Чарчаганымдан бутунду шилтегенге акыбал жок. Бирок баары жайында кудайга шугур
КҮНДӨЛҮК... Ар бир күн форумчунун көзү менен
#3302 16 Июнь 2014 - 22:19
Өзүмө өзүм кубат берип тыңыгансып баратам.Жумушка чыксам элге аралашып алаксыйм,аппетит да ачылат.Жалкоолук кармаса баарын таштайм да үңкүйүп үйдө эрте мененки кофе менен кечке чейин жүрө бермейим бар.Билбейм ким үчүн жашайм...Моогу узакка созулган ремонттун бүтүшү да тозок болду.Азыр детскийге плинтус жармаштырып атышкан,1күн иштесе2 күн дем алган уста сөрөйлөргө аш басып койдум.Ии баса буйруса аз күндө мекенге,урээ.
Апамды сагындым,жакындарымды сагындым.Билет алынса эле эч нерсеге карабай жылам го буйруса.
#3303 16 Июнь 2014 - 22:25
Ишке барбадым. Уктап. 1 айдан бери 2 кулагым тен ооруп аттыле, лор врач издедим. Врач кулактарды коруп "чирий баштаптырго"
дейт. Ыы дедим. Дарылады 1000 рублге. Арак, пиво ичпей тур деди. Эми кантем десенер?! Майли дедим. Уйго келип чай ичип, игра престоловтун финалын кордум. Эми бир козум футболдо, экинчиси форумда. Кичине отуруп анан уктайын а? Эртен иш.
#3304 16 Июнь 2014 - 22:37
Менин кунум кундо расссссходддд менен отуп ататтттт!
!!!!!
!!!!!
!!((
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те кто лучше нас, им просто не до нас.
Омар Хайям.
#3305 17 Июнь 2014 - 03:51
Кутман тан Кундолук!
Тундон бери уктай албайтам... дале уктай элекмин.
Эртенки кунду ойлоп жатасынбы? Эс алып уктасан кундузу кыйналасынго? Коздурунду кара кызарып, шишигенини. ...деп уруштум озумду....
Эми уктайын а....
Эртенки кунду ойлоп жатасынбы? Эс алып уктасан кундузу кыйналасынго? Коздурунду кара кызарып, шишигенини. ...деп уруштум озумду....
Эми уктайын а....
#3306 17 Июнь 2014 - 12:59
Оооо! Жайында ооруган кандай сонун! Барбайм! дегениме карабай курбум кыйнап тоого ээрчитип кетти эле... Таза аба,шаркыратма,
бак-шактар деги эле жаратылышка кол сунуп,жакын болууга умтулгандардан эмесмин. 2саатта жеттик, ал аз келгенсип дагы бастык болгон-толгон оокаттын баарын которуп алып капчыгай менен. Тыдыннн! деген эле жаан жаай баштады,мондур улантты. Палаткалар суу,отун суу,биз суу жердин баары ным. Мойнунан байланган иттей болуп аран бардым эле жаандан жыргай туштум. Бишкектеги ысыкта ким берет эле мага ошол жаанды? Ысыктан эзилип барып, бир моментте эле муздак болуп кадимкидей дем алганын оноло тушсо кимге жакпасын? Ызы-чуу жок, мээнди тешкен эч ким жок. ТЭЦтин тутуну каптабайт,машиналардын выхлопной газдары жыттанбайт,
"Эмнеге такыр суйлобойсун?
" деп доставатеткен адам жок,свет жок,сеть жок,интернет жок... Оооох! Салкын да эмес суук. Кышкы курткаларды кийип алып,от жагып отура берген кандай сонун! Ушудум! деп канааттануу менен айтсан боло турган болду. Ошентип журуп ооруп келдим. Ну что ж за все надо платить. Жашоо ошол эмне кыл дейсин. Бирок дагы ошол суукту сезиш учун дагы бир жолу ооруганга даярмын.
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#3307 17 Июнь 2014 - 14:27
Мен жалкоо эле болуп калдым. Кечээ кундон бери кой жок бир жумадан берки майда-чуйдо жумуштарым бар эле жасаганда жокмун. Арамза тамырларым кобуроок иштеп жататгоо менимче. Мейли кундолук эртен келем,сен зээрикпей ушул жерде тургунун э?
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#3308 17 Июнь 2014 - 14:34
Ванкувердин кундолугу: 6 7куну форумду тытат. Башка куну колу бошобойт. Бирок убакыт табат. Я ЛЮБЛЮ СУПЕРСТАН.
#3309 17 Июнь 2014 - 20:32
Бугун эч нерсе кылган жокмун, уйдо эс алдым. Футбол кордум.
Адам сырткы дуйнону озгортуудон мурун озун озгортууго тийиш.
#3311 17 Июнь 2014 - 21:49
Bekerchilik m.n kun otkordum.
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#3312 17 Июнь 2014 - 21:58
Убакыттын отушун аябай каалап жаткан учурум. Тезирээк эле кундор, айлар отуп апамдын жанына барсам экен. Сагынып кеттим. Бугунку телефондогу суйлошуудон кийин сагынычым дагы да куч алды.
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#3314 18 Июнь 2014 - 02:05
Салам кундолук,менин кундорум отуп жатат бмлинбей эле,бирок астыдан чон озгору кутуп жатам
#3315 18 Июнь 2014 - 02:31
Мынтет миш жигиттер " Кыз деген тоок, аларга жем чачсан оздору келет "- дейт имиш. Угуп алып кулку кыстады.
Кызык эле суйлоп коёбуз ээ...
Анан менин табым айнып турат да жаман... кыйнап салды

Кызык эле суйлоп коёбуз ээ...
Анан менин табым айнып турат да жаман... кыйнап салды

А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны.
Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете,
любит Вас…
#3316 18 Июнь 2014 - 02:48
Азыркы босоножкалар не баляя болуп калган же пол ушунчалык эле жылмакай,сыйдаң болуп баратабы?!
Жумушта.
Шашылыш чуркап баратып токтоно албай,сыйгаланып кетип так ошол маалда шайтандай болуп чыга калган
жабышып калсам болову.Ииий кызарып татарып,кайда,
эмнеге баратканымды унутуп ит эле болдум
Жумушта.
Шашылыш чуркап баратып токтоно албай,сыйгаланып кетип так ошол маалда шайтандай болуп чыга калган


Билдирүүнү түзөткөн: dinooou: 18 Июнь 2014 - 02:51
#3317 18 Июнь 2014 - 12:23
Бугун тан заардан апам менен суйлоштум,апакемдин маанайы +5 экен. Апакем маанайы жакшы болсо менинда маанайым бугун соонун болотко буйруса иншаллах. Ошентип бугунку кунум башталды.
" Мен дуйнону апам менен тааныгам
"
#3318 18 Июнь 2014 - 13:38
Бир жылдык куч лимити аягына чыкты окшойт. Колуман келбей атат деп эч кимге айтпаганым менен озум деле тушунуп атам. Башка бироолорго "Башка бироо сага указыватетип аткан жашоо менен жашаба,эч кимди укпа. Мени да укпа! Ата-эненби,бир-
туугандарынбы,
доспу-каспы,
жашоо шартыбы жакшылык каалап ошол указды берип атабы же башка максаты барбы мааниси жок. Аягында алар каалаган нерсени кылып атканындай корунуп баары жакшы деп турсан,бери жагынан баары салааларындын арасынан куюлуп отуп,чачылып,
эзилип,озунду да эзип жаткан болот. Башкысы башынан баштай албай каласын. Ошондуктан караба! Озуно кайдыгер карап,кимди биринчи орунга койсон да бир куну бекерге экенин тушосун. Озундун башка адамдын денесине кирип алып,башка адамдын жашоосун жашап аткандай болосун. Колундан баары тушуп,талкаланып,
эмнени кармасан да ордунан чыкпай убара кылат." деп айтат элем. Озумочу? Озунду ишендиргенге караганда башка бироону ишендирген оной сезилет. Куба келип, адатынча суйлоп отурду. Берилип бир нерсени суйлоп аткан,ойлонуп кетиптирмин,
бир маалда "Суйлоп койчу!"
дегенинен,жогорудагы ойду ойлонуп отурган жаным,шашып кетип "Жумушка жыртык джинсы кийгим келип атат" дей салдым. "Менин жанатан бери суйлоп берген узун монологума жообун ушул джинсы жонундобу? дейт. Анан ошол моментте, бошой туштум. Ыйлап жибергим келип кетти. Менин оюмдагы нерселер менен,анын башын мусоритетким келбейт. Айтканда эмне? Чечип берет беле? Реальный бир нерсе кылат беле? Жон эле башын оорутуп,бир теманы кайра-кайра айта бергенде ал да чарчайт. Адаттагыдай тамашага салып,кулуп же башка бир нерсе кыла албаарыма козум жетти. Тушундуруп отуруш учун да ал менин кишим эмес экенин билип аттым. Бетимди кыйнап туруп жылмайдым. Эптеп созду бутуруп,уйго киргени шаштым. Солдуроп кирсем уйдо эки курбум бар экен. Бироонун ичи ооруп,бироонун башы ооруп жатыптыр. Ал жерден созсуз он тонна соз угушун керек болот. Кандай ооруп,ото ооруп,каягы именно ооруп,предположительно эмне учун ооруп жатканын. Анан самолечениенин варианттарын угасын артынан. Эптеп эле ошол нерсе бат бутуш учун аптекага барып экооно тен кетонал алып келип бердим. Мен эмнеге жатып алып ушинтип догурунуп,какшанбай калганымды да тушунбой калдым. Ооруп атам,значит туруп дары алып келип ичем. Чыйрыгып атам,значит плед алып жамынам. Ысык чай ичким келдиби туруп,ичем. Жатып алып ,"Аны кылып койчу,муну кылып койчу! Мен ооруп атам" деп эркелегендерге нервим чыдабайт. Меники хронический оору и че? Барам алчу дарымды алам,сезон алмашып атканда эмне озгоруулор болгонун угам. Катуу ооруп, эч нерсе жей албай калганда вне расписания барганга туура келет и главное так смиренно. Конуп калганымды тушунуп атам... Башында жаман болгом,азыр бироо сураса кулуп коем. Ал эле эмес бут,эмне жонундо сураса да кулуп коймо адат болду мага. Тушунуктуу вид менен карагандар тажатты, лучше кагазга жазып койсон женилирээк.
Аларды карап отургандан тушунуксуз мун каптап кетчу болду. Лучше карабай коюп,укпай коюп анан спокойно кулуп койгон он.
Билдирүүнү түзөткөн: Calipso: 18 Июнь 2014 - 13:49
-Знаешь Кот... в жизни реально много моментов, ради которых стоит жить. Но между этими моментами хочется подохнуть несколько раз подряд.
#3319 18 Июнь 2014 - 16:20
Мен учун жакшы күн болуп жатат иншааллах. Көптөн бери жүрөктү өйүп жүргөн иштеримди оңой эле бүтүрүп алдым. Анан кайнежем менен кайненем ватсапптан,
"Сени сагындык, сен кетип артыңдан мактап бүтө албай жатат кайненең"
деп ар кандай мактоо сөздөрүн запись кылып жиберип коюшуптур. Угуп аябай сүйүндүм, эхх баары аман болушсун, мен баарын жакшы көрөм.
#3320 19 Июнь 2014 - 12:40
Кудайга шугур жакшы баары бирок ушу грипп деген балее кетпей койду гооо бир жумадан бери....