“Аллах” деген жазуусу бар арак табылды

“Аллах” деген жазуусу бар арак табылды
Казакстандын Семей шаарынан “Аллах” деген жазуусу бар арак табылды. Ал жердин жашоочусу кокусунан “Байтерек” арагын сатып алып, бул жазууну көрүп калган. Мындай арак Казакстандын ар бир дүкөнүндө сатылат.
Аныкталгандай, аракты Семейге “Дениджо” соода-сатык маркасы “Геом” Актөбө фирмасынан алып келет. Бул арактын этикеткалары алтын жана күмүш түстө даярдалган. Дал ошол күмүш түстөгү этикеткада “Аллах” деген жазуу бар. Динге ишенген жергиликтүү калк бул арактын сатыктан алынышын айтышып митингге чыгышкан. Ал эми “Геом” фирмасынын башчысы кечирим сурашып, этикеткаларды башка өлкөдөн чыгаршкандыктан, Аллах” деген жазууну казак оймолору менен чогуу деп ойлоп, алмаштырып алышкан окшойт деген оюн айтты. Учурда бул арактын сатылуусу токтотулду.
Билдирүүнү түзөткөн: saltanat.: 30 Апрель 2014 - 14:43