2) Көп эле. Мисалы кошок айтуу, атасы тирүү кезинде баласы сакал өстүрбөшү керек, у.с.ж.б. динибизге терс таасирин берет, күнөө.
Кыргыздарда диндик түшүнүктүн калыптанышына (азыркы учурдагыдай фанаттык мүнөздө) аз эле убакыт болду, 20-25 жыл аралыгы, ал эми кыргыз элинде кошок айтуу салты илгертеден бар, кошокто өлгөн адамдын жашоосу, тууган-уругу, элге кылган кызматы, жакшы жактары ж.б.у.с., өзгөчөлүктөрү элге кайгылуу болсо да даңазаланат, бул - муундан-муунга калган мурас. Улуттук өзгөчөлүктү танып, башка бирөөлөрдүн, алсак, арабдардын түшүнүгүн, көз карашын туура көрүп, кыргыздардын, анын ичинде өзүңүздүн ата-тегиңиздин салтын "күнөө" дегениңизге жол болсун! Өзүбүздүн салтыбызды баалай албасак, тамыры жок камгактан (перекати-поле) эмне айырмабыз бар?!

Супер-Инфо
super.kg
видео
















