Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#921 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Калифорния штатында шаар мэри таштанды кабы үчүн иш ордунан кеттүүгө аргасыз болду. Сан-Марино шаарынын жетекчиси Дэннис Кнайпер, кечкисин жубайы менен сейилдеп жүрүп, жанындагы таштанды салынган кичинекей баштыкты кошунасынын короосуна ыргытып салган. Анда жашаган Филипп Лао шаар жетекчисинин мындай кылыгын камерага тартып, интернетке жарыялады. Аны көргөн тургундар арасында ызы-чуу жаралган. Экс-мэр бул туура эмес экенин мойнуна алып, кызматтан кетти.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#922 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:58

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Футбол дүйнөсүндөгү кызыктар: Чемпионаттын алкагында биринчи гол 1930-жылы катталган. Аны Франция футболчусу Люсьен Лоран киргизген. Бир дагы чемпионатты коё бере элек жалгыз өлкө Бразилия. Түштүк Корея курамасы жарым финалга чейин жеткен жалгыз Азия командасы. Үч жолу катары менен дүйнө чемпиону болгон жалгыз футболчу – Пеле.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#923 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 10:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Интернет булактары саякаттоо үчүн эң жаман шаарлардын тизмегин тартуулады. Изилдөөлөргө ылайык, 1-орунда Индиянын Мумбай шаары турат. Туристтердин пикиринде бул эң кир шаар. 2-орунда Марокконун Марракеш шаары. 3-орунда таң калычтуу, бирок Москва. Саякаттоочулардын айтымында бул мегаполисте баалар менен көрсөтүлгөн кызматтар шайкеш келбейт. Өтө эле кымбат. 4-орунда Египет, Шарм-Эль-Шейх шаары. Бул шаар качандыр бир убакта туристтердин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон калаа болчу, эми анда эс алуу дээрлик мүмкүн эмес. 5-орунда Пекин. Бул жерде мөмө-жемиштерди табуу өтө кыйын, жергиликтүү тамак болсо кадимки турист үчүн такыр эле жегиликтүү эмес.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#924 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Американын сулуулар сынагынын жеңүүчүсү Ниа Санчес өзүнүн штатынын борборун атай алган жок. 8-июнда бул наамга ээ болгон бийкеч, кечээ радио берүүгө катышкан. Ал анын жүрүшүндө сулууга штаттын борборун атап бериңиз деген суроо узаткан. Бирок өз суроосуна өзү эле жооп берди. Анткени, Ниа Санчес бул суроого жооп кайтара албай калды. Кызыгы, Ниа бул абалдан “Мен жаңы эле айтайын деп тургам” – деп чыгып кетти.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#925 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШнын Флорида штатында ит 16-кабаттан кулап аман калды. Жергиликтүү каналдардын биринде маалымдалгандай, Сьюзи аттуу кичинекей ити менен кожойкеси кошунасыныкына барган. Айымдар ушак-кепке берилип кеткен учурда, Сьюзи вентиляциондук шахтага кирип кетип, 1-кабатка чейин кулап кеткен. Аны шахтадан чыгарыш үчүн куткаруучуларды чакырууга туура келди. Кызыгы, иттин денесинде бир да жараат жок. Аны караган ветеринарлар да буга өтө таң калышты.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#926 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:02

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кейт Миддлтон көйнөк аркасына көз салуучу атайын адамды жалдады. Улуу Британиянын ханбийкеси атактуу актриса Мэрилин Монро сыяктуу, бир нече жолу ыйңгайсыз учуррларга туш болуп, көйнөгүнүн этеги шамалга көтөрүлүп калган эле. Эгер мындай кырдаал Голливуд жылдызы үчүн ашыкча пиар болуп, кайра кубандырса, королдор үй-бүлөсү үчүн такыр татыксыз көрүнүш. Эми Кейтти мындай учурлардан атайын аял коргоп турат. Ал ханбийкенин артынан ээрчип, көйнөгүнө көз салып турмакчы.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#927 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:03

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Америкалык дарыгерлер ашыкча салмак адамдын мүнөзүн кантип өзгөртөөрүн аныкташты. Алардын айтымында, киши, жада калса, 10 пайызга семирсе, эмоционалдык жактан туруксуз болуп баштайт. Мындан тышкары, ар кандай нерселерге көз карандылык өсөт. Башкача айтканда, адамдын эрки бошойт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#928 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Боливияда дарыгерлер 6 жыл бою тынымсыз күлгөн кызды айыктырышты. Бейтап төрөлгөндөн баштап эле себепсиз күлө берчү. Кийин кыздын мээсинде шишик табылып, ал тынымсыз күлкүнүн себеби экени аныкталды. Дарыгерлер аны алып салгандан кийин кыз кадимки жашоого кайтып келди.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#929 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Норвегиялык сүрөтчү өзүнүн жамбаш сөөгүнөн шорпо жасап ичти.

Учурда интернет айдыңында норвегиялык сүрөтчү Александр Сельвик Венгшель өзүнүн жамбаш сөөгүнөн шорпо жасап ичкендиги кызуу талкууга алынууда. 16-июнда чет элдик маалымат каражаттары жазгандай, 21 жаштагы сүрөтчү дарыгерлерден операция учурун сүрөткө тартууну жана жамбаш сөөгүн өзүнө берүүсүн өтүнгөн.

"Кичинекей кезимден эле жамбаш сөөгүм туура эмес өсүп, балдак менен басып, майыптар арабасында жүрдүм. 21 ге чыккандан кийин оор болсо да операция жасатып, ордуна протез салдырууну чечтим. Башында жамбаш сөөгүмдү жөн эле сактап коюу үчүн сурагам. Кийин эмне болуп кетти билбейм, сөөктү кайнатууну туура көрдүм. Мискейге салып, эт сөөктөн ажыраганча кайнаттым. Бир убакта мага "эмне, өз этимди күнүгө эле жей бермек белем, даамдап көрөйүнчү" деген ой келип, ооз тийдим. Жакты, даамы койдун этине окшош экен,"- деген.

Фото: Интернеттен алынды.
Автор: Дамира Арстанова.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#930 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

IPhone 6 нын сүрөтү жарыяланды. Алдын-ала маалымат боюнча, белгилүу маркадагы уюлдук телефондун дароо эки жаңы версиясы чыгат. Анын бири 4,4 дюйм экинчиси 5,5 дюймду түзөт. Кызыгы, жаңы муундагы телефондор мурдагыдан болгону көлөмү менен гана айырмаланат. Эки жаңы IPhone чоңураак, узунураак жана ичке болуп, күтүлгөндөй ал сентябрда тартууланат. Болжол менен баасы 1,5-2000 долларга жетет.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#931 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:12

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытай: 25 жаштагы жаран футбол боюнча Дүйнөлүк Чемпионатын көрүп, уйкусуздуктан улам каза тапты.

Кытайлык 25 жаштагы футбол күйөрманы футбол боюнча Дүйнөлүк Чемпионатты көрүп, уйкусуздуктан улам каза тапты. Бул туралуу english.cri.cn маалымат булагына шилтеме берүү менен Синьхуа маалымат агенттиги билдирүү таратты. Сучжоу шаарынын 25 жаштагы тургунунун жансыз денеси ишемби күнү өз батиринен табылган. Ал телевизордун тушунда футболдун дүйнө чемпиондугун көрүп жаткан жайында каза тапкандыгы аныкталган. Дарыгерлердин божомолунда жаран уйкусуздуктан улам каза болгон болушу ыктымал. Балким жүрөгү капыстан токтоп калышы ыктымал деген божомолдор да жок эмес. Дарыгерлер футбол күйөрмандарынан өз ден соолуктарына жакшы кам көрүшүн суранышууда.

Кошумча маалымат: Бразилия менен Кытайдын убакыт аралыгы 11 саат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#932 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Японияда 80 жаштагы байбичеге тийишкендиги үчүн 85 жаштагы абышка камакка алынды. Бул тууралуу Agence France-Presse (Агенс Фрэнс-Прессе) маалымдайт. Чал-кемпир ооруканада таанышкан. Такео Нитта байбичеге тынымсыз телефон чалып, бирге убакыт өткөрүүнү суранып жүргөн. Ал эми жакында ал кемпирдин үйүнө чакыруусуз кирип келгендиги үчүн полиция тараптан кармалды. Белгилей кетсек, Японияда кары адамдар тараптан кылмыш жасоонун саны өсүүдө. Анын себеби, өлкөдө жалпы калк узак жашап, улгайган атуулдар көбөйгөдүгүндө болуп жатат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#933 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнө жүзүндөгү кызыктуу жана таң калычтуу ырым-жырымдар: Грецияда жарганаттын сөөгү дайыма чөнтөктө болсо, ийгилик коштоп жүрөт деп ишенишет. Бирок бул жаныбарларды өлтүрүү жаман ырым болуп эсептелет. Анлияда тепкичтер алдынан өтүү жана сагызганды көрүп калуу жамандык алып келет. Кытайда болсо шыпыргыдан коркушат. Алардын пикиринде шыпыргынын жаман ээси бар. Япондуктар үчтөн сүрөткө түшпөйт. Анткени ортодо турган каза болуп калышы ыктымал.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#934 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

CМС-БИЛДИРҮҮНҮ ЫЛДАМ ЖАЗУУ БОЮНЧА ЖАҢЫ РЕКОРД:

Өткөн айда АКШнын Нью-Йорк шаарында смс-билдирүүнү ылдам жазуу боюнча мелдеш өткөрүлүп, анда мурдагы рекорд жаңыланды. Бул ирет 16 жаштагы бразилиялык өспүрүм Марсель Фернандес атаандаштарынан тездиги менен айырмаланып, Гиннестин рекорддор китебине кирди. Ал «Серрасалмус жана Пигосентрус түркүмүндөгү тиши учтуу пираньялар – дүйнө боюнча тузсуз суудагы абдан агрессивдүү балыктар. Бирок чындыгында, алар адамдарга чанда гана кол салат» деген сүйлөмдү 18,19 секундда жазууга жетишкен. Бул сүйлөм англис тилинде жалпысынан 159 символдон турат. Фернандес мелдеш учурунда сенсорлуу телефонун колдонгон. Ал эми буга чейинки рекорддук көрсөткүч 18,44 секунд болгон.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#935 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

МАРСКА БОЛГОН КЫЗЫГУУ БҮТӨ ЭЛЕК:<br style="color: rgb(20, 24, 35); font-family: Helvetica, Arial, 'lucida grande', tahoma, verdana, arial, sans-serif; font-size: 14.44444465637207px; line-height: 21.46666717529297px;" >Адистер 377 бактерияны иликтеп, алардын ичинен 11 пайызы жогорку температурага жана радиацияга туруштук бере алаарын байкашкан. 2012-жылы «Кьюриосити» Марска жөнөтүлгөн бактерияларды атайын процедурадан өткөргөндө, 65 түрү өлбөй жашап кеткен. Мындан улам адистер Жердеги бул бактерияларды аталган планетага жетип, жашап кетиши мүмкүн деген ишенимде. Бул тууралуу Американын микробиологиялык коомунун жыйынында айтылды. Божомол туура чыкса, келечекте таарынгандарды Таласка эмес, Марска бар деп калсак керек.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#936 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:23

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мексикада циркте жаныбарларды колдонууга тыюу салынды. Тиешелуу мыйзам долбооруна ылайык, циркте жаныбарларды көрсөтүүгө бөгөт коюлду. Бирок дельфин менен букаларды суу циркинде жана родеодо колдонууга болот. Циркте иштегендердин айтымында, муну менен бийлик жаныбарларга жардам берген жок. айрым жаныбарлар циркте өз өнөрүн тартуулап жатып, ырахат алышчу.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#937 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Өз бөйрөгүн жетекчисине кайыр кылып берген кызматкерди жумуштан айдап салышты. “Рейтерс” маалымдагандай, Дебора Стивенс Нью-Йорктогу компаниялардын биринде иштечү. 2010-жылы ал, бөйрөк алмаштырууга муктаж болгон жетекчисине органын берген. Бирок операциядан кийин Стивенстин ден-соолугунда кыйынчылыктар жаралып, ал тез-тезден жумуштан суранып кетүүгө аргасыз болду. Натыйжада жетекчилик, иш өндүрүмдүүлүк төмөндөп кеткенин айтып, аялды кызматтан бошотту. Эми Стивенс жетекчисин сотко берүүдө. Ал эми компаниянын башчысы, кызматкерди боорукерлик иш-аракетин өз кызыкчылыгында пайдаланып жатканына айыптоодо.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#938 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:27

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Флорида штатында механикалык унааны башкарганды билбеген кылмышкер машинени айдап кете албай койду. 21 жаштагы Фрэнк Синглтон жаңыдан эле түрмөдөн чыккан. Абактан чыгары менен, ал имараттын алдында турган Nissan үлгүсүндөгү унааны байкайт. Фрэнк анын ээсин түртүп, машиненин ачкычын тартып алат. Бирок бул унаа, ууру көнүп калган автоматтык эмес, механикалык башкарууда болчу. Андан улам, бечара кылмышкер машинени түзүлүшүн жүдөп изилдеп жатканда полициянын колуна түштү.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#939 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:28

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Окумуштуулар сүйүүнүн тилин таап чыгышты. Адамдар арасында эң романтикалуу тил – бул французча деген пикир жашап келет. Бирок окумуштуулар таап чыккан сүйүүнүн тилин чет элдик сөздүктөр менен үйрөнүүнүн кажети жок. Тажрыйба таанышуулар сайттарында жүргүзүлгөн. Ага ылайык, өздөрүн “жылдыздуу”, “максаттуу” жана “ойлуу” деп сүрөттөгөн аялдар эркектерге көбүрөөк жагат. Анын ортосунда, эркектер айымдарды тартуу үчүн өздөрүн ”кумарлуу” жана “оптимисттүү” деп мүнөздөшү керек. Ал эми эки тарап үчүн бирдей жагымдуу адамдык сапат – бул “шайырдуулук”, деп жазат Daily Mail.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#940 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 11:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Шотландия тургуну футбол боюнча дүйнө чемпионатына карата арак даамданган сосиска чыгарды. Джеймс Хэйг бул эт азыктарын чемпионатка катышкан ар бир мамлекеттин улуттук салтындагы тамакты элестеткен даам менен дайындады. Россиялык вариантта сосискалар арак жана чочко эти менен даамданат. Тигил же бул мамлекеттин курамасы чемпионаттан четтетилген сайын, анын улуттук сосискалары сатыктан чыгарылат.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 45
  • 46
  • 47
  • 48
  • 49
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 5 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 5, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 29 Июл 2025 20:56

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: