Voin.teni (28 Декабрь 2013 - 14:16) жазган:
Бажы Биримдигине каршы кол топтолуп атат фейсбукта "Кыргызстан Бажы биримдигине каршы" (Кыргызстан против Таможенного Союза)"Бажы Биримдигине Бирикбейбиз" деген топторго өз келечегиңерге кайдыгер карабасаңар, өзүңүздүн пикириңерди , колуңарды калтырып жазып кетсеңер болот.
Кыргыз мамлекети азыр, эми гана 23 жашка чыккан жигитке окшоп, ал-күчгө толуп,жашоонун кызыгын татып, өз тагдырын өзү чечеер маалда, Россияга окшогон бай кошунага кул болуп кеткен жигиттин тагдырын элестет. 23 жылдан берки жамандыр-жакшыдыр өз тагдырыбыз өзүбүздө болуп жашап келдик, көп кыйынчылыктар баштан өттү, баары артта калды. Эми гана баш көтөрүп келе жаткан мамлекетибиз ББ киргенден кийин, убакыттын өтүшү менен ар бир улутка эң кымбат, өз эркиндигибизден кол жууп калабызбы деген түпөйүл ойлор башты жарат. Экономикалык эркиндиксиз , саясий эгемендүүлүк , эркиндик эч качан болбосун кечөө Каримов деле айтпадыбы. Эми бажыдан түшкөн өз акчабызды ала албай, орустарга барып жалдырап ала баштайбыз. Акча үчүн, өз эркиндигибизди башка мамлекетке сатканыбызды урпактар кечирбейт болуш керек. Экономикалык анча мынча кыйынчылыкка чыдабай, бай орустун колтугуна кул болуп кире качканыбыз уят эле. Кыргыз эли чыдамкай эл, мындан дагы катаал, кыйын заманда өз эркиндигин сатпай жашап келген эле. Урматтуу президент жана аткаминерлер, жети өлчөп бир кескиле, кеч боло электе ойлонгула, элдин каргышына калбагыла!
Билдирүүнү түзөткөн: kyrgyzJigit: 12 Июнь 2014 - 22:44