Камбартеп.
Камбартеп-бул дене менен жанды бапестеп барктап, жогорку чыңалуудагы биримдикке жеткирүүнүн уникалдуу жоокер жолу;улуттун түпкүр идеясы менен көмө уюп, Ааламдын ирмемге токтобой агып аткан улуу Жолунан тайбай, чегинбей, калбай түбөлүккө кошулуп, шайтан дүйнөнүн азгырык оюндарынан кутулуунун жолу. Камбартеп- кайталангыс Манасчылык өнөр менен Кыргыз атадан келаткан байыркы көчмөндөрдүн эр өнөрү Оодарыштан ширетилген нукура улуттук туунду. Камбартеп- кыргыз баласынын үрөйлүү ыйык касиеттерин калыбына келтирүүчү система, адам денеси менен рухунун мүмкүндүктөрүнүн дагы бир ыйык жолу.
Камбартеп кармаш өнөрүнүн жаралыш тарыхы Азыркы дүйнөлүк тарых илими кыргыздар Борбор Азиядагы эң эски элдердин бири экенин далилдейт.
Тарыхтын кыйма жолу кыргыздын көп кылымдык тарыхын кылым Кытай менен чиелентип байлап таштаган. Бекеринен кыргыздар тууралуу алгачкы маалыматтар кытай жылнаамаларында б.з.ч 201-жыл менен белгиленбесе керек.
Улуу Жибек жолунун Кыргыз жери аркылуу өтүшү байыркы кыргыздардын үлкөн кошунасынын материалдык жана руханий байлыктарынан майнап таап, алып жана берип, карым-катнаш жасоого мүмкүндүк түзгөн. Байыркы Энесай каганатынын жетекчиси алп Барсбектин тушунда Тан империясы, Тибет Бороон империялары менен алыш-бериш алака, соода жакшы жолго коюлуп, дипломатиялык жана маданий байланыштар көктөп гүлдөгөн эле. Теңир-Тоо кыргыздары эки миң жылдан ашуун мезгил бою үлкөн маданий жаратуучулуй процесстин айлампасында өмүр кечиришкен.
Улуу соода жолунун өзөгүндө жайланышкан Кыргыз жери байыртадан зор кызыкчылыктардын,
кан төгүлгөн тынымрыз кармаштардын майданы боло келген. Саны аз, эрдиги, үрөйү саз кыргыз эл үлүшүнө туш болгон ошондой сандаган баскын-чапкындардан түгөнгөн сайын түтөп, өчтү дегенде өрттөй жалбырттап кайра жанып, аман-эсен кутулуп, курчуп чыгып турган. Жашынан карысына чейин тегиз жоокер болгондуктан,
бүтүндөй эл көчүп-конуунун,
кол салып коргонуунун ыктарын мыкты билбен көчмөндөр армиясы болгон. Өз мезгили үчүн өздөрү жасаган курч болот жабдылган, узунду- кыскалы көйгөйлүү көчмөн жашоонун бардык сыноолоруна туруштук бере алган тоолук журт эркиндик-теңдигин дайыма "кан-көөкөрдө,
баш-канжыгада"
,деп ар-намыс менен коргоп келген. Асман тиреген Ала-тоо кыркалары кыргыздар үчүн эч ким бузуп кире алгыс чеп болгон. Коркунуч башка түшүп, эл тагдыры алаканга салынганда кыргыздар аска-зоолордун ак илбирсиндей каргып кол салышты, күч жетпесе кайкып чегинип, тоолорго житип кетишти мыкты билишкен. Мип жыгылып, миң жеңилип,бирок кайра миң биринчи жолу бутуна туруп, эл-улуттугун сактап, эришин буздурбай кыргыз деген сыймыктуу атын кылымдар бою сактап келген. Ошон үчүн өздөрүн ак илбирске, атактуу баатырларын Кабылан шерге теңешкен. Улуу жайык Евразиянын кыйма жолдорунда,
адамзат тарыхынын чордонунда өсүп-өнгөн кыргыз эли дүйнө тарыхында таасын из калтырды.
Байыркы бабалардын салттуу жолун улаган кыргыз адамы табият сырларын аңдап үйрөнүп, канаттуу куштардын, айбанат-жаныбарладын кылык-жоруктарын да мыкты билген. Кыргыздын айрыкча аялуу малы жылкы болгон. "Ат-адамдын канатына"
айланган, албетте, кыргыз баласы жылкы багып-кагып,
үйрөнүп-үйрөтүүнүн миңдеген жылдарын өткөргөн. Бул үчүн кыргыздар жылкынын күнүмдүк турмуш-тиричиликтен баштап, аманат жанга күч келген коогалаң учурунда аткарган баардык кызматын, жүрүш-турушун,
асыл сапаттарын мыктап үйрөнгөн, укумдан-тукумга өткөрүп берген.
Кыргыздын бүт өмүрү ат үстүндө өткөн. Баланы 3-4 жашынан айырмач ээрге отургузушкан,
ал эми он төрт-он бешке чыккан өспүрүм мыкты чабандес жана көчмөн жоокерге айланган. Аны ат үстүнөн кол салып жана коргонуу жолдоруна үйрөтүшкөн.
Ал үчүн адегенде каршы атчанды ээрден тартып түшүрүүгө, анан барып каршылаштын колдорун толгоп, ээрдин кашына басып кыймылдатпай коюуга жана муундарга салган түрдүү оорутма ыкмалар аркылуу аз гана күч мене ат үстүнөн сүйрөп кетүүгө, алып ыргытууга үйрөтүшкөн.
Ушул эле ыкмаларды кылыч, найза, чоюбаш менен кол салгандарга каршы колдонууга мүмкүндүк болгон. Орто кылымдарда кыргыз каганаттары түзүлүп, жеңиң да, жеңилип да келишкен. Согуш өнөрү өөрчүп, атактуу баатырлардын,
хандардын, бектердин тегерегине кырк жигит, кырк чоро бирикмелери түзүлүп, кырчылдашкан Кытайдын Канжаркол жоокерлерине каршы турушкан. Жалаң колу менен куралдуу душманга каршы чыккан кытайлык жанкечтилерди кыргыздар канжарколдор деп аташкан. Булар тууралуу "Манаста"
кеңири баяндалат. Кыргыздар ат үстүндө бир миңге татыган "чагылган,
бороон, ташкындай"
жоокер журт болгон.
- (2 )
-
- 1
- 2
Камбартеп Чыныгы кыргыз жоокери....
#1 05 June 2014 - 20:37
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...

#2 09 June 2014 - 20:54
Камбартеп. Биринчи жолу угушум(окушум).
Бул теманын максаты эмне ошондо Жемилехан? Же биз да камбартепти уйронойлубу?
Убакыт учкан куш
#3 09 June 2014 - 22:19
Камбартеп. Биринчи жолу угушум(окушум).
Бул теманын максаты эмне ошондо Жемилехан? Же биз да камбартепти уйронойлубу?
Билип журолу, мырзам, билип!
Уландысы бар...
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#4 10 June 2014 - 00:01
Уландысын илчи анда. Кайра кайра окуйм, эч эле тушунбой атамда.
Убакыт учкан куш
#5 10 June 2014 - 19:16
"Кыргыз баласынын уройлуу ыйык касиеттерин калыбына келтируучу система" кызык анда кытайлардын "кун фу"су канчалык кучтуу болуп кетет.
#7 10 June 2014 - 23:17
Бугу качырма, буркут коздордон да кошунуз менде убакыт жок...
Судьба не приговор, судьба творение...
#8 11 June 2014 - 22:08
"Беш айбандын оюну"
Кытай даанышмандары Лаоцзы, Конфуцийдин дене жана рух жөнүндөгү, өмүрдү узартуу, дене менен жандын мүмкүнчүлүктөрүн чексизге чейин чыңап өстүрүү жөнүндөгү доктриналары ар бир кытайдын көкүрөгүндө кыт болуп куюлуп, атадан балага аздек менен берилип келгени да жашыруун эмес. Ошол доордо "Беш айбандын оюну"- У-цзинь-шу деп аталган ден соолук - дем алуу гимнастикасы ойлонуп табылып, ал жолборс, аюу, маймыл, турна жанан бугу кыймыл аракеттерин туурап үйрөнүүдөн турган. Бара-бара ушул гимнастиканын базасында кармашуу-колдонмо көнүгүүлөрү түзүлүп, алар акырындап азыркы даңазалуу кытай ушусунун түрдүү стилдерине айланган. Кытай ушусунун уникалдуу мектеби 496-жылы түзүлгөн.
Даос жана Будда кечилдеринин өнөр тажрыйбалары кытайдын императордук армиясында пайдаланылган. Даостордун таалимин алган кытай жоокери өмүрү өткөнчө ал жолдон кылтайган эмес. Кармаш өнөрүнүн укмуштай түрлөрү менен машыгып чыңалган тандамак кытай жоокерлери империянын кызыкчылыгына "чаарбаш жапайыларды" багындырып басынтуу үчүн ишке салынган.
Бекеринен "Манаста" канжарколдор менен кырк чоронун кармаштары даңазаланбайт: даос устаттарынын жан-тенди тирүү куралга айландыруудагы укмуштай илими кыргыз жоокерлеринин эсин оодарганы, аларга бир гана асыл Алмамбет шер туруштук берип, мизин кайтарганы эпосто кеңири баяндалат. Канжаркол өнөрүнөн жеңилген кыргыздар келечек үчүн жакшы сабак алышат. Канжарколдордун аракет- амалдары кыргыздардын коргонуу техника-тактикасын өзгөртүп түзүүгө түрткү болгон.
Биринчиден, аттан түшүп жөө согушууга көнө башташат, экинчиден, контр-чабуулга өтүп, төт тарапка бут менен согууну- "таштаман" техникасын ойлоп табышат.
Кармаш учурунда жылкынын кыймылдарын туураган жөөтаймаштын бул түрүндө "жара тебиш"-аттын арткы кош аягы менен кескин тебиши;алдыңкы буттарынын айланма кыймылдары менен чапчып алуучу "чапчыма" жана баш менен, омуроо согуу өңдөнгөн кыймылдардан турган кармаштын жылкы стилин байыркы кыргыздар "Камбартебиш" деп атаган.
Чоро же Камбар деген наам бул- Манас жоокери дегенди түшүндүрөт. Камбар-Ата жылкы жаныбардын колдоочу пири экени да белгилүү. Манастын кырк чоросунун негизги ыйык парзы Ата-Мекен, атпай журтту коргоо болгондуктан, Камбартебиш менен машыккан Манастын жоокери эл түшүнүгүндө Ат үстүндөгү журт сакчысы катары пайда болгон касиеттүү түшүнүк. Демек, Камбартебиш- өзүн коргоодо жылкы стилин пайдаланган Манастын кырк чоросунун эр таймаш өнөрү. Камбартебиштин чыгышы менен кыргыз жоокери ат үстүндө да, жерде да өзүн коргоонун күжүрмөн системасына ээ болуп, ал өзүнө Көкөтеңирдин рухун сиңирет, б.а., кармаш системасы жана ыкмалардын алмашуусу пайда болот. Ошентип бабалардын атчан жана кээде жөө пайдаланган эртаймаш өнөрү Алмамбет баш болгон Манастын кырк чоросунун тапканы талашсыз экени көрүнүп турат. Ал кытайдын канжарколдоруна каршы мүнөздө өсүп өнүккөн.

#9 16 June 2014 - 21:12
Эрэңиштин (ООДАРЫШтын) өзгөчөлүктөрү
Эрэңиш (эңиш же оодарыш) байыркы кыргыз көчмөндөрдүн ат үстүндө кармашуу өнөр системи. Миңдеген жылдардын ичинде ат үстүндө кармашкан "темир атчандардын" турушу (стойка, позиция) келип чыгат.
"Темир атчан" позициясында колдордун орун которуштуруу же ордунан жылдыруу абалдары орой кармоо (захват) жана ыргытуу ыкмаларын жасоо үчүн түрдүүчө коргонуу тосмолорун (защитные блоки) пайда кылат. Эреңиштин тактика жана техникасын мезгил жана табият кайрап-бүлөп жерине жеткирген. Табият жоокер менен аттын кыймыл аракеттерин шайкештик сайкалдап, алардын биоэнергетикалык касиеттерин бир бүтүн кылып жууруп салган. "Темир атчан" күжүрмөн турушу жоокер көчмөндүн түбөлүк тынчып- жоошубас аскерий чабандестик үрөйүн көрсөтөт. Эрэңиште тегерене коргонуу тактикасы негизги мүнөзгө ээ. Ага жетиштүү үчүн спираль боюнча чимирилген "Куюн" кыймылы колдонулат. Эңиште тактика-техникалык үстөмдүккө жетүүнүн негизи- коргонууда артыкчылык кылып, атаандаштын чабуул күчүн анын кыймыл багыты боюнча жиберип жана анын кол муундарына ар түрдүү оорутма, кайрыма ыкмаларды жасап, аягында, мүмкүн болсо, каршылашты ээрден эңип түшөт же алып ыргытат. Эрэңиштин ыкмалары учурунда чама, шартка жараша жасалат, б.а, учурга жараша жоокердин бүткүл турумунан тээп чыгат. Ошондуктан, атаандашты оодарып же эңип кетүүнүн ыктарын түрдүү жагынан саны жагынан эсепсиз, кылма кыл;эрэңиш кармаштын эркин жана калыпсыз(бесформенный)түрлөрүнө кирет. Бирок, таза жеңишке жетүүнүн негизги ыкмасы болуп атаандаштын колун толгой тартып келип былк эткис кылып өзүнүн ээринин кашына басуу эсептелет. Ээрдин кашына толгоп басылган колду сууруп кеткен палван жок эсептүү.
Тоо арасында өткөн ат үстүндөгү көчмөн турмуш байыркы кыргызды эч кимге багынбас эр кылып бапестеген, ал эми тунук таза табият анын эс акылын, ойлоосун кирсиз кылып чыңаган. Бул касиеттер ат жалында өмүр өткөргөн жоокер элдин "Эрсайыш" , "Жамбы атмай", "Жаа тартуу", "Акинек чабышуу", "Көк бөрү", "Тыйын эңмей", "Ат чабыш", ("Аламан байге") ж.б көптөгөн ат үстүндө өткөрүлчү оюндарында уюган. Ал эми ушул жоокерлик оюндардын ичинен Эрэңиш ат үстүндө коргонуунун жана атоюн-каскадердук өнөрдүн туу чокусу болуп эсептелет.

#10 17 June 2014 - 19:08
Билип коюууго жакшы, илгээрки ата бабаларыбыздын согушуу тактикасын.
Бирок бир эле кыргыздарда эмес, бул онорлор башка кочмон элдерде да болсо керек эле менимче.
#11 17 June 2014 - 21:08
Билип коюууго жакшы, илгээрки ата бабаларыбыздын согушуу тактикасын.
Бирок бир эле кыргыздарда эмес, бул онорлор башка кочмон элдерде да болсо керек эле менимче.
Сиз элестетсениз, ошончо атайын согуш учун даярдалган канжаркол кытайга тен келип, мизин кайтарып турган ошондогу кыргыздын акылын, тайманбай, женилген сайын кучтонуп, чиренип, ар кандай аттын кыймыл аракетин мушташуу тактикасына айкалыштырып жууруп, терен ойлонгонун караныз. Намыстуулугун караныз, сиз экообуздун, азыркы кыргыздын нечен кылымдар бою ушул кунго жетип отурганыбызга ошол жоокерлерибиздин ат жалында шамал менен жарыша душмандан коргоп сактап келди. Эгерде кытай менен башка олко чектешип жайгашкан болсо, эбак эле уйгур ж.б окшоп кытайдын сасык колтугуна кирип кетмек, буга талаш жокко дейм.
Азырчы, ишенген армиябыз жылдан жылга озун-озу асып койгон азаматтар менен тескери жагына капталдап баратат, аты эле армияга болбосо, "Аа, паланча ооо армияга барып келиптир" дейт, а, негизгиси, уч ай келтек жеп, уч ай жаны келгенден очун алып анан эки жолу автомат атып, военный форманы кийип айылына келип калат аптарикатын которуп, айылда бир жума жууйт анан. (булар жон гана салыштыруу)
Мен, азыркылар ошондой болбойбу деген принцип менен деле ачкан жокмун, болсо деле болот, балким азыр заман башка дегендей.
Анан да ат оюндарынын так эрежелери жазылып отту жогоруда, ошолорду окуп билип койгон деле пайдалууго деп эле ачтым, билбегендер учун.
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#12 17 June 2014 - 21:11
Билип коюууго жакшы, илгээрки ата бабаларыбыздын согушуу тактикасын.
Бирок бир эле кыргыздарда эмес, бул онорлор башка кочмон элдерде да болсо керек эле менимче.
Казактарда да "кок бору" дагы кайсы улутта окшош?
Көңүл кайда жайгашканын эч ким билбейт, бирок, кандай оорушун баары билет...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
Берегите друг-друга! Ведь ни кто не знает, что ждет нас завтра..
Не обижайтесь друг на друга! А вдруг вы больше никогда не увидитесь..
Любите друг-друга! Может у вас не будет больше такого шанса...
#13 17 July 2014 - 23:02
Канжаркол.
(кезинде камбартеп менен паралель сызыкта мезгилдеш, камбартептин соперниги(ушундай атагым келди) кытайдын канжарколу жонундо да токтолсок)
Кытай менен байланышкан тарыхый окуялардын 2-3 миң жылдык күбөсү болгон кыргыз эли өзүнүн энциклопедиялык тарыхнаамасы «Манас» дастанында Канжаркол өнөрү жөнүндө маалымат менен кошо жалпы эле салттуу кытай философиясы жана анын эртаймаштагы туундусу Ушу тууралуу баян этет.
Канжаркол болчу жоокер эрте балалыгынан каражанды (физикалык дене) жана жанды бириктирип чыңоочу түрдүү машыктардан өтөт. Дене менен жанды бир калыпта акырындап чыңоонун натыйжасында укмуштай чыдамкай жана ийкемдүү денеге ээ болуп чыгышат. Анан барып түрдүү системадагы демалуу машыктарынан өтүшөт; анын негизинде өмүркубатты (Ки же Ци) организмдин керектүү бөлүктөрүнө же чекиттерине (кол, бут, баш, чыканак, тизе, алакан, манжалар) жыйнап уюта билүүгө (концентрация) ээ болушат. Ылай, кийиз, жыгачтан жасалган ар түрдүү жабдууларды колдонуп, согуунун күчүн жогорулатып, техника менен демалууну үздүксүз байланыштырышып, тулкубой менен жылып жүрүүнүн бириктүүлүгүнө жетишкен. Бара-бара тарамыш булчуңдардын чоюлчаактыгына жетишип, манжа, алакан, колдордун шакшагын, чыканак, таман, согончок, тизе жана баш мүчөлөрдү чыңап бышыкташкан. Окутуунун кийинки этаптарында канжаркол жоокер организмдин көрүнбөгөн ички резервдерин пайдаланып, биоэнергетикалык демалуу-гимнастикалык көнүгүүлөрдүн жана коюлган максатты аткарууда ички аракетти бир жерге жууруп уютуунун (концентрация) негизинде дененин белгилүү бөлүктөрү менен кыйраткыч энергетикалык сокку урууга жетишип жана ошол эле учурда ошол эле жолдор менен өз денесин кылыч кеспес, найза тешпес «соот» – темир денеге айланта алышкан. Мындай керемет күчкө ээ болгон канжаркол жоокер жалаң колдору же буттары менен жолборстун, арстандын, буканын белин үзө чаап же тээп, манжаларын душмандын мойнуна, ичине матырып ала билишкен. Рух менен денени аңсезимдүү жана бирмаксатка багыттап чыңап машыктыруунун бул жолу байыртадан келаткан эртаймаш – ушу же анын азыркы эквиваленти кунфу өнөрүнүн негизин түзгөн. Ошентип ушу же кунфу өнөрү – бир эле максатты көздөгөн, бир эле түрдүү кыймыл-аракет менен жан жана денемашыгын узак жылдар үздүксүз аткаруу дегендикке жатат. Ошол иш-аракетти улам жогорку чектерге жылдырып отуруп, ушу устаты адам таңкаларлык натыйжаларга жетет. Демек, кунфу – ташты тешкен суунун тамчысы. Өзүн кемелге жеткирүүнүн жолун басып өтүү – өзүңүздү толугу менен кайра жаратуу деген сөз. Канжаркол чебер же кунфунун устаты болуш үчүн шакирт – адамды бүтүндүктөн ажыратып, майдаланткан бу дүйнөлүктөн кечип таштап, жандүйнө эркиндигинин кол жеткис бийиктерине кошулуп кетет. Бул окуунун негизинде жаткан Дао-Көкөтеңир – жеке инсанды бүт аалам менен чырмап жууруп салган универсал принцип жана ал өз кезегинде өзөгү ааламдык карама-каршылыктардын биримдигинен же Инь-Яндан турган ай-ааламды (макрокосм) өзүндөгү кичүү Ааламдан (микровосм) сезүүгө мүмкүндүк берет. Турмуш – чырмалышкан карама-каршылыктардын түбөлүк ашуусу; аларсыз өсүп-өнүгүү жок. Мисалы, канжарколсуз Кырк Чоро түзүлмөк эмес, кыргызды канжарколдор келип кырбаса Камбартебиш – улуу ушу дарагынын бир бутагы көктөп чыкмак эмес.
Канжаркол өнөрүнүн калыптанышына көз салсак, табият жана космос менен үздүксүз байланышкан жеке адам организминдеги тышкы көздөн жашыруун ички мүмкүндүктөрдүн ачылышына күбө болобуз. Космос менен табият үздүксүз биримдикте туруп, өз кезегинде Ааламдын бир бөлүгү болуп эсептелет. Табият менен Космосто өтүп жаткан бардык кубулуштар кишинин ден соолугуна таасирин тийгизет. Бирок, киши табигый таасирлерге көнүгүп жана эсептешсе, Космос таасирлерине дээрлик көңүл бурбай, ага маани бербеген учурлар арбын. Киши туулар замат эне менен болгон байланышын жоготот, биринчи дем аркылуу Космостун биоэнергетикалык демкубат системасына кошулат. Бул энергия Ки же Ци – демкубат деп аталат. Байыртан калыптанган биоэнергетик демалуу гимнастикасы – дем аркылуу кубат топтоо аракети болот.Байыркы тибеттиктер, индиялыктар, эгипеттиктер адамдын өмүрү жана ден соолугу ушул дем аркылуу кубат топтоого тыгыз байланыштуу экенин билишкен. Киши организми дайыма өзүн жаңыртып жана кемелге толтуруп туруучу система. Бирок шектенүү жана коркуу аргандай аракетти жокко чыгарат. Ой – бардык кыймылдаткыч күчтөрдүн башаты. Жаман ойлор туура ойду матап, сенейтип таштайт. Ошондуктан жан менен тенди (денени) аңсезимдүү жана бир багыттуу чыңап чыйралтуу – узун жана бактылуу жашоонун өбөлгөсү.

#14 17 July 2014 - 23:13
Камбартептин кайра жаралышы. Айкөл Манастын айдыңдуу ак жолунун изи менен «эскини жаңыртып, өлгөндү тирилтип» дегендей, Камбартеп өнөрүн кайрадан калың кыргызга кайтарып берүүгө аракет кылган эр азаматтар кемелге толуунун жана өзүн таануунун улуу жолунан өтүшүп, Эр Манастын Кырк Чоросунун жанүрөйүн таанып билип турган учуру.
Кылым Кытай улуу журттун Дао өнөрүн, жанкечти самырай рухунун чулуташ биримдигин, Теңирге момун уюган бороон рух империясы Тибеттин уникалдуу сакрал маданиятын тейлеп таанып үйрөнүү – байыркы кыргызды Чоң Кыргыз, улуу Кыргыз кылган улуу Тажрыйбаны – жанды, тенди Теңиртоонун жолунда кармап, аалам-табийгатка аркалаш сүйөнө өсүп, Космостун күнмайрам кооздугунан көңүл-көкүрөккө нап алып өскөн көөнө кыргыздын рухий жанаюу өнөрүн тикелеп, ал өзүн аңдап билип, кемелге толтуруунун биз унуткан дагы бир уникалдуу Жолу болгондугун, ошол Жолдун аян-белгилери азыркы кыргызды ат үстүнөн кармашуунун эрен жолу Эрэңиште, өчкөн отту күйгүзүп, өлгөн жанды тирилткен үрөйлүү сыйкыр өнөр Манасчылыкта сакталганын көрөбүз.
Кытайдын кылторко үлбүрөк даанышмандыгын, Тибет менен Күнчыгыш өлкөсүнүн каразоодой бир тектүү мономаданиятын байкап, окуп-үйрөнүп, амалда (практика) колдонгон адам жан жарыгына жетип, ички өзөк ааламдын термояд табына туш болуп, анан бабалардын канжолуна кайрылып карап, алар деле акырзаман материализмге чейин аталган улуттардан кем эмес – тең, а балким кээ бир жагынан мисалы, Жараткан Эгем Бир Теңирге болгон момун, баёо, наристе баладай ишенчээк дили менен артык турганын көрүп, акырзаман кыргызы үчүн айкөл Атанын аруу жолунан башка багыт жол жок экенине дагы бир ирет муюйсуң.
«Саргара жортуп, кызара бөртүп» дегендей, жыйырма жыл ичинде байыркы кыргыз рухунун бизге жеткен чырпындыларынын алгылыгын иргеп отуруп, кыргыз адамынын денелик-рухий- психологиялык өзгөчөлүктөрүн эсепке алган өзүн өзү агартып аруулантуу системи жана ошого негизделген эртаймаш мектеби түзүлдү. Бул жол менен жүргөн ар бир кыргыз баласы ахлактык жана психофизикалык аруулануунун улам бир баскычына көтөрүлүп отуруп, акыры өзүнүн ички ааламындагы айкөл Манастын Ааламрух Храмын, адамдын акыл жана карк күчтөрүнүн жогорку гармониясын түзгөн, улуттун рухий жаңылануусуна негиз болгон кудуреттүү Күчкубатты ачуу бактысына ээ болот.
Камбартеп мектебинин алгачкы көрсөтмө оюндары 1994-жылы Түркиянын президенти Тургут Өзалдын келишинин урматына Бишкек ипподромунда уюштурулган эле. Анын натыйжасында Камбартеп мектебинин кайра жаралуу демилгеси КР Өкмөтү тарабынан жактырылып, анын көрсөтмөлүү программасы «Манас» дастанынын 1000 жылдыгын майрамдоо боюнча иш-чаралардын тизмесине киргизилген. 1995-жылы Ош шаардык стадионунда өткөрүлгөн Камбартеп көрсөтмөлүү программасы жетишилген ийгиликтерди дагы бекемдей түшкөн болчу.
Манастын кырк чоросунун кайра жаралуусунун руху демилгечилерди Күнчыгыш өлкөсүнө (Жапон), кишинин руханий жана денелик аруулануусунун эң эски булактарынын бири болгон айкидо өнөрү өсүп-өнгөн жерлерге зыярат кылууга түрткү болду. Самурай үрөйүнүн жаңырып аруулануу системасы болгон Будо мектебинин негиздөөчүлөрүнө таазим кылып, таалимине кулак төшөп келишибиз бекеринен эмес чыгар, анткени байыркы кыргыздын атчан кармашы Эр эңиш менен Айкидонун түбүндө жаткан биримдик, эки системадагы ажырым-айырмачылыктарга карабастан түбүндө кыймылдын түбөлүк гармониясын камсыздаган Куюн принцибине баш иет. Кармаш өнөрлөрүнүн Башыйыгы О Сенсей Кисшомару Уесиба менен болгон рухий жакындык жана ал кишинин акбатасы Камбартептин филосо-фиялык- эстетикалык тарабын бекемдөөдө маанилүү кадам болгонун айтып коюшубуз парз. Камбартеп өнөрү айкидо сыяктуу эле катаалдыкка каршы, душманды биротоло кырып-жоюуну көздөбөйт; шакирт-чоролордо айлана-чөйрөгө Манастын чыныгы айкөлдүгү менен аяр, этият, сүйүп мамиле жасоону көздөйт. Камбартеп – Манас жоокеринин өзүн коргоп алуу жана руханий кемелтесин толтуруу өнөрү. Манасчылык сырдуу өнөрдөгү абсолюттук акыйкат учурларын тааный билүү, Эр эңиштин атчан кармаштын эң жетилген түрү экенин ажыратып кароо – Камбартеп өнөрүнүн заманбап концепциясын жаратууга мүмкүндүк берди. Мекенди сүйөр атуулдук бул кыймылдын башатында системанын жаратуучусу Назаров Кубанычбек менен катар белгилүү ойчулдар Болот Мамат, Өмүралиев Чоюн, ушунун «Ак Каркыра» мектебинин негиздөөчүсү Исаков Макетай, ушул эле мектептин кармаш устаттары Орозалиев Аскар, Маатов Жапарали, Орозов Байыш, маркум Юнусов Байыш, Сатыбалдиев Дүйүмбек жана аты аңызга айланган атоюнчу (каскадёр) Үсөн Кудайбергенов, улуттун баатыры Сүймөнкул Чокморовдор турганын айта кетсек ашык болбос. Улутту бириктирип ойготуучу бул улуу идеянын логикалык жыйынтыгы – Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшү болуп калды.
Бүгүнкү күндө эркин жана эгемен кыргыз эли жашоосунда жаңы көч барагын ачты. Акыл калчап көч баштаган бул жолдун башатында касиеттүү Айкөл Манастын ыйык кырк чоро орденинин устаканасы Камбартеп мектебинин турушу огобетер жүрөктү жарытып, дилди марыткан иш. Бул жакшылык иш ошокездеги Ош облусунун аксакалдары жана жетекчилери Баатыралы Сыдыков, Стамакун Асаналиев, Санабар Бахапова, Рустам Анарботоевдердин тилектештиги жана ак баталары менен башталгандыгы ого бетер кубанычтуу. Алардын ысымдары Камбартеп өнөрүнүн кайра жаралуу тарыхында түбөлүк калат. Элибиз айткандай, таза жүрөктөн таза ойлор, таза ойдон таза иштер жаралат.
Камбартептин ахлактык жана эстетикалык мааниси

#15 17 July 2014 - 23:19
Камбартептин ахлактык жана эстетикалык мааниси
Кыргыз элинин байыркы цивилизациясынын башатында адеп-ахлак, боорукерлик, жоокерчилик жана даанышмандык турган. Кытай жазмалары кыргыздарды бактылуу жана өмүр сүйгөн шатман эл катары сүрөттөшөт. Улут мүнөзүндөгү бул өзгөчөлүктөр – жаратылышында курчап турган айлана-чөйрөгө, адамзатына жана жаныбарларга карата болгон мээрим менен боорукердиктен башат алган маданият, рухий дөөлөттөрдөн түптөлөт. Кыргыз адамына таандык ички момундук жана кубаныч сезимдери бабалардын миңдеген жылдардагы бейпил жашоосунан келип чыккан. Көңүл күүсүнүн бул деңгээли кыргыз баласына аргандай тышкы сыноолордо ачууга жеңдирбей, ички жыргал туюмдан ажырабай туруп, акыл-эстүүлүк жана сабырдуулук менен чечүүгө мүмкүндүк берген. Бул – өтө маанилүү касиет. Мындай ички жыргал жана бейпил туюмдарсыз ал – өмүр тарыхындагы миңдеген сыноолордо таруудай чачырап, «Манас» сыяктуу алп дастанды жаратмак түгүл, түшүндө да көрбөй калмак. «Манас» – бүгүн кыргыз улутунун биримдигинин жана руханий жаңылануусунун, ошондой эле улуттун маданияты, наркы, өзүн аңдоосунун символу жана жаркыраган туу чокусу. Кыргыз жүрөгү Манас деп согуп турганда – ал өлбөс, ал түбөлүк! Айкөл Манастын Аалам руху – кыргыз элин улуу келечекке баштоочу түгөнбөс күч!
Акыркы жүз жылдарда биз «аттан түшүп» отурукташтык. Илим жана техниканын керемет ачылыштарынын күбөсү болуудабыз. Бүгүнкү жалпы кыргыз элинин сабаттуулугу жана билимдүүлүгү, сөзсүз, кубантат. Бирок ушул жетишкендиктер менен катар эле адамзаттын чечилбеген көптөгөн проблемалары өкүнтөт. Жалпы журттун билим деңгээлинин өсүшү азыркы адамдын ахлактык деңгээлин көтөрө алган жок, тетирисинче, бейтынчтык жана канааттанбагандык күч алды. Биз мекендештерибизге толук бейпилдик, чыныгы бакыт, кайгысыз, бакубат жашоо тартуулай албадык. Өкүнүчтүүсү: азыр башка бир да мезгилде болуп көрбөгөндөй ыймансыздык, ахлаксыздык адам акылын бийлеп алды; асылзаттык, шерлик сапаттар жеке пайдакечтикке орун бошотууда, айрыкча бул көрүнүш саясатчыларда жана саясатта ашкере жүз берүүдө; саясаттын өзү ыйман-ахлаксыздыктын синоними болуп калды. Саясый маданият каражаттары бийик идея, асыл ойлорду ишпалдасын чыгара бузуп элге жеткиргендиктен асылдык, идеалдуулук деген түшүнүктөр журт эсинен сапырылып кетти. Этикасыз саясат адамдардын жыргалчылыгын көтөрө албайт, ал эмес ахлаксыз жашоо адамдарды айбан кылат. Бул балээнин өзөк тамыры миңдеген жылдар тең салмакта келген ички жана тышкы экологиянын – табият, тоолордун жашоо экологиясы менен адамдын рух экологиясынын ортосундагы гармониянын бузулушунда жатат. Улуттун нарк-салт баалуулуктарынан жылмышып, заманбап аталган жашоо-шарт усулуна баш ийип берүү (бу жерде биздин күнөөбүз жок экенине карабай) акырындап жалпы адамзаттык адеп-ахлактын кыйрашына апкелүүдө. Бөрү замандын лабиринт сокмокторунда закымданган бакыттын артынан кубалаган биз, аласкар тоонун аскасындагы айрылышта түбөлүк бейпилдикке алпарчу чыйырын табалбай башы каткан барс сымалбыз… Азыркы дүйнөлүк цивилизациянын кан жолуна түшкөн биздерге комфорт менен материалдык дүйнө билимдеринен багыттанган илим-техника- физикалык аалам менен шартталган гана бакыт түшүнүгүн берет да, ал жолдогу адам ички мамырчылык менен жыргалга негизделген жеке өз ааламынан ажырап калат. Ичибизден жыргал менен бейпилдикке тунуп турганда, биздин айланабыздагы ким болсо да аларга аруулук, ак дилдик менен карап, тынчтыкта кол кармашып жашай алабыз. Бардык жандар умтулган текши бактылуулук – ар бирибиздеги тынчтык менен мамырчылыкта турат. Чыныгы бакытка ар бир инсан өз эли, өз журту, өз үй, өз чөлкөмүн жана өзүн курчаган ыйык тоолорунун арасында гана жете алат, анткени өз Мекениңен атылып турган ыйык күчтөр – түбөлүк баарына күч-кубат берип, баарын бапестейт. Ушуну түшүнгөндөн соң биз бардык пикир-зикирибизди Улуттук Руханий тикелөөгө багыттап, Айкөл Манас атабыздын ааламдык үрөйүнө бет буруп, кайрадан ыйык тоолорубуздагы ыйык түтүндү булатып, калаа турмушу менен тең салмакта жа-шоого аракеттенишибиз – улут катары урпактар алдындагы ыйык милдетибиз. Тоодон ажыраган кыргыз тамырдан ажыраган дарак сыяктуу куурап, акыры үлп эткен желаргыга туруштук бере албаган камгактай калдаңдап, дүйнө элдеринин чокортосундагы орун-баркын жана улут катары касиет-кудуретин жоготот. Тоолордогу катаал, бирок тунук жашоо, момун, баёо ак дил кыргыз адамын жаралгандан бапестеп, ызат-ыйманы менен сактап келди, эгер эне коюн ыйык тоолору менен мурункудай тил таап, жашоосун уласа – кыргыз эли түбөлүк!

#16 18 July 2014 - 19:34
Камбартеп жана философия.
Байыркы кыргыз коомдук түзүлүшүндө абсолюттук демократиялуу үчилтик принцип – Манас, Бакай, кырк чоро мамлекеттик жашоонун негизин түзгөн. Бул теңирчилик философиясында Көкө Теңир Көк Дүйнөдөгү негизги күчтөр – Күн, Жер, Айды ишаралап, түпбашат (элемент) символикасында – ат, жер, металлды билдирет да, алар өз кезегинде инсандагы үчилтик: аң сезим, дене жана ички кубатты түшүндүрөт, булар болсо адамзат жамаатында бийлик, даанышмандык, күч кубат катары чагылып, ал схема кыргыз коомунда элдин абсолюттук калыс бийлигинин жеке символу болгон кандардын каны Манасты, журт карысы, даанышманы жана көзачыгы көсөм Бакай абаны жана себилдүүсү сексен төрт, серп алган жагы кызыл өрт болуп элдин баарынын жеңип-кыйратуучу жана тикелөөчү куч кубатын билдирген кызыл кыраан кырк чорону туюнтат. Кыргыз коомунун түзүлүшүндөгү бул үчилтик анын кылымдар кыйрата алгыс алтын туур негизи болгон. Кыргыз эл болуп, журт болуп жаралгандан бери коомдук, ички жана тышкы жашоосунда мындан мыкты, мындан артык сыналган түзүлүштү баштан өткөрбөгөн. Коомдун жеке мүчөсү инсан менен элдин ортосундагы адилеттүү теңсалмактын сакталышы миңдеген жылдар бою элибиз абак-түрмө, кулпу-кароолу жок эле жашоого мүмкүндүк берген. Эне табигаттын алпештеген койнунда, асман менен жериңдин теңсалмак чок ортосунда жашоо кечирген баёо журттун улуттук мүнөзүндө да эркин ойлоо, адилеттик жана эгемендик деп аталган принциптер түбөлүктүү чегеленген. 2005-жылдын 24-мартында жүзберген окуялар дал ошол байыркы кыргыздын баатыр рухунун улуттун өнүгүшүнө каршы Сатаний күчтөрдүн ыйманды унутуп, ченөлчөмдү билбей башкарган бийлигине урган соккусу болду. Бийлик ээсинин эрки менен эл эркинин ортосундагы гармониянын бузулушу – тоо турмушунун экологиясынын бузулушуна алып келди. Жакырчылыктан кыжыры кайнаган байыркы көчмөндөрдүн урпактары тоолордон куюлуп түшүп, алеки саатта чириген алсыз да арсыз бийликти алмаштырып салышты. Саясатчы төбөлдөрдүн адеп-ахлак принциптеринен оолакташы эмнеге алып келээрин көрсөткөн бул уникалдуу тарыхый сабактын жыйынтыгы – калк экономикасынын жана туруктуулуктун төмөндөшү болуп жатат. Дүйнөлүк цивилизацияга толуккан аралашуу үчүн нукура улуттук идеология зарыл экени түшүнүктүү болуп калды. Акырзаман катаклизмдеринде улуттун аман калуу, өзүн сактоо системалары ишке түшүп, алар эми элдин кызыкчылыгында иштеш керек. Ушу тапта кадимден реалдуу натыйжа бере келген эки нерсе: жан дүйнө тынчтыгына жана эс-акылга келишибиз зарыл. Бул үчүн элдин ар бир атуулу ички бейпилдикке уюп, өзүн кемелге жеткирүү жолунда айлана-чөйрө менен гармонияда жашоо керек. Экономика менен кошо жан дүйнө теңсалмак өнүгүшү шарт. Жалпы адамзат менен бир үй бүлөдөй ынтымак жашоо зарыл. Бул – жашообуздагы туруктуулуктун кепили. Ал эми тоолордун турмушунда ички-тышкы экология теңдештигине жетишүү үчүн коомдук түзүлүштүн байыртан өзүн актап келген – Манас, Бакай, кырк чоро идеясынын мате-риалдык модели Айкөл Манастын аалам тоопканасы (храмы) же Манастөр – рух-дене машыгынын сыйынты курулуш керек.
Улуттун өзүн сактоо жана өркүндөтүү стратегиясы коомдогу элдик-демократиялык күчтөрдүн биригишине, анын күжүрмөн авангарды болгон кан Манастын кырк чоро ыйык орденинин түзүлүшүнө, кыргыз элин ынтымак-ырашкерликке, бейпил турмушта жашоосуна алып келет.
Дүйнөлүк цивилизациянын жетишкендиктерин өздөштүргөн ыйык тоолор койнундагы таза жашоо кыргыз эли жаңы гармониялуу коомду куруп жана түбөлүк саясый сасык оюндардан кутулууга мүмкүндүк берет. Анткени адам болуп туулуштун өзү эле керемет, ал эми бейпил, татыктуу, кубанып жашоо – улуу бакыт. Буга жетүүнүн негизги жолу – жантеңиздин тынчып, бейпилдикте уюусу. Эгер акыл тынчып, тунук турса, ар кандай маселени чечсе болот. Тетирисинче, биз пендечиликке алдырып, жек көрүү, көмөчүбүзгө күлтартуу, кызгануу же ачууга жеңдирип ийсек абалды туура баалоодон кол жууп калабыз. Акыл көзүбүз көрбөй калган мындай учурда баары болуп кетиши мүмкүн. Пенденин азап-тозогу, көбүнчө, ошол акыл-эсин тартипке салып, ички кубатын багыттай албагандан келип чыгат окшобойбу. Акылды тынымсыз курчутуп машыктырган адам гана чыныгы бакытка жетет. Акылды курчутуу кишини азап-тозоктун бардык түрлөрүнөн куткарат жана төмөнкүдөй ыйык акыйкатка алып келет: азапты таанып, анын булагын жогот; азап менен жапаанын тамырын кыйып таштап, кутулуу жана боштондук жолуна түш. Азап менен кыйынчылыкты кыйратуу үчүн аң сезимдеги аларды жараткан себептерди кыйратып, алардын ордуна бакыт, жыргал апкелчү башаттарды күргүштөт. Тартипке түшпөгөн акыл закымды түбөлүк катары кабылдайт да, аны ээлөөгө адамды ээликтирет. Кыялдагынын артынан жээлиге бериш адамды агрессивдүү кылат, андайдын көңүл-көйү туруксуз келип, атаандаштыкка чабат. Адамзат чөйрөсүндө жашап жаткан биздер жаманды жаман, жакшыны жакшы деп таасын айра билген даанышмандыкка жетип, кишинин кайгы-азабын тең бөлүшүп, аларга кайрымдуу, боорукер болушубуз шарт. Булар биздин бабалардан, айкөл Манастан калган Осуят.

#17 18 July 2014 - 19:40
Куюн кыймылынын гармониясы.
Суу үстүндө же жер бетинде капыстан пайда болуп, баарын оп тартып, баарын айлампа кургуй (спираль) аркылуу чексизге чейин соруп чимирилген Куюндун табиятын ойлонгон даанышмандар алар те түптөн, Ааламдын биоэнергетикалык тирүү чимирик кубатынан пайда болгон нерсе экенин байкашкан. Чыгыш кармашынын чы-гаан устаттары жолунда баарын оп тартып, баарын кыйраткан куюн принцибине салып атаандашты чалкасынан салуунун шумдуктай илээлерин табышкан. Алар кишинин дене жана жан күчтөрүн аң сезимдүү күчөтүп бир борборго топтоо менен кармашуу өнөрү айкидону жана каршылаштын өз күчүн өзүнө колдонуп, теңсалмактан чыгарып ыргытып ийүү илээси Тай Чи таймашын жаратышты. Ошол эле учурда, табигый шарттарда атчан атаандашты ат үстүнөн алып ыргытуу системасы Оодарыш кыргыз көчмөндөрүндө интуитив дааруунун натыйжасында пайда болгон.
Өнүгүү баскычтарындагы айырмачылыктарга карабастан алып-чалып ыргытуунун бул системаларынын башаты бир, анын үстүнө энергетикалык дене өз огунун айланасында айланып жана каршылаштын кубат күчү менен өз ара аракетке кирген учурда аны өзүнүн куюн жолунун орбитасына соруп киргизип, анын кыймыл энергиясын өзүндөгү уюп-тынуу кубатына өзгөртүп ийгенден кийин атаандаштан таяныч чекити, кыймыл күчү жана тездиги боюнча ашып түшөт.
Өз кезегинде ошол карама-каршы күчтөрдүн өз ара тең салмак аракети Куюн кыймылынын гармониялык аракет теориясы ааламды философиялык аңдап билүүнүн негизги бөлүктөрүнүн бири. Камбартеп концепциясынын негизи. Ал боюнча адам денеси микрокосмос катары каралып, аны чыңдоонун эң мыкты жолу жан менен каражандын (физикалык дене) теңсалмак өнүгүүсүнө жетишүү керек. Өзүңдөгү ички кубатты жана денени тазалап башкара билип, та-бияттын бир бөлүгү болгон киши менен жылкынын ортосундагы теңсалмак гармонияга жетишүү жана анын негизинде бизди курчаган бүтүн айлана-чөйрө менен гармонияга келип жашап, аракеттенүү – ушулар гана инсанды бир багыт жолго салып, чоң ийгиликке жеткирет.
Аң сезим менен каражандын (физикалык дене) өз ара байланышынын гармониясы Өзүнүн огун спираль боюнча айланган киши Куюн кубатына ээ болот. Аң сезимдин импульсу менен ички энергокубаттын жуурула аракеттенишинен Куюн кыймыл күчү келип чыгат. Аң сезим тазаланса, организм иш аракети да жакшырат. Бийик сүкүт абалдары эсти тескеп, акыл нурун ойготот – алар максат жолун жарытат. Ойдун күчү жан-ыйманды бекемдейт. Аң сезим менен рухан организмди теске салат. Таза жол менен Акыйкатка умтулуу организмдин ар бир клеткасын кыймылга келтирип өнүктүрөт; ар бир жаңы дем менен вена жана артериялар тазаланып, кан айлануу жакшырат да, дененин булуң-бурчуна өмүр кубат (жизненная энергия) тезирээк жетет. Бул амалдын натыйжасында мээ тазарып, кайчы таасирден улам аң сезим жаңырып, үрөй (рух) бекемделип, ар бир иш аракетиң жөнгө салынат. Куюн кыймылында сүкүттүн Бошоңдоо деп аталган жануютуу ыкмасы колдонулат; анын негизинде аң сезим спираль боюнча аракеттенген дене кыймылын бир багыт күзөтөт, көңүл сүкүттөгүнүн денесиндеги эң маанилүү түйүндөргө жана спираль кыймыл аракетке уюйт. Мындангелди, Бошоңдоо – аң сезим денени ээрчип жүргөндүктөн башка бардык сүкүт жолдорунан кыска жана натыйжалуу жол болот. Кишиде кан айлануу менен кубат агымдын багыты (энергия агуу) карама-каршы. Энергия – жогору умтулат, кан өз салмагына көз каранды болгон үчүн – төмөн. Бошоңдоо учурунда сүкүттөгү чоро болгон жанынтаасын кан жана энергия ачып аткан канал-агымдарга коёт. Жана жан кубат (энергия) дайыма ойду ээрчигендиктен, барып отуруп сүкүт ээси (чоро) энергияны организмдеги каалаган чекитке агызып, куюп, буруп, топтоп алууну үйрөнөт. Мындай абалга жетүү үчүн аң сезим объектке көңүл коюуда бир кыйла аракеттениш керек экени түшүнүктүү. Аз-аздан мындай жануюу аракеттеринин натыйжасында сүкүт ээси жандүйнөдөгү кара тактардан кутулуп, ыйманга келип, агарып баштайт. Ыйманга келүү бу жерде Куюн күчү менен ой күчүнүн ортосундагы гармониядан келип чыгат. Сүкүткө кирген чоро таза, тынч орундан жай алып, өзүнүн ички кубат ааламындагы орто түйүнгө (дяньтянь) көңүл коюп, айталы, ошоерде балбылдап күйгөн Күндү элестетип баштайт. Андан соң сүкүттөгү «Темир атчан» турушка келет да, көңүлдөгү «чексиз шарды» жай аккан бир калып кыймылга келтирет. Ошол калыбында аң сезимдин объектке кадалышын уланта берет, эми ал мурунку абалдан дагы объектке тереңирээк сүңгүп, кайсыл бир бейпил образды, мисалы, толгон жайлоо деп коёлу: көпкөк асман, аппак кар баскан асман, тоолор жапжашыл тукаба жамынган адырлар… ушундай элести «тирүү» көрүүгө аракеттенет. Көңүл чордону жанкубаттын ички агымына топтолот. Дем жана кыймыл энергиясынын күчүнөн кубат алган бул агымдар бурулуп чимирилүү айлампасына ашылат да, бара-бара аң сезим дененин кыймыл ыргагын жана пайда болгон шыпаагөй чөйрөнү айкын ажырата баштайт. Сүкүт үстүндөгү чоро аң сезимдин кымындай четке агылган учурун даана сезип, аны көңүл чордонуна (объект) буруп турат. Андан аң сезим объекттин майда-чүйдө маанилерине агыла баштайт. Алыс… алыстагы жашыл шалбаалардагы аппапакай кыргыз үйлөр, келишкен аттар, кызыл-тазыл кийинген сулуу кыздарды даана көрөт. Алар жылмайып турушат. Көңүл көкөлөйт. Кыймыл дагы таасындала, тактала түшөт. Кубат агымдын, демдин, кыймылдын ыргагы бир нукка куюлуп, турукташа берет. Аз-аздап сүкүттүн жанга берген жыргалы аң сезимге таасын уюй баштайт. Кыймылдагы жан-тен таза табиятка жуурулуп, кубаныч менен жан жыргалына чумуйт. Шыпаагөй таасир жана аракет пайда болгон кенедей ныксыроону же элирүүнү айдап жоготуп турат, дене абага эрип сиңип кеткендей туюлат. Ал спираль боюнча көкөлөп жер, чөп, суу, шаркыратма үстүндө каалгып калат. Көкөлөө – сүкүт уюуга карата болгон акыркы терс сезимдерди жууп салат. Шаркыраган суунун үнү менен кубаты денеңди сергитет. Күндөн куюлган ысык тап жаныңды жайратат. Жануюу бүтүн барлыгына сиңип, толуп ташкандыктан, эми башка бир да таасир бул процессти бузуп токтото албайт. Кыймыл басаңдайт. Кубат агым ыргагы толугу менен дем жана кыймыл ыргагына куюлуп кетет. Аң сезим толугу менен бир гана объектте уюган. Табигыйлык пайда болуп, бейнеге көңүл топтоо өзүнөн өзү келет. Анан Куюн аракети тышкы ыкмалар аркылуу өнүгүп өсөт. Куюнду пайда кылган күчтөрдүн жайланышы аракеттеги элементтердин алмашып турушун тактоого мүмкүндүк берет. Куюнда чимирилүү кыймылы «түртүү» жана «тартуу» кыймыл күч элементтеринен пайда болуп, алар кезектеше алмашып спираль боюнча багытталган куюн-чимирикти жаратышат. Алар системдүү, бүкүлү иштешет. Куюн аракетин бүлөп курчутуп, жан дүйнөдөгү бардык кубат агымдарды оң мааниде өнүктүрүп өстүрсө болот. Бул иш-аракет барып Бошоң-доого куюлуп кетет да, атчан же жерде турган жоокер өнөктөшү менен амал-практикада ийкемдүүлүккө, өз ара тең салмактуулукка иштей беришет. Акырындап акыл, жан, дене тазалыгы келген сайын эмгек, чыдамкайлык, даанышмандык жана максатка умтулуу аркылуу өз денесин жана ички жан кубатын каалагандай башкара билүүчү чеберчилик пайда болот. Куюн кыймылында кемелге толгон жоокер акыл менен дене аракетинин биримдигине келип, сырткы таасирлерге таңкаларлык сергектик менен карап, дененин спираль боюнча кыймылынын геометриясы эң мыкты координацияланат, ошонун негизинде кыр арканын ийилчээктик ийкемдүүлүгү, дем алуунун натыйжалуулугу, тарамыш байламдардын серпилгичтиги, туруктуу пластикасы жетчү чекке жетет. Мындан жалпы организмдин биоэнергетикалык мүмкүндүгү керемет касиеттерге толот. Тазарган аң сезим таң каларлык бышык жана кубаттуу дене менен биригип, чагылгандай тез натыйжалуу кыймыл аракеттер жасалат, андан улам каршылашты көз ачып жумгуча алып, чалып, оодарып, эңип түшүүгө мүмкүн болуп калат. Демек, Куюн кыймылынын негизинде денени ойдо жок гармония менен башкара билүү – жан менен дене гармониясы келип чыгат.

#18 18 July 2014 - 19:43
Ат менен адамдын мамилесиндеги гармония.
Миңдеген жылдардан келаткан ат үстүндөгү бабалардын практикасынан белгилүү болгондой ат чынында эле адамдын канаты, ат үстүндөгү адамдын аң сезиминен ден соолугуна чейин жөөлөргө караганда асман-жердей айырма болот. Ат үстүндөгү чабандестин кыймылы аттын жүрүшүнө карата тең салмакта, бой келбет каккан казыктай түз, ийкемдүү кармалып, карын көңдөйүнүн эң түпкүр булчуңдарынан тартып, арка, кол-бут, моюн, белкөчүк, чаткаяк булчуңдары аз-аздан ийилип-чоюлуп, талкаша болуп көнүгөт. Аттын эмшыпаа жылуусу жана аурасы кишини өзгөчө бир таза, табигый абалга кабылтат, чабандестин тула-бою тынымсыз бирдей микродозада вибромассаждалып, ошонун натыйжасында көчмөн эркек жыныс оорулары жана тукумсуздук, муундарда туздун топтолушу деген эмне экенин билген эмес. Аттын биоэнергетикасы кишинин дене жана жансоолугуна дайыма оң таасирин тийгизет. Ат үстүндө кишинин көңүлү көкөлөп, кез-кезде чу, жаныбарым деп ички жыргалды Камбарата менен тең бөлүшүп бараткан не деген бакыт. «Күлүктү минген күндө мас, жоргону минген жолдо мас». Атчан жоокерде ийкем серпилгичтик менен бирге эле урагыс катуулук да кошо тарбияланган.
Ат менен адамдын өз ара ара- кеттенүү мамилесинде табийгаттын өзүндө катылган “катуулук-ийкемдүүлүк”, “жумшактык, пластикалуулук” деген сапаттар биринен бирине өтүп (көбүнчө таза табигый субъект катары аттан адамга) жана ушул карама-каршы күчтөрдүн тең салмактыгына жетишилип, аягы келип жоокер-чоронун ички энергетикасы толугу менен максатка ылайык өзгөртүп түзүлүп, тотал мобилизациялоого даяр абалга жетет. Бул деген ат үстүндө отурган жоокер кубат агымдардын ажайып Куюн дүйнөлөрүнө кабылып, бардыгын жараткан Улуу Теңирдин чексиз кудуретине баш ийип жана жумшактын катуусу, ийринин түзү, ийкемдин соккусу дей турган абалдарга апкелген бүтүн турушту Бошоңдотуунун сыйкырын сезип көрүү дегендикке жатат. Мына ошондо касиеттүү Камбарата менен Адам ата тукумдары байыркы гректер аңыз кылгандай, ички жана тышкы биримдиктин туу чокусу – бир бүтүн Кентаврга айланышат. Бул бүтүндүккө жетүүнүн көмө жана көрүнөө максаттарын ийине жеткире ийлеп ишке ашыруу – Камбартеп кармаш мектебинин улут алдындагы ыйык милдети.

#19 18 July 2014 - 19:46
Айлана-
чойро менен мамиленин гармониясы.
Ааламдын акыл оодарган кан жолунда жеке адам, Камбартеп рух мектебинин жоокер чоросу Кудай Теңирдин буйрук максатына ылайык өзү ички жанаалам өнүгүүсүнүн бийиктерине чабыттап, ай-аалам, айлана-чөйрө, калган адамзат менен мамыр-жумур улуу гармония абалында жашоого умтулат. Жылкы жаныбардын эне табияттын эң ыйык, аялуу бөлүгү болоорун билген чоро-жоокер “Ат – адамдын канаты” экенин эч качан эстен чыгарбайт, аны ыйыктайт, аздектейт. Астындагы аты менен бир бүтүнгө айланган кыргыз баласы Жер эненин ыйык ыргак толкундарына кулак төшөп, тартылуу күчүнөн Антейче кубат алып жашайт. Кыргыз баласы аттан теги жыгылбайт, жыгылса да ат жалын төшөйт деп эсептейт; кара кыргын, кызыл сүргүндө да кагылайын ат жаныбар ээсине залал жеткирбейт, тебелебейт. Аттан “былч” деп түшүп, жаракат алып, жапа чегүү – кыргыз үчүн өтө сейрек көрүнүш. Ал жыгыла билет, Жер эненин койнунан кубат ала билет жана кайрадан атка акилбирсче бир каргуу менен мине билет. Астында – төшү түктүү Жер эне, үстүндө – төбөсү ачык көк туруп, мингени канаттуу эр аты болгон кыргыз баласы жеңилип көргөн эмес. Азыр – жеңилет, себеби кыргызды аттан сүйрөп салышты.
Камбартеп – бул дене менен жанды бапестеп барктап, жогорку чыңалуудагы биримдикке жеткирүүнүн уникалдуу жоокер жолу; улуттун түпкүр идеясы менен көмө уюп, Ааламдын ирмемге токтобой агып жаткан улуу жолунан тайбай, чегинбей, калбай түбөлүктүү кошулуп, шайтан дүйнөнүн азгырык оюндарынан кутулуунун жолу. Камбартеп – кайталангыс Манасчылык өнөр менен Кыргыз атадан келаткан байыркы көчмөндөрдүн эр өнөрү Оодарыштан ширетилген нукура улуттук туунду. Камбартеп – кыргыз баласынын үрөйлүү ыйык касиеттерин калыбына келтирүүчү система, адам денеси менен рухунун мүмкүндүктөрүнүн дагы бир ыйык жолу. Камбартеп касиеттүү кан Манастын кырк чоро орденин кайрадан калыбына келтирип, айкөл Атанын Аалам коңгуроосунан жар салат. Камбартеп – акыр заман кыргыздарын бабалардын канжолунан ажыратпай жана азыркы цивилизациянын пайдалуу, оң таасирлерин жуурулуштура улуу келечекке, өнүккөн адам дооруна чакырат. Миңдеген жылдар кыргыз коомдук башкаруусунун демократиялык адилет принциптери болгон – Манас, Бакай, кырк чоро жана Манастөрдү улуттук масштабда тикелейт.
Манастөр – бул кыргыз улутунун Башыйык Төрү, Ааламга, Теңирге, Адамзатка чыгуунун ыйык амалият – (практика) мектеби. Кыргыз баласы ааламдын энергетикалык байланышын Манас атанын үрөйү аркылуу ишке ашырат. Мухаммед мусулмандар үчүн, Будда – буддисттер, Конфуций – кытайлар жана Иса пайгамбар – христиандар үчүн кандай ыйык болсо, Манас атабыз кыргыз үчүн дал ошондой ыйык.
Камбартеп – кыргыз рухунун түбөлүк кыймылы, салт-нускадан азыркы планетардык жаңыланууга өтүүнүн улуттук жолу. Прогрессчил адамзат аң-сезиминдеги эң ыйык, эң бийик идеялар менен биригип кошулуу жолу.

#20 18 July 2014 - 20:00
.

Супер-Инфо
super.kg
видео