Суперстан: Шумдугуң кургур - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Эркин тема
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы

#1081 Пользователь офлайн   kuba.94kg   25 Июнь 2014 - 16:33

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Айланып эле ушул темага кирчүү болдум го :oilonup:
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1082 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 20:48

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Түштүк Африка президентин сатууну аракет кылышты. Онлайн-аукциондо аталган өлкөнүн учурдагы президенти сатылууда деген маалымат жарыяланды. Анда “сатам же мындан ийгиликтүү моделге алмашам” деген жазуу калтырылган. Автор табылдыбы же жокпу белгисиз, бирок маалымат сатыктан алынды.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1083 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 20:49

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Нью- Йоркто көпүрө алдында сууда рояль табылды. Бруклин көпүрөсүнүн алдындагы музыкалык аспапты жергиликтүү тургундар көрүп, социалдык баракчага жүктөп баштаган. Муну көргөн башка колдонуучулар да ал жерге келип, сүрөткө тартышууда. Андыктан, учурда бул рояль шаарда өтө популярдуу болуп жатат.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1084 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 20:51

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытай: Жумушчусуна "учкашып" сейилдеген жетекчи жумуштан кетти.

Интернет колдонуучуларынын басымы менен жоосунсуз жоруктуу жетекчи ишинен айдалды. Суу ташкын жүрүп жаткан Ланьтянь айылынын мамлекеттик кызматкери Ван өзүнүн кол алдында иштеген кызматкеринен суу каптаган аймактан аркасына көтөрүп өтүүсүн буюрган. Ага кызмат кылган ишчинин артына "учкашып" бараткан жетекчинин тартып алынган сүрөтү интернетке тарап кеткен. Гуйси шаарынын китеп жабдуулары жетекчилигинин директорунун орун басары Ван көптөгөн нараазычылыктардан улам жумуштан кетти.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1085 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 20:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Американын Миннеаполис штатында атактуулардын "жаны" сатылууда.

Американын Миннеаполис штатындагы "SoulsRUs" дүкөнүндө атактуулардын "жаны" банкаларга салынып, 15 доллардан сатылууда. Мындай маалыматты 18-июнда чет элдик маалымат каражаттары таркатышты.
Сатуучу Молли Гейтс аттуу айымдын айтымында, "жаны" күлгүн түстө, кебездей болот. Атактуулардын жанын алар уктап жатканда кармап алат. Бирок кантип кармаары тууралуу ачык айткан эмес.
Гейтс өткөн жылдын 18-декабрынан тарта мындай өзгөчө товарды сата баштаса да, эми гана ишмердигин ачыктап отурат. Анын дүкөнүнөн Райан Гослинг, Бейонсе, Опра Уинфри, Женнифер Лоуренс жана башкалардын "жаны" сатылган. Ар бир банканын сыртына атактуулардын аты-жөнүн жазып коёт.
Молли Гейтс "жанды уурдоо - оруксунтууну жаратпаган операция" дейт.
Кызыгы, атактуулардын "жаны" өлкөдөн сыртка чыгарылбайт. Тагыраак айтканда, чет өлкөлүктөргө сатылбайт. Банкадагы "жанга" кызыккан журналисттердин бири ачып көрүп, андагы жөргөмүштүн жасалма желесин, анын баллондогу кадимки сыр менен боёлгонун көрүп таң калгандыгын айткан.

Автор: Дамира Арстанова.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1086 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:13

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Шылуундар “олжосуз” калды.

Үйдө отурсам телефонума жашырылган номерден бирөө чалып калды. Үнү тааныш эмес, шашып сүйлөйт:
- Алло, эже, кандайсыз?
- Жакшы, ким бул?
- Мен Зайнидинмин, Москвадагы. Зайнидин бир тууган тагамдын баласы. Москвада эл катары иштеп жүрөт.
- Зайнидин? (Ал менден 7 жаш улуу, мени эже дебеш керек эле деп шектене түштүм). – Анан эмнеге мени сиз деп жатасың?
- Эже, мен Зайнидин менен чогуу иштеген баламын. Иш чатак. Зайнидин камалып кете турган болуп атат. Ал иштеген жерде бир бала өлүп калып, баарын Зайнидиндин мойнуна илгени жатышат. Сиз Бишкекте турасызбы? Анын апасынын номерлерин бериңизчи, срочно!
- А сен эмнеге жашыруун номерден чалып жатасың?
- Менин номерим 0555631045. Шашып сүйлөп, телефонун коюп салды.
Буга чейин минтип телефон аркылуу алдагандарды көп угуп, окуп калган элем. Ошолордун бири болсо керек деп ойлодум. Зайнидиндин Москвадагы номерин таап өзүнө чалсак, аман-эсен эле иштеп жүрүптүр. Мындай кабарды угуп шок болду. Менин номеримди ошол шылуундар кайдан табат, Зайнидин экөөбүздүн туугандык байланышыбызды кайдан билип алышат (?) деген суроолорго жооп издеп жаттым. Жообу деле көп узатпай билинди. Көрсө, булар алгач жолдошума чалган экен. Номерди оюнан чыгарып эле терген болушу мүмкүн. Же болбосо, анын номери гезитте, жумушу боюнча жазылып жүрөт, ошол жактан көрсө керек. Ага чалып:
- Жезде, кандайсыз? – дейт. Эми эркектердин баары эле бирөөгө болбосо, бирөөгө жезде да.
- Жакшы, ким бул? – дейт жолдошум.
- Ээ, жезде, тааныбай атасызбы? Москвада ким бар эле өзү? – суроо узатат.
- Зайнидинсиңби? ! – дейт кайырмакка илинип. Бирок эмнеге жезде деп атканын түшүнбөй. Шылуундар Зайнидин деген тууганы Москвада экенин илип алышат дагы:
- Эжемдин номерин бериңизчи? – дейт. Алгач эч нерседен кам санабай менин номеримди берип коёт. Ушинтип эле өзүбүз кайырмакка илинип берет экенбиз да, көрсө. Мен апасынын номерин бербей койгондон кийин жолдошума кайра чалыптыр:
- Жезде, Зайнидин экөөбүздү камай турган болуп мен качып араң келатам. Азыр чек арада турам. Мени өткөрбөй кармап атышат. Жаныңызда 1000 сом болсо, мага бирдик салып туруңузчу, мен азыр шаарга барып кайрып берем, – деп. Бирдик сал дегенди укканда эле жолдошум дагы шылуундар экенин байкап калыптыр. Берген номерине чалып текшерип көрөлү десек, коңгуроолорго бөгөт коюп коюптур. Мына ушинтип, бул жолу шылуундар “олжосуз” калды. А бул тууралуу маалыматы жок адамдар, жакын тууганынын кырсыкка кабылганын угаары менен дароо бирдик салып беришип, акчасынан күйүп кала беришет да. Балким, бул окуя дагы бир канча адамдарды шылуундардын кайырмагына илинүүдөн сактап калаар.




Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1087 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:20

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Apple компаниясынын буюмдарын колдонгондордун саны 1 жылда 130 млн. кишини түздү.

Өткөн жылга караганда Apple компаниясынын буюмдарын колдонгондордун саны 130 млн. кишиге көбөйдү. Бул жыйынтыкты аталган компаниянын жетекчиси Тим Кук маалымат жыйынында билдирди. Ага ылайык, 2013-жылы 800 миллион уюлдук телефон сатылган. Аны менен катар 500 миллион смартфон өз ээлерин тапкан. "Компаниянын тарыхында биринчи жылы быйыл 130 миллион киши биз чыгарган буюмдарды сатып алышты," - дейт Тим Кук.


Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1088 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:21

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Эки кыргызстандык Москванын көлмөсүндө чөгүп кетти. Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришкендей, алар Чертанов көлмөсүндө спирт ичимдиктерин ичип отурган. Эркектердин бири сууга секирип, дароо эле чөгүп баштаган. Аны куткарам деп секирген экинчи кыргызстандык дагы кайра сүзүп чыга алган жок. Жыйынтыгында, 3 күн издөөлөрдөн кийин Россиянын өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары чөгүп кеткендердин сөөктөрүн алып чыкты.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1089 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:26

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Новосибирск шаарында Европада эң ири оодарылган үй курулду. Долбоордун авторлорунун айтымында, эки кабаттуу үйдө кадимки турак-жайлардагыдай эле бардыгы бар, болгону алар буту менен асманды карап турат. Андан тышкары, тиричилик техникасы иштейт. Күтүлгөндөй, бул жаңычылдык өзгөчө сүрөткө түшүүчүлөр арасында сүймөнчүлүккө ээ болот. Үй атайын эки тарапка ылдый болуп, серпилип тургансып көрүнөт.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1090 Пользователь офлайн   konfetka_love   25 Июнь 2014 - 21:32

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 077
  • Катталган: 05 Апрель 13
  • Соңку аракети: 27 Апр 2020 10:20
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Жашыруун

Айии да кызыктуу маалыматтарго! Сүрөт Мунун баарын кайдан алып жатасыңар?
Прежде чем осуждать кого-то, возьми его обувь и пройди его путь!!!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1091 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Улуу Британиядагы Тредворт шаарында эргулдар кебетеси Гитлерге окшош болгондугу үчүн мышыкты сабап, таштанды салынуучу челекке ыргытып кетишти. Бул тууралуу 23-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Баз аттуу ала мышыкты жергиликтүү калк тумшугундагы кара түгүнө карап Гитлер деп аташчу. Бул мышыктын ээси Кирсти Спэрроу "Баз кебетеси үчүн садисттердин ур-токмогуна, шылдыңына кабылып, көзүнөн айрылып калды. Ал Гитлерге окшош болгону үчүн күнөөлүү эмес. Жакшынакай, сүйкүмдүү, тартынчаак жаныбар" - дейт.

Мышыктын кожойкесинин айтымында, ал дем алыш күнү сейилдегени сыртка чыгып, кайра кайтпай калган. Сарсанаа болгон Кристи интернет аркылуу ага издөө жарыялаган. Эртеси күнү эле кошунасы Баз таштанды салынган челек жакта жүргөнүн айтат. Көп өтпөй Баз үйгө өзү кирип келген.

Жыйынтыгында Кристи мышыгынын көзүнө 50 миң сомдон ашык каражатка операция жасаткан. Учурда полиция кызматкерлери мындай мыкаачылыкка кимдер барганын аныкташууда.

Фото: Интернеттен алынды.
Автор: Дамира Арстанова.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1092 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:34

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Дүйнөгө белгилүү комик актёр Роуэн Аткинсон ислам динин кабыл алганын жар салды. Актёрдун бул кадамын кубаттаган Тунис «Аль-Нахда» (Кайра жаралуу) башкаруу партиясынын лидери Рашид
Ганнуши куттуктады. Партия лидери менен Аткинсондун мурдатан байланышы бар. Актёр Исламга болгон кызыгуусун интернетте жарыяланган Мухаммад (Аллахтын тынчтыгы болсун) пайгамбардын абийирине шек келтирген фильмден кийин пайда болгондугу менен түшүндүрөт. Жаман күмөндүү автордун картинасы Аткинсондун ислам тууралуу туура, жеткиликтүү маалымат издешине түрткү берген. Ал мурдатан исламофобия жобосун катуу сындаган эле.

Сүрөт

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 25 Июнь 2014 - 21:38

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1093 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:40

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

92 ЖАШТАГЫ АДАМ МУСУЛМАНЧЫЛЫКТЫ КАБЫЛ АЛГАН.

Белгиялык Георгетта аттуу айым 92 жашында мусулманчылыкты кабыл алган. Анын бир кызы болсо да, карылар үйүндө жашачу экен. Карылар үйү жабылып калганына байланыштуу Георгеттаны мурдагы коңшусу Мухаммед ысымдуу мусулман карамагына алат. Георгетта бул үйгө барган күндөн таасирленгенин жашырбайт.
«Мен бул үйгө келгенде алардын бирге сыйынганын, бири-бирине болгон камкордугун, мамилелерин, үй-бүлөнү кандай баалашаарын байкадым. Мунун менин кунарсыз үй-бүлөмдөн айырмасы чоң эле. Мен бул үйдөн Исламдын тынчтыгына бөлөндүм. Таасирлендим. Исламды кабыл алдым. Менин бул кадамыма мени тааныбаган эле адамдар кубанып, кучактап куттуктап жатышты. «Диндеш тууганыбыз, » - дешип колумду өөп, сыйга орошту. Мага буга чейин эч ким мындай мамиле кылган эмес. Мен үчүн бул чоочун эле,» - дейт бакыт жолун тапкан кары.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1094 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:43

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

1941-жылдын 17-ноябры тарыхта кыргыз киносунун жаралышы катары эсептелинет. Анткени ушул күнү Совет элдик комитети “Фрунзе шаарында кинохроникалык студия курулсун” деген буйрук чыгарып, ал 1942-жылы иш жүзүнө ашкан. Бирок кыргыз жеринде 1927-жылы эле фильм тартылган болчу. «Өзбеккино» тарткан “Жабык араба” аттуу толук метраждуу тасмада алгачкы кыргыз актрисасы - Айша Түмөнбаева башкы ролду ойногон. Cоюздаш улуттар кыргыз жерине өтө кызыгып, ал тууралуу документалдуу фильмдерд и байма-бай тартып турушканы менен ата мекендик көркөм фильм жаралган эмес. 1941-жылы болсо, алгачкы жолу “Чапаев”, “Он учуну?”, “Ленин октябрда” деген фильмдерин кыргыз тилинде сүйлөтүшкөн. 1960-1970-жж. «Кыргызфильмде» Чынгыз Айтматовдун көптөгөн чыгармалары экрандаштырылган. Айтматовду тасмада чагылдыруудан Лариса Шепитько («Аптап» («Зной»)), Андрей Кончаловский («Биринчи мугалим» («Первый учитель»)) сыяктуу режиссерлор эмгек таржымалын башташкан. Кийинчерээк бул студияда кыргыздын белгилуу режиссёрлору: Болотбек Шамшиев («Караш-Караш», «Ак-Кеме», «Фудзиямага которолуу») жана Төлөмүш Океев («Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму») эмгектенишкен. 1972-ж. Болот Шамшиев «Ысык-Көлдүн кызгалдактары» аттуу тасмасын жарыкка чыгарган. Бул тасма «истерн» үлгүсүндөгү тасмалардын бири болуп эсептелет.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1095 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:45

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Каргалар адамдардын келбетин 5 жылдан кийин деле тааный алат. Андан тышкары, бул канаттуулар кекчил келет. Эгер сиз каргага зыян келтирсеңиз, абайлап жүрүү керек. Зоологдордун айтымында, каргалар үйүр менен чогулуп, адамга зыян келтириши мүмкүн. Айрым учурларда өч алуу бир нече ирет кайталанышы мүмкүн. Андыктан, каргаларга зыян келтирбей эле койгон оң.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1096 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:50

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Ырым- жырымдарга катуу ишенген кесип ээлеринин тизмеги:
1) Дарыгерлер: Алар күзөт кезектерин алмашпай турганга аракет жасашат. Эгер алмашса, оор смена туш келет деген сөз бар.
2) Учкучтар: Алар учуунун алдында эч качан сүрөткө түшпөйт.
3) Музыканттар: Концерт алдында алар оң бутунан гана турат.
4) Театр актерлору: Эгер сахнадан кагаз колунан түшүп кетсе, ага биринчи отуруп, аны менен кошо турушат.
5) Флот кызматкерлери: Кемеде жүргөндө асманды кол менен көрсөтүшпөйт. Анткени, жаман аба-ырайы болушу мүмкүн.
6) Саперлор: Алар чакырууга жөнөп жатканда такыр коштошпойт. “Эч качан” деген сөздү такыр колдонбойт.
7) Өрт өчүрүүчүлөр:
8) Космонавттар: Алар эч качан космоско дүйшөмбү күндөрү учпайт.

Сүрөт

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1097 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:54

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

АКШда өзүнүн аялын он жыл туткунда кармаган адам кармалды.

41 жаштагы Исидро Гарсиага адам уурдаган, зордуктаган жана алдамчылык кылган деген күнөөлөр коюлууда.
Калифорния штатында он беш жашында жоголуп кетип, он жылдан кийин табылган аял зордук менен турмушка чыгып, туткунда кармалып, балалуу болгонун полицияга айтып берди.
Санта-Анадагы атын атабаган аялды эжеси Facebook аркылуу таап алгандан кийин алар полиция менен байланышкан.

Ушул шаардан 41 жаштагы Исидро Гарсиа шейшембиде адам уурдаган, зордуктаган жана алдамчылык кылган деген негизде камакка алынды.
Полициянын айтымында, ал кыздын үй-бүлөсү менен чогуу жашап жүргөн экен. Гарсиа 2004-жылы кыздын энеси менен таанышып, Санта-Ана шаарында аны менен чогуу жашап баштаган.
Ошол жылы июнда ал он беш жаштагы кызга жыныстык ой менен жабышып баштаган. Эки айдан кийин кыздын энеси менен чырдашып, өспүрүм кызды уурдап кетип, Комптондогу үйүнө алып барып, ага баңгизат берип, гаражда камап чыгарбай жүргөн.
Ал өзүнүн туткунуна андан үй-бүлөсү баш тартканын, эгер барса дагы аны кайра кууп жиберет деп алдап, жасалма паспорт алып берген.
Гарсиа 2007-жылы өзү уурдап келген кызга зордук менен үйлөнүп, андан эки балалуу болуптур.
Бир жыл мурда Огайо штатында Кливленд шаарында он жылга жакын убакыт жоголуп жүргөн үч аял аман-эсен табылып, куткарылган окуя болгон эле.
Аларды уурдап кетип, он жыл бою камакта кармап зордуктап жүргөн Ариел Кастро 2013-жылы өмүр бою эркинен ажыратылгандан кийин түрмөдө өзүн-өзү өлтүргөн.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1098 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 21:56

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Германиялык жигит өзүнө кошумча "эки ооз" жасап алды.

Өзүнө кошумча “эки ооз” жасап алган германиялык 23 жаштагы Жоэль Мигглер аттуу жигиттин бул кылыгы интернет айдыңында кызуу талкуу жаратууда. Ал 13 жашынан бери экстремалдык боди-арт жана пирсингдерди жасап келет. Бул тууралуу 22-майда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Жоэль алгач 13 жашында кулагын тешсе, кийин тилин тең ортосунан кесип, “жылан тилдүү” болгон. Андан соң эки жаагын көзөгөнгө жетишкен. Ал көзөнөктөрдү кеңейтип отуруп 36 миллиметрге жеткирген. Ал тешик аркылуу жаш жигиттин “жылан тилин”, оозунун ичин көрүүгө болот. Экстремал эми бул көзөнөктөрдү 40 миллиметрге жеткирүүнү пландоодо.

Жоэль көчөгө чыкканда элди чоочутуп албоо үчүн жана тамак жегенде кошумча “эки оозун” атайын капкактар менен жаап алат экен.

Фото: Интернеттен алынды.
Автор: Дамира Арстанова.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1099 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:00

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кытайдын Юньнань провинциясында өзгөчө жуптун сейилдеп жүрүшүн көрсө болот. Ит, анын үстүнө минин алган мышык күнүгө шаар аралап сейилдеп чыгат. Ванцай жана Миминин ээси Сюй Цзиньдин айтымында, ал дагы мындай достукка таң калуу менен карайт. Ал итти сыртка алып чыгаардын алдында эле, мышык мыяулап баштагандыктан, аны да сейилдегенге алып чыга баштаган. Бирок аз эле басканда мышык чарчап баштап, итке минип ала турган болду.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#1100 Пользователь офлайн   MACKA   25 Июнь 2014 - 22:01

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Биз билген ВИЧ СПИД оорусун,1983-жылы Франция академиги ЛЮК МОНТАНЬЕ дүйнөдө биринчи болуп ачкан. Бул оору негизинен Африканын маймылдарынан генетикалык жол менен жуккандыгы айтылып божомолдошкон.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Эркин тема
  • Кийинки тема →

  • (163 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 53
  • 54
  • 55
  • 56
  • 57
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 35 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 35, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 01 Авг 2025 20:23

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: