Clara_Zh (20 Июнь 2014 - 00:45) жазган:
Мен бүгүн үйдө болбогонума байланыштуу ушул темадагы алып баруучулар тарабына нааразычылыгын билдирген Жамал аттуу колдонуучуга убагында жооп кайтара алган жокмун.
Билсеңер сынакка жөн гана катышып коюу бул өзүнчө маселе, ал эми ошол сынакты көпчүлүктүн купулуна толгудай кылып, ар кандай жаман-жакшы сын пикирге чыдап, тилди тишке бекем катып, сылык сыпаа мамиле менен сабырдуулукту сактап, сынакты туура багытта алып кетүү бул өзүнчө чоң түйшүктү талап кылат! Андан тышкары, жеңүүчүлөр аныкталган соң, ар бир жеңүүчүнүн, ар бир демөөрчүнүн купуясын каккылап, бере турган байгелерин аныктап, аларды кайра тууралап, кылдаттык менен бардыгына бөлүштүрүп чыгуу үчүн мээбиз болушунча чыңалып, башыбыз жарылып кетчүдөй ооруп чыгат.
Бул наалыгандык эмес!
Бул көңүл үчүн жасалган нерсе эгер билсеңер!
Ушул форумубузду кызыктуу жана да жаштарыбыздын көңүлүн көтөрүү, ар кандай оюн-зооктордун аркасы менен тилди, талантты, чыгармачылыкты өнүктүрүү үчүн аз да болсо салым кошуу үчүн жасалган нерсе! Мына ушундай!
Ал эми эки кызыбыздын алып баруучу эжелерге деп, чын ниетинен бөлүп берген 300 бирдигин, 300 000 сомдой чоң олжо көрүп, ирээнжип алганыңарга менде даже сөз да жок!
Кудай 300 бирдикке кор кылбасын, керек болсо 300 бирдиктен 300дү салып алганга Кудайга шүгүр кудуретим жетет!
Кыздардын шагын сындырбай, күлүп жайнап, тамаша аралаш жооп узатып, макулдугубузду берип койсок, эки чоң эже уялбай, шыңкылдашып, болгон байгенин бардыгын бир жерине басып алды дегендей жазыпсыз, Жамал айым!
Антип басып алгыбыз келсе, Леди экөөбүз силерге жарыя кылып отурбай, алчу нерсебизди купуядан эле алып бүтүрмөкпүз!
А бирок, андай ыплас иштерди кылууга биринчиден дитибиз барбайт, экинчиден намысыбыз жол бербейт!
Жамалдын какшыгынан соң, өзүмдүн ушунчалык жан үрөп, берилип, түн уйкумдан кечип, күндүзгү жумуштарымды жыйыштырып коюп, купуясына купуядай, бул жакка бул жактай жооп берип жатканыма өзүмө өзүм наалат айтып жибердим!
Сынактын аягында ушинтип 300 бирдик үчүн көңүлүм катуу сынып, ызама чыдабай ыйлаймын деп эч эле ойлобоптурмун!
Үстүбүздө Кудай көрүп турат, Леди экөөбүздүн форумчуларга кылган жакшылыгыбызды!
Кылган жакшылыгыбызга кымындай да милдет кылбайбыз, бирок, бизге ушундайча жооп кылып, ылайдан алып баткакка тыгып койгон ичине ит өлүп жаткандарга чоооң рахмат!! !
Эмнеси болсо да аман болгула!
Аким Айым теманы жаап салбайсынарбы лушче женилип калган айрымдары ичтери куйуп башка ник менен кирип алып озуна келгенди сасып жатышат