Суперстан: СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Суперстан
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

СУПЕР-ИНТЕРВЬЮ! Форумчулар учун.....суроо-жооп......

#621 Пользователь офлайн   fari   18 Апрель 2009 - 15:11

  • Карапайым
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 206
  • Катталган: 25 Июль 08
  • Соңку аракети: 26 Июн 2015 19:09
  • Жынысы:Аялзаты

Менин тайкем жооп берип жатыптыр, пайдаланып суроолорумду берип алайын.
Мен кичине кезимде тайкелеримдикине барсам "Жээн келгенче жети бору келсин", "Жээн эл болбойт, желке тон болбойт" деп тамашалап, чычалатканды жакшы корушот эле. Жогорудагы макалдар Сиздин тушунугунуздо?
Мен болсо кийин "Жээн эл болот тайкеси жарашса, желке тон болот бычмачысы жарашса" деген созду уйронуп алып жыргап калганмын :give_rose:
Ии, "тайке" деген созду туура жаздымбы?

Бар болунуз! Ишинизди ийгиликтер коштосун!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#622 Пользователь офлайн   arhidey   18 Апрель 2009 - 15:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Жооптор аябай кызуу кетип жатат баракелде Лимон.Жооптор учун рахматыбыз айтып дагы да суроолор узата кетсем.

1.Бир адамдан ушунчалык конулунуз калды дейли,кайра ордуна келтире аласызбы?

2.Бир кызды аябай жакшы коруп калдыныз бирок ал кыз сиздин жардамынызга ушунчалык муктаж сизсиз жашай албайт сиз да ал инсансыз жашоонуз элестете албайсыз.Мына ошол кыз мен намаз окуй албайм,бирок жан дуйном аябай таза, наркы дуйнодо бактылуу болбосокда ушул жашоодо бактылуу бололу деп айтса кандай жол тутаар элениз?Кол силкип кетээр белениз же?(Узун суроом учун кечиресиз).

3.Мышыктарды жакшы кором дегениниз сезип калгам,мышыктар аябай кыйтыр жаныбар келет,жакшы коргонунузго себеп барбы?

4.Сиз тандаган ушул ыймандуулуктун жолу кимдир уругунздан таркаганбы же оз жан дуйнонуздонбу?

5.Аябай кыйналып кеткен учурунузда кандай метод колдоносуз?

6.Кечирууго мумкун болбогон адамды кечире аласызбы?

Рахмат!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#623 Пользователь офлайн   ЛИМОН   18 Апрель 2009 - 16:22

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

....салам Лимон,жакшы жооп берип жатыпсын,азаматсын. .
..менден дагы суроо;
1. Мекен сен учун эмнеден башталат?
2. Балачак кезинден бир-эки окуя айтып кетсен...
3. Канча жашындан баштап диний илим ала баштадын?
3. Маалим экенсин,жаш мугалимдин жумуштагы кызыктуу окуялардан айтып берсен.....
3. Жакшы коргон окуучуларын барбы?
Диний багытта сабак берип,ыйман жолуна тарбияласан азаматсын досум,Аллах сенден ыраазы болсун,пенделерден сый-урмат болсун!



1)- Ар бир жандан сурасан айтса керек мекен бул уйдон башталат деп..Ошондуктан айтат го ар бир ата уй кожоюну бул башкаруучу деп...Чынында уйдон башталат...Ошол уйдон кулосун ыйлайсын,жетесин жетпейсин,кагылып силкинип,уруш угуп мактоо угуп кыскасы баардыгы уйдон башталат...Же балагынындан башталат... Ал эми эн жакшы башкаруучу бул кой картарган жандардан чыгат болуш керек...мына ошолор жакшы мамлекет куруп кете алат...

2)-Балачактагы баардык эле окуясы эсте калдыго чиркин...кыскасы армансыз балачак болду...Эми мен классташтар менен бейтапканага баргандагы болгон бир окуяны эстеп кетейин...Чынында ото тентек элем анан манту жейсинер деп бизди эжекейибиз алып барды...Анан бир ийне сая турган эже чыгып баарыбызга кайрылып калды..Ким манту жегенден кийин башы ооруп же озун башкача сезсе ачыгын айткыла деп калды...корсо башы ооруп калса аны алпарп чай берет имиш,Бир кыздын чынында арык болгондуктан башы ооруп кыйналып кеткендиктен аны алып барып чай берип жатышыптыр шыкааласам. .Анан мен класташтарга айттым азыр карап тургула деп: Анан ийне сайдырып чыгып келатып классташтарга коз кысып туруп башым айланган болуп кыйналып кеткен болуп баштасам эле бир эже келип сага не болду ай деп эле чыйпылыктап чайканасына алып кирип эле сазар салып (Анда сахар да болобу)чай берип кирсе боло...анан классташтар ары жактан карап алып бир саат кулушкон ошентип бир канча кун авторитет да болгом кулку тартуулап берип.....

3)-Негзинен ар бир нерсени же мурун билбеген нерсени билиш деле бул илим болуп эсетелет да...Намазды 13 жашыман баштагам ошондон баштап диний илимди ала баштагам.АА чыныгы илимине болсо 16 жаштан баштагам...ошол кыскача

4)-Мен биринчи жолу бул жерге келгенде чынында баары эле менден улуу анан сурдуу корунгон эле ..алардын ар бир коз карашы мага ушул жаш бала бизге сабак береби деп ойлоп жатышат деп эле жаман ойлой бергем..ошондуктан биринчи куну уялып сабака да кирбей койгом..Эртеси болсо эптеп сабак беримиш болуп отуп кеткем..Ошол эле мен учун кызыктуу болгон...Иштегениме азырынча бир жылдын жузу болуп калды ото деле андай кызыктуу окуя боло элек экен ошондон башка..

5)- Ар бир мугалим учун мындай корунуш болсо керек..Жакшы коргон окуучулар албетте болот..бирок ал жакшы коруу журокто гана калышы керек деп ойлойм..Сени жакшы кором деп элдин козунчо айтуу же аны эле кечке мактай беруу башкаларды басынтуу болуп калат деп ойлойм..Аа кээ бир балдар мен да ошондой болоюн деп калуусу учун мактай турган жерден мактап коюштун деле зыяны тийбейт..Бирок мен жакшы коргондор бар албетте..эн биринчиден адеп жагын карайм,андан кийин окуусу мен учун..ошол...

Ии айткан жакшы тилегинизге жана созунузго рахмат.."Башкага тилек кылмайынча озуно келбейт" демекчи сизге да ошол айткан жакшылктар бир куну кайтып келсин..РАХМАТ.


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#624 Пользователь офлайн   нимфа   18 Апрель 2009 - 16:29

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 46
  • Катталган: 30 Январь 09
  • Соңку аракети: 02 Авг 2009 19:39
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:москва ТАЛАС

Салам....


Эй ,Адам перзенти! Албетте,сен(кылг
ан куноон учун чын журогундон, сыздап козунду жашка,кокурогунду мунга толтуруп,зар какшап ыйлап)дуба кылып,
Напсине,шайтанга, мук
таждыкка азгырылып жасап алган куноонду Кечиримдуу, Ырайымдуу
лардын Ырайымдуусу, Боорукер жана Мээримдуу деген улуу
ысым -сыпаттардын ээси болгон Аллахтын кечиришинен умутунду бир секундка да узбой,журок тамырларын титреп,дил тупкурундон ырайымды)умут кылып  
турсан,сенде канча куноо болсо да кечиремин,аз кобуно конул бурбаймын.


ушул хадиске каратта болгон сиздин ......оюунуз же....дагы кошумчалай кетсениз .....
 алдына ала ыраазычылык! !!
хадис -и кудсий (ыйк хадистерден)даяардаг
ан Садык Гавай
китебинен алынды....
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#625 Пользователь офлайн   лунка   18 Апрель 2009 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 653
  • Катталган: 15 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 04 Окт 2019 12:08
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Рф

саламатсызбы Лимон?
менин суроом: 1 дуйнодо сиз учун эмне кызык?
2 сулуулукка кызыгасызбы?
3 дуйного таанымал болгунуз келеби?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#626 Пользователь офлайн   ЛИМОН   18 Апрель 2009 - 16:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Эмне учун ЛИМОН? Лимонду жакшы коросунбу, же башка себеби барбы?



Салам Shasi! Мен Лимондун таржымалын негизи айтып откондой болдум! Бирок ошентсе да сизге жооп:Эмне учун ЛИМОН ал капыстан эле коюлуп калган,аа Лимонду чынында жакшы кором...дайыма штуктап болсо да сатып алып жегенге аракет кылам.... башка себеби деле жок...Рахмат суроонузга. .....

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 18 Апрель 2009 - 17:09



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#627 Пользователь офлайн   ЛИМОН   18 Апрель 2009 - 17:08

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Менин тайкем жооп берип жатыптыр, пайдаланып суроолорумду берип алайын.
Мен кичине кезимде тайкелеримдикине барсам "Жээн келгенче жети бору келсин", "Жээн эл болбойт, желке тон болбойт" деп тамашалап, чычалатканды жакшы корушот эле. Жогорудагы макалдар Сиздин тушунугунуздо?
Мен болсо кийин "Жээн эл болот тайкеси жарашса, желке тон болот бычмачысы жарашса" деген созду уйронуп алып жыргап калганмын :give_rose:
Ии, "тайке" деген созду туура жаздымбы?

Бар болунуз! Ишинизди ийгиликтер коштосун!


Саам ФАРИ жээнка кандайсын жакшыбы?
Бул жон эле жээндерге карата тамаша ирээтинде айтылган соз..Бирок ,балким чыны да бардыр бирок биз тузмо туз эмес ары жагын караганга аракет кылалы.. Мислы ар бир жан атасы жака жкын болот туурабы..жана атасы жакка катталат ошол атасы жактын тукуму болуп эсептелет. Мына ошол себептен кыздын баласына караганда уулдун баласы жакын болгону себеп гана айып койсо керек..Бирок кээде уулга караганда кыздын эли жакын жана куйумдуу да болуп калышы мумкун ,беш кол тен эмес дегендей да...Чындыгында уулдун уулу тукум улантаар болуп эсептелет, Ошондуктан Мухаммад САВ дан эркек калган эмес,бирок кыз калган жана анын тукуму ушу кунго чейин уланып келет..бирок ал ПСАВнын тукуму болуп эсептелбейт фатимадан деп келет...Ошол сени эл болбойсун деп тамашаласа сен аларга айт силер дагы эл эмес турбайсынарбы анда..силер дагы бир жандарга жээнсинерда же асмандан туштунор беле деп айт..чындыгында а бирибиз бироолорго жээнбиз жана бироолорго таякебиз туурабы..мына ушул менин оюм...Бул мен учун болгону тийиштик же тамаша соз...Мен антип тийишпейм коркпой келе бер макулбу?....Мен жакшы таякемин :treaten:


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#628 Пользователь офлайн   passionarXXI   18 Апрель 2009 - 18:36

  • Эркек
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 484
  • Катталган: 10 Июль 08
  • Соңку аракети: 23 Окт 2017 11:25
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Манчестер, Англия

   Салам алекум! Менин суроолорум:
   -Студенттик кундордогу кызыктуу кундордон айта кетсен   
   -Фридрих Ницшенин "Человек ли ошибка Бога или Бог человека" деген созу бар. Ушуга сенин комментарийин. ..

   
Интернет - это большая помойка
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#629 Пользователь офлайн   AeCHka   18 Апрель 2009 - 19:00

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 691
  • Катталган: 05 Январь 09
  • Соңку аракети: 14 Мар 2017 18:30
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Салам Лимонтай! Куш келипсин супер интервьюга. Жакшы суроолорго жакшы жоопторду берип жатыпсын, азамат жигит.
Мен дагы суроолорумду берип калайын:

1.Жаш мугалим экенсин, сага озундун аткарып жаткан жумушун жагабы?

2. Сенин мугалим болуп иштегенге озундун каалоон болдубу, же башка бироо жарым туртку болубу?

3. Келечекке койгон максатын барбы?

4. Уйлонсон сен аялына кандай жар, балдарына кандай ата боломун деп ойлойсун?

5. Биздин саясатка кандай карайсын?

Ырахмат алдын-ала жоопторуна.

Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 18 Апрель 2009 - 19:01

Сенин бугунку ойлогон оюндан,суйлогон созундон,жасаган ишинден эртенки жашоондун кандай болоору тузулот.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#630 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 09:16

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Жооптор аябай кызуу кетип жатат баракелде Лимон.Жооптор учун рахматыбыз айтып дагы да суроолор узата кетсем.

1.Бир адамдан ушунчалык конулунуз калды дейли,кайра ордуна келтире аласызбы?

2.Бир кызды аябай жакшы коруп калдыныз бирок ал кыз сиздин жардамынызга ушунчалык муктаж сизсиз жашай албайт сиз да ал инсансыз жашоонуз элестете албайсыз.Мына ошол кыз мен намаз окуй албайм,бирок жан дуйном аябай таза, наркы дуйнодо бактылуу болбосокда ушул жашоодо бактылуу бололу деп айтса кандай жол тутаар элениз?Кол силкип кетээр белениз же?(Узун суроом учун кечиресиз).

3.Мышыктарды жакшы кором дегениниз сезип калгам,мышыктар аябай кыйтыр жаныбар келет,жакшы коргонунузго себеп барбы?

4.Сиз тандаган ушул ыймандуулуктун жолу кимдир уругунздан таркаганбы же оз жан дуйнонуздонбу?

5.Аябай кыйналып кеткен учурунузда кандай метод колдоносуз?

6.Кечирууго мумкун болбогон адамды кечире аласызбы?

Рахмат!



Салам Архидея!! ! Жакшы суроолор рахмат буларды кайдан тапты экен деп тан калып отурам!! ! %)

1)- Мухаммад САВ бир хадисинде айткан: "Мээримдуулорду мээримдуу оз мээримине алат, мээримдуу болгула жердегилерге, силерге асмандагы мээримдуулук кылат". Бул дегени биз Аллахтан мээримдуулук куто албайбыз качан биз озубуз адамдаргабы же жер жузундогу айбанаттар учун да мээримдуулук кылмайынча. .Мен негизинен эч кимлде капа болуп конулум кала тургандай абалда калган эмесмин эч качан..Жана эч кимди аябай эле катуу таарынтып деле коргон эмесмин..Балким бул форумда болгондур бирок билбейм балким жанылыштыктан кеткендир... Андайга негизинен ниетим да жок..Аа эгер ошончолук эле сиз айткандай капа болуп калсам аны ылдам эле унутуп калам мен ичимде копко сактай албайм...Ким менен катуу урушсам да ылдам эле кайра жарашып алам....Бул дуйнодо баардык нерсени ондоп аса болот шифаас жок эч нерсе жок,бир ганаи олум деп коет..

2)- Ооба ар адам бактылуу болгусу келет жана ошого кандай болгон кундо да жеткиси келет,болгон кучун жумшайт..Мен да болгон кучумду жумшамакмын. Сиз айткандай ичи таза болсо жакшы кыз болсо андан деле баш тартпайт элем..Мен болгон кучумду жумшап ал кыз менен бактылуу болгонго аракет кылат элем.Ал кызга баарын тушундуруп озумо окшоштурганга аракет кылат элем..Себеби экоо эки башкача болсо да келишпестик ошондон келип чыгат экен. Мени менен иштешкен бир байке бар аялы намаз окуйт бирок ага каражан бул харам Аллах таала тыюуу салган десе тигил деле кылып жатпайбы,балыр деле жеп жатпайбы,эйй сен аларды эмес Аллахты ойлоп корксон десе ал айтат мен Аллахтын астына барганда озум жооп берем! Ал байке азыр не кылаарын билбей ичинен сыздайт,себеби ал каржаны билбейт ошол жооп бериш кандай кыйын экенин,ал учун оной гана нерсе сезилет. Мына ушундай жактары да болуп кетиши мумкун экен..Бирок эгер кыздын жан дуйносу таза болсо демек тазага баардык нерсе бат жугат балким мени менен бул дуйно гана эмес туболук дуйнодо да бактылуу болуп калаар...Кол силкип кетуудон Кудай сактасын...

3)- Бул дуйнодо адамчалык кыйтыр жаныбар жок, Адамдан башкасы бир гана Аллах таала буюруп койгон,корсотуп койгон нерсеси менен гана жашайт....Ала оз каалаганын кыла албайт,алар мажбурий турдо гана кызматын кылат...Ал эми мышык бул жаныбарлардын эн тазасы... Ал эми ал жаныбарды керек десе МухаммадСАВ да сыйлаган жана эч качан жаман коргон эмес.. Жогоруда айттым мээримдуулук тууралуу..мына ошондой буларды да урматтамайынча Аллахтан мээримдуулукту куто албайбыз..Жакшы корбогон болсонуз жкшы коруп башынан сылап коюнуз..

4)-Бул жолдун ата бабамдан калганына далилим жок экен..Себеби чон атам кичине кезинде энеси менен келе берген экен...тагыраак айтканда атасы менен энеси ажырашып кеткен имиш..Билишимче бул жагында жок.Менден кийинки урпактын баардыгы тура таза жолдо жашашат ушул жолдо тукум уланат деген тилегим бар..

5)-Ото деле катуу кыйналып корбоптурмун. Эгер кыйналып калсам ишимден же кандайдыр бир нерседен анда биринчи эле Кудайга шугурчулук кылып туруп ана ары беи басып журо берем...Бир саат эки саатка чейин кочодон откон ар кимди карап ой жугуртуп башкага алаксып кетем да унутуп калам...Кыскасы кочодо ары бери басып журо берем..

6)-Кечирууго мумкун болбогон адам ал кандай болушу мумкун?Аябай чон куноо кылып же менин омурумо ушунчалык катуу зыян келтирген болсо да мен ал адамды кечирууго укугум бар. Себеби ар бир жан умут менен жашайт, ал адам да онолсом деп умут кылат..Жакшы болгусу келет..Анан биз кечирбей куурутуп койсок анын умутун тебелеген болуп эсептелебиз. ...Аа негизинен Аллахтын астында чон куноого батып же кечирилгиз куноого илинип калбасак эле болду..Аа калганы оной эле нерсе бул дуйно фаан тугоонучу ,анан тугоонучу нерсеге деле кайгырып капа боло бергенде пайда чыкпайт..

Рахмат аябай жакшы суроолор мага жакты.......

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 19 Апрель 2009 - 09:18



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#631 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 10:06

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Салам алекум! Менин суроолорум:
-Студенттик кундордогу кызыктуу кундордон айта кетсен
-Фридрих Ницшенин "Человек ли ошибка Бога или Бог человека" деген созу бар. Ушуга сенин комментарийин. ..



Салам! Мен жогоруда айткан элем орусча жакшы билбейм деп...чынын айтсам мен бл созунду коп тушуно албадым эгер колундан келсе кыргызчасын д жазып койчу..мен тааныштардан кыргызчасын которуп берчи деп сурадым бирок ал экоо да жакшы т албады..


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#632 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 10:28

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Салам....


Эй ,Адам перзенти! Албетте,сен(кылг
ан куноон учун чын журогундон, сыздап козунду жашка,кокурогунду мунга толтуруп,зар какшап ыйлап)дуба кылып,
Напсине,шайтанга, мук
таждыкка азгырылып жасап алган куноонду Кечиримдуу, Ырайымдуу
лардын Ырайымдуусу, Боорукер жана Мээримдуу деген улуу
ысым -сыпаттардын ээси болгон Аллахтын кечиришинен умутунду бир секундка да узбой,журок тамырларын титреп,дил тупкурундон ырайымды)умут кылып
турсан,сенде канча куноо болсо да кечиремин,аз кобуно конул бурбаймын.


ушул хадиске каратта болгон сиздин ......оюунуз же....дагы кошумчалай кетсениз .....
алдына ала ыраазычылык! !!
хадис -и кудсий (ыйк хадистерден)даяардаг
ан Садык Гавай
китебинен алынды....



Салам Нимфа!! Орустадын олкосундо журсон дагы кыргздардн китебин окуганын жакшы суйундурот. ..Ооба бул хадис жакшы айтылга..Бул хадистеги маани ар адам куноо кылат бирок куноом кобойуп кетти деп кучотуп кете беруудон жана умутсуздуктон сак болуну коздойт...ПСАВ дагы бир хадисинде айтат: "Ар би адам ката кетируучу,ал эми ошол ката кетируучулордун эн жакшысы бул ошол куноосу учун тообо кылуучулар" .Аллах тааланын мээрими чексиз жана аны озу бир созундо айтат.."Менин мээримим казабыман кучтуроок" же кобуроок, чындыгында ар бир жан Аллах таала куноомду кечирет деген умут менен жашап жана ага болгон аракетин кылуусу зарыл....Аллах таала Куранда айткан.." Мен силедин баардык куноонорду кечирем ,бир гана ширкти кечире албайм" деген. Аллахтан башкага сыйынуу ,Алахтан башка жаратылган жандарды коргойт деп айтуу,,мисалы: Манас атамдын арбагы колдосун,Уумай эне патима зухра колдойт...себеби бул мусулмандардан коп чыгыт...журогундо Алллахка ишенуу бар анан айтат Аллахка ишенем биро алар дагы колдойт деп...АА ширк деген соз бизче шерик,дагы бироону кошуу.. ошол болуп жатпайбы,Аллахка бироону кошуу себеби Аллахка эч ким тен келе албйт жана шерик боло албайт...Мына ушундан сактанган болсо калганын эгер кааласа кечирип жиберет кааласа озу билет........... .Алл
ахтын бизге берген убактысы тар ошол убакытты жакшы пайдаланып кала демекчимин. ...Аллахт
ын рахматынан бир гана каапырлар умут узот,, аа биз болсо умут менен жашайлык..РАХМАТ НИМФА


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#633 Пользователь офлайн   moor   19 Апрель 2009 - 10:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 418
  • Катталган: 03 Май 08
  • Соңку аракети: 23 Мар 2010 17:24
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Бишкек

Ассаламу алейкум!
1. Пайдалуу болгон онбу же эч зыяны болбогон киши болгонбу- ?
3. Кичинекей, коз ирмемдик бакыт дегенде эмнени тушуносуз ?
4. Адам баласы оз тагдырын озу жасайбы же мандайына жазганды гана коробу?
Кыска - нуска.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#634 Пользователь офлайн   USSR   19 Апрель 2009 - 10:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 933
  • Катталган: 25 Декабрь 08
  • Соңку аракети: 24 Фев 2022 11:14
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Азыр мамлекетибизде даваатка чыккандар боюнча маселе которулуп жатат... Ушу азыркы даваат иштеринин жургузулушуно сенин коз карашын?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#635 Пользователь офлайн   arhidey   19 Апрель 2009 - 11:48

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 019
  • Катталган: 09 Февраль 09
  • Соңку аракети: 30 Янв 2022 07:55

Жоопторго терен ыраазычылыктар! Дагы да суроо талаптар Архиеядан.

1.Аллах таала айткан экен:"Адам денесинде бир кесек эт бар,эгер ал онолсо бут дене онолот,эгер онолбосо бут денен онолбойт ал-Журок(дил) деген экен кандай коз караштасыз?

2.Адамдар коруксуз журо алышпайт,коруксуз журсо жырткычтан айырмасы калбай калат ошондуктан кудайым инсандарга пайгамбарлар жиберген деген созго коз карашыныз?

3.Кайсыл бир мамлекетке барып элин, дилин коруп келууну каалайсыз?Мен ойлогон мамлекетке баргым келет деп жооп берсениз сизди чыныгы инсан эсептейт болчум.


Алдын ала рахмат!Ийгилик сизге!

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#636 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 15:17

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

саламатсызбы Лимон?
менин суроом: 1 дуйнодо сиз учун эмне кызык?
2 сулуулукка кызыгасызбы?
3 дуйного таанымал болгунуз келеби?



Саламатчылык Лунка!

1)- Дуйнодо мен учун кыймыл кызык десем жанылышпайм. Себеби бул жлганда кыймылдабаган эч нерсе жок болсо керк...Карап кор айлананы керек десе бут баардык нерсе кыймылдайт. .Кыймыл бул ошол кыймылдуу нерсени алга жылдырып же ага жанылануу пйда кылат..Керек десе жерде жургон майда курт кумурсканын баардыгы,суудагы балыктын миллиондогон турунун баары кыймыл менен жашайт..Мына ушул биз жашап жаткан жер шаары да кыймылда тынбастан..Аллах таала дагы айтат сен аракет кыл мен беремин дейт....Демек мен учун бул дуйнодогу кызык бардык жандыктардын бул кыймыл аракеттери. ..

2)-Буга дагы Аллах тааланын созун айта кетет элем: Мен инсанды эн сулуу суротто кылып жараттым..Адам баласынын жалпысы сулуу..Албетте мен дагы сулуулукка карайм жакшы эле коз караштамын. .

3)-Дуйного таанымал болгон сон озунду кармай албай калышын мумкун .Аркандан эмнелер гана ээрчибейт... Бузулуп да кетишин мумкун..Андан коро ушул эле жеримде таанымал болуп журо берген мен учун кымбат..

Рахмат Лунка суроолоруна..


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#637 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 15:42

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Салам алекум! Менин суроолорум:
-Студенттик кундордогу кызыктуу кундордон айта кетсен
-Фридрих Ницшенин "Человек ли ошибка Бога или Бог человека" деген созу бар. Ушуга сенин комментарийин. ..



Салам сенин экинчи суроон эле козго корунуп жатып алыптыр биринчисин байкабай калыптырмын кечиресин..

1)- Ооба ар бир илим талап кылуучунун окуу кундорундо созсуз кызыктуу кундору болот... Мен кобунчо студенттердин тамак уурдап жегенин угуп журом..Мен дагы ошол сыяктуу бирок уурдаган жерим жок..
Бизде тамак аябай кенен барчылык эле,анан тамак кутуртуп жибергенби айтоор куноосу жок эшиктерди кол менен ачпай бут менен тээп ача баштаган элек....Ошентип журуп бир куну бир эшикти анан бир досканы онко ашмай деген оюн бар эмеспи(Салюта деп койчу беле) ошондой ойноп жатып аны да сындырып салдык...Анан мугалимдер силер жылкыдан да катуу коптунор деп кундо 3 маал тамак ишчу элек анын 3 оону тен кыскартып салды,бир апта моонотко деп..Анан коп ичип конуп алган жаныбыз эки кундо эле ыйлактай баштадык,бирок бир жума баары бир бир жума деп туруп алышты..Анан биздин окуу жайдын жанында кичинекей дукончо бар эле, ошол жерден куксилерди ала берип ал дукончонун ээси болсо бизнеси жакшы журо баштаганына суйунуп каропка каропа кылып ташый баштады.Ошентип анын дукончосуно бир аптада коп пайда алып келип озубуздун жаныбызды бакканбыз..Айтмакчы бирок чайды наны менен кыскарткан эмес..

2)- Бул созун болсо чыныда Кудайсыздыктын созу болуп эсептелет..Атейистте
р кобунчо озунун ченелуу акылына салып иш кылышат..Чынында бул дуйнодо Аллахтын кудурети тууралуу же ал заттын озу тууралуу акыл жугуртуп аны ченоо бу кечирилгиз куноо болуп эсептелет.Биздин акылыбыз ченелуу, ал эми Аллах чексиз, ченелуу нерсе чексиз нерсени камтый албайт. же чексиз чектуу нерсенин ичине батпайт..Аллахтын катачылыгы болушу мумкун эмес,болбойт дагы.болгон дагы эмес.
Ал эми алар болсо оздорунун айтканын бербеген жактары бар,алар менен талашуунн дагы кажети жок.себеби алардын журогу чындыкты кабыл кылышы ото кыйын...Толбогонго суу куйба.Ушул алар учун айтылган болсо керек...

Рахмат суроолоруна..

Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 19 Апрель 2009 - 16:20



















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#638 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 16:19

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Салам Лимонтай! Куш келипсин супер интервьюга. Жакшы суроолорго жакшы жоопторду берип жатыпсын, азамат жигит.
Мен дагы суроолорумду берип калайын:

1.Жаш мугалим экенсин, сага озундун аткарып жаткан жумушун жагабы?

2. Сенин мугалим болуп иштегенге озундун каалоон болдубу, же башка бироо жарым туртку болубу?

3. Келечекке койгон максатын барбы?

4. Уйлонсон сен аялына кандай жар, балдарына кандай ата боломун деп ойлойсун?

5. Биздин саясатка кандай карайсын?

Ырахмат алдын-ала жоопторуна.


Саламатсызбы АЕЧКА!!!

1)-Ар бир адам кайсы гана иш менен алектенбесин, ал чын журогу менен берилип иштебесе, же кылбаса, ал жерге синип кетиши же жагып кетиши ото кыйын болот эмеспи, такыр эле батпай да калышы толук мумкун..Мен озумдун жумушума жакшы эле синип кеттим деп айталам.Озумо аябй жагат,окуп жургондо ушуну арзуу кылчумун...бул менин окуп жургондогу максатым эле ..аябай жагат

2)- Бул абалга башын баштап берген ата-энем эле ал убакта бирок ото деле кызыга берчу эмесмин, Кийин ичине киргенден кийин аларга ыраазы болуп жургон кезим.Негизинен ата энемдин дагы турткусу бар десем жанылышпайм. .

3)-Келечекке коксом койгон максаттарым бир жыл мурун бар эле,бул ьерге мугалим болуп кирип калгандан кийин ал максатымдан анча мынча айырмасы гана болбосо мен каалаган убактан эртеле жетип калыптырмын деп койдум..Эми мындан кийинки максатым болсо бул дуйнодо жакшылардын катарын толуктасам деген тилегим бар....Анан бир жакшы максатым бар аны пака айтпай эле кое турйынчы себеби бул жерди коп киши окуйт анан........ %)

4)-Мен кичинемден бери ушуну ойлоп келем. Эн биринчиден аялымды уйго жылуу жумшак бала бакырасы менен отургузуп коюп,озум эч нерседен кем кылбай баксам дейм...Анын болгон жумушуна болбосо да колдон келе тургандарына жардам кылсам дейм,кундо уруш талаштан алыс болгонго болгон кучумду жумшап,ынтымак жашаганга аракет кылат элем...Ал эми балдарыма болсо ото катуу болуп коркунучтуу болбой жумшак болгонго,журогундогу оз ойлорун кенен айтып кенеше тургандай кылып тарбияламакмын. ото эркелерди жаман кором ошондуктан эркелеткен ото эмес бирок кичине алыс болмокмун... ..ошол :applause:

5)- Озу саясатка коп деле кийлигише бербейм..Бирок анда сандагысын коруп эле зээним кейий берет...Ит мышык болуп эле талашып тартышып жатышат.Ынтымак жок жерге Аллах таала оз рахматын жаадыра албайт..Биз мусулман болуп туруп ушуну кылып,ынтымакка келе албай жатабыз..Кээ бир каапыр олколордо ушунчалык жакшы онугуу деген кундон кунго осуп жатат. Себеби алар чондорун угушат жана ынтымак менен иштешет...Аа бизде ынтымак жок,такты талашып урушуп жатышканын, же элдин талабын талашып урушуп жатышканын байкай албайсын...Эми баарына Кудайым ынсап берсин жана жакшылары кобое берсин дейли..Бирок ушуга да шугур,адамга шугур кылмайынча Кудайга шугур кылалбайсын дегендей болуп калбасын ушунусуна да шугур...

рахмат суроолорунузга...


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#639 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 16:54

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Ассаламу алейкум!
1. Пайдалуу болгон онбу же эч зыяны болбогон киши болгонбу- ?
3. Кичинекей, коз ирмемдик бакыт дегенде эмнени тушуносуз ?
4. Адам баласы оз тагдырын озу жасайбы же мандайына жазганды гана коробу?



Салаам Моор!

1)- ПСАВ айткан: "Чыныгы мусулман тили менен да, иши менен да, жана башкасы менен да, башкага зыяны тийбейт" деген. Момоюп зыянсыз болуп журо бергендин озу зыян..Зыяным тийбейт деп башкаларды жамандыктан сактабаса,кайтарбаса ал биринчи озуно эн чон зыян келтирген болуп эсептелет... Андан коро жаман корунсон дагы бир чындыкты айтып калганын жанагы адамга караганда сиздин даражаныз мин эсе бийик болот.Себеби: жаманды
ктан кайтаруу жакшылыкка буюруу бул парз. Ошол чындыкты айтуу менен сиз кимдир бироого пайда келтирдиниз. ..Демек пайдалуу болгон жакшы эмес аа соонун мыкты..

2)-"Кичинекей коз ирмемдик бакыт" деген,бул коп нерсени камтыйт. Бул дуйнодогу адам зат учун берилген ар бир кымындай нерсенин баардыгы бакыт жана кымбат. Аларды санай кетсем,эн биринчиден ден-соолук,анан жаштык.анан бала бакыра байлык бийлик....Ал эми ошол бакыттардын эн кымбатын Аллах таала озу белгилеп кеткен,ал озуно болгон ишеним,же ыйманды айткан.Кимге кымындай болсо да ыйман берилген болсо демек ал эн бактылуу адамдардын катарын толуктайт... Бул дуйного адам болуп жаралуубуздун да озу бакыт..Аллах кааласа бизди айбан кылып да жаратып коймок,бирок алардын жашоосу бул дуйно менен гана бутот.Аа биздики болсо чыныгы туболуктуу жыргал жашоого сапар алат...мына ошондо бакыт..

3)-Бул маселе негизинен татаал. бул маселе акыйда (ишенимге байлануу)илимине кирип кетет. "Тагдыр бул жетинчи асманда илинип турат жана аны чыныгы дуа менен озгортуп алса болот" деген жактары бар. Бирок тагдыр бул озубуз жасап же коргон нерсе гана..тактап айтканда биз азыр коро турган тагдырыбызды озубуз кылганбыз..эмне жей турган болсок,эмне иче турган болсок,эмне иш кыла турган болсок,демек анын барын ичкенбиз жегенбиз.Аллах таала эч кимдин тагдырын оз оюнан жазбайт.кылган ишинен жазат. Ал баардык нерсеге кудуреттуу, ошондукта
н биздин тагдырыбызды алдын ала корот дагы, аа бул паланча мынча суу ичет, мындай кунду корот,мынча жашта олот жана мындай иштерди кылат деп коруп туруп анан жазып коет.Себеби Аллах таала куранда айтат: "Биз эч кимге зулумдук кылуучу эмеспиз,бирок адамдар оздоруно оздору зулум кылуучу"деп. Эгер оз каалоосу менен бул мынча жашта олсун,мынча ырыскысы болсун ж б у с нерселерин жазып койгонунда, анда зулумдук кылган болот эле. Себеби бул дуйно ар бир адам учун оз эрки,каалаганын кылууга мумкунчулугу бар.Бирок бир созу бар: мен бул дуйного эки жол койдум,жакшы жана жаман жол,кайсынысын кармансан ошол боюнча сыйлыгынды аласын дейт Аллах..Дуа менен озгортуп алуу болот. Бирок андан биринчи Аллахтын буйруктарын толук аткаруу керек...

Демек биз тагдырыбызды озубуз жасаганбыз жана аны озгортуп алуга да мумкунчулугубуз бар,журогубуз согуп турган убакта...

Рахмат Моор суроолорунузга.


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#640 Пользователь офлайн   ЛИМОН   19 Апрель 2009 - 17:11

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 169
  • Катталган: 07 Февраль 09
  • Соңку аракети: 11 Июн 2024 22:54
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Нарын,

Цитата

Азыр мамлекетибизде даваатка чыккандар боюнча маселе которулуп жатат... Ушу азыркы даваат иштеринин жургузулушуно сенин коз карашын?



Салам USSR!!!
Оба бул маселе азыркы убакта катуу каралып, жана анын устунон да катуу иш журуп жатканын баарыбыз эле билебиз.. Чынында ар бир ишкананын же ушул сыяктуу нерсенин тартиби же уставы болот эмеспи,мындай кылсак мындай болот.эчкини сатсак козу алабыз дегендей. Мына ошондой бул дагы динди жеткируунун бир жолу. Эми буга коп адамдар ар кандай коз караш менен мамиле кылышаары шексиз. Керек десе ошол дааватчымын дегендердин кээ бирлери дагы туптуз эле коз карашта эмес.Тактап айткада мына ушул дин экен деп эле ото кирип кеткендиктен жанагыдай коомчулукка терс таасиринин тийип калышына да себеп болуп жатат. Негизи эле ар бир ишке киргенде катуу эмес орточо гана болуу жакшы болуп саналат. Мухаммад САВ айткан: "Ар бир иште орточо болгула,ото терен кирип кепегиле,жана устуно да калкып чыгып калбагыла" . Ар бирибиз кимге кандай нерсени тушундурсок да, же сунуштасак да, жумшак жана жонокойлук менен билдиришибиз керек,аа тануулап эмес. Дегиле эмне кылсак да зыянын тийгизип алуудан сак болсок болгону. Ал эми ал туугандарыбыз учун каршы соз айтуудан алысмын..бирок кээбир ото аша чаап кеткендердин айынан башкаларга залалы тийгенин ачык айталам ,жана аларды ондоп тушунуп калаар деген ойдомун..Иштерине жана ниеттерине болсо Аллах раазы болсун демекчимин. .

Рахмат USSR суроолоруна..


















Акыл дос, ачуу душман.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Суперстан
  • Кийинки тема →

  • (639 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 30
  • 31
  • 32
  • 33
  • 34
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Тема жабык

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 30 Июл 2025 02:51

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: