Түгөйүңүз кайсы
тамакты жакшы көрөт?
Өзүбүзгө жаккан эркектер тууралуу көбүрөөк билүү бизге кандай кызыктуу!
Айрыкча ортодо жаңыдан мамиле түзүлүп жаткан болсо. Эркектер өздөрү жөнүндө жарыя кыла берүүнү жактыра беришпейт. Андыктан биз, аялдар, байкоочу, сезгич болуп, бир дагы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбашыбыз керек. Мисалы, эркектердин кандай тамактарды жакшы көрүшүп, кандай тамактанаарына карап мүнөзүн аныктоого болоорун адистер далилдешкен.
Демек, көңүлүңүздөгү эркек менен тамактануу учурунда бекер отурбаңыз, баарын байкап, жыйынтык чыгарыңыз.
Эгер эркек менюну көпкө карабай дароо эле ачуу тамактардан тандаса, демек, сиздин маңдайыңыздагы адам бардык нерсеге ышкыбоз, башкаларды кызыктыра алган адам. Ачуунун сүйүүчүлөрү жаңы идеяларды бат эле табышат да, бирок, бул ою "муздап"
, тез эле башка жаңы нерсеге өтүп кетишет. Мындай эркектер бат эле сүйүп калышат, бирок, көпкө эмес.
Этти жакшы көргөн эркектер - психологдордун изилдөөсүнө караганда, жашоого акылдуулук менен караган эркектер. Алар өздөрүнө жаккан аялдар менен олуттуу жана узакка созулган мамиле түзгөнгө аракет кылышат. Куурулган этти өзгөчө сүйүп жеген эркек жеңил олжого кызыкпайт. Мындай эркектерге көбүрөөк күлүп, жаркылдап туруңуз, анткени, алар оптимизмди баалашат.
Балыкты сүйүүчүлөр
- тиричилик жагына келгенде талапты катуу коюшат. Алар үйүнүн жайлуу жана бардык шарттары менен болуусун каалашат. Карама-каршылыкты,
чырды эмес, тынчтыкты жактырышат.
Алар бул же тигил маселени өзүнүн ордуна башка бирөө, мисалы, аялы чечип койсо таптакыр кыжырданбайт.
Тузсуз тамакты жакшы көргөн эркектер - сергек жашоо образынын тарапкерлери.
Алар туура жолдо жүргөн эркектер болуп эсептелинишет.
Эгер сиз ага жагып калсаңыз, болду, демек, мамилеңиздер олуттуу түргө өтүп, узакка созулат.
Таттууну көп жеген эркектин мүнөзү жумшак, ак көңүл болооруна ишене бериңиз. Бирок... алар өмүр бою "жаш бала" болушат. Башкача айтканда, алар апасынын эрке балдары. Алар менен өзүңүз билгендей, жашоо дайым эле "кант" боло бербейт.
Ышталган азыктарды
баса калган эркектер болот. Алар ата-энелерине өзгөчө камкор мамиле кылышат жана балдарды аябай жакшы көрүшөт. Андыктан биринчиден,
анын ата-энеси менен тил табышыңыз, экинчиден, жашоодогу негизги максатыңыз бала төрөп, эне болуу экендигин көбүрөөк кайталаңыз.
Кантип тамактанат?
Эгер сиздин түгөйүңүз дасторкон үстүндө сүйлөгөнгө да, тамакты чайнап жутканга да үлгүрүп жатса, анын бул адаты тууралуу акырындан эскерткенге туура келет. Бирок, өтө эле катуу кетпеңиз. Анткени тамак үстүндө өзүн мындай алып отурушу түгөйүңүздүн ачык, мамилечил, кандай адам болбосун тез тил табышып кете алганынан кабар берет. Дагы бир өзгөчөлүгү - ал эч качан калп айта албайт.
Эгер сиздин жаныңызда тамак жеп жатып сөзгө берилип, алдында тамак турганын да унутуп койгон эркек отурса, демек, ал кыялкеч, жан-дүйнөсү назик эркек. Кокус ал менен мамилеңиз уланып кетсе, андан толгон сюрприздерди күтө бериңиз. Ал эми үй-бүлөлүк жашоодо мындай эркектер өздөрүнүн эмоциясын кармай албай калышат экен. Андыктан мындай "сюрприздерге"
да даяр болуңуз.
Ал тамагын чайноо үчүн кепти эң кызыктуу жерине келгенде үзүп койдубу? Бул адам логикалык ой жүгүртө билет, эмоцияны акылдан бийик койбойт. Ал чечим кабыл алуудан жана анын жоопкерчилигинен коркпойт. Мындай мүнөз эркектердин баарына эле бериле бербейт.
Кайсы жемишти жактырат?
Апельсин же мандаринди
жакшы көрсө, ал жумшак мүнөздүү эркек болушу мүмкүн. Анын баары менен учурашып, баары менен сүйлөшө кетчү жакшы сапаты бар.
Шабдаалы
сиздин сүйүктүүңүздүн жакшы көргөн жемишиби? Анда ал назик, жан-дүйнөсү сезимтал адам.
Чыныгы эркек мүнөздүү, чечкиндүү эркектердин сүйүктүү жемиши - банан.
Сүйүктүүңүз кулпунайды тандадыбы
? Демек ал сонундукту,
төгөрөгү төп келген жетиштүү жашоону каалайт. Ошол эле убакта ал өзүмчүлдүк сапатка ээ.
Дарбыз
- максаттуу, эмгекчил адамдардын сүйүктүү жемиши. Мындай адамдар жеке жашоосуна аз гана күчүн бөлүп, болгон күчүн алдына койгон максатына жетүүгө жумшашат.
Алмурутту
жоош, достукка бекем, көркөм сүйлөгөн адамдар тандашат.
Алма болсо эмгекти сүйгөн, бирөөдөн жардамын аябаган боорукер адамдардын сүйгөн жемиши.
Эгер эркек чекеден тандабай жесе, демек, ал ачка. Ойлонуп отурбай, ага тамак берүүгө шашылыңыз!
Эркектерди жеген тамагына карап сынайбыз! Эркектердин жеген тамагына карап сынайбыз
#1 27 June 2014 - 12:35
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#2 27 June 2014 - 12:43
Куурулган эт менен мандарин жагат.
Муноздомолору да туура келип жатат.
Муноздомолору да туура келип жатат.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#3 27 June 2014 - 13:17
Фейжи кыз сонун тема ачыпсыз го...
Инилеримди айта кетсем:Куурулган этти кундо жешсе да тажабайт го.
Ананда таттуу кыздардан отуп жакшы ккорушот.Муноздору чын эле топ келет экен.100% болбосо да.
Инилеримди айта кетсем:Куурулган этти кундо жешсе да тажабайт го.
Ананда таттуу кыздардан отуп жакшы ккорушот.Муноздору чын эле топ келет экен.100% болбосо да.
♡♡♡♡♡♡♥♥♥♥♥♥♥♡♡♡♡♡♡
#4 27 June 2014 - 13:21
Оогоо жакшы экен... алманы мандаринди ооо дарбызды суйоомго эт деген немеден алысмын анчамынча куурдактан оос тийбесем анан этке жокмун. Эти жок манты дегенде жата калам.
#5 27 June 2014 - 13:36
Бул жерди окуп алып жакшысын суйом дей бергиле эми эсли акылдуу кыз жолукса ар кандай сапаттан байкап алат а мен мактана албайм тамактыда ылгабайм баары жагат
#6 27 June 2014 - 13:52
Да топ келет экен чындап эле. Жолдошум эмнени жакшы корот айтайынбы?: банан, дарбыз, алма. Апельсин мандаринди жегиси келбейт.
А мен бананды анча суйуп жебейм ага караганда мандарин жагат. Ал эми алма дарбыз баарынале жакса керек.
Этке келсек этти жакшы жейт куурулганын деле.
Ачууга совсем жок экен. Остро-сладкий соус бир аз жейт балык менен. Татууну жакшы корот. Кайрамен татууга анча жокмун. Бирок тамак жеп отуруп суйлобойт. Бат тамактанат, кайра мен суйлой берет экенмин. Жанагыле мен калып калам. Анан жай суйлошкончо чай ичебиз. Оюмда 32 тиши бутун да ошого деп коем. Тузу орто же кемирээк жейт. Байкушум тамак деле тандабайт. Демек, ушундай дегиле......
А мен бананды анча суйуп жебейм ага караганда мандарин жагат. Ал эми алма дарбыз баарынале жакса керек.
Этке келсек этти жакшы жейт куурулганын деле.
Ачууга совсем жок экен. Остро-сладкий соус бир аз жейт балык менен. Татууну жакшы корот. Кайрамен татууга анча жокмун. Бирок тамак жеп отуруп суйлобойт. Бат тамактанат, кайра мен суйлой берет экенмин. Жанагыле мен калып калам. Анан жай суйлошкончо чай ичебиз. Оюмда 32 тиши бутун да ошого деп коем. Тузу орто же кемирээк жейт. Байкушум тамак деле тандабайт. Демек, ушундай дегиле......
#9 27 June 2014 - 16:40
Мен таттууну жакшы кором мунозум сиз айткандарга таааакыр туура келбейт екен еми 100 бири болушу мумкун
#10 27 June 2014 - 17:11
Автор жакшы тема дейин деп келе жатып кайра айнып кеттим. Ойдо жакта саналган тамактардан баш тарта турган деле эркек жок го дейм. "Кыз кезинде баары жакшы, жаман катын кайдан чыгат" деген сыяктуу. Бул нерсе кичине калп экен. Бул инфого ишенсек дуйнодо жаман эркек жок сыяктуу.
Чисто авторго рахмат. Кайнене жонундогу инфон жакшы экен айэлиме айтып береин.))))))))
Чисто авторго рахмат. Кайнене жонундогу инфон жакшы экен айэлиме айтып береин.))))))))
marykaynsd.
com- бул ссылка эмес.
#11 27 June 2014 - 17:18
Эттен баш тарткан мырза коро элек экенмин
Кенештерим - кетирген каталарымдын жыйынтыгы.
#13 27 June 2014 - 17:33
Жогорудагы тамактардын бирин да ылгабай жей берем го, мөмө-жемиштердин баарын бирдей жакшы көрөм. Же студенттерге бул оюн туура келбейби...
Барга көппө - Жок го чөкпө
#14 27 June 2014 - 17:36
Мен жемиш тандабайм,анан манты,аш,деги эле коюк тамакты жактырган адамга кандай муноздомо бересин?
#15 27 June 2014 - 17:37
Жаман эркек жок экенго чето а
БАР БОЛОЛУ ТУГОНБОЙЛУ КУРДАШТАР
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
УЗАК УЗАК УЗАК БОЛСУН БУЛ САПАР
КЫЛЫМ БУТУП ДУЙНОДОН КОЗ ЖУМСАК ДА
КАЙРА КАЙТЫП ЖОЛУШЧУУ ЖОЛДОР БАР
А.ОСМОНОВ
#16 27 June 2014 - 17:40
Кыргыз жигиттери эч качан эттен баш тартышпайт.
.. Байкем алманы жакшы көрөт, бирок эмгекти эмес 
А атам дарбыз жакшы көрөт, мүнөздөмөсү туура экен.
А атам дарбыз жакшы көрөт, мүнөздөмөсү туура экен.
#17 27 June 2014 - 17:41
#19 27 June 2014 - 18:34
Сонун тема ачыпсын го Фейжи кыз. Азаматсын. Жакшы маалыматтарды жазыпсын. Таак, текшерип коруш керек экен деп коеюн
Если человек сделал тебе больно, не отвечай ему тем же. Сделай добро. Ты другой человек.
Ты лучше.
#20 27 June 2014 - 20:14
Жоок жолдошум тамактанып атканда такыр суйлобойт, мен эле "быдылдай"
берем, тамагым муздап калгыча. Баардык нерсени эле жей берет, тамак тандабаганы жагат да.
Баары буудай, мен саман,
Баары жакшы, мен жаман...
Баары жакшы, мен жаман...

Супер-Инфо
super.kg
видео






















