Урматтуу окурман!
Ушул өз башымдан өткөндү
сиздердин талдооңуздарга койсомбу деп турам. Чыедыгында жазууну каалабасамда,
мен сөз кыла турган каарман – Гульмира өзү түрткү
берди. Эмесе сөз башынан болсун…
Жолдошум экөөбү
з ашкана же кафе арендага алып иштетип жүрдүк.
Ал мага продуктыларды алып жардам берчү да, өз жумушуна кетчү, шофер эле. Адегенде, ашкана иштетип жүргөнү
бүздө Аида деген келин бизде официантка болуп иштеп калды. Биздин каармандын бир тууган эжеси эле. Ал күйөө
сү өзүнө
н улуу аялга кетип калганын, убагында 2 баласы менен калып кыйналганын,
кайгырып, чөгүп кеткенин айтып берген эле. Ашканабыз белгилүү
себептер менен жабылып, убактылуу бош болуп калдык. 1 жашка чыккан уулумду сиңдилериме каратып, кайрадан ылайыктуу кафе издештире баштадык. Буга чейинки иштегенибизде,
ичкен-жегенибиз кенен болуп, бирин-эки мал, арзан болсо да машина алып, шаар болуп түптөлү
п келе жаттык.
Кафе табылып, ичине бир аз ремонт жасап, актап, тазалап калдык. Жолдошум бир күнү: «Баягы бизде иштеген Аиданын сиңдиси, жумуш болсо алыңыз деп Аида сураны», - деп узун, сары келинди ээрчитип келип калды. Жумуш боюнча көп эле кыз-келиндер менен иштегендиктен,
макул болдум. Анда мен ушул ГУЛЬМИРА жашообузду бузуп, баламды атасыз калтырып, ырыскыбызды тартып кетээрин ойлобоптурмун.
Кийинчирээк эжеси Аида да келди иштегенге, эжеси күндүз,
сиңдиси кечкисин (түнкү
сүн) смендеш болуп иштеп калышты. Аидага N аттуу «сүйгө
нү» келип турур эле. Аида жашырбай эле ойношу экенин, үй-бүлө
өсү бар экенин айтып калчу. Мен Аиданы да жаман атты кылайын деген оюм жок, тек гана кандай болсо, ошондой айтууга тура келип жатат. Бир чети өз башынан өткөндө
н кийн сиңдисин тыйса болмок да: «Кой, Гульмира, билесиңби мен кандай сыздаганымды,
бирөөнү
н үй-бүлө
өсүн бузба», деп. Гульмира эжесинин үйүндө
чогуу турчу. Кийин экөө тең мштебей калышты.
Жолдошумдун жеңил ойлуулугу күч болдубу же сүйүү
лөрү күч болгонбу, экөө 1 эркек балалуу болуп, ага 5 ай болгондо гана мен билдим. Эки ортодо, мен билгенге чейин жолдошум эч шеек алдырбай «командировкага»,
«ночной дежурствого» - деп катуу иштеп жүрүптү
р. Кээ бирөөлө
р бирөөнү
н баскан-турганынан,
каш-кирпигинен бир нерсени шеек санап, баамдан коюшат го. Мени болсо жакын адамдарым, тааныштар: «Арамдыгың
жок, бир нерсени элес албайсың
, жоошсун» деп калышат.
Гульмиранын биринчи эринен Фархад деген 5 жаштагы баласы бар. Куйөөмдө
н 21-22 жаш кичүү.
Сүйүү
жаш тандабайт деңизчи, чогуу тамактанып,
биз менен аралашып жүрүп ушундай кадамга барганына таң калам. Мындайга бары эле бара беришпесе керек.
Акырында кафе да жабылды. Анын үстүнө
«шайтан» аралаган жерде кайдан иш жүрсүн.
Мунун бары өттү, кетти. Бир гана айыгайын деген жарамды уулум чукуп турат. Анда уулум 3кө толо элек эле, машина токтосо «атам» деп чуркап чыгып жүрдү.
«Атам келгенде, чогуу тамактаналы»,
-дейт тамак ичээрде, «Мама, ачкычты ордуна кой, атам таппай калат», дейт бир жакка чыгаарыбызда.
Азыр төртөө
н ашты, эми: «Эмнеге атам биз менен жашабайт?», Кошунабыздын кызын айтып: «Эмнеге анын атасы күнүгө
үйүнө
конот, а атам үйгө конбойт?» деп жүрөгү
мдү оорутат.
Ай чырайлуу «сулуулугуна» суктанды дейин десем, андай деле эмес (Гульмираны тааныгандар деле айтышат), акылы тунук «эстүү
жан» дейин десем…
Ушул жерден «акылмандуулугуна» тиешелүү
башында атйкан «өзү» түрткү
болгон окуяны айтууга кезек келди. Жолдошум уулуна келип кетип турат. Кээде жумушуна ала кетип, кайра үйгө жеткизип коет. Бир күнү келип «Того мени менен эс алып келсин, жылгаяк тебет» деп калды. Баламдын тим эле сүйүнгө
нүн сураба, кое тур дегениме болбой кийине баштады. Акча жетишпегенинен садике да бере албайм. Жумуш болсо бирде бар, бирде жок.
Ойносо кийими суу болот деп, дагы үйдөн кийген курткасын, шымын салып бермек болуп пакет таппай калдым. Кагаздар салынган пакетти бошотуп алып бердим, күйөө
мдүн көзүнчө
. Үч күндөн кийин келди уулум, Фархад менен ойногонун, жылгаяк тепкенин айтып. Пакете салынган кийимин, пакети менен кир жууган машинага салып койдум. Кечинде экөөбү
зкечки тамакка отурганыбызда,
«Мама – деп калды – сизди Фархадын мамасы «сенин мамаң жаман» деди, а мен болсо, «жок менин мамам жакшы» – деп айттым» десе болобу. Эки күндөн кийин баягы пакеттеги кийимдерди жуумак болуп, пакетти ачсам, кызыл паста менен атымды жазып туруп «Дурага» деп коюптур Гульмира колу кычышып.
Жолдошум келгенинен пакеттеги жазууну көрсөттү
м. Баягы жазууну окуп болуп, пакетти шыкаалап эле бир нерсени издеп жатат. Түшүнгө
н жокмун. Көрсө,
тиги «акылдуу» келин тигинин башын айлантып: «Пакетке ж…п деп жазып жибериптир,
мен кайта жооп жазып жибергем» дептир калпты учтуруп. Ошон үчүн күйөө
м «ж…п» деген жазууну таппай убара болуп жатыптыр да. Андай оюма да келген эмес. Мен уулумду айла жок, сагынычы тарасын деп жиберип жатып андай сөздү эмнеге жазам? Мен кааласам, каалабасам да балам аларга аралашаары белгилүү
, күйөө
м менен кетип жаткандан кийин. Айткандай ошол пакете өзүмдү
н атым пакеттин ички бетинде жазылуу эле. Жакындарыбыз каза болуп, ошол пакетке салып саймалуу чепкен алып баргам. Анан «көк чапанга ак чапан» бермей бар эмеспи, адашып кетпесин дегендей, пакетке атымды жазып коюшуптур болчу. Ал жазуу өчүп деле калган. Муну менен Гульмирага актанайын дегеним жок, «уялбагандан өзүң
уял» дегендей жөн оокатын кыла бербей, мени каралаганында болуп жатат
«Мамаң
жаман» деген сөздү Фархад айткан, экөө уруша кетип дептир, уулуна күнөө
сүн оодарып.
Айта берсем Гульмиранын акылдуулугуна чек жок. Досторубу же сиңдилериби атайын телефон номеримди билип алышып «Гульмира төрөдү
» - деп эки үч жолу кайталап айтышкан эле. Уруш-талаш болбогондойн кийин жолдошум да мени кыйган жок, чындыгында.
Жакшылыктан башка жаманчылык көрбөсө
, мен анны мага кылган мамилесинен билчүмү
н. Кээ бири ойнош күтүп,
ага кетем деп көңү
лү бузулса «бөйрө
ктөн-шыйрак» чыгарып, урушканга повод издемек, бизде андай болгон жок. Ошондуктан «аялын таштабай, ушинтип жүрө беремби» - деп Гульмира өздүк кылганга жакшы эле аракет кылды «черная магияга» чейин кайрылып. Анын баарын жазганга барак да чак келбес, жана өткөнгө
кайрылып эстегим да келбейт. Акырында ага айтарым: Максатың
а жеттиң, баламды тирүүлө
й жетим кылдың, баламдын ырыскысын тартып алдын, дагы эмне керек сага?! Өзүң
дүн кылган ишиңди мага таңуулаба!
Пакетти экспертизага берсең да Ж…п деген сөз жок. Айтмакчы өзүң
дүн ким экениңди билет экенсиң ээ? Калп айтам деп өзүң
ө жакшы ат ыйгардың
. Эшигин көрүп төрүнө
өт, энесин көрүп кызын ал» деген макал эске түшөт,
жакшы тарбияң бар экен! Акырында айтаарым «закрытый номер» колдонуп, тынчымды алба Гульмира !!!
- (2 )
-
- 1
- 2
Ойноштуктан куралган үй-бүлөө бекем болооруна ишенеcиңерби? Калп айтам деп озуно ат энчилеген келин...
#2 04 March 2009 - 14:36
Саламатсызбы!
Сиздики оор экен абалыныз, Бироонун коз жашын колдотуп коюп озу эч качан бактылуу болбойт, Эже синдинин тарбиясы ошондой болсо керек, Эжени коруп синди осот деп коет го. Балким суйуудур, балким жон гана убактылуу "УВЛЕЧЕНИЕдир"
, жолдошунуз мурдуна суусу жеткенде окунот, ал бироонун алтындай уясын бузган ШЕРМЕНДЕден эч качан жакшылык корбойт.!!
! Ойнош оттон ысык, боктон сасык дегендей азыр ысык болуп атат да, сасый баштаганда озу эле кетип калат андан! Сизге ийгилик!
СУЙУУ - БИРОО ЭЛЕ, АНЫН ЖАСАЛМАСЫ МИН!!!
#3 04 March 2009 - 14:43
ЭЖЕ эч кайгырбаныз бардык жакшылыктар али алдыда,жашоо токтоп калган жок баланыздын келечегин ойлонуз баланыз кичине чонойсо баарын жакшылап тушундурунуз.
уулунуз
ду анын уйуно жибербениз, куйоонуз ушунчалык баласын сагынса озу келип коруп турсун алып кетпей."Таш менен урганды,аш менен ур"дешет го озунуздун жашоонуз менен жашай бериниз,Кудуйга Салып коюунуз Кудайым озу таразалап алат!!! Кеч болсо да Куйоонуз оз катасын сезет.БАКТУЛУУ БОЛУНУЗ,БАЛАНЫЗДЫН АЛДЫНДА АМАН БОЛУНУЗ!! !
ду анын уйуно жибербениз, куйоонуз ушунчалык баласын сагынса озу келип коруп турсун алып кетпей."Таш менен урганды,аш менен ур"дешет го озунуздун жашоонуз менен жашай бериниз,Кудуйга Салып коюунуз Кудайым озу таразалап алат!!! Кеч болсо да Куйоонуз оз катасын сезет.БАКТУЛУУ БОЛУНУЗ,БАЛАНЫЗДЫН АЛДЫНДА АМАН БОЛУНУЗ!! !
#4 04 March 2009 - 15:28
Да... Бул жерде эн чон куноо куйоонуздо.
Бирок тан калганым, эмне учун андан куноо издебейсиз?
Деги кимдин куйоосу эле? Кимдин атасы эле? Оз милдетинен качкан куйоонузду актагандай сезилип калды мага. Андан кийин гана Гульмира деп чон кара тамга менен жазсаныз жарашмак.
Сизге кенешим, эч качан кайгырбаныз. Бул жашоодо бирде жакшы кундор болот, бирде оор-кыйынчылыктар болот. Ошол кундорду татыктуу баштан откоро алсак гана биз адам деген атка конобуз. Андан коро, баланызга жакшы тарбия бергенге аракет кылыныз. Келечекте атасынын жоругун кайталабагандай эле болсо. Колдон келсе, сиздин ахыбалынызды жакшы тушуно турган, ага ата таап бериниз.
Унутпаныз, сиз куйоонузго керек болбосонуз да, баланызга нан-суудай керексиз!
Сизге кенешим, эч качан кайгырбаныз. Бул жашоодо бирде жакшы кундор болот, бирде оор-кыйынчылыктар болот. Ошол кундорду татыктуу баштан откоро алсак гана биз адам деген атка конобуз. Андан коро, баланызга жакшы тарбия бергенге аракет кылыныз. Келечекте атасынын жоругун кайталабагандай эле болсо. Колдон келсе, сиздин ахыбалынызды жакшы тушуно турган, ага ата таап бериниз.
Унутпаныз, сиз куйоонузго керек болбосонуз да, баланызга нан-суудай керексиз!
Киргиз,
суйлоп корчу таза кыргызча,
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
Ким билет, балким кылбас ашыкча.
Киндик канын тамса Кыргызда,
Кимсин сен, суйлоп жатып орусча?
#5 04 March 2009 - 17:54
Дааа, эмне дешти да билбейт экенсин! Эрди эр кылган аял дейт! Куйонуз ал ойношунун жаштыгына эле азгырылган го... бирок бироонун шоруна бакытты кура албайсын деген жакшы соз бар, баарын оз моюнуна кою коюнуз. Азамат аял экенсиз ал ойношуна тенелбеген!
Баланызды бапестеп, татыктуу мырза кылып чонойтунуз жана атасынан алыстатпай эле коюнуз. ийгилик
Баланызды бапестеп, татыктуу мырза кылып чонойтунуз жана атасынан алыстатпай эле коюнуз. ийгилик
Когда ты говоришь "Я люблю тебя", имей ввиду именно это!
#6 04 March 2009 - 18:33
Аябай кайгылуу окуя экен... Гульмирага окшогон *укалар дагы далай. Эжеке, кайрат кылыныз, бут баары жакшы болот!
Жакшы соз, жан эргитет :)
#7 04 March 2009 - 18:36
Азыркы заманда мындай окуялар шаарыбызда абдан эле коп болуп бара жатат. Биз айалдар бир, эки баланы тороп койуп эле, корсондоп жолдошубузду козго илбей дагы калган кундор болот, ким билет ошол убактта, ал сенсиз жашоосу жокттой жок эле дегенде уч, торт баласынан таштап кайака кеттмек эле ''муну бироо кутуп тургансып'
' деп ойлогон айымдар дагы бар болуш керек? айла канча ары ойлонуп бери ойлонгончо эле айалынан, торт, беш эсе жаш аны суйоо билген, ага сага окшоп тороп берген айым турганын кайдан билелик, куноонун баарын эле ойнош адамга койо берген болбойт го дейм, анын дагы андан баласы бар ал дагы озунун бактысы учун сени суйом сен учун жашоом жок деп айтып жургон адамы учун жана ушундай еркек адам менен жашагысы келген учун курошту, ичиндеги баласынын атасын озу менен жашатты (алдырып салган жок) айтаайын деген нерсем
жолдошунарды айарлап сыйлай карап, он жыл чогуу жашасанар дагы жолдошунарга жасанып- тузонуп, эркек адам дагы кочодо жакшынакай озун тын алып жургон мээримдуу жубайы менен басскысы жашагысы кантип келбесин? Мумкун биз айалдар балдар, оокат деп жатып куйоону, тошокту, жасанууну унутуп калган учун ушундай жолго кабылып жатканыбыз дагы себепкер болуп журбосун..
Ал бактылуу болсун. Кантсе дагы баландын атасы эмеспи, баландын атасы бактысыз болуп турса бална эле кыйын.
Кайгыга, жинге алдырба сенин дагы мандайында сен учун, сени бактылуу кыла турган адам тургандыр, жолдошунду журогундон койо бер, баласына келип кетип, жардам берип тур, деген отунучун эле болбосо... андай адамды кайра кабыл алуу, ойунда жок болсо экен, деген умуттомун.
Ал бактылуу болсун. Кантсе дагы баландын атасы эмеспи, баландын атасы бактысыз болуп турса бална эле кыйын.
Кайгыга, жинге алдырба сенин дагы мандайында сен учун, сени бактылуу кыла турган адам тургандыр, жолдошунду журогундон койо бер, баласына келип кетип, жардам берип тур, деген отунучун эле болбосо... андай адамды кайра кабыл алуу, ойунда жок болсо экен, деген умуттомун.
#8 04 March 2009 - 19:15
Окуя канчалык трагедиялуу болбосун, ар бир нерсенин эки тарабы болот.
бир жагынан озунуздон да куноо кетиптир. ото жоош жана ишенчээк окшойсуз.
экинчи тараптан "шып" этип куйоонузду жулуп кеткен тиги аялда да куноо бар. бирок ошол эле учурда ар бир адам бактысын кандай жол менен таппасын, баары бир баарыбыз бактылуу болушубуз озубуздун гана колубузда.
ойноштук жонундо айтсам, азыр мындай тема актуалдуу деле болбой калды деп ойлойм.
"ой" деп ким бироо тан калышы мумкун, бирок анын башынан деле ошондой окуя откон бир кун билесиз.
"Бироонун коз жашынын устуно там кура албайсыз" деген создой эле, алар бактылуу болушабы, же жокпу, же сиз башка бироого турмушка чыгасызбы, ал да сиздин колунузда.
берейин деген кенешим: бир окуяга такалып калбаныз, озунузду ойлонуз, баланызды ойлонуз.
айланызда болуп жаткан окуяларга конулкош караганга аракет кылыныз
ошондой эле, бардык жаман-жакшы болуп жаткан окуялар жашообузда кандайдыр бир озгорууну талап кылгандыктан улам болорун унутпаныз! !!
Эльвира
бир жагынан озунуздон да куноо кетиптир. ото жоош жана ишенчээк окшойсуз.
экинчи тараптан "шып" этип куйоонузду жулуп кеткен тиги аялда да куноо бар. бирок ошол эле учурда ар бир адам бактысын кандай жол менен таппасын, баары бир баарыбыз бактылуу болушубуз озубуздун гана колубузда.
ойноштук жонундо айтсам, азыр мындай тема актуалдуу деле болбой калды деп ойлойм.
"ой" деп ким бироо тан калышы мумкун, бирок анын башынан деле ошондой окуя откон бир кун билесиз.
"Бироонун коз жашынын устуно там кура албайсыз" деген создой эле, алар бактылуу болушабы, же жокпу, же сиз башка бироого турмушка чыгасызбы, ал да сиздин колунузда.
берейин деген кенешим: бир окуяга такалып калбаныз, озунузду ойлонуз, баланызды ойлонуз.
айланызда болуп жаткан окуяларга конулкош караганга аракет кылыныз
ошондой эле, бардык жаман-жакшы болуп жаткан окуялар жашообузда кандайдыр бир озгорууну талап кылгандыктан улам болорун унутпаныз! !!
Эльвира
Үмүт
- менин жолум,
Жеңиш - менин тагдырым.
Жеңиш - менин тагдырым.
#9 04 March 2009 - 22:30
Эми сиз бул нерсени болгону сабыр менен жене аласыз. Эч кандай оч алуу тууралуу ойлобонуз болгону. Мындан биягын Кудайга койунуз, ал зат озу тарбиялайт же жазалайт , Мен сизге кошулам куйоонуздун башын эле айланткан.Чынында (кечиресинер)аял затынын амалы шайтандыкынан да кучтуу деп куранда айтылган"
башын айланткан. Арам менен курулган уй эч качан жакшылык менен аяктабайт ушуну билип койунуз. арамда береке болбойт. Эмне дейбиз сабыр кылуу менен гана кун откорунуз. бир куну сизге да жакшы кун жылмаят сиз кандай адам болсонуз ошондой адамды жоолуктурасыз мен буга ишеничтемин бар болунуз
Акыл дос, ачуу душман.
#10 05 March 2009 - 16:27
Менимче сиз дале да болсо куйоонуздун келишине ишенесиз же ишенгиниз келет окшойт. Анда что вы стоите сиз да азгырыныз куйоонузду,
ал кыз тартып алса куйоонунзду сиз кантип оз куйоонузду кайра тартып ала албайсыз. Откондо первый канал дан бир кино болду Материнский инстинкт деген , сиздин окуяны ошого окшоштуруп койдум, ойнош убагында ысык болуп козуно эч нерсе корунбой калат а бирок убакыт откондон кийин эриниздин сизге болгон сезими кайра ойгонуп "привычка"
сы кайра сизге тартылат деп ойлойм, эгер жолдошунуз стоищий эркек болсо анда чамданыз сиз да магия кыласпы же башкабы иши кылып кайра баланызга атасын кайтарып алыныныз, ал учун кичине митаамдык, бекем каалоо керек.
Ал эми жооп катары ойноштуктан курулган уй було бекем болбойт демекчимимн.
Ал эми жооп катары ойноштуктан курулган уй було бекем болбойт демекчимимн.
#11 05 March 2009 - 16:56
Негизи эркектер 40-45 жашында ойнош куто баштайт анын себебин АкКУУ туура тушундуруп кетти окшойт.ошол убакта эркекти кармап калыш керек!!!
#12 05 March 2009 - 16:57
Салам Сована эже. Жазган окуянызды окуп олтуруп, аябай чыдамдуулугунузга тан бердим.
Сизге кайрат, эрк берсин кудай. Чын эле окуп олтуруп денем дуркуроп кетти Гулмирага эле эмес менин куйоонузго, анын кылгандарына жаным чыгып атат. Куду менин башымдан откондой...(кудай сактасын)
Оз уйбулосун ойлобой кайдагы бир женил этек менен кеткен куйоо аны менен туболук жашап кетет деп ким айта алат. Ал бир куну тумшугу ташка тийип созсуз кайра келет. Ошондо сиз аны кечирбешиниз керек.
Гулмирага болсо наалаттан башка соз айта албайм. Ал тартып алдым эми меники кетпейт деп ойлойт болушу керек. Бирок андай болбойт.
З. Сооронбаеванын "Чоочун киши" романындагыдай болуп.
Сизге кайрат, эрк берсин кудай. Чын эле окуп олтуруп денем дуркуроп кетти Гулмирага эле эмес менин куйоонузго, анын кылгандарына жаным чыгып атат. Куду менин башымдан откондой...(кудай сактасын)
Оз уйбулосун ойлобой кайдагы бир женил этек менен кеткен куйоо аны менен туболук жашап кетет деп ким айта алат. Ал бир куну тумшугу ташка тийип созсуз кайра келет. Ошондо сиз аны кечирбешиниз керек.
Гулмирага болсо наалаттан башка соз айта албайм. Ал тартып алдым эми меники кетпейт деп ойлойт болушу керек. Бирок андай болбойт.
З. Сооронбаеванын "Чоочун киши" романындагыдай болуп.
#13 05 March 2009 - 16:59
Салам Сована эже. Мен сиздин жазгандарынызды окуп олтуруп Гульмирага да, жолдошунузга да аябай жиним келди. Акыркы кундору ушундай тагдырлар кобойуп кеттиби же ар бир доордо болуп турабы, айтор кыргыздын тарбиясыз, бузуку, абийирсиз Гульмирага окшогон кыз-келиндерин атып эле таштагым келет да...Адамдар бузулуп, ыйман жоголгондо кыян болуп, суу алып кетчу экен. Эркектей болуп уй булонун баркын билбеген эр жаныбарга мин наалат!!
!
#14 08 April 2009 - 16:19
Бул дуйнодо эн тунук сезим, тунук кулку кимге таандык? Албетте балага! Баланын тунук сезимине, кулкусуно ойду комкоруп, тоону томкорбосо да, жанында канаттуга кактырбас, тумшугуна чоктурбас ата болуп бир уядан бакыт курган Совананын уй-булоосун эч нерсе корбой, ач жургон кузгунга окшоп бузуп кеткен Гульмирага жиним келип жазыр отурам.
Гульмира деги энеден тарбия кордун беле?! Эжендин деле судьбасын билет экенсин, же озун тендуу Бишкекте эркек калбай калганбы, атандай кылып?... Бироонун коз жашына оз бактынды кура албайсын! !! Кандай журуш-турушун менен эмне кылып уй-юулоону бузсан, кандай эркек баланы ыйлатсан, туура ошондой жоопту бцл дуйнодон, бул жашоодон кайтарып озуно аласын..
Эсин барда, этегинди жый демекчимин.
Гульмира деги энеден тарбия кордун беле?! Эжендин деле судьбасын билет экенсин, же озун тендуу Бишкекте эркек калбай калганбы, атандай кылып?... Бироонун коз жашына оз бактынды кура албайсын! !! Кандай журуш-турушун менен эмне кылып уй-юулоону бузсан, кандай эркек баланы ыйлатсан, туура ошондой жоопту бцл дуйнодон, бул жашоодон кайтарып озуно аласын..
Эсин барда, этегинди жый демекчимин.
#17 10 April 2009 - 09:56
Ээээээээн алгач куноону куйоонуздон издениз. Тиги аял эмне? Ал деле баардык аялзатына окшоп, куйоолуу болгусу келди да. Андан балалуу болгусу келди. Негизи, аялдардын, кыздардын кулагына лапшаларды илууну биз, эркектер баштайт эмеспизби. Куйоонуз сыр билгизбей зынкыйып койсо, ал аял ага чапташмак эмес да. Эми кайраттуу болунуз.
#18 26 June 2014 - 10:14
Сована, сага кудай таалам сабыр берсин. Мындайда сабыр кылуу, намаз окуу, балана болгон мээриминди беруу менен гана озунду алаксыта аласын. Мындай окуя менин башымдан да откон. Мындан эки жыл мурун бир сырлуу, бироого оной менен сыр ачпаган куйоом ушундай жолго тушуп кеткен. Ошондо мен да сага окшоп ОШОЛ аялды жек коргом. Бирок Дейл Корнегинин китебин окуп, куноонун бардыгы озумдо экендигин билгем. Себеби сен деле мага окшоп балам, эртенки жашоонун камы деп озуно конул бурганды унутуп калгандырсын.
Ал эми эркектерге ач отурса да озуно кам коруп, жасанып жургон аялдар жагат экен. Менин куйоом акылдуу, жоктон барды жаратуучу, бироого жугун артпаган аялдарды жакшы корот деп ойлоп жургом. Бирок корсо менин ойлогонумдун тескериси болуп чыкты. Эркектер эки жуздуу эмес эле мин жуздуу болот экен. 16 жыл жашап куйоомдун 2-3 жузун эми гана билгендеймин да. Жаза берсе соз коп. Сен, ГУЛМИРА КОК МЭЭГЕ тенелбе, озуно кам кор, жасанып жур. Балан учун жаша. Куйоон келген учурда бир аз амалкойраак бол. Ичин орттонуп турса да билдирбе, жакшы суйло, куйооно конул бурбагандай кылып корсот озунду. Куйоондун козунчо телефондо кобуроок суйлошуп ага конул болбошко, телефондо досторун, эже-синдилерин менен суйлошсон деле эркек менен суйлошкондой назданып, ким дем сураса укпамыш болуп, суйлошуп буткон сон озунду бактылуу, учуп жургондой кыялкечтенип корсот. "Турмуштун озу сахна, андагы адамдар артисттер"
дегендей турмуш озу артист кылат экен да. Мен ушундай кылык-жоруктарды жасаганымда куйоом кайра эми таанышкандагыдай болуп, ойношун мага жамандап, эки жэуздуулугун корсотуп, кайра артка кайткан. Бирок мен адашканды башкаларга каалабас элем. Куйоон кайра кайтса жабылган из кайра ачылат. Жашоо андан да жаман боло баштайт экен, балким менин мунозум жаманбы, аны да ушунтип опту да, аны менен да ушинтип жатты да деп озумду кыйнап, жыйынтыгында сахар деген балээни арттырып алдым.
#19 26 June 2014 - 16:33
Ким куноо кылса жооп берет.Убакыт озу дарылайт.Убакыт гана кимдин ким экенин таразалап агын ак ,карасын кара кылып ылгап чыгарып коет.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#20 26 June 2014 - 18:30
Андан бери 5 жыл отуптур. Куйоосу балким, кайра келгендир. Келбесе, Сована эже бактысын тапты деп умут этейли. Жакшы иш болбогон экен..
- (2 )
-
- 1
- 2

Супер-Инфо
super.kg
видео




















