Жайы жаннатта болсун.
"Кайдагы суйуу" клибинде кыз снайперден каза болотго .Ош окуясында ошол кыз жигит экоотен снайперден каза болгону мага мистикалуу сезилет. Баарынын жайы жаннатда бн.
Шум ажал ырчы Фархат Кенешбек уулун бул жашоодон алып кетти.
#63 12 Июнь 2014 - 04:02
Аябай жаш кетти бул жашоодон байкуш бала. Жаткан жери жайлуу болсун.
#67 21 Декабрь 2014 - 08:25
Фархаттын олумун жакында гана тв дан коруп ии олду беле деп тан калдым.Жаткан жери жайлуу топурагы торко болсун!
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#69 21 Январь 2015 - 01:11
Саламатсызбы,
Асема! Жолдошуңдун арты кайрылуу болсун! Алгач кепти Фархад менен таанышкан күнүңдөн баштап берсеңиз...
-Фархад экөөбүз мындан эки жыл мурун, тактап айтканда, 2012-жылдын күз айларында таанышканбыз. Фархад менин жездемдин эң жакын досу эле. Жездем менин эжекеме баш кошуп, үйлөнүү тоюн өткөрүшкөндө тойго Фархад келген. Ошол тойдо жолдошумду алгачкы жолу көргөм. Жездем "менин жакшы көргөн балдызым болот, таанышып ал" деп тааныштырган. Алгач көп деле маани берген эмесмин. Телефон номеримди сурагандан бердим. Кийин чалып, менин ал-абалымды сурап жүрдү. Ошону менен достошуп, жакшы тааныш болуп калганбыз.
-Алгач көргөнүңүздө Фархад кандай адам эле?
-"Адамды бир көрүп билсең болот" деген нерсеге мен ошондо абдан ишенгем. Фархадды алгач көргөндө эле жөнөкөй, адамгерчиликтүү, сыйчыл, элпек, мээримдүү, өз ордун билген, жашоого болгон көз карашы башкалардан өзгөчө, жашоодогу баалуулуктары бар адам экенин байкагам. Адамда бир интуиция болот го, жүрөгүң бир нерсени сезгендей. Бир көргөндө эле "Фархад менин адамым болот" дегем. Кийин достошуп, кыз-жигит болуп үйлөнгөндөн кийин деле бул сапаттары эч өзгөргөн жок. Башта кандай адам болсо, ошол бойдон менин эсимде калды. Мындан сырткары, мен анын ырчы экенин билген эмесмин. Кыргыз ырчыларын деле көп тааныбайм. Анын ырчы экенин кийин гана билгем. Анан ал дайыма мага "Мени ырчы эмес, жөн гана адам катары жактырганыңа ыраазымын. Сени мага Кудай белек кылды" деп көп айтчу.
-Канча убакыт сүйүү мамилесин куруп анан баш коштуңуздар?
-Таанышкандан кийин чанда гана сүйлөшүп жүрүп, аябай жакын дос болуп кеткенбиз. Анан бир аз убакыт өткөн соң мага "сен мага жактың, экөөбүз мамилебизди өркүндөтпөйлүбү? Кыз-жигит болбойлубу? " деген сунушун айтты. Фархад менин көңүлүмө да жаккандыктан анын сунушун четке каккан жокмун. Кыз-жигит болуп сүйлөшүүгө макулдугумду бердим. Экөөбүз бир жылдай кыз-жигит болуп жүрдүк. Сүйлөшкөнүбүзгө жарым жыл убакыт болуп калганда 2013-жылдын жай мезгилинде менин колумду сурады. "Мага турмушка чык. Үйлөнүүгө убакыт келди. Мен сени жакшы билдим. Жакшы жубай болуп берээриңе ишенем" деп романтикалуу жерден шакек белек кылып, өзүнүн оюн айтты. "Мен сага турмушка чыгууга макулмун. Бирок, ата-энемдин уруксатын сурайын" дедим. Ата-энеме деле "Фархад менен сүйлөшөм, ал ырчы" деп деле ачылып айтчу эмесмин. Ошону менен айтканга убакыт саат келбей жүрүп, күз келип калды. Өзү да "Атамдын жылдыгын өткөрүп алалы, анан той кылалы" деп атасынын жылдыгын өткөрдү. Анан ата-энеме айтып түшүндүрдүк. Алар каршылык көрсөтүшкөн жок. Ошону менен бир аз тойго камданууга убакыт тар болуп калгандыктан, күз мезгилинин акыркы айында 2013-жылдын 29-ноябрында заманбап үйлөнүү тоюбузду өткөргөнбүз. Тойго чейин кайын-журтум кыргыздын салты менен мага сөйкө салып, Таласка алып барышкан. Ал жакка той берип, мен Таласты көргөндөн кийин чоң той Бишкекте болгон.
-Баш кошконуңардан кийин жашооңуздар кандай уланды?
-Баш кошуп, той өткөн соң Фархад тогуз биртуугандын кичүүсү болуп, эрке уул болсо да ал айылда жашаган жок. Экөөбүз Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринде өз алдынча жашачубуз. Кайнатам мындан эки жыл мурун каза болуп калгандан кийин Фархад чыгармачылыктан бир аз алыстап, "азырынча бир аз тыныгуу алып турайын. Атамдан айрылган соң, кайра ырдап чыкканым туура эмес болуп калат. Үйлөнүп, акча топтоп алып, шоу бизнеске кайрылып келем" деп бизнеске кирип кетиптир. Баш кошкондон кийин деле ошол бизнеси менен алектенип жүрдү.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#70 21 Январь 2015 - 14:46
Теманы жаап койсо болчудай экен. Жаткан жери жайлуу болсун.
Жүрөгүмсүң
#72 29 Май 2016 - 00:43
Жаткан жери жайлуу болсун, аялынын боюнда бар экенин укпай кетти деп уккам, аялы айызым келбей жатат десе Фархат узиге барбайсынбы десе, откондо эле тушком жок болчу деген экен, корсо ошондо боюнда бар экен, азыр тородубу, жокпу билбейм .