Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1081 25 Июнь 2014 - 16:33
Айланып эле ушул темага кирчүү болдум го

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым.
.!
#1082 25 Июнь 2014 - 20:48
#1083 25 Июнь 2014 - 20:49
#1084 25 Июнь 2014 - 20:51
Кытай:
Жумушчусуна "учкашып"
сейилдеген жетекчи жумуштан кетти.
Интернет колдонуучуларынын басымы менен жоосунсуз жоруктуу жетекчи ишинен айдалды. Суу ташкын жүрүп жаткан Ланьтянь айылынын мамлекеттик кызматкери Ван өзүнүн кол алдында иштеген кызматкеринен суу каптаган аймактан аркасына көтөрүп өтүүсүн буюрган. Ага кызмат кылган ишчинин артына "учкашып" бараткан жетекчинин тартып алынган сүрөтү интернетке тарап кеткен. Гуйси шаарынын китеп жабдуулары жетекчилигинин директорунун орун басары Ван көптөгөн нараазычылыктардан улам жумуштан кетти.

#1085 25 Июнь 2014 - 20:57
Американын Миннеаполис штатында атактуулардын "жаны" сатылууда.
Американын Миннеаполис штатындагы "SoulsRUs" дүкөнүндө атактуулардын "жаны" банкаларга салынып, 15 доллардан сатылууда. Мындай маалыматты 18-июнда чет элдик маалымат каражаттары таркатышты.
Сатуучу Молли Гейтс аттуу айымдын айтымында, "жаны" күлгүн түстө, кебездей болот. Атактуулардын жанын алар уктап жатканда кармап алат. Бирок кантип кармаары тууралуу ачык айткан эмес.
Гейтс өткөн жылдын 18-декабрынан тарта мындай өзгөчө товарды сата баштаса да, эми гана ишмердигин ачыктап отурат. Анын дүкөнүнөн Райан Гослинг, Бейонсе, Опра Уинфри, Женнифер Лоуренс жана башкалардын "жаны" сатылган. Ар бир банканын сыртына атактуулардын аты-жөнүн жазып коёт.
Молли Гейтс "жанды уурдоо - оруксунтууну жаратпаган операция" дейт.
Кызыгы, атактуулардын "жаны" өлкөдөн сыртка чыгарылбайт. Тагыраак айтканда, чет өлкөлүктөргө сатылбайт. Банкадагы "жанга" кызыккан журналисттердин бири ачып көрүп, андагы жөргөмүштүн жасалма желесин, анын баллондогу кадимки сыр менен боёлгонун көрүп таң калгандыгын айткан.
Автор: Дамира Арстанова.

#1086 25 Июнь 2014 - 21:13
Шылуундар “олжосуз” калды.
Үйдө отурсам телефонума жашырылган номерден бирөө чалып калды. Үнү тааныш эмес, шашып сүйлөйт:
- Алло, эже, кандайсыз?
- Жакшы, ким бул?
- Мен Зайнидинмин, Москвадагы. Зайнидин бир тууган тагамдын баласы. Москвада эл катары иштеп жүрөт.
- Зайнидин? (Ал менден 7 жаш улуу, мени эже дебеш керек эле деп шектене түштүм). – Анан эмнеге мени сиз деп жатасың?
- Эже, мен Зайнидин менен чогуу иштеген баламын. Иш чатак. Зайнидин камалып кете турган болуп атат. Ал иштеген жерде бир бала өлүп калып, баарын Зайнидиндин мойнуна илгени жатышат. Сиз Бишкекте турасызбы? Анын апасынын номерлерин бериңизчи, срочно!
- А сен эмнеге жашыруун номерден чалып жатасың?
- Менин номерим 0555631045. Шашып сүйлөп, телефонун коюп салды.
Буга чейин минтип телефон аркылуу алдагандарды көп угуп, окуп калган элем. Ошолордун бири болсо керек деп ойлодум. Зайнидиндин Москвадагы номерин таап өзүнө чалсак, аман-эсен эле иштеп жүрүптүр. Мындай кабарды угуп шок болду. Менин номеримди ошол шылуундар кайдан табат, Зайнидин экөөбүздүн туугандык байланышыбызды кайдан билип алышат (?) деген суроолорго жооп издеп жаттым. Жообу деле көп узатпай билинди. Көрсө, булар алгач жолдошума чалган экен. Номерди оюнан чыгарып эле терген болушу мүмкүн. Же болбосо, анын номери гезитте, жумушу боюнча жазылып жүрөт, ошол жактан көрсө керек. Ага чалып:
- Жезде, кандайсыз? – дейт. Эми эркектердин баары эле бирөөгө болбосо, бирөөгө жезде да.
- Жакшы, ким бул? – дейт жолдошум.
- Ээ, жезде, тааныбай атасызбы? Москвада ким бар эле өзү? – суроо узатат.
- Зайнидинсиңби? ! – дейт кайырмакка илинип. Бирок эмнеге жезде деп атканын түшүнбөй. Шылуундар Зайнидин деген тууганы Москвада экенин илип алышат дагы:
- Эжемдин номерин бериңизчи? – дейт. Алгач эч нерседен кам санабай менин номеримди берип коёт. Ушинтип эле өзүбүз кайырмакка илинип берет экенбиз да, көрсө. Мен апасынын номерин бербей койгондон кийин жолдошума кайра чалыптыр:
- Жезде, Зайнидин экөөбүздү камай турган болуп мен качып араң келатам. Азыр чек арада турам. Мени өткөрбөй кармап атышат. Жаныңызда 1000 сом болсо, мага бирдик салып туруңузчу, мен азыр шаарга барып кайрып берем, – деп. Бирдик сал дегенди укканда эле жолдошум дагы шылуундар экенин байкап калыптыр. Берген номерине чалып текшерип көрөлү десек, коңгуроолорго бөгөт коюп коюптур. Мына ушинтип, бул жолу шылуундар “олжосуз” калды. А бул тууралуу маалыматы жок адамдар, жакын тууганынын кырсыкка кабылганын угаары менен дароо бирдик салып беришип, акчасынан күйүп кала беришет да. Балким, бул окуя дагы бир канча адамдарды шылуундардын кайырмагына илинүүдөн сактап калаар.

#1087 25 Июнь 2014 - 21:20
Apple компаниясынын буюмдарын колдонгондордун саны 1 жылда 130 млн. кишини түздү.
Өткөн жылга караганда Apple компаниясынын буюмдарын колдонгондордун саны 130 млн. кишиге көбөйдү. Бул жыйынтыкты аталган компаниянын жетекчиси Тим Кук маалымат жыйынында билдирди. Ага ылайык, 2013-жылы 800 миллион уюлдук телефон сатылган. Аны менен катар 500 миллион смартфон өз ээлерин тапкан. "Компаниянын тарыхында биринчи жылы быйыл 130 миллион киши биз чыгарган буюмдарды сатып алышты," - дейт Тим Кук.

#1088 25 Июнь 2014 - 21:21
Эки кыргызстандык Москванын көлмөсүндө чөгүп кетти. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей,
алар Чертанов көлмөсүндө спирт ичимдиктерин ичип отурган. Эркектердин бири сууга секирип, дароо эле чөгүп баштаган. Аны куткарам деп секирген экинчи кыргызстандык дагы кайра сүзүп чыга алган жок. Жыйынтыгында,
3 күн издөөлөрдөн кийин Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары чөгүп кеткендердин сөөктөрүн алып чыкты.
#1089 25 Июнь 2014 - 21:26
Новосибирск шаарында Европада эң ири оодарылган үй курулду. Долбоордун авторлорунун айтымында, эки кабаттуу үйдө кадимки турак-жайлардагыдай эле бардыгы бар, болгону алар буту менен асманды карап турат. Андан тышкары, тиричилик техникасы иштейт. Күтүлгөндөй,
бул жаңычылдык өзгөчө сүрөткө түшүүчүлөр арасында сүймөнчүлүккө ээ болот. Үй атайын эки тарапка ылдый болуп, серпилип тургансып көрүнөт.

#1090 25 Июнь 2014 - 21:32
Айии да кызыктуу маалыматтарго!
Мунун баарын кайдан алып жатасыңар?

Прежде чем осуждать
кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
#1091 25 Июнь 2014 - 21:34
Улуу Британиядагы Тредворт шаарында эргулдар кебетеси Гитлерге окшош болгондугу үчүн мышыкты сабап, таштанды салынуучу челекке ыргытып кетишти. Бул тууралуу 23-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Баз аттуу ала мышыкты жергиликтүү калк тумшугундагы кара түгүнө карап Гитлер деп аташчу. Бул мышыктын ээси Кирсти Спэрроу "Баз кебетеси үчүн садисттердин ур-токмогуна, шылдыңына кабылып, көзүнөн айрылып калды. Ал Гитлерге окшош болгону үчүн күнөөлүү эмес. Жакшынакай, сүйкүмдүү, тартынчаак жаныбар" - дейт.
Мышыктын кожойкесинин айтымында, ал дем алыш күнү сейилдегени сыртка чыгып, кайра кайтпай калган. Сарсанаа болгон Кристи интернет аркылуу ага издөө жарыялаган. Эртеси күнү эле кошунасы Баз таштанды салынган челек жакта жүргөнүн айтат. Көп өтпөй Баз үйгө өзү кирип келген.
Жыйынтыгында Кристи мышыгынын көзүнө 50 миң сомдон ашык каражатка операция жасаткан. Учурда полиция кызматкерлери мындай мыкаачылыкка кимдер барганын аныкташууда.
Фото: Интернеттен алынды.

#1092 25 Июнь 2014 - 21:34
Дүйнөгө белгилүү комик актёр Роуэн Аткинсон ислам динин кабыл алганын жар салды. Актёрдун бул кадамын кубаттаган Тунис «Аль-Нахда» (Кайра жаралуу) башкаруу партиясынын лидери Рашид
Ганнуши куттуктады. Партия лидери менен Аткинсондун мурдатан байланышы бар. Актёр Исламга болгон кызыгуусун интернетте жарыяланган Мухаммад (Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбардын абийирине шек келтирген фильмден кийин пайда болгондугу менен түшүндүрөт. Жаман күмөндүү автордун картинасы Аткинсондун ислам тууралуу туура, жеткиликтүү маалымат издешине түрткү берген. Ал мурдатан исламофобия жобосун катуу сындаган эле.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 21:38
#1093 25 Июнь 2014 - 21:40
92 ЖАШТАГЫ АДАМ МУСУЛМАНЧЫЛЫКТЫ КАБЫЛ АЛГАН.
Белгиялык Георгетта аттуу айым 92 жашында мусулманчылыкты кабыл алган. Анын бир кызы болсо да, карылар үйүндө жашачу экен. Карылар үйү жабылып калганына байланыштуу Георгеттаны мурдагы коңшусу Мухаммед ысымдуу мусулман карамагына алат. Георгетта бул үйгө барган күндөн таасирленгенин жашырбайт.
«Мен бул үйгө келгенде алардын бирге сыйынганын, бири-бирине болгон камкордугун, мамилелерин, үй-бүлөнү кандай баалашаарын байкадым. Мунун менин кунарсыз үй-бүлөмдөн айырмасы чоң эле. Мен бул үйдөн Исламдын тынчтыгына бөлөндүм. Таасирлендим. Исламды кабыл алдым. Менин бул кадамыма мени тааныбаган эле адамдар кубанып, кучактап куттуктап жатышты. «Диндеш тууганыбыз, » - дешип колумду өөп, сыйга орошту. Мага буга чейин эч ким мындай мамиле кылган эмес. Мен үчүн бул чоочун эле,» - дейт бакыт жолун тапкан кары.

#1094 25 Июнь 2014 - 21:43
1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет.
Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган болчу. «Өзбеккино» тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы - Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу документалдуу фильмдерд
и байма-бай тартып турушканы менен ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы болсо, алгачкы жолу “Чапаев”, “Он учуну?”, “Ленин октябрда” деген фильмдерин кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн.
1960-1970-жж. «Кыргызфильмде» Чынгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган.
Айтматовду тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько («Аптап» («Зной»)), Андрей Кончаловский («Биринчи мугалим» («Первый учитель»)) сыяктуу режиссерлор эмгек таржымалын башташкан. Кийинчерээк бул студияда кыргыздын белгилуу режиссёрлору:
Болотбек Шамшиев («Караш-Караш»,
«Ак-Кеме», «Фудзиямага которолуу») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенишкен.
1972-ж. Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу тасмасын жарыкка чыгарган. Бул тасма «истерн» үлгүсүндөгү тасмалардын бири болуп эсептелет.
#1095 25 Июнь 2014 - 21:45
Каргалар адамдардын келбетин 5 жылдан кийин деле тааный алат. Андан тышкары, бул канаттуулар кекчил келет. Эгер сиз каргага зыян келтирсеңиз,
абайлап жүрүү керек. Зоологдордун айтымында, каргалар үйүр менен чогулуп, адамга зыян келтириши мүмкүн. Айрым учурларда өч алуу бир нече ирет кайталанышы мүмкүн. Андыктан, каргаларга зыян келтирбей эле койгон оң.

#1096 25 Июнь 2014 - 21:50
Ырым-
жырымдарга катуу ишенген кесип ээлеринин тизмеги:
1) Дарыгерлер: Алар күзөт кезектерин алмашпай турганга аракет жасашат. Эгер алмашса, оор смена туш келет деген сөз бар.
2) Учкучтар: Алар учуунун алдында эч качан сүрөткө түшпөйт.
3) Музыканттар: Концерт алдында алар оң бутунан гана турат.
4) Театр актерлору: Эгер сахнадан кагаз колунан түшүп кетсе, ага биринчи отуруп, аны менен кошо турушат.
5) Флот кызматкерлери: Кемеде жүргөндө асманды кол менен көрсөтүшпөйт. Анткени, жаман аба-ырайы болушу мүмкүн.
6) Саперлор: Алар чакырууга жөнөп жатканда такыр коштошпойт. “Эч качан” деген сөздү такыр колдонбойт.
7) Өрт өчүрүүчүлөр:
8) Космонавттар: Алар эч качан космоско дүйшөмбү күндөрү учпайт.

#1097 25 Июнь 2014 - 21:54
АКШда өзүнүн аялын он жыл туткунда кармаган адам кармалды.
41 жаштагы Исидро Гарсиага адам уурдаган, зордуктаган жана алдамчылык кылган деген күнөөлөр коюлууда.
Калифорния штатында он беш жашында жоголуп кетип, он жылдан кийин табылган аял зордук менен турмушка чыгып, туткунда кармалып, балалуу болгонун полицияга айтып берди.
Санта-Анадагы атын атабаган аялды эжеси Facebook аркылуу таап алгандан кийин алар полиция менен байланышкан.
Ушул шаардан 41 жаштагы Исидро Гарсиа шейшембиде адам уурдаган, зордуктаган жана алдамчылык кылган деген негизде камакка алынды.
Полициянын айтымында, ал кыздын үй-бүлөсү менен чогуу жашап жүргөн экен. Гарсиа 2004-жылы кыздын энеси менен таанышып, Санта-Ана шаарында аны менен чогуу жашап баштаган.
Ошол жылы июнда ал он беш жаштагы кызга жыныстык ой менен жабышып баштаган. Эки айдан кийин кыздын энеси менен чырдашып, өспүрүм кызды уурдап кетип, Комптондогу үйүнө алып барып, ага баңгизат берип, гаражда камап чыгарбай жүргөн.
Ал өзүнүн туткунуна андан үй-бүлөсү баш тартканын, эгер барса дагы аны кайра кууп жиберет деп алдап, жасалма паспорт алып берген.
Гарсиа 2007-жылы өзү уурдап келген кызга зордук менен үйлөнүп, андан эки балалуу болуптур.
Бир жыл мурда Огайо штатында Кливленд шаарында он жылга жакын убакыт жоголуп жүргөн үч аял аман-эсен табылып, куткарылган окуя болгон эле.
Аларды уурдап кетип, он жыл бою камакта кармап зордуктап жүргөн Ариел Кастро 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылгандан кийин түрмөдө өзүн-өзү өлтүргөн.

#1098 25 Июнь 2014 - 21:56
Германиялык жигит өзүнө кошумча "эки ооз" жасап алды.
Өзүнө кошумча “эки ооз” жасап алган германиялык 23 жаштагы Жоэль Мигглер аттуу жигиттин бул кылыгы интернет айдыңында кызуу талкуу жаратууда. Ал 13 жашынан бери экстремалдык боди-арт жана пирсингдерди жасап келет. Бул тууралуу 22-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Жоэль алгач 13 жашында кулагын тешсе, кийин тилин тең ортосунан кесип, “жылан тилдүү” болгон. Андан соң эки жаагын көзөгөнгө жетишкен. Ал көзөнөктөрдү кеңейтип отуруп 36 миллиметрге жеткирген. Ал тешик аркылуу жаш жигиттин “жылан тилин”, оозунун ичин көрүүгө болот. Экстремал эми бул көзөнөктөрдү 40 миллиметрге жеткирүүнү пландоодо.
Жоэль көчөгө чыкканда элди чоочутуп албоо үчүн жана тамак жегенде кошумча “эки оозун” атайын капкактар менен жаап алат экен.

#1099 25 Июнь 2014 - 22:00
Кытайдын Юньнань провинциясында өзгөчө жуптун сейилдеп жүрүшүн көрсө болот. Ит, анын үстүнө минин алган мышык күнүгө шаар аралап сейилдеп чыгат. Ванцай жана Миминин ээси Сюй Цзиньдин айтымында, ал дагы мындай достукка таң калуу менен карайт. Ал итти сыртка алып чыгаардын алдында эле, мышык мыяулап баштагандыктан,
аны да сейилдегенге алып чыга баштаган. Бирок аз эле басканда мышык чарчап баштап, итке минип ала турган болду.

#1100 25 Июнь 2014 - 22:01