" - деп. Ооба, чын эле кыз баланын турмушка чыкканда төрөбөй калаарын алдына ала ким билет. Керез карадалы болуп, олтуруп калганы чын. Ушул жашка чыкканы ушул ой, оюна келбептир. Эми дагы бир санааны башына үйдү "турмушка чыгып калсам, этегим канап, бала төрөп, эне болсом экен" - деген ойго алаксыгын Керез, Эрматтын акыркы айткан сөзүн укпай дагы калды. Кээде сөздүн күчү кандай гана санаага салат. Керез мыйыгынан бетиндеги чуңкурчаны көргөзө күлүп:
-Эмне дедиңиз? - деди эле Эрмат адатынча чачын кармалап:
-Баятан бери көп эле сөздүн башын айттым. Сиз такыр эле уккан эмес турбайсызбы! Эгер мен кечигип калып, тигилерди таппай калсам, мени менен киного кирип чыкпайсызбы? - деп, өз оюн айтып, суроолуу карады, илгери үмүт менен. Керез эмне деп жооп берээрин билбей, тайсалдай түштү да, бир топко ойлонгондой алдыга кадам таштады. Бир жагынан биринчи көз караштан эле көңүлүнө жаккан баланы колдон чыгарбоону дагы ойлоду. Ушул жерден өзүнө тийише калып жүргөн Азимбек менен Эрматты салыштырганга дагы алеки саата үлгүрдү. Азимбек өзүнөн кыйла жашка улуу, андан дагы анын бойго жеткен кыздары жана балдары да бар. Анын чедирейген курсагы такыр эле жакпайт. Анткен менен жүрөгү таза жана сүйүүсүн айта албай кыйналып жүргөнүн аяп келет. Кадамдар алга жылып, Ала-Тоо кино театырына жакындаган сайын экөө тең ичтеринен тымызын жолдун узак болушун тилеп, бири-биринен ажырагысы келбей келе жатканын барган сайын сөздөрү түгөнбөй, басыктары жайлаганы эле билгизип турду. Атаганат эгер экөөнүн оюна койсо, түн киргенге карабай басып жүрө беришет беле, ким билет... Бир кезде Эрмат чечкиндүүлүк кылып:
-Керез, макул көрсөң кайра артка басып, бир жерге кирип тамактанып албайлыбы. Эмнегедир эле сага жолукканы жаныңдан кетким келбей, кандайдыр бир күч менин аң сезимиди бийлеп алды. Керез ушул сөздү укканда чынында эле сүйүнүп кетти. Бирок сыр бербестен:
-Анда сизди күткөндөргө уят болуп каласыз да. Мен калп айткан адамды жактыра бербейм. Убада бергенден кийин сөзгө турган, жигиттик жогорку сапатка жатат эмеспи. Эгер сиз макул көрсөңүз мен, сизди китепканадан күтүп турайын. Сиз барып теңтуштарыңызга жолугуп келиңиз. Балким алар тапкан кыз жагып калаар. Мен сизди китепканада туура жарым гана саат күтөм, андан кийин өз жолум менен кете берем. Бул айтылган сөз менен Эрмат бир сырды байкады. Атаганат, баары бир жүрөк сезет эмеспи. Эч ким эч качан жүрөк эмнени сезгенин алдай албагандай эле, Керездин дагы көңүлү өзүнө бурулуп калганын дароо сезген Эрмат, бул айтылган сунушту туура көрүп, калдастап калды. Ал кезде азыркы кездегидей уюлдук телефон болгондо эмне. Эрмат сүйүнгөнүнөн элжиреп кетти да:
-Баса алиги сиз бара турган китепкана кайсы жерде, мен шаарды жакшы билбейм. Мүмкүн болсо сиз менен барып китепкананы көрүп алайын. Керез шашып, калдастап калган Эрматтын жоругуна күлкүсү келип кетти. Бир жагынан анын жанынан кетиргиси келбей, башын ийкеп гана жооп берди. Экөө Ала-Тоо кино театырынын жанынан өтүп бара жатышып, эки жакты аяр карашкан болушту. Бирок, Эрматтын тааныштары көзгө көрүнө койгон жок.
Азыркы Тыныстанов көчөсүндөгү Баялинов атындагы китепканага жеткенге чейин дагы бир топ сөздөрдү сүйлөшкөнгө үлгүрүп, баштагыдан дагы жакындай түшүштү. Качан гана Керез жагымдуу үнү менен:
-Мен келип калдым. Сиз барып күткөн адамдарыңызга жолугуп келиңиз. Эгер жаңы тааныша турган кызыңыз жагып калса, мында келип убара болбой эле койсоңуз болот. Бул айтылган сөз Эрматка жаккан жок. Көңүлү суз:
-Баары бир мен, эмне болгон күндө дагы сизге келип жолугам. Балким сиз менен дилим биригип калаар - деп, жооп күтпөстөн артка бурулуп басып кетти. Бул айтылган сөз менен Керез, Эрматка жагып калганына нак көзү жетти. Жигиттин көңүлүнө жагып калган кыз бала үчүн билинбегени менен кандай жагымдуу шарт. Ооба, канча машакат менен жасангандын өзү эле аял затынын сөз жетпеген зор эмгеги. Анан ошончо түйшүк тартып жасанган мээнет үзүрү, көңүлгө толгон жигиттерге жакканда кайтат эмеспи. Керездин толкунданганы жүзүнө чыгып бети албырып, кадамы ачкыл суу ичип алган адамдай тайсалдап, боюн кармана албагандай сезилип китепкананын астанасын аттады. Ооба, иштен чыккандан кийин жарым сааттан ашык убактысын жаңы чыккан газета окуганы мында келет. Анткени бул жерде ар бир газетанын саны калбай чогулат. Жаңылыктарга көз жүгүртүп болгон соң гана үйүнө кайтат. Бул жолу канчалык газетага көз жүгүрткөнү менен башына эч нерсе кирген жок. Болгон дитин Эрмат ээлеп алганын тана албайт эле. Ооба, ушул жашка чыкканы далай армандуу түндөр, али тааныша элек көңүлүнө жаккан белгисиз алоо жигиттин ысык койнуна, кызык оюнуна канууну зарыгып күтүп үшкүрүк менен күндүн теңи болгон түндү өткөргөнү жалганбы. Эми ошонун кээрин качан алат? Азыр алдыда боло турган жолугушуда кантип сөз таап, дили бурулуп калганын билгизет. Баягы башы менен кете турчу тартынчаак мүнөзү дагы баш бербей, бир көргөндө жагып калган адамды колдон чыгарып жиберүүгө түрткү болорун ичинен сезип турду. Убакыт алдыга жылган сайын башта болуп көрбөгөндөй кандайдыр бир сезим акыл ээсин ээлеп алып, улам эле кол саатын карата берди. Ан сайын сааттын жебеси токтоп калгандай сезилип, жомоктогу жигиттей көзүнө көрктүү көрүнгөн Эрмат сыртта күтүп тургандай боло берди. Бир жагынан ичинен миң кайталап тиледи "теңтуш балдарына жолукпай эле койсо экен" - деп. ӨӨмүрүндө биринчи жолу кызгануу сезимине кабылды. Кызганыч дагы бир жагынан билинбегени менен оору экенин ушул саам билди. Көзү газета бетин караганы менен ой чабыты такыр эле башка жакта болду. Эч качан ойлогон эмес эле "бирөөнү бир көрүп сүйүп калам" - деп. Бул эми сүйүп калганы эмей эмне? Көз алдына азыр эле жанынан кеткен жылдыздуу жигиттин элеси кетпей, өзүнчө эле түйшүк тарта берди. Канчалык өзүн алаксытып газета окуганга аракет кылды бирок, көзүнө тамгалар көрүнгөнү менен эч нерсеге түшүнгөн жок.
Жарым саат болду деп сааттын жебеси алты жарымды какканы менен Керез ордунан тура албай олтура берди. Баягы тартынчаак мүнөзү кармадыбы же Эрматты күтүп турсун дедиби айтор бул жоругуна өзү дагы түшүнбөй турду. Бир кезде гана окумуш болуп олтурган газетаны жыйнап ордунан туруп, бери басканда баятан бери өзүн карап турган Эрматты көргөндө, көптөн бери көрө элек жакын таанышын көргөн адамдай, кабагы ачыла түштү. Адам баласына жарык маанай кандай жакшы жарашат. ӨӨзгөчө кыз-келиндердин сулуулугу маңдайынын жарыгында экенин ким тана алат. Мисирейген сулууга караганда, күлүп турган кемпир сулуу эмеспи. Ошол себептен аял затынын ажарын, ачык кабак ачаарына турмуш өзү күбө. Үйгө келген конок үй ээсинин аялынын кабагына жараша мамиле кылганы дагы айтылган сөздүн өңүтүн айтып турат. Эрмат жаркылдап күлүп, ачык кабак менен өзүн көздөй келе жаткан Керезди асмандан түшкөн үрдүн кызына окшоштуруп жиберди.
Ооба, Эрмат Ала-Тоо кино театырына барган жок. Далдоо жерде боюн жашырып Керезди күтүп турду да, качан гана айтылган убакыт болгондо, китепкананын эшигинин алдына келип күтүп, аярлап калды. Бирок Керез чыкпаган соң, башка жагы менен чыгып кеттиби деген ойго жетеленип, ичкери кирип, үңүлүп газета тиктеп олтурган Керезди көргөндө сүйүнүп кетти. Анан эмне кылат. Ушул жарым саат убакыттын ичинде Керез тарткан азаптан алда канча жогору азап тарткан Эрматтын чыдамы кетип калган эле.
Экөө ээрчише басып китепканадан чыкканда күн уясына кирип, кечки салкын жел согуп, кечки шаардын шамдары күйүп калган. Эмнегедир экөөнүн ортосунда сөз уланбай, бир топко басышты. Качан гана Эрмат сунуш кылып:
-Керез, макул көрсөң бир жерден шам-шум этип албайлыбы? - дегенде гана сөз уланып, кызуу талкуу башталып кетти.
Бирок, баары бир экөө тең бирин-бири жактырып калганын жүрөктөрү менен сезишсе дагы, бул темада сөз улай албай кыйналып кетишти. Тамак алдыга келип, сыпаа тамак жегендери менен ортодогу сөз такыр башка багытта болду. Бир кезде гана Керез сөз учугун бөлөк багытка бурду:
-Сиздин алдыга койгон пландарыңыз кандай? - деп. Ушул суроонун берилиши менен Эрмат көзүн тартып алып, өзүнүн мококтугун билгизип:
-Үйлөнүп балалуу болуу. Билесиңби, Керез, биздин тукум башка жарды. Менин бир чоң аталарым каргышка калып, бир баладан ашык балалуу болушкан эмес, менин аталарым. Атам, чоң атам, анын атасы дагы жалгыз бала болушуптур. Мен дагы жалгыз баламын. Алган аялым жакшы болучу. Ага менин атадан жалгыз болгонум эле бир жагынан себеп болдубу, төрөбөгөнүн бетке кармап кетип калды. Билесиңби, алган жары жарашса эркек адам бактылуу. Бакыт бул үй-бүлөөдөгү ынтымак. Ыркы кеткен жуптардын жашаган жашоосу мага убактылуу жашоодой эле сезиле берет. Бул бир келген жашоодо эрди- катын ынтымакта болсо гана, иштери алдыга жыларына ишенем. Анткени бекер жерден айтылган эмес да "ырыс алды ынтмак" - деп. Ортодогу ынтмакты бир гана ачкыл суу бузат. Ачкыл суунун айынан канчалаган үй бүлөө бузулуп, ажырашуулар болуп жатат. Көзгө жоош көрүнгөнү менен Эрмат сөзгө чечен экенин Керез дароо байкады. Бир жагынан түнт мүнөз күткөн сөзгө сараң адам менен жашагандан көрө, ачык-айрым адам менен жашаган алда канча жеңил экенин Керез турмушка чыккан теңтуш кызынан уккан. Аны ала качып кеткен күйөөсү такыр эле сөзгө сараң экенин айткан. Сөз бир топко уланып, экөө тамактанып чыкканда сөз удулун келтирип Эрмат күтүүсүз жерден эле айтып калды:
-Керез, макул көрсөң экөөбүз жолугушуп турбайлыбы? Мага абдан жагып калдыңыз. Сөз бир сен, бир сиз менен уланып жатканын экөө тең байкаган жок. Бири-биринен ажырабай таң атканга чейин басып жүрө беришкилери келгенин экөө тең сезип турушту. Эрматтын сунушу жоопсуз калып, сөз дагы башкага бурулуп кетти. Анткен менен жалгыздык жанына баткан Керез үчүн бул күн абдан жакшы аяктап, эртеси иштен кийин экөө жолукмай болуп тарашты.
**************
Калича эки жыл баласын күтүп жүрүп абдан эле санаага алдыргангабы же өзүн карабагангабы айтор өз жашынан кары көрүнүп, көзгө башкача көрүнүп калган. Касым келгенден үч күндөн кийин бир кой союп түлөө берди. Андан соң эле баягы жашоо өз нугуна түштү. Эмнегедир Калича баягыдай урушканы азыйып, уулуна какылдап сүйлөгөнүн токтотуп, кадыресе салабат күткөндөй Касымга сезилип, апасын аяп кетти. Ооба, турмуш баарын таразалап, турмуш өзү тарбиялап коёт эмеспи. Жалгыз уулунун аман-эсен келишин тилеп, балким баягы мүнөзүн оңдогон чыгар, аны ким билет.
Касым бул күнү түшкү чайды ичип олтурганда, апасына кайрылып калды:
-Апа, мени шаарга ишке чакырып жатат. Макул көрсөңүз мен шаарга барып иштеп акырындык менен сизди дагы ал жакка көчүрүп алсам кандай болот? Айылда азыр иш жок, эмне иш кылмак элем. Аскердик милдеттен болсо кутулдум. Эми бир алгылыктуу иш кылсам жакшы болот эле. Мени менен алты ай бирге кызмат өтөгөн баланын байкеси зоводдун директору экен. Ал бала "жакшы ишке орноштуруп коём, шаарга кел" деп жатат. Бул жерде жүрсөм барматухага берилип кетемби, балдар бош "иш жок" деп баары эле шаарга кеткени жатышыптыр - деди эле, Калича чок басып алгансып кабагын чытып, чочуп:
-Балам! Мен, сени эки жыл күтүп чеккен санаамдан али арыла электе кайдагы сөздү айтпачы. Эгер шаарыңа кете турган болсоң, мени көөмп салып анан кайда барсаң ошол жакка бар. Мен бул үйдү таштап эч жакка кетмейм. Баса мен, сага иш таап, ишке сүйлөшүп койгом. Эгер макул болсоң ошол иште эле иштеп, менин жанымда бол! Сенден башка менде ким бар! ӨӨзүң эле калыс болчу. Шаарга барып, бир чоёктогон кызды алып келсең, анан аның сенин башыңды айлантып кайра шаарына алып кетсе, мен кандай күндү көрөм? Андан көрө мен таап койгон иште иште! Касым кызыгыуусу арта:
-Ал эмне иш? - деди эле Калича, чайдан шорулдата ууртап:
- Мектепке совхоз болуп иште. Жаның кыйналбайт, эл менен аралашып жүрө бересиң, айлыгы дагы жакшы экен. Колуңдан келсе бир мугалим кызга үйлөнүп алсаң, өзүңө дагы жакшы. Сырттан чоң окууга тапшырып коюп, акырындык менен мугалимдик кесип алып ал. Эмне жаман ишпи. Касым бул сунушту четке кага алган жок. Анткени совхоз болуп иштеген оңой иш, бирок, шаарда дагы жакшы иш күтүп турган эле да. Бир топко ойлонуп, чай ичип болгон соң, мектепти көздөй жөнөдү, директорго жолукканы. Калича уулунун көңүлдөнө түшкөнүнө ыраазы боло, аны узата карап:
-Касым, эртерээк келгендей бол! Тиги Аскер байкеңдер кечкиге чакырган "тамак ичип кеткиле"- деп. Касым башын ийкеп жооп берип, мектепти көздө бара жатып, теңтуштарына жолугуп калды. Аскерден жаңы келип, бири-биринен сагынычтары тарабай жаткан балдар Касымдын сөзүн укпай жакын жердеги бак-шактуу жерди көздөй алып жөнөштү. Жандарында барматуха бар болучу. Кечинде эле аскерден келген Саламат формасы менен жүрөт. Тим эле жоо сайып келишкенсип, сөздөрү чоң чыгып, өздөрүнүн эки жыл ичиндеги баштарынан өткөн окуяларын айтып, деле сөздөрү түгөнбөчүдөй. Убакыт токтоп турмак беле, ичке кирген алиги улам бир баланы жакын жердеги дүкөнгө чуркатып, убакыт бир топ болуп калганда гана Касым:
-Балдар менин коногум бар эле, апам экөөбүздү байкелер конокко чакырыптыр, мен барайын деп ордунан турганда, көзү карангылашып кетти да, аз жерден жыгылып кала жаздады. Бул эми ичке кирген ичимдиктин өзүнө тиешелүү вазыйпасын аткаргандык болучу. Касым жакшы эле кармангандай болду, бирок эмнегедир эле түз баса албай кыйналып кетти. Бирок, эч сыр бербегенге аракет кылып, үйүн көздөй жөнөдү. Ал кезде ичимдик ичип көчөдө мас абалда жүрүү абдан эле уят иш болучу. Касым эптеп үйүнө келгенде, апасы дароо эле кызуу келгенин байкап, жылуу жүз менен:
-Балам, балдарыңа жолугуп калдыңбы? Кел башыңды муздак суу менен жууп, аз болсо дагы соолукканга аракет кыл. Баятан бери Аскер байкеңдин кызы эки жолу келди, бизди чакырып, убакытка уттурбай баралы - деди. Касым уялып калды. Мындан өткөн уят ушул кезде жоктой сезилди. Бир чака муздак сууга жуунганда аз болсо дагы өзүнө келе түшкөндөй болуп, кийимин алмашып кийип, кийинки көчөдө жайгашкан чакырган үйдү көздөй эне, бала ээрчише басып жөнөдү. Бир жагынан апасынан уялса, экинчи жагынан атайын өзүнө арнап тасмал жасап чакырган жакын тууган байкесинен уялып, жер карап бара жатып, бир нерсени эстеп алаканын бир чапты. Анткени азыр ушул тапта Аида чыдамы кетип күтүп олтурганын эстей койду да, кимисине барышты билбей ара жолдо калган жолоочудай калдастай түштү. Бул эми айла жок калпычы болгондун бир белгиси болучу. Андан дагы кечинде аскерден келген Саламат үйүнө чакырган, тамак ичип кет, кеч болсо дагы келгендей бол, балдардан калба деген эле.
Аскер байкесинин үйүнө келгенде Касым жасалган тасмалдын көркүн көрүп эле, өзү кадырлуу адам экенин ушул саам билди. Ооба, конокко дагы татыктуу адам чакырылат эмеспи. Касым эч сыр бербей үйдөгүлөр менен учурашкан соң, тасмал четинен орун алып олтурду. Бирок табити тамакка тартпай, кара көңүл болуп, жүрөгү айланып, сыртка чыгып окшуп келгенде аз да болсо эс ала түштү. Бул эми ичимдиктин бир гана жолку жаман сапаты. Ал эми уруш чыгарганы, жаман сөздү сүйлөткөнү жана башка толуп жаткан зыяндары бар экенин танып болбойт. Эки жыл ичимдик ичпегенге, аскерден келгени күнү кур эмес ичкенгеби, эмнегедир жаны жер тартып турса дагы өзүн эптеп карманып олтурду. Козунун эти бышып, тамак тартылганда гана жаш сорпо ууртаганда, дагы жеңилдей түштү. Ортодо ар кандай сөздөр козголуп, бир дагы мүмкүнчүлүк таба албай койду, Аидага барып жолугуп келе калганга. Бул эми өтө эле ката кетиргендикке жатат болучу. Эгер, балдар менен ичип олтуруп албаган болсо, баары башкача болот беле. Бул дагы ичимдиктин тетири таасири экенин эсине алып койду да, ичинен өзүнө-өзү убада берди "башка такыр ичимдик ичпейм" деп.
Эртең менен эрте турган Касым, таңкы наарды ичкен соң, мектепке барып директорго жолугуп келди. Директор жакшы маанай менен кабыл алып, бир айдан соң ишке келип орнош деген оюн билгизди. Мектептен чыккандан соң эле Аидага жолукканы жөнөдү. Бул кезде Аида ичинен Касымга абдан таарынып, терезеден жол карап олтурган. Анын себеби, жеринен калп айткан адамды жаман көрөт. Баарынан күтсө дагы, Касымдан калпычылыкты күткөн эмес.Аны эки жыл кандай гана азап менен күтпөдү. Караанына зар болуп, тилеген тилеги бир гана жүз көрүшү болбоду беле. Таттуу тилек, учу жок кыялга жетеленип, канча түндү уйкусуз өткөрдү. Ал турсун чоң окуу жайга өткөндө дагы, Касымга жолуккандай сүйүнбөсө керек. Терезени үңүлө карап олтурган Аида, Касымдын келбетин көргөндө, олтурган ордунан тура калды. Атаганат, ушу эмгегин Касым билет болду бекен, аны так айтып болбойт. Кыз баланын сүйүүдөгү таза оюна эчнерсени салыштырып болбойт го. Ал эми эркектер эмне, жеткенге чейин сүйөм дейт дагы, чуркап жүрөгүн кагып жүрүп кызга жеткенден кийин, баарын унуткан бул кайталанып эле келе жаткан турмуштук баян эмеспи. Аида азыраак күттүрүп анан сыртка кыз каадасы кылып, кылыктанып чыкканда, Касымдын көздөрү жайнап, кабагы ачылып, бул жашоодо өзүнөн бактылуу киши жоктой сезип кетти. " Адам өзүн бактылуу сезгенде гана бакыт өзү келет" - деген накыл айтылган кеп бар. Анысысыңары, Касым бакыт кушун кармап алган адамдай жүзү жайнап, кабагы ачык, жаркылдап күлүп, Аиданы алдын утурлап басып тосуп алды. Бул кезде күн төбөгө келип, ысык аптап уруп турган болучу. Аида, жайкы сессиясын аяктап, келгенине эки-үч гана күн болгон. Бардык нерсенин жаңы кези, адам баласыны жаш кези кандай жакшы. Күлдөп-бүрдөп турган жаш кезде, жаңы ачылган гүлдөй адам көзгө кандай нурлуу көрүнөт. Адам карыганда көзүнөн нур кетип, денесинен эти качып, териси бырышып, көзгө комсоо көрүнүп калганы анык.
Карабек карыя, эки жаштын сөзү түгөнбөй сүйлөшүп турганга суктанып карап, көзү кубанып жаш кезин эстеди. Ар бир жигиттин бакытка туш болгон учуру, кызга кыналышып турганы кези эмеспи. Кыз кылыгы менен, жигит сымбаты менен кымбат экенин ким тана алат. Сөз кезеги келгенде Касым актанып кирди, кечээ келбей калганына өкүнүп. Бул эми ар бир адамдын башына келген нерсе, аны танып болбойт. Ар бир эркек адам, аялынын жана сүйлөшкөн кызынын алдында кетирген күнөөсү үчүн актанып, күнөөсүн сөз менен жууган канча жылдан бери жашап келе жатат. Бирок, ишенчээк, баё мүнөз аял заты ишенип, дале болсо алданып келе жатканына турмуш өзү күбө. Касым жаңы гана узун сөзгө киргенде, Аиданын апасы дарбазадан чыгып, эки жашты көрүп, дароо үн салды:
-Аида, бери келчи? -деп. Бул окуя дагы бир жолу Касымдын ойго салды.
*********
Аида апасы менен аскер кийимин кийип турган баланын сүйлөшүп турганын алгач көргөндө, Касымды тааныган эмес. Качан гана көзгө тааныш элести көзү чалганда, түш көрүп жаткан жокмунбу? деген ойго кабылып, көзүн жууп кайра ачты. Түшү эмес экенин билгенде гана Аида кара күчкө ооз учунан учурашкан болду. Андан башка эмне кыла алат. Касым дагы шек алдырбас үчүн атайын бей-тааныш адамдай кабыл алып, ичинен сүйүнүп алды. Эх, эки жыл азап чегип жүрүп, ушул жолугушууну ушундай абалда болот деп эч ойлогон эмес эле. Аида дагы апасын шекшип калбасын деген ойдо тез эле дарбазадан кирип кетти. Касым эмне кылышты билбей, оозу бош:
-Апа, макул анда, мен жылайын. Мында бир теңтушум келмек эле, кечикти - деп, шылтоо айтып, нары басты. Бир жагынан Айгүмүш жагымсыз сөз айтып жиберчүдөй, Касым өзүнөн-өзү шек алып, кармана албай ал жерден кетип калгысы келди. Эмнегедир эле Аида менен жолугуп, сүйүүгө кабылганы бир нерседен басынгансып, жаман сөз угуп калчудай кысынган абалга туш болгонун тана албай келет. Эки жыл бөтөн элде жүргөндө гана өзүн эркин сезди. Айылга кандай келди, баягы нерсе кайра өзүн курчап алды. Ооба, атасы арак ичкен бала дайыма кысынуу менен жашайт эмеспи. Бала үчүн ата-энесинин дарегине жагымсыз сөз уккан кандай жаман. Касым дагы эмнегедир эле өзүнөн-өзү кысынганына жооп таба албай келет.
Бул эмне сыр азыр дагы ойлоп, суу алган колонканы көздөй басты. Эмне максат менен бул жакка кадам таштады, аны өзү дагы билбейт. Максатсыз басып суу алган жерге келип, баягы Аида менен таанышканын эстеди. Балким ошол кезди эстегени келдиби, такыр эле биле албады. Баятан бери ички үйгө кирип терезеден сыртты караган Аида, апасы огородду көздөй басканда, эки чаканы алып, сууга чыкты. Бул анын эч кимге билгизбеген жашыруун сыры эле. Касым өзүн көздөй келе жаткан Аиданы көзү чалганда, ушундай бир сүйүндү, аны жазганга сөз жетпейт. Канча азап чегип, канча жолу ушул жолугушууну элестетпеди. "Туруксуз сүйүүнүн далили - ант, чыныгы сүйүү - антты оозанбайт" - деп айтылгандай, бул экөөнүн оозунан али бирин-бири сүйөм деген сөз чыга элек. Бирок, ички сезимдери менен гана сүйүүлөрүн далилдеп коюшкан.
Баягы экөө жаңы таанышкан колонканын жанына Аида жакындаган сайын буттары чалыштап, көзү тумандап, кадамы жылбай калды. Анткени аскер кийимин кийген Касым көзүнө ушундай сүрдүү анан сулуу көрүнүп кеткен эле. Чынында эле аскерден жаңы келген бала ал кезде кандай сүрдүү анан тыкан жана көзгө көркөмдүү көрүнүп, аскердик сынынан жазбай баардык жагынан төп келип, адамдын көзүн өзүнө бурчу эле го. Аида жакын келгенде эле Касым жагымдуу үнү менен:
-Аида кандайсың? - деди. Ушул сөздү айтканда баягы жаңы таанышкандай үнү дирилдеп кетти. Экөө бирин-бири канчалык сагынган күндө дагы чектен алыс кетпей, сүйүүнү булгаган жаштардай бири-бирине бой таштаган жок. Жөн гана кол алышып учуршакан болушту. Экөөнүн тең колдору ысып, тердеп чыкты. Эх, кыздын назик колун кармаган ал кезде кандай бакыттын бакыты эле. Сөз жаңы гана уланып келе жатканда, ушакка жакын Бурмакан сууга келе жатканын көзү чалган Аида:
-Касым, бүгүн эмес, эртең кечинде келчи. Тиги сууга келе жаткан эженин, бир сөздү эки кылып сүйлөгөн адаты бар. Кошуна жашаган эже. Мага туура түшүн. Тынч жашаганга эмне жетсин. Тээ илгертен айтылган кеп бар эмеспи " жаман нерсеге сөз кошулуп айтылат, жакшы нерсе оңой менен айтылбайт" - деген. Ансыңары, тиги эже сөз сүйлөөнүн устасы. Экөөбүздүн турганыбызды эми эки эселентип айтпаса болду. Мен жылайын, сени эртең кечте күтөм. Эки жыл көздөн учтуң! -деп, чакасын көтөрүп жолуна түштү. Касым ушул жерден бир акылмандын "жаман нерселер жана жаман адамдар ар дайым жакшы нерсеге тоскоолун тийгизип келет" деп айткан сөзүн эстеп, ал киши абдан туура айтканына ушул жолу ынанды. Эгер Бурмакан сууга келбеген болсо, эки жыл эңсеген, ушул жолугушууну күткөн азаптын жыргалы узакка созулат беле... Алиги акылман айткандай тоскоол болуп чыга калган алиги сууга келе жаткан, бей тааныш аялдын көзүнө чалдыкпас үчүн нары карай басып кетти. Болбосо ал дагы эмне деген гана сөздөрдү айтат, аны алдына ала билип болбойт. Анткен менен жүрөгү кубанып, улам эле Аиданын "эки жыл көздөн учтуң" деп айткан сөзү улам эсине келип, өзүн асманда калкып жүргөндөй сезип, бул жашоодо бир гана Аида үчүн жашап жаткандай жакшы ой чукул жерден пайда болуп кетти. Мына сөздүн күчү. Эгер Аида алиги сөздү айтпаган болсо, мынчалык толкунданбайт беле, ким билет.
"Үй эркек үчүн түрмө, аял үчүн түйшүгү түгөнбөгөн ишкана" - деп айтылгандай, Касым үйүнө келсе, апасы идиш аягы менен алек болуп, өзүнчө эл иш кылып жүргөнүн көрүп, ичинен аяп кетти. Анткени эки аял учурашканы келип, бир топко чай ичип олтуруп кетишсе керек. Айтылгандай чын эле аялдардын көзгө көрүнбөгөн иши үйдөн түгөнбөйт эмеспи. Калича уулунун келгенин көрүп сүйүнүп кетти. Кантсе дагы эки жыл кандай азап менен күттү. Эми уулун жанынан бир карыш чыгаргысы келбейт. Анан кантет. Байкуш эненин тилегиндей таза тилек, бул жалганда болбосо керек. Касым апасынын алеки саатта чай даярдай калган кыймылына ичинен ыраазы болуп:
-Апа мен чай деле ичпейт болчумун, бекер убара болдуңуз.
-Убарачылык деле эмес. Сени менен олтуруп чай ичким келди. Касым, билсиңби, менин дүйнөм бир гана сени менен толук. Эки жыл ушул күндү кандай эстеп, канча күндү санаа менен өткөрдүм. Эми бир жакшы келинчек алып, мени бир сүйүнтсөң болду. Сенин балаңды эркелетип олтурган учур тез эле келсе экен. Баланын жытын сагындым. Билбейм, башка балдарды канчалык эркелетейин десем, кандайдыр бир күч, бөтөндүк наристеден түртүп турат. Деги эле "өзгө эч нерсе жетпейт"- деген сөз турмуштан алынып айтылган экен. Касым, ушул сөздү укканда Аиданы үйүнө киргизип жатканы элестеп кетти. Эх, кандай жакшы, таттуу кыялга баткан. Эгер үйлөнүп калса, Аида чай куюп берип олтурса, апасы экөө кандай гана бакытка туш келет эле. Келечекке таттуу кыял менен жетүү кандай бакыт. Бирок кыялдагыдай жашоо боло бербейт тура.
Мына андан бери эч билинбей дээрлик он жылга чукул убакыт өттү. Түн уйкусунан калып, күндүсү ойлогон оюу бузулуп, канча азап, тоодой тоскоолдуктарга карабай сүйүүнүн күчү менен үйлөнгөн Касым менен Аида ыңалаалган баланын үнүнө зар болду. Ал эми Каличанын уу сөзүнө Аиданын кулагы деле бышып бүттү. Көрүнбөгөн догдуру, барбаган бакшысы, кыйын деген алдыны көрө билген көзү ачыгы калбады. Союз тарап, жаандан кийин жайнап чыккан козу карындай, "касиеттүмүн" деген көзү ачык менен бакшыдан баш айланат. "Бул кыйын, тигил кыйын" деген касиеттүүлөргө бара берип буту деле тешилгендей болду. Эптеп төрөп кайын энесинин уу тилинен алыстайын дегенде, курган келиндин эки көзү төрт болду. Арызданып бара турган жери жок. Анткени апасы менен атасы учурунда жакшы эле айткан " Каличаны биз жакшы билебиз, азабыңды тартасың" - деп. Бирок, баарына кайыл болуп, бир гана сүйүүнү бийик тутуп алып, минтип төркүнүнө арызданайын десе сөзү кыска. Алар ушундай болоорун алдына ала көрүп-билгендей айтканын Аида кеч билди. Эми минтип барган жеринин баары эле кеңешип алгансып "Сен төрөшүң керек болучу. Эмне болуп жатат билбейбиз" деген жоопко канаттаанбай дагы калды. Аида кабагы салыңкы үйдө олтуруп, өткөндү эстеди. Көрсө учурунда баары эле жаштык кылып, ата менен эненин тилин албай, кийин баары өтүп кеткенде өкүнүп, бармагын тиштеп калган бул эми болуп эле келе жатпайбы. Көрсө ургаачы жандын бир бакыты бала төрөө экенин Аида учурунда эч капарына алган эмес. Эми минтип согончогу канабаганы үчүн басынып, чүнчүп дагы кетти. Баягы от менен жалын болуп күйгөн ортодогу сүйүүнүн учурда ширенкенин жалынынчалык жылуулугу калбай калган. Касым апасынын сөзүнө кирип, учурунда жакшы эле басынтты, ачуу сөзүн агытты, колу тийди. Акыры ооруканага барып көрүнсө анализинде күнөө өзүндө болуп чыкты. Көрсө, Касымдын уругунан бала пайда болбойт экен. Аны бир гана өзү билип, ошол окуядан кийин Аиданы күнөөлөгөнүн коюп, ага жан тартып калган. Ал эми Калича, өткөндү унутту. Бир кезде өзү дагы баланын үнүнө зар болуп жүрүп Касымды төрөгөнүн эсине албай, баягы ачуу тилинин күчүн келининен чыгарып калган. Айтканга оңой болгону менен Аида он жыл аралагында жок дегенде беш-алты баланы төрөп, очор-бачар болуп калат беле, эгер Касымда күнөө болбогондо. Үстү жаңырып кийим кийбеген Аида турмушка чыкканы болуп көрбөгөндөй өзгөрдү. Алты амалы кетип гана аргасы жок жашап жүрөт. Кайын энесин көргөндө кара чаар жыланды көргөнсүп ичиркенип алган дагы адат таап алды.
Эртең мененки чайга олтурганда Калича адатынча чыныдагы чайды шорулдата ууртап:
-Я, Касым, бир кезде билесиңби? Анда сен аскерден жаңы келип, сының кете эле учурда экөөбүз кандай жакшы кыялга баттык эле. Ошол кыялыбыз орундалбай калды көрүнөт. Мына андан бери он жылга кадам басты, али күнчө бала үнүн уга элекпис. Эгер макул көрсөң Аида сага уруксаат берсе, башка аял алсаң кандай болот? Сен тукумсуз, мен минтип небере жытына зар болуп жүрүп өтүп кетебизби? Таң эрте уруштун сөзүн баштаган апасынын бул айткан сөзүн четке кагып:
-Апа, сиз эмне таң атпай уруштун сөзүн баштап жатасыз? Мен сизге канча жолу айтам "Мага Аидадан башка аялдын кереги жок" - деп. Бала берсе бүгүн эртең деле берет. Аны эми биз канча айткан менен колубуздан келебей жатса эмне кылалык! - деп өңүн бузуп айтты эле, Калича ушул саам бир кездеги окуяны эстеп кетип, үн дебей туруп калды. Ооба, бир кезде өзүнүн кайын энеси дагы айтпады беле, ушул сөздү Эсенбекке. Ал кудум уулундай болуп кагып койгону көз алдына тартылып. Ичинен ойго чөмүлдү "тагдыр кайталанат деген ушулбу" - деп. Бир жагынан оозуна алы келбей айтып алган өзүн күнөөлөсө, тилин тартынбай агыткан кайын энесин эстеп кетип, анын изине түшкөнүнө өзүн-өзү жаман көрүп кетип:
-Уулум, мен куруюн! Эмне кылсаң өзүң бил. Экинчи бул темада эч сөз козгобойм! - деп, оозу бош жооп берип, бир жерди теше тиктеп, ойго алаксып кетти. Чынында Касым жокто келинине кандай гана ачуу тилин тийгизбеди. Аида, тасмалды жыйнаган соң ички үйгө кирди да, көзүнө келген жашты жоолугунун учу менен сүртүп, апасынын айткан сөзүн эстеди.
*************
Касым менен сүйлөшүп турган кызы Аиданы көргөн Айгүмүштүн ачык турган кабагына кар жаап, денесин майда калтырак басып, өзүн кармана албай, өңү кубарып, бир ай илгери элдин көзүнчө сындырган Каличанын ачуу тили кулагына жаңырып, көзү караңгылашып кетип, ушундай бир жагымсыз үн менен кызына кайрылды:
-Аида, бери келчи? - деп. Аида апасынын үнүнөн эле билди, жагымсыз окуя болоорун. Касымга билгизбес үчүн, кара күчкө жылмайып:
-Кечинде кел, мен сени күтөм! - деп, Касымды кетирип жиберип ичкери киргенде эле күүгө кирген буурадай өңү өзгөрүлгөн Айгүмүш:
-Ай, Аида, эмне ал баладан башка бала табылбай калдыбы? Ошол балага экинчи жакындаганыңды көзүм чалбасын! Эгер ошондой эле эрге тийгиң келип турса, анда мен сага өзүм күйөө таап берем, алеки саатта. Мени "энем" деп сыйласаң, алиги балага жолобо! Экинчи менин көзүм көрбөсүн, ал бала менен турганыңды. Аида, эч нерсеге түшүнбөй дагы калды. Кулагына сөз кирбей, апасынын чектен сырт капа болгонуна жана өңү бузулуп турганына таң берип:
-Апа, сизге эмне болду? Кечээ сиз ал бала менен өзүңүз сүйлөшүп турбадыңыз беле? Эмне ал бала сизге катуу айтты беле? Айгүмүш эми гана сөзгө келип:
-Жок, анда мен ал баланы Каличанын баласы экенин билген эмесмин. Билесиңби, ал баланын апасы абдан ажаан, кара жаак атка конгон жаман сапаттагы аял. Эгер сен алиги балага тийсең, анда Калича азабыңды гана колуңа берет. Мен сенин көз жашыңды көрүп жашагым келбейт. Ооба, жаш кезде сүйүү келип, кете берүүчү бир алдамчы сезим. Ага башыңды оорутуп азап чекпей деле койсоң болот. Али жашсың, окууңду бүтүп, анан деле турмушка чыксаң болот, билимдүү балага. Билим алган бала менен билим албаган баланын айрымасы асман менен жердей. Мен сенин келечегиңди гана ойлоп айтып жатам. Сөз ушул жерге келгенде, дарбаза кагылып калды. Бул баягы ушак сөздүн устасы, бир сөздү эки кылып айткан кошуна аял Бурмакан болучу. Сагызгандан сак, түлкүдөн куу аял экени кошуналарга маалым. Ириде Аида менен Касымдын сүйлөшүп турганын көзү чалып калган, андан дагы тиги бала кимдин баласы экенин жакшы билген үчүн, Айгүмүшкө алдыртан билдирип коюу үчүн келген. Жаман сөз миң сөзгө ашыгы менен жетет, жакшы нерсе тескерисинче кем сөз менен жетээринде эч талаш жок. Аиданын көптөн күткөн Касым менен сүйлөшүп турганын Бурмакан сөздүн эбин келтирип, документи жок артист болуп, көзүн бакырайтчу жерден бакырайтып, колун жаңсап тим эле сөздү куюлуштуруп айтып жатты:
-Эже, мен сизге кантип кара санайын. Баарыбыз эле "бала" деп жашап жүрбөйбүзбү. Аз күндөн бери силердин үйдү баягы кара жаак Каличанын аскерден келген уулу айланчыктап калды. Ооба, кыздуу үйгө жуучу келет, карызы бар үйгө доочу келет эмеспи. Кичинесинен көз алдымда өскөн Аиданы мен Каличага келин болгонун каалабайм! Ушул сыяктуу сөздөр Бурмакандын тилинен тим эле автоматтан чыккан октой чыгып, түз эле Айгүмүштүн жүрөгүнө жебе болуп сайылып жатты. Аида ички үйдө тиги экөөнүн айткан сөздөрүн угуп олтуруп, Касымдын апасын көргөнгө кызыгып турду " Чын эле ушундай жакшы баланы төрөгөн эне, кантип жаман аял болсун"-деп. Жаш кезде ар бир балабы же кызбы сөздүн күчүнө анча маани бербей, оюндагыны гана жасагысы келээри анык. Бул эми ар бир адамдын максатына жетүү үчүн кылган далалаты. Бирок, эч качан жаман болгон эмес, ата менен эненин тилин алып калгандар. Ар бир адам өзүнүн ойлогон оюн туура деп ойлойт. Бирок, турмуш баарын калыстап келген жана калыстай берет бул жашоодо. Ошондогу эле Бурмакан менен апасынын тилин алып койгондо эмне, анда минтип кайын энесинин "туубас" деген суук сөзүн укпайт эле дагы, Касымга карата болгон сүйүүсү баалуу бойдон өмүрү өткөнчө сакталып калат болучу. Сүйүү бул жеткенге чейин гана барктуу экенин Аида өзүнүн жашоосунан билип олтурат. Апасы учурунда абдан туура айтканын эми гана билип, башын мыкчып жүргөн кези. Болбосо, гана ошол кездеги жаздыгын көз жашынын суусуна чылап, ушул жарык дүйнөгө алып келген, багып өстүргөн атасы менен энесинин тили албай, алардан сүйүүнү улуу тутуп, өз гана кызыкчылыгын ойлоп, сүйүүсүнө жетти, анан акыры эмне болду. Эч качан Касымдын жаман сөзүн угам деген ой башына келген эмес. Эшик кыйч деп ачылганда, Аида олтурган ордунан тура калды. Бул эми жедеп чүнчүп, коркуп жашагандын бир белгиси болучу. Эркин өсүп, өз оюндагысын жасап, эрке болуп өскөн Аида минтип кайын энеси менен күйөөсү Касымдан бүркүттү көргөн таранчыдай коркуп жашаганы, эмне деген гана азапты башынан өткөргөнүнүн айгинелеп турбайбы.
Сырттан Касым кирип келди. Кабагы салыңкы. Кайын атасынан ыйбаа кылган жаш келиндей бүжүрөп Аида "эми эмне" деп айтат деген ойдо, анын оозун тиктеди. Эх, бул эми эркиндиктин жоктугу, басынгандык эмей эмне? Касым эмнегедир аялынын корккон кейпин көрүп, ушул саам билди апасы экөө абдан эле басынтып салгандарын. Бирок, кулакка жагымдуу сөз айта албай, көзүн тартып алды да, диванга бой таштады. Баягы көзүн карап "сенсиз мага жашоо караңгы"- деп, кооз сөзүн айткан Касым болуп көрбөгөндөй өзгөрүлүп, көзүнө суук көрүнүп кетти. Бир кезде караанына зар болсо, эми анын жанына тургусу келбейт. Апасынын канына тартып, Касымдын тилинин ачуулугу, Аиданын жүрөгүндөгү баарынан бийик койгон сүйүүнү эбак эле жокко чыгарган. Касым боюн таштап, көмкөрөсүнөн жаткан калыбанда:
-Жамбыл уулду болуптур, кечинде жентек тойго чакырды! - деди. Бул сөздүн артында баягы эле "эми качан биз балалуу болобуз, апам айткандай тукумсуз өтөмбү" - деген сөз жатканын Аида кантип эле баамдабай калсын. Бул айтылган сөз жөн гана абага айтылгандай эле болуп калды. Бир нерсе айтат деп жооп күткөн Касым такыр башка сөздү укту:
- Касым, тиги чоң тоодогу мазарда бир молдо бар экен. Мен ошол мазарга барып сыйынып келсем кандай болот? Тейитбектин аялы барып сыйынып келгенден кийин боюна бүтүптүр. Менин деле эне болгум келет. Бала үчүн түйшүк тартуунун өзү бакыт эмеспи. Кааласаң апам айткандай башка кыз-келиндер толуп жатат, төшөк жаңыртсаңчы. Мен дагы үйгө батпай баратам. Керек болсо сенин эле эмес, кошуналардын дагы жүзүн карай албай калдым. Макул көрсөң анда шаарга барып чоң врачтарга дагы бир жолу көрүнүп келейин. Касым бир топко үнсүз жатып:
-Аида, мени сен кечирип койчу. Сенин алдыңда ат көтөргүз күнөөм бар. Апамдын ачуу тилин укканың аз келгенсип, менин дагы ыдыгымды көп эле жолу көрдүң. Мага сенден башка эч кимдин кереги жок. Бир гана баланын үнү экөөбүздүн урушубуздун башы болду го. Тааныштардан бирөө балалуу болгонун уксам эле, мен кысынып кеткен абалга туш болчу болдум. Кээде "бала бешик" деген тойго басып баргым келбей кетет. Деги качан биз балалуу болуп, маңдайыбыз жарыла сүйүнүп, тасмалды кенен жайып той берчү кез үйүбүзгө келет болду экен. Кээде түшүмө дагы кирген учур көп болду. Билесиңби, биз сүйлөшүп жүргөн кезде кандай гана таттуу кыялдарга батчу элек. Сен айтчусуң "мен сага эгиз бала төрөп берем" - деп. Ошол кыялдар, тилектер сөз боюнча эле калабы? Аида көзүнө келген чолок жашты аарчып:
- Касым, аны эстетпечи. Ошол кезде мен бир гана сени туу тутуп жашачу элем. Сени таап, сага жолугуп, сага ууз сүйүүмдү арнаганым үчүн өзүмдү бактылуу сезчүмүн. Минтип убакыт өткөнү тилиң эмес колуң дагы тийип, төрөбөгөнүм биздин сүйүүгө каскак болду го. Кечээ маңдайкы кошуна кичине баласын "өлүп кет" деп тилдеп жатканын угуп, жүрөгүм тилинип кетти. Биз бир балага зар болуп жүрсөк, тиги келин баласынан тажап, ачуу тилин балага агытканы "бирөөгө бар дүйнө, бирөөгө зар дүйнө" - деген сөздү эске салды. Сөз мындан ары дагы уланат беле, сырткы эшик ачылып, бирөөлөр келгендей болду. Аида сыртка чыкканча эле Каличанын үнүн укту:
- Мен куруюн. Же келинге жарыбадым, бир жерде олтургандыр тим эле бешти тууп салган катындай. Уулумдун башын айлантып алганбы "башка аял ал" десем эле ал мени жаман көрөт. Деги өзү эле билсинчи. Бул сөздөрдү укканда Аиданын кадамы дароо токтоду. Сөздөр даана угулуп турду. Калича тилин тартып калбай:
- Элдин келиндерин көргөндө арданам. Келиним мектепке ишине барып келгени эле болбосо, үйдөн деле тыңгылыктуу иш кылбайт. "Төркүнү жакындын төшөгү жыйылбайт" - дегендей, качан болсо эле үйгө токтобойт. Азыр дагы бир жакка басып кетсе керек. Бул айтылган сөздөр кулакка жатыгып калган, угуп эле жүргөн сөздөр. Касым ушул жолу дагы сына түштү Аиданын алдында, апасынын калпыс айткан сөзүн угуп. Аида көз карашы менен гана билгизди "апаңдын жоругу бул, сеники тиги" - деген сөздү. Обу жок эле бирөөнү жамандаган кантип жакшы болсун. Аида андан ары чыдап тура албай, сыртка чыкты эле Калича кара күчкө:
-Ой, сен үйдө белең? Чайыңды даярдай салчы - деди. Аида үйгө келген чоочун аял менен жылмайып, маңдайы жарык учурашты да, элпек кыймылы менен тасмал жайып кирди. Тиги аял көз кырын салган тейде:
- Калича, уулуң көрүнбөйт. Бир жакка кетти беле? - деди. Бул аял шаардан келген. Анча мынча көзү ачыктык жайы бар. Каличанын кудачалары болуп калат. Улуу агасынын балдызы. Ысмы Бүбүайым. Союз тараганы бул дагы көзү ачыктардын катарын толуктап, учурда эл көрүп, анча-мынча элге таанылып калган. Мында Каличанын чакыруусу менен келген. "Зарыл ишиң болбосо, Зардалыда эмнең бар" - дегендей, бир канча жолу чакыркандан кийин, өзүнүн иштерин бүтүргөнчө, эки иштен, бир иш деген ойдо келген болучу.
Берилген суроого Аида:
-Касым үйдө эле, уктап калдыбы, жаткан - деди.
Көк чайнекке кайнаган чай алдыга келгенде Калича, келининин көзүнчө бетине башка бет кабын кийип, жүзүн өзгөртүп, уялып калбай тилинен дагы жаңылып:
-Элдин келиндеринен кем калбаган өң десең өң, келбет десең келбети бар келиним бар. Бир гана айыбы согончогу канабаганы. Бир көрүп, өзүңдүн билгениңди жасап кетчи. Балким шыпааң тийип калар? - деди эле Бүбайым, күлкүсүн эптеп тыйды. Анткени аз убакыт илгери эле келининин көзү жокто теңирден тетскери сөз айтып жамандап жатпады беле. Эми минтип жүзүн өзгөртүп, башка сөз айтканына ичи кирдей түштү. Кимдин ким экенин иштеген иш жана сүйлөгөн сөзү айкындап, жүзүн ачып коёт эмеспи. Калича ушул жолу тиги көзү ачыктын көз карашынан өзүнүн калп айтып, эки сүйлөп алган катасын сезип калды. Ооба чынында эле тээ алмустактан бери адам баласы бир гана тилден күнөө таап келген эмеспи. Ансыңары Калича дагы тилден жаңылып, сырттан келген адамга өзүнүн жүзүн ачып алганына ичи күптү болгон койдой кабагы бүркөлө түштү. Андан дагы Бүбайымдын, Аиданы сөзгө тартып, жылдызы ага бурулуп калган байкап, ичинен кызганып да алды. Ооба, деги эле үйнө келген кишилер баары эле айтат "ажарлуу, келишкен келиниң бар турбайбы" - деп. Чынында Аида адамкерчиликтүү анан адамдар менен бат тил табыша билген жайы бар. Андан дагы аял затына тиешелүү сулуу келбети көп адамдардын көз кырын жаздым кетирбей каратканын Калича кантип эле байкабай калсын.
Ооба, Касым жаңы келинчек алып келгенде, Аиданын сулуу келбетине өзү дагы кызыгып, "сулуу келиндүү болдум"- деп сүйүнбөдү беле. Эми минтип ошол келинин кордоп, тилин агытканы аз келгенсип, аз эле жерден колу тийип кала жаздаганычы. Аиданын көтөрүмдүүлүгү гана болгон абийирин жаап келе жатканын билсе дагы, аны моюнга албай келет. Сөз кезеги келгенде Бүбайым кызыл демделген чайдан ууртап:
-Калича, ар бир адам пенде болгондон кийин жок эле дегенде бир кемчилиги болот. Бирок, ал кемчиликти сезе билиш керек. Мага сенин келиниң Аида абдан жакты. Азыр бала төрөбөй жүргөнү үчүн абдан эле өзүнөн-өзү басынып калыптыр. Чынын айтканда ургаачы болгон соң бала төрөп эне болуу бакытына жеткен, билинбегени менен кандай чоң бакыт. Эгер макул көрсөң сен бул келиниңди мага бир апта убакыт бер. Кийинки жылы небере жытын жыттабасаң анда мага таарынычыңды айт. Мен бул келинди көрүп эле билдим, төрөбөгүнүн себеби эмнеде экенин. Колдон келсе мазар басып сыйынып келсе, сен тилеген тилек кабыл болот. Ачуу сөз менен жей бергенден эч майнап чыкпайт жана бала төрөлүп калбайт. Карачы "сен келиниңди төрөбөйсүң" - деп уруша берип, жалтаң дагы кылып салыптырсың. Бүбүайым бетке айткан, эч нерседен тайманбаган жайы кармап, Каличанын бетине эле айтып салды. Аида тим эле туңгуюктан жол табылгансып сүйүнүп кетти. Ушул жерден Бүбүайым тим эле көзүнө бир укмуш калыс адамдай көрүнүп, канча жылдан бери таппай жүргөн адамын таап алгансып жазгы күндүн нурундай кабагы ачыла түштү. Калича өзүнө карата айтылган сынга азыраак кабагы бүркөлө түшкөнү менен неберелүү болууну ойлогондо көңүлү өсүп, ишеним арта карап:
-Бүбүайым, өзүң эле калыс болчу, уулум атадан жалгыз бала болсо, анан келиним төрөбөсө, бир атанын тукуму үзүлүп калабы деген ой менин дагы мээмди жеп, ооздон ар кандай сөздөрдү алып чыкпадыбы. Ишенесиңби? Азыр менин келиним төрөп берсе, анда менден өткөн бактылуу адам бул дүйнөдө жок болот эле. Дегеним, күйөөдөн эрте калып, жалгыздыктын азабы аял кишин жеп салат экен. Кээ бир аялдарды күйөөлөрү какыс-кукус кылып койгондо, анча-мынча жини кагылып калабы, ким билет? Күйөөнүн сүрү дагы аялга керек экенин билдим. Чынынды аял байкуш үстүнөн баш көз болгон киши болгон үчүн тартынып жашап, аша чаап кетпейт экен. Болбосо мээримин төгүп аялдын көңүлүн өстүргөнү дагы аялзатын анча-мынча стрестен алаксытып, ашыкча кеткенге жол тосот. Бул эми жашоонун сабагы эмеспи. Бүбүайым бул айтылган сөзгө туура баа берип:
-Калича, сен абдан туура сөз айтың. "Аял башкарса чөлгө, эркек башкарса төргө"-деген кеп бар. Үйдө чечкиндүү эркектин болгону дагы аял үчүн абдан жөлөк болот. Ал эми аялдын тилинен чыга албаган сайпана жандарды "эркек" деп айтуу кыйын. Алар аяк түгөтөр эле бир жан болот эмеспи. Так жана таасын айтылган сөздөргө Аиданын кулагынын кычуусу канып, бир жагынан кайын энесин аяп кетти. Ооба, бир жолу атасы айткан эле "эрден эрте калган аялдарга туура түшүнүү керек, алар бир нерседен кем болгон үчүн, күчүн тилинен чыгарып, урушчаак болуп калат" - деп. Сөз бир топко уланып, Аида тамак жасаганы ордунан турду. Бир кезде Калича кошунанын үйүнөн бир нерсе сураганы кеткенде Бүбүайым учурун келтирип:
-Аида, эптеп сен шаарга барып, мага жет. Менин баамымда сен сөзсүз төрөйсүң. Мен сени мазар бастырам - деп айткан сөзүн уктап кетип ойгонуп, туруп келе жаткан Касым даана укту да, бул ким деген ойдо сыртка чыгып учурашты :
- Саламатсызбы? -деп. Бүбүайымдын атын далай жолу уккан. Бирок аны көргөн эмес. Бүбүайым тээ илгери Касым беш-алты жашта кезде көргөн, болгоолоп таанып:
- Саламатчылык Касым, өзүң кандай? Керилген жигит болгон турбайсыңбы! Билесиңби мени, мен Бүбүайым эжең болом! Касым эми гана тиги бейтааныш аял ким экенин билип, кабагы ачык, башын ийкеп:
-Сиз жөнүндө апам көп кеп кылат. Бирок, мен сизди көрө элек элем. Бүбүайым, Касымдын бой келбетине көз жүгүртүп карап, дароо сынынан өткөзгөнгө үлгүрүп:
-Сени мен беш-алты жашыңда көргөм. Карачы убакыт кандай тез өткөнүн. Минтип андан бери кеминде өтуз жылга чукул убакыт өтүп кеткенин, эч билинбей. Сөз ушуну менен уланып, ортодо кызуу талкуу дагы болуп кетти. Кеч кирип калган кезде, тамак бышканча Бүбайым өзүнүн ыкмасы менен Касымдын жана Аиданын колундагы тамырын кармап көрүп, эч сыр бербестен:
-Силер сөзсүз балалуу болосуңар! Сыноону дагы чыдап көтөрө билүү абзел. Али жашсыңар! Касым сенин атаң же апаң жактан күнөөгө кириптер болгон бирөө бар экен. Ошонун кесепети силерге тийип жатыптыр! - деп, көзүн жууп бир топко ачкан кырк ташына көз жүгүртүп:
-Эч кам санабагыла! Жолуңар ачыла турган кез жакындап калыптыр! -деп, жакшы сөз менен бул башка жарды үйбүлөөнүн кабактарын ачып койду. Калича чын эле Бүбүайымдын айткан сөздөрүнө ишенип калды. Анткени өзү бир кезде күнөө кылбады беле, тракторист Омор менен жакындай коюп. Балким бала андан болдубу же күйөөсүнөнбү аны так биле албайт. Бир чети келининин төрөбөй, боюнда болбой жүргөнү уулу Касымдан дагы болушу толук мүмкүн. Эмне үчүн ушуга чейин уулун доктурга текшертип койгон жок, ушуну ойлогонго үлгүрдү. Ойдон күлүк эмне бар.
Кечки тамакты ичип болушкан соң, күндүн теңи болгон түндү Калича уйкусуз өткөрдү. Келини Аиданы кантип алып келгенин эстесе, азыр өзүнөн-өзү уялат десең. Эмнеге ушуга чейин азыркыдай абалга калып көргөн эмес, албетте бетине Бүбүайымдай жеткисе айткан адам болбогон үчүн, көзү чайыттай ачылып, канча аракет кылса дагы уктап кете албай, өткөндү эстеди.
Бир күнү эле уулу сырттан кирип келип:
-Апа, мени эми үйлөн деп айтып кыйнабаңыз! Мен тээ аскерге кеткенге чейин эле сүйлөшүп жүргөн кызымдын апасы мага кызын бергенге каршы болуп жатыптыр. Мен ал кыздан башка кызды албайм. Калича айтылган сөзгө анча түшүнө бербей:
-Деги сен мага түшүндүрүп айтчы? Эмне болду анчалык!? Касым башын чулгуп:
-Сиздин кесепетиңизден, эл алдында баш көтөрө албай калдым!
-Эмне!? Мен сага эмне кылдым деги? Же эмне менин бир жерим башкалардан кем же артык экенби? - деп албуутанганда уулу:
-Тилиңиз ашыкча! Деги сиздин качан калат бирөөлөр менен урушкан адатыңыз. Сүйлөшкөн кызымдын апасы айтыптыр "ал баланын апасын билем, тили жаман" - деп. Ушул сөздү укканда бир кезде күйөөсү Эсенбек дагы өзүнө ушунтип айтканын эстеди. "Калича, апам сени алганга каршы болуп жатат, эмнегедир сенин апаңдын сапаты менин апама жакпайт өңдүү" - деп жымсалдап айтканда эле, дароо бир нерсени сезген. Көрсө апасына сын тагып жүрүп, өзү дагы билинбей тилдүү болуп, айыл элине атагы апасындай тили менен таанылганын эсине алып, эч сөз оозуна келбей сына түшкөн. Касым андан башка эч сөз айтпай, таарынганыбы же өзүн алаксытыш үчүнбү кайра сыртка чыгып кетип калып ал түнү келбей эртеси келген. Ошондо Калича таң атканга чейин "кимдин кызы болду экен, деги мен чын эле урушпаган ким калды" - деп болгон аялдарды эс тутумунан эсептеп чыгып, бойго жеткен кызы бар аялды эстей албай койгон. Эртеси гана Касым кимдин кызы экенин айтканда башын мыкчып, ичинен "Кап, чын эле мен ал аял менен болбогон жерден урушуп кетпедим беле, улуулугун эске албай. Алар абдан кадырлуу, элге алымдуу адамдар эмеспи. Ошондой жердин кызына үйлөнсө, уулум жаман болбойт" - деп, ойлоп койбоду беле. Калича өткөндү эстеп жатып таң сөгүлүп бара жатканда гана көзү илинип кетти.
Эртең менен турса келини эбак туруп, таңкы наардын камын көрүп жүрүптүр. Ушундай тыкан жана иштемчил келинин бирөөлөргө жамандап жүрүп, өзүнө кадыр албай эле кайра жаман аттуу болгонун моюнга алып, бул жалган дүйнөдө баары бир "актык" калкып чыгып каларын сезди. Сыртка чыкса Бүбүайым дагы эбак туруп, эшиктин алдында олтуруптур. Аны көргөндө баштагыдан өзүн ыңгайсыз сезип кетти. Анткени жамандаган келини тигинтип таң эрте туруп иш кылып жүрсө, сүттөн ак өзү минтип уйкудан жаңы ойгонсо, кимдин - ким экенин турмуш өзү эле калыс көргөзүп койгонуна Калича дагы бир жолу сынып, жүзүн ала качып ажааткананы көздөй жөнөдү. Эх, адам сүйлөөрдөн мурда ойлонсо, анан сүйлөсө алда канча жеңил болот эмеспи. Бул жалганда "уят өлүмдөн катуу" деген сөздүн эч калети жок айтылганын Калича азыр дагы өзүнүн жоругунан улам билип олтурат. Эгерде кечинде келинин ашыкча жамандабай эле койгондо, азыр жүзү жарык болот эле да, минтип ажааткада жашынып, сыртка чыга албай олтурмак эмес. Акыры болгон күчүн жыйып бетин чымыратып келип жүзүн чайып келип, тасмал четине олтурганда, Бүбүайым:
-Калича, эмне бир жериң ооруп турабы, өңүң башкача? - деген болду, сөз улансын үчүн. Ушул эле суроонун берилиши менен Калича аз да болсо өзүн жеңил сезип:
-Түндө таң аппак атканга чейин уйкум качып, уктай албай чыктым. Ошого башым айланып, жаным жер тартып турабы, эч нерсеге көңүлүм чаппай турат - деди. Мынчалык уктоочуу эмес элем, "мага эмне болду билбейм" деп, актана кеп улады. Негизи эле шылтоо айтып, бир нерседен кутулган өзгөчө тилдүү адамдарга кандай жеңил жана тилине, сүйлөө ыкмасы жараша түшөт. Калича тим эле кабагын бүркөп, ооруп кырк күн суу ичкен адамдай, куландан соо абалын өзгөрткөнгө дагы үлгүрдү. Айтып койгон оңой бирок, айткандан кийин аны аткара билген кандай кыйын. Жөн салды кеп кылганы менен анын түнү бою эмне азап чегип уктай албай чыкканын Бүбүайым билди, бирок тилин тишине катып эч сөз айткан жок. Аңгыча Касым дагы жуунуп келип тасмал четинен орун алды. Ушул жерден учуру келип турат деген ойдо, Бүбүайым сөз козгоп, суроо берди:
-Калича, дүнүйө-мүлктүн эң баалуусу эмне?
Мындай суроону күтпөгөн Калича чынында эле бушайман боло түштү. Бул эмне деген суроо? Оңбогур кайсы жерден чалмакчы болуп жатат? Сынап суроо берип жаткандан кийин ойлонуп туруп жооп бербесе, келин-уулунун алдында сынып калышы толук мүмкүн. Кайсы бирин айтат. Учурда алтын менен акчадан башка баалу эмне бар! Акчаң болсо баары болот. Керек болсо акчанын күчү менен бийликтегилерди дагы сатып алып калбадыбы. Адамдык сапаттан акча бийик туруп калганын ким тана алат. Бул суроо бекеринен берилген жок. Жооп таба албай жер тиктеген Каличага, Бүбүайым жалт карады да:
-Убараланбай эле кой! Берген суроомо ойдогудай жооп таап, айта албайсың! Акча менен алтынды айтасың, ушул тапта дүнүйөнүн эң баалуусу - сулуу кыз. Төрт түлүк малы түмөндөп, алтын-зери батпаган, капчыгын акча тиреген бай-көпөстөргө, акылдуусунуп мыйзам жазган депутаттарга, мен кыйын деген министирлерге, оозунан ак көбүк акканча шарият айткан молдого, такыба деген имамга жана сопу-кожого сулуу кыздын айчырайын көргөзсөң, каалаган дүнүйөңдү алаканыңа салат. Сулуу аял затынын жыпар койнун эңсебеген эркек жоктур. Демек кандай ачкөз эрекек болсо дагы жердин жети кабат түбүндө катылган алтын-күмүшүн, американын көк акчасын сулуу кызды көргөндө алып чыгып чачат. Сулуунун азгырыгына карабашыл эркек атуунун көбү чыдабай азгырылат. Калича бул айтылган сөздү кубаттап башын ийкеп койду да:
-Айтканыңыз абдан жүйөлүү экен! - деди. Бүбүайымдын сөзү эми кекеткендей чыкты:
-Дагы бир суроом бар. Кана айтчы, дүнүйөнүн эң эле арзаны кайсы? Калича дагы буйдалды. Ойлонгуча Бүбүайым үнүн жогору чыгарып:
-Дүнүйөнүн эң арзаны жана баркы жогу дагы сулуу кыз. ӨӨзүң эле калыс болчу. Азыр арам акчага марып, мансапка жеткен чиновниктер кызындай болгон жаш сулуу кыздарды токол катын кылып алып жатышат. Керек болсо кээси бекер жерден сулуу кызга ээ болуп жатышат, акчанын күчү менен. Олжого түшкөн, тактап айтканда акчага сатылган сулуу кыз чалга да, жаш жигитке дагы убактылуу катын болуп жатканы баарына маалым. Бул эми сулуу кыздын арзаны экенинен белги берип турат. Ал эми сага окшогон калыстыгы жок кайын энеге келин болгон сулуу кыздын тагдырын, эч кимге бербесин. Мен кечээ келгенден бери байкасам, сага келиндин жакшысын, пакизасын, көтөрүмдүүлүгүн буйруган экен. Бирок, сен келиниңдин барк баасын билбей, абдан кор кармап коюптурсуң, жалтаң кылып. Азыр келиниң үйүңдөн чыгып кетсе, бир айга жетпей жуучу түшүп, алып кетчүлөр четтен чыгат. Сен келиниңдин кадырын билбей бекер гана кор кармап салыптырсың. Адам баласынына эле эмес, керек болсо өсүп турган өсүмдүккө дагы кордукту бербесин. Билесиңби, сен бир кезде баланын үнүнө зар болуп жүргөндөгү абалыңды. Калича, бул жерден мага, сен туура түшүн. "Караны-кара, акты-ак" - деп айтуу бул калыс адамдын сөзү. Ал эми калыстыктан тайып караны, ак деп айткан болбогон иш. Кечинде сен мага келиниң жөнүндө жагымсыз сөз айтканыңдан мен, келиниңди көрбөй туруп, жаман ойдо калган болчумун. Көрсө күнөө өзүңдө экенин, сенин эки башка айткан кебиңден улам билдим. Ал эми Касым, сен эркек болгондон кийин адилет, кара кылды как жарган калыс болсоң болмок. Учурунда кандай азап менен келинчегиңе жеткениңди, Аиданын сулуу келбети эле айтып турат. Сүйүүнүн азабынан кутулуп, эңсегениңе жеткенден соң кор кармабасаң, анда баары башкача болот эле. Азыр менин көз карашымда колуктуң төрөбөгөнү үчүн Калича экөөңөрдөн эле эмес, баардык тааныштарынын жүзүн карай албай, чүнчүп калыптыр. Бул Аиданын күнөөсү эмес. "Көңүл өспөсө, көөдөн өспөйт" - деген кеп бар. Келинчегиңдин көңүлү силердин үйгө келген күндөн эле калган. Ошол себептен балалуу боло албаганынын тереңи алыста. Мага бир апта жиберсеңер, колдон келген жардамымды берип жана дагы бул үйдөгү ыйкы-тыйкынын түйүнүн чечип коём. Баса, силер мени жаман көрбөгүлө. Түшүнөм, айткандарым катуу тийди. Бирок, чындык ачуу, көтөрө билүү керек.
Касым менен Калича жели чыккан бакшыдай ылайыктуу сөз айта албай эле олтуруп калышты. Бир жагынан учурун келтирип, абдан маанилүү сөздөр менен арттарынан эмес, бетке айтканына туура баа беришти.
Ал эми Аида өзүнө түшүнгөн жана укугун талашкан адам бар экенине ичинен ыраазы болуп, кантсе дагы көп жылдан бери сыртка чыга албай турган, ичине катылган бугу өзүнүн тили аркылуу эмес, башка адам аркылуу сыртка чыкканына ыраазы болуп, купуя сүйүнүп турду.
Чынында эле Бүбүайым айткандай, Касым алгач ала качты кылып алып келгенде, Аида астананы аттап эле баягы көзүнө түрүү суук көрүнгөн, урушчаак аял келип жалынып жоолук салганда, абдан катуу чочуп, денесине жылан ороло түшкөнсүп, ичиркенип алган. Кантип унутат, болбогон жерден урушкан аялдын жүзүн. Эч бир оюна алган эмес "ошол аялга келин болуп калам" деп. Каличаны көргөндө эле билген, мындан кийинки жашоого карата болгон кадамы бузулганын. Дароо апасынын бекер жерден каршы болбогонуна кеч түшүнүп, бармагын тиштеген. Эгер өзү макул болбой, күч менен келгенде, анда олтурмак эмес. Сүйүүнү бийик тутуп, ата-энесинин айткан сөздөрүн кулактын сыртынан кетирип, баарына кол шилтеп, өз каалоосу менен келген соң, эмне кыла алмак эле. Ошол болуп өткөн окуянын баарын көрүп тургансып айткан Бүбүайымдын көзү ачыктык касиетине өзгөчө Аида ишенип, эмнегедир келечектен жаңы үмүт пайда болуп, кабагы аппак карга чагылган күндүн нурундай ачыла түшкөнүн Касым дароо эле байкап, тиги аялдын "Эгер азыр келиниң кетип калса, бир айга жетпей жуучу түшкөндөр келип алып кетет" - деген сөзүн укканы, белгисиз бирөөлөрдөн кызганып кетти. Ушул жерден билди аялынын сулуу экенин. Эч качан ойлогон эмес, "Аиданы сулуу жан экенин тиги аялдын оозунан угам" - деп. Көңүлгө кир калтырбай, сөздү алыстан баштап, эбин келтирип, каяша айтпагандай кеп учугун чыгарган Бүбүайымдын ар бир айткан сөзү Каличага дагы абдан жакты. "Тууган күйдүрүп , душман сүйдүрүп айтат" - демекчи, Бүбүайымга үчөө тең ыраазы болуп, анын оозун тиктеп "дагы кандай сөз айтат"-деген мааниде күтүп калышты.
Бүбүайым муздап калган чайын ууртап:
"Эртең" деген сөз чоң алдамчы. Биз адамдар эртеңки боло турган нерсеге алдана беребиз. Эгер макул көрсөңөр, Аиданы убакытка уттурбай мага эрте жибергендей болгула. Бакытты издеген адам тамтаңдаган маска окшош, мас үйү бар экенин билет, бирок таппаган сымал, ар бир инсан дагы баарын билип туруп, кийинкиге жылдыра берип, баарынан артта калат. Андан да адамдар ар дайым өзүнүн теңирден тетири кылган иштерин жашыруу үчүн кызыл тилин пайдаланат. Баса кийим бой келбетти гана эмес, аң сезимди дагы өзгөртөт. Карагыла, Аиданы, ачык эле айтып койгонум оң. Ишинде абдан кадырлуу болгону менен жупуну кийген кийими жашоо турмушуна тескери баа берип турат. Бул эми көзгө көрүнгөн сындар. Ал эми көмүскөдөгүнүсүн айтпайын.
Калича ушул саам байкады келининин жупуну кийген кийимин. Ошол күнү Бүбүайым кайра-кайра "Аиданы мага жибергиле" - деп эскертип айтып жатып изине кайтты. Анча-мынча болсо дагы алдыны көрө билген үчүн, тактап айтканда писихолог болгон үчүн, Каличанын оюн билип туруп катуу эскерткенинин жөнүн, Аида түшүнүп эле турду. Ооба, бир гана тили жагынан эле эмес, сараң жагы менен дагы көпчүлүккө таанылган Каличадан баарын күтсө болот эле. Ооба, аманатка жана карызга катуу. Кээде бирөөнөн бир нерсе алса кайрып бермеги азап. Аиданын мектепте иштеген айлыгына эбак эле ээ болуп алган. Ал турсун качан айлык алат алдына ала билет. Бирок, акчаны кармаганды такыр билбейт. Сараңданып жатып акчанын берекесин кетирип салат. Айткандай эле Аиданы шаарга жибербей бир айдан ашык убакыт кармады. Анын дагы себеби бар. Үстүн жаңыртып кийим алып берүү үчүн канча акча керек. Аны ойлогондо небереден дагы акча бийик сезилип кетет. Болбогон шылтоону бетке кармаган Каличанын жоругу, убакытты эле алды. Бир күнү Касымга сөз учугун чыгарганда, терс кыялы кармап:
-Аны мага эмне айтасың? Айлыгыңды алып бара бер да.
Аида көзүн жалтаңдатып:
-Айлыкка качан апам ээ кылчу эле. Бүгүн дагы айлык алсам, эшикти аттаарым менен сурап алды. Жада калса ич кийим дагы сатып алганга акча бербейт. Бир күнү мен дагы жарылам го. Билбейм, "төрөбөйсүң, туубас"-деп урушса кыйын дагы, тигинтип анализ коюп, "төрөгөнгө жардамымды берем" деген кишиге жибербейт. Деги мен эмне кылышым керек? Касым, эгер макул көрсөң биз экөөбүз ажырашып эле алганыбыз оң. Сенин дагы мага карата мамилең барган сайын сууп бара жатат. Ушунтип өзүбүздү-өзүбүз кыйнап, алдап жашаганда эмне. Касым башын мыкчып:
-Кетсең кете берчи. Мага дагы баары бир болуп калды. Сен айткандай азыр үйдө баягыдай жарык жок. Балким сенин бизден көңүлүң калдыбы, ким билет. Мен сенин кетишиңе каршымын. Бирок сен абдан эле кыйналып кеттиң. Апам кызык эле киши да. Жок дегенде сенин айлыгыңа тийишпей эле койсо болмок. Эмне кылышты өзүм дагы билбей калдым.
Сөз ушуну менен үзүлүп, экөө өз иштери менен алек болуп кетишти. Эртеси күнү Аида, ишинен чыгып өзүнүн үйүнө кетип калды. "Келет" деп күткөн Каличанын чыдамы кетип, бир орунга тура албай калган кезде Касым кызуу абалында келип, жаңы гана астананы аттаганда, анын кызуу экенин аңдабаган Калича ачуу тили менен бир тийди:
-Кана, сенин "аны алабасам болбойт" деп алган аялың?! Элдин апаларындай деги мен качан жыргап жашайт болдум экен!? Эт алып келип "тамак жаса" деп айтайын деген ойдо күтсөм, катының жок. Балким бирөөлөр менен жүргөн жокпу?! - деди эле Касым:
-Апа, ал эч ким менен жүрбөйт жана жүрүп дагы көргөн эмес! Эми сен каарып, кууруп, жемелеп, жеп, айлыгына ээ боло турган келиниң келбейт. Мен аны кетирип жибердим. Тап, өзүңө жаккан кызды, келин кылып берейин. Туубаган эмес, тууган келинди дагы бир шылтоо таап каарыган адатың башың менен кетет. Аиданы мага жамандап жатып, аны мага жаман көрсөткөн өзүңсүң. Эми мактап-жактаган кызыңды айт. Аны алайын дагы жакшы жашайын. Жаманды жаман десе жаман боло берет. Качан болсо жамандаган келиниңдин айлыгына дагы ээ болуп, акчаны эмнеге жараттың? Табыңыз, сизге жакка кызды эртең алып келем! Сага жаккан, оюңдагыдай кызбы-келинби эң негизгиси мага эмес, сага жаксын. Бирок, аны мага көзү жокто, эч качан жамандабагандай болуңуз! Ичке кирген ачкыл суунун күчү менен сизден, сага өтүп, өзүн кекеткенде гана билди, иш чатагына аланганын. Эми муну алдап жаткызып койгон Аида жок, дароо ушул жерден келининин кадыры билине түштү. Буту күйгөн тооктой алты айласы кетип, амалы түгөнүп, оюндагы ишке ашпай, алапайын таппай турду. Эми кимге барып айтат "Касымды алдап жаткызып кой" - деп.
Куда-сөөгү менен башынан катышпайт. Кудагыйы Айгүмүш башында эле айткан "мен, сени менен катышпайм, сендей менин кудагыйым жок" - деп. Анткени уулун күйөөлөтүп барганда Калича оозунан жаңылып, жагымсыз сөздөрдү айтканда, Айгүмүш эч сыр бербей ал күнү жакшылап узатып, эртеси өзү келип жолугуп:
" Кыз-күйөөм келип турсун. Сен менин үйүмө келбе дагы мен, сенин үйүңө барбайм. ӨӨткөндү кечирейин десем, уятуу кишилердин көзүнчө кечинде айткан кебиң тиги. Мага туура түшүн. Биз эми жаман-жакшы айтышпайлы" - деп айткан. Ошол күндөн бери келининин төркүнү менен катышпайт. Анан эми кантип барат эле "келинимди кайра бергиле" - деп. "Куданын жакшысы сырдашат, жаманы сындашат" - деген кеп бар эмеспи. Калича жада калса жалгыз кудасы менен дагы катыша албай калган, тилинин азабынан.
Бир жолу Касым кайын - журтуна куда тосушканы барып, абдан сынып келген. Ошондо айткан " Апа, баардык кудалары келди, сиз гана барган жоксуз. Таман чыккан семиз жылкы союп абдан жакшы тосту, жаңы куданы. Болгон куда-кудагыйларына "жакшылыгыма келип тургула" - деп, сырт кийим кийгизди. Бажаларымдын алдында абдан катуу сындым. Сиз гана болгон жоксуз. Түшүнсөңүз сиз андай сыйдан эмнеге алыстап кеттиңиз" - дегенде, өлбөгөн гана төрт шыйрагы калган. Жалгыз бала төрөсө, анан жалгыз кудасы менен дагы катыша албаса, бул түшүнгөн кишиге эмне деген сөздү айтырат. Калича бир саамга өткөндү эстеп олтурганда уулу Касым:
-Апа, айт, азыр аял алам. Бирок сизге гана жаккан кызды алышым керек. Учуктаган жериңиз барбы? - деди эле, Калича уулун жаткыруунун амалы кылып:
-Балам, аны эртең сүйлөшөлү. Азыр жатып эс алчы! - деди. Касым булдуруктап:
-Апа, сиз абдан жаман аялсыз дагы, абдан жаман апасыз. Жалгыз келиниң менен жана жалгыз кудаңыз менен тил табыша албагандан кийин, ким сизди жакшы деп айтат. Балким алиги тилинен чаңы чыккан, ойлорунан сөз таап айткан, ушакчы аялдар эле сизди жактап сөз айтпаса, башка ким айтат. Ар бир адам бул жашоодо өзүнүн теңине жараша дос күтөт дагы, теңине жараша иш кыларына мен эми гана түшүндүм. Сизге дагы тилинен чаң чыккан, сөз бербей сүйлөгөн келин керек. Болбосо бул үйгө башка келин тура албайт. Касым бир топко сөз бербей сүйлөдү. Уулунун ар бир айткан сөзү тим эле бутага тийген октой, Каличанын жүрөгүнө жетип жатты. Бир жагынан уулу абдан туура сөз айтып жатканына баа берип, Калича өзүнүн күнөөсүн сезип турду. Эгер азыр Аида болгондо ага тамак жасатып, мас болуп келген "уулун жаткыз" деп буйрук берип коюп, өзү бери жактан карап турмак. Бир күн жок болгондо эле келининин баркы билинип, үйү караңгы болуп жатат. Эгер чын эле кетип калса, анда кандай болот? Калича ушуну ойлоп санаа чегип, уулунун кээ бир сөздөрүн укпай дагы калып жатты. Бир кезде Касым ички үйгө кирип кеткенде гана Калича шуу эткизе үшкүрүнүп жиберди да, катуу чарчаган адамдай жерге олтура кетти. Бул эми айласы кеткен адамдын бир элеси эмеспи. Качан гана адам баласы абдан капа болгондо же катуу чарчаганда жерге жакындагысы келет. Жер эне гана баардык адамдардын кыйналганда же чараганда, катуу илдетке кабылганда жардамга келет. Анткени баарыбыз топурактан жаралып, топуракка кете турган үчүн жер тиктеп ойлонуп, жан кыйналганда жерге олтуруп же жерге жаткыбыз келет. Бул билинбегени менен чоң философияны ичине камтып турат. Калича дагы жерге олтуруп, жер тиктеп ойго алаксып кетти.

#5 05 June 2014 - 23:22
***********
Керез ошол күндөн туура бир апта убакыт өткөндө Эрматка турмушка чыкты. Эрмат ала качып албаган болсо, ар кайсы шылтоогу айтып, убакытты өткөрүп жүрө берет беле, ким билет? Мындай жерде албетте эркектин чечкиндүү болгону абзел.
Эрмат ошол күнү Керезди жолдош балдар менен тааныштырмак болуп кафеге чакырып, анан андан ары эле болбой алакачып кетти. Жолдо бара жатканда Керез такыр эле ишене албай койду. Бир жагынан коркту. Кудум жаш кыздардай денеси калтырап, корконунан үнү дагы каргылданып:
-Балдар тамашаңарды койгула. Эрмат ушул кантип жакшы болсун. Мен ала качкандай жаш кыз эмесмин го. Бул айтылган сөздөр жөн гана абага айтылгандай таасир берип, ичимдик ичип алышкан балдар өздөрүнчө эле бакылдап баратышты. Машина айылга кирип келгенде гана балдар мшинаны токтотуп сөзгө келишти:
-Керез, эми бизди уят кыла көрбө. Убакыт деген учкан куш. Эртең алдыда эмне күтүп турат, аны эч ким билбейт. Бир өлүмдөн башканын эрте болгону артык. Сен биздин досубуздун жүрөгүнөн орун алып калыптырсың. Эрмат сага жетпесе жаны жай алчудан эмес. Биз дагы теңтуштук милдетибиздин өтөсүнө чыгып, Эрматтын бир башын эки кылып коюш моюндагы парзыбыз. Ушул айыл биздин айыл. Азыр үйдөгүлөр, тууган туушкандар, кошуна колоңдор күтүп жатышат. Жаман кыздардай болуп чыр сала көрбө. Эрмат сенин кадырыңа жетип алат. Бир жагынан Эрматка турмушка чыгып жатканына сүйүнсө, бир жагынан ушунча чукул убакытта күйөөгө тийем деп ойлогон эмес эле. Көшөгөгө кирүүгө жакындаган сайын баштагыдан дагы коркуу сезими болгон дитин ээлеп алып, өңү бузулуп, эптеп эбин келтирип качып кетүүнү ойлоп турду. Бирок сомодой болгон бул жигитердин колунан бошунуп чыгуу кыйын эле. Дагы бир жүз граммдан алышкан соң, машина ордунан жылып жөнөдү. Керездин ан сайы шаштысы кетип, айдоочуну жакандан алды:
-Байке, токтотуңуз. Мен али даяр эмесмин! - деди. Алдыңкы орунда олтурган Эрмат баягыдай сөзмөр болбой, тилин жутуп алгансып бир үн катпады. Ал дагы санаа чегип бара жатканын анын дулдуйган мүнөзү эле айтып турду.
Дарбазасы көк түскө боёлгон үйгө машина киргенде, Керездин көзү дароо эле топтошкон адамдарга бурулду. Аңгыча эле машина токтоп, Керезди машинадан алып чыгышты да, эки карылуу бала көпөлөктөй эле көтөрүп эки бөлмөнүн босогосун аттатып, төркү үйгө алып кирди. Кызыл түстөгү көшөгө үйдүн бурчунда илинип туруптур. Аны көргөндө Керез такыр эле түш көрүп жаткан адамдай абалга келип, артка кетенчиктеген болду. Эптеп эле көшөгөнүн ичине кирбей сыртка чыгып кетсе, баардык кыйынчылыктар арта кала тургандай болуп, согончогу менен эшиктен кирбегенге аракет кылды. Бирок бул аракети такыр эле текке кетип, көшөгөгө киргенде рингден жеңилген боксёрдой жеңилгенин сезип, өзүн таштап салды. Ушул саам билди аялзатынын алсыз экенин. Болбосо минтип күч менен келип көшөгөгө кирбейт эле да. Атаганат, кыргызымдын салты ай. Тээ илгертен келе жаткан каада салттын күчү, касиети, деми. Эки жолу теңтуш кыздарын узатканда көшөгөгө кирип олтурбады беле. Ошондо ойлоп койгон болучу "мен эми качан келин болуп келип, ушунтип көшөгөгө кирет болдум экен" - деп. Эми минтип ошол тилеги кабыл болуп көшөгөгө кирди. Кечинде эле Эрматты ойлоп, санаа чегип, аны көргүзү келбеди беле. Эми минтип аны көрмөк турсун анын үйүнө келип, аялы болууга баш ийип олтурат. Аңгыча эле бели бүкүрөйгөн кемпир келип, алкап сүйлөп бетинен сүйүп, Керездин сулуу жүзүнө тик карап:
-Кызым, биз дагы бир кезде сендей болуп ушунтип көшөгөгө кирген элек. Ушул күндөр дагы өтүп кетет. Тийгениң менен тең карып, бактылуу бол! - деди. Жанындагы кызыл жүздүү, толугунан келген, бет түзүлүшү жайыгыраак, маңдайы жарык аял ак жолукту башына салды. Бирок көшөгөнүн сүрүбү же тиги кепирдин айтканын сөзүнө каршы боло алган жокпу, эч каршылык кылбай эле жолук башына салынганда, Керез олтура калып жөн жерден эле ыйлап жиберди. Бул ый кыз кези менен коштошкондун бир белгизи эле. Ооба, тээ илгертен бери "кыз бала бара турган жерине ыйлап барат" - деген сөз бекер жерден айтылбаса керек. Канча сүйүп-күйүп келген күндө дагы кыз баланын ыйлаганы бул чындап караганда, турмушка жаңы чыккан кыздын моюндагы парзы. Анткени бир үйдөн башка үйгө бүлөө болуп, башка үйдүн жүгүн артынып кетүү, ал жактын жашоосуна көнүү, ата-эненин колунан бошонуп бир туугандарынан үзүлүп чыгуу, билинбегени менен эмне деген сөздү ичине камтыйт. Керез ыйлаганда алиги кемпир:
-Кызым ыйлап ал. Кыз баланын ыйлап келгени жакшы жышаан. Эми баягы кыз кезиң кайра кайтып келбейт. Тастаңдап эр эңсегенсип көшөшгө киргенде көзүнө жаш албай, мостойгон кыздарды мен жактыра бербейм. Эмне болгон күндө дагы кыз бала көшөгөгө киргенде, бир доордон экинчи доорго өтүп жатат да. Кыз кези менен коштошуп келин болуу бул түшүнгөн кишиге чоң талапты моюнга алганга тете иш. Эми сен баягыдай өзүңдү -өзүң билбейсиң. Күйөөнүн, кайын-журттун, баланын түйшүгүн тартып "аял, эне" деген аттын арабасын тартуу милдетин алып жатасың. Кемпирдин ар бир айткан сөзү таамай айтылгандыктан Керез чын эле чоң милдет алдыда күтүп турганын сезди. Тиги бели бүкчүйгөн кемпир чыгып кеткенде, кызыл жүздүү аял жолукту ыктап салып:
-Тийгениң менен тең карып, этегиңден жалгасын деди да, ал дагы чыгып кетти. Керез долу жана келечекте ажаан аял болуунун дарегинен белги берген кыздардай чыр салбастан, күчүн көз жашынан чыгарып, олтуруп калды. Той башталып, мал союлуп, келип-кеткендердин аягы басылчудан эмес. Чимкиригин шор тарткан тестиер кыздар жанына жеңе жандап олтурушуп, ар нерсени сүйлөшүп жатышты. Керез дагы бир кезде кудум ушул кичине кыздардай бир оюндан башка эч нерсени билбей жүргөн кезин эстеди. Бала балалагын кылат да. Мурду кетиркей, кара кыз:
-Мен кийин чоңойгондо күйөөгө тийип ушунтип жолук салынып көшөгөдө олтурганда, кичинекей кыздарга жомок айтып берем - деди. Тиги кичинекей кыздын сөзүн угуп, Керездин күлкүсү келип кетти. Жомок айтмак турсун сыртка чыгып келгенге батына албай олтурса, кайдагы жомок. Жомок укчу кезди тапкан экен деп, күлкүсүн эптеп тыйды. Жолукту үлбүрөтө салынган Керез жанындагы секелек кыздардын сөзүн угуп олтуруп, абдан күлкүсү келди. Сары кыз мактанып:
-Менин Айике жеңем абдан сулуу анан тамакты абдан жакшы жасайт. Бирок бир жолу тамактын тузун көп кошуп салганда апам урушкан - деди. Калп айтканды билбеген нарисетелер көргөнүн айтат да. Ар бир кыздын сөзүн угуп олтуруп эле Керез турмушта боло турган окуяларды алдына ала билип алды. Убакыт алдыга жылып, союлган малдын эти бышып, тамак тартылды. Секелек кыздар кеткенден кийин Эрматтын теңтуш балдарынын аялдары келип жанына олтуруп таанышып, ар нерседен сөз козгошту. Кыз кезинен тили-тилине тийбеген сөздү чебери Аксаамай эч кимге сөз бербей, сын такчуга сын тагып, жамандаганды жамандап, мактаганды мактап олтурду. Андан дагы учурун келтирип макал-лакаптарды кошуп айтканы, ар бир сөздү кыя кетирбей жооп бергени Керезге анча жага берген жок. Анткени менен тилинин күчү менен, бул теңтуштарына башчы болуп алгандай белги берди. Бир кезде Керезге суроо берип калды:
-Керез мурда турмушка чыктык беле? - деп. Керез берилген суроону жактыра бербей:
-Эмне мурда турмушка чыккандай көрүнүп турамбы?: -деп кайра суроо берди. Бул айтылган сөз менен эле кыз экенин билгизди. Көп сүйлөгөн адам бирде болбосо бирде сөзсүз кагуу жеп калышы турулуу эмеспи. Аксаамай дагы кагуу жеди бирок, ушул саам эмнегедир жооп кайрый алган жок. Анткени билимге сугарылган адам баары бир өзүнүн жогору сапатын билгизип коёт жашоодо. Керез берилген гана суроолорго жооп берип олтурду. Кеч кирип, молдо нике кыйды. Анан элдердин аягы суюлду. Кыймыл аракети шайдоот, боюна караган пакиза келин төшөк салды. Бул келин Эрматарга тууган Байкутунун аялы. Жасаган ишин милдет кылбаган, оозунан ашыкча сөз чыкпаган, кайын журтуна алымдуу, кадыры сиңген, ар бир адамдын сөзүн уга билген жана ачкычын таба билген маңдайы жарык жакшы сапаттарга бай келин. Эрматын биринчи никесинде дагы төшөк салган. Керез убакыт алга жылып, жатчуу кез жакындаган сайын өзүнчө эле коркуп, алдастай баштады. Биринчи жолу эркек менен жаткан атканы себеп болдубу же сүйүүдөн жолу болбой жүрүп минтип карыганда турмушка чыкканы себеп болдубу ким билет. Акыры учуру келип, бөлмөдө жалгыз калганда эшик ачылып, акырын жыла басып Эрмат жанына келди. Бирок экөө тең бири-биринен сүрдөп, жаңы таанышып жатышкансып, бири-бирине жакындаганга батына албай турушту. Билинбегини менен мындай шартта ар бир адам дароо эле чечкиндүүлүккө бара койбойт. Кандайдыр бир күч, кандайдыр бир нересе аң сезимди бийлеп алып, мококтук абалга алып келип салат тура. Керез чыдамы кете күттү, Эрматтан чечкиндүүлүктү. Ушул ыңгайсыз абалдан эртерээк эле кутулуп кетүү үчүн. Ал эми Эрматтын баягы сөзмөр адаты ушул саам суу кечпей, өзүнөн өзү эле басынып, кайраты кайтып турду. Анткени Керез көзүнө ак куудан сулуу, кептерден артык,турна моюн аркар төш, бото сындуу жалжал көз, жука эрини билинер билинбес ачылып, кара кашы дир-дир этип, кулак көнөчөгүндө силкинген алтын сыргасынан бери көзүнө бир укмуш кооз көрүнүп, болуп көрбөгөндөй сүрдөп турду. Керезге алгач жолукканда эле көзүнө акылга жетик экени билинип, купулуна толуп, жүрөгү бир башкача соккон. Ошондо ойлоп койгон эле "адамдан дагы ушундай сулуу жан чыгат экен" - деп. Ал эми азыр андан миң эсе көзүнө Керез чырайлуу көрүнүп, ушул аял затына үйлөнүп, күйөөсү болгонго ишене албай турганын Керез айттырбай эле сезип, эч сөз кайрып айтпай, андан сөз күтүп турду. Адашып көчкөн бир үзүм булут жыла келип терезеден тийип турган айдын бетин далдаалап калды. Ушул кезде кандайдыр бир күч Эрматты шердентип кызга жакындатты. Карылуу кол алгач белине оролуп, анан өзүнө тартты. Жүзү чымырап, жүрөгү туйлап, тизеси титиреп кетти. Буга чейин сезбеген жигиттин жагымдуу илебине ийип, боюн бошотуп жиберди. Мындай жыргал отуна, мындай көңүл күүсүнө али учурай элек, али ашыктын таасирин сезе элек Керез көзүн жумган калыбында мемиреп, балкып, мээнип кетти. Канча жыл ушул бактылуу мүнөтөрдү күтүп, түндү жалгыз өткөрдү. Бирок эркектин ушундай бир сыйкылуу күчү бар экенин билбептир. Азыраак гана оруксунганы болбосо, денеси балкып, ушул күнгө туш болгонуна, Эрматка тийип калганына ичинен ыразы болуп турду.
Мейли тоодо, мейли токойдо болсун жер жарып чыккан гүл жарык дүйнөнүн рахатына бөлөнгүсү келет. Асмандын алтын нуруна куюнгусу, шар эткен жамгырга жуунгусу келет. Табигаттан тандап жүрүп ошол гүлгө көпөлөк кокот. Ал жайкы бир тирүүлүктөгү жайлоо гүлүнүн ашыгы. Гүл сымал эле бойго жеткен кыз дагы купуя көңүлүнө жаккан адамдан жылуу мамилени, жагымдуу сезимди, чечкиндүү аракетти, жакшы сөздү күтөт. Ошол талаптары орундалганда гана бакытка тунат. Керез терезеден тийген ай нуруна көңүлүн бурду. Ай булуттан чыкты. Түрмөк булут ары көчтү. Айды тиктеп Керез ак шейшептүү жуурканда күлүмсүрөп жатты. Ай нуру улам өйдөлөп көкүрөгүнөн дидарына барды. Оозунан, кирпигинен, бешенесинен аймалап терезенин нары жылды. Керез улуттунуп алды. Көптөн бери тумчугуп жүргөн жүрөгүнө шаттык уялап, бугу тарады. Эрмат ортодогу тынчтыкты бузуп:
-Бүгүн кандай түн? - деди эле, Керез жагымдуу үнү менен:
-Бактыбызга данакер түн. Мен тээ бала кезден чечкиндүүлүктү жакшы көрчүмүн. Эгер сен бүгүн чечкиндүү кадам таштабасаң, мен баягыдай эле тартынчаак мүнөзүм менен улам убакытка уттуруп, ушул күндүн келишин созуп жүрө берет белем, ким билет? Эрмат баятан бери түш көрүп жаткан адамдай, Керез менен үйлөнүп бир төшөктө жатканына дале болсо ишене албай, көзүн жумуп бир топко жатты. Ар бир эркек таана үчүн сулуунун илебине канып, жанында жатып, жүзүнөн эркин өбүп, назик денесинен сылап эркелеткен бул жалган дүйнөдөгү чоң бакыттын бири экенин ким танат. Динге берилген молдолор эки жаштын өбүшкөнүн, бири-бирине арналганын "күнөө" деп ооз керип айткандары менен өздөрү аял дегенде жан бериши турган иш. Эгер алар такыба болушканда алгачкылардан болуп коштоп катын албайт эле го. Ооба, дин бул "апийим" деп Ленин айткандай, динге берилип, ашыкча фанат болгондор жашоолорунан аксап, элден четтеп калганына турмуш өзү күбө. Ушунча жылдан бери динге берилип кадыр алган ким болуптур. Айткандай бул эки жаштын никесин кыйган Кулат молдо тили-тилине тийбей бир топко шарият айтты, бирок өзү ошол айткан сөздөрүнүн жыйырма пайызын эле аткарып койгондо анда, сөз башка эле. Таң атканга чейин ар тараптуу багытта сөз баштап сөздөрү түгөнбөй, ысыктары тарабай жаткан эки жаш, чолпон жылдызы тараган кезде, таң супасы жаңырганда гана уйкуга баш коюшту. Анткен менен экөө тең дале болсо ишене алышкан жок, үйлөнгөндөрүнө. Сулуунун чырайы көз алдынан кетпеген Эрмат ичинен ушул мүнөттөрдүн токтоп турушун миң кайталап тилесе, ушул бакыттан куру калып жүргөн Керез дагы уйкуга гана алаксып, бактылуу мүнөттөрдүн кучагынан бошонду. Ошол себептен "бир гана уйку баарынан таттуу" деп бекер айтылбаганын эске алышыбыз керек.
**********
Мына андан бери эч билинбей убакыт учкан куштай сызып, Керез экини төрөп, бала басты болуп, ишинен четтеп үйүндө түгөнбөгөн үй иши менен алек болуп жатканда сырттан Аида кирип келди. Турмушка чыкканы бул үйдүн астанасын биринчи жолу аттап жатканы. Бир кездеги бой мүчөсү келишкен сиңдисинин жүдөгөн кейпи, жупуну кийген кийими Керездин көзүнө алгач урунду. Укканы бар эле Аиданын барган жери жөнсүз болуп калганын. Аида кичинекей наристелерге тим эле үзүлүп түшөт. Бала көзүнөн учуп жүргөнүн анын көз карашы эле билгизип турат, баам салып караган кишиге. Андан дагы тили ачуу кайын энесинин "туубас" деген сөзү кулагына сиңип, ошол орой сөздөн кутулуу үчүн, үмүтүн жандырган Бүбүайымга келгенин тасмал четинде айтып олтурду. Керез билимге катуу канган үчүнбү, көзү ачык, бакшы дегендерге такыр эле ишене бербеген жайы бар. Бирок ушул саам Аиданын айткан сөзүнө муюп, сөз кошту.
-Эгер ал аял ишенимдүү айтса анда барып көр. Менин дагы бир таанышым доктурдан пайда болбогон соң, көзү ачыкка барып жүрүп төрөп алды. Балким шыпаасы тийип калар. Аңгыча эле сырттан Эрмат кирип келип калды. Жездесин көргөндө Аида ордунан тура калып учурашты. Эрмат дагы алгач эле:
-Ой, Аида эмне мынча арыктап кеткенсиң, эмне ооруп жүрөсүңбү? - деди. Ооба, көңүлү тынч эмес, санаа чеккен адам, алгач көргөн адамга илдетке кабылган адамдай көрүнөт эмеспи. Аида дагы чынында эле Эрматтын көзүнө ушундай бир аянычтуу көрүнүп кеткен үчүн алгач эле берген суроосу ушул болду. Керез баштагыдай ачыла бербей, корунгансып, үнүн жапыс чыгарып:
-Жок, ооруган деле жокмун, өзүңүз жакшы жүрөсүбү? - деди. Сөз уланып чай кандай ичилип болду билбей дагы калышты. Эртеси таң эрте Аида айтылган дарек менен Бүбүайымдын үйүнө барды. Бирок көздөп келген адамы эки күндөн кийин келээрин угуп, кабагы бүркөлө түштү. Эжесинин үйүнө кайра келип, ушундай бир өзүн эркин сезип, уктаса уйкусу канбай жөн эле капастан бошонуп чыккан куштай канаты болсо каалгып учкусу келди. Ушул саам билди, бул жалган дүйнөдө калыстык жок экенин. Болбосо сүйүп, дегдеп, эңсеп, жарык дүйнөгө алып келип, багып өстүрүп, бойго жеткирген ата-энесинин тилин албай, кийинки тагдырына кол шилтеп, бир гана Касым менен бактылуу болушуна бөркүндөй ишенип тийген адамы, ушунча кыйнаарын убагында билген эмес эле да. Сүйүү учурунда барктуу, каадалуу болгону менен убакыт баарын калыстап, кимдин кандай адам экенин билгизип коёрун баамдады. Кандай татту тилек, чексиз максат менен Касымга тийбеди беле. Шаар аралап басып жүрүп, жетелешкен жаштарды көрүп, жаш кыздарды аяды. Анткени жашоонун катаал жолу сүйүүнүн күчүнө карабаган нерсе экенине көзү жетти. Ооба, бир кезде өзү дагы жаңы ачылган гүл сымал көркүнө чыгып, эркек атуунун көзүн талыткан бой мүчөсү, көзгө илинер чырайы бар эмес беле. Эми минтип суу жетпеген соолуган гүл сымал өңүнөн азып, өз жашынан алда канча кары көрүнүп, алыс жол жүрүп келген жолоочудай шаабайы сууп, күндө жатып өңү өчкөн чүпөрөктөй өңү керсары тартып, кесел адамдай көзгө көрүнгөнүн билип туруп, кысынып, басынып, жарагы өчкөн караңгы тамдай тунжурап, баягы жаш кезинде тактап айтканда кыз кезинде басып жүргөн гүлзарды аралап басып жүрдү. Ушул тагдырга кабылам деп миң уктаса түшүнө кирген эмес. Балким бала басты болсо кайын энеси мынчалык кыйнабамак эмес чыгар. Ай, таң ким билет, ага ишенип да болбойт. Балким ошондо дагы бир шылтоо таам урушуп, каарып, жемелеп жейт беле аны ачык айтып болбойт. Эки күн ушунчалык тез убакыттын ичинде өтүп кетти. Аида сааттын жебеси тогузду көргөзгөндө Бүбүайымдын эшигинин алдында болду. Бирок, али Бүбүайым келе элегин угуп, артына басты. Ойлогон ой, тилеген максат орундала берсе жашоо кандай таттуу болот эле. Тилекке каршы ар бир адамдын тилеген тилеги ойдогудай кабыл боло бербегенине Аида ой жүгүртүп басып бара жатып анализдеп көрдү. Эл ишенген көзү ачык, такыба деген молдо, эл эгеси болгон ажо, калыс деген сот алдап жатканда башка кимге ишенип болот? Дили таза, ишенчээк, баарын өзүндөй көргөн Аида турмушунда көп эле жолу жаңылды, өзүнүн ишенчээктигинин айынан. Сөздү эби менен айтып "кыйратам" - деген Бүбүайым минтип эки күндөн кийин келем деп айттырып коюп, ушунча кишини күттүргөнү дагы Аиданын ишенимине суу бүрктү. Бирок, эмнегедир көкүрөгүндө бир ишеничтин учкуну үмүтүн өчүргөн жок. Бүбүайым айтылган күндүн эртеси түштөн кийин келди. Ошко Сулайман тоосуна барып, жолдон машина бузулуп калып кармалганын айтып, актанган болду. Балким бул бир шылтоосубу ким билет. Кыскасы, күткөн адамдардын көңүлүн сындырбас үчүн айттыбы, аны такып сураган эч ким болбоду. Көп адамдардын ичинен Аиданы көргөндө Бүбүайым кабагы ачыла:
-Ой, Аида сен чын эле келдиңби?! Билем, эмнеге кечигип келгениңди. Качан келдиң? - деди. Аида үч күн илгери келгенин айтты эле. Тиги кара күчкө улуттунуп:
-Кап! Үч күнүң бекерге өтүптүр. Эми кечинде кел, сеанска. Бүгүн эртең сеанска катышасың дагы. Анан сени мазарга алып барып түнөтөм - деп, ишенимдүү айтты. Жылуу мамиле, жагымдуу сөз адам баласынын кандай көңүлүн ачат. Аида тим эле асмандан издегени жерден табылгансып, көптөн күткөн тилеги кабыл болуп боюна бүтүп калгансып сүйүнүп, изине кайтты.
Кечинде айтылган учурда кечикпей келди. Аппак кийинген Бүбүайым тим эле ак периштедей көзгө сүрдүү көрүнүп, жөн эле көптү көргөн адамдай кыймыл аракети ишенимдүү жана шайдоот. Сеанс башталган кезде свет өчүрүлүп, шам жагылды. Караңгы үйдө жагылган шам көзгө сүрдүү көрүнүп сүрдөткөнү бир тең, шамды айланып тез басып Бүбүайымдын бөлмө толо адамдарды камчы менен сылай чаап, эмдеп домдогону бир тең болду. Кеминде эки саатай убакыт чымын учса угулчудай болгон тынчтыкты бир гана Бүбүайымдын кыймылы бузганы гана болбосо, башкалар жер тиктеп, үн дебей олтурушту. Аида башка дүйнөгө түшүп калгансып, аба жетишпей абдан кыйналып кетти. Сеанс аяктаган соң, Аиданы өзүнчө алып калды да:
-Эми сен мында кал. Экөөбүз ээн эркин сүйлөшө турган сөз бар. Мен сенин өзүңө айтам дебедим беле? Кыскасы сен менин тилимди алсаң, сөзсүз төрөйсүң! - деп ишеничтүү айтты. Бүбүайымдын жасаган далалаты, боор тартып, башкалардан жакын сезгенине ыраазы болгон Аида бөксөсү толгон адамдай, кабагы ачык:
- Мен сиздин айткан ар бир тапшырмаңызды аткарууга даярмын. Эң негизгиси бала төрөсөм болду. Кайын энемдин уу сөзүнөн кутулчу кез келсе гана? Бүбүайым кабагын түйүп:
- Аида, сен кайын энеңден эч качан жакшылык күтпө. Сен бала төрөгөн күндө дагы сени жемелеп жеген адаты эч качан калбайт. Мен кимдин кандай адам экенин бир көрүп билген адатым бар. Тээ илгери, мындан жыйырма жыл мурда, Каличанын керилген келин кезинде көргөм. Азыр такыр болуп көрбөгөндөй өзгөрүлүптүр. ӨӨзүнүн оюндагынысын бербеген, кыска ойлогон, өзүмчүл аял болгонун баамдадым. Кыскасы, эгер сен ичиңе сыр катсаң, сага бир кеңеш айтам. Эгер туура баамдан кеңешимди туура көрсөң, анда дурус болмок деп сынай карады да, бирок өзү айткандай бир нерсени байкай калдыбы, бул оюнан кайтып:
-Аида, сөз менен айтпай иш менен көргөзгөнүм оң болгону калды. Кыскасы, эртең дагы сеанска кел, анан калганын убакыт таразасына койгонубуз туурабы деп ойлоп калдым. Аида, эмне болуп кетти билбей, таң калып калды. Балким Бүбүайымдын айтып берүүчүлөрү айта турган сөзүнө бөгөт койдубу же өзү бир нерсени баамдап калдыбы ага өзү так жооп таба албай, башын ийкеп жооп берген болду.
Элдер кеткенден кийин чай ичмек болуп тасмал четине олтурганда, бой денеси чымыр, өзүнөн азга кичүүрөк көрүнгөн, кара тору, көзү бакыракай, улуту башка экени сырт келбетинен билинген жигит тасмалга чогуу олтуруп, чай ичкен болуп учурун келтирип таанышкан болду. Сөзгө сараң болгону менен көздөрү ойноп турган өзбек улутунанбы же тажикпи айтор орус тилинде сүйлөп, анда санда сөзгө кошуганы болбосо, көзү менен атып карап, кызыгуу арткан адамдай бир нерседен сыр берип, кумарлуу караганга өттү. Байоо мүнөз Аида эч нерсени сезген жок. Бирок тиги баланын көз карашына арбалып, өзүн абдан абройлуу адамдай сезип кетти. Канча болду, минтип көз артып караган жигиттин көз карашына кабылбаганына. Элет жеринде күйөөсү бар келинге минтип үзүлүп түшүп, эч ким карабайт эмеспи. Андан дагы Калича менен Касымдын кайтаруусунан бошонуп, эркек аттуу менен сын көз карашта карашып, мындай абалга кабыл болгон эмес. Чай ичкени менен ою тиги балада болду. Эмнеге ага арбалып жатат өзү дагы билген жок. Акырындык менен экөө көз караштар менен тымызын сүйлөшкөнгө өтүштү. Бир кезде ӨӨзгөн күрүчүнөн басылган этүү аш, буусу көтөрүлүп басылып келди. Тамак алдыга келгенде Бүбүайым сөз улаган болду, эч нерсени байкабаган адамдай болуп:
-Аида, сен бүгүн үйүңө барып түнөп кел. Эртең үйүңдөгүлөргө ачык айтып эскерт "мени күтпөгүлө, ал жакка жатып калам" - деп. Болбосо сарысанаа болушат. Сени бул бала машинасы менен жеткизип коёт. Эч кам санаба. Ар бир иштин жана айтыла турган сөздүн дагы учуру келет. Баса эртең сени, менин бир жакшы тааныш врачым көрүп, сага так диагноз коюп берет. Ошого жараша ишти баштайбыз. Эртелебесек кайын энең менен күйөөң жаман ойлоп калышы толук мүмкүн.
Аида башын ийкеп макул деген болду да, анан эмнегедир тиги бала менен эркин сүйлөшө турган кез алдыда экенин билген соң, ою алагды боло түштү "Эмне деген сөздөрдү сүйлөшөт болдук экен" деп. Ан сайын тиги бала көзүн албай тиктеп жылан койду арбагандай арбап баштады. Бирок анын көз карашы, ички оюу таза экенин жүрөгү сезди. Анткени Бүбүайым турганда ал жаман ишке барбайт деген ойдо болду. Тамак желип болгонго чейин оозго илине турган сөз деле болгон жок. Бирок, бул олтуруш Аидага абдан жакты. Сезимдер менен гана сүйлөшкөнсүп, тынч тамак ичилгени менен Аида өзүн абдан жеңил, эркин алып олтурду. Бүбүайым көптү көргөн адамдай төрдө өзүн сөөлөттү алып олтуруп, көзү менен гана белги берип турду "тамакка карагыла" - деп. Жардамчы келинди кошкондо тасмал четинде алтоо болушту. Жашы жетимиштен өтүп калган кемпир жана анын жаш келини бул жердин билермандарындай кенен кулач жайып олтурушканы менен сөзгө аралашпады. Анткен менен ички ойлору таза адамдардай байкалды. Бүбүайым алар менен бир тилекте экенин, сөз арасында кыска сүйлөп билгизгендей болду.
**************
Баардык жерде адам баласынын баркы көзү жокто билинет эмеспи. Андан дагы уруш-талаш болгон күндө да, үй бүлөө үйдө толугу менен болгонго эмне жетсин. Аида кетип калганы, бул үйдүн жанып турган жарыгы өчкөнсүп, эне-бала баштагыдай бири-бири менен жакшы маанайда сүйлөшпөй, кабактары салыңкы. Бала болобу, чоң болобу негизи эле жүрөк тартылуусундай күч жок. Касымдын жүрөгүнө Аида кетип калганы, кусалыктын учкуну уялады. Аиданы сагынып, аны дале болсо сүйөрүн сезди. Ага үйлөнгөнү эмнеге анын кадырын билбей жүргөнүнө таң берди. Тээ илгери кайсы бир акылман айткан тура "жанымда жүргөн туугандарыма жана этимди көргөн аялыма баркым жок" - деп. Анысыңары Аиданын дагы баркы жана анын үйдөгү орду эми гана билинип, өтүп жаткан күндөр өзгөчө Касымга көңүлсүз сезилип, күчүн ичимдиктен чыгарды. Ичимдик ичкенде аз да болсо ичтен жеген санаадан алыстап, телегейи тегиз болуп калат. Ал эми күйөөдөн жаш калган Калича жашы улгайган сайын калыстыктан тайыганын, келини кетип калганы байкап, ичинен өкүнгөнүн сыртка чыгарбаса дагы, көз карашы билгизип турду. Келини кетип калганын кошуналары айтырбай билгендери менен, ооздору батып айта алышпаганын Калича сезди. Бирок сыр беребегенге аракети күч. Канчалык өзүн кыйын жана акылдуу сезгени менен кадырына доо кеткенин билип, баштагыдай чапчаң боло албай, тайсалдап калды. Күндө жалгыз ишенген уулу кызуу келет. Ага канчалык айткан менен кулагына эч сөз кирбеди. Мас абалында жүрөк ооруй турган сөздөрдү айтып, көңүлүн сындырат. Уулунун бул кылыгы барган сайын күч алып, акыркы кездерде ага сөз айтпай да калды. Касым чыр салып жатып уктаганда гана аны кандай азап менен багып чоңойтконун эстеп улутунуп, бир кезде тилек кылган кыялдары ишке ашпай калганына ичинен сызып, ич күптүүсүн сыртка чыгара албай ойго алаксып келет.
"Жел эзсе көк шибер көйкөл болот, бөпөлөсө ак туйгун үндөкө конот" - дегендей, өң десе өң, иш билги, жоргорку билими бар, көксөп күткөн келининин көңүлүн таап, аны үндөккө кондура албаганына бир өкүнсө, жалгыз уулу тигинтип көчө алкашына айланып бара жатканы кантип энени санаага салбайт. Адатынча жер тиктеп, бир келген жашоодогу басып өткөн жолун көз алдынан чуурутуп өттү. Баарына бир гана энесинен оогон сөз жебеген сапаты, урушчаактыгы, сабыры жоктугу, кыска ойлогону себеп болгонун моюнга алып турду. "Колунда жоктор тыңыраак бата дагы кыла албайт"- дегендей, келин алгандан бери эл чакырып конок күтпөгөнүн эстеп, Калича үйүнүн ичин бир сыйра карап алды. Ушул жашка чейин аянычтуу көрүнгөн Каличаны учурда, эч ким аябай да калган. Анткени кайда барбасын наалып-напчып сүйлөгөн сөзү кыска чөйрөсүнө маалым болуп калган. Кимдин-ким экенин анын жасаган ишинен улам билүүгө болот эмеспи. Калича чынын айтканда тили менен гана иш бүтүргөнү болбосо, көк ийнени көчүгүнөн түртүп көргөн жан эмес. Болбосо эски болсо дагы үй ичинде туш кийиздер илинип турат эле го. "Эң жакшы музыка эле тынчтык" - дегендей, келини кетип калганы Калича тынчтыкты эңсеп калган. Анткени кеч кирди Касымдын кызуу абалындагы чырына эне болгон үчүн гана чыдап келет. Болбосо мындай абалга эч ким чыдамак эмес.
Эртең менен жалгыз чай ичип олтурганда сырттан мектептин завучу Ырыскелди келди да. Ооз учунан салам берип:
-Эже, Касым кайда? - деди. Кечинде ичкиликтин түбүнө түшкөнчө ичип, катуу кызуу болуп келип, таттуу уйкуда жаткан уулун жашырып:
-Кечээ иштери менен кетип алигиче үйгө келген жок. Эмне болду? - деди, калпы чыгып калчудай сөздү башкага буруп. Ырыскелди кабагы салыңкы:
-Эже, иштесе иштесин же ордун бошотуп берсин. Иштейбиз дегендер чачтан көп. Акыркы кездерде ишке келгени азайды. Директор чакырткан, иштер бар эле. Калича калдастап калды:
-Келсе сөзсүз айтам. Анын келчү деле кези болуп калды. Мен ага эскертем. Аялы шаарга кеткени ноктосу бошонгон аттай, кечигип келчү болду деп актанган болду. Завуч туура айтылган сөзгө ыкшып күлүп:
-Аял жок баардык эркектер ушул эмеспи. Калп айткан менен болобу эркектерди аялдар теске салып турат. Бул эми табихаттын жана жашоонун жазылбаган мыйзамы эмеспи. Тиги ажону деле элдер "аялы жок эч иш бүтүрө албайт" - деген каңшар айтыла калып жүрбөйбү. Ал эми кең Россияны башкарган Горбачёв дагы кайда барса аялы жок эч жакка барчу эмес эле го-деп сөз улады, завуч күлгөн болуп:
-Эмне эле Касым чектен чыгып бараттат десе, ноктону кармаган Аида жок турбайбы. Эми мен түшүндүм. Эже, сөзсүз айтып коёңуз, мектепке тез келсин. Директор дагы акыркы кездерде Касымды сын көз менен карап калды. Жеп жаткан нанынан ажырап калбасын. Бул сөздөрдү укканда Каличанын көздөрү бузулуп, өңү өзгөрүлө түштү. Ырыскелди кеткенде, Каличанын оюу алагды болуп, ичкери кирип, таттуу уйкуда жаткан Касымды ойготту:
-Касым, тур, сени завуч издеп келип кетти. Ишиңе барчы, директор күтүп жатыптыр. Башы бөлүнүп кетчүдөй сынган Касым эптеп жаздыктан баш көтөрүп:
-Саат канча болду? - деген болду. Кечинде эмне кылып, эмне сөз сүйлөгөнүн билбей, башын жерге салып жылуу төшөктөн туруп, сыртка чыкты. Ажааткананы көздөй басып бара жатып, кыжаалат болду "кап, кечинде дагы эмне кылдым болду экен" - деп. Бул эми ичимдикке берилген кишинин күндө эртең менен чеккен санаасы экенин ким тана алат. Булганыч эч жерге батпайт жана былгып чыгып калат эмеспи. Күндө таң атканда өзүнө "эми ичпейм" - деп убада берген Касым, кеч кирди эле кайра ичип алганы адатка айланып бара жатканын мына бүгүн сезди. Анткени эч качан завуч минтип издеп келген эмес. Андан дагы кечинде иштен эрте кетип калган болучу. Баарынан дагы жаңы ишке келген Аксия менен мамиле түзүп жүргөнү болгон иштешкендерине маалым болуп, кечинде экөөнүн сүйлөшүп турганын директор көрүп калганын эстеп, өзүнөн-өзү уялып кетти. Эми кантип директордун бетин карайт. "Уят өлүмдөн катуу" - дегендей, үйдөн чыгып, мектепке барганга буту тартпай, көчөдөгү элдин баары өзүн карап тургансып, кадамын эптеп эле шилтеп бара жатты.
Аксия турмушу бузулуп, бир кызы менен ажырашып келип, таяэжесинин үйүндө туруп, ишке орношкон. Аны менен эмне болуп мамиле түзүп калганын өзү да билбейт. Бирок, Аида кеткенге чейин мамилеси алыс эле болучу.
Бир күнү Аксия иштен чыгып келе жатып Касымга кайрылып калды:
-Касым, эгер убактың болсо үйгө барып жардам берип койчу. Үй акилейин десем, шкафтарды жылдыра албай жаттым эле. Таяэжем жокто ага билгизбей үйдү ирээтке келтирип алсамбы дегем. Аида кетип калып, алты айласы кетип кыларга иши жок жүргөн Касым "кым" дебей макул болуп, ал күнү түн ортосугна чейин жардам берип, ошол күнү алгачкы чабуулун жасаган. Бир базардан өтүп калган Аксия көп каршылык кылбай эле макул болуп, беттери ачылып, таң атканга чейин кумарга батышып, эртең менен таң сөгүлүп келе жатканда экөө араң ажырашкан болучу. Ошондон кийин эле абдан жакын болуп кетишти. Бир жагынан эркектик кылып, жардам бергениненби айтор Аксия каршылык көргөзө албай боюн арнап коюп, акыры минтип былык иштери элге тарап кетти. Эгер Касым кызуу абалында анын жашаган үйүнө барбаган болсо, жабылуу аяк жабылуу бойдон калат беле... Ичип алганда адам баласы "уят" эмне экенин билбей калат эмеспи. Касым акыркы кездерде ичимдикке берилип, эмне кылганын соо кезинде угуп алып, таң калып жүрдү. Кечинде Аксия өзү жолугуп "мени ал, болбосо мындан кийин жаныма жакын жолобо. Таяэжеме дагы уят болдум" деп айтып жатканда, мектептин алдынан директор көрүп калган. Чынында эле Касым, Аксияны жактыра бербейт, бирок эмнеге ага жанын койбой барып жүргөнү бир гана иш үчүн экенин өзү тана албайт. Эгер ага үйлөнүп алса, анда апасы экөө такыр батыша албасын жакшы билет. Негизи эле Аксиянын мүнөзү абдан оор. Ошол себептен күйөөсү менен ажырашып кетсе керек. Анткен менен эркек адамды аял, кумар оюну жана ак денеси менен азгырат эмеспи. Ошол нерсе гана Аксияга жакындатып жүргөнүн ишине келе жаткан Касым моюнга алды.
Бир жагынан былык иштери элге билингени аз келгенсип, тигинтип директор өз көзү менен көргөнү Касымды абдан уялтып, болгон дити "эми кантип директордун бетин карайм жана эмнеге чакыртты болду экен?" - деген ойдун кучагынан бошоно албай келе жатып, мектептин астанасын аттады. Эх, ушундан көрө Касымга жер жарылып кирип кетсе, ошол жеңил болмок. Башын жерге салып, илкий басып келе жатканын көргөн сантехник Нуркалый кытмыр күлүп салам берип, учурашкан соң:
-Касым, эмне мынча жүдөп. Кечинде катуу ичкенсиң го? Жок дегенде чачыңды тарап алсаң боло. Сени Аида эле киши катарына кошуп жүрсө керек. Күзгүгө каранып алчы. Директор сени күтүп жатат. Касым эми гана эсине келип бери жактагы күзгүгө каранып, өзүнүн кейпин көрүп чочуп кетти. Кийими кир, чачы өскөн, Нуркалый айткандай жүдөп калганын билип, чөнтөгүнөн тарагын алып чыгып чачын тараган болду да, анан Нуркалыйдан сурады:
- Директор эмнеге чакыртыптыр? - деп. Нуркалый тамашалап:
-Аксия менен жүргөнүңдү токтот! - деп айтканы чакырса керек. Касым кабагын түйүп:
-Эмне деп жатасың? - деди эле Нуркалый:
-Ооба, жаңы эле тиги Аксиянын таяэжеси келип кетти. Балким арызданганы келсе керек. Бул сөздү укканда Касымдын баштагыдан кабагы бүркөлүп:
-Чын элеби? - деди эле Нуркалый:
-Ооба, он мүнөт эрте келгениңде, аны менен жолугушуп калмаксың. Ичкенди билиш керек. Билбегенден кийин ичпеш керек болучу. Сенин Аксиянын үйүнө барып чыр салганыңды жаамы журт билет. Андай ишке барган соң, ичип алып эмес, соо кезде барыш керек болучу. Кечээ көрдүм апаң менен Аксиянын таяэжеси Балкыбайдын күркөөсүнүн жанында көпкө чейин сүйлөшүп турушканын. Балким ал апаңа арызданды болуш керек. Эч ким билбейт деген кыңыр иши апасына жеткенин угуп, Касымды өлбөгөн төрт шыйрагы калды. Эгер Нуркалый мунун баарын айтпаган болсо, эч нерсени билбейт эле. Кабагына кар жаап, бир жагынан башы ооруп директордун эшигин кагып, ичкери кирди. Жапалдаш бойлуу, сыйда кийинген, маңдай чачы түшкөн, көзү жүлжүгүрөөк, мурду чоң, бет түзүлүшү жайпагынан келген, алгач көргөн кишиге сүрдүү көрүнгөн, тартипти баарынан жогору койгон Ашым Бердиев анча жактыра бербеген түр менен кабыл алып, олтур дегенсип белги берди. Ушул жашка чыкканы азыркыдай коркуп, эч кимден сүйрдөбөсө керек. Ушул саам Ашым көзүнө бир укмуштай сүрдүү көрүнүп, аны тик карай албай, эки алган окуучудай жер тиктеп олтурганда, директор жазып жаткан кагазын токтотуп:
-Касым, деги сенин иштейин деген оюң барбы? Кечинде эмне эрте кетип калдың? Бул жерди мектеп дейт. Кыз менен жолугушчу жерди тапкан экенсиң! Силерди көргөн окуучулар эмне деген ойдо калат? Ушул сөздөрдү угам деп өзүн даярдап келген Касым башын жерден албай, эч үн деп жооп айтпастан жердин катуулугунан гана чыдап олтурду. Бир кезде директор кабагын түйүп:
-Экинчи сен тиги Асиянын үйүнө барып тынчын албагандай бол. Таяэжеси таң эрте арызданып келсе, сен эмес мен уялдым. Ушул эми туурабы? Анан бүгүнтөн баштап ичкениңди кулагым чалып, көзүм көрбөсүн. Сенин чектен сырт иштериңе ушуга чейин атаңды көрүп калган үчүн көз жумуп келдим. Эми мындан кийин кайталанбагандай болсун! Баса эртең завуч менен шаарга барып болгон керектүү нерселерди алып кел. Комадировкага акчаны бухгалтер жазып берет. Ал жактан дагы ичип жүрүп албай, жакшы барып келгендей бол. Сенин ордуңа көз арткандар толуп жатат, байка! - деди да, сөз бүттү дегенсип белги берди. Касым кабинеттен уятынан араң чыкса, сыртта дагы чоочун эки аял кесек күтүп олтурушуптур. Алар чоң окуу жайды жаңы бүтүргөн кыздарына иш сурап келгендер болсо керек. Касым өзүнүн кабинетине келип, таң калды. Анткени Аксия менен мамиледе болуп жүргөнүн жан адам билбейт деген ойдо болуп жүргөн. Эми аны Аида укса кандай абалда калат болду экен. Бир балээден эптеп кутулса, андан чоң балээ алдыда күтүп турганын билип, башын мыкчыды да, адатынча "эми ичкиликти такыр оозума албайм" - деп өзүнө-өзү дагы убада берди. Анткен менен директор жакшы эле жетишээрлик кылып айтты. Директордон ошол сөздү уккандан көрө, башка дүйнөгө кайып болуп учуп кетсе, алда канча жеңил болбойт беле... ким билет? Ооба, ичкиликтин кылган иши качан жакшы болчу эле. Бирок, ичкиликке жеңилип, жетегинен чыга албай калган кишилер үчүн убада бергенден жана таттуу тостторду айтып, өздөрүн баатыр сезген, ойго келбеген шылтоо айткан, ар кимден кагуу жеп адамдык сапаттан алыстаганы билинбегени менен узун сөздүн башын козгойт. Касым түшкө чейин кабинетинен чыкпай кагазы менен алек болуп шаарга баруу үчүн кам көрдү. Бирок, ичимдик деген азгырык мээсине кыттай орноп, бирдеме ичсе эле баары калыбына келчүүдөй сезиле берди. Ушул күнү билди чындап аракка азгырылып бара жатканын. Болбосо болгон дитин ичкилик ээлеп албайт болучу. Орозо кармаган адам кечтин киришин кандай кааласа, Касымдын напсиси ичимдикти ошондой каалап, жүз грамм көзүнөн учуп турду. Бир кезде өмүрү келбеген апасы кабинетине кирип келгенин көрүп, таң калып калды. Эшик ачылганда ойлогон болучу "узатуучулар келди го" - деп. Анткени кулагы чалып калган эле, аз убакыт илгери "завуч менен завхозду узатабызбы" - деген сөздү. Ичкилик ичкен кишинин болгон дити, ойлогон оюу бир гана кекиртектин азабы болуп каларында эч шек жок. Ошол себептен айтылган кеп бар эмеспи " жүз граммды өзүң тап, калганы өзү табылат" - деген. Калича кирип келип эле:
-Балам, мени кечирип кой, тынчыңды алганым үчүн. Сени менен ушул жерден эле сүйлөшпөсөм, башка учурда сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк жок болуп, үйгө соо келген абалың болбой калбадыбы деп айтып, маанилүү сөз айтчудай тамагына келген шилекейди жутуп алып:
- Кечээ тиги жаңы мугалим болуп келген келиндин таяэжеси көчөдөн мага жолугуп, арызданды. Эмне ошол келинге үйлөнгөнү жатасыңбы? Сенин ичиңе ичимдик кире электе сурап билип алсамбы деген ойдо келдим. Деги мени карыганда куураттың го. Аида болсо дагы башкача болот эле. Эми мага баары дайын болду. Көрсө сен үкүнүн уясын таап алып, акчаңды чачып жүргөнүңдү дагы уктум. Эртең менен кошуна жашаган Кеңештин келини дагы айтты, сенин бузулуп жүргөнүңдү. Жаш келиндерден бери кеп болгонуң уят. Ушул сөздөрдү кулагым чалбаса болбойт беле. Мени эмне минтип тирүүлөй өлтүрдүң. Мен көчөгө басамбы деги? Бул кылыгың Аидага жетсе эмне болот? Ичимдик ичүүнүн амалын ойлоп олтурган Касымга, бул сөздөрдү угуу эстен тандыра урган рингдеги боксёрдой абдан катуу тийди. Оюу алагды болуп, апасынын айткан сөздөрү кулагына кирбей калды. Кулагы тунарып, көзү караңгылашып, башы айланып кетти. Мына ичкиликтин бир гана терс сапаты жана тийгизген кесепети. Алдыда дагы эмне деген кулак угуп көз көрбөгөн окуя күтүп турганын али Касым билген жок. Дароо көздөрү бакыракай, музоо кирпик, бото көз Кеңештин келини көз алдына тартылды. Ал келин дайыма салам берип, сыпаалыгынан жазбайт. Ошол жаш келинден бери жоругу жеткен соң, сөзсүз кайын журтуна, алардан Аидага жеткенин эстегенде денесине кара чаар жылан оролуп алгансып, ичиркенип кетти. "Жаман кабар аткан октой, жакшы кабар ташбакадай жетет" - дегендей, Касымдын жаман адаты көпчүлүккө эбак жеткенине дагы бир жолу таң берип, апасынын берген суроосуна жооп бермек турсун, кайда олтурганын баамдай албай олтурганда, апасы:
-Ой, Касым дейм, деги сага эмне болду? - деп, суроолуу карап, баятан бери айткан сөзү жөн гана абага айтылганын билип:
-Сен, кара жерге кир! Ичимдиктин кулу болуп, мунун кулагына сөз дагы кирбей калган тура. Сени шаарга алып барып дарылантпаса болбой калган турбайбы! - деп, сыртка чыгып кеткенин Касым элес албай, талмасы кармаган илдет адамдай бир жерди теше тиктеп олтура берди. Канча олтурганын өзү дагы билбейт, жаңы гана жазып жаткан кагазына үңүлгөндө эми Аксия кирип келип, эч сөзгө келбей жакадан алды да:
-Сен эмне дедиң эле, акмак?! - деди.
Ооба, кечинде ичип олтурганда мастыгы менен тилине алы келбей мактанып, Аксия жөнүндө ашыкча сөздөрдү айтып жатканын эстеди. Бирок "эмне" деп айтканы эсинде жок. Ошол сөз Аксияга жеткенин билип, дагы үнсүз ага тигилди.
Көздөрүндө музактыктын белгиси билинип, колунан келсе жеп жиберчүдөй караган Аксия көзүнө жомоктогу мастан кемпирдей көрүнүп, ушул аял заты менен кантип өбүшүп, жанын койбой кумарга батып жүргөнүнө таң калды. Анткени ачуусу чектен сырт келген адамдын ырайы көзгө суук көрүнүп калат эмеспи. Аксия дагы жеп жибергенден кайра тартпай, абдан ачууга алдыргандыктан денеси калтырап, көздөрү чакчайып, өңү бузулуп, жүзү каралжын тартып, моюнундагы күрөө тамырлары көөп, күч менен дем алгандыктан мурдунун таноолору көзгө башкача көрүнүп, чачы саксайып, жакасынан кармаган колдору карышып калганбы абдан күчтүү сезилип, Касымдын алты амалы кетип, тигинин колунан бошонууга аракет кылып:
-Аксия эсиңе келчи!? - деген болду, коркконунан көздөрү алаңдап. Денесин калтырак баскан Аксия үнүн жагымсыз чыгарып:
-Сен, менин сойкулумду кайдан билдиң, акмак! Мен сага сойку болуп калдымбы? "Сени сүйөм, сени алам" деп жалынбадың беле? Бул айтылган сөздөрдү сырттан кирип келген завуч угуп, кайра артка тартты. Аны көргөн Касым дагы ыңгайсыз абалда калды. Аксия бир кезде гана өзүнө келип:
-Сен катындан жаман ушакчы турбайсыңбы? Мен, сени чыныгы жигит экен десем, тилиңе алың келбеген, сайпана жан экенсиң. Атанын тарбиясын албай ушакчы энеңдин тарбиясын алганыңды өзүң билгизип койдуң, акмак! Сага ишенген мен дагы акмак экенмин. Уктум эле, сени жана апаңды адам кылып жүргөн аялың Аида экенин. Экөөңөргө түткөн Аидага баа бердим деп, ачуу тилин агытып Аксия чыгып кетти. Ушул сөздөрдү уккандан көрө жаны үзүлүп кетсе кана! Кайда барса Аида жөнүндө жакшы сөздөрдү угуп, Аксия айткандай анын арты менен адам болуп жүргөнүн дагы бир жолу сезди. Анткени Аида кеткенден бери эмне болду? Баарына калыс ой жүгүртүп, көчө алкашына айланганын дагы сезип, башы ооруп кетти. Аз убакыт илгери эле ичкилик ичкиси келип турган Касым, эми анын атын уккусу келбей кагаздарын жыйнап, үйүн көздөй шаабайы сууп, сокого түшүп чарчаган жылкы баласындай илкий басып жөнөдү. Бул эми чектен сырт капа болгон адамдын белгисин берип турганын эч ким тана албайт эле. Аксиянын чыр салып кеткенин ал жердегилер угуп билип, Касымга эч ким сөз айта алышкан жок "кетпей тура тур" деп. Атайын алынып келинген азык түлүк чакан тасмалга жайылганы менен Касымдын ырыскысы жетим калды. Анткени узатабыз деп алынган тама-аштын күткөнү, жакшы ой-тилек менен даярдык көргөн кесиптештери жасалган тасмалдын четинде завучка каалоо-тилек айтышканы менен Касым жок даамы жок тамакты жегендей болуп калышты. Анткени жеке эле мейман күткөндөр эле эмес, тасмал дагы адамдардын толук болушун каалайт эмеспи.

#6 05 June 2014 - 23:40
************
Кечки Бишкек. Көчөдө жол талашкан машиналар. Көз уялткан түнкү шамдар. Тынымы жок угулган машиналардын сигналы, түтүн жыттанган аба, ары бери ирээтсиз басып жүргөн адамдар Аиданын көзүнө бир башкача көрүндү. Машина айдаган алиги жигит кызыл күйгөн жол чырагына токтогондо, күтүүсүздөн эле:
-Аида, ушул жашка келгени сиздей сулуу жанды көзүм чалбаптыр, - деп айтып, машинаны ордунан жылдырып, күзгүдөн карап көзүн кызып койду. Аиданын кулагына бул сөз абдан жакшы угулду, бирок эч сөз айтып кайрыган жок. Анткени анын жактырып калганын буга чейин эле көз карашынан улам билген. Андай көз караштарды кантип эле кыз-келиндер көз жаздымынан кетирип калсын. Дагы жакшы жана жагымдуу сөз айтса экен деп ичинен тиледи. Көңүр үнү менен бир кезде тиги бала:
- Аида, макул көрсөң кечки Бишкекти кыдырып келбейлиби? - деди. Асманда ай каалгып жылып баратканын карап туруп, Аида көңүлү суз:
-Жок, мен үйгө эрте барышым керек. Үйдөгүлөр күтүп олтурса, менин түн катып жүргөн жоругум кантип болсун. Шарията деле айтылат эмеспи "күйөөсү бар аял затына көз артпа" - деген кеп. Менин никелүү эрим бар. Анын алдында ак болгонум жакшы. Билем эркектер эри бар аял затын убактылуу сүйүп, кол арчыдай колдонгусу келээрин. Сен мени жаман жолго азгырба, кооз сөздөрүң менен. Мен анча-мынча жеңил ойдон алысмын.
Тажимурат Аидадан мындай таасын сөз угам деп ойлогон эмес. Бирок өзү айткандай көзүнө Аида үрдүн кызындай чектен сырт сулуу көрүнүп, көңүлүнө жагып калганын сөз менен жеткизип айта албай турду. Бир жагынан Аида дагы абдан туура сөз айтты. Машина айтылган дарекке келип токтогондо, Тажимурат адатынча кумарлуу көз карашы менен карап:
-Аида, чынын айтсам сендей сулуу жок бул дүйнөдө. Жакшы жатып жай тур. Эртең жолугабыз деди эле, Аида жагымдуу үнү менен:
-Жакшы жетип ал! - деп, машинанын эшигин жапты да, кылыктана басып ичкери кирип кетти. Тажимурат узата караган тейде "аттиң, ушундай сулуунун колун кармап койгон эле кандай бакыт" - деп кобуранып алып, машинасын ордунан жылдырды. "Бирөөгө кор дүйнө, бирөөгө зар дүйнө" дегендей. Касым менен Каличага кор болгон Аида минтип шаарга келип эжесинин эски кийимдерин кийип, жасанганы көзгө укмуш эле сулуу көрүнүп калды. "Адамдын көркү чүпөрөк" - дегендей, жарашыктуу кийим чынында адам баласын, өзгөчө аял затын кандай көзгө көркөмдүү көргөзүп коёт.
Аида сырттан кирип келгенде үйдө айылдан келген жеңеси Ибарат бар экен. Ибарат кичине дүкөнүнө товар алганы келген болучу. Чай алдыга келгени ортодо чоң сөз башталды. Аида эч жаман ой, оюнда жок сурап калды:
-Тиги менин кайындарым жактан кабар ала алдыңызбы? - деп. Ушул суроонун берилиши чоң талкууну жана жагымсыз сөздүн чыгышына себеп болду. Ибарат берилген суроого ысык чайдан ууртап, оозу бошогондо:
-Аида, эми сенин колу-жолу нак бошоду. Тиги эриң Касым, Аксия деген жаш келин менен жүрүп алганы жаамы журтка билинип, көчөдө экөө ээн эркин эле басып калышты. Мурдагы күнү апам экөөнүн ээрчишип бара жатканын өз көзү менен көрүптүр. Ал турсун Касым сен кеткени ичкиликке берилип эмне сүйлөп, эмне иш кылганын билбей, кайын энеңдин алты айласын кетирип жатыптыр. Көрсө аларды сен эле киши катарына кошуп жүрсөң керек деп дагы бир топ сөздүн башын айтып жиберди. Касымдын жоругун жана ал жөнүндө жагымсыз сөз укканда Аида абдан жаман болуп, өңү өзгөрүлүп кетти. Сүйүп-күйүп тийген Касымдан мындай пастыкты күткөн эмес. Ал турсун оюна дагы албаса керек. Ушул саам кызгануу сезими козголуп, тээ илгерки кыз-жигит болуп жүргөн кездерин эстеди. Анда Касым өзү айтпады беле " Мен сага үйлөнүп калсам, эч качан жаман жолго барбайм жана сенин көзүңө чөп салбайм" - деп. Ошол убадаларынын бири дагы аткарылган жок. Бир кезде сөзгө Керез кошулду:
-Элет жеринде эл аз болгон үчүн ушак сөз абдан тез угулат. Андай сөз улана турган болгон соң, кызык эле айылдыктар. "Абирим ачылып калат" - деп ойлошсо болмок. Эми Касым сенин жана биздин жүзүбүздү кантип карайт. Баса анан ал кызга Касым үйлөнгөнү жатыптырбы? - деп сурады эле Ибарат:
-Балким үйлөнүп калышы дагы толук мүмкүн. Бирок Калича кудагыйга бир гана Аида түтөт. Ким билет эгер Касымдын ал алган аялы төрөп түшүп берип калса, жашоолору уланып кетээр. Бул талкуу көпкө уланды. Сыртынан сыр бербегени менен Аида ичинен сызды. Ал турсун Аксияны дагы көз алдына элестеткенге да үлгүрдү. Ал жаңы келгенде колунан келген жардамын берген. Эми ошол келин душман чыгып, ак никелүү күйөөсүн тартып алганы кантип жанын кашайтпайт. Буту күйгөн тооктой ичинен сызганы менен сөз угуп олтургансыды, бирок эч бир сөз кулагына кирген жок. Жаман кабар, жагымсыз сөз, жакпаган нерсе бул жашоодо кандай адам баласына зыянын тийгизет. Аида сөз кезеги келгенде үнүн болор болбос оңдоп:
-Эже, мен эртең үйгө келбей калышым ыктымал. Анткени тиги мени көргөн эже мазарга түнөйбүз дедиби, айтор үйүңө дайыныңды айта кел, алар сарысанаа болбосун деди. Баса мен ал эжеге абдан ишенип калдым. Болгон аракетин жасап жатат. Эртең менен мени өзүнүн ишенимдүү аялдарды көргөн врачына көргөзөт. Анан ал кандай диагноз коёт, ошого жараша иш кылат го. Керез сөздү кубаттап:
-Анда абдан жакшы болот экен. Врачтын аралашканы адамдын ишеничин туудурат. Илимге ишенсе болот, анан көзү ачык, молдолордун " сүп-сүп"- дегенине кантип ишнүүгө болмок эле. Сөздү Ибарат алды:
-Эже, мен кээ бир көзү ачыктарга кадимкидей ишенип калдым. Менин аталаш жеңем бар. Ал кеминде тогуз жылдан ашык убакыт төрөбөй жүрүп, Аида көрүнүп жаткан аялга барганы боюна бүтүп, азыр баласы экиге чыкты. Азыр дагы боюнда бар. "Бала, баланы ээрчитип келет" деген дагы чынбы деп ойлоп калдым. Эми сөздүн нугу көзү ачыктарга ооп, Керез:
-Баса, менин бир таанышым бар. ӨӨзү көп жылдан бери врач. Көзү ачык дегенди жети желмогузундай көрчү. Анан апасынын башы шишип кетти, жара чыгып. Доктурдан эч жардам болбой калганда Көк-Жар жаңы конушундагы Кундуз деген келинге барып жүрдү. Ал келин өзүнүн касиетинин күчү менен тиги эженин апасынын башында экинчи баш болгон, ичи ириңге толгон шишикти колу менен эле кезип алып салып, азыр эженин апасы кадимкидей жыргап эле калбадыбы. Ал апа керек болсо корунуп автобуска дагы түшө албай калган болучу, башындагы шишиктин сасык жытынан. Алты айдан ашык жакшы эле кыйналды, байкуш апа. Эми врач эже дагы ал Кундуз деген келинге ичинен ыраазы болуп, кыргызчылыкка ишенип калды. Сөз ушул жерге келгенде сырттан Эрмат келип калып сөз үзүлдү. Негизи эле аялдардын башы кошулду узун сөз уланат эмеспи. Аида өзүнүн бөлмөсүнө кирип кетти дагы, диван кроватка көмкөрөсүнөн жаткан калыбында Касымды эстеди. Эми аны ушунчалык жек көрүп, ал үйгө бут таштап барбаска өзүнө-өзү ант берди. Бул эми адам баласынын капа болгондогу адаты экенин ким тана алат.
Таң атканга чейин уйкусу качып, Аида турмушка чыккандан берки жашоосун көз алдынан өткөрүп жатып, калыс ойлоду. Бул жалган дүйнөдө адилеттик жок экенин. Анткени, болгон дитин берип келиндик кызматын кылып кайын энесине жакпаса, ак сүйүүсүн арнап, болгон кыял жоругуна түткөн күйөөсү тигинтип ак никени булгап, башкага алмашканына жини шакардай кайнап, улуттунуп алды. Ооба, эгер аз болсо дагы адилеттик болгондо, Аиданын турмушка чыккандан берки жасаган далалатынын акыбети кайтат эле го? Бир гана айыбы бала төрөбөгөнү болбосо, Калича менен Касымдын оту менен кирип, күлү менен чыгып, алган айлыганан бери ээ боло албай, канча кыйналды. Эми "туубас" - деген сөздөн кутулуу үчүн төркүнүнөн акча алып келгенин жашырууга негиз жок. Аягы жок ойдун кучагынан чыга албай жатып эмнегедир Тажимуратты эстеп кетти. Анын жагымдуу айткан сөзүнөн өзүнө канат байлап, келечеги жок ойду ойлогонго дагы үлгүрдү. Түнкү тынчттык өз өкүмүн жүргүзүп, Аида бул теребелди көңүлүндө жактырып турду. Ар бир адам жан дүйнөсү кыйналганда тынчтыкты эңсеп каларында эч калет жок эмеспи. ӨӨзгөчө түнкү тынчтык адамдын эс алышына чоң көмөк берет. Түнкү уйкудан калган адам, күндүз кечке уктаса дагы жакшы эс ала албайт. Эс алууга түн өзүнүн салымын кошуп келгенин эч ким таназар албайт. Анткен менен түн жашоого эс алуу үчүн керек экенин танып болбойт.
Ар кандай ойдун кучагында жатып, Аиданын башы ооруп кетти. Бул эми ашыкча санаа чегип, жагымсыз ойго кабылгандын бир белгиси экенин ким танат.
Эртеси эртең менен мурунку күнү ашыкча ичимдик ичкен адамдай Аиданын башы ооруп калыптыр. Албетте, бул таң атканга чейин уктабагандыкы жана жаман ойлор менен алек болгондун кесепети болучу. Таңкы наарга караган соң, Аида ишине кеткенсип, үйдөн чыгып, жөнөдү. Эмнегедир бул жолу Тажимуратты көрөрүн эстегенде, кабагы ачылып кетти да, ичинен ойлоп койду "чын эле аны сүйүп калдымбы" - деп. Сүйүүдөн көңүлү калган Аида бул оюнан дароо кайты. Берилип, эч кимдин тилин албай сүйүүнү бийик тутуп тийген күйөөсүнүн жоругун эстегенде "чыныгы сүйүү жокпу" - деп дагы ойлоп кетти. Тажимурат ким. "Ал жөн гана бир нерсе үчүн жасаган аракети" деп да ойлоп койду. Бир жагынан Касымга тийгени бир дагы эркек аттуу минтип кумарлуу жана берилип өзүн караган эмес. Адам баласы эч качан сезимди алдай албайт. Ошол себептен башканы ойлоюн деген менен аң сезимди ээлеп алган нерсе эч качан ээ бербей келегенин ким билбейт. Аида бара турган жерине жакындаганы кандайдыр бир күч, жакшы жаңылык күтүп тургандан белги берип, көңүлү алып учту. Астананы аттары менен эле көзү менен кимдир бирөөнү издеди. Ал ким экенин өзү билет. Бул сезим деген нерсе акылга күч бербеген неме экенин ушул саам билди. Аңгыча эле алдын тосуп алгач, Тажимурат чыкты. Ал дагы көргүсү келип, араң турса керек. Жылуу учурашкан соң, көздөр бири-бирине кадала түштү. Ушул көз карашатан айтып жеткизе алгыз бир кубанычка туш болушканын арбашкан көздөр гана айтып турду. Он беш жашар жаңы гана ууз сүйүүгө кабылган жаш кыздай Аида алсыздык кылып, жагымдуу жоодураган көзүн алгач тартып алды. Ооба, ушул учурда жашоо керемет көрүнүп кеткенин тана албайт эле. Эмнеге мынча Тажимуратка арбалып калды. аны өзү да анча таназар алган жок. Кара күчкө кош көңүл учурашкан болуп, ичкери кирди. Бүбүайымдын кабагы ачык экен. Жакшы маанай менен кабыл алып:
-Аида, азыр тиги врач келип калат. Ага чейин мында олтура тур. Баса, кайын журтуңдан кабар барбы? - деп, суроолу карап калды эле, Аида берилген суроого өңүн бузуп, үнүн жогору чыгарып жооп берди:
-Бар, угушума караганда Касым башка аял алганы жатса керек. Биздин мектепке жаңы келген мугалим келин бар болучу. Ошол келинди алганы жатканын кулагым чалды. Азыр эркектерге деле ишенип болбой калбадыбы - деп, ашыкча сөз айтып бара жатып, сөзүн чолок бүтүрүп өзүн кармап калды. Бүбүайым шыпшынып:
-Мейли, өздөрү билишсин! Сендей келинди эми дүнүйөнү түрө кыдырышса дагы таба алышпайт. Адам баласы бул жалганда адашып жашаганга көнгөнбүз да. Менин баамымда алар сенин алдыңа кечирим сурап келчү күн алдыда. Сөз ушул жерге келгенде боюна каранган, жарашыктуу кийинген, арыкчырай, ак жуумалдын сулуусу, чачын кыска кестирген, жашы кырктын кырына чыгып калган аял келип калды. Учурашып ал жайды сурашкан соң эле тиги аял шашылыш экенин билгизип:
-Эже, менин убактым жок. Берчү тапшырмаңызды бериңиз, мен аткарайын дагы эрте кетип калганым оң болуп турат,- деди. Бүбүайым күлө карап:
-Бул келинди, анан дагы бир келин азыр келип калашы керек. Экөөнү караган бүгүнчө сенин ишиң. Деги качан шашпай жай жүргөн кезиң болот болду экен? - деди. Тиги аял:
-Эже, иш чачтан көп. Азыр кыз-келиндер төрөгөндөн качып, аборт жасаткан күч албадыбы. Бүгүн беш келинди чакырып койгом. Кыскасы беш бала жарык дүйнөнөгө келбей кете берет. Бүбүайым бул сөздү укканда, келме келтирип жиберди да:
-Ай, ий, деги кайда бара жатабыз. "Бирөөгө зар бала, бирөөгө кор бала" - деген ушул. Бул келин баланын үнүн укканга зар болуп жүрсө, тигилер баладан качып жатышканын карачы деп, үшкүрүнүп алды. Бул эми таза жана такыба, ыйманы күчтүү адам баласынын кейигени эмеспи.
Аиданы ички бөлмөгө алып кирип, кылдат текшерүүдөн өткөргөн соң, Акбилек Сагынбековна сыртка чыккандан кийин гана диагнозду Бүбүайымдын өзүнө айтты:
-Бул келиндин жүз пайызга мүмкүнчүлүгү бар, төрөгөнгө. Эмнеге төрөбөй жатат билбейм. Макул көрсөңүз өзүңүздүн билген ырым-жырымыңызды кылып көрүңүз деди. Бүбүайым ичинен кым эле дей түштү, өзү дагы ушул сөздү угам деген ойдо болучу. Эми калганын өзү билет. Бирок, айыбы ачылып калбас үчүн, убакыт керек экенин ойлоп койду. Анткени, Аида деле эми шашпайт деген ойго такалды. Анткени тиги жакта шаштырган Калича менен күйөөсү жок эмеспи деди ичинен.
Аидадан кийин жашы отуздан ашып калган, эткээл, көзү көгүш келген, жапалдаш бойлуу келин ичкери кирди, Акбилекке көрүнгөнү. Бул дагы Аиданын баамында балага зар болуп жүрсө керек. Врач аял кеткенден кийин Бүбүайым ачык эле айтты, Аиданы өзүнө чакырып:
-Аида, эгер сен төрөйм дей турган болсоң, күйөөң менен бир жаңсыл болуп кел. Болбосо кимден төрөмөк элең? Мен сага болгону эки гана күн уруксаат берем. Балким жарашып калар чыгарсың. Бул сөздү укканда Аида чын эле ойлонуп калды, Бүбүайым айткандай "кимден төрөйм" -деп ойлоп, алгач эле оюна Тажимурат келди. Эгер андан төрөйм десе, ал сага үйлөнөм деп чыгышы толук мүмкүн. Улуту бөлөк балага турмушка чыккысы келбейт. Берилген суроого бир топто гана башын жерден көтөрүп жооп берген болду:
-Эже, мен бул маселени үйгө барып кеңешип келип анан жообун айтам. Сизге абдан чоң ыракмат! Мага абдан жакшы көңүл бурганыңыз үчүн. Бүбүайым бир сөз айтайын деп оозун таптап барып анан өзүн кармап калды "ал сөздүн дагы айтчу учуру келет" - деп.
Эртеси эртең менен айылга жөнөмөк болду, апасы менен кеңешип келүү үчүн. Шаабай сууп, кабагы бүркөө, көңүлү эч нерсеге чаппай келе жатканда алдынан көрүнчүдөй болуп Касым чыгып калды. Эч күткөн эмес, ага жолугуп калам деп.
**********
Касым шаарга барам деп, үйдөн чыкпай керээлди күнү кечке кагазы менен алек болду. Апасы Калича экөө сүйлөшмөк турсун, бири-бирин көрөйүн деген көздөрү калбай калган. Ачуу сөздүн күчү экөөнү эки башка ойго кабылтып, бири-биринен күнөө издеп, өздөрүн сүттөн ак сезишип, эки бөлмөдөн чыкпай олтурушту. Бирөө эле сөз баштаса, ортодо дагы келишпестиктер пайда болушу толук мүмкүн экенин сезип, үн деген жан болбоду. Кеч кирген кезде завуч келип Касымга жолугуп кетти. Уулунун шаарга барарын Калича завучтан укту. Энеден өткөн боорукер жан барбы. Кантсе дагы Калича түткөн жок. Тамак жасап, бышканда уулун тамакка чакырды эле. Касым көк беттигин карматып, баш тартып койду. Бул эми бети күйгөн адамдын белгиси эмеспи. Ооба, чынында эле ушул абалы менен кантип карайт, апасынын жүзүн. Тигинтип ичимдик ичкени аз келгенсип, тескери жолдо жүргөнүн энеси билбесе дагы башкача болот эле. Энесинин эле эмес, эми элдин бетин кантип карайт. Эптеп таң атып, таң эрте шаарга кетип калса, өзүн оор жүктөн кутулчудай сезди. Айылга батпай калып, башка жакка кеткиси келген булганычтын белгиси экенин жашыра албайбыз. Ооба, баардык жерде булганган нерсе эч жерге батпайт. Керек болсо көл дагы өзү кабыл ала албаган нерсени толкуну менен сыртка сүрүп салат. Ошол сымал эле элден дагы ууру, ичимдикке берилген киши, денесин саткан сойку, ушак айткан айыңчы, калпычы, күнөөгө баткандар деги эле терс сапаттагы адамдар сүрүлүп калганына турмуш өзү күбө. Касым дагы элден четтеп калганына бүгүн толук ишенип, кабагына кар жаап турду. "Улуунун сөзүн ук" -деген сөз бекер жерден айтылбаганын билди. Анткени апасы канча жолу какшады, бирок ал айткан сөздөрдү кулагыны сыртынан кетире берип, акыры минтип өз жасасын алып олтурат. Мындан өткөн жаса барбы. Ооба, албетте күнөөсүн сезе билген киши жакшы. Бирок, ичимдиктин иримине тереңдеп кирип кеткендер үчүн уят алсыз болуп, алардын тайыз ойлогон ою гана туура болуп сезиле берилиши турган иш. Акыркы кездерде Касым үчүн өзүнүн гана ойлогону туура болучу, эми баары теңирден тескери чыгып олтурат. ӨӨзгөчө бүгүнкүдөй абалга калып көргөн эмес. Көз алдына сүйүп алган жары, көзүн карап турган Аида тартылып, аны чындап сагынганын сезди. Эне деген эне, анын жолу башка. Ал эми Кудай кошкон жардын жасаган мамилеси,төккөн мээрими, кам көргөнү, жасаган ибадаты, айткан-дегени такыр башка нукта экенин билди. Эгер азыр апасынын ордуна Аида келип "тамак ич"-деген болсо, анда курсагы ачканын айтып тасмал четине барат болучу. Ал эми азыр апасынын жүзүн карай албай, ага баштагыдай эркелемек турсун жанын жакын бара албай турганы, эненин улуугунан белги берип, бир бөлмөдө камалып олтурат.
Убадалашкан боюнча таң эрте келген машинага Касым ушунчалык шашып олтурду. Бир күн сыртка чыкпай калган үчүн, айлана көзүнө такыр башкача көрүнүп кетти. Машина айылдан чыкканда гана оор дем алып, үшкүрүнүп алды, оор жүктөн кутулган адамдай. Завуч жолду караганы менен эч сөз улаган жок. Ортодо бир топко чейин сүйлөшүү болбой, жолдо машина зуулдап бара жатты . Качан гана күндүн нуру айланага тегиз чачырап, тирүүлүктүн белгисин берип кыймыл башталып калган кезде, жол караган завуч жөн жерден эле сөз баштады:
-Касым сенин бул кылыгың такыр эле туура эмес. Башка аялга барган киши абдан сак болушу керек болучу. Сен эркек башың менен кандай азап тартсаң, Аксия сенден жүз эсе ашык азап тартып, учурда сендей болуп өзүнө-өзү батпай, үйүнөн чыга албай олтурат. Ургаачы кишинин жолу кууш болот. Бекер гана анын дарегине туура эмес сөз айткансың, кызуулук менен. Кечээ сени урушуп чыккандан кийин менин кабинетиме келип ыйлап олтуруп арманын айтты. "Эми кантип Аида эженин бетин карайм. "Билинбейт" деген ойдо болдум. Азгырылдым. Мен Касымды чыныгы жигит экен деген болчумун. Болбосо жаныма жакын жолотпойт элем" - деди. Бул айтылган сөз дагы Касымдын жүлүнүнө тийди. Ушул жерден дагы күнөөнү ичимдикке оодарды:
- Байке, менин деле тилегим ак болучу, Аксия үчүн. Кайдан дагы тиги Болотбайлар менен жолугуп калдым билбейм. Жакшы эле олтурганбыз. Эки шише арак ичилгенде ичимдик өз ишин баштап жибербедиби. Менин жаман бир сапатым бар. Ичкенден кийин тилим ачуу. Бул апам жактан оогон сапатпы, билбейм. Ойго келбеген сөз кантип ооздон чыгып кетти, өзүм дагы билбей калбадымбы. Аны унутуп деле калыптырмын. Кечээ Аксия өзү келип айтканда гана билбедимби, эмне деп далдырап салганымды. Сөз ушуну менен уланып, Касым болгон окуяна айтып берди эле, завуч жол караган калыбында:
-Мен дагы байкаган болчумун, Аксиянын сага көңүлү имерилип калганын. Сен өз баркыңа чычып салдың. Аял киши кандай кишини сүйүп, кандай кишиге көңүлү имерилет билесиңби? Керек болсо аялдар биз үчүн жасанып, биз үчүн өздөрүнө кам көрөт. Бирок аны эркектер такыр көңүлгө албайт. Аида шаарга кеткени керек болсо Аксия бир гана сен үчүн жасанып, иши болбосо дагы сен үчүн мектепке келчү. Анын сага карата жасаган далалатына мен суктанып, сага жакшы эле айтайын дегем, сен такыр эле ичимдиктен колуң бошобой койбодубу. Бир келген бакытты кармана албай калдың. Мээнет жалпак, бакыт тоголок. Аксия абдан жакшы келин. Ал оңой менен киши жактырбайт. Ошондой бой мүчөсү келишкен келинди бекер гана колдон чыгардың. Эми ал башка жакка орун которуп кеткени жатат. Айылга сен үчүн батпай калды. Канчалаган эркектер билгизбей жүрөт, соолуган гүлгө окшоп жашоодон чарчаган келиндердин көңүлүн көтөрүүнү.. Мактанган адам эч качан ийгиликке жетпейт. Билем, ичимдикке берилген эркектер керек болсо ичкен арагына, чеккен чылымына, ал турсун бирөөнү сөгүп койгонуна дагы мактана беришет. Эгер бир келин эле көз кырын салып койсо болду "аны менен бир жаттым" деп мактанганга дагы жетишип жиберген жеңил сапаттарга, өзгөчө ичимдикке берилгендер бай.
Бир жолу клубдун артында ичип олтурушкан көчө алкаштарына кабылып калдым. Бою кыска, ичкенде түкүрүнүп сүйлөгөн Саталы ооз көптүрүп мактанып жатат, шаарга барып кыз-келиндер менен болгонун. Аны чынын айтканда ким карайт. Эл мактанса дагы ошол Саталы мактанбай эле койсо болмок. Анын айтуусу боюнча болгон келин-кыздын баары эле ойго келбеген ишке бара бергендей. Эч качан кыз-келиндерге барганды мактанбаш керек. Анткени ал сапат жигиттик сапатка жатпайт. Завуч сөз менен чымчып, Касымды дагы жүдөтүп салды. Бул жерден абдан туура сөз айтты. Анткени "эркек ушакчылыктан алыс бол" деген сөз көмүскөдө жатканын Касым дароо эле түшүндү. Сөз дагы азга үзүлдү эле завуч дагы тынчтыкты бузуп:
- Тээ илгери бир өңү серт жигит болгон экен. Бирок, ал жигитти көптөгөн кыз-келиндер жактырып калыптыр. Анткени ал жигит убадага бекем, аз сүйлөп көп иш бүтүргөн, баарынан дагы сыр ката билген, анан колу ачык жакшы сапаты көпчүлүккө маалым болуптур. Алгач көргөндө аны баардык эле кыздар жактыра беришбептир.
Бир күнү чоң той болот. Ал тойдо эр эңишке эч ким чыкпайт. Казакстандан келген балбан ортого чыгып көпкө күтүп калганда алиги жигит намыс үчүн, өзү топтон суурулуп чыгат. Аны көргөндө алгач эле кыз-келиндер сөз кылышат " эмне чыкты, алына карап иш кылса болмок" - деп. Баятан бери мактанып жаткан казактын балбаны теңине албай каткырып күлөт. Ала-көөдөндүк адамдагы жаман сапат. Тиги алагөөдөң казак балбаны мактанганы бир тең, шылдыңдап күлгөнү бир тең болгонуна ачуусу келген өңү суук жигит, тору кашка ат менен чыкканда эле ай-буйга келтирбей тиги балбанды ээрден алып түшөт. Жоош анан сөзгө сараң тиги жигит, ошол жерден көпчүлүктүн көзүнө илинет. Байгеден алган малын жарды адамдарга бергинин уккан кыз-келиндердин дагы ага карата ичтери жылып калат.
Ошол окуядан аз күн өтпөй эл жайыт которуп, көч алды болуп келе жаткан байдын эрке кызы аты менен суудан өтүп келе жатып минген аты мүдүрүлүп кетип, сууга агып бара жатканда ошончо "мен кыйын" деген эркектерден озунуп баягы жигит, шар аккан сууга боюн таштап, тиги кызды куткарып калат. Баланын баатырлыгы дагы көзгө илинет. Бай кызынын аман калганы үчүн балага ат мингизет. Ургаачы адамдын сулуулугу өңүндө, ал эми эркек адамдын сулуулугу өңүндө эмес, адамдык жакшы сапатында. Тиги жигит өзүнүн жакшы сапаты менен баягы байдын сууга аккан сулуу жана эрке кызынын көңүлүнө жагып калып, ошончо "мен кыйын, мен бай, мен сулуу" деген жигиттерден айрымаланып, тиги жигит көпчүлүк көз арткан кызга үйлөнүптүр. Азыр деле кыз-келиндер көбүнчө чечкиндүү анан жоомарт жигиттерди жакшы көрөт. Анткени атасынын жана апасынын сөзүнөн чыга албаган мажүрөө жанды ким жактырат. Бул сөз дагы Касымдын дарегине карата айтылып калды. Себеби калысы жок апасынын сөзүнө кирип Касым, Аиданы кадырына жете албаганын кантип танат. Канчалык Аида туура сөздү айтса дагы энесине тартып, акты кара деп койгонуна турмуш күбө. Ооба, туура айтылган сөз адамдын көңүлүн өстүрөт эмеспи. Завучтун айткан сөздөрү абдан таасирлүү болду. Сөз кезеги келгенде Касым улуттунуп алып:
-Байке, эми кантип Аидага жолугат болдум экен? Бир акыл айтсаңыз боло. Ал баары бир менин жоругумду укту. Эгер укса мени ал кечирбейт. Кечирген күндө дагы аны менен эми кантип жашайм. Азыр билесизби? Аиданын эле эмес, апамдын дагы жүзүн карай албай калдым. Сиз айткандай мен өз абиримди тебелеп салдым. Балким башка жакка кетип калсамбы? - деди эле завуч кабагын түйүп:
-Кетип кайда барасың? Жаман гана эркек "өлөм же кетем" - деп коркутат. Бирок, кете да албайт, жанын кыя дагы албайт. Айттым го, эркек адамга сабырдуулук гана жарашат. Сен эмне адам өмүрүн кыйдың беле? Мынча болду сабыр кылып, баарын убакытка кой. Убакыт гана баарын дарылайт. Убакыттан өткөн дарыгер жок. Сен шаарга барганда Аидагы жолук. Балким жоругуңду уга элек чыгар. Укса сени көрүп ачуу сөзүн айтат. Сен кечирим сурап кетип кал. Кийин кайра келесиң. Анкен менен аял заты ачуусу келгенде катуу айтып, тил агытып алышканы менен кечиримдүү келишет. Анткени аларда энелик мээрим катылып жатпайбы. Эгер аял заты ыйласа эле болду, анда "кечирет" деп ойлой бер. Көк бетенип, сөз сүйлөбөгөндөн гана түңүлүш керек. ӨӨзүң деле байкачы. Кызды алгач ала качып келгенде чыр салып ыйласа, анда болду олтуруп калат деп ойлой бер. Көзүнө жаш албай дулдуйгандан коркуш керек. "Көздөн жаштын чыкканы, жеңилгендин белгисин берет" деди. Касым абдан туура кабыл алды, бул айтылган сөздү.

#7 05 June 2014 - 23:41
**********
Шаарга келгенде экөө иштерин бүтүрүп коюшуп, өз алдынча кетишти. Кийинки күнү базардан жолукмай болушуп. Ала турган нерселер дагы калып калган. Касым дарек менен келип эшиктин алдында жарым саатка чукул туруп калды, эмне кылышты билбей. Аңгыча эле булуттан чыккан айга окшоп, көзүнө укмуш сулуу көрүнүп Аиданын элесе көрүндү. Аны көргөндө эле утурлай чыгып, алдын тороп, күлө карап салам берди. Аида берилген саламды алик алмак турсун көзүнү чаарын чача карап, жактырбаганын көз карашы менен билгизгенде эле, Касым бул көз караштан улам эле өзүнүн жоругу эбак жеткенин билип:
-Аида, суранам сенден, мени кечирип койчу? - деди. Бул айтылган сөз менен аз да болсо өзүн кыйла жеңил сезип калды. Анткени кантип жүз көрүшөм деп ойлоп жаткан. Аида кабагын түйүп, бир саамга үн катпай туруп:
-Эмне Аксия жакпай калдыбы? - деди. Аксиянын ысмын укканда Касымдын жети өмүрү жерге кирип, үн деп жооп бергенге күчү жетпей, жер тиктеди. Аңгыча эле Аида шолоктоп ыйлап жиберди да:
-Мен керек болсо бул жакта сен деп жүрөм. Сага уул төрөп берүүнү камын көрүп жүрсө, сен тигинтип аягы суюк аялдарга мени алмашып, эл караган бетимди жер караттың? - деди эле. Касымдын денеси дүркүрөп кетти. Анткени Аиданын "сага уул төрөп берүүнүн камында жүрсөм" деген сөзү жөн эле жанын сууруп алгандай болду. Аялынын ушул асыл максатын эмне үчүн ушуга чейин билген жок. Ушул сөз Аиданын оозунан чыкканда анын кандай адам экенин жана асылдыгын билди. Көз алдына кудум илгерки кара кылды как жарган, калыстыктан тайбаган аруу апалардын элеси тартылып, Касым чүнчүп кетти. Ушунча жыл чогуу жашап, Аиданын бийик сапатын билбептир. Ушул жерден жер жарылып жерге кирип кетсе, кандай жакшы болот эле. Эх, ичимдик, адамды кандай гана түркөйлүккө, караңгылыкка түртөт. Ичип, кекиртектин кулу болуп жүрүп, чанда бир жаралган асыл заттын кадырын билбей, тебелеп жүргөнүн эми билип турат. Аида бир гана ооз сөз менен көзүн ачып койду. Миң айтылган көп сөздөн, бир айтылган таасын сөз кандай жемишин берет. Аида жаман аялдардай быдылдап сүйлөгөндөн алыс болуп, жанынан кетип калганын Касым билбей дагы калды. Ушул сөздү угам деген миң уктаса түшүнө кирген эмес. Ооба, эгер Аида тилегине жетип уул төрөп берсе, анда өзүнөн өткөн бактылуу жан адам болбойт эле, бул жалганда. Эмне үчүн буга чейин Аиданын максатына маани бербей жүргөнү үчүн өзүн күнөөлү сезип туруп, анын жанына кетип калганын элес албай турганын кеч сезди.
Аида кабагына кар жаап, үйгө киргенде Керез эжеси күйпөлөктөп жиберди:
-Аида, сага эмне болду, бирөө сени уруштубу? Тиги көзү ачыгың бирдеме деп катуу айттыбы? Катары менен берилген суроолордун кайсы бирине жооп берүүнү билбей калган Аида кабагы салыңкы, көзүн жерден албаган тейде:
-Касым келиптир! Аны көргөндө тим эле кара чаар жыланды көргөндөй эле болдум. Эмнеге андан мынча көңүлүм калды, билбейм. Мага катуу деле сөз айткандай болгон эмес. Бул сөздү укканда Керез көзүн бар-бар ирмеп:
-Анын жаман жоругун укканыңдын себеби болсо керек. Ар бир адам баласы эле эмес, болгон жан-жаныбарлардын түгөйлөрүн кызганган сезими болот. Балким катуу кызганган чыгарсың. Сага туура түшүнөм. Анткени сен эч кимдин тилин албай, бир гана Касым деп турмушка чыкканың, анан ал тигинтип башка бирөө менен жүрүп кеткени жаман ойду ойлогонго түрткү берди. Андан дагы сен аны жолуктурам деген ойдо болгон эмес элең да. Мен дагы байкагам аны, ал кеминде чай кайнам убакыт сени сыртта күтүп турду.
-Күтмөктөн күтө берсин! Ал мен үчүн азыр эч ким эмес - деп, ачуусу келген Аида кийимин алмаштырганы ичкери кирип кетти да, бир топто араң чыкты. ӨӨңү керсары тартып, кабагы ачылбаган ак жуумал жүзү көзгө комсоо көрүнүп кетти. Качан гана чай алдыга келгенде сөз уланды. Аида кызыл демделген чайдан ууртап:
-Эже, эми мен кандай кылсам болот? Тиги көзү ачыгым жана анын врачы экөө тең ишенимдүү айтты "сен жүз пайызга төрөй турган абалың бар" - деп. Алар ырым-жырымын жасаса, мен кимден төрөйм. Касымды көрөйүн деген көзүм жок. Маселе мына ушунда болуп жатат! Сөз ушуну менен уланып, ар тараптуу сөздөр айтылды. Ушул жерден билишти эркек жандын жашоодогу орду чоң экенин. Көп сөз сүйлөнгөнү менен кулакта кала турган сөз деле чыккан жок. Аңгыча эле Эрмат келип калып:
-Дагы узун сөзгө кирдиңербе? - деди да, ички үйгө кирип кетти. Ооба, чынында эле болгон аял заты чай ичип олтуруп сүйлөшкөндү жакшы көрүшөт эмеспи. Пивоканада сүйлөшүп олтурган эркектерге ыңгайлуу болсо, аялдар үчүн чай ичип олтуруп сөз улаганда, сөздүн гүлүн тандап сүйлөшкөндөрүнө турмуш өзү күбө.
Бул күн Аида үчүн абдан ыңгайсыз күн болду. Эмнегедир эле көз алдына Тажимурат тартылып, анын кылгыра караган көз карашы, чымыр денеси, ал турсун кийген кийиминен бери эсинен кетпей, таң аппак атканга чейин уйку бетин көргөн жок. Бул эмне? Балким сүйүүбү же жөн гана көптөн бери жалгыз жаткандын бир белгисиби, ага ачык жооп таба албай, ооналактап чыкты. Таң аткан кезде гана көзү илинип кетип, түш көрдү. Түшүндө Тажимурат колуна бир чымчык карматып кетип калды эле, аны Касым бекем кармап алды. Анан эле Касым аз убакыт өтпөй дагы эки чымчыкты кошуп колуна карматып, бир нерсе деп сүйлөгөн болду. Сөзү такыр угулган жок. Аңгыча эле кайын энеси Калича жанына келип чымчыктарды кармалап, жалынгандай түр көргөзгөндө ойгонуп кетти. Бирок, бул көргөн түшүн кандай жооруйт, ага башы жетпеди. Турса башы салмактанып ооруп калган экен. Негизи эле эртең менен уйкудан ойгонгон ар бир адамдын кабагы салыңкы болорунда эч калет жок. Аида жуунуп келип чайга олтурду да, анан кийинип алып Бүбүайымдын үйүн көздөй жөнөдү. Эмнеге ал жакка бара жатат, ага акылы жетпей жол улап келе жатты. Балким Тажимуратты көргүсү келдиби же акыл сурагысы келдиби ага жооп табуу деңизден чуңкур казганга тете иш болучу. Бирок, үйгө такыр олтура албаганын билип, алга кадамын таштап ойго чөмүлүп баратты. Ооба, ушул кезде эмнегедир кабагы ачык. Эмнеге кабагы ачык, аны өзү гана билет. Кандайдыр бир сезим акыл ээсин ээлеп алган соң, ушул жерден ойлонгонго дагы үлгүрдү " Балким Тажимурат мага кайтартма ичирип койсочу. Ошол себептен аны көргүм келип жаткан жокпу?" - деген дагы ойду ойлогонго үлгүрдү. Жакшылап ой топтосо аны менен бирге олтуруп тамактанбаптыр. Анда эмне ага мынча арбалып калды? Ушул ойлорду ойлоп келе жатып көзгө тааныш дарбазанын дагы жанына келип калды. Касым таң эрте келип көрүнбөй аңдып туруп, артынан келгенин байкаган дагы жок. Качан гана Аида ичкери кирип кеткенде, Бүбүайым ушул жерде жашарын билип, аны менен өзүнчө сүйлөшүп көрүүнү эп көрүп, жолуна түштү.
Аида ичкери кадам таштап киргенден баштап көзү менен Тажимуратты издеди. Бирок тилекке каршы анын өзүн эмес, машинасын дагы көз чалбады. Илгери үмүт менен келген Аида ушул жерден билди, эмне үчүн келгенин. Бир гана Тажимурат болгон акыл эсин ээлеп алганына ишеними артып турду. Улам артын карап келе жатып, алдынан чыккан Бүбүайымды сүзүп ала жаздады. Качан гана экөө тиктеше түшкөндө, оозунуп салам берип:
-Эже, кандайсыз? - деген болду. Эх. Бул да болсо эч кимге ээ бербеген тымызын соккон жүрөктүн эңсөөсү экенин жашырып эмне. Бүбүайым сезди, Аиданын кимди издеп жатканын. Ал турсун анын оюн окуп билип, ичинен кым деди. "Бүгүн түнү ишти баштаса кандай болот" деген дагы ойду ойлогонго үлгүрдү. Бүбүайым кара күчкө жылмайып:
-Ырас келген турбайсыңбы, сага айта турган жаңылыгым бар. Бүгүн алгачкы сеансты баштасак жакшы болот эле, бирок сенин күйөөң жок кандай болот, маселе мына ушунда болуп жатпайбы. Атаганат, бир гана нерсе сага жетпей турат. Ал сенин күйөөң. Болбосо биздин иш абдан ийгиликтүү аяктамак. Сен эми эки күн мында бол. Аида эки жакты аяр карап алып, үнүн жапыс чыгарып, бир нерседен шек берип:
- Эже, ал азыр шаарда экен! Ал мага кечинде жолукту. Бүгүн дагы жолугушу толук мүмкүн. Болбосо сизге келиши да ыктымал. Бул сөздү укканда Бүбүайым кабагы ачык:
-Анда жакшы болгон экен. Баса, сен биз эмне иш кылдык жан адамга ооз ачпайсың. Сыр жашырган адамда, жакшы жетишкендиктер болот. Аида көзүн албаган калыбында:
-Эже, мен баарын түшүнөм. Башка келиндердей оозум бош эмес. Билесизби, мен дагы сыр жашыра билген адамды жакшы көрөм. Сөз уланып баратканда Бүбүайым колун жаңсап:
- Ичкери кир, калган сөздү анан сүйлөшөбүз деп, алдыга басты. Тыкан жыйналган үйдүн ички көрүнүшү адамдын көңүлүн өзүнө бурат. Ооба, бул бөлмө Бүбүайымдын киши кабыл алчу бөлмөсү. Кичине болгону менен терезеси күнгөй тарапты карагандыктан чоң анан жарык. Төрдө кичине сандыкта тыпырайып жүк жыйылып турат. Башка көзгө көрүнүктү деле эч нерсе жок. Бүбүайым сырт жакты карап алып, Аиданын оюн билгенсип:
- Тажимурат азыр келип калат. Аны бир жакка жумшадым эле - деди. Аида бул сөздү укканда өңү кызарып, ак жүзүнө кан толуп, уялып кетти. Ушул жерден дагы бир жолу таң берди, Бүбүайымдын көзү ачыктыгына. Тактап айтканда психолог экенине. Уурусун карматкан адамдай, бир азга кабагы бүркөлө түштү. Аңгыча сырттан машинанын дүрүлдөгөн үнү угулуп калды эле, Бүбүайым:
-Мына, Тажимурат дагы келип калды деди. Тажимураттын ысмын укканда эле Аиданын жүрөгү дүкүлдөп, баштагыдан тез соккону өзүнө угулуп, бир башкача сезимге кабылып турду.
Тажимурат сырттан кирип келип Аиданы көргөндө ал дагы сыр алдырып койду да, көзүн тартып алып жер караган тейде саламдашып, учурашкан болду. Бүбүайым баарын байкап туруп, экөөнө жолтоо болбоюн деген ойдо, бир шылтоо айтып сыртка чыгып кетти. Ушул эле керек белем, Тажимурат өзүн колго алып, чечкиндүүлүк кылды:
-Аида, билесиңби, сен менин түшүмө абдан көп киресиң. Мен сага ашык болуп калдымбы, деги билбейм? - деди эле ушул сөз Аиданын кулагына укмуш угулду. Дагы жакшы, жагымдуу сөз айтса экен деп ичинен миң миртебе тиледи. Тажимурат учурдан пайдаланып:
-Аида, кечинде сен бул жерде калсаң, мен сага сөзсүз келем. Калган сөздү анан сүйлөшөлүчү. Тили чалынып так эмес болгону менен Аидага айтылган сөз абдан жакшы угулду. Көрсө адам баласы бул жалганда бир гана көңүл үчүн жашайт белем. Бир ооз сөздүн күчү кандай адам баласынын демине-дем берет. Ушул жерден Аида ички тую сезими менен сезди, эгер Тажимурат менен жолукса, сөзсүз боюна бүтүп калышын. Анткени ушул жашка чыкканы азыркыдай денеси балкым, көңүлү өсүп, эркек жанды жактырып калбаса керек. Касымды жакшы көрүп жүргөн кезинде кыз болуп, көп нерсеге көңүл деле бурбаганын моюнга алып, эми минтип наристе көзүнөн учуп, наристенин айынан уу сөз угуп, барган жерине батпай, кайын энесинин каарына калып, акыры өмүрү ишенбеген көзү ачыктан үмүт кылып, мында жүргөнү жалганбы? Эмнегедир көңүлү ачылып, жайдары болуп, тигиле карап, Тажимуратты жанынан кетиргиси келбей, аны бир башка көз караш менен карады. Бул көз караштын артында эмне деген сөз жатканын Тажимурат сезип-билип эле турду. Бирок эмне дешти билбей алапайын таппай турганда Бүбүайым мен келе жатам дегенсип үн салып, сыртан киргенде гана экөө эки башка жакты карап, бактылуу көз караштардан алыстап, тетири караган болуп калышты.
- Аида, өз үйүң болуп калбадыбы, олтур, эч тартынба. Мен сени абдан жакшы түшүнөм. Жаш кезек адам баласынын гүлдөп турган кези. Денеси-денесине батпай, күчү алып учуп, урушарга жоо, урунарга тоо таппай турган кезде ар кандай сезимдер акылга келип, жашоонун көркү билинет. Ал эми карыганда, тактап айтканда жаш өйдөлөгөн сайын жүрөк жаш бойдон калганы менен дене муздап, көп нерседен алыстап калат тура. Азыр менин, деле бутум жылыбайт. Какшап ооруп түнү уйкум качып, өзүмдөн-өзүм эле карылыкка баш ийип бараткансыйм. Баса сага бүгүн молдо дем салат. Сен анын айтканы менен бол. Анын дагы жасаган далалатынын пайдасы тийип калат чыгар. Ооба, сен азыр бала үчүн баарына кайыл болуп келген соң, максатыңдын өтөсүнө чыккандай бол. Кел эми экөөбүз эл келгенге чейин чай ичели. Менин сага тырмактын агындай кара оюм жок. Анткени мен, сенин жашооңду өз көзүм менен көрүп келбедимби. Аида эч сөз кайрып айтпастан, сыр алдырып койгонуна ичинен бушайман болду. Ооба, ак нерсе булганычты көтөрө албайт. Ал эми кара нерсеге канчалык кара так түшсө ал билинбейт эмеспи. Эгер Аида ушул убакытка чейин башка эркектер менен Тажимурат менен тиктешкендей тиктешип жүргөн болсо, бул саам эч тартынып кысынбайт эле. Болгондо дагы касиеттүү деген такыба, көзү ачык, жардамы тийгени жаткан сый адамдын алдында кадыры түшкөнүнө, абдан сынып калды. Бүбүайым чай алдыга келгенде сөз алды.
Аида, мен сага бир болгон окуяны айтып берейин. Сен кулак салып угуп тур. Аида болор болбос карегин өйдө көтөрүп, сөз укканга куштар экенин билгизгенде Бүбүайым кызыл демделген чайдан машырлана ууртап алды да, анан сөз баштады:
-Бул жалган дүйнөдө турмуштан өткөн сабак жок. Баардык нерсеге бир гана убакыт күбө жана болуп өткөн окуя сабак болот. Анткен менен убакыттын баарын достор уурдайт.
Тээ илгери бир ай десе аркы жок, күн десе көркү жок сулуу кыз болгон экен. Сулуу болуп жаралган ургаачы кишинин багы. Анткени калп айткан менен болобу, аял заты көйрөң калк келет. Ошол себептен сулуу болууну каалабаган аял заты жок. Сулуу болуп көзгө илинүү үчүн эмне деген гана аракеттерди жасашат.
Ошол сулуу кыз сулуулугуна жараша абдан акылдуу дагы болуптур. Ага ашык болбогон эркек жан калбаптыр. Сакалын сүйрөгөн чалдан, боз баш балага чейин ашык болуп, түнкүсүн уйкудан калып, күндүзү иштен калып ойго чөмүлүшүптүр. Сөз чынынан бузулбайт. Тээ илгертен бери айтылган кеп бар. "Кыргыз байыса катын алат" - деген. Эркектин миң акыл калчаганы, аялдын бир сезимине дагы татыбайт. Бирок, эркектер сүйүүдө алсыз келет. Анткени сүйгөнүнө жеткенге чейин жан үрөшөт дагы, анан сүйгөнүнө жеткенден кийин "башка аял алам" деп чыгышат. Айткандай тиги кызга ошол аймактын эл башкарган болушу сөз айттырат. Кыз болуштан мындайды күтпөгөн болот. Атасындай болгон кишиге кантип тиймек элем деген ойду ойлойт дагы, каршы оюн билгизет. Бирок мансап менен байлык колдо турганда сулуу кыз менен күлүк ат кайда качат. Баягы сулуу кыз өзүнө-өзү ээ боло албай, алты айласы кетип болушка токол аял болуп тийет. Жүрөк каалабагандан кийин карышкырдан корккон козудай денеси каткан болуш менен эптеп жашап, күн өткөрүп жүрөт. Болушка тийип жашаганы менен боюна бүтпөйт. Анткени денеси андан качып калгангабы, айтор согончогу канабайт. Арадан үч жылга кадам таштаганда, журт которгон кезде баягы сулуу кыздын көңүлү кой кайтарган балага бурулуп калат. Жаш курагы өзү теңдүү жигиттин кылгыра караган көз карашы, жасаган мамилеси эмнегедир жүрөгүн кытыгылап, аны көрүүнү эңсеп, биринчи жолу ууз сүйүүгө кабылат. "Аялдын акылы алты эшекке жүк" деген кеп бар эмеспи. Акыры анын дагы амалын таап, баягы балага жакындайт. Балага жакындаганда, баладан боюна бүтүп калат. Аны жүрөгү менен сезет. Бирок бул кылыгын өзү анан тиги гана бала билет. Ошонтип баягы сулуу кыз, акыры эне болуу бакытына туш болгон экен. Ургаачы кишинин бир бакыты эне болууда. Сен дагы бул бакыттан куру калып, наристенин үнүн угуу үчүн бул жерде жүргөнүңдү кантип түшүнбөйүн. Сөз ушул жерге келгенде дарбазадан киши кирип калды. Аида бул икаяны укканда дароо эле алгач Касымдардын босогосун аттап, келин болуп келе жатып, Каличаны көргөндө денеси жийиркенип кеткенин эстеди. Канчалык сүйүү оту алоолоп жанганы менен көшөгөдө олтуруп, бир гана Калича кайын энеси үчүн кыжаалат болуп, Касымдан дагы денесин качып ичиркенген. Балким ошол окуя боюна бүтүүгө тоскоолун тийгизип жатабы, аны ачык айтып болбойт.
Убакыт алга жылып, кеч кирип калган кезде дарбазадан кирип келе жаткан Касымдын денеси көрүндү. Аида дароо боюн жашырып, ички бөлмөгө кире качты. Анткени ага көрүнгөнгө ички дүйнөсү туруштук бере албады.

#8 05 June 2014 - 23:42
*************
"Жалкоонун тили эч чарчабайт" дегендей, уулунун жаман сапатына күбө болгон Калича күнөөнү дагы Аидага оодарды. Анткени жаман сапаттагы адамдар гана өзүнүн күнөөсүн сезбей, бирөөлөрдөн күнөө издеп, ошондон өздөрүнө каниет алышат эмеспи. "Кыз кезинде баары жакшы, ушакчы аял кайдан чыгат" - демекчи, кыз кезинде созолонгон кыздар турмушка чыгып, бир-экини төрөгөндөн кийин эле денелери жайылып, узун сөздүн автору болуп чыга келишкенине турмуш өзү күбө. Калича учурунда кандай созолонгон кыз эле. Эми минтип бир айылды бириктирбеген, эки айылды эриктирбеген, тилинен күчү чыккан жан болуп чыга келгенин эбак эле сезсе дагы, бул адатынан арыла албай келет.
Касым шаарга кеткен күнү жалган шашкеде күтүлбөгөн конок болуп, ушак сөздүн чебери, сөздү макалдаштырып айткан, тилинде сөөлү барбы, кудум төкмө акындардай таамай сүйлөгөн, тили ширин, тапансынып сүйлөгөн Кыяпат курдашы келип калды. Ооба, Кыяпат толугунан келген, кара тору, саамайын ак аралап калган, мурдунун оң тарабында бармак басым калы бар, бир кезде карек талыткан чырайы болсо, азыр кулактын кычуусун кандырган таамай айткан сөзү бар, жоон-жолпусунан келген аял болуп чыга келди. Алты баланын энеси. Эки эркек, төрт кызы бар. Күйөөсү Алышбек, куудул Күмөндөр айткандай эбак эле Кыяпаттын тилинен чыкпай жүрүп, тизгинди алдырып жиберип, улуу баласына айланып, жумшаган жагына баскан, көзүн караган аялсаак неме. Анткен менен Кыяпатты абдан кызганат. Учурунда канчалаган көз арткан жигиттерден оозунуп ала качып алып, ошол кылыгына азыр дагы ыраазы болуп келет. Жаш баладай болуп акча дагы кармабайт. Үй-бүлөөдөгү бийлик жана мыйзам эбак эле Кыяпаттын колуна өтүп кеткен. Ошол себептен Алышбек кээде гана бир нерсе сеп эткени болбосо, момун жан. Кыяпат кайда барат, кайдан келет аны менен иши да жок. Эркек таана болуп койнуна жатып бергени болбосо, баш көтөрүп сүйлөгөнгө жарабайт. Кыяпат таңкы наарды таткандан соң эле басанаак жаны почтага барып, пенсияны сураган болуп, мында жөнөгөн. Анткени мурунку күнү узун кулагы уккан болучу, завуч менен Касымдын шаарга бара турганын.
Сырттан Кыяпат кирип келгенде, Каличанын асмандан издегени жерден табылгандай болду.Анткени эки күндөн берки ичинен тарткан азабын бирөөнө айтпаса, бук болуп кеткени чын эле. Эки курдаш эт бышар убакыт узун сөздөн чыга албай, жашоого берилген бир күндүн жарымын ушак сөз айтып олтуруп өткөрүштү. Айтып койгон оңой, бирок анын азабын тартуу кандай мүшкүл. Анткени кайран союз тараганы, көпчүлүк иш жоктун айынан сөз ташып, сөз тыңшап, сөз эмизип алдап, сөз менен алышып калбадыбы.
Калича, кудагыйы Айгүмүш жөнүндө ар тараптуу сөздөрдү укканы менен баары бир чийки нан жеген адамдай, көңүлү түпөйүл тартып, оюнун баары эле келини Аидага барып такала берди. Анткени Кыяпат, кечээ уулу Касымды тиги мугалим жаш келин абдан катуу сөз айтып урушканынан бери айтканда, таң калып эле калды. Ушакчылык жаман сапат экенин ушул жерден билди. Анткени каратып туруп уулунун дарегине карата укмуш сөздөрдү айтканда, Каличанын кабагы бүркөлө түшүп, ушак сөз абдан жаман экенине баам салды. Учурунда айтылган сөз анча таасир бербегени менен Кыяпат кеткенден кийин, анын айткан сөздөрүн таразалап көрүп, өзү жөнүндө дагы не бир түркүн сөз жүрүп жатканын ички сезими менен сезди. Бирөөнүн артынан сөз айтып койгон оңой, ал эми өзү жөнүндө калпыс сөз угуу эмне деген гана азап экенин Калича билсе дагы көнгөн адаты калбай, өзүнүн тегерегиндегилер менен жакшы эле кобурашат, ар кимди ушактап. Бирок аларга катуу тийип жатканын эске албайт.
Эртеси күнү күн кеч кирип, сапары карып уясына батып бара жаткан кезде көчөдөн өтүп бара жаткан завучтун машинасын көзү чалып калып, уулун ойлоду "ага эмне болгон, балким шаарда калып калдыбы?" -деп. Аңгыча эле эшигинин алдынан эки небересин жетелеп өтүп бара жаткан Айшакан учурашып калды, да анан кобуранды:
-Мына келиндин боюна бүтсө, чоң эненин жонуна бүтөт деген ушул эмей. Экөө жанды койбогонунан таянесинин үйүнө алып барып, алаксытып кайра келе жатам. Келиним үй актап алайын дегенинен. Калича ушул жерден Айшаканга абдан кызыгып, өзү андай боло албаганына ичинен арданды. Келини төрөгөн күндө дагы неберелерин минтип жетелеп, кудагыйынын үйүнө бара албайт. Аткени ага өзүнүн адамдык сапаты жол бербейт. Айшаканды узата караган Калича ушул жерден билди, карыганын. Анткени, өзүнөн беш жашка кичүү Айшакан тигинтип карылыкка моюн сунуп, болор-болбос бели бүкчүйүп калганын көзү чалды. Бир саамга үнгө келбей туруп калган Калича көп нерсени ойлогонго үлгүрүп, анан ойдун кучагынан бошонуп, завучтун үйүн көздөй жөнөдү, Касымдын дайынын билүү үчүн.
Завуч, жаңы гана чайга олтурганда Калича сырттан кирип келип калды. Акыбалды сурап учурашкан соң, Калича кабагы салыңкы:
-Бул эне кара жерге кирсин. Бала үчүн санаасы тынбайт экен, бала канчага чыкса дагы. Сенин машинаң өтүп бара жатканын көрүп, санаам тынбай Касымдын сурайын деп эле келип калдым. Ушунча жашка чыгарып алып, эми анын азабын тартмай болдум. Жанагы ичимдик деген немени ким ойлоп тапты болду экен? Калича ушул жерден сөзмөрлүк жайын карматып, көп сөздүн башын айтып жиберди. Сөз кезеги келгенде завуч:
-Мен сизди абдан сабырлуу жан деп ойлоп жүрдүм эле. Эч камсанабаңыз. Алып келген товарларды жайгаштырып, отчет жазып коюп келип калат. Касым азыр мектепте калган. Ар ким өзүнүн ишине жооп берет эмеспи. Андан дагы эртең жогору жактан текшерүү келет имиш. Бул айтылган сөздөрдү укканда Калича шашып калды:
-Кой, анда мен үйгө барып тамагымды даярдайын. Касым келип калса мени таппай калат деп, сыртка чыга жөнөдү.
Бул кезде чын эле Касым үйгө келип, кулпуланып турган эшикти көрүп, ары-бери басып турган болучу. Анткен менен кабагы ачык. Шаардан жакшы кабар менен келген. Ал кабарды эч ким билбейт. Аңгыча эле апасынын караанын көрүп, бир орундан жылбай кара туруп калды. Анткени ар бир адамдын баскан-турганы, кыймыл-аракети кандай адам экенинен белги берет эмеспи. Апасынын келе жатканынан билди, ашыкча сөз сүйлөп келе жатканын. Эх, адам баласы билинбегени менен канча сырдын түйүнүн билбей келет. Турмуш өзү чоң философияны ичине камтып турат эмеспи. Касым апасы жакындаганда, эмнегедир андан корунуп, кетирген күнөөсүн эстеп, жер караган болду. Мына бул дагы кетирген күнөө же болбосо булганычтын бир кесепетинин учкуну экенин танып болбойт эле.
Эне, бала абдан салкын учурашты. Үйгө киргенде Касым ичкери кирип кетти да, кагаз карамыш болуп олтуруп алды. Качан гана апасы тамакка чакырганда илкий басып сыртка чыкты. Анткен менен курсагы ачып калган болучу. Куурулган картошкадан тартынбай жеп, берилген суроолорго кыска гана жооп берип, чай ууртагандан күчүн чыгарды. Калича кантсе дагы эне да. Уулунун курсагы ачка экенин эске алып, көп деле суроо берген жок. Экөө дале бир пикирге келише элегин ушундан улам билсек болот, Касым тамак ичип болуп, курсагы тойгондон кийин тасмалга бата дагы кылбай туруп кетти. Уулунун бул кылыгы энеге жаккан жок. Болгону жаман көзү менен карап, өзү эки колун жүзүнө тартып, бата тиледи.
Эртеси Касым керээлди күнү кечке иш бөлмөсүнөн чыкпай кагаз жазды. Канчалык ичимдик ичкиси келип, куу кекиртеги ичимдикти эңсеп турса дагы, кесиптештери "жакшы келдиңер" деп базарлык доолап, бир нерсе алып келишкен күндө дагы, ичимдиктен баш тартып койду. Ушуга күчү жеткенине сүйүндү. Көрсө ичимдикти жеңгенге бир гана эрк керек экенин билди. Кеч кирип калган кезде майда класстарга сабак берген Гүлүмкан деген келин кабинетине баш багып, бир бүктөм кагаз берип:
-Аксия эже берген "Окуп болгон соң айрып салсын" деген эле деп айтып, кандай кирсе ошондой тез чыгып кетти. Касым кагазды кармаган тейде бир топко туруп анан колдору калтырап жатып, бүктөлү кагазды ачты. Кимдин кандай адам экенин кол жазмадан билсе болот эмеспи. Шуруудай тизилген тамгаларды көзү чалганда Касымдын денеси чымырап кетти. Баалуу буюмун жоготуп алган адамдай. Анан шашпай катка көз агытты. Катта мындай деп жазылган болучу.
Кандай, Касым?
Сен менден кат күтпөсөң керек. Бирок мен сага өзүмдүн ичиме каткан сырды билгизбей кетсем, өмүр бою арманда калчудаймын. Ушул катты жазып жатып мен, сенин болгон жакшы сапаттарыңды эстегенге аракет кылдым. Анткени мен ушул жашка чыкканы сени сүйгөндөй, жан адамды сүйгөн эмес элем. Сага жолугуп, керек болсо сенин карааныңды туу тутуп, ушул жерде иштеп калган болчумун. Акыры сенден алигидей жорукту күтпөгөн соң, абдан жаман акыбалды калдым. Ачуум келип сага катуу айтып дагы алдым. Азыр сени кандай сүйсөм, сенден ошондой көңүлүм калып, айылды таштап кетүүгө туура келди. Жакшы кал! Сен мага кеч түшүнөсүң! Аксия.
Касым бул жазылган катты миң кайталап окуп чыккан күндө дагы, Аксияны сүйүүсүн барктай албаганына ичине сызды. Эмне үчүн ушул убакытка чейин Аксиянын таза сезимин, өзүнө арнаган сүйүүсүн аңдабай, аны жаман атты кылганына өкүнүп, бир жерди теше тиктеп туруп, өткөндү эстеди.
Ооба, Аксия назик колун мойнуна артып "сени сүйгөндөй эч кимди сүйгөн эмесмин"- деген сөзүн эсине салды. Бирок, ал айткан сөзүн Касым ошол кезде анча деле этибарга алган эмес. Анткени ар бир адам улуу иштин алдында оозуна келген сөздү айтаары бештен белгилүү эмеспи. Канча жолу жоодураган көздөрүн кадап, сөз күткөнүн дагы эстеп, ошол көз караштардан эмне үчүн өзүн берилип сүйүп калганын байкабады. Ушул жолу эмнегедир Аксияны көргүзү келип, аны менен баарын кайрадан баштагысы келип кетти. "Колдо бар алтындын баркы жок" - дегендей көзүн карап, оюу менен болгон Аксиянын кылык жоруктары көз алдына тартылып, бактылуу мүнөттөр арта калганын сезип, оор дем алып үшкүрүнүп алды да " менин эмненимди жакшы көрүп калды болду экен" - деп күзгүнүн алдына келип өзүн карады. Көз алдына ичкиликке бети күйүп бара жаткан, өз жашынан кары көрүнгөн картайгансыган адам турат. Баягы Касым эмес, адам сапатынан тайып бара жаткан Касым турганын көрүп, өзүнөн-өзү чочуп кетти. Бир кезде жибектей созулган, кыз сүйгөндөй өңү бар жигит эле го. Ал эми азыр көз алдына алдамчы, элден чыккан, өңү өчкөн чүпөрөктөй кейпи кеткен, ыйманга камчы салган, жалганчы Касым турганын даана көрдү. Ушул жерден билди адам баласы адамдык сапаттан бир гана куу кекиртектин айынан жана алдамчылык менен эки сүйлөгөндөн алыстаарын. Күзгүдөн көзүн албай туруп, өзүнүн өң келбетинен апасынын окшош жактарын дагы байкады. Билди эми өзүн кандай адам болуп бара жатканын. Бир жолу ичип олтурушканда Мады деген ылдыйкы көчөдө жашаган киши айткан эле " Касым, сен атаңды эмес апаңды тартып калган түрүң бар. Атаң жакшы адам болгон. Ал эми апаңдын жоругун өзүң деле билесиң. Баятан бери биз эле алып келип жатабыз, сен дагы бирди алсаң боло? Бекер келген аракты иче бербей. Ушул сөздү айттырбай билсең болмок" - дегенде, Касым калп күлүп кутулган. Бирок, ошол сөз азыр кулагына жаңырып, апасындай болуп сараң анан сөз ташыгыч болуп бара жатканын моюнга алды. Анткени Аксиянын жазган каты эле эмненин белгисин берип турат.
Ар нерсени ойлоп олтуруп башы салмактанып ооруп чыкканда, ордунан туруп колундагы катты бырыштыра кармап, сыртка чыкты да, мектептин алдына чыкканда катты өртөп салып, үйүн көздөй жөнөдү. Бул убакта кайран эне байкуш санаа чегип сыртта олтурган "ичип келбесе экен" - деп. Касым апасынын санаа чегип олтурганын айттырбай билип, ичпей келе жатканын билгизип, жөтөлөлүп койду. Анткени аз болсо дагы апасы санаанын кучагынан бошонсун деген ойдо жөтөлгөнүн эне дагы билди. Касым кечиккени Калича чынында эле санаа чегип олтурганы чын болучу. Ар бир адам тынчтыкты кандай жакшы көрөт. Ичимдик ичилген жерде качан тынчтык болучу эле . Жок эле дегенде тилден ачуу сөз чыгары белгилүү иш эмеспи.
Бул күнү эне-бала сөзгө келип, божурап сүйлөшүп олтурушуп кечки тамакты жакшы маанай менен жешти. Сөз арасында Касым эки күндөн кийин шаарга барып, Аиданы алып келе турганын айтканда Калича жаңы келин ала тургансып абдан сүйүндү. Ооба, келини жокто үйү киши кирбеген бейиттей болуп калганын сезип, келининин кадырын билген. Бирок, аз күн болсо дагы жалгыздыкка көнө түшкөн эле. Касым сөз арасында Аида жүз пайызга бала төрөрүн айтканда Каличанын жүзүн күлкү чайып, сүйүнгөнү жүзүнөн билинип турду. Эх, жакшы сөз, жакшы кабар адам баласына кандай жакшы таасир берет. Калича кеминде он жылга жашара түшкөндөй болду. Бул түнү уйкусу келбей таттуу кыялга жетеленип, Калича көптө барып уктап кетти.
*************
Бүбүайым ички тую сезими менен билген болучу, Касымдын келээрин. Сезгендей эле Касым сырттан кирип келгенде, өзүнүн алдына ала билген сезимине дагы бир жолу баа берип койду. Атаганат, баары эле адам ойлогондой боло берсе, анда жашоо кандай болмок? Бирок, кээде анча-мынча чымыны барлардын айткан-дегени төп келип калган дагы учурлар болот эмеспи. Бүбүайым Касым менен жакшы маанайда учурашкан соң, өзүнүн оюн ортого салды:
-Касым, ар бир эрекек адамдын чечкиндүү болгону жакшы. Аял заты эркектен эмнени күтөт, албетте чечкиндүүлүктү. Сен менин тилимди алсаң, бүрсүгүнү мында кел. Аидага бүгүн эртең молдо дем салат. Бүрсүгүнү экөөңөр бир болсоңор, анда бала жытын жыттаганга мен өзүм кепилдик берем. Бир гана өтүнүч, Аиданын көңүлүн ал. Апаңдын тилинен чыга албай жүрө берсең, анда тагдырыңар бузулат. Эне бул аял. Аял киши акыл сөздү айтканы менен өздөрү ал ишти жасай алышпайт. Буга мисал катары сенин апаңды эле алалы. Учурунда сени төрөгөнгө чейин эмне деген гана азаптарды тартпады. Эми минтип ал азап келининин башына келсе, туура түшүнбөй, кайра ачуу тилин тийгизгени бул туура эмес иш. Ар ким өзүнүн ойлогон оюн туура дегени менен, бир гана убакыт баарын тараза ташына салып коёт. Менин жеке пикиримде Аидада эч күнөө жок. Анткени анын күнөөсүз экенин сенин дагы алдагы турган турпатың билгизип турат. Ичкиликке берилген киши эмне болгон күндө дагы күнөөнүн башында болот. Мен сага туура түшүнөм. Бирок ичкиликти ташта. Карачы өңүң бузулуп, илдетке кабылган адамдай кабагың салыңкы. Кейпиң айтып турат, ичкилик ичкениңди. Касымга бул айтылган сөздөр анча таасир берген жок. Бир гана "Аида экөөңөр бир болсоңор, анда бала жытын жыттаганга мен өзүм кепилдик берем"- деген сөзү гана кулагына жаңырып туруп алды. Коштошордо Касым "эже мен бүрсүгүнү сөзсүз келем" - деп убаданы берип, кабагы ачык жолуна түштү.
Касым кеткенден кийин Аида ички үйдөн чыгып, үн дебестен туруп калды эле Бүбүайым кабагы ачык, жадыраган жүз менен карап:
-Аида, эч кам санаба, баары жайында болот. Сен бүгүнтөн баштап өзүңдү эне болууга даярдай бер. Ушул сөздөрдү айтып жатканда Аида, Бүбүайымдан кандайдыр бир сырды байкады, бирок ал эмне сыр ага акылы жетпей турду.
Кеч киргенге чейин Аида үйүнө барып, эжесине айтып келди "бүгүн кечинде келбейм" -деп. Улам сааттын жебеси алдыга жылган сайын табышмактуу нерсенин түйүнү чечилчүдөй өзүн бир орунга тынч алып олтура албай калдастап калды. Бир кезде Бүбүайым башын ийкеп:
-Аида, кеттик! - деп, Тажимураттын машинасын көздөй басты. Денесин майда калтырак баскан Аида машинага олтуруп жатып, көзүнүн кыйыгы менен Тажимуратты карап алды. Машина ордунан жылып, каякадыр алып жөнөдү. Бул убакты көз байланып, караңгылык пардасы тартылып калган болучу. Ичинен билинбей санаа чеккен Аида берилген суроолорду укпай дагы калып жатты. Бир кезде машина тоо аралап келип бир жерге токтоду. Бүбүайым машинадан түшүп, жол жээгиндеги бир үйгө кирип кетти да, кайра тез эле чыкты. Ушул жерден Тажимурат экөөнө ыңгайлуу учур келди, сүйлөшкөнгө, бирок эмнегедир экөө тең эч үн дешкен жок. Машина ордунан жылганда, Бүбүайым:
-Аида, сен эми өзүңдү эркин сезип, эч нерседен коркпо. Дем салган молдо абдан такыба адам. Эң негизгиси сен алдыга койгон максатыңа жетип, бала жытын жыттасаң болду. Башкасын дагы көрө жатабыз. Сөз мындан ары уланган деле жок. Бир кезде машина тоо этектей салынган анча чоң эмес тамдын жанына келип токтогондо, Бүбүайым алгач машинадан түштү. Жүрөгү түпөйүл болгон Аида өзүн колго алып, ичинен келме келтиргенге дагы үлгүрүп жиберди. Ооба, чынында эле адам баласы башына кыйынчылык келгенде жана ооруга кабылганда улуу Алланы эстеп келме келтирип жиберген адат, тээ илгертен бери эле жашап келе жатпайбы. Аида жаңы гана машинадан сыртка чыгарда үйдөн жапалдаш бойлуу, боюна караган арыкчырай абышка чыкты. Бир караган кишиге чоң молдодой көрүнгөн Абдысабыр карыя жакшы маанай менен кабыл алды. Анткен менен бул киши өз ишинин устасы. Куран окуганда кырааты менен окуйт. Тыңшап олтургандар кунт коюп угуп олтуруп калышат. Баардык нерсенин жакшы сыпаты болот эмеспи. Анысысыңары куран окуган адам дагы куранды үнүн жогору чыгарып, уккулукту кылып окуса кандай жакшы таасир берет. Абдысабыр кары сөзгө сараң болгону менен иштин майын чыгара билген колунан келген уста. Анткен менен ушул жашка чыкканы үйлөнүп, жар күтпөгөн жагы бар. Күйөөсү каза болуп калган карындашы менен жашайт. Карындашы дагы абдан жоош, момун жан.
Аида тыкан жыйналган үй ичине киргенде, эмнегедир кабагы ачыла түштү. Анткени үй ичи таза жана жаман сөздөр сүйлөнбөгөн, бей чеки адам келбегенгеби, үйдүн ички көрүнүшү абдан көзгө жарык көрүнүп, келген адамдын кабагы ачылат. Бул жерден бир чыныдан чай ичилген соң Абдысабыр, Аидага аз убакытка дем салган болду. Куран аяттын сүрөөсүн укканда Аиданын денеси магдырап, узакка ушул үндү уккусу келип, мемиреп олтуруп ойго алаксып кетти. Бир кезде молдоке дем салып бүткөнүн билгизип, эки колун жүзүнө жакындатып бир топко кобуранды да, анан бата кылды.
Бул үйдөн чыгышкан соң дагы бир жерге келишти. Бул кезде сааттын жебеси түнкү он бирди көргөзүп калган. Шыйпыры жок жапыс үйдөн шапылдап сүйлөгөн орто жаштан өтүп калган адам чыкты. Бул киши Аиданы ээрчитип тоо борундагы үңкүргө кирди да, жарыкты күйгүзүп маңдай жактагы таштарды колу менен көргөзүп:
- Эгер сага менин салган эмим түшсө, тиги таштардын арасынан суу агат. Эгер суу акпаган болсо анда сен балалуу боло албайсың - деп, кесе айтты. Аида эмне деп жооп беришти билбей туруп калды. Анткени бул үңкүрдүн ичи көзгө абдан сүрдүү жана коркунучтуу көрүнүп кеткен болучу. Тиги киши эмне деп айтып жаткан калган сөзү кулагына кирген дагы жок. Бир кезде алиги киши жарыкты өчүрүп, чыракты күйгүзүп койду. Чырактан чыккан жарык үңкүр ичин эптеп эле үлбүлдөп жарык кылганы болбосо, караңгылык пардасы тартылып, көзгө абдан коркунучтуу көрүнүп, Аида молдоке эмне десе ошону гана аткарганга өттү. Бир кезде дем салып жаткан молдо Аиданын колдорун кармап, ушалап кирди. Бул тигинин массаж жасаганы го деп билди. Анткен менен молдокенин колдору кебездей болуп жумшак анан денеге жагымдуу экенин сезди. Молдо ишине берилүү менен киришип, өзүнчө эле бир нерселерди кобурап жатып, Аиданы узунан жаткызганга дагы үлгүрдү. Кийимчен жаткан Аиданын ичин ушалап келип, акырын колун табарсык жакка алып келди. Эркек кишинин колу тийген жерлери алгач ичиркенткени менен бара-бара дене ага көнүп, Аида аргасы жок тиги молдокенин жоругуна баш ийип берди. Бир кезде таштардын арасынан шылдырап суу агып баштады эле молдоке кубанычтуу үнүн чыгарып:
-Мына эми сен эне болуу бакытына туш болосуң. Сен азыр эч тартынбай кийимиңди чечип, көмкөрөңдөн жат. Мен агып жаткан суу менен денеңе массаж жасашым керек деп, олтурган ордунан элпек турду. Аида аргасы жок бул сунушка дагы макул болуп, молдо айткандай болгон кийимин чечип көмкөрөсүнөн жатты. Жаш келиндин аппак денесин көргөндө молдокенин напсиси бузулуп, көзүн кымыңдатып жиберди. Чырактын алсыз жарыгынан Аида молдонун кымыңдаган көздөрүн деле көргөн жок. Молдоке таштардын арасынан аккан сууга колун тийгизип, Аиданын денесин эми суу менен сүртүп баштады. Асоо айгырды жоошуткан саяпкердей молдоке дагы алгач акырындык менен ак денеге колун тийгизип келип, бара-бара ачык эле аял заты дүүлүгүчү точкаларды баскылап, ушалаганга өттү. Аиданын барган сайын болгон денеси калтырап, алтымыш тамыры зыркырап, аз жерден үн чыгарып жибере дагы жаздады. Тиштенип алган жаш келиндин болор - болбос кыңкыстаган үнү молдокеге даана эле угулуп турду. Ан сайын молдоке өз ишин билгичтик менен аткарып, баштагыдан дагы күчтөнүп ишине киришти. Эгер Аидадан башка келин болгондо эбак эле озондоп, онтоп жеңилдигин билгизип коёт беле ким билет. Молдоке Аиданын чыдамкайлыгына абдан баа берди. Бул жөн келин эмес экенине көзү жетип, алгачкы оюнан кайтты. Кеминде дагы жарым сааттай массаж жасаганда Аиданын болгон чыдамы кетип калды. Ушуну эле күтүп турган белем, бир кезде сырттан бирөө келгендей болду. Ал келе жатып эле чыракты өчүрүп салды. Чырактын өчүрүлгөнү Аидага жакты. Анткени ак денеси аз да болсо жабылгандай болду. Денеси толук эркек менен кошулганга даяр болгондо молдо сыртка белги берген болучу. Баятан бери эшиктин сыртында чыдамы кетип күтүп турган Тажимурат, ичтен кандай белги берилгенде дароо кирип келген эле. Аида молдоке чыгып кеткенин байкабай дагы калды. Анткени молдонун ордун билгизбей Тажимурат ээлеп калып, анын колу тийген жерлерди сыйпалап, тигинин ишин улантып калган эле. Бир кезде Аиданын болгон чыдамы кетип, үнүн алсыз чыгарып:
-Болду, кыйнабаңызчы дегенде гана Тажимурат акырын үстүнө чыгып, сыпа өбө баштады. Бул жолу Аида даана байкады, бул молдо эмес экенин. Анткени молдонун сербейген сакалы бар болучу. Андан дагы бул белгисиз адамдан одеклондун жагымдуу жыты мурдун өрдөп, баштагыдан дагы башкача сезимге кабылтканы чын эле. Тажимурат ушул жерден болгон аракети менен Аиданын болгон денесинен сыпаа өөп, анан эч шашылбай ич кийимин чечти. Эх, ушуну баятан бери күтүп жаткан жаш келиндин денеси коргошун болуп ээрип, кичине эле уруктун учкуну денесине кирип кетсе, бала боюна бүтчүдөй сезип кетти. Ушул жашка чыкканы азыркыдай абалга кабылып көрбөгөн Аида, эмне себептен балалуу болбой жүргөнүн сезди. Көрсө эркектин чыныгы мээрими жетпей жатканына акылы айран болуп, алтымыш тамыры зыркырап, жаны өзүнөн чыгып кетип кайра кирип жатканда, бул дүйнөнү унутуп, денесинин жан жыргалы менен алп урушуп жатып ойлогонго үлгүрдү. Ооба, бул уят ишти тереңдеп жазган, менин табитиме туура келбейт. Бирок кээ бир сөздөрдүн ачык жазылып кеткени үчүн окурмандан кечирим сурайм.
Бир кезде үңкүр ичин жаңырта кыйкырган жаш келиндин үнү, жаш төрөгөн аял затынын үнүндөй чыгып, акырындык менен барып басылып калды. Ал эми Тажимурат чоң жеңишке жетишкен адамдай Аиданын катарына сулк эле сөзгө келбей жыгылды. Сүйлөшүлгөн сөз боюнча Тажимурат, Аидага өзүнүн ким экенин билгизбеши керек болучу. Анткени келин кимден бала боюна бүткөнүн билбегени иштин ийгилигине алып келмек. Ал эми Аида ушул жерден Бүбүайымдын акылына баа берди. Ушул бакыттан куру калып жүргөнүн, Бүбүайым билгенине таң калды. Караңгыда колу менен сыйпалап көрдү, өзү менен болгон эркектин денесин. Бир кезде колу тиги эркектин моюнундагы кичинекей калга такалганда, тиги колун түртүп жиберип, ордунан тура калды да, сыртка чыга жөнөдү. Аида эч сөз кайрып айта алган жок. Ал турсун анын ким экенине акылы жетпей, кабагы бүркөлө түштү да, дароо ойлоду "эми мен арам сийдик бала төрөймүнбү" - деп. Ооба, ак нерсеге кара көө сүйкөсө билинип калат эмеспи. Ал эми кара нерсеге көө сүйкөсө билинбейт. Аида, ак никенин алдында ак болгон үчүн ушул иш болуп өткөндөн кийин, өзүнөн-өзү жийиркенип алды. Эгер мурда бирөөлөр менен кыйшаңдашып жүргөн болсо минтип аз убакыт ичинде азап чекпейт эле. Жанындагы эркек чыгып кеткенде дароо ордунан тура калып, кийимин кийгенге үлгүрдү. Бир кезде сырттан алиги абышка кирип келип жарыкты күйгүздү да, кийинип турган Аиданы көрүп дагы таң калды. Ал ойлогон болучу "азыр дале эсине келе албай жатат болуш керек" деп.
Анткен менен бул түнү Аида абдан жакшы уктап, жакшы эс алды. Эртең менен көзүн уйкудан ачар замат түнү көргөн түшүн эстеди.
Түшүндө белгисиз бирөө келип колуна ак көгүчкөн карматып "муну жакшылап багып ал" - деп айтып карааны жок болуп кетет. Аңгыча эле кайын энеси келип колунан көгүчкөндү алып, кучагына кысып, өзүнчө эле сүйүнүп жаткан болот. Ал эми Касым каралжын тарткан жүзүн ала качып, бир сөз айтканы жатканда Бүбүайым келип калат да, Касым ал жерден кетип калган болот. Аңгыча эле Тажимурат көгүчкөн меники деп талашканы жатканда Бүбүайым колу менен тигинин оозун жаап, нары жетелеп кеткенде, Абдысабыр молдо келип колун кысып куттуктап жатканда ойгонуп кетип түшүнүн аягы эмне болуп бүткөнүн билбей калып, төшөктөн турбай бир топко жатып, кечинде болгон окуяны эстеп өзүнөн-өзү уялып кетти. Анткен менен өткөнгө өкүнбөй, болор иш болду деп ордунан туруп, Аида сыртка чыкканда, эшиктин алдында күтүп турган Бүбүайымды ушундай бир көз караш менен карады эле, Бүбүайым эч сөз айттырбай билди, Аиданын эмне айта турган сөзүн. Дароо башка бөлмөгө ээрчитип кирип:
-Аида, сен мага туура түшүн. Эч кам санаба. Сен төрөй турган бала адал болот. Анткени сага молдоке дем салып койбодубу. Андан дагы бинаа боло турган наристе күйөөң Касымга же сага окшош болуп төрөлөт. Менин айткан сөзүм төп келет. Мындан кийин сен дагы бала төрөйсүң. Эң негизгиси кечинде болгон окуяны жан адам билбегендей болгону оң. Сен өзүң туура түшүн. Сенин бала төрөбөй жүргөнүңө жолдошуң Касым күнөөлү. Анткени анын уругунан бала жаралуу мүмкүн эмес же сенин денең андан качып калган. Буга эки гана нерсе себеп болгон. Аида ушул жерден бир нерсени эстеди.
Бир жолу врач айткан болучу " Күйөөң дагы текшерилсин. Баланын төрөлүшү бир гана аялдан болбойт, күйөөдөн дагы болушу толук мүмкүн" - деп.
Сөз кезегин келтирип Бүбүайым:
-Аида сен эч санаа чекпе. Эртең кечте Касым мында келет. Ал шекшип калбас үчүн сен аны менен мында бирге түнөп, ага боюңду кенен арна. Ошондо баары жабылуу бойдон калат. Баса сен кечинде болгон окуяны унутуп салганга аракет кыл! Болбосо өмүр бою ал окуя эсиңден кетпей бушайман кылат. Аял киши сүйүүгө кабылбасын. Ашыктык деген эң жаман илдет. Андай азаптуу дарттын салдарына чалдыккан пенденин көргөн күнү курусун. Ашыктык илдети тирүүнү санга кошпой, бүтүндөй турпатын, дилин эзет, өзөгүн куйкалайт, санаасын удургутат, кыйнайт, күйүткө салат, уйку качып, жүрөккө тамак баспай калат. Ошол сепетен аял киши күйөөсүнөн башка эркектин даамын татпашы абзел. Башка эркектин даамын татып калган кээ бир жеңил аялдар, баарына кайыл болуп калат. Ушунун себебинен эркектер ашыкча кызганчаак келет. Кызганган парз деп айтылат. Сенин абалыңды туура түшүнөм. Кечинде болгон окуя атайын даярдалган. Болбосо сени мен ачык эле эркектин койнуна салып берип коймокмун. Кечинде сени менен болгон эркекти сен билбей эле койгонуң оң. Аида ушул жерден дагы ойго алаксып кетти. Чын эле кечинде болуп өткөн окуяны эми кантип унутат. Ушул жашка келгени, тактап айтканда өмүрүндө биринчи жолу кечинде болгон улуу иштин учурунда аял болуп жаралып калганына ыраазы болбоду беле. Аны кантип тана алат. Он жылга чукул бирге жашаган күйөөсү Касымдан көрбөгөн сыйкырлуу сырды, тигинтип бей тааныш эркектен көрсө, андан дагы боюна бүтүп калганына минтип толук ишенип турса, "туубас" деген аттан кутултуп, эне болуу бакытына туш кылган эркекти унуту бул колдон келбес иш экенин дитинде билип турду, бирок кара күчкө башын ийкеп, Бүбүайымдын сөзүн тыңшаган болду. Билинбегени менен аял затынын түйшүгүнөн дагы, азабы көп белем. Эми чындап азаптын-азабына кабылганын Аида кантип тана алат. Көз алдына кечиндеги окуя келип, чын ыкласынан ошол окуянын кайталанышын тиледи, бирок Бүбүайым билип калбасын деген ойдо жүзүн ала качып, жер караган болду. Аттиң, баардык кара нерсе, жаман ой, жаман сапат канчалык жашырган күндө дагы оркоюп билинип калаарын, жашырып болбойт го. Бүбүайым, жер караган Аиданын абалынан улам билди, анын дити кимгедир бурулуп калганын. Ушул жерден чукул ойлонгонго үлгүрдү " Тажимурат сыр алдырбаса болду" - деп. Бир кезде сырттан эч күтүүсүз эле Тажимурат кирип келгенде Аида алгач эле анын моюнуна көз агытты да, анын кечинде колуна илинген калын даана байкап, ичинен кым эле дей түштү. Ушул жерден көзүнө Тажимурат тим эле асмандан түшкөн жомоктогу баатырдай бир укмуш көрүнүп кетти. Бир саамга көздөр кагылыша түштү. Бул көз караштан Тажимурат сыр алдырып койду. Анткен менен Аида амалдуулук кылып:
-Эмне бизди алып кеткени келдиңби? - деп суроо берип ыңгайсыз абалдан кутултуп кетти. Тажимурат кара кою кашын өйдө серпип, кырдач муруну менен энтиге дем алып:
-Машина бузулуп калды. Эже, акча керек болуп жатат. Бир тетик алып келиш керек. Бирок, тетик табылса, тез эле оңолот. Дагы жакшы ушул жерге келгенде бузулганын карасаңыз. Кечинде жолдон бузулса эмне болмок элек? - деп, сөз улаган болду. Бүбүайым олтурган ордунан туруп акча алып келгени сыртка чыкканда Аида учурдан пайдаланып, оң көзүн кызып койду. Бул белги " сени таанып калдым" -деген белги болучу. Тажимурат жагымдуу жылмайып, жооп кылып, ал дагы көзүн кысып жооп берди. Ушул кичинекей белги экөөнү түбөлүккө азапка салаарын экөө тең билишти, бирок ашыкча сөз ооздорунан чыгарышкан жок.
Тажимурат дагы уйкудан ойгонору менен Аиданы эстеген. Жаш келиндин ысык денеси, кумарлуу үнү, жан жыргаткан жыпар жыты деги койчу, айтып сөз жеткизе албаган аял затынын миң түркүн жагымдуу жоругун Аидадан көрүп, ошол убакта убакыттын токтоп турушун миң кайталап тилебеди беле. Анан уйкудан ойгонору менен Аиданын жүзүн көрүү үчүн канча далбас урду. Эми минтип жүзүн көрмөк турсун бир бөлмөдө тиктешип, ал турсун көз кысышканга жетишкени үчүн өзүнө-өзү ишенбей, денеси денесине батпай сүйүнүп турганда сырттан дабыш чыгып калды. Бул дабыш кечиндеги молдонун дабышы болучу. Аны көргөндө Аида жети өмүрү жерге киргендей уялып кетти. Көрсө бул жалганда жашоо бир кууралы, бир жыргалы менен кызык белем. Аз убакыт илгери эле Тажимуратты көрүп сүйүнүп турган Аида минтип молдокени көргөндө жердин катуулугунан гана турду, денеси чымырап уялып. Ушул жашка чыкканы азыркыдай абалга кабылып көрбөсө керек. "Уят өлүмдөн катуу" - дегендей, тиги молдого ак денесин көрсөтмөк турсун, ага аз жерден денесин арнап коё таштаганы үчүн жети өмүрү жерге кирип кете жаздады. Ооба, уятты билген адам гана уялганды дагы билет. Болбосо, чакчаңдаган бирөө болсо Аидадай жер карабай тик карап, молдого дагы көз кызат беле ким билет. Тартынчаак элеттик бул келиндин болгон кылык-жоругу, сыпаалыгы, мококтугу, аял затына таандык уяңдыгы Абдышүкүр молдону ойго салды. Кайраты качып, карылыкка моюн сунуп калган молдоке, кичине жашыраак болуп, күчү келгенде кечинде эле баарына көз жумуп, Аиданын башын өзүнө имерип алат беле... Буга чейин көп эле келинге кечиндегидей дем салып, балалуу болгонго салымын кошкон. Бирок ушул жолкудай абалга кабылып көргөн эмес. Жашы карылык айылына баш бакканы менен кайран жүрөгү жаш бойдон калганын моюнга алып турду. Баардык жерде асыл нерсе адамдын көзүн, дитин өзүнө бурат эмеспи. Аиданын болгон турган турпаты, жоодураган көз карашы, келишкен келбети молдокенин жүрөгүн козгоп койгонун өзү гана моюнга албаса, сыртынан эч сыр берген жок. Ушул ыңгайсыз абалдан дагы Бүбүайым куткарып кетти. Сырттан кирген Бүбүайым кабагы ачык:
Тажимурат сен артыбыздан келгендей бол, Аида экөөбүз кете берели. Мени ал жакта күтүп калышат, эрте барбасам. Сиз молдоке, мен айткандай кылыңыз. Бүгүн кечте дагы келебиз, даяр болуңуз деди. Бул айтылган сөздүн артында "дагы төрөбөгөн келин келет" - деген сөз жатканын Аида дароо түшүндү, бирок эч сөз айта алган жок. Ушул жерден Тажимуратты бирөөлөрдөн кызганып жиберди да, көз карашы менен билгизди "дагы башка келиндин боюна бүтүрөсүңбү" -деген сөздү. Тажимурат акырын гана башын чайкап койду, жооп кылып.
Анткен менен бул күнү Аида өзүн абдан жеңил сезип жүргөнү менен кечинде болуп өткөн окуя көз алдынан кетпей койду. Адам баласы эч качан унутпайт эмеспи, жанга жагымдуу нерсени. Ал турсун бирөөлөр мактоо сөзүн айтып койсо, ошол сөздү дагы бийик тутуп алган жайы бар экенин жашырып болбойт. Убакыт чоң шашкеден ооп, дигер намазы окулуп болуп калган кезде Тажимурат машинасын оңдоп келип калды. Бул кезде үйдө Аида жалгыз болучу. Бүбүайым иштери менен базарга кеткен. Тажимурат кирип келгенде эле Аида олтурган ордунан тура калып, алдыга кадам таштады. Бул эми өзүн башкара албай, аруу махабатка баш ийип калгандын белгиси болучу. Тажимурат ушул жерден өктөмдүк кылып, алгач Аидага жакындады. Экөө эмне болуп кучакташып калды өздөрү дагы билбей калышты. Бир кезде Аида каргылданган үнү менен:
-Тажимурат, мен билем. Кечинде мени менен болгон сен болучусуң. Аны эмне жашырасың? Экөөнүн ортосунда сөз ушуну менен уланып, бир кезде ысык эриндер бири-бирине чапталыша түштү. Таттуу өбүшү бир топко созулуп, аягы кечинде болгон окуя менен аяктады. Дагы жакшы ушул кезде экөөнө тоскоол болгон жан адам болгон жок. Эми чындап эки жаш бири-бирине жипсиз байланып, жүрөктөр бирин-бири гана эңсеп согуп калды. Бул болуп өткөн окуя жашырынып жаткан ички сезимди жарыкка алып чыгып, жашоонун бир кызыгы сүйүү менен байланыш экенин эстерине салды. Анткен менен Аиданын башы бош эмес экени гана экөөнө тоскоолдук жаратып турду. Бул ишке барганы үчүн Аида эмнегедир өкүнгөн жок. Анткени, Касым мындай ишке ачык эле барып, болгон айыл элине билинип, уят кылбадыбы. Аял заты үчүн күйөөсүн башкага тарттырып жиберген абдан намыстуу, уят иш экенин Аида башына келгенде билип, канча санаа тартты. Бирок эмнегедир кечиндекиге караганда бул жолу баары ачык болгон үчүн, Аида дагы бир жолу аял болуп жаралып калганына ыраазы экенин өңү билигизип турду. Кызылы-кызыл, агы-ак болуп көзгө абдан сүйкүмдүү көрүнүп, чырайына чыга түштү, соолуган гүлгө суу куйганда гүл өңүнө чыккан сымал. Ал турсун Тажимуратты жанынан жарым карыш чыгаргысы келбей, андан көзүн албай карай берди. Бир кезде ыгын келтирип сурап калды:
-Тажимурат, сен эми бүгүн дагы башка келиндин жүрөгүн козгогону барасыңбы? - деп. Бул суроону күтпөгөн Тажимурат көзүн алаңдатып:
-Жок, кайдан. Сени менен болууга эжени араң көндүрдүм. Ал турсун сени жактырып калганымды эже билип калган үчүн, мага уруксаат берген. Бирок бир шарт менен " сага таанылба" деп катуу эскерткен болучу. Сен, менин мойнумдагы калды кармалап билип калганыңда, айлам гана жок сенин жаныңдан туруп кетүүгө тура келди. Эгер сен сыйпалабай жөн жатканыңда анда экөөбүз дагы бир топко жатат болчубуз. Сыр алдырып койгонум үчүн өзүмдөн-өзүм уялдым. Аида жагымдуу жылмайып:
-Сен эми менин жүрөгүмдүн төрүнөн орун алып алдың. Кантип сени унутат болдум экен. Тажимурат шашкалактап:
-Жүрү, экөөбүз эч ким билбеген жакка качып кетебиз. Ансыз деле бетибиз ачылып калбадыбы. Бала дагы меники. Аида колун жаңсап:
-Жок, анда биз Бүбүайым эженин ишине тоскоол болуп калабыз. Бул жагын башкача ойлонушубуз керек. Сөз ушул жерге келгенде дарбаза кагылып калды.
Экөө элеңдеп, дароо терезеден сыртка көз агытышты. Бул эми калпыс ишке барган адамдарга таандык көрүнүш болучу. Алгач Тажимурат кыймылга келип дарбазаны ачканы алдыга кадам таштады. Бирок, ким келгенин ачык биле албай, Бүбүайым болбосо экен деген ой, болгон дитин ээлеп алганын корккон жүзү эле билгизип турду. Ушул ойду үйдүн ичинде терезеден сыртты караган Аида дагы ойлоп, тынчы кетип турганы анык эле.

#9 05 June 2014 - 23:44
************
Касым үчүн эки күн, эки кылымга тете убакыттай сезилди. Баягы жаш кезиндегидей абага кабылып, Аиданы көргөнгө эки көзү төрт болду. Ушул жолу билди, дагы да болсо Аиданы сүйөөрүн. Жөн эле билим берүү министирине жолукчудай абдан берилип даярданды. Ал турсун базарга барып өзүнө чактап кийим дагы алып кийди. Бул эми жөн адамга жолугу үчүн жасалган далалат эмес. Ооба, ар бир адамдын өзүнүн адамдык сапаты жана даражасы болот. Ошого жараша адам баласы даярдык көрөт. Буга мисал катары жогорку кызматтагы адам келе турган болсо айыл өкмөтү же мектеп директору кандай даярдык көрөрү баарына дайын эмеспи. Ал эми кадыры жок адам келе турганын эч ким элес албайт. Айткандай ушул жерден эле билсек болот, Аиданын кадырын. Ачкыл суунун кулуна айланган Касым чачын суулап тарап, боюна карап, улам күзгүнүн жанына барганы эле эмне деген сөздү айтып турат. Айтып жана жазып койгон оңой, бирок ар бир нерсенин азабын тартуу чоң эмгекти талап кылат. Касымдын керек болсо акыркы күндөрү табити ичимдикке тартпай, такыр башка ойлорду ойлоп, таттуу кылга жетеленип, жашоону башкача баштоону, Аида менен гана бактылуу боло ала турганын анализдеп көрдү. Аскерден жаңы келген кезиндеги сүрөтүн көрүп алып, такыр болуп көрбөгөндөй өзгөрүлгөнүн билип, ичинен арданып дагы алды. Ушул абалга алып келген ачкыл суунун азгырыгы жана өзүнүн чечкинсиздиги экенин билди. Болбосо күнү-түнү оюнан кетпей, басса-турса эсинен кетпеген алган жарынын аз да болсо кадырына жетет эле го. Жок дегенде калыстык үчүн апасына каршы сөз айтып койсо, Аиданын көңүлү өсүп калбайт беле. Баарына бир гана өзү күнөөлүү экенин кеч сезди.
Эртең шаарга барам деген түнү уйкусу качып, болгон дитин бир гана Аида ээлеп алып, анын кадырына жетпей жүргөнүн моюнга алды. Апасы менен Аиданын адамдык сапатын салыштырып көрдү. Апасы айлыгына ээ кылбай алып алганын эстегенде, кайсы кылымда жашап жатканын билди. Тээ илгери келиндер кайын энесинин гана акылы менен жашап, баш көтөрүү эмне экенин билбесе, Аида дагы ошол эски, кат тааныбаган сабатсыз заманда жашап жүргөнүн баамдады. Анткени өз айлыгына ээ боло албай, апасын тик карамак турсун ачуу тилине түтүп, баарына баш чайкап тим болгонун бир баштан эстеп, сүйүп алган жары көз алдында кор болгонуна ичи ачышып кетти. Апасынын "туубас, сен баламдын башын айлантып тийип алгансың" деген сөзүн бир эмес канча жолу укту. Ошондо калыстыкка келип апасын тыйып койбой, басып кеткен күндөрүн эстеп, өзүнүн кандай адам экенин билди. Эгер башка бирөө болгондо төркүнүнө болгон ишти, айтылган сөздү ташып барса эмне болмок? Кайра ал жактан төш алып келип, эт жок калганда тамак жасаган күндөрү болбодубу. Зымпыйып эч кимге сыр бербей, болгон ичтеги окуяны эч кимге айтпай жашырып келгенине уйкусу качып ойго жатып Касым эми гана баа берди. Аида барда үй ичи кандай көзгө сүйкүмдүү жана жарык көрүнчү эле. Ал эми ал кеткени жарыгы өчкөн үйдөй, бир нерсе жетишпегендей сезилгене эми баам салды. Канчалык башка нерсени ойлоюн деген менен болгон оюнун аягы барып эле Аидага такала берип, аны менен эртерээк эле жолуккусу келип кетти. Көзүн жумуп уктап калгысы келди, бирок кайдагы уйку. Уйкусу качкан адамдын оюна эмнелер гана келбейт. Ар нерсени ойлоп жатып таңга жуук гана көзү илинип кеткен Касымды апасы ойготту. Ооба, Калича дагы түн ортосуна чейин уктай албай жаткан. Келини менен эми кантип жүз көрүшүнү ойлоп жатып, ал дагы кеч уктап эртең менен күндөгүдөн кеч ойгонгон. Касым ойгонору менен дароо саатты карап, кеч болуп калганын билип, ордунан дароо турду.
Сыртка чыгып келип таңкы наарга олтуруп жатып, апасына кайрылды:
-Апа, эмне эрте эле ойготпойт белеңиз? - деп. Калича чай куюп сунуп жатып:
-Балам мен дагы уктап калыптырмын. Болбосо эрте эле ойготот болчумун. Кайсы кара теке сүзүп уктап калдым, билбейм. Бул таңкы уйкудан өткөн таттуу нерсе болбосо керек. Ошол себептен айтылат да "эртең менен таң эрте ырыскы чачат" - деп. Уйкуну жеңе билүү жөн адамдын колунан келе бербейт. Уйку бул жалкоолордун жолдошу. Жалкоо адам керек болсо уктаган уйкусу менен дагы мактанат. Иштемчил адамдар таң эрте ишти баштайт. Таң эрте баштаган иш тез арбыйт. Биз экөөбүз минтип уктап жатканда Абды кошунанын эки баласы тигинтип беш сокмо согуп коюшуптур. Бул эми иштин ийгилиги эмеспи. Касым бул айтылган сөзгө маани деле берген жок. Болгон дитин бир гана Аида ээлеп алып, ага тез жетип баруу гана оюнда турду. Шашып чай ичкен Касым сөздү бөлүп:
-Апа, таң эрте тамакка деле табит жок. Мен эрте жолго чыгайын. Таксилер кетип калды го. Эрте барсам эрте келем. Эгер Аида макул болуп калса бүгүн эле жолго чыга беребиз. Ишимден араң уруксаат берди. Калича калдастап калды. Анткен менен Аиданын кетип калганы өзү үчүн жана кийинки жашоосу үчүн жакшы эле сабак боло турган сын сөздөрдү угуп, элге сөзү кыска болду. Бир жагынан өзүнүн ким экенин билди. Балким Аида минтип чечкиндүүлүккө барбаган болсо, баягы кыялы менен жүрө берет беле ким билет.
Касым аялдама келсе бир чоочун машина турган экен. Айылдан мындай көзгө жат машинаны көзү чалбаптыр. Чет элден келип жаткан иномарка машиналардын саны жаңы гана өсүп келе жаткандыктан, бул машинанын маркасын деле билбей жакын басып келип караса, шаардагы классташы Мелис экен. Аны менен кучакташып көрүшкөн соң дароо эле:
-Досум, жорго кут болсун деди. Мелис башын ийкеп:
-Андай болсун, эмне шаарга барасыңбы? - деген болду. Экөөнүн ортосунда сөз ушуну менен уланып жарым саат туруп калышты, кардар күтүп. Машинанын салону толгондо, ордунан жылды. Жолдо ката сөз дагы уланды. Касым:
-Бул машинанын маркасы эмне? - деди эле Мелис жол караган тейде:
-Германский машина "БМВ" - деп аталат. Жолдун каролу. Алдына бир дагы машинаны салбайт. Мотору күчтүү анан абдан күлүк машина. Илгери мындай машинаны бир гана болуштар минген десек болот. Тактап айтканда күлүк атты качан кедейлер минчү эле. Бул машинаны илгерки болуштар минген күлүккө салыштырсак жарашат. Мелис бала кезинен бери эле мактанчаак жайы бар болучу. Анткен менен сабакты начар окуп, эптеп мектепти бүтүргөн эле. Ошол чабыр бала минтип ооз керип сүйлөгөнү Касымдын ичин күйгүздү. Андан дагы кардар күтүп турганда Аида жөнүндө сөз болуп кеткенде Мелистин айткан сөзү такыр көңүлүнөн кетпей койду. "Көзү ачыкка ишенген сен дагы бир байкуш экенсиң. Алар таппаган акыл жок. Кайдан билесиң, сен ишенген көзү ачык, аялыңды башка эркекке салып бергенин. Алардан баарын күтсө болот. Сен кайсы заманда жашап жатканыңды билесиңби, азыр деген жыйырма биринчи кылым" - деген сөзү көкүрөгүнөн кетпей, кызганыч сезими күч алып, көз алдына Аиданын башка эркек менен кучакташып турган элеси тартылып, өзү салондо болгону менен санаасы такыр башка жакта болду. Эч ойлогон эмес эле, мындай кызганыч ойду. Бир чети Мелис дагы жакшы сөз айтты. Медицинанын күчү жетпеген нерсеге, көзү ачыктын кантип күчү жетет эле. Бир кезде Мелис оюн билгенсип:
-Досум, эмне ойго алдырып. Мен жана жөн гана оюма келген сөздү айтып койдум. Ага капа болбо. Баса менин жеңем дагы көзү ачыкка барып жүрүп акыры бала төрөп, байкемди сүйүнтпөдүбү. Бул жооткотуп айтылган сөздү күчү Касымга эч таасир бербеди. Ушул сөз айтылышы менен эмнегедир Мелисти абдан жаман көрүп кетти. Анткени башында көңүл оорутуп атайын айткан сөзү тиги эми минтип кайра ага кайчы сөз айтканы такыр тескери таасир берди.
Сөз уланбаган соң Мелис магнитолду иштетип музыка коюп койду. Асанкалый Керимбаевдин ырлары сыбызыгып угулганда Касым аскерден жаңы келген кезин эстеди. Ооба, Аида менен сүйлөшүп, сүйүүдөн кумарлары канбай, азыр эле жолугуп кетсе кайра жолуккусу келип, махабаттын илебине мас болуп жүргөн кездерде ушул ырлар "хит" болуп жаткан болучу. Магнитолдон чыккан музыканын үнү жаш кезди эске салып Касымдын, Аидага болгон сагынычына, кусалыгына кайра от жакты. Ушул кезде машина бир орундан жылбай тургандай сезилип кетти. Машинанын артында олтурган эки жигит анан бир жаш кыз талкан сугунуп алышкансып алар дагы эч үн дебей келе жатышты. Касым шаарга келгенге чейин тим эле ичи күйүп, сабак билбеген досунчалык боло албаганына арданып, ушуга чейинки өмүрү жөн гана текке кеткенине өкүнүп келди. Эгер башка машинага түшкөн болсо ичинен мынчалык эзилбейт эле. Көрө албастык сапат ушундайдан башталарын ким тана алат. Көрсө адам баласы бул жалган дүйнөдө бири-бирине атаандашып жашап, атаандашып күн өткөрүп келгенин Касымдын жоругу эле айгинелеп койду. Бир кезде Мелис эч ойдо жок жерден эле сөз улады:
-Досум, эч капа болбо. Бул машина меники эмес, мекеменики. Менде кайдагы машина. Мен айыл чарба министиринин биринчи орун басарын тартам. Кечинде апамдарды жеткизип келгем. Майга сеп болсун деген ойдо кардар ала кетейин дегем. Баса бул машина андан калса бензинди абдан көп ичет. Жүз километрге он алты литр бензин кетет. Ага менде кайдагы акча. Касым бул сөздү укканда ички оюн билип койгон досуна таң берип:
-Эй, досум, сен мага такыр туура эмес түшүнүп алдың. Мени ойго салган сенин машина алганың эмес, менин али күнчө балалуу болбогонум. Эки күндүн бири өлүм. Ажал кайдан келет аны ким билет. Ушул бойдон балалуу болбой каламбы деген ой мени санаага салды. Сенин жана "көзү ачыкка ким ишенет"-деген сөзүң, болгон үмүтүмө суу септи. Аида экөөбүздүн көрүнбөгөн доктурубуз, барбаган бакшыбыз калбады. Мен дагы бир атадан жалгыз болсом, анан минтип балага зар болуп жүргөндө кантип санаа чекпейм. Сен мага демектен бир эмес он машина ал, ага менин эмнем кетип жатыптыр деп, сөз таап кутулуп кетти. Мелис калпыс сүйлөп алганын кеч сезип калды. Бир жагынан Касымдын айткан сөзүнө маани берип:
-Досум мени кечирип кой! Эркек жан үчүн артында тукум калган кандай жакшы жышаан. Ошон үчүн ата уулду болгондо сүйүнөт тура. Менин үч тентегим бар. Кечинде иштен чарчап келгенде алардын ызы-чуусунан кадимкидей эс ала түшөм. Көрсө бала деген өзүнчө бир жашоонун уландысы экен. Сөз ушул жерге келгенде шаарга келип калышты. Касым машинадан түшкөндөн кийин аз да болсо өзүнө келе түштү " Ошондой дейм да, мунун машина ала тургандай байлыгы деле жок эле" - деп ойлоп, алдыга кадам таштады.
Бул кезде убакыт али эрте болучу. Машина Мелис айткандай ылдам жүрүп, тез алып келди. Алгач Касым базарга келип, куру кол барбайын деген ойдо майда-барат нерселерди алып, анан дарек боюнча келди. Жолугушуу жакындаган сайын тим эле салабаттуу кишиге жолукчудай денесин майда калтырак басып, оюн бир жерге топтой албай кыйналып, чекесинен майда тер чыпылдып чыгып кетти. Минтип бушайман болгонуна Аксия менен болгон мамилеси себеп болгонун кантип танат. Эгер Аиданын алдында таза болгондо анда мынчалык азап тартпайт болучу. Бул да болсо булганычтын бир гана үзүмү. Былык иш денедеги ириңдей болуп бирде болбосо бирде сыртка чыгары бул турган иш экенин жашырганда эмне. Ушул күндүн келишин чыдамы кете күтүп алып, эми минтип астананы аттай албай, дарбазанын сыртында эле бир топко туруп калды. Бул кезде үй ичиндегилер чайга олтурушкан болучу. Бүбүайым ички тую сезими менен сезип турган, Касымдын келип калышын. Ал турсун анын ичкери кире албай дарбазанын сыртында турганынан бери билип, ыпластыктын сапаты ушуну кылат деп ойлоп, ичинен кытмыр күлгөн кезде, Касым сырттан кирип келип калды.
Бүбүайымдан башка эч ким Касымдын кирип келишин күткөн эмес. Алгач эле Аида жаман абалда калды. Анткени анын дагы таза эмеси ушул көрүнүштү тартуулаган болучу.
**************
Дарабаза каккан Бүбүайым экенин алдына ала билген Тажимурат эмне шылтоо айтаарын билбей, калдастап калды. Ушул мүнөттөрдүн ичинде жөн эле уурусун карматкан адамдай өңү өзгөрүлүп, алты айласы кетип, уятынан жети өмүрү жерге кирип кете жаздады. Анын себеби үйдө экөө эле калганын билсе, болуп өткөн иштин дайыны билиниши турулу иш. Бүбүайым абдан катуу эскерткен болучу "Аидага жакын жолобо" - деп. Эми жоломок турсун кылгылыкты кылып койгонун ал айттырбай билет. Кап, жок эле дегенде эки мүнөт илгери үйдөн чыгып, дарбазаны ачып койсо эмне.
Кандай адам болсо дагы илинүү эшиктин ичиндеги экөөнөн бир нерсени шекшип калышы турган иш эле. Колу калтырап жатып эшикти ачса айткандай эле Бүбүайым менен бүгүн тиги жакка бара турган келин экөө экен. Анткен менен Бүбүайым эч сыр бербестен суроо салды:
-Качан келип калдың, деги машинаң оңолдубу? - деп. Тажимураттын канында сарттык кылык жорук бар да. Ошол себептен жөн эле ээсине эркелеген иттей болуп:
-Ооба, эже, мен деле жаңы келип чай ичкени үйгө киргем - деди. Бүбүайым үйгө кирип келе жатып:
-Бол тез кыймылда. Азыр кайра тигил жакка барыш керек деп айтканча ичкери кирди. Бул кезде диванда телевизор көрүмүш болуп олтурган Аида сыпаалык үчүн тура калды. Жүзүндө уяңдык сезим уялап, кызарып кетти. Адам баласы канчалык далалат кылган менен анын жүзү баарын айгинелеп коёру бештен белгилүү иш экенин ким тана алат. Бүбүайым эч сөз айттырбай эле билди. Атаганат, эгер Аида кыңыр ишке барбаган болсо тик карап, жүзүн ала качпайт эле го. Баары бир азгырык иштин аягы тайыз келээрин билип туруп, ошол ишке барган турмушта кайталанып эле келе жатпайбы. Бүбүайым дагы бул жерден өзүнүн адамдык бийик сапатын көргөзүп, ашыкча сөз айткан жок. Бир жагынан туура көрдү. Анткени бул кыңыр иш менен сөзсүз бала боюна бүткөнүнө бөркүндөй ишенип, башка багытта сөз улады:
-Аида, бүгүн үйдү сен жалгыз кайтар, коркпойсуңбу? - деп суроо берди эле Аида жер караган калыбында үнүн жай чыгарып:
-Коркпойм деле. Сиздер качан келесиздер? - деген болду. Бүбүайым сумкасынан нан алып чыгып:
- Аны убакыт көргөзөт, балким эрте эле келип калышыбыз ыңтымал. Баса Аида чай ичип алалычы. Тим эле өзөк карайып кетти. Баса, эртең Касым келет. Бүрсүгүнү кетеберсең болот. Коркпо, сен эми эне болосуң! - деди. Бул айтылган сөз бир жагынан Аиданын жүзүнө жылмаюну тартуулады да, бир жагынан уялтты. Эх жакшы сөз, жакшы кабардын жалыны ай. Азыр эле кысынып жаткан келиндин кабагы жазгы тийген нурдай ачыла түштү. Чай ичилип жатканда Аида тиги келинди уурдана карап "бүгүн түнү бул дагы мендей болуп чоочун эркектин бир күндүк аялы болуп, белгисиз бирөөнөн балалуу болот. Балким Тажимураттын кучагында тыбырчылайт чыгар" -деген ойду ойлоп койду. Анан кайра "мейличи, бала үчүн азап тартканча бир балээден кутулганы оң эмеспи" - деп, жан тарткан болду. Бул кезде Тажимурат кайпактап сыртта жүргөн, уялганынан үйгө кире албай. Бир кезде Бүбүайым уккула дегенсип жөтөлүп алып:
-Тээ илгери бир ай десе аркы жок, күн десе көркү жок байдын жалгыз келини болгон экен. Ал келин экөөңөрдөй болуп баланын үнүн укканга зар олуп жүргөн кезде, чачын ак баскан, бели бүкчүйгөн, көзгө жүдөө көрүнгөн кемпир суусундук ичкени келип, пакиза кийинген келиндин колунан суусундук ичкен соң минтип айтыптыр:
-Балам, сен баланын үнүнө зар болуп жүргөн кезиң экен. Эгер менин тилимди алсаң сен бала жытын жыттайсың. Бирок бир гана шарт менен дегенде келиндин кызыгуусу артып:
-Кандай шарт? - дегенде кемпир жүзүн өйдө көтөрүп:
-Балам бата менен эл көгөрөт, сенин атаң байкоосуздан күнөө ишке кириптер болгон экен. Ошол жасаган күнөөсүнүн залалы сага тийип жатат. Мындан он чакырымдай алыстыкта жарды жашаган, жети баласы бар кедей адам бар. Ошонун батасын алгыла, жолдошуң экөөңөр. Ошондо гана атаңдын кетирген күнөөсү жуулуп, жыл маалында сенин боюңа бүтөт. Баланын азап чеккенине албетте ата менен эненин кетирген кемчилиги дагы себеп болот. Баса ал үй-бүлөөгө бир гана мал алып барып берип ыраазы кылбай, кийим кече дагы алып бар. Анан жети бала төрөгөн эненин ич кийимин сурап ал. Аны жийиркенбей кийгиниң. Бул ырым болот. Бала боюңа бүткөн кезде дагы барып ал үй-бүлөнүн батасын алгандай болгула. Жарды жашаган адамдардын берген батасы бат тийет, ушуну эске ал деп айтып, баягы кемпир жолуна түшөт. Келин бир саамга үн дебей туруп калат дагы, узап бара жаткан кемпирдин артынан барып:
-Эне, мынча болду үйгө кирип конок болуп кетпейсизби? Күн дагы кечтеп калды, конуп кетиңиз! -дегенде баягы кемпир кабагы салыңкы:
- Мени коноктойм деп, кайын энеңдин көңүлүн оорутуп аласың. Байдын үйүндө калтырап олтурганча, кедейдин үйүндө эркин олтурганым түзүк. Аны коюп жата турган жериме ала баргандай бир нерсе бергениң оң, кол карап калышса бере койгонум жакшы деп, айтканда келин кайра артка тартып, чыгдандан эки жилик бышкан эт, анан бир көмөч нан алып келип берет. Келиндин бул ишине ыраазы болгон кемпир бата берген экен "ылайым бар болуп, этегиңден жалгасын. Түстүдөн түңүлбө деген ушул, балам, бактылуу бол" - деп сапарын улап, жолуна түшөт. Ошол күндүн эртеси эле келин жолдошуна болгон ишти айтып, баягы жакыр жашаган үйгө келишип, бир чети таң калышса, бир чети аларга абдан ыраазы болушат. Жети бир тууган канчалык ачка болуп турушса дагы тамакка үзүлүп түшпөй, атасы келгенге чейин даам сызбай күтүп олтурушуптур. Качан гана атасы келгенде алгач даамга атасы, анан апасы, андан сон улуулата даам сызышып, ынтымактуу экенин билгизишет. Акыры кетээрде келин жети баланы төрөгөн аялдын ич кийимин сурай албай мындай кылган экен:
-Апа, ички кийимиңизди чечип бериңиз дагы, бул кийимди кийиңиз. Мен жууп келип берейин дейт. Баягы аял дароо эле макул болуп, ич кийимин чечип берет.Кетээринде үй эсинин чечекейи чеч болуп сүйүнүп, чын жүрөгүнөн бата берет. Ошол окуядан кийин келиндин боюна бүтүп, жети эркек бала төрөйт. Муну менен мен эмнени айтмакчымын, силер дагы али жашсыңар, бата алгандан жазбагыла. Анан кыргыз элинин ырым-жырымын кармана жүргүлө деген ойдо ушул икаяны айттым. "Кедейдин бир тойгону байыганы" -деп бекер айтылган эмес. Байлык адам баласынын акылын өстүргөнү менен карамүртөз кылып салат. Анткени адам баласы канчалык байыган сайын, өзүн жогору сезип, текеберлик мүнөз күтөт. Байкасаңар, алгач аял заты байлыкты көтөрө албай кеткен жайы бар. Айтмакчы кыдыр алеки салам кедейдин кейпин кийип келет. Үйгө кедей адам келгенде ириде аялдар жактырбай, жаман кабыл алат. Ошондо келген ырыскыны кубалап жибергенин билбей калган учур көп кездешет. Тиги сулуу келин дагы бой көтөрүп, жупуну кийинген кемпирди кабыл албай койгон болсо, бала төрөбөй калмак. Анткени тиги кемпир чын ыкласынан ыраазы болгон үчүн, анын дагы батасы тийди. Андан дагы анын айтканын аткарганы да себеп болду деп айтсак жарашат.
Мына экөөң тең бала үчүн ушул жерде жүрөсүңөр. Менин айтканым аз да болсо силерге сабак болобу деген эле ой. Кыз кезинде баары жакшы, жаман аял кайдан чыгат, албетте тилдин узунунан анан бирөөнүн артынан ушак кеп айткандан чыгат. Аял заты биринчи улуу Алланы анан күйөөсүн сыйлаш керек. Күйөө бул аялдын таянар тоосу, ошол себептен бекер жерден айтылган эмес " үңкүр да болсо үйүм бар, аюу да болсо эрим бар" - деп. Силер канчалык тийген күйөөңөрдү жаман көрсөңөр да аны билгизбегенге аракет кылгыла. Анткени жаш өйдөлөгөндө күйөө улуу балага айланып калат. Тарбия ирээтинде айтылган бул сөздөр эки келинге абдан жакты. Чай муздап калганга чейин сөз уланып, акыры тасмалга бата тиленип, Бүбүайым тиги келинди Тажимураттын машинасына салып алып жөнөдү. Үйдө жалгыз калган Аида, Бүбүайымдын айткан акылына абдан баа берип, өзүнчө дагы анализ жүргүздү. Ар бир таасын айтылган кеп, учуру келгенде кандай таасирин берет. Балким буга чейин ушул айтылган сөздөрдү уккан чыгар. Бирок анда таасир бербеген үчүн, ушул саам сөздүн күчүнө таасирленип ойго алаксып кетти. Бир кезде дарбаза кагылып, үй ээсинин кызы келип калды. Аны көргөндө Аида сүйүнүп жүзү албырып чыкты. Кечинде жалгыз кантип жатам деп санаа чегип жаткан болучу.
Бул түнү Аида дагы жакшы түш көрдү. Түштүн оңолгону иштин оңолгонуна тете деп айтылгандай, эртең менен абдан сейрек ойгонуп, кечинде али уктай электе келген Тажимураттын мында жатканын эстеп, тиги келиндин башка эркек менен болгонун ойлоп койду. Ой деген кандай күлүк. Ойго келбеген нерсени адам баласы кандай тез ойлогонго үлгүрөт. Бирок, кайра унутуп калганы баарын жууп кетет эмеспи. Ошол себептен пендебиз да. Пенде араб тилинен которгондо "унутчаак" - дегенди билгизет. Демек болгон окуянын баарын эле эч ким эстеп жүрө албаган иш бул анык эмеспи.
Күн аркан бою көтөрүлүп калган кезде Бүбүайымдар келди. Тиги келиндин тим эле жазгы күндүн нурундай кабагы ачык. Жөн эле алтын буюм таап алган адамдай сырттан жадырап кирип келгенде эле Аида эч сөз айта электе эле билди, түнү жакшы өткөнүн. Жакшы маанай менен учурашкан соң, адаттагыдай эле тасмал четинен орун алышты. Тажимурат эмнегедир Аиданы актангандай карап койду. Бул көз караштын артында " мен сенин алдыңда тазамын" - деген белги турганын айттырбай билип, акырын жылайып жер караган болду.
Анткен менен Аида баштагыдай тартынбай өзүн эркин алып олтуруп, бул жерге көнүп калгандай элес берип, Бүбүайымдан сөз күттү. Бирок ортодо сөз уланган жок. Сырттан көрүнгөнү келгендердин саны арбып кеткени жолтоо болду.
Улам келген кишилерди кабыл алып жатып, Бүбүайым жаңы гана колу бошоп, тамакка олтурганда Касым келип калды. Ал жайды сурап учурашкан соң, Касым дароо Аиданы карады. Аида көзүнө үрдүн кызындай бир укмуштай сулуу көрүнүп, ичинен таң калып турду " чын эле Аида ушундай сулуу жан беле" деп. Көңүлү өскөнгөбү же боюна бала бүткөнгөбү айтор Аида баягы кыз кезиндегидей боюна жарашыктуу кийинип, абдан ачылып алганы даана байкалды. Бул кезде Тажимурат башка жакка кетип, үйдө жок болучу. Ортодогу ыңгайсыздыкты Бүбүайым бузду:
-Касым, апаң кандай, айылда эмне жаңылык бар? - деп. Сөз ушуну менен уланып, тамак кандай желип болду эч ким таназар албай калды. Касым эптеп ичтеги бугун чыгарып айтып алуу үчүн Аида менен ээн жолугушууну ичинен тилеп турду. Аида канчалык Касымды жаман көрүп турганы менен боюна бүткөн ишти жашырып жабыш үчүн эми аны кечирүүдөн башка айласы жок эле. Бир жагынан боюна карап жасанып алган Касым дагы баштагыдан көзгө көркөмдүү көрүнүп, Аиданы тымызын азгырды. Калган көңүл кантип жибийит, албетте учурунда айтылганда. Бир учурда Бүбүайым бул акыбалды байкап, ыгын келтирип экөөнү ээн бөлмөгө чакырып кирип өзү оюн билгизип, сунушун айтты:
-Касым, сен абдан туура учурда, убадага туруп келип калганың мени абдан кубантты. Анткени мен бир кезде силердин үйгө барып убада берген элем " Аиданы мага жибергиле, силердин үйдөгү чырдын башы болгон ымыркайдын үйүңөргө келишин чечип берейин " - деп. Мына эми мен ал сөзүмө турдум. Буйруса, иш оңунда. Силер эми мындан ары өткөндү унутуп, алдыга жаңыча кадам таштаганда баары калыбына келет. Эң негизгиси ынтымак болсун деди. Анткен менен Бүбүайымдын бул жолу дагы чоң жардамы тийди, экөөнүн бири-бирине жакындашына.
***********
Мына эми андан бери толук беш ай убакыт эч билинбей сызып өтүп, Аиданын ичи билинип калды. Ушул күндү кандай азап менен күттү. Калп айткан менен болобу, боюнда бар аял заты көзгө кандай сүйкүмдүү көрүнөт. Аида боюн жашырып узун көйнөк кийип, мектепке барып келгени болбосо, үйдөн баягыдай көп иш кылбай бараткан. Калича тим эле көзүн карап, бала дегенде ак эткенден-так этип баштагы мүнөзүнөн кайтып, жоошуп калган. Турмуштан өткөн сабак барбы.
Аида шаардан келгенден эки күн өткөндө, кошунасы эле балп эткизе бетине айтып салган " Калича, болду эми карылык башка келгенде келиниңди көп эле каарып, сөз менен жей бербе. Сен дагы бир кезде келин болгонсуң. Ошол кезиңди бир эстеп койсоң боло! Келиниң кетип калганы үйүңөрдөн кут кеткендей эле болду. Касым дагы ичкиликтин кулу болуп, анын азабын өзүң эле тарпадыңбы" - дегенде, ачуу чындыкка баш ийип, күнөөсүн моюнга алып, артка чегинүү жасаган. Мына эми минтип келини кош кат болуп, уулу дагы ишинен учурунда келип, тим эле үйдө өзүнчө эле шаңдуулук пайда болуп, минтип үйгө келүүчү жаңы мүчөнү чыдамдары кете күтүп турган кездери. Анткен менен Каличанын күдүк ою дале ичинен өзүн жеп келет " бала Касымдан болсо экен" - деген. Анткени узун кулактардан укканы бар эле " Касым уулуң уруксуз экен" - деген кепти. Ал эми Касым ага эч маани деле берген жок. Анын себеби бар. Айылга аты таанымал Эсенбек деген жашы жетимишке чамалап калган чоп дары жасаган табыптан, дары алып ичкен, эки апта. Ал киши айткан болучу " болгону эки жума ушул дарыны бир учурда ич. Анан сен доктур айткан тукумсуздуктан тымтак айыгасын" - деп. Айткандай эле дарыны ичкенде таасир бергени сезилген. Ошондо Эсенбек табыптын дарыгерлик касиетине баа берип калган. Эгер Эсенбектин дарысын ичпеген болсо, апасындай болуп, Касым дагы кумон ойдо калат беле ким билет. Ушак сөз, жалаа адамды кандай гана жаман ойго барып такайт. Калича ичинен эзилгени менен, оюн сыртка чыгара албай кыйналып жүргөнүн Аида эч элес албады.
Бир күнү таңкы тамакты ичип олтурушканда Аида жөн жерден эле:
-Апа, мен кыз төрөйт окшоймун. Түндө түшүмдө мен тааныбаган бир кемпир, колума чач учтук анан шакек берип кетти. Анан мен эшиктин алдында өсүп турган кызыл гүлдү үзүп алдым. Баса ал кемпир менин баамымда Касымдын чоң апасы окшойт. Сол жаак жаагында калы бар, анан токтоо сүйлөгөн, наабатуу жан экен, ак жоолук салынып алыптыр. Биз жаткан үйгө кирип уктап жаткан Касымды көпкө карап турду да, анан жок болуп кетти. Калича угуп болгондо дароо колун жүзүнө жакындатып:
- Балам, түшүң төп келсин. Ушул жашка келгени түшкө ишенчү эмес элем. Сен буйруса аман-эсен көз жарат экенсиң. Ал сен баамдагандай Касымдын чоң апасы. Кайын энем калп айткан менен болобу анча-мынча бир нерсени биле койгон жайы бар эле. Кыргызчылыкка дагы жакын болучу. Сол жаагында калы болсо, анда эле Касымдын соң энеси. Түшүң туш келип аман-эсен төрөп алсаң болгону. Учурунда адам баласы көп нерсени капарына албайт тура. Кайын энем азыр ойлосом абдан баамчыл анан ырымчыл жан эле. Үйдөн киши үзүлчү эмес, бала эмдеткен.
Эсимде Касымды жаңы төрөгөндө эмчегим шишип кетти. Тим эле кол карматпайт десең. Анда азыркыдай доктурга чуркаган деле жан болгон эмес. Кайын энем баамчыл адам болгон дебедимби. Менин жаным кыйналып турганынан улам өзү сурап калды "Эмне болду. Бир жериң ооруп турабы?"-деп. Мен эмчегим ооруп жатат деп айтсам. Колу менен кармап көрүп " сезгенип калган турбайбы" - деп туруп, казандын көөсүнөн сүртүп туруп, буту менен тээп ырымдап койду. Эртеси чын эле ооруган эмчегимди унутуп да калыптырмын. Бул эми анча-мынча касиеттүүлүктүн белгисин берип турбайбы. Аида ушул жерден ойго алаксып кетти " кап, ал кишинин көзүн көрүп калсам эмне"-деп. Адам баласынын көзү өткөндөн кийин артынан жакшы жагын эстеп кала турган иши болсо кандай жакшы. "Ушак сөз айткан адам эмес, ал сөздү уккан адам дагы ушакчы" - деп айтылган кеп бар эмеспи. Чынында эле сөз сүйлөнүп жатканда ар тараптуу сөздөр козголуп, көзү өтүп кеткен адамдын жаман сапатын дагы айтып жиберген кездер кездешет. Бул жерден Калича кайын энеси жөнүндө канчалык жаман сөз айткысы келсе дагы, бирок анын жаман сапатын эстей албай койду.
Касым туруп ишине кетээрде гана ортодо сөз үзүлүп, тасмалга бата тиленди.
Боюнда бар келиндин жаны жер тартып жаткысы эле келе берери анык. Аида тасмал үстүн жыйнап коюп, кыйшайып жата кетти. Анткен менен үчүнчү саатта сабагы бар. Эптеп ушул ай иштесе отпускага чыкмак. Күндөн күнгө ичи чоңоюп, баскан-турганы оор тартып бара жатканы сезилип, жаткысы эле келет. Бирок врач айткан "кыймыл көп керек" - деп.
Бир жагынан кечке эле жата бергенден өзү дагы тартынат. Калича бир жакка кетти дароо эле боюн таштап, кроватына жата калган адаты бар.
Аида шыпты тиктеп жаткан тейде өткөндү эстеди. Кетээринде Тажимурат кылгыра караганда. Касым шекшип:
- Тиги бала эмне мынча сени карап жатат? - дегенде, Аида эч сыр бербей:
- Ага акча карыз болуп калгам. Ал акчаны эжеге берип койгон болучумун. Ошого мени карап жатат го? Азыр мен барып жолугуп келейинчи дегенде оңдой берди болуп Касым каршы болуп койгон. Ошол көз караштын артында эмне деген кусалык, сагыныч жатканын азыр эстеп, аны аяп кетти. Эркекке эмне, аял заты жакшы маанай менен карап койсо эле болду. Жакшы көрүп калат же оюу бузулат эмеспи. Ал эми Тажимурат кантип сүйбөйт. Ичтеги баланы эске албаганда дагы, Аиданын даамын татып калганы, берилип өбүшкөнү, жан тарта сүйлөгөн сөзү кантип анын эсинен кетет. Күндө болбосо дагы күн алыс түшүнө киргени-кирген. Мунун эле өзү анын азап чегип ойлонуп жатканынан кабар берип жатпайбы. Бир жагынан ойлонуп башы жетпей келет "Эмне үчүн Бүбүайым билгенди врачтар билбейт" - деп. Ар нерсени ойлоп жатып, убакыттын өткөнүн билбей калган Аида ордунан араң туруп ишине жөнөдү. Жаңы гана дарбазадан чыкса, апасы аны жолдун берки өйүзүндө күтүп туруптур. Апасын көргөндө Аида сүйүнүп кетти да, утурлай басты. Айгүмүш кызынын абалына бир чети сүйүнсө, бир чети ал жашаган үйгө кире албаганына ичинен сызып күтүп турган. Энеден өткөн бул жалганда ыйык жан барбы. Күмүшай учурашкан соң:
-Кызым, ме, муну үйүңө киргизип коюп анан чык, чогу басалы. Кайын энең почта жакта жүрөт. Сени качан чыгат деп күтүп жаттым эле. Аида кызыгуусу арты:
- Апа, бул эмне? -деди эле Күмүшай:
- Уйдун эти. Кечээ бир козуга эт алганбыз. Сен азыр күчтүүлөп тамак жебесең болбойт. Күн алыс салып жеп, сорпо ич. Бол тез чыга кал. Бул жерден узап кетели, эч кимге көрүнбөй - деди. Аида кара күчкө:
- Апа, жөн деле койсоңуз болмок, кап, убара болгон экенсиз - деп, баштыкты көтөрүп артка кайрылып үйгө кирип, этти муздаткычка салып кайра чыкты.
Жолдо ката Күмүшай кызына өзүнүн билгенин айтты:
- - Кызым, эгер макул көрсөң төрөрүңө жакын үйгө келсеңчи. Кыйналып каласың го? Кантсе да сен бул үйдө ээн жатып ээн тура албайсың. Мен өзүм карайын. Кап, кайын энең менен сүйлөшпөйм да, болбосо өзүм сурап кетет элем. Эртең кечте үйгө Касым экөөң келгилечи, ага түшүндүрүп айтайын. Толгооң келген учурда, үйдө машина дагы бар, ооруканага жеткизгенге. Аида ойлонгон болуп:
- Апа, аны убактысы келсин, ал жагын дагы ойлонуштурабыз. Сиз айткандай үйгө барсам кечке жатат болчумун. Барган сайын жаным жер тартып, жаткым эле келет. Эптеп төрөп алсам болот эле. Башка аялдар кантип төрөп жүргөнүн билбейм. Денем оор тартып, такыр эле жалкоо болуп баратам. Сөз түгөнбөй эне менен кыз мектепке кантип келип калганын билбей дагы калышты. Апасы жанынан узап кеткенде, Аида апасына абдан ыраазы болду. Башка ким минтип тамак ташыйт эле. Бир туугандын жолу башка. Кайран гана эне байкуштун оюнан, тилегинен башка таза тилек болбосо керек. Аида сабак өтүп жатып дагы апасынын бүгүнкү жоругун ойлоп, кантип ыраазычылык билгизүүнү билбей турду.
Кечинде Аида эт салып, тамак жасаганда Калича таң калып:
-Аида, эмне эт сатып келдиңби? - деди эле, Аида ысык сорподон куюп жатып:
- Жок, эртең менен апам алып келиптир, жаш сорпо ич деген ойдо. Кечээ күзгү козуга уйдун этин алышыптыр. Бул сөздү укканда Калича эч сөз кайрыбастан сорподон ууртап "баары бир эне түтпөйт тура" - деп ойлоп койду. Бул Айгүмүштүн бир эле жолку эмес, канча жолу тамак аш ташыганы. Чынында эле эне да, болбосо Калича менен Касым ким эле, Күмүшай үчүн.
Убакыт учкан куштай өтүп, убакыт сааты жетип Аида өзү айткандай кыз төрөдү. "Аялдын бир ажалы төрөттөн" деп айтылат эмеспи. Эгер, Аиданын төркүндөрү жардамга келбегенде, эмне болмок аны ачык айтып болбойт. Эгер, жарым эле саатка кечигишкенде анда бала тумчугуп калып, жарык дүйнөгө келбей кете бермек беле. Бул да болсо басса-турса тилек кылган байкуш эненин тилеги десек дагы болот.
Аиданы, Калича төркүнүнө жибербей коюп, үйүндө кармады. Толгоо түн ортосунда келип, ошол убакта машина табылбай, Касым кошунанын үйүнөн кайын журтуна түнү телефон чалып, машина табылбай жатканын айтканда алар дүрбөп түнү менен келип, Аиданы ооруканага алып келгенде, Аиданын араң эле жаны калган. Ушул жерден Калича дагы ката кетиргенин билип, өзүн-өзү жаман көрүп кетти. Кудасы менен кудагыйы баш болуп келип Аиданы үйдөн алып чыгып бара жатканда Айгүмүш , Каличага угуза айтты:
-Кызым бир нерсе болсо жооп бересиңер. Айткан тилди албайсыңар. Биз эле эмне жамандыкка кыят белек. Ушунча кыйналарын мен алдына ала эле билгем. Биринчи төрөт оңой болмок беле... Деги аман эле болгулачы. Силерге айткан кайран кеп! Бала силердики, аны талашкан эч ким жок. Куру намыстын кереги эмне! Ушул сөздөрдү угу Калича үчүн тырмактын алдына ийне менен сайгандай эле таасир берди. Эки күн илгери эле айткан, Аида "Апа, жаным жер тартып, көзүм караңгылашыа жатат" - деп. Калича бул айткан сөзгө маани бербей:
-Баланын денеден бөлүнүп чыгышы оңой экенби? Баардык эле аялдар төрөгөнчө кыйналат. Чыда, эми аз калды. Аялды ошол себептен "ит жандуу" деп коёт. Аял чыдамкай болгон үчүн баарын жеңип келген. Мен дагы Касымды төрөгөнгө чейин жаным көзүмө көрүнгөн. Анда азыркы келиндердей кайын энеге "оорудум" деп айтуу болгон эмес. Сөз такыр башка нукка бурулуп кеткен үчүн Аида оюн толук айта албай калган. Дагы жакшы ошондо "атамдардыкына барып турайын" -деп айтпаганы. Анткени буга чейин Касым айтса болбой койгон "үйдөн эле барып төрөйт, биздин деле кудуретибиз жетет, ооруканага жеткиргенге" - деп. Ишенген кошунасы Темирболоттун машинасы толгондок ошол күнү бузулуп, моторун чечип салган болучу.
Калича эмнегедир акыркы кездерде баягыдай чакчарыла албай калган. Анын себеби, жалгыз уулу Касымдан эле канча жолу кагуу жеди. Эми минтип өз оюндагыны бербей жатып, аз жерден келини менен небересинен айрылып кала жаздаганы дагы өзүнө минус болуп, баштагыдан дагы баркы кете түштү. Врач Касымды абдан катуу урушту, кайын атасы менен кайын энесини көзүнчө.
-Деги силер кайсы кылымда жашап жатасыңар? Суусу агып, бала тумчугуп калганча алып жатып алганыңар эмнеңер? Дагы жакшы, ичер суусу бар экен, аялың менен кызыңдын. Эгер кичине эле кечикениңерде, эл алдында кеп болгонуңар аз келгенсип, сот алдында дагы жооп берип калмаксыңар. Ачуусу келген врач абдан жүзүн бузуп, катуу урушту. Мунун баарын кылган апасы экенин кантип айтат. Жатаарда эле айткан болучу Аида "Касым, өзүмдү жаман сезип жатам. Алаамдан суу агып жатат" - деп. Уйкусу келген Касым анча маани бербей койгон болучу "таң атсын, эртең менен ооруканага жеткирем" - деп. Түн ортосунда толгоо күч алып чыдабай калганда Касымды ойготкондо, уйкусу умачтай ачылып, апасын ойготуп Касым машина издеп кеткенде Аиданын кыйналган түрүн көрүп Каличанын келмеси оозунан түшүп, эмне кыларын билбей жүзүнө муздак чүпөрөк басып, алты айласы кеткен. Ошондо эле билген кетирген күнөөсүн.
Таң эрте туруп, уулунун келишин күтүп жол караган Калича, кандай кабар угам деп санаасы -санга бөлөндү. Таң атканча тарткан санаасы бир тең, уулун күтүп чеккен санаа бир тең болду. "Эшекке арстандын терисин кийгисең деле эшек эшек бойдон калат" - дегендей, аң сезимден орун алып калган кулк мүнөз, баары бир оңолбой баш менен кетээри маалым эмеспи. Касым үйүнө келе жатып жол карап турган апасын көрүп, аны абдан жаман көрүп кетти. Анткени такыр оюндагыны бербей жүрүп, минтип акыры эмне болду? Үйүнүн босогосун кайын журту кандай абалда аттады. Бул эми мейли деген күндө дагы, врачтан уккан тили тиги. Ушул жерден Бүбүайымдын айткан сөзүн эстеди " Касым, апаңдын тили менен боло бербей чечкиндүү бол, аялдар жакшы болсун деген ойдо акыл айтканы менен, баары айтылгандай боло бербейт, өз акылың менен иш кыл" -деп.
Бул жолу Касым апасына тилин тийгизген жок. Болгону сүйүнчүлөдү дагы анан сөз кезеги келгенде, акырын гана:
-Апа, сиздин тилиңизди алам деп жатып врачтан абдан катуу тил уктум. Аз эле жерден калды. Эгер аз убакыт кечиккенде келиниң менен небереңден айрылмак экенбиз. Анда экөөбүз тең чоң сөзгө калмакбыз. Азыр экология жаман. Илгеркидей тамак аш таза эмес, ичкен суу, аба бузулуп турганда, азыркы келиндердин бала төрөгөнү азап экен. Аны өзүңүз көзүңүз менен көрдүңүз. Мындан кийин сиз эч нерсеге киришпеңизчи. Абдан катуу тил угуп, кайын журттун алдында жана ооруканадагы элдин алдында катуу сынып келдим. Ушул кезге чейин сиздин тилиңиз менен болуп эмнеге жетиштик. Баягы эле жетишпеген жашоо. Пенсияңызыды билиңиз дагы, башкасына кийлигишпеңиз. Болду, баарын эми өзүм билем - деп айтты да, сыртка чыгып кетти. Калича бул жолу дагы кайрып сөз айта алган жок. Чын эле өзү пенсия алат, келин уулунун тапканы жетпей эле келе жатканын дагы эске алып өзүнчө кобуранып алды "мага демектен эмне кылсаңар өзүңөр билгилечи" деп.
Аида азыраак тыңыган кезде ооруканадан үйүнө эмес, төркүнүнө чыгып келди. Анткени баланы багуу, Аиданын баскан турганына, апасы каралашарын түшүндүрүп айткан. Касым бул жолу лам дебей макул болуп үйүнө келсе Калича дагы каршы чыкты:
-Ботом, эмне үйгө эле чыгарып келбейт белең, неберемди? - деди эле Касым:
-Апа, сизге эскерттим беле, кийлигишпе деп. Азыр бала менен Аиданын акыбалы анча жакшы эмес. Үйгө келгенде аны караш керек. Аида азыр араң басып жүрөт. Билем да сизди. Аны азыр эле жумшап аларыңызды "биздин учурда мындай болгон" деп. Бала экөө тыңыганда келет. Мында келбегенде кайда бармак эле? Чыдап туруңуз эми. Билем да сизди. Сиз канча жылдан бери жаш бала бага элексиз. Баланы оорутуп алсак дагы сөзгө калабыз. Андан көрө ач кулактан тынч кулак, тыңыганча тиги жакта болсун. Эгер Аиданын тилин алып төркүнүнө жиберип жиберсек, бала мынчалык кыйналбай төрөлмөк. Анда сөзбүз чоң чыкмак. Эми чыдап күтүңүз. Андан көрө бала бешикке салганга мал таап, тойго камынууну ойлонуңуз. Тиги Калыбайдын уулу Алмаз деле аялы төрөгөндө, аялын төркүнүнө чыгарып барбадыбы. Анан баласы тыңыганда алып келип той берип койду го. Калича бул сөздү укканда аз да болсо тынчып, баштагы оюнан кайтып, ойлонуп калды.
Ооба, Касым балага зар болуп жүрүп кыздуу болгондо дагы ичимдикти оозуна алган жок. Болгон тилек -максаты элден калбай жашап, машина алып, бизнес ачууга киришти.
Анткен менен кызына абдан жакшы той берип, бала бешикке салды. Кызынын ысмын Калича койду илгери үмүт менен эми уул келсин деген ойдо Уулкыз деп.
Уулкыз талпынып калган кезде анын өнөрүнө мас болуп, болгон эрмеги небереси болуп, колунан түшүрбөй небересине жалынып жүргөндө, Аида дагы кош кат болуп калды. Буга чейин күмөн ойдо жүргөн Касымдын сүйүнгөнүндө чек жок. Андан дагы кызы торолгон сайын өзүнө окшош болуп баратканы, анын жалжаңдап күлгөнү тили "ата" деп чыгып, "ата" деп талпынганы тим эле жүрөгүн эзип, ушул бакыттан куру калып жүргөнүнө ичи ачышып кетти. Күндө кечинде ишинен үйүнө шашып келген адат таап алды. Аида кызын эмизип бергени эле болбосо, Калича колунан түшүрбөйт. Келининин дагы боюнда бар экенин укканда болуп көрбөгөндөй сүйүндү. Ал турсун бир кезде жаман ойлогон ою үчүн дагы өзүн жаман көрүп алды. Анткени шаарга барып боюна бүтүп келгенде. өзүндөй көрүп "башкадан боюна бүтүрүп келди" деген оюу ушул саам четке кагылып, турмуштун сабагына баш ийип, тили кыскарып, өзү эле айтты, бир күнү кечки тамакка олтурганда Аидага:
-Аида эми дагы баягыдай болбой төрөр күнүң жакындап калды, төркүнүңө барсаңчы деп. Көрсө убакыт деген каардуунун каарын, ачуулунун жинин кагып, өзү эле тарбиялап коёт белем. Аида бул сөздү укканда кабагы ачык:
-Апа, эч кам санабаңыз. Азыр эми мен баарын билип калбадымбы. Андан көрө сизге бир жаңылык айтайынбы? Касым, апам экөөңөр сүйүнчүңөрдү камдагыла анан айтам деди. Касым кызын эркелетип, столдун аркы четинде олтурган. Сүйүнчү деген сөздү укканда кулагы сүйүнүп бери карады эле Аида шаштырып:
-Сүйүнчүгө эмне бересиңер, айткыла анан айтам! - деди. Касымдын оюна дароо ичтеги бала эркек болуш керек деген ой келди да:
-Айт анан ошого жараша сүйүнчү берилет деп, жооп күтүп туруп калды. Калича бул сөздү коштоп:
-Ооба, сүйүнчү дагы жакшы кабарга жараша берилет. Сенден кантип сүйүнчүнү аямак элек. Ылайым аман-эсен төрөп алганың, биз үчүн олжо эмеспи. Аида азыраак күттүрүп анан:
-Апа, мен бүгүн УЗИге барып түшсөм, врачтар айтты " Шаарга барып төрө. Ичиңде эки бала бар, эгиз төрөйсүң" - деп. Бул сөздү укканда Касым олтурган ордунан тура калды да, анан күч менен:
-Аида, сен туура айтыңбы? - деп. Калича столду эки чыканагы менен басып:
-Анда эртең эле шаарыңа жөнө! - деп жиберди. Аида күлүп:
-Эмне, мен качан калп айтчу элем. Калп айтып жаныма эмне күч келиптир. Мен өзүм дагы таң калып калыптырмын, бул сөздү укканда. Кошуналар дагы айткан "ичиң чоң, эгиз төрөйсүң го" - деп. Баягы күнү Акылай апа дагы мени токтотуп алып мындай деген:
-Аида, мен эгиз төрөгөм. Сен дагы эгиз төрөйт экенсиң. Сага эч нерсе билинбейби? . Эгер ичиңде эгиз бала болсо, сага белги берилет. Ичтеги эки бала бир учурда тепкилегенин байкасаң болот деген. Чын эле кээде ичимди бир башкача тепкилеп калышат. Калича жагымдуу жылмайып:
-Анда бизге берген экен. Мына башка жардыбыз деп жүрдүк эле... - деп айтып андан аркы сөзүн таппай калды. Ушул кезде Аида араң эле оозун тыйып калды "туубас деген сөздөн кутулдум" деп айтып жибере жаздап. Калича жөн жерден туруп эле күнөөсүн моюнга алгансып:
-Бул жалганда адалдыктын сепилинен кулабай, жашап өткөн бакыт эмей эмине. Аида, сага ыраазымын. Эми мага эгиз төрөп берсең, анда сенин алдыңда абдан карыздармын - деди.
Бул айтылган сөз менен кайын энесинин күнөөсүн моюнга алып калганын сезген Аида ичинен "акыры жеңдим көрүнөт" деп айтып, идиши менен алек болуп кетти.
Калича ушул кезге чейин уу тилин тийгизген келинин ичинен алкап, ага ыраазы болуп турду. Аңгыча Уулкыз жанына эмгектеп келип, көтөр дегенсип колун жаңсады да жалжайып күлүп койду. Неберенин күлгөнү, анын жакынсынып жанына келгени Каличанын тим эле эт жүрөгүн элжиретип, жалынтып жиберди. Чоң эненин небереге жалынганы, келин менен уулга караганда кандай жакшы жарашат. Калича, Уулкызды көтөрүп, анын ою менен болуп ички үйгө кирип кетти. Касым дале оозуна сөз келбей, талмасы кармаган адамдай чалкасынан жаткан тейде шыпты тиктеп, көзүн алайтып ойго алаксып кетти. Идиши менен алек болгон Аида ичинен капа болду "кап, азыр эмес күтүп, убакыт өткөрүп айтсам болмок экен" деп. Анткени эми Касым менен кайын энеси шаштырып шаарга жеткизип салышы турган иш экенин кантип билбейт. Эртең менен Аида ойлогондой эле Касым сөз баштады:
-Аида, эми мен сени шаарга жеткирейин. Сен бүгүн барып тиги үйдөгүлөр менен кеңешип кел. Эгиз баланын азабы бир баланыкына караганда алда канча күчтүү. Мен баягыдай врачтардан тил уккум келбейт. Бир баланы төрөгөндө эле катуу кыйналдың эле, эми эки баланы кантип төрөйт болдуң экен? Таң атканча санаа чегип, уктай албай чыктым. Калича сөзгө кошулду:
-Касым туура айтат. Куда-кудагыйлар менен кеңешип келип, шаарыңа эрте бар. Жол жүрүп дагы кыйналасың. Аида бул сөздү укканда башын ийкеп макул болду.
Иштин бүтө турган жана айтыла турган сөздүн ооздон чыга турган учуру келгендей, Аиданын ай-күнү жетип баягыдай кыйналбай эгиз уул төрөдү. Бул кабарды укканда Калича денеси-терисине батпай сүйүнүп, эң алгач эле Бүбүайымды алкады. Бүбүайым төрөткөнсүп. Бир кезде Аида шаарга кетип калганда, Бүбүайымдын дарегине кандай жаман сөздөрдү айтты эле. Эми минтип бир эмес үч неберелүү болуп, ар кимге какшанып келинин жамандап жүргөн Калича кайра "эгиз баланы жөн аял төрөбөйт" - деп келинин мактап, жентек берип, кошуналары менен кубанычын тең бөлүшүп жатканда, бир кездеги өзүндөй тили-тилине тийбей какшанган, Алымжандын келини Кыяш:
Калича апа, билесизби, бир кезде Аиданы кандай жаман сөздөр менен тилдеп , анын жүрөгүн оорутуп, чүнчүтүп жүргөнүңүздү "туубас" деп. Туубайт деген келиниңиз минтип сиз айткандай эгиз төрөгөнүнө караганда, сиздин тилиңиздин күчү жетчү жерге жеткен го. Адам баласын жаратканда "тилден сактан" деген экен. Тил адамдын душманы. Андыктан ар дайым адам баласы ойлонуп сүйлөп, ойлонуп иш кылганынын келечеги бар эмеспи.
Жаш келинден мындай сөздү күтпөгөн Калича өзүнүн жаш кезин дароо эстей калды. Ооба, бир кезде Канышай деген аялдын даамын сызып олтуруп, кудум ушул Кыяштай болуп ага тайманбай катуу айткан болучу "сизди элдер эмне үчүн кара жаак деп айтат" дегенде, ал аял дагы кудум өзүндөй сөз таба албай, туттугуп, абдан капа болуп, жер карап калган болучу. Ал сөздү айтып алып өзү абдан өкүнүп калган. Эми ошол окуя минтип жентек берип жатканда, өзүнө карата айтылганы катуу тийди. Бул сөздү уккан кошунасы Зыйнат тиги келинди кагып:
-Ок, кантет! Ай, келин, деги сен тарбия көргөн жансыңбы? Улуу кишиге кантип ушул сөздү айттың. Ар бир сөздү айтарда оозум бар деп эле балп эткизе айтып салган кантип болсун. Даамын сызып олтуруп, ашына түкүргөнүң эмеспи.
Кыяш сөз кайрып айта албай өңү кумсарып чыкты да, сөз жебесин билгизип:
- Чындык ачуу, мен болгон окуяны гана айттым. Аида байкуш канча жыл баланын азабын тартты. Акыры үнү жетчү жерге жеткен экен! Зыйнат эми катуу кетти:
-Ай, келин сен көп эле акылдуу сунбай, тилиңди тартып калчы. Көрөм сен дагы бир кезде ушул тилиңдин азабын тартасың. Телегейи тегиз ким болуптур. Адам болгондон кийин жаңылып-жазуу болбой коймок беле? Тим койсо баарыбызды башкарып алчудай. Болду тилиңди тартып кал! Сага эч ким сөз берген жок. Улуу адам турганда, сөз талашкан кантип болсун. Аз жерден уруш чыгып кете жаздаганда Калича сөз алды:
-Бул чынын айтканда менин күнөөм. Азыр мен Кыяш келинди көрүп, өзүмдүн жаш кезимди элестеттим. Бул кыял Кыяштын башы менен кете турчу нерсе. Ар бир адам көрсө өзүнүн адамдык сапатына карап сөз сүйлөп, ошого жараша иш кылат экен, бул жалганда. Болду эми талашып-тартышпагыла. Менин көптөн күткөн жентегимде чыр чыкпасын. Андан көрө ырдап-чордоп, шаңдуу олтуруп кеткиле. Буйруса келиним чыгып келгенде, чоң той берем. Ага чейин ушуга каниет кылып тургула - деди.
Сөз-сөзгө уланып, акыры баары бир ооздон Кыяштын сөзүн талкууга алып, ага карата катуу сын айтуу менен жентек аяктап, кабактары салыңкы тарашты. Калича дагы сөзгө сынып, кетирген күнөөсүнө жараша сөз угуп, кан басымы көтөрүлүп чыкканда эптеп ички үйгө кирип жата кетти. Бул кезде Касым шаарда болуп, жанында суу жуткурар жан адам болгон жок. Көз алдына ажал тартылып, чын ниетинен жашагысы келди. Эки эгиз небересинин жүзүн көргүсү келип, жашоонун кызыгы эми башталганда минтип жатып калганы катуу ойго салды. Адам баласы качан башына иш түшкөндө жана ооруганда жашоодогу басып өткөн жолун эстейт эмеспи. Калича башы ооруп, жаны көзүнө көрүнүп жатып Аиданы ачуу тили менен тилдегенин алгач эстеди "туубас, сен келгени биздин үйдөн кут качты. Баламдын башын бошот, болбосо бала төрө" деп, жутуп жиберчүдөй жакын келип көзүнүн чаарын чачып караганда Аида "апа, мени алдагынтип карабаңызчы. Балаңыздын башын бошотоюн. Азыр деле кетип калам. Деги жанымды аман койсоңуз экен" деп, аянычтуу анан жан соога сурап караган көз карашы көз алдына тартылып, оор дем алып алды. Ошол кезде Кыяш үйүнө конок келген үчүн идиш сураганы келип, баарын өз көзү менен көрүп, ага күбө болгонун эсине салды. Эгер ошондо Аиданы урушпаган болсо, Кыяш тигинтип айтпайт эле да. "Шамал болбосо чөптүн башы кыймылдабайт" дегендей, Кыяш дагы ошол окуяны өз көзү менен көрүп, жүрөгүнө жакын кабыл алып калган үчүн, чыдабай кетип айткан чыгар. Адам баласы карыган сайын акылы токтолуп, калыс болуп калары анык белем. Калича бул жерден Кыяшты деле күнөөлөгөн жок. Эгер Кыяштын ордунда өзү болгондо деле ушул сөздү айтмак. Болгондо дагы ачуурак сөз менен айтмак чыгар. Калича улам өткөндү эстей берип кан басымы баштагыдан жогорулап, кулагы тунуп баратканын бир билет, калганы эсинде жок. Эсине келип көзүн ачса ооруканада жаткан экен. Кантип мында келип калганын билбейт.
Качан гана ак халат кийген жаш келин келип дары берип, ийне сайганда андан сурады:
-Ай, келин, мени бул жакка ким алып келди жана качан алып келди? - деди эле, тиги келин үнүн жасап жөтөлүп алып:
-Апа, эми эч нерсени ойлобоңуз. Сиз эки күндөн бери эсиңизге келе албай жатасыз. Эгер сизди учурунда мында алып келбеген болсо, анда мында минтип жатпайт элеңиз. "Кудасы болом" деп бир жаш бала машина менен алып келген. Кечээтен бери уулуңуз жаныңызда болду. Азыр эле кетти, келип калат.
Ооба, эс учун билбей жатканда Аиданын иниси, эжеси менен жездесинин паспортун сураганы келген. Бул дагы буйрук эмей, эсинен танып жаткан Каличаны көрүп, кошунасынын бирин чакырып, эптеп машинага салып алып келгенде, кечки саат беш болуп, врачтар кеткени жаткан болучу. Дагы жакшы башкы врачтын ордунда болуп калганы.
Калича он күн дегенде ооруканадан чыкты. Бул кезде келини Аида эгиз уулу менен шаардан келгенине эки күн болгон. Сиңдиси жардам берип, жанында болучу.
Калича ооруканадан чыкканы, анча жакшы боло алган жок. Анткен менен Уулкыз жанынан чыкпай, апакелеп ойногону көңүлүн көтөрдү. Аида эгиз уулун улам бирден эмизип, колу бошогон жок. Эгиздердин кечигип төрөлгөнү Калича үчүн жашоонун кызыгын тартуулаганы менен аларды жетелеп, эркин баса албаганына ичинен сызып, өзүн-өзү жемеледи.. Анткени оору бир топ эле алы-күчүн алып салган. Ар кимге ачуу тилин агытып, урушуп, жүрөгүн оорутуп, көңүлүн калтырып, ошондон өзүнө канагат алып жүрүп Калича эми минтип жаңы гана жашоонун кызыгын татаарда, өз азабын тартып, көңүл ооруткан сөз угуп, жүрөгү ооруп калганы бул жашоодо ар бир айтылган ачуу жана таттуу сөз, өз учуру келгенде жообун берээрин тастыктап койду. Кечигип төрөлгөн эгиздер чоң энесинин оорусуна эч жардам бере алган жок. Анткени ооздон чыккан ачуу сөздөрдүн залалы ден соолукка сиңип калган болучу. Бул жалганда ушак сөз менен каап сүйлөгөн катуу сөздүн залалы баары бир жакшылык менен бүтпөсүн Калича өз жашоосунан билди.
Убакыт чоң шашкеге жакындап калган кезде Калича келинин жанына жакын чакырып алып, алсыз колу менен кармап, үнүн кейиштүү чыгарып:
-Аида, мени кечирип кой. Мен ушуну көрмөкмүн. Сага ыраазымын. Баарына өзүм күнөөлүмүн. Тилимдин азабын акыры минтип тартып жатам. Сага учурунда жакшы эле ыдык көргөздүм. Колуңдан келсе мен бейбактын күнөөсүн кеч.
Көзүнүн чарасы ичине кирген, баягыдай тастаңдаган Калича минтип мусапырдын кейпин кийип кечирим сураганы, Аиданын жүүнүн бошотту. Дароо бул жалганда баары бир эртеби, кечпи калыстык, актык баарын жеңээрин эсине алып:
-Апа, көп эле капа боло бербеңизчи. Мен баарын эбак эле унутуп калгам. Сизди мен эчак эле кечиргем. Ушул кезде сырттан Кыяш кирип келип, Каличанын абалын көрүп, ыйлап жиберди да:
-Апа, мени кечирип коюңуз. Сиздин ооруга мен күнөөлүмүн. Тилимдин азабы болду! -деди эле Аида эч нерсени түшүнбөй калды. Кыяш дагы ушул саам Каличанын келини Аидадан кечирим сурап жатканын өз көзү менен көрүп, жашып кеткен эле. Калича алсыз колу менен Кыяштын колун кармап:
-Сенде эмне күнөө. Болгону сен чындыкты гана айттың. Чындык баардык жерде ачуу болот. Ачуу сөздү көтөрө билүү бул адамдык жакшы сапат. Менде жашы сапат болбогон үчүн, ачуу чындыкты көтөр албай, ооруп калбадымбы. Кап, эгиз балдарым эрте төрөлгөндө, анда мен ушул чындыкка эрте жетип, жашоонун кызыгын эрте көрбөйт белем... Бул дагы биз жашап жаткан жалган жашоонун сабагы деди. Сөз ушул жерге келгенде кудасы менен кудагыйы кирип келип калды. Мындайды күтпөгөн Калича жаткан ордунан тура калды. Учурашып ал жайды сурашкан соң Күмүшай колун кызып:
-Кудагый, эми өткөндү кечиришип, жакшылык менен катышалы. Жашоодо эмнелер гана болбойт. Сиздин ооруп жатканыңызды угуп алып, кудаң экөөбүз олтура албай койдук. Бир күнчүлүк өмүрдө, кечиришип жашоо парз экен. Сиз бизди, биз сизди кечирели. Минтип ортобуздагы балдардан уучубуз узарып, тукум уланып жатканда, бири-бирибизге далыбызды салганбыз болбойт экен - деди эле, Калича көзүнө жаш алып:
-Кудагый, баарына мына мен өзүм күнөөлүмүн. Адам баласы өзүнө-өзү оору тилеп, өзүнө-өзү душман күтүп алган бул жаман адамдын сапаты экен. Силер менден эмес, мен силерден кечирим сурашып керек болучу. Биринчиден мен силерден баш алдым. Экинчиден күнөө менден кетти, үчүнчүдөн баарына бир гана менин тилим күнөөлүү. Көп сүйлөгөн адам, эч качан баркка жетпейт экен. Муну мен, өз жашоомдон көрдүм. Канчалык актанган менен минтип турмуш өзү эле кимдин-ким экенин билгизип коёт тура. Силер астанамды аттап келгениңерге, мен териме батпай сүйүнүп турам. Аида, Касымды чакырчы! - деди эле Касым үнүн чыгарып:
-Апа, мен мындамын - деди.
-Анда мал таап кел! Үйгө кудалардан башка кайсы чоң конок келет эле. Бул келген кудаларга кой эмес, таман чыкма жылкы баласын сойсок дагы аздык кылат.
Кудагыйынын күнөөсүн моюнга алып, артка чегинип, кечирим сураганы Ишен менен Күмүшайдын көңүлүн өстүрдү. Ооба, улуу Алла дагы күнөөсүн сезип, кечирим сураган адам баласын кандай жакшы көрөт. Бул жаганда бир гана улуу Аллада гана кемчилик болбойт. Кемчилиги жок ким болуптур. Касым сөздү бөлүп:
-Апа, малды эбак эле таап келип, силерди батага чакыра албай олтурам. Баса, апа сизге айта элек турбаймынбы. Сүйүнчү, азыр эле машина алып келдим. Заказ берген машинам келип калыптыр,-дегенде таң калып:
-Ботом, анан бая эле айтпайт белең? - деп, калдастап калды. Төшөк тартып жаткан Калича, оорусун унутуп калдыбы же сүйүнүчтүн демиби ким билет, сыртка өзү басып чыкты.
Көрсө, бул жалганда жашоону кубаныч коштосо, кубанычтуу окуя уланып кете берет белем. Аида кайын энесинин кечирим сураганына "акыры жеңдим" деп кубанып жатканда, тигинтип Кыяш келип ал дагы Каличаны кубантып, күнөөсүн моюнга алып калганы, анан күтүүсүз конок болуп ата-энесинин айттырбай келгени, ал аз келгенсип "келет" деп күткөн машинасы минтип толгондон бүгүн келип калганы, күтүүсүз кубаныч тартуулап, үй ичи шаңга бөлөнүп, кемегеден жакшылыктын түтүнү чыгып, жөн жерден той башталып кеткени, бул үй бүлөө үчүн күтүүсүз келген бакыттай эле элес берди. Бул жашоолорундагы эң жакшы күн болду.
Ушундай жакшы күндөрдүн болуп турганы, жашоонун керемети эмеспи. Ооруп, өзүн жеген санаадан аз да болсо алыстаган Калича, кудаларын жакшы маанай менен узаткандан соң, эки-үч күндөн кийин Касымга жаңы алган машинасын айдатып алып, шаарга Бүбүаймга жолукканы жана дарыланганы сапар алды. Анткени ушул күндүн келишине ал, чоң себепкер болбодубу. Аида үч баласы менен жолго чыкпай, үйдө калды. Калича ушул жашоосуна ыраазы болуп, машина айдап бара жаткан уулун уурдана карап бара жатты. Анткени бир кезде ушул күндүн келиши жөнүндө катуу кыялданган болучу.
Көп жылдан бери келбеген шаарга келип, Бүбүайымга жолугуп, кубанычын тең бөлөшүп, ыраазычылык билгизип, кучагына бекем кысканда Бүбүайым өзүнүн жасаган ишине ыраазы болду. Ооба, жеке эле көзү ачык эле эмес табып, врач. Элдик дарыгер болобу дарылаган адамы оорудан сакайганда, ишинин дарегине жакшы сөз укканда өзүнө кандай күч кубат алат. Ушуга чейин көп эле келиндердин төрөшүнө жардамын берген, бирок азыркыдай төбөсү көккө жете сүйүнгөн эмес. Аиданын бир кыз, эки уулду эгиз төрөгөнүн укканда, өзү дагы таң калды. Андан дагы алгач төрөлгөн кызы, Касымга каптап койгондой окшош экенин айтканда, дагы бир жолу Бүбүайым кыздын аруулугунун сакталышына баа берди. Медицинада дагы аныкталган эмеспи. Кыз бала алгач кошулган эркегине, арадан канча жыл өтсө дагы окшош бала төрөрүн. Ошол себептен кыргызда кыздын абирине тээ атам замандан бери баа берип келе жатканынын тереңи кайда, балким ушул жакта болсо керек. Бүбүайым, Тажимураттан боюна бүткөнүнө бөркүндөй ишенет, бирок кызынын Касымга окшош болуп калганы, ириде айтылган кыз абиринин кымбат экенин далилдеп турбайбы. Баарынан дагы Бүбүайым жасаган кыңыр ишинин билинбей калганына ичинен сүйүнсө, Аиданын кыз төрөгөнүн бери жакта туруп уккан Тажимурат "мейли, кыз болсо дагы аман болсун" деген ойду ойлоп, бир акылмандын айткан сөзүн эстеди "адам баласы өзүнөн улуу адамга салам бергени оң, анткени ал балким атасы болуп калышы мүмкүн, ал эми кыйла жаш кичине өспүрүмдү көрсө башынан сылап өткөнү жөндүү, ал анын баласы болуп калышы толук ыктымал" деген. Тажимурат калп айткан менен болобу, канча баласы бар экенин деле билбей калды. Ошол себептен алиги даанышман айткан сөз туура айтылганын эсине дагы бир жолу түйүп койду.
Бүбүайым, Каличанын ооруп келгенин угуп, өзүнүн жакын врач таанышына кат жазып, анын дарегин Касымга берди. Бул эми колунун келген жардамын дагы аябай бергендин бир белгиси болучу. Ыраасы болгон Калича, бул жолу дагы эмне сөз айтаарын билбей калды. Анткени ал күткөн эмес, Бүбүайымдан мындай жардамды .
Айткандай эле көрүнгөн врач Бүбүайымдын кадырын сыйлап, Каличаны абдан жакшы кабыл алып, жакшылап дарылады. Күчтүү дары алып, ал-абалы калыбына келип, оорудан кыйла жакшы айыкканда Калича айылды көздөй шашып жөнөдү, үч небереси көзүнөн учуп. Андайда машина дагы кыбырап, жол узарып кеткендей сезилет эмеспи. Жол карагаy Калича, айылына жакындаган сайын жөн эле жөө түшөө калып чуркап кеткиси келип, шашып алган. Неберенин ысыгы, кумары, жыты, күлгөнү, жорук-жоосуну чоң ата менен чоң эненин жашоодон алган чоң кумары экенин ким танат. Бул кезде эки эгизи талпынып өнөрү чыгып, кызы там-туң басып калган болучу. Калича ошол көңүл өстүрө турган неберелеринин жорук-жоосунун көрүп, кумар алуу үчүн шашып келе жатканын жашырганда эмне. Чоң эне үчүн мындан өткөн бакыт барбы.
Аягы.

#11 10 June 2014 - 14:11
Даа,керемет чыгарма экен. Аидага(чынын айтсам ашык болуп калдым кoрунoт)баракелде!
Сoз жок!
#14 21 June 2014 - 19:22
Жакшы чыгарма экен.Рахмат.
Дагы чыгармаларды кутобуз.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#16 29 October 2014 - 12:10
Kozu achyktardy katuu reklamalap, moldonu jamandaptyr koldon kelishinche((
#18 17 February 2015 - 02:34
en sonun chygarma eken birok Aida apchem birinchisin bawkadan torogonu jakpai kaldy
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео