Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#941 25 Июнь 2014 - 11:31
Польшанын Краков шаарында Лениндин заара чыгарып жаткан айкели пайда болду. Бул ызы-чуу жараткан эстеликтин өңү да өзгөчө - сап-сары. Анын автору ким экени белгисиз, бирок анын пайда болушу менен көптөгөн талаш-тартыштар пайда болду. Айрымдары муну жөн гана күлкү менен караса, айрымдары болсо Октябрь революционерин мындай мазактаганга каршы чыгууда. Эстелик убактылуу болуп саналат.

#942 25 Июнь 2014 - 11:39
Сагыз.
Анын зыяндуу кесепеттери туралуу:
Сагызды кары-жаш дебей сүйүп чайнайбыз. Сагыз дегенде балалыктан тарта таттуу даамдагы, түрдүү формадагы жагымдуу жыты бар даамы таттуу нерсени элестетебиз. Алгач аны оозубузга салганда канча бир убакыт даамы таттуудай сезилет. Ширини тарагандан кийин ал бир чоюлчак бирдемеге айланат. Балким анын зыяны жок деп ойлошуңуз мүмкүн. Бирок ошол бир жутум кичине гана нерсени жутуп жиберсек, ден соолугубузга чоң зыянын тийгизиши мүмкүн.
Сагыз жана тиш:
Учурда сагыздын жарнамалардагы роликтерине көңүл бөлсөк, сагыздын зыяны тап-такыр жок деген ойго жетеленип кете жаздайбыз. Аны кариести (курт түшкөн тиш) дарылоодо колдонууну сунуштаган чакырыктарды айтышат. Сагызды ар күнү тамактануудан кийин чайнаса, тиштеги бактерияларды жок кылат деп айтылат. Ошондой эле кислота менен жегичтин ортосундагы балансты нормалдаштырат. Бирок эң өкүнүчтүүсү аны 10 мүнөттөн ашык чайнабоо керек экендиги эч бир роликте эскертилбейт. Бул убакыт ичинде ал даамын толугу менен жоготуп тим болбой, тиштин эмалына терс таасирин тийгизип баштайт. Сагыз тиштин эмалын желитүү менен алек болуп, анын түбүнө кеңири жол ачып берет. Бул "жол ачуу" бактериялардын эмалдын түбүнө кирип, кариести пайда кылышына жол ачуу дегендик. Мындан сырткары бактериялар тиштердин каптал тарабында жайгашышат. Бул жайларды "тазалоого" сагыз толук түрдө алсыздык кылат. Ал жайларды тиш жуугуч щетка менен тазалоо туура. Демек, сагыз бактерияларды жок кылып, кариесттин алдын алат деген кеп 100% калп. Эмаль менен катар сагыз пломбага өтө зыяндуу. Өзгөчө чайноо кыймылдары пломбанын урашына алып келип, сынып, төгүлүп кетишет.
Сагыз жана тамак сиңирүү системасы:
Сагыздын тамак сиңирүүдөгү зыяны тишке тийчү зыяндуулуктан да жогору. Анткени ооз көңдөйүндөгү кээ бир көйгөйлөрдү чечүү азыркы заманда көп кыйынчылыкты жаратпай калды. Көпчүлүк сагызды эреже боюнча 5-10 мүнөт эмес, сааттап, балким толук бир сутка деле чайнай бериши мүмкүн. Сагызды оозубузга салып чайнай баштаганда ашказандагы тамакты эритүүчү кислота ишке түшөт. Бул кислота ашказандагы тамакты аралаштырып, аны сиңирүүчү милдетти аркалайт. Сагызды чайнап жатканда кислотанын жардамында ашказан тамакты кабыл алууга даярданып, иштеп баштайт. Күткөн тамак келе бербеген соң, ашказан өзүнүн ички катмарын жегенге киришет. Кислота ачуу болгондуктан ашказандын катмарын оюп, гастрит оорусуна алып келет. Ал оору өтүшүп отуруп ашказан жарасына алып келет.

#943 25 Июнь 2014 - 11:40
Улуу Британияда дүйнөдөгү эң чоң сыналгы чыгарышты. Анын диагоналы 9,5 метрди түзөт. Зор аппаратты колго чогултушкан,
себеби бир дагы завод мындай нерсеге чамасы жетпейт. Titan Screen аттуу сыналгы 1,5 миллион доллар турат. Бүгүн аны Каннадагы үйлөрдүн биринин чатырына орнотушат. Ал аркылуу жашоочулары Бразилядагы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрө алат.

#944 25 Июнь 2014 - 11:41
Кош бойлуу аялдар уюлдук телефон менен азыраак колдонуусу оң. Бул тууралуу америкалык дарыгерлер эскертүүдө.
Радиоэлектрондук түзүмдөрдү өтө көп колдонуу болочок балдар үчүн кооптуу болушу мүмкүн. Чычкандарга жүргүзүлгөн тажрыйбага ылайык, туруктуу түрдө уюлдук телефондун таасиринде жүргөн кемирүүчүлөрдүн балдарынын көңүл буруусу начарлап, ашыра активдүүлүк менен жабыркаган.
Ага карабастан,
адистер техникалык прогресстин жемишинен толук баш тартууну сунуштабайт.
Болгону уюлдук телефон менен тынымсыз сүйлөшүп, же чукулап отуруудан алыс болуу керек.

#945 25 Июнь 2014 - 11:43
Toyota “уча турган” унааларды жаратууну ойлоп жатат. Япониялык концерндин жетекчилиги билдиргендей,
кеп, түздөн-түз уча турган машине жөнүндө болуп жаткан жок. Мындай унаа болгону жүрүп бара жатканда жол үстүндө бир аз көтөрүлөт. Мындай нерсе, дөңгөлөктөрдүн асфальтка сүрүлүшүн азайтып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатат.
Уча турган унаа качан жарыкка чыгат – азырынча белгисиз.

#946 25 Июнь 2014 - 11:43
#947 25 Июнь 2014 - 11:45
Павлодарда бала бакчанын тарбиячысы уктабаган балага ийне сайып коркуткан.
Павлодарда уктагысы келбеген баланын бутуна ийне сайганы үчүн тарбиячы 90 миң теңге айып пул төлөмөкчү болду. Павлодар сотунун берген маалыматына ылайык, уктабай койгон баланы укта деп коркутуп, ийне менен сайгылаган тарбиячы "Ясли-сад № 21" бала бакчасынын кызматкери. Медициналык экспертизанын текшерүүсүнөн соң, жашы жете элек баланын денесине жеңил жаракат жеткени такталган. Бирок тарбиячы өзү сотто күнөөсүн мойнуна алган жок. "Соттун чечими менен администрациянын талаптарын бузганы үчүн айып пул төлөө менен жазаланмакчы, " - дейт Павлодар соту.

#948 25 Июнь 2014 - 11:46
Обама Ак үйдөн кофе сатып алуу үчүн жан сакчысы жок чыкты. АКШнын президенти катуу эрежелерди бузуп, резиденциядан жөө чыгып, бир чыны кофе сатып алды. Болжол менен 8 мүнөттөн кийин, америкалык лидер мекемеден чыгып, өтүп бара жаткандардын бардыгы менен кол алышып, учурашты. Бул маалда куралданган жан сакчысы келип калган эле. Белгилей кетсек, адатта өлкө башчылар Ак үйдөн брондолгон лимузин же вертолет менен чыгышы керек.

#949 25 Июнь 2014 - 11:48
Японияда аял “Муздак жүрөк” (“Холодное есердце”) мультфильми үчүн жолдошу менен ажарышууга арыз берди. 26 жаштагы айым былтыр чыккан америкалык анимациялык тасманы бир көргөндө эле, анын кызуу күйөрманына айланган. Аял кезектеги жолу мультифильди көрүп жатканда, жолдошу аны менен такыр тааныш эместигин билип, бирге көрүүгө мажбурлады.
Бирок тасманын акырында эркек жубайына кайрылып, “бул мультфильмдин эмнесин анчалык жактырып калдың?” деген бир гана суроо берди. Буга аял каттуу жинденип, көп өтпөй ажырашууга арыз берди. Келиндин айтымында, ал жолдошу экөө ар башка адам экенин эми гана түшүндү.

#950 25 Июнь 2014 - 11:49
Америкалык диетолог арыктоо үчүн муздан турган диета иштеп чыкты. Ашказан-ичеги дарыгери Брайан Вайнердин айтымында, муз калорияларды эң сонун жок кылат. Алсак, эгер сиз аны бир колдонсоңуз,
160 калория менен кош айтышасыз. Бул 1,5 чакырым аралыкка чуркоо менен барабар. Ошентсе дагы мындай диетага өтө эле берилүү туура эмес. Адис күнүгө муздун 1 килограммынан ашык жебегенге сунуштайт.

#951 25 Июнь 2014 - 11:50
Kyzyktar kopkoo
Ушунчалык жакшы адам бол,душманыңда душман болгонуна өкүнсүн!
#952 25 Июнь 2014 - 11:50
Приамурьеде дарыгерлер адам ашказанынан пара алып чыгууга мажбур болушту. Айыл тургуну темир жол бекетинде колго жасалган бычак менен кармалган. Полиция кызматкерлери менен сүйлөшүүдө ал, стөл үстүнө уюлдук телефон жана 3 миң рубль таштаган. Тартип сакчылар ошол замат күбөлөөрдү чакырган, бирок аңгыча эле эркек банкноталарды жутуп алды. Ооруканада анын ашказанын тазалашты. Адам акчаларды сиңирүүгө жетишкен жок.

#953 25 Июнь 2014 - 11:52
Колукту болууга эч качан кеч эмес. Муну 113 жаштагы кытайлык байбиче далилдеди. Жакында ал өзүнүн 70 жаштагы сүйүктүүсүнө баш кошту. Экөө былтыр декабрьда таанышкан. Эркек киши байбиченин жүрөгүн жибитүү үчүн бир нече ай жумшады. Ал эми экөөнүн жаш курагы ортосундагы 43 жыл аны такыр ойлондурган жок. Күйөө баланын айтымында, анын колуктусу 60 жашка жаш көрүнөт.

#954 25 Июнь 2014 - 11:53
Ар бир экинчи аял өз начальнигин сүйгөн.
Сурамжылоого катышкан айымдардын 40 пайызы жетекчинин көңүлүн өзүнө буруш үчүн атайын кызыл помада колдончу. Жарымына жакыны болсо бийик така кийсе, 60 пайызы дыкааттык менен макияж жасаган. Мындай жасанууга, суралган аялдардын 40 пайызын кызмат ордунан көтөрүлүү аракети түрткөн. Бирок жарымынан көбү чынында начальнигин сүйүп калган.

#955 25 Июнь 2014 - 11:55
Аргентина:
Анаконда жыланына наркозат бекиткен үй-бүлө колго түштү.
Буэнос-Айрес шаарында полиция наркозат ташуучулардын өзгөчө аракетинен кабар тапты. Гонсалес-Катан айыл аймагында наркотикалык затты кармашы мүмкүн болгон үй-бүлө туралуу кабар тапкан полиция Парагвайдан алынып келиген анаконда жыланын тапкан. Текшерүү максатында биолог чакырышканда жыландын ичинен марихуана жана кокаин табылды. Марихуананын салмагы 6 жарым килограммды түзсө, кокаин 1,5 кг экендиги такталган. Аны менен кошо курал-жарак жана кадимки акчалар алынган. Үй-бүлө мүчөлөрү учурда сурак беришүүдө, ал эми жылан атайын адистердин колуна тапшырылды.

#956 25 Июнь 2014 - 11:58
Канадалык саясатчы НАТОнун жашыруун документтерин аэропортто унутуп калды. Папкада Афганистан,
Сирия, Россия жана Кытайдагы жаң-жалдар жөнүндө 200дөн ашык маалымат бар болчу. Сыр документтерди Консерваторлор партиясынын мүчөсү Шерил Галант унутуп калган. Ал Литвага учуп бара жаткан. Документтер аэропорттун күтүү залында 3 саат бою жатты.

#957 25 Июнь 2014 - 11:59
Кондиционерлер орнотулган аялдамалар Дубайда иштеп жатат. Жалпысынан шаарда алардан 126 сы орнотулган.
Чатыры бар заманбап аялдамалар ысык Дубайда өтө популярдуу.
Шаардын жолдор жана транспорт боюнча комитетинин директору Исса Абдул Рахам Аль-Доссари билдиргендей,
мындай чара жүргүнчүлөрдүн ыңгайлуулугу үчүн гана эмес, коомдук транспортту колдонууга түрткү берүү үчүн көрүлдү.

#958 25 Июнь 2014 - 12:00
АКШ:
Соттордун катасы менен абакта 17 жыл отурган жаран бошотулду.
Нью-Йорктун соту адам өлтүрүүгө шектелген жаранды боштондукка чыгарды. 53 жаштагы Роджер Логан (Roger Logan) 3-июнь күнү эркиндикке чыкты. Ал түрмөдө 17 жыл отурган. Логан 1997-жылы 24-июнда камалып, ага шеригин оюндан кийин ок чыгарып, каза кылган деген айып тагылган эле. 25 жылдан өмүр бою камак жазасына камалган Логандын кылмышы кошуна аялдын көрсөтмөсү менен болгон. Арадан көп жыл өтүп иликтөөлөрдөн көрсөтмө берген аялдын калп айтканы белгилүү болгон. Көрсө аял Логанды кылмыш жайынан көргөндүгүн калп айткан. Сот Логанга тагылган кылмыш толугу менен алынып салынганын айтты.

#959 25 Июнь 2014 - 12:02
Ошто ашыра шаан-шөкөттүү үйлөнүү тойлору жана өлүк узатуу аземине тыюу салынышы мүмкүн. Маселени карап чыгуу үчүн Мусулмандардын диний башкармалыгынын өкүлдөрү жана шаардык кеңештин депутаттары кирген комиссия түзүлдү. Алар ашыра кымбат иш-чаралардын өтүшүн көзөмөлдөйт.
Мындан тышкары, чоң чыгым тартуунун максатсыздыгы жөнүндө эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт.

#960 25 Июнь 2014 - 12:03
Африкадагы биринчи нике түн.
Эң эле күлкүлүү түн бул Борбордук Африкадагы Бахуту кыштагында өтөт экен. Башка жактарда бул түнү бири-бирине шарттуу кошулуу болсо, Африкада тескерисинче ал нерсеге жол беришпейт. Кошулуп алышкан болсо, аны таш баранга алышат. Толугу менен 2 жума жубайлар кошулушпайт. Бул жубайлар 2 жума бою бири-бири менен согуш-уруш уюштурат, бул "күрөшүү" жасалма эмес, чындап урушуу. Бул салт жубайлардын кийинки жашоосунда уруш-талаштын ушуну менен чыгып кетүүсүн билдирет.
Африкада 1-түндө жолдошу келинчегинин мандайкы өйдөңкү тишинен бирди жулуп алат. Бул турмушка чыккандыктын белгиси. Тиши жок жылмаюу кыздардын эң чоң жетишкендиги болуп, ал эми тиштери бүтүн кыздар оозун ачып жылмая алышпайт. Эгер кимдир бирөө байкаса, уят болот.