Lumia-800 (07 Июнь 2014 - 21:11) жазган:
Учу кыйры ангемени кураберсин.
Капа болбос акындарды баш баккан
Кара тамгам карегине ураберсин...
Бул теманы ырым башка кийеберсин
Бутактарын создун ылдый ийеберсин.
Жарышам деп кирген жандын баарына
Жашыл тамгам жиндерине тийеберсин. ..
Башкаларда ушул жолду беттей койсун
Бирок такыр жазып мага жетпей койсун...
Колокодой ээрчип дайым очпостон
Когуш тамгам коздорунон кетпей койсун...
Тамаша.

Жоодарбек иним барсыңбы,
Жоодурап түгөй таптыңбы.
Форумда такыр кирбейсиң,
Чапташып эле жаттыңбы.
Бир жылт койуп кетипсиң,
Жаш жубайга шаштыңбы.
Каамытты илип мойнуңа,
Же форумга кирбейсиң деп кактыбы.
Көлтөңдөп бойдок жүргөнчө,
"Турмушка чыккан"жактыбы?
Кайраттуу болуп азыртан,
Талаштырба тактыны.
Чымыны бар бала элең,
Келинкага жактыңбы.

Тамаша иним баарысы,
Ылайым берсин бактыңды.
Карага боеп жазганын,
Кайраттын берип кабарын.
Көздөргө коюп "атака" ,
Кубулжуп түсү тамгаңын.
Жашылдап боеп кетипсиң,
Жинине тием дептирсиң.
Жарыштан калган күлүктөй,
Жалпыны келип жерипсиң.
Кекете келген жоосуңбу,
Көрсөтпө мындай жосунду
Көк шриф менен жазыпсың,
Көгүштөн иним соосуңбу?

