Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#901 Пользователь офлайн   maks93   24 Июнь 2014 - 12:02

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 983
  • Катталган: 18 Февраль 13
  • Соңку аракети: 29 Мар 2019 14:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Бишкек

Шумдуктуу окуялар сонун экен,адамды тан калтырчуу окуялар бар экен,жазгандарга рахмат!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#902 Пользователь офлайн   MACKA   24 Июнь 2014 - 13:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россиялык балерина Анастасия Волочкова шпагаттарга отуруп, элди сестентүүдө. Эске салсак, учурда ал кичинекей кызы менен Түркияда эс алып жатат. Волочкова жада калса саякаттап жүрүп, машыгууларын унутпай келет. Балерина таң атпай туруп, кеменин мурдуна шпагатка отуруп жаткан. Муну биринчи жолу көргөн капитан ээси ооп, өтө таң калды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#903 Пользователь офлайн   MACKA   24 Июнь 2014 - 13:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Венада жолдорунда жылаңач айым тыгын жаратты. Айым экинчи кабаттагы үйүнүн терезесине чечинип, күнгө какталып жатып алган. Айдоочулардын бардыгы аны көргүлөрү келип, жыйынтыгында тыгын пайда болду. Тыгынды жоюу үчүн атайын полиция кызматкери чакыртылган. Көп өтпөй айым күнгө какталып бүтүп, терезесин жаап койду.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#904 Пользователь офлайн   Oceana   24 Июнь 2014 - 13:55

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 6 942
  • Катталган: 17 Март 14
  • Соңку аракети: 09 Май 2025 16:14
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Джалал-Абад Суперстан

:shok:
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#905 Пользователь офлайн   just-mars   25 Июнь 2014 - 00:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 2 515
  • Катталган: 05 Май 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:05
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:планета Mars

Сүрөт
Барга көппө - Жок го чөкпө
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#906 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 01:22

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Миллиарддаган кытайлыктар болгону 100 атты бөлүшөт. Чет элдик басылмалар билдиргендей, аты-жөнү окшош болгондор ички статистика менен иштегендер үчүн, алардын ичинде калкты каттоо, сот, укук коргоочуларды каттоо жана жоголуп кеткендерди издөөдө чоң көйгөй жаратууда. Алсак, Кытай жарандарынын 87 пайызына эң көп колдонулган 100 ат коюлган. Мисалы, Ли аттуу атуулдардын саны 270 миллиондон ашты, бул өлкө калкынын 20 гана пайызын түзөт. Алардан кийин Ванг жана Чжанг аттуу аттар турат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#907 Пользователь офлайн   admin_superstan   25 Июнь 2014 - 09:18

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Супермодератор
  • Билдирүүсү: 13 231
  • Катталган: 05 Сентябрь 11
  • Соңку аракети: 28 Фев 2022 12:16
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:SUPER.KG

Chuin , мазактоодон алыс болуңуз! Экинчи жолу эреже бузганыңыз үчүн 3 күн БАН!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#908 Пользователь офлайн   kuba.94kg   25 Июнь 2014 - 09:40

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Просмотр сообщения MACKA (24 Июнь 2014 - 13:53) жазган:

Венада жолдорунда жылаңач айым тыгын жаратты. Айым экинчи кабаттагы үйүнүн терезесине чечинип, күнгө какталып жатып алган. Айдоочулардын бардыгы аны көргүлөрү келип, жыйынтыгында тыгын пайда болду. Тыгынды жоюу үчүн атайын полиция кызматкери чакыртылган. Көп өтпөй айым күнгө какталып бүтүп, терезесин жаап койду.

Сүрөт

:shok: :rofl: "
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#909 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда сайтта жарыяланган кылмышкердин сүрөтү 35 миң адамга жакты. 30 жаштагы Джереми Микс курал жана ок-даарыны мыйзамсыз сактоо боюнча кармалган. Фейсбуктагы полициянын баракчасында жарыяланган анын фотосүрөтү аялзат арасында чыныгы дүрбөлөң жаратты. Көпчүлүк колдонуучу кылмышкерди келишкен сулуу жигит деп таап, “Менин үйүмдү тоноп кетчи!”, “Кандай гана сулуу көздөр!” сыяктуу комментарийлерди жазды. Ал эми эркектер кылмышкерге суктанган аялдарды сынга алып, адептүүлүккө чакырды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#910 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Аравия: Рамазан айына карата 1000 дей кылмышкерлерге мунапыс берилди.

Абу-Дабинин президенти шейх Халифа бен Заед Аль Нахаян дүйшөмбү күнү абактагыларга мунапыс берүү туралуу мыйзамга кол койду. Ага ылайык, Рамазан айынын урматына абактагылардын 969у эркиндикке чыкмакчы. Президент аны менен катар камалгандардын мамлекетке жана жеке менчик ишканаларга бериле турган карыз, айып пулдарынан да куткарды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#911 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Босния жана Герцеговинада жашаган бразилиялык кураманын күйөрманы биринчиликке чемодан ичинде барууга аракет кылды. Бирок аэропорттун кызматкери жүк өтө чоң салмакта экенин байкап, аны ачууну суранган. Натыйжада чемоданда жаткан күйөрман кармалып калды. Бактыга жараша, бразилиялык футболдун башка сүйүүчүлөрү ага бооруп ооруп, билет сатып беришти.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#912 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:39

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Лас- Вегастын аэропортунда ичкиликтен кийин адамды соолуктуруу боюнча кызмат ачылды. Клиника багаж берүү аймагында пайда болду. Бул кызмат чоң суроо-талап жаратышы мүмкүн, себеби, Лас-Вегас бекеринен “күнөөгө батуу шаары” деп айтылбайт. Көпчүлүк туристтер Лас-Вегаста каттуу майрамдап, көпчүлүк убактыларын шааң-шөөкөт менен өткөрөт. Анын үстүнө, акыркы иликтөөлөргө ылайык, АКШнын учактарындагы эң көп алкаголь дал ушул шаарга бара жаткан жүргүнчүлөргө сатылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#913 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөнүн эң кичинекей кызы Индияда жашайт. Ал Гиннес рекорддор китебине бул өзгөчөлүгү менен кирди. Джоти Амги 14 жашка толгону менен анын салмагы 5 килограмм, бою болсо 58 сантиметр. Кызыгы, Джоти буга эч капаланбайт, тескерисинче бул өзгөчөлүгү менен сыймыктанып келет. Ал кадимки эле балдардай болуп, мектепке барат, курбу кыздары менен кадимкидей эле акыркы модалуу көйнөктөрдү кийгенди жакшы көрөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#914 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:42

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

2015-жылдан тартып, Россияга кирүү чет элдик паспорт менен гана мүмкүн болушу күтүлөт. Россия өкмөтү КМШ мамлекеттери менен аталган режимди камсыздоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бирок Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирген мамлекеттердин жарандарына бул жаңычылдык тийиштүү болбойт. Белгилей кетсек, Россияга ички паспорттор менен кирүү Тажикстандын жарандарына тыюу салынган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#915 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Apple июль айынан тарта "акылдуу сааттарды" иштеп чыгара баштайт.

Apple июль айларында масштабдуу түрдө "акылдуу сааттарды" чыгара баштайт. Сааттардын официалдуу аталышы азырынча белгисиз. Компьютердин функциясындай, бирок саат түрүндө боло турган бул чыгарылыш туралуу өткөн жылдын күз айларында эле маалымат тараган болчу. Айрым маалыматтарга ылайык, сааттарды иштеп чыгууда iPad жана iPhone компаниялары менен алмашуулар жүргөн. Агенттиктин берген маалыматында тик бурчтуу сааттын диаметри 2,5 дюймду түзөт.

Биринчи чыгарылышында эле Apple сааттары 50 млн. даана чыгарылып, сатыкка берилет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#916 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жолугушуу жана чогулуштарды турган абалда өткөрүүнү окумуштуулар сунушташат. Вашингтондук университеттин адистери билдиргендей, адам отурган абалга караганда, турган кезде ой жүгүртүүсү жакшыраак иштейт. Мындан тышкары, мындай жагдайда адамдардын урушуп кетүү мүмкүнчүлүгү бир топ төмөндөйт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#917 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШ: Кытай миллиардери АКШнын кедейлерине акысыз кечки тамак уюштуруп, акча таратат.

Кытайлык миллардер Чэнь Гуанбяо Нью-Йорктогу борбордук паркында акысыз кечки тамак уюштурат. Чэнь "Нью-Йорк Таймс" гезитине берген маегинде бул кечки тамакка АКШнын эң кедей адамдары гана чакырылаарын айткан. Ошондой эле кымбат ресторанга кечки тамакка келген кедейлердин ар бирине 300 $ АКШ доллары таркатылып, өзү да алар менен чогуу тамактанат. Гезитке берген маегинде ал, мындай демилгеси менен америкалыктардын кытайлыктар туралуу ой-пикирин өзгөрткүсү келгенин айткан. "Америкалыктардын кытайлыктардын акчалуу адамдары жалаң оюн-зоокко гана акча коротот деген оюунан кайтаргым келет," - дейт Чэнь.
Учурда 250 америкалык тизмеге жазылды. Ал эми конокторго жалпы 1000 кишилик жай даярдалган.

Кошумча маалымат: Чэнь Гуанбяо Кытайдын эң бай адамдарынан болуп эсептелет. Кайрымдуулук иштери менен кеңири белгилүү миллиардер 2008-жылы Сычуань провинциясындагы жер титирөөгө жеринде учуп келген. Куткаруучуларды тиешелүү керектөөлөр менен камсыздап, куткаруу иштерине активдүү катышкан. Ал өзү ошол күнү 13 адамдын өмүрүн сактап калган. Кырсыктан жабыркагандарга 15 млн. доллар акча каражаты менен жардам көрсөткөн. Ошондой эле бир нече ай мурда Чэнь Гуанбяо "Нью-Йорк Таймс" гезитин сатып алууга аракет кылып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгү менен да белгилүү.

Сүрөттө миллардер Чэнь Гуанбяо өзү.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#918 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#919 Пользователь офлайн   aote.   25 Июнь 2014 - 10:53

  • Карапайым
  • PipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 121
  • Катталган: 11 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 27 Июн 2014 10:23
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:ADAMAS store zone!

Просмотр сообщения MACKA (25 Июнь 2014 - 10:34) жазган:

АКШда сайтта жарыяланган кылмышкердин сүрөтү 35 миң адамга жакты. 30 жаштагы Джереми Микс курал жана ок-даарыны мыйзамсыз сактоо боюнча кармалган. Фейсбуктагы полициянын баракчасында жарыяланган анын фотосүрөтү аялзат арасында чыныгы дүрбөлөң жаратты. Көпчүлүк колдонуучу кылмышкерди келишкен сулуу жигит деп таап, “Менин үйүмдү тоноп кетчи!”, “Кандай гана сулуу көздөр!” сыяктуу комментарийлерди жазды. Ал эми эркектер кылмышкерге суктанган аялдарды сынга алып, адептүүлүккө чакырды.

Сүрөт

Ха хааа)))
«мени уйумду тоноп кетчи!».... бизде деле табылабы ошенткендер?
О нас думают плохо лишь те, кто хуже нас, а те кто лучше нас, им просто не до нас. Омар Хайям.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#920 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:55

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Бритни Спирс атактуу актриса Мэрилин Монронун ыкмасы менен арыктап жатат. Голливуд жылдызы 12 килограммга толуп кетти. Бритниге жакын булактар билдиргендей, ырчы Мэрилинди аздек тутуп, ага таазим этип турат. Ал эми актриса арыктоо үчүн ичегисин суу менен тазалатып турганы белгилүү. Дарыгерлердин айтымында, мындай ыкма ден-соолукка анчейин жакшы эмес, анын ордуна спорт жана диетага өтүү оң. Бирок Бритни тез жана оңой жолго качырып жатат, дешет жакындары.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 44
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 21 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 21, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 18:02

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: