Нарындагы Кочкор айылынын жашоочулары кечкисин сыртка чыгуудан чоочулап турган кези. Анткени, жакындан бери пайда болгон белгисиз жырткыч жаныбарлар майда жандыктарга кол салуу менен, негизинен малдын канын соруп кетүүдө.
Азырынча адам өмүрүнө зыян келтирүү фактылары жок. Бирок, кандайдыр бир иштиктүү чаралар көрүлбөсө, мунун акыры жамандык менен бүтүшү мүмкүн,- дейт аймактык кабарчыбыз Бөлөкбай Шеримбеков.
Кочкор айылынын тургуну Насыйкат Кутманова тоок багып, анын жумурткаларын сатуу менен кошумча каражат табат. Бирок, кыш айларынан бери короого белгисиз жаныбарлар кирип, канаттууларга зыян келтирүүдө.
Ал эми мындан үч күн мурун ал тоокторуна кол салып жаткан бул жырткычтарды өз көзү менен көргөн. Тилекке каршы, катуу чоочуп калгандыктанбы,
аларды жакшы сүрөттөй албады.
"Түнкү саат төрттөрдө тооктордун үнү угулганынан чыга калсам, тооканага кирип алып жеп атыптыр. Экөө тең күрөң түстөгү окшош жаныбар экен. Экөө тең секирген бойдон кетти, жакшы көрбөй калдым. Тоокананы жакшы эле жапканбыз. Шифер коюп, аны бочка менен бекиткенбиз.
Ошону ачып кириптир"
- дейт Кочкор айылынын тургуну Насыйкат Кутманова.
Эгер Насыйкат ушу түнү төрт тоогунан ажыраса, анын айылдашы Жоомарт Шаршеналиев үч коюнан кол жууп олтурат. Анын айтымында, түнкүсүн чакырылбай келишкен жырткыч меймандар сарайга секирип киришип, малды алкымдашкан да, канын соруп кете беришкен. Азырынча, "Кочкор"
айыл округундагылардын тынчын алып жаткан бул белгисиз жаныбарлар он күн аралыгында эле 30дай кой-эчкинин жана 100гө жакын канаттуулардын канын сорушкан. Андыктан, район жетекчилиги дүрбөлөң коңгуроосун кагышып, колдон келген аракеттерин жасашууда.
"Бүгүнкү күндө мергенчилерге 10 миң сомдук ок-дары маселесин чечип бердим. Мындан тышкары ким биринчилерден болуп, ушуларды атса, беш миң сом сыйлык берели деп атабыз" - дейт Кочкор айыл округунун башчысы Мирлан Исраилов.
Учурда "Кочкор"
айылына бүлүк салган ушул табышмактуу жаныбарлар алгач кыш айларында байкалган. Аларды алыстан болсо да, көрүшкөндөрдүн сүрөттөөлөрүндө,
жырткыч - кенгруларга окшош. Ал эми короолордо калтырган издерине жана өлтүрүлгөн малдын денелерине салынган тактарына караганда, тырмактары жана тиштери өтө эле учтуу. Ушундан улам, алар кийинки кездери массалык-маалымат каражаттарында байма-бай жазыла баштаган чупа кабрабы деген ой туулат. Тумшугу итке, бою менен буттары кенгруга түспөлдөш бул жаныбарларды айрым адистер башка планетадан келишкен жырткычтар деп эсептешет.
Жергиликтүү элдин айтымдарында,
малга жана бакма канаттуларга зыян келтирген белгисиз жаныбар, айыл четиндеги мына бул эски көрүстөндөн чыгууда. Бирок аларды көргөндөр дээрлик жокко эсе.
КТРК нын маалыматы боюнча
Кочкордон чупакабра чыктыбы?
#2 11 June 2014 - 18:10
Нехувахува!
!!!!!
!!!!!
!!!
Башка планетадан келген жырткычтар дейби???
Тообо кылдым уже кинодон көрүп жүргөн "бөжөкөлөр" реалда пайда боло баштадыбы?
Башка планетадан келген жырткычтар дейби???
Тообо кылдым уже кинодон көрүп жүргөн "бөжөкөлөр" реалда пайда боло баштадыбы?
Баардык акылдуу ойлор акмакчылыктар аткарылып бүткөндөн кийин пайда боло баштайт!!!
#3 11 June 2014 - 18:16
"чупакабра"
ошол ужастын атыбы, интернеттен издеп суротун илип койбойсунарбы?
Барга көппө - Жок го чөкпө
#4 11 June 2014 - 18:33
булар кадимки ит менен чоодон жаралган жандык.Алар ото эле кооптуу.Алар жада калса адамга да кол салат экен
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#5 11 June 2014 - 18:44
Айыл эркектери чогулуп чупакабрага аңчылык кылышсын. Беш миң сом өтө көп экен өлтүргөн адам байыйтко.
#6 11 June 2014 - 18:45
Айыл эркектери чогулуп чупакабрага аңчылык кылышсын. Беш миң сом өтө көп экен өлтүргөн адам байыйтко.
Снайперди которуп секин отуп келиш керек экен а, халтура кылса болгудай...
Барга көппө - Жок го чөкпө
#7 11 June 2014 - 18:47
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#8 11 June 2014 - 19:03
Автордун суроттоп бергенине караганда ушул окшойт...
Барга көппө - Жок го чөкпө
#9 11 June 2014 - 19:03
Если на вопрос "Как дела?", человек отвечает "Нормально", значит вы не входите в сферу его доверия.
#10 11 June 2014 - 19:25
Кан эле соруп этин жебейт экенби?мунуда изилдеген бироолор болуш кереке.эмнеси болсода мал-жанга зыян экен жок кылыш керек!
#12 11 June 2014 - 19:45
<<Таза болсоң суудай бол - баарын жууп кетирген>>
#13 11 June 2014 - 20:32
Шумдугун кургур ....
Биринчи жолу корушум мындай жандыкты.
Айылдагылар мал-сал менен эптеп тирилик кылып жатканда бул жырткычка бале барбы ?!
Биринчи жолу корушум мындай жандыкты.
Айылдагылар мал-сал менен эптеп тирилик кылып жатканда бул жырткычка бале барбы ?!
#14 11 June 2014 - 20:59
Алгачкы угушум. Айылдын жаш жигиттери тиешелүү аймактын коопсуздугун албаса, анда аягы жакшылыкка алып барбайт.
Биз өз өлкөбүздө гана бактылуу боло алабыз!
#15 11 June 2014 - 22:07
Мен 2-3 ай мурда интернеттен коргом. Россиянын чеке райондордо коп делген. Ошол кыргызстанда да бар экен. Себеби адамдардын айтымында ошол чупакабрага окшош делген. Ал жаныбар ото коркунучтуу жана ото зыяндуу. Адамгада кол салуучу,бекиткен малканалардын эшиктерди адам ачкандай ачып кирет делген. Негизи кооптуу жаныбар,адамгада кол салат коп ачка калса делген.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#16 11 June 2014 - 22:09
Снайперди которуп секин отуп келиш керек экен а, халтура кылса болгудай...
Ошол биир халтура кылбайсыздарбы? Адамдарга жакшылыкда кылган болосуздар. (тамаша)
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#17 11 June 2014 - 22:11
Чупакабра эле экен... Кыргызстанга кайдан келип жүрөт болду экен?
Никогда не путай мой характер с моим отношением.
Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
#18 11 June 2014 - 22:15
Чупакабра эле экен... Кыргызстанга кайдан келип жүрөт болду экен?
Ишенбей жаттым эле, жана телевизордон корсотуп жатыптыр...
Барга көппө - Жок го чөкпө

Супер-Инфо
super.kg
видео




















