Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#981 25 June 2014 - 12:40
Ашыра салмак менен жабыркоонун эң эле кооптуу жаш куракты окумуштуулар далилдеди. Көптөгөн эларалык изилдөөлөргө ылайык, айымдар 35-40 жашында, эркектер 38-44 жаштарында толуп кетет. Ашыра салмактуулук жаатында бул эркектер менен аялдардын жалгыз айырмасы эмес. Белгилүү болгондой, айымдар турмушка чыккандан кийин жана төрөгөндөн кийин толуп кетсе, мырзалар болсо ажырашкандан соң жана карьерадагы ийгиликтерден кийин толуп кетет.
#982 25 June 2014 - 12:44
АЖАЙЫП ДҮЙНӨ: КУМУРСКАЛАРДЫН ТАҢ КАЛЫШТУУ ЖАШООСУ.
Кумурска абдан акылдуу жандык. Кумурскалар суук күндөрү тамак издеп кыйналбаш үчүн жылуу убакта эле азык камдап алышат. Ал жыйнаган азыктарын кургатып кыш камын көрөт экен. Кургатылган азык көпкө сакталганда чирип кетпейт. Буга кумурсканын туюму жеткенин караңыз!
Кумурскалар жашаган үйүнө суу кирип кетпеши үчүн ийинин абдан бышыктап салышат. Алардын башка жаныбарлардан айырмасы, өздөрүнүн салмагынан эки эсе оор жүктү көтөрө алгандыгында. Алар чогуу жашаган башка кумурскалар жөнүндө да ойлонушат. Эгер бир кумурскада дан болсо, ал жөнүндө бардык кумурскаларга билдиришип, баары чогуу жешет экен.

#983 25 June 2014 - 12:44
Кытайда эне сүтүнөн самын жасап башташты. Баласы сүт эмбей калган айым, эмне кылаарын көпкө ойлонгон. Эми ал өз сүтүнөн самын чыгарып, сатууда. Алгач жуунуучу каражаттын мындай өзгөчө түрү анын жакын туугандары эле сатып алса, эми ишкердүү айым аларды интернет аркылуу сата баштады. Аны туураган айымдар дагы жок эмес. Кытайда өз сүтүнөн самын жасагандар көп болгондуктан,
жергиликтүү дарыгерлер аларды ишмердүүлүк менен алаксыбай, сүттү өз багытында колдонууга чакырууда.
#984 25 June 2014 - 12:50
Японияда "Таш бака" такси кызматы иштей баштады.
Японияда жаңы кызмат, тагыраак айтканда, "Таш бака" такси кызматы иштей баштады. Бул такси кызматынын башкалардан өзгөчөлүгү - жай жүргөндүгүндө.
Маалыматка ылайык, таксиге отурган кардар ылдамдыктын жай болушун же токтотууну кааласа, анда арткы орундукта жайгаштырылган баскычты басуусу керек. Бул кызмат эч жакка шашпаган жарандарга, боюнда бар айымдарга, кары-картаңдарга жана баласы уктап жаткандарга ылайыкталган.
Азырынча бул сервис Иокогам шаарында гана иштөөдө. Бирок компания Япониянын башка шаарларына бул кызматты ачууну пландап жатат.

#985 25 June 2014 - 12:52
Chanel №5 атыр суусуна тыюу салынышы мүмкүн. Еврокомиссия анын курамына кирген 12 заттын кооптуулугун текшерүүдө.
Булар аллергия пайда кылышы мүмкүн. Алсак, мындай заттарга кызгылтым май, жыгач чөбүнүн курамы, лимон жана мандарин майлары кирет. Бул заттар быйыл августта тыюу алдына кетиши мүмкүн. Эгер ал ишке ашса, белгилүү бренддер, алардын ичинде Chanel, Hermes, Dior жана Guerlain (Гэрлен) жабыркашы ыктымал.
#986 25 June 2014 - 12:53
Кытайда аял кылмышкерди коркутуу үчүн өзгчө ыкма колдонду. Orange News (Орэндж Ньюс) маалымдагандай,
майрамдык иш-чаралар өтүп жаткан аянтта мотоцикл айдаган эркек бийкечтин артынан түшүп алган. Андан корккон айым качуудан чарчап, акыры шарт токтоду дагы, кийимин чечип салды. Мындай иш-аракетти күтпөгөн киши чоочуп кетип, артын карабай качкан.
#987 25 June 2014 - 12:55
CNN каналы интернет колдонуучуларды акыр заман менен коркутту. Америкалык телеканал өз сайтында Жер 2041-жылдын 35-мартында гиганттык астероид менен кагылышат деген маалыматты жарыялаган.
Аны бир эле күн ичинде 250 миң колдонуучу көрдү. Бирок эртеси эле бул маалымат алынды. Эске салсак, бул аталган телеканал тарабынан биринчи эле катачылык эмес. Буга чейин анда Украинанын ордуна картадан Пакистан көрсөтүлүп,
Украина жөнүндө баян кеткен болчу. Ал эми былтыр картада Гонконг Түштүк Америкада белгиленген.
#988 25 June 2014 - 12:56
Унаа рыногунда жаңы үлгүдөгү машине пайда болушу мүмкүн. Бул Google. Ири Интернет ресурсу айдоочусу жок жүрө турган өздүк автоунааларды чыгаруу ниетинде. Алгач, компания адаттагыдай руль жана педальдары жок 100 унаа чыгарууну пландап турат. Алардын ордуна “старт” жана “стоп” баскычтары болот. Адистердин пикиринде, адам-айдоочуга караганда, компьютер-айдоочу менен жүрүү коопсуз.
#989 25 June 2014 - 12:58
АКШ:
3 жашар бала 1 жарым жаштагы инисин атып алды.
Үч жаштагы бала кокусунан 1,5 жаштагы инисин өлтүрүп алды. Окуя 27-май күнү Пэйсон шаарында болуп, бала куралды коңшусунун үйүнөн таап алган. Балдар куралды тапкан кезде, апасы менен чогуу мейманда болушкан. Чоңдор жаш балдардын эмне менен алектенип жатканын билишкен эмес. Полиция бул окуяны кокустук деп эсептөөдө.
АКШ да жаш балдардын кокустуктан өлүп калуусу алгачкы көрүнүш эмес. Юта штатында апрель айында үч жаштагы кыз, кичинекей инисин атып алган. Ал эми Филедальфияда болсо, эки жаштагы бала 11 жаштагы эжесин өлтүрүп койгон.

#990 25 June 2014 - 12:59
Япония тууралуу кызыктуу фактыларга токтолсок:
Аталган мамлекетте жолдор тайгалак болбойт. Анткени жолдор жана тротуарларда жылытуу системасы орнотулуп, кар дароо ээрийт. Баса, Японияда гастарбайтер мигранттар да жок. Жергиликтүү мыйзамга ылайык, чет элдиктердин минималдык маянасы, жергиликтүү тургундардын орточо айлыгынан да жогору. Андыктан, жумуш берүүчүлөргө мигранттарды алуу пайдасыз. Японияда метродо кыз-келиндер үчүн атайын вагондор бар. Бул жерде кол коюлбайт, анын ордуна ар бир япондо өзүнө гана таандык мөөрү бар. Колготки кийгенге бул өлкөдө тыюу салынган, атайын гольфалар гана. Кыздардын юбкалары болсо, жыл сайын кыскарып турушу зарыл.

#991 25 June 2014 - 13:06
#992 25 June 2014 - 13:07
Жылына бир нече жолу, бирок аз убакыттан эс алуу пайдалуураак.
Америкалык окумуштуулардын иликтөөсүндө,
эс алуу өргүлөрү жети күндөн ашпашы керек. Эң жакшысы – бул ар бир төрт мезгилде эс алып туруу. Мындай шартта организм стресстен арылып, кышында көп оорубайт. Ал эми жылына бир жолу бир ай эс алуу, адамды анчейин жакшы калыбына келтирбейт.
#993 25 June 2014 - 13:08
Ошто өз баласын саткан аял кармалды.
9 айлык ымыркайын ал 70 миң сомго баалаган. Бул тууралуу түштүк калаанын ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Кармалган айымдын айтымында, бул кадамга аны көптөгөн карыздары, никесиз төрөлгөн баласы жана турмуштук оор кырдаал түрттү. Бул факты боюнча кылмыш иши козголду.

#994 25 June 2014 - 13:11
#995 25 June 2014 - 13:10
Эненин сутунон самын жасагандар келесоолор го. Ушу кантип болсун эн ыйык деген зат го
#996 25 June 2014 - 13:17
“Искусство үчүн тамчы канын аябаган” - деген учкул сөз чындыкка айланды. АКШда сүрөтчү картиналарды өз каны менен тартууда. Винсент Кастильянын айтымында, кан “Искусство үчүн тамчы канын аябаган” деген учкул сөз чындыкка айланды. АКШда сүрөтчү картиналарды өз каны менен тартууда. Винсент Кастильянын айтымында, кан консистенциясы боюнча боёкко окшош келип, тартууга ыңгайлуу. Сүрөтчү көбүнчө сюреаллистикалык багыттта иштейт.
#997 25 June 2014 - 13:19
#998 25 June 2014 - 13:21
Дүйнөнүн эң семиз адамы каза тапты.
2007-жылдан бери дүйнөнүн эң семиз адамы деп эсептелип келе жаткан мексикалык Мануэль Урибе 26-майда 48 жашында каза тапты. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Мануэль 2-майда жүрөк оорусу кармап, Монтеррей шаарындагы ооруканалардын бирине жүк көтөрүүчү кран менен жеткирилген. Ал жактан анын боору да ооруй тургандыгы аныкталган.
Белгилей кетсек, 2001-жылы Мануэль Урибенин салмагы 597 килограммды түзүп, төшөктөн тура албай калган. 2008-жылы дарыгерлердин жардамы жана диета кармоо менен салмагын 360 килограммга түшүргөн. Каза болордун алдында анын салмагы 394 килограммды түзгөн. Анын артында жубайы Клаудия гана калды.

#999 25 June 2014 - 13:22
#1000 25 June 2014 - 13:24
Австралиялык тургун интернет-аукциондо үч тамгадан турган сөздү сатты. Кадимки эле кагаздын үзүгүндө калемсап менен жазылган «The» (Зе) аттуу англис сөздүн баштапкы баасы 40 миң долларга бааланды. Аукциондун уюштуруучусунун айтымында, бул сөздү миңдеген сүйлөмдөрдө колдонсо болот. Товар ар кандай фондо сүрөткө тартылып, сайтта жайгаштырылган.
Эң кызыгы, ал үчүн 10 миң доллар берүүгө даяр адамдар дагы пайда болду. Акыры сөз сатылдыбы, жокпу белгисиз. Бирок жакында ал аукциондон алынды.

Супер-Инфо
super.kg
видео