Дүйнөнүн саналуу гана жерлеринде өскөн Айгүл гүлүн Кыргызстанда бир гана Баткен аймагынан көрүүгө болот. Тактап айтканда, гүл өскөн тоо Айгүл-Таш деп аталып, ал Баткен шаарынан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан. Гүлдүн илимий аты - эдуард чаар гүлү, жыл мезгилинин апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачып турат. Бийиктиги 30 сантиметрден 2 метрге чейин жетип, гүл өскөн аймак 5-6 гектар аянтты ээлейт. Бирок бул гүлдүн башка гүлдөрдөгүдөй жыпар жыты жок. Бул өсүмдүк Кыргызстандан башка Ооганстан тоо кыркаларында да өсөт.
