Бир нерсе деш да кыйын,оз козубуз м.н корбогон сон...кайран гана ата-эненин умуту...
Туп-туура айтасыз кайран гана көзү жалдырап, сагынып, зарыгып күткөн ата-эненин үмүтү, эххх беш күндүк жашоодо, беш мүнөттүк кумарды деп, беш-алты тыйын акчаны деп түбөлүк жашоодон кечкен кээ бир карындаш-эжелерибиз. Аттиң өз келечегин тепсеген, күнүмдүктү эңсеген мусулман бир туугандарым. Көзүм менен көрүп ичим ооруп турган кезим... Ушул саптар жүрөгүмдүн түпкүрүнөн чыкты....
Эсиңдеби жаш кыз элең секелек,
Апаң сени жүргөн колдон жетелеп.
Билсең азыр бул жүргөнүң чоң күнөө
Али жашың жыйырмага жетелек.
Ойноочусуң ата-энеңе эркелеп,
Кучагында ойгонгонсуң эртелеп.
Азыр кимдин кучагында жүрөсүң?
Ойгон!! Ойлон өмүр деген бир келет!
Эсиңди жый! Этегиңди ачпагын,
Жакшы бол дейм, айтсам алыс качпагын.
Кыргыз эмес, эч болбосо өстүргөн,
Атакендин намысыны сактагын!
Бир күн келет, кеч болгондо өкүнбө,
Жеткирген ким? Багып сени бу күнгө.
Унуттуңбу өзү жебей жедирген,
Барын берген болбосо да өзүндө!

Супер-Инфо
super.kg
видео