Адам көзү 576-мегапиксельдик күч-кубатка ээ, салыштырсак iIPone 5 те 8-мегапиксельдик гана камера турат.
Шумдугуң кургур Бири-бирибизди таң калтыралы
#1142 26 Июнь 2014 - 00:21
Ак киттин жүрөгүнүн көлөмү болжол менен Фольксваген Жук автоунаасы менен тең.
#1144 26 Июнь 2014 - 00:24
Кумурскада эки ашказан болот. Биринчисине өзү жеген, ал эми экинчисине үйүнө алып барчу тамагы түшөт.
#1146 26 Июнь 2014 - 00:27
Биринчилерден болуп жаңы жылды автралиялыктар тосот. Болгондо да көл жээгинде. Себеби январь айында Австралияда аба ырайы 30 градуска чейин ысыйт.
#1149 26 Июнь 2014 - 00:33
Эң эски шорпо рецепби б.з.ч. 6000 жылдары пайда болгон. Анын негизги ингредиенти бегемоттун этинен болгон.
#1153 26 Июнь 2014 - 00:38
Иттер бири-биринин көлөмдөрүн көрбөй туруп ырылдаганы аркылуу аныктай алышат.
#1154 26 Июнь 2014 - 00:39
Иттин жыт билүүсү адамдыкына салыштырмалуу 1000 эсе күчтүү өрчүгөн.
#1155 26 Июнь 2014 - 00:45
Адам өлгөндөн кийин үч күнгө чейин анын организминдеги функциялар иштей берет экен. Тырмактары,
чачтары, өсө берет экен. Жана киши өлгөндөн кийин анын бою 15 см. ге чейин узарат экен.
#1156 26 Июнь 2014 - 01:03
АТАКТУУЛАРДЫН ФОБИЯСЫ:
• Француз императору Наполеон Бонапарт ак боз аттардан коркчу экен. Психиатрлар бул жерден анын эки нерседен: Аттан жана ак түстөн коркоорун айтып чыгышкан.
• Өлүмдөн корккон орустун улуу жазуучусу Лев Толстой кээде ызы-чууга алдырып, үйүнөн жылаңач качып чыккан күндөрү болгон деп айтылып келет.
• Орустун примадоннасы Алла Пугачёва асманга көкөлөп учкандан аябай коркот. Фобиясынын айынан мындан бир нече жыл мурда жеке поезд вагонун сатып алгандыгы да айтылат. Эгерде аргасыздан учакка түшүүгө туура келсе, анда ырчы чымындай жаны аман туруусун Кудайдан миң мертебе суранат экен.
• Белгилүү актриса Николь Кидмандын биринчи «душманы» көпөлөк болсо, Бритни Спирс кескелдирикти көргөндө акыл-эсин жоготот.
• Коркунучтуу фильмдердин «падышасы», режиссёр Альфред Хичкок тооктун жумурткасын көргөндө коркконунан кирээрге тешик таппай калат имиш.
• Голливуд актёру Том Круз таз болуп калуудан коркуп, ар бир түшкөн чачын санайт.
• Жазуучу Гёте бийиктикке чыгуудан абдан коркчу. Фобиясынан арылуу үчүн күнүгө мунараларга чыгып жүргөндүгү айтылат.
• Иосиф Сталиндин фобиясы – токсикофобия. Тагыраак айтканда, ал тамакка ууланып калуудан коркчу.

Билдирүүнү түзөткөн: MACKA: 26 Июнь 2014 - 01:03
#1157 26 Июнь 2014 - 01:09
АЛГАЧКЫ КЫРГЫЗ УЧКУЧУ.
Кыргыздан чыккан алгачкы учкуч – Ишенбай Абдыраимов. Ал 1934-ж. 29-сентябрда үч орундуу санитардык самолет менен биринчи жолу учкан. Ардактуу авиатор И. Абдыраимов кыргыздын эле биринчи учкучу эмес, “СССРдин эмгек сиңирген учкучу” деген ардак наамды биринчи болуп алган. СССРдин №1 - учкучу дагы. Ал СССРде жашаган 120 улуттун ичинен 1 - болуп бул наамга татыган кыргыз уулу. 41 жыл учуу майданында иштеп (катардагы учкучтан жарандык авиациянын Кыргызстандагы башкармасынын жетекчилигине чейин), жеке өзү самолёттун 16 тибин өздөштүргөн жана 17000 саат асманда учкан. Орто Азиядагы бирден бир учкучтар окуу жайын Бишкекте уюштурууга жетишкен да И.Абдыраимов болгон.

#1158 26 Июнь 2014 - 01:14
#1159 26 Июнь 2014 - 01:18
#1160 26 Июнь 2014 - 01:19