Шумдуктуу окуялар сонун экен,адамды тан калтырчуу окуялар бар экен,жазгандарга рахмат!
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#902 24 Июнь 2014 - 13:51
Россиялык балерина Анастасия Волочкова шпагаттарга отуруп, элди сестентүүдө.
Эске салсак, учурда ал кичинекей кызы менен Түркияда эс алып жатат. Волочкова жада калса саякаттап жүрүп, машыгууларын унутпай келет. Балерина таң атпай туруп, кеменин мурдуна шпагатка отуруп жаткан. Муну биринчи жолу көргөн капитан ээси ооп, өтө таң калды.

#903 24 Июнь 2014 - 13:53
Венада жолдорунда жылаңач айым тыгын жаратты. Айым экинчи кабаттагы үйүнүн терезесине чечинип, күнгө какталып жатып алган. Айдоочулардын бардыгы аны көргүлөрү келип, жыйынтыгында тыгын пайда болду. Тыгынды жоюу үчүн атайын полиция кызматкери чакыртылган.
Көп өтпөй айым күнгө какталып бүтүп, терезесин жаап койду.

#906 25 Июнь 2014 - 01:22
Миллиарддаган кытайлыктар болгону 100 атты бөлүшөт. Чет элдик басылмалар билдиргендей,
аты-жөнү окшош болгондор ички статистика менен иштегендер үчүн, алардын ичинде калкты каттоо, сот, укук коргоочуларды каттоо жана жоголуп кеткендерди издөөдө чоң көйгөй жаратууда. Алсак, Кытай жарандарынын 87 пайызына эң көп колдонулган 100 ат коюлган. Мисалы, Ли аттуу атуулдардын саны 270 миллиондон ашты, бул өлкө калкынын 20 гана пайызын түзөт. Алардан кийин Ванг жана Чжанг аттуу аттар турат.

#907 25 Июнь 2014 - 09:18
Chuin
, мазактоодон алыс болуңуз! Экинчи жолу эреже бузганыңыз үчүн 3 күн БАН!
#908 25 Июнь 2014 - 09:40
MACKA (24 Июнь 2014 - 13:53) жазган:
Венада жолдорунда жылаңач айым тыгын жаратты. Айым экинчи кабаттагы үйүнүн терезесине чечинип, күнгө какталып жатып алган. Айдоочулардын бардыгы аны көргүлөрү келип, жыйынтыгында тыгын пайда болду. Тыгынды жоюу үчүн атайын полиция кызматкери чакыртылган.
Көп өтпөй айым күнгө какталып бүтүп, терезесин жаап койду.

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#909 25 Июнь 2014 - 10:34
АКШда сайтта жарыяланган кылмышкердин сүрөтү 35 миң адамга жакты. 30 жаштагы Джереми Микс курал жана ок-даарыны мыйзамсыз сактоо боюнча кармалган. Фейсбуктагы полициянын баракчасында жарыяланган анын фотосүрөтү аялзат арасында чыныгы дүрбөлөң жаратты. Көпчүлүк колдонуучу кылмышкерди келишкен сулуу жигит деп таап, “Менин үйүмдү тоноп кетчи!”, “Кандай гана сулуу көздөр!” сыяктуу комментарийлерди жазды. Ал эми эркектер кылмышкерге суктанган аялдарды сынга алып, адептүүлүккө чакырды.

#910 25 Июнь 2014 - 10:36
Аравия:
Рамазан айына карата 1000 дей кылмышкерлерге мунапыс берилди.
Абу-Дабинин президенти шейх Халифа бен Заед Аль Нахаян дүйшөмбү күнү абактагыларга мунапыс берүү туралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Рамазан айынын урматына абактагылардын 969у эркиндикке чыкмакчы. Президент аны менен катар камалгандардын мамлекетке жана жеке менчик ишканаларга бериле турган карыз, айып пулдарынан да куткарды.

#911 25 Июнь 2014 - 10:37
Босния жана Герцеговинада жашаган бразилиялык кураманын күйөрманы биринчиликке чемодан ичинде барууга аракет кылды. Бирок аэропорттун кызматкери жүк өтө чоң салмакта экенин байкап, аны ачууну суранган. Натыйжада чемоданда жаткан күйөрман кармалып калды. Бактыга жараша, бразилиялык футболдун башка сүйүүчүлөрү ага бооруп ооруп, билет сатып беришти.

#912 25 Июнь 2014 - 10:39
Лас-
Вегастын аэропортунда ичкиликтен кийин адамды соолуктуруу боюнча кызмат ачылды. Клиника багаж берүү аймагында пайда болду. Бул кызмат чоң суроо-талап жаратышы мүмкүн, себеби, Лас-Вегас бекеринен “күнөөгө батуу шаары” деп айтылбайт. Көпчүлүк туристтер Лас-Вегаста каттуу майрамдап, көпчүлүк убактыларын шааң-шөөкөт менен өткөрөт. Анын үстүнө, акыркы иликтөөлөргө ылайык, АКШнын учактарындагы эң көп алкаголь дал ушул шаарга бара жаткан жүргүнчүлөргө сатылат.

#913 25 Июнь 2014 - 10:40
Дүйнөнүн эң кичинекей кызы Индияда жашайт. Ал Гиннес рекорддор китебине бул өзгөчөлүгү менен кирди. Джоти Амги 14 жашка толгону менен анын салмагы 5 килограмм, бою болсо 58 сантиметр. Кызыгы, Джоти буга эч капаланбайт,
тескерисинче бул өзгөчөлүгү менен сыймыктанып келет. Ал кадимки эле балдардай болуп, мектепке барат, курбу кыздары менен кадимкидей эле акыркы модалуу көйнөктөрдү кийгенди жакшы көрөт.

#914 25 Июнь 2014 - 10:42
2015-жылдан тартып, Россияга кирүү чет элдик паспорт менен гана мүмкүн болушу күтүлөт. Россия өкмөтү КМШ мамлекеттери менен аталган режимди камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген мамлекеттердин жарандарына бул жаңычылдык тийиштүү болбойт. Белгилей кетсек, Россияга ички паспорттор менен кирүү Тажикстандын жарандарына тыюу салынган.

#915 25 Июнь 2014 - 10:45
Apple июль айынан тарта "акылдуу сааттарды"
иштеп чыгара баштайт.
Apple июль айларында масштабдуу түрдө "акылдуу сааттарды" чыгара баштайт. Сааттардын официалдуу аталышы азырынча белгисиз. Компьютердин функциясындай, бирок саат түрүндө боло турган бул чыгарылыш туралуу өткөн жылдын күз айларында эле маалымат тараган болчу. Айрым маалыматтарга ылайык, сааттарды иштеп чыгууда iPad жана iPhone компаниялары менен алмашуулар жүргөн. Агенттиктин берген маалыматында тик бурчтуу сааттын диаметри 2,5 дюймду түзөт.
Биринчи чыгарылышында эле Apple сааттары 50 млн. даана чыгарылып, сатыкка берилет.

#916 25 Июнь 2014 - 10:46
#917 25 Июнь 2014 - 10:47
АКШ:
Кытай миллиардери АКШнын кедейлерине акысыз кечки тамак уюштуруп, акча таратат.
Кытайлык миллардер Чэнь Гуанбяо Нью-Йорктогу борбордук паркында акысыз кечки тамак уюштурат. Чэнь "Нью-Йорк Таймс" гезитине берген маегинде бул кечки тамакка АКШнын эң кедей адамдары гана чакырылаарын айткан. Ошондой эле кымбат ресторанга кечки тамакка келген кедейлердин ар бирине 300 $ АКШ доллары таркатылып, өзү да алар менен чогуу тамактанат. Гезитке берген маегинде ал, мындай демилгеси менен америкалыктардын кытайлыктар туралуу ой-пикирин өзгөрткүсү келгенин айткан. "Америкалыктардын кытайлыктардын акчалуу адамдары жалаң оюн-зоокко гана акча коротот деген оюунан кайтаргым келет," - дейт Чэнь.
Учурда 250 америкалык тизмеге жазылды. Ал эми конокторго жалпы 1000 кишилик жай даярдалган.
Кошумча маалымат: Чэнь Гуанбяо Кытайдын эң бай адамдарынан болуп эсептелет. Кайрымдуулук иштери менен кеңири белгилүү миллиардер 2008-жылы Сычуань провинциясындагы жер титирөөгө жеринде учуп келген. Куткаруучуларды тиешелүү керектөөлөр менен камсыздап, куткаруу иштерине активдүү катышкан. Ал өзү ошол күнү 13 адамдын өмүрүн сактап калган. Кырсыктан жабыркагандарга 15 млн. доллар акча каражаты менен жардам көрсөткөн. Ошондой эле бир нече ай мурда Чэнь Гуанбяо "Нью-Йорк Таймс" гезитин сатып алууга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү менен да белгилүү.
Сүрөттө миллардер Чэнь Гуанбяо өзү.

#919 25 Июнь 2014 - 10:53
MACKA (25 Июнь 2014 - 10:34) жазган:
АКШда сайтта жарыяланган кылмышкердин сүрөтү 35 миң адамга жакты. 30 жаштагы Джереми Микс курал жана ок-даарыны мыйзамсыз сактоо боюнча кармалган. Фейсбуктагы полициянын баракчасында жарыяланган анын фотосүрөтү аялзат арасында чыныгы дүрбөлөң жаратты. Көпчүлүк колдонуучу кылмышкерди келишкен сулуу жигит деп таап, “Менин үйүмдү тоноп кетчи!”, “Кандай гана сулуу көздөр!” сыяктуу комментарийлерди жазды. Ал эми эркектер кылмышкерге суктанган аялдарды сынга алып, адептүүлүккө чакырды.

Ха хааа)))
«мени уйумду тоноп кетчи!».... бизде деле табылабы ошенткендер?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те кто лучше нас, им просто не до нас.
Омар Хайям.
#920 25 Июнь 2014 - 10:55
Бритни Спирс атактуу актриса Мэрилин Монронун ыкмасы менен арыктап жатат. Голливуд жылдызы 12 килограммга толуп кетти. Бритниге жакын булактар билдиргендей,
ырчы Мэрилинди аздек тутуп, ага таазим этип турат. Ал эми актриса арыктоо үчүн ичегисин суу менен тазалатып турганы белгилүү. Дарыгерлердин айтымында, мындай ыкма ден-соолукка анчейин жакшы эмес, анын ордуна спорт жана диетага өтүү оң. Бирок Бритни тез жана оңой жолго качырып жатат, дешет жакындары.