Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1001 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:25

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россияда бүбү-бакшы жаш кызды алдап, 1 миллион рубль менчиктеди. Өзүн “көзү ачык” деп атаган аял 5-класстын окуучусуна кара дуба алууга убада кылган. «Интерфакс» маалымдагандай, милицияга кыздын апасы кайрылды. Жалпысынан көз боёмоочу окуучудан 1 миллион 110 миң рубль алган. Ал кандай жол менен ишке ашкан – такталбайт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1002 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Манчестер шататында чочко тартылган бет кап кийип, полиция кызматкерин туурагандыгы үчүн адам камакка алынды. 46 жаштагы Стивен Пирс тартип сакчынын чыныгы кийимин да кийип алган. Эркектин айтымында, мындай жол менен ал демонстрациялар маалында полициянын жүрүм-туруму жөнүндө айткысы келди. Эми чочко кейпин жамынган адам “полиция кызматкерин туурагандык” беренеси боюнча сот алдына тартылат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1003 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Резинадай чоюлчаак адам.

Бул наамга Индия тургуну татыктуу болду. Ал “ийилчээк” деген түшүнүкту такыр башка жакка бурду окшойт. Виджей кыйналбай эле, башын жана колун теннис ракеткасы аркылуу өткөрө алат. Суусундукту болсо, башынын аркасынан алынган буту менен ичет. 27 жаштагы Виджейдин айтымында, бул өзгөчөлүктүн башаты бала чакта Жеки Чандын тасмаларынан башталган.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1004 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:35

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Канадада Фейсбуктун айынан аял медициналык камсыздоосунан ажырады. IBM компаниясынын бөлүмүндө иштеген 29 жаштагы Натали Бланшар, 1 жыл мурда депрессия деген диагноз алган. Андан улам, "убактылуу ишке жараксыз" - деп табылган аялга медициналык камсыздоо төлөнүп баштаган эле. Жакында ал Фейсбуктагы баракчасына пляжда күлүп түшкөн сүрөтүн жайгаштырды. Муну көрүп калган жетекчилик, аны толук сакайды деп эсептеп, жөлөк пулдан ажыратты.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1005 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:37

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кулагыңызга күмүш “наушник.”

Кулагыңызды кереңдикке алып барган мобилдик байланыштар: Кулакка таккан «наушниктер» биздин кулагыбыздын бара-бара укпай калышына түрткү берет. Андыктан аны тагууда көлөмдүү (көбүнчө радио кызматкерлери пайдаланган наушниктер) жана укканда кошумча ызы-чуусу жок сапаттуусун пайдаланыңыз. Мобилдик телефондо көп сүйлөшүү абдан зыян. Аны жаштар али сезе элек болсо да, улгайган жаштагылар сүйлөшүүдө абдан жакшы байкашат, анткени кадимкидей кулактын тамыр-тарамыштары тартылып ооруп кеткенин сезген чыгарсыз. Телевизор, радио укканда да болушунча добушун чыгарып койбоңуз, бул дагы кулак кереңдикке алып барат. Анткени кулак пардасы абдан назик экенин унутпаңыз. Ызы-чуулуу концерттерге көп баруу да кулактын душманы.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1006 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:44

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Мерседес- Бенц.

1886-жылы Бенц биринчи жолу үч дөңгөлөктүү жана бензин менен жүрүүчү кылып жараткан. Анын жаратуучусу Карл Бенц. Жети жыл өткөн соң Карл Бенц кызыктуу аталыш менен төрт дөңгөлөктүү “Велосипед” аталыштагы ийгилигин жаратат.

Даймлер.

1890-жылы Готли Даймлер Бад-Канштат (Штутгард) районунда өзүнүн аты менен “Даймлер-Моторен- Гезелльшафт” аталыштагы компаниясын ачкан.

Мерседес.

Бул марканын тарыхынан ала кетсек, бул марка эки белгилүү немецтик “Бенц” жана “Даймлер-Моторен- Гезелльшафт” компаниясынан келип чыккан. Бул компаниялар өз алдыларынча көп жетишкендиктерге жетишишкен. 1926-жылы “Даймлер-Бенц” болуп биригишкен. Мерседес деген аталыш 1900-жылы эле пайда болгон. Авто жарыштарды жакшы көргөн жана европалык бай бизнесмен Эмиль Еллинек Даймлердин машиналарын сатып баштайт. Ага ошол убакта авто жарышка катышканга күчтүү машина керек болуп, өзү жаңы кыймылдаткычтын көрсөткүчтөрүн даярдайт. Аны кийинчерээк Майбах жасап чыгып, ага Джеллинектин он жаштагы Мерседес аттуу кызынын атын ыйгарган. Мерседес испан тилинен которгондо “ырайымдуу” дегенди түшүндүрөт. Азыркы күндөгү Мерседес автоунаасы DMG жана Benz – Cie компанияларынын биригишкенден кийин пайда болгон. DMG компаниясынын эмблемасы үч бурчтуу жылдыз болгон. Себеби компаниянын башчысы Даймлердин “сууда, абада жана жер менен жүргөн машина ойлоп табам,” - деген. Эки компаниянын биригишкенден кийин жаңы эмблема ойлоп табышкан. Ал Даймлердин үч бурчтуу жылдызын жана Бенцтин ларвдуу веногун камтыган.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1007 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Аргентинада дүйнөдөгү эң чоң динозаврдын калдыгын табышкан.

Динозаврлардын калдыктарынын ачылышы боюнча бул эң чоң калдык болуп саналат. Бул динозаврдын ачылышы Аргентинанын Патагондо табылган. Окумуштуулар «Титанозавр» деген динозаврдын жаңы түрүн таптык деп билдирүүдө. Бул динозаврдын калдыгын жергиликтүү фермер тапкан. Окумуштуулардын айтымында бул чоң динозаврдын узундугу 40 метр, ал эми бийиктиги 20 метрди түзгөн. Анын салмагы 77 тонна болуп, мурунку дүйнөдөгү эң оор салмактагы “Аргентиназаврдан” 7 тоннага оор болгон. Трель шаарындагы музейдин жумушчулары бул динозаврдын 150 сөөгүн жакшы абалда казып алышкан. Бул табылган динозавр 95-100 млн. жыл мурун жашашкан деп билдирүүдө.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1008 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Чачынын узундугу 2 м. 70см.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1009 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

116 жаштагы Перунун тургуну.

Перунун жашоочусу Филомена Тайпе Мендос өзүн дүйнөдөгү эң кары адам болуп саналаарын айтты, жада калса тастыктоочу күбөлүгү да бар экен. Анын айтымында ал 116 жашта. Өзүнүн көп убакка чейин жашаганынын себебин; «таза сүт жана өзүнүн бакчасында өскөн жер-жемиштерди жегенимден деп билдирет. Мен эч качан ичимдик ичкен эмесмин,» - дейт Филомена Тайпе Мендоса. Ал өзүнүн баскан жолу татаал болгонун жана 9 баланы атасыз багып, алардын курсагын тойгузуш үчүн көп иштеп кыйналгандыгын кошумчалай кетти. Бул айым эч качан өзүнүн кичинекей айылынан эч жакка чыккан эмес, мунун сыры пенсия алуу үчүн жаңы күбөлүк алганы барганда ачыкка чыккан. Перунун эмгек министри Мендосага 1897-жылы 20-декабрда төрөлгөндүгү жөнүндө өздүк күбөлүк берген. Эгерде, бул чындык болсо, анда Филомен, азыркы учурдагы Гинесс китебине дүйнөдөгү эң кары адам болуп жазылган 1898-жылы 5-мартта төрөлгөн Япониялык Миао Окавадан эки жарым айга улуу болуп саналат. Мендосанын 116 жашта экенине Гинесс китебине жазулуучуларды изилдөө боюнча атайын адистер тобу күмөн саноодо. Адистер кылдаттык менен Мендостун жеке кагаздарын тактап, карап жаткан учурлары. Анткени мындай көрүнүштөр көп, атайын өздүк кагаздарын жасап алышып, Гинесс китебине жазылгысы келген адамдар көп болушат экен.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1010 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:53

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Япония: Каза тапкан аялдын денесин куурчак сымал ороп аэропорттон жөнөтүшкөн.

Япониянын Осака шаарынан Токиого карай аманат куржун жөнөтүлгөн. Почта кызматкерлерине аны куурчак деп түшүндүрүшкөн.

Осака шаарынын тургуну медайым ушул жылдын мартында жоголгон. Осака шаарындагы медайымдын батиринен жөнөтүлгөн аманат куржун Токиого ошол эле медайымдын өзүнүн дарегине жөнөтүлгөн. Куржундун узундугу 2 метрди түзүп, аны коюу үчүн кампага күрөө акчасы медайымдын өзүнүн кредит карточкасынан төлөнгөндүгү да маалым болгон. Дүйшөмбү күнү аны полиция байкап калып ачкан. Изилдөө иштеринде маалым болгондой, 2 ай мурун жоголгон медайым чогуу окуган тайпалаш кыз менен жолуккандыгы такталды. 10 жылдан бери көрүшпөгөн тайпалаш курбусу аны өлтүрүп, анын кредит карточкасындагы акчасына Кытайга чейинки жол киреге иштетип кетип калгандыгы маалым болду.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 13:55

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1011 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

6 айлык бала жашап кетти.

Британдык врачтар 24 жума маалына келип калган кызды жарык дүйнөгө алып келип, адамдарды таң калтырышкан. Великобританияда мындай маалга жеткен балдарды бойдон алдырса болот экен. Анткени, ал мындай маалында түйүлдүк толугу менен өсүп жетиле элек болот. Баарынан таң калыштуусу, бул кичинекей кыз врачтардын айткандарына каршы жыйынтык көрсөтүп, 6 айлык кыз жашап кеткен. Азыркы күндө Эмили Грейс 500гр. болуп, жаңы төрөлгөн балдар жаткан реанимацияда жатат. Азырынча ага 34 жума гана болгонуна байланыштуу, анын апасы Клэр жаш баланы колуна алууга болбойт. Жаңы төрөлгөндө наристе абдан кичинекей болгон, ал врачтын алаканы менен тең келген. Эгерде, жаш наристе Эмили дагы бир жума эрте төрөлсө, анда эреже боюнча ал бойдон түштү деп эсептелмек экен. «Edinburgh Royal Infirmary» бейтапканасынын врачтары күнү-түнү Эмилинин ден-соолугуна көз салып жатышат.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1012 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 13:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Эркектер жана аялдар идеалдуу эс алууну эки башка элестетет. Интернет булактарынын биринин маалыматына ылайык, мырзалар жетүүгө 4 саат учуу жетиштүү болгон мамлекеттерге барууну каалайт. Алар көпкө учууну жактыра бербейт жана жумушка чакырып калабы деп кооптонуп турушат. Айымдар болсо 12 саат учууга деле даяр, алардын пикиринде канчалык алыс барсаң, эс алуу ошончолук кызыктуу болот. Эркектерге тынч эс алууга 2 эле жума жетишет. Айымдар болсо, көбүрөөк эс алып, дүкөндөрдү, музейлерди жана бардык тааныштары сунуштаган жерлерди кыдырууну көздөшөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1013 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Стив Джобс унаасын алты ай сайын алмаштырып турган. Кызыгы, ал алмаштырган унаа дал эле буга чейинки машинесиндей болчу. Apple компаниясынын мурдагы жетекчиси Mercedes-Benz SL 55 үлгүсүндөгү унаасын, жарым жыл сайын ошол эле түстөгү, ошол эле моделдеги жана техникалык мүнөздөмөсү да ошондой унаага алмаштырып турчу. Бул үчүн ал автосалон менен келишим түзүп алган. Стив Джобс унааны мамлекеттик номерлери жок айдачу. Анткени Калифорнияда номерди каттоого жарым жыл берилет. Ал эми белгилүү Стив Джобстун “эски ” унаасын автосалон кайра эки-үч эсе кымбат сатып салчу.

Сүрөт Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1014 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:04

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Россияда түшүп кеткен уюлдук телефонун алам деген бийкеч 4 метр бийиктиктен кулап кетти. Окуя Благовещенскинин соода борборунда болгон. Экинчи кабаттагы эскалатордун жанында турган бийкеч телефонун кабаттар ортосундагы тосмого түшүрүп алган. Аны алууга аракеттенген жаш кыз гипсокартондон жасалган тосмонун үстүнө тура калып, натыйжада биринчи кабаттагы кассанын үстүнө барып кулады. Бийкеч канчалык жабыркаганы такталбайт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1015 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:06

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Елена Ефимова Векилова деген орус аял мусулман адамга турмушка чыгып, балдары Ислам динин кабыл алганы жатышканын айтып, Толстойдон кеңеш сурап кат жазат. Толстой ага мындайча жооп берет: «Мухаммеддин динин тандаганга чейинки мезгил үчүн мен чын
жүрөгүмдөн өкүнөм. Мен үчүн муну айтуу кызык болсо да, христиан идолдорунан, окууларынан Мухаммеддин дини бардык формалары менен түбөлүк өйдө турат. Ошондуктан адамдын алдында эки тандоо жолу: Бири чиркөө православиесы же экинчиси Мухаммед дини турса, албетте, акылдуу адам Мухаммеддин динин тандайт. Мында кыпындай да кооптонуу болбойт! Себеби; түшүнүксүз үчилтик (троица) ишеними, ар кандай иконалардан көрө, Мухаммеддин динин тандоо менен бир гана жалгыз Алланы жана анын элчиси Мухаммедди таануу алда канча жогору тураары айтпаса да кашкайган чындык!» (1909-ж. 15-март, Ясная Поляна).

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1016 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:08

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөгө белгилүү поп-жылдыз Мадонна (Мария-Луиза Чикконе) учурда Куран үйрөнүп жаткандыгын билдирди. «Мен мусулман өлкөлөрүндө кыздар үчүн мектеп куруу менен алекмин. Ошону менен бирге Куранды да үйрөнүп жатам. Мен үчүн баардык ыйык китептерди окуп чыгуу абдан зарыл болуп турат,» - деди «Harper’s Bazaar» гезитине берген маегинде. Мадонна социалдык түйүндөрдүн биринде өзүнүн никабга окшогон кийим менен түшкөн сүрөтүн «Ашыктыктагы төңкөрүш... ИншаАллах» деген ат менен жарыялагандан кийин күйөрмандарынын арасында ар кандай айың кепке кабылган. Анын исламга болгон кызыгуусу Брахим Зайбат аттуу алжир улутундагы мусулман сүйүктүүсүнүн себебинен улам болгон. Булардын Турциядагы мечиттердин бирине зыярат кылгандагы сүрөттөрү дүйнөлүк медиага таркап кеткен.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1017 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:09

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Британияда туристтерге 1,3 миллион долларга “алко-тур” сунуштап жатышат. Саякаттоо он аймак боюнча өтөт. Анын алкагында туристтер эң кымбат жана элиталык спирт ичимдиктеринен ооз тийип, люкс-классындагы мейманканаларда эс алат. Бир эле саякаттын ичинде туристтер Монако, Лас-Вегас, Дубай, Мельбурн, Порто-Черво сыяктуу шаарларга барып келет. Менюда, ошондой эле, дүйнөдөгү эң кымбат виски деп эсептелген Dalmore Trinitas бар.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1018 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:11

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Жубайлар генетикалык жактан бири-бирине окшошуп келет. Мындай чечимге АКШнын Денвер университетинин окумуштуулары келди. Алар 2 миңден ашык америкалыктарды изилдеп, жубайлардын ортосундагы генетикалык айырма азыраак болоорун аныктады. Бирок окумуштуулар мунун себебин азырынча түшүндүрө албай жатат. Балким, адам экинчи түгөйүн өзүнө окшоштуруп табышы мүмкүн.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1019 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:15

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

ОРОЗО РАК ИЛДЕТИНИН КОРКУНУЧУН АЗАЙТАТ:

Америкалык окумуштуулардын тобу белгилүү убакыттагы ачкалык адам организмине жагымдуу жагдай түзөөрүн далилдешкен. Ачка болуунун пайдасы өзгөчө дем кыстыгуудан жапа чеккендерге пайдалуу. Организмдеги азыктын азайышы организмдин ички системасына чакырык таштап, кандай симптомдор болбосун күрөшүүнү активдештирет экен. Окумуштуулар орозонун таасиринен өзгөчө, рак клеткаларынын өсүү деңгээлин жайлатуу жогорку көрсөткүчтө экенин айтышкан. Ислам медицинасын изилдөөчүлөр Пайгамбар сүннөтүндөгү ар бир абал адам саламаттыгына кам көрүү экенин ырасташкан. Алардын бири катары мына минтип орозонун ден-соолукка тийгизен пайдасы арбын экенин айтып чыгышты.

Орозо Аллахтын парз кылган өкүмү болгону үчүн ага амал кылып жүргөн болсок, эми Аллахтын өкүмүндө инсан үчүн пайда бар экенин да сезе жүрөлүк. Ал пайда, бүгүн биздин акылыбыз жетип жаткан саламаттыкка жеткирген дарылоо жолу болсо, андан да улуусу биз али сезип, биле элек Акырет күнү чексиз сооп-сыйлыкка жеткирген жеңишибиз болот.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1020 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 14:17

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Адамдын орточо эсеп менен жашоосундагы өскөн чачынын узундугу 725 километрди түзөт экен.

Адам организминде жашаган бардык бактериялардын салмагын кошсо, 2 килограмм болот экен.

Адам организминдеги эң күчтүү булчуң - тил.


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 49
  • 50
  • 51
  • 52
  • 53
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 10 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 10, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 31 Июл 2025 04:18

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: