Jadap buttum uwul 4ymyn attuudan,kenew aiylynda 5 took firmalar a4yldy ele,owogo bailanywtuu 4ymyndar tolup ketti uilordo,ewiterge tor tiktik,kyryp olturup jatabyz baaribir kutula albai ubarabyz,uwul 4ymyndy en jaman korot elem,siler kantip kurowosunor,boluwup ketkile4i
- (2 )
-
- 1
- 2
Чымын-чиркейлерден кантип кутулабыз?
#2 19 May 2014 - 13:33
Бир комнатада беш эркек жашаса,бешөө тең жатаардан алдын тамекиден түтөтүп жатышса.
#3 19 May 2014 - 13:40
Дүкөндөрдө атайын чымын-чиркейлер үчүн (атың өчкүр) сатылат го. Ошолордон алыңыз.
В каждой шутке есть доля правды...
#4 19 May 2014 - 16:51
Оо неме раматылык Чоң атам галоштон "шапалак"
жасап койчу эле, ошо менен чымындын шорун бере бер да
анча мынча кызыгып кеткенде нандын үстүнө конгон чымындыям балч эте чабасын
**no comment**
#5 19 May 2014 - 19:17
чымын чакпайт,бирок аябай зыянкеч да.Магазинде дихлофос деген бар.Ошону да колдонуп кор балким жардам береер
Уулум, мен сени менен сыймыктанам!
Андыктан бардык жеңишин менин жеңишим болуп эсептелет!
#6 19 May 2014 - 19:29
чымын чакпайт,бирок аябай зыянкеч да.Магазинде дихлофос деген бар.Ошону да колдонуп кор балким жардам береер
Кыргызстанда жанагы шире сүртүлгөн кагаз сатылат элего?Баасыда болгону 10-15 сом болчу,ошону эле ар бир комнатага коюп же потолоко илип койсо,боолду. Чымындар быжырап эле ошого жабышкан бойдон ыраматылык болуп кетишет.
#8 19 May 2014 - 23:01
Райд беле суюк, аны токко сайып коесуз жакшы натыйжасын берет.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#9 20 May 2014 - 10:35
Эн жакшы жолу дихлофос). Бизде да жаныбызда молочный ферма, тоок ферма анысы аз келгенсип айылда мал жанды коп багышат. Дихлофос ду уйго чачып 10-15мин эшик терезени жаап койунуз, озунуз да уйдо отурбай сыртта туруунуз зарыл), андан кийин кайра эшик терезелерди ачып уйду желдетип, олгон чымындарды бир сыйра тазалап ийсениз, чымын чиркей жок) Бул бир жолку тазалаганыныз 3-4 кунго жетет. Бир жумада эки жолу тазалап турсаныз болот. Анан дагы терезелеринизди ак мн уйдун ичинен тосуп салыныз же занавесканыз темный кылып койунуз, бул чымындын уйдо аз болуусуна жардам берет.) Ийгилик сизге.
Если Я кому то не понравлюсь_ вот не верите --ПеРеЖиВу))))))).
..
#10 21 May 2014 - 17:38
Бир бирден зээрикпей олтуром)))
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#11 12 June 2014 - 18:00
Эн жакшы жолу дихлофос). Бизде да жаныбызда молочный ферма, тоок ферма анысы аз келгенсип айылда мал жанды коп багышат. Дихлофос ду уйго чачып 10-15мин эшик терезени жаап койунуз, озунуз да уйдо отурбай сыртта туруунуз зарыл), андан кийин кайра эшик терезелерди ачып уйду желдетип, олгон чымындарды бир сыйра тазалап ийсениз, чымын чиркей жок) Бул бир жолку тазалаганыныз 3-4 кунго жетет. Бир жумада эки жолу тазалап турсаныз болот. Анан дагы терезелеринизди ак мн уйдун ичинен тосуп салыныз же занавесканыз темный кылып койунуз, бул чымындын уйдо аз болуусуна жардам берет.) Ийгилик сизге.
rahmaat kenewinerge.dihlafozdu jaw balaluu uidu daarylasa zyany tiybeibi balaga?
Адилет
#12 12 June 2014 - 18:03
rahmaat kenewinerge.dihlafozdu jaw balaluu uidu daarylasa zyany tiybeibi balaga?
Противогаз кийип алса зыяны тийбейт...
Барга көппө - Жок го чөкпө
#13 12 June 2014 - 18:42
Эн жакшы жолу шыпылдак жасап алгыла Шеке айтмакчы галоштон. Ошол жакшы натыйжа берет чымын олтургону.
.
А менде чымын эмес, чиркей тойгозуп атат тункусун да чагат чыммм этирип. Карангыда деле коздору коро береби билбейм. Аскар айтмакчы сигарет тутотуп коюп жатат окшойм.
.
А менде чымын эмес, чиркей тойгозуп атат тункусун да чагат чыммм этирип. Карангыда деле коздору коро береби билбейм. Аскар айтмакчы сигарет тутотуп коюп жатат окшойм.
Убакыт учкан куш
#14 12 June 2014 - 18:50
Азыр толтура жыты жок срейлер чыккан го. Жыты адамга билинбейт бирок чымын чиркейлерди жолотпойт. Магазинге кирсен ошо чымын чиркейлерге каршы колдонулууче нерселер толуп кетиптир, бири болбосо бири натыйжа берээр деп ар биринен алып колдонуп корунуз да.
#15 12 June 2014 - 22:55
rahmaat kenewinerge.dihlafozdu jaw balaluu uidu daarylasa zyany tiybeibi balaga?
Дихлофос ду чачып уйду жапкан убакта, уйдо эч ким калбоосу зарыл!!! Жаш бала эмес чон адамга да зыян. 10-15мин ден кийин ачып уйду желдетуу зарыл!! Жана да андан кийин уйду тазалап алып анан, кире берсениз зыяны жок, тийбейт!! !
Если Я кому то не понравлюсь_ вот не верите --ПеРеЖиВу))))))).
..
#16 11 June 2015 - 01:07
Үйдөгү чымын-чиркейлерден арылуу ыкмалары
Чымындар өтө тездик менен көбөйөт жана анын жашоочу курчап турган чөйрөсүндөгү температурадан көз каранды. Алар үчүн 23-25 градус жылуулук жашоолоруна мүмкүндүк берет.Чымын курту 3-25 күндүн ортосунда чоңоюп-жетилип, кургак жайга же топурактын алдына бекинишет, алардын сыртынан катуу кабыкча пайда болот. 3 күнгө чейинки аралыкта ал кабыкчанын ичиндеги чымын курту кадимки канаттуу чымын кейпин кийип жарыкка чыгышат. Алар 36 сааттан кийин жыныстык жактан жетилип, көбөйүүгө жарап калышат. Орто эсеп менен алганда бир жыл ичинде бөлмө чымынынын 9-20га чейинки мууну жашап өтөт.
Зыяндуу зат ташыгыч
Чымындар таза эмес жайлардан, таштандылардан, өлүп калган малдын этиндеги бактериялар менен азыктанышат. Ал эми мындай таза эмес жайларда жугуштуу ооруларды козгоочу бактериялар абдан көп эмеспи. Чымын ошол бактерияларды бутунун алдындагы түктөр жана шилекейи аркылуу өзү менен кошо ташып жүрөт. Анын денесинде 6 миллионго жакын, ичегисинде 28 миллионго жакын бактерия болот. Бул бактериялардын ичинде сибирь жарасын, холера, дизентерия өңдүү ооруларды козгогучтар бар.
Таштандыдан келген чымын тамакка конору бышык. Тамак аркылуу адам бактерияларды кошо кабыл алып, инфекциялык ооруларды жуктуруп алуусу мүмкүн. Бирок экинчи жагынан караганда бактериялар менен азыктанып, алардын санын азайтышат. Мына ушундан улам чымындар табигаттын санитарлары да болуп эсептелишет.
Чымындардан кантип арылса болот?
Азыркы тапта үйдөгү чымынды жок кылуу үчүн ар кандай химиялык уулуу заттардын аралашмасынан турган каражаттар бар. Бирок аларды бөлмөнүн ичинде колдонгондо адамдын дем алуу органдарына зыян келтириши толук ыктымал. Айрыкча астмасы жана аллергиясы барларга коркунуч жаратаары бышык. Буга байланыштуу үй шартында чымындардан кутулуунун эң жөнөкөй жолдорун билип алыңыз.
• Үйдүн кайсы гана бөлмөсү болбосун тамак-ашты ачык калтырбай, тамак- аш калдыктарын дароо таштанды чакага салып оозун жаап коюу керек. Чымындын жыт сезүүсү жакшы өрчүгөндүктөн, жыт аркылуу келет.
• Терезенин форточкасын металл торчо же марли менен тосуп койсңуз да болот. берет.
• Терезенин четине кагаздан ичке кесип, шамалга кыймылдап тургандай абалда бекитип койсо болот. Ал чымындарды чочутат.
• Терезенин тешиктерин уксус аралашкан суу менен сүртүп койсо да жардам берет. Жытынан качат.
• Нашатырь спиртин кошуп полду жууп, анан эшикти ачып койсоңуз, анын жыты чымындарды кубалайт.
• Клещевина деген гүлдү идишке отургузуп, ар бир бөлмөгө койсо, же пижма өсүмдүктөрүн үйдүн тегерегине тигип өстүрсө, булардын жытынан чымын үйгө жакын жолобойт. Себеби бул өсүмдүктөрдөн бөлүнүп чыккан эфир майы чымындын шал болуусуна алып келет.
• Бөлмөдөгү чымындарды сыртка кубалап чыгаруу үчүн алгач терезенин бетин жаап, бөлмөнү 10-15 мүнөткө караңгылатыңыз. Андан соң форточканы гана ачып койсоңуз, чымындар жарык издеп сыртты көздөй учуп кетишет. Бул учурда терезенин калган бөлүгү жабык бойдон турушу керек. Эгер чымын бөлмөдө абдан көп болсо, эшик-терезени ачып бөлмөнү желдетип койсоңуз, көп чымын сыртка качат.
• Кара мурчту шекер аралашкан сууга же сүткө аралаштырып идишке куюп, өйдөрөөк коюп коюңуз. Аралашмага 10 грамм кара мурч, шекер жана 50 миллилитр сүт же суу керектелет. Бул да чымын үчүн душман болуп эсептелет.
Жизнь прекрасна и удивительна.
..
Живу и радуюсь каждому дню!!!
Живу и радуюсь каждому дню!!!
#17 11 June 2015 - 16:11
Уууффф жадатат да жадатат.Безилдеп калдым жаздан кеч кузго чейин паааша олгурдон кутулбадым .
لا اله الا انت سبحا نك اني كنت من الظا لمين
#18 11 June 2015 - 16:31
откондо базардан 10сомдон 20сомго Шеке брат айтмакчы эки шапалак алып келдим эле уйго меймандар келип балдары чымын издеп журот кайерден чыга калат экен мен олтуро калайын деп
Жараткан Аллахка чексиз чексиз шугурлор болсун
#19 11 June 2015 - 21:10
Паша яша деп айдагыла болду .
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#20 19 June 2015 - 18:56
Ии ушу чиркей чымын тажатты да, итти деле кет десең кетет, а буларды шапалак менен уруп, токко урдурсаң да кетпейт! Башка жолу бар бекен ыя?
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео




















