Биз мусулманбыз,
шарият жолунда жашабай жатабыз биз еркектер цыган еле болуп калдык окшойт кыздарды иштетип
Мен ойлойм 70-80% кыздар кызыгып, кой десе болбой барам деп же өз каалоосу менен акча иштегени келишет.
20-30%ти кыйын кырдаалдан айласы жоктон келишет......
Сиз эмне кыргыздын эр жигиттерин орусияда же башка элде көрбөдүңүзбү? Эмне сиз ар бир үй-бүлөнү аял багып жатат деп ойлойсузбу? КРга ошончо машина, үй-жай ж.б нерселерди аялдар алып келип жатышабы эмне?
Сиз өзү орусияга келдиңиз беле? Келип көчө шыпырган, курулушта иштеген, магазин,кафе- ресторанда, таксист, курьер ж.б ар түрдүү жумуштарда иштеген кыргыздын жигиттерин көрдүңүз бекен? Жумуш эле кылбай кыйын болсо да спорт менен машыгып башка ошол тажик, өзбек, молдавандарга караганда кыргыздын намысын коргогон тыкан жигиттерди көрдүңүз бекен? ЦЫГАН деп аша чаап, сөөгү жок тилиңизди туура эмес тантыратып албадыңыз бекен?
Берейин десем суроо көп,айтайын десем сөз түгөнбөйт, кимге кандай жетти билбеймин, бирок жашап жаткан коомубуз, көз карашыбыз, тартип-тарбиябыз ууланганы анык. Мындай боло турган болсо келчек өз балдар-кыздарыбыз кандай болот?
Эхх түшүнгөн келечекке кайгырат, түшүнбөгөн ажаандашып айкырат.
Тили жаман өз айыбын түшүнбөй,
Беттен алат, ооз канжарын сайгылап.

Супер-Инфо
super.kg
видео














