Суперстан: Чечендик - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Мен кыргызмын!
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Чечендик Куру чечен болуу.

#41 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:12

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Грек ораторлору тууралуу толук
маалымат Рим оратору Марк
Туллий Цицерондун “Брут” же
“Ораторлор туурасында” аттуу
трактатында берилген.

Исократ мыкты логограф
болгон бирок эч убакта эл
алдында чыгып сүйлөбөгөн.
Чечендик өнөр боюнча атайын
мектеп ачып, балдарды
окуткан. “Табиятынан таланттуу,
билимдүү, үзгүлтүксүз
тажрыйбага ээ болгон адам
гана оратор боло алат” деген.
Исократтын жазган тексттери
өзгө чөдалилдүүлүгү,
аргументтүүлүгү менен
айырмаланган.

Лисийдин эки жүздөн ашуун
кеби сакталып,кыркка жакыны
бизге жеткен. Алар көркө
мдүүлүгү, мазмундуулугу,
Афина тууралуу тарыхый
маалымат калтыргандыгы
менен кайталангыс эмгек болуп
саналат.

Горгий ораторлук өнөрдүн
теоретиги жана окутуучусу.
Риторика боюнча биринчи
китепти жазышкан. Ал
уккулуктуу,
мазмундуу,жалындуу сөздөрү
менен элдин эс инде сакталган
жана ага эстелик да
тургузулган. Ал эстелик он
тогузунчу кылымдагы
археологиялык казууларда
табылган. “Касыңдын
далилдерин тамаша менен
четке как, ал эми анын
тамашаларына олуттуулук
менен мамиле жаса деген”
сөздөрү гана эл арасында
айтылып калбаса, башка
тексттери сакталбаган. Ал
мыкты оратор катары практик
гана эмес, чечендик өнөрдүн
теоретиги да болгон. Андан
байлардын балдары чечендикке
үйрөнүшкөн. Риторика боюнча
биринчи китеп жазуу менен
алгачкы ирет риторлордун
мектебин ачкан.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#42 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:13

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Чечендик искусствонун эң ири өкүлдөрүнүн бири катары биздин эрага чейин 384-322-жылдары жашаган укук коргоочу судья, элдик патриот,саясий лидер — Демосфен болгон. Бала чагынан ден-соолугу начар, тили тантык,ийнинин калчылдак экенине карабай, көшөрө намыстанып, тынымсыз көнүгүүнүн натыйжасында бардык мүчүлүштүктөрүнөн арылып,тил чеберлеринин эң алдыңкыкатарына чыккан (25. Бонар. А).Өзүнүн теңдешсиз устаттыгы менен Демосфен чечендер элитасынын алгачкы атактууларынын биринчи жылдызы аталып калган. Ал сүйлөгөндө сөздүн иретин бузбай, ар качан далилдүү,чукугандай сөз таап элди кумарланта, угуучуларга күчтүү таасир калтыра, кыска сүйлөгөн. «Чоң психолог болгондуктан, анын элге берген баалары типтештирилгенкөркөм жалпылоо катары кабыл алынып кеткен. Анын сүйлөөдөгү артыкчылыктарынан четжактагыларга чейинки (айрыкчаРимде) ар кыл муундагы сөзчеберлери үлгү алышкан»

Билдирүүнү түзөткөн: kuba.94kg: 01 Июль 2014 - 09:20

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#43 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:14

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Демосфен саясий риториканын атасы. Байдын уулу болуп,оратор Исейден билим алган.Эрте жетим калып, мал мүлкүн талап кетишкен. Анын биринчи кеби дал ошол алдамчы адамдарга арналып, сотто жеңишке ээ болгон. Ал бала чагында кекеч, чулдур болуп,үнү акырын чыккан.Өжөрлүгү, эмгекчилдиги менен мыкты кепке жетишкен. Мисалы, үнүн катуулатуу, чулдурун жоготуу үчүн майда таштарды оозуна салып, сүйлөп машыккан. Катуу аккан суунун боюнда декламацияларды, тексттерди кыйкырып айтып машыккан.Сол жак ийини кыймылдап тургандыктан, бурчка кылычты илип коюп, түз туруп сүйлөөгө көнүккөн. Чечендик өнөрүн соттук риторика менен баштап,кийин Афинанын саясий жашоосуна аралашып, саясий риторикага кирип кеткен.Цицерон анын соттук чечендигине жогору баа берген.Демосфендин кырктан ашуун сөзү азыркы күнгө жеткен. Ал македониялыктардын баскынчылык саясатына каршы туруп, Афинанын көз карандысыздыгын коргогон. Эл алдында сүйлөөгө атайын даярданган. Үн,ымдоо,жаңдоого басым жасаган.

Билдирүүнү түзөткөн: kuba.94kg: 01 Июль 2014 - 09:18

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#44 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:21

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

“Кеби көркөмдүү,мазмундуу, бай болуусу үчүн синонимдерди, метафораларды ыктуу колдонгон. Анын негизги ыкмасы - сүйлөп жатып тыныгуу жасоо. Кунт коюп угуп жаткан угуучулар кепти андан ары улап кетишкен. Анын чечендигин ал түгүл душмандары да жогору баалашкан”

Билдирүүнү түзөткөн: kuba.94kg: 01 Июль 2014 - 09:22

Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#45 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:24

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Аристотель “Риторика” аттуу эмгегинде оратор катары риторика илиминде ар бир жагдай, шарт, кырдаалга жараша ишенимдүү сүйлөөгө басым жасаган. Риториканы “ишенимдүү сүйлөй билүү өнөрү катары диалектикага жакын илим” деген. Диалектика чындыкты изилдөө үчүн ой жүгүртүү жана аңгемелешүүгө таянат. Аңгемелешүү эки тараптуу болгондуктан, т.а. аңгемелешүүгө эки же андан көп адамдар катышкандыктан, өз пикириңди коргоо жана сөздү ишенимдүү айтууда, кимдир бирөөнү, коргоодо же каралоодо ар бир адам өз стилин, өз манерасын сактоосу зарыл. Мына ушулар риторика илиминин эң башкы категориялары экендигин ал өз эмгегинде далилдеген. “Ал эмгеги үч китептен турган: 1- китепте: оратордук өнөрдүн эң маанилүү критерийи болгон далил, далилди табуу жана түшүндүрүү маселеси каралган.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#46 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:25

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Сүйлөнүүчү сөздүн мазмунуна жараша кепти үч түргө бөлгөн:Түрдүү жыйналыштарда сүйлөнүүчү сөздөр; Сотто сүйлөнүүчү сөздөр; Жакшылык тойлордо жана жамандыктарда (Мисалы, өлүк коюуда сүйлөнүүчү сөздөр).
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#47 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:26

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Бул бөлүштүрүү бүгүнкү күндө да айрым эмгектерде сакталууда. Мисалы, “1970- жылы чыккан Г.З. Апресяндын “Ораторское искуссство” деген эмгегинде ораторлук өнөрдүн төмөнкү түрлөрү берилген: социалдык саясий чечендик; академиялык чечендик; соттук чечендик; социалдык турмуштук кеп; диний сөздөр.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#48 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:27

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Аристотель айрыкча соттук чечендикке токтолгон. Анын эмгегинде көбүнчө риторика менен эстетиканын байланышына айрыкча токтолгон. Эстетиканын кооздук категориясы оратордун өзүндө жана анын сөзүндө сакталуусун талап кылат да, далилдөө , ачуулануу, талашуу, сүйүнүү булардын баары чечендин түрдүү жагдайларда туш боло турган проблемасы экендигин, сүйлөп жаткан учурда аларды кантип жөнгө салуу керектигин чечмелейт. 2 - китепте: оратордун сөз үнүн ынанымдуулугун арттыруу маселеси каралган. Мисалы, алгач ирет сүйлөөчү өзүн уга турган аудитория менен байланыш түзүүсү зарыл. Андан кийин гана кебин ишенимдүү, далилдүү сүйлөөсү зарыл.
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#49 Пользователь офлайн   kuba.94kg   01 Июль 2014 - 09:28

  • Активист
  • PipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 1 487
  • Катталган: 28 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 14 Июл 2014 14:10
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Алыыыыс жакта

Эгерде түздөн түз байланыштуу болбосо, оратор ( оратор дегенибиз саясатчы да, окутуучу да болушу мүмкүн) үчүн кыйын абал туулат. Угуучулар кызыкпаса, тексттин мазмуну начар болсо, анда айтыл кеп өз максатына жетпейт!
Ар бир КЫРГЫЗ бир тууганым, кызмат болсо кыламын ийип башым! Жараткандан суранарым көрбөсүн жамандыкты ага-ини, эже- карындашым. .!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#50 Пользователь офлайн   Shorobashat   01 Июль 2014 - 10:35

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Ой рахмат жообунуздарга, айрыкча Куба.94 сага рахмат. Ушул эле жерден дагы суроо пайда болду да менде жанакы МЛМдер б.а сетевой маркетингде иштеген адамдар аябай оратор болушат го? Бирок алдап кетишет буга кандай карайсыздар?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#51 Пользователь офлайн   Shorobashat   01 Июль 2014 - 10:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Мен да бир сетевой маркетингдин курмандыгына айланып кала жаздагам да. Кыскасы бир жээним Ошто бир жерге чакырды барсам "телефон коросун" деди. "Макул" дедим . Кирсем бир калпакчан жигит тосуп алып Млм жонундо тушунук бере баштады. Созду созго улай ар тараптан алып суйлой баштады.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#52 Пользователь офлайн   Shorobashat   01 Июль 2014 - 11:01

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

"Патриотсунбу? " жана тиги бу деген суроолорду узатты. Диний жактан суйлоду . Кыскасы акылымды тартып алгандай эле болду. Ошо сетевой маркетингге иштоого акыл-эсимди мажбурлап кондургондой эле болду. Анан ойлонуп "иштейм дедим" .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#53 Пользователь офлайн   Shorobashat   01 Июль 2014 - 11:14

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Анан "туугандарына айтпа?" "ата-энен тушунбойт мисалы" деп жакындарым менен кенешпоону айтышты. Бирок мага ушул созу жакпады "ата-энен , ага эжелерин мындай нерсени тушунбойт " дегени . Анан озунчо шекший бердим да баш тарттым. (Коп изденип, анан)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#54 Пользователь офлайн   kaitpas   01 Июль 2014 - 13:44

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 863
  • Катталган: 23 Январь 12
  • Соңку аракети: 14 Фев 2024 07:29
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Кыргызстан

Ушунча маалыматты эринбей көчүргөн Куба94 иниме да рахмат э, мен болсо жазыш тургай окуганы эринем....
Жолборс изинен кайтпайт,
Жигит сөзүнөн кайтпайт.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#55 Пользователь офлайн   Shorobashat   01 Июль 2014 - 14:43

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 2 583
  • Катталган: 01 Июнь 13
  • Соңку аракети: 13 Апр 2025 17:18
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Ордолуу Ош

Просмотр сообщения kaitpas (01 Июль 2014 - 13:44) жазган:

Ушунча маалыматты эринбей көчүргөн Куба94 иниме да рахмат э, мен болсо жазыш тургай окуганы эринем....

Да ладно братан! Супер-активист экенсиз го анан?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#56 Пользователь офлайн   AZIK01   01 Июль 2014 - 15:47

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 391
  • Катталган: 28 Апрель 13
  • Соңку аракети: 02 Май 2023 00:44
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:Остралия

Чечендик жакшы. Бирок, өз ордунда болсо. Чечендерибиз таппаган жерден сөз таап, чыкпаган жерден сөз чыгарышат.
Ар бир кесипте, ал эле эмес жашоодо керек. Бирок, азыркы современный чечендерибиз бар, тилинен өрттүн учкундары чачырайт. Жалганды да чындай айта салып, булбулдай сайрап, адамды да кемсинде коюшат.Адамды ызада калтырышат.
Ар бир нерсенин орду мезгили болгондой, чечендикти да туура пайдаланыш керек.
Чечендик мага жетпей калган сыяктанат. Эптеп араң жоопту узатканыма шугур дейм.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#57 Пользователь офлайн   Vazir   05 Июль 2014 - 22:05

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 1 439
  • Катталган: 21 Сентябрь 13
  • Соңку аракети: 10 Мар 2024 08:56
  • Жынысы:Эркек
  • Калаасы:США

Риторика боюнча абдан жакшы маалымат таштап кетиптир Куба иним, Бул эн байыркы Илим Туура суйлоо, Ораторлук Искуство жонундо кенири камтыйт.

Бул Илим тилеке каршы мектепте окуутулбайт, Ал эми Универстете Юристер учун 3- курстан баштап отулот.!

Билдирүүнү түзөткөн: Vazir: 05 Июль 2014 - 22:07

Көтөр башты улутташым, кандашым!!!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!


forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#58 Пользователь офлайн   saltanat.   06 Июль 2014 - 10:51

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Кыргыз Республикасынын билим жана маданият министрлиги
Нарын мамлекеттик университети
"Кыргыз тили жана аны окутуунун методикасы" кафедрасы
Чолпонбаев А.К., Календерова Н.К.
СҮЙЛӨӨ ЧЕБЕРЧИЛИГИ
1-бөлүк
Кеп маданияты
Жогорку окуу жайлардын студенттери үчүн окуу-методикалык курал
Бишкек - 2002


Алгы сөз
ХХ кылымдын экинчи жарымында тил илиминде коммуникативдик аспектиге астейдил көңүл бурула баштады. Нормативдик лингвистикадан, тилдик бирдиктерди синхрондук абалда сыпаттоодон коммуникативдик лингвистикага, тилди турмушта колдонуунун практикалык маселелерин изилдөөгө өтүү процесси кызуу жүрүп жатат. Мына ушунун натыйжасында тил илиминде "тилдик норма", "байланыштуу кеп", "кеп маданияты" , "чечендик өнөр" сыяктуу жаңы тармактар, окуулар, илимдер калыптанып, өнүгө баштады. Кыргыз тил илиминде бул жаңы багыттардын изилдениши жаңыдан гана башталды деп айтууга болот. Ошентсе да, өлкөбүздүн жогорку окуу жайларынын филологиялык факультеттеринде ушул жаңы багыттарга арналган "Кыргыз адабий тилинин нормасы", "Байланыштуу кеп", "Кеп маданияты" , "Чечендик өнөрдүн негиздери" ж.б.у.с. курстар окутулууда. Тилекке каршы, бул курстар боюнча кыргыз тилиндеги адабияттардын жетишсиздиги студенттердин жаңы илимдерди терең өздөштүрүүсүнө кедергисин тийгизүүдө. Бул китепче "Кеп маданияты" жана "Чечендик өнөрдүн негиздери" курстары боюнча окуу программасынын негизги бөлүгүн камтып, адабияттардын жетишсиздиги маселесин жеңилдетүүгө багытталды.
Тилдик норма, кеп маданияты жана чечендик өнөр деген илимдер сүйлөө чеберчилигин изилдей турган өзүнчө бир илимий циклди түзүп турат. Булардын ар бири сүйлөө чеберчилигинин ар кыл деңгээлдерин изилдегендиктен, аларды иерархиялык тепкичте, вертикалдык сызыкта биринин артынан бирин жайгаштырууга болот:
1. Тилдик норма кеп түзүүнүн накта тилдик гана эрежелерин изилдеп, кеп маданиятынын курамына кирет.
2. Кеп маданияты өзүнүн изилдөө алкагына кеп түзүүдөгү лингвистикалык маселелер менен бирге айрым психологиялык (кептин орундуулугу), логикалык (кептин тактыгы), эстетикалык (кептин көркөмдүгү), этикалык (кептин тазалыгы) ж.б.у.с. маселелерди да камтыйт.
3. Ал эми чечендик өнөр өзүнүн алдына кеп түзүүнүн, пикир алышуунун бардык маселелерин изилдөөнү максат кылып коөт. Чечендик өнөрдө пикир алышуунун бардык жагдайлары, аспектилери - философиялык, психологиялык, парапсихологиялык, логикалык, эстетикалык, этикалык, физиологиялык маселелер; ойду далилдөө (аргументациялоо), мисалдар менен бекемдөө (иллюстрациялоо), полемика, талаш жүргүзүү процесстери каралат.
Үч илимий дисциплинанын бул өз ара байланышын төмөнкүдөй схема менен чагылдырууга болот:
Бул илимдердин өз ара байланышы алар изилдеген сүйлөө чеберчилигинин деңгээлдеринин өз ара байланышын да чагылдыра алат. Чечендик өнөр - сөз менен ынандыруу, баш ийдирүү өнөрү - алгач кеп маданиятынын жогору болушун талап кылат, ал эми кеп маданиятынын зарыл шарты - тилдик нормалардын сакталышы.
Тилдик норма тилдеги эрежелерди бузбай, туура сүйлөөнү изилдесе, кеп маданияты туура сүйлөө менен бирге так, элестүү, орундуу, таза, адептүү, көркөм сүйлөөнү изилдейт. Тилдик нормада лингвистикалык түшүнүктөр гана изилденсе, кеп маданиятында аларга айрым психологиялык, логикалык түшүнүктөр кошулат. Ал эми чечендик өнөрдө кеп түзүү, пикир алышуу процессинин бардык жагдайлары: лингвистикалык, психологиялык, логикалык, семиотикалык ж.б. аспектилери толук изилденет.
Бул китепте кеп маданиятынын жана чечендик өнөрдүн негизги түшүнүктөрү иликтөөгө алынды. Китепти түзүүдөгү негизги максат - илимдин олуттуу, турмушта да чоң практикалык мааниси бар тармактары болгон кеп маданияты жана чечендик өнөр жөнүндө окурманга көлөмү аз болсо да, жы -йынтыктуу, бүтүн маалымат берүү, бул тармактар боюнча окуу куралдарынын кенемтесин толтурууга аз да болсо салым кошуу. Авторлор кеп маданияты жана чечендик өнөр (риторика) боюнча иштелип чыккан жаңы теорияларды мүмкүн болушунча камтууга жана аларды жалпылап, бир системага салууга аракет кылышты. Окуу куралы лекциялык курстун структурасын негизге алып түзүлдү. Окуу материалын бекемдөө жана кайталоо үчүн тапшырмалар, суроолор берилди.
Чечендик өнөрдүн сырларын үйрөнүүгө дилгир адамдын талаптарын негизге алып, теориялык маалыматтар менен бирге өз алдынча машыгуу үчүн практикалык көнүгүүлөр китептин экинчи бөлүгүндө тиркеме түрүндө берилмекчи. Албетте, китептин өз максатына толук жеткенин же жетпегенин окурман өзү баалап алар. Сиздердин сунуштарыңыздарды, эскертүүлөрүңүздөрдү ыраазылык менен кабыл алабыз. <кол тамга>Авторлор


СҮЙЛӨӨ ЧЕБЕРЧИЛИГИНИН ТУРМУШТАГЫ МААНИСИ
1. Пикир алышуу жана анын коомдогу ролу.
2. Пикир алышуунун структурасы.
3. Сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүүнүн зарылчылыгы.
Адамдын турмушун коомсуз, коом менен байланышсыз элестетүүгө мүмкүн эмес. Мамилелешүү, пикир алышуу - адамдын жашоосунун маанилүү, зарыл бөлүгү. Японияда "адамдын жана коомдун тилдик жашоосу" ("языковое существование человека и народа") деген теория иштелип чыккан. Бул адамзаттын турмуш-тиричилигин терең изилдөөдөн келип чыккан теорияда "кептик ишмердүүлүк - адамдын жашоосунун, бытиөсунун чөйрөсү" деп айтылат. Кептик чөйрөнүн өнүгүшү, адамдын андан татыктуу орун алышы жана ал чөйрөнү ийгиликтүү колдонушу - адамдын коомдогу ийгилигинин башкы чен-өлчөмү катары каралат.
Пикир алышуусуз, баарлашуусуз инсанды калыптандыруу, аны тарбиялоо, акыл-эсин өстүрүү мүмкүн эмес. Билим берүү, адеп-ахлактын, ыймандуулуктун эрежелерин үйрөтүү пикир алышуу аркылуу жүргүзүлөт.
Адам баласы коомдо жашайт. Анын башка макулуктардан айырмачылыктарынын бири - өз иш-аракетин адамдар коому, жамааты менен координациялай, бир максатка багыттай алгандыгы. Ал эми координациялоонун негизги шарты - өз ара байланыштын түзүлүшү. Байланыш болмоюнча иш-аракеттерди чогуу багыттоого мүмкүн эмес. Адамдардын өз ара байланышынын негизги куралы - тил. Тилдин негизги кызматы - бир коомдун, бир жамааттын мүчөлөрүнүн ортосунда маалымат, ой-пикир алмашууга, коомдун бир мүчөсүнүн сезимин, максатын, тилегин башка мүчөлөргө жеткирүүгө шарт түзүү. Албетте, байланыштын табигый-тыбыштык тилден башка да куралдары болушу мүмкүн. Мисалы, Морзе алиппеси, сүрөттүк символдор, мнемоникалык белгилер, информатикалык тилдер ж.б. Бирок, алардын бардыгы табигый тилдин негизинде калыптанган жана табигый тилге жардамчы каражат катары гана колдонулат.
Бизди эмне көбүнчө сарсанаага салат? Эмне бизди кубандырат, кайгыртат, ойго салат, сүйүнтөт? Албетте, башка адамдар менен пикир алышуубуз, мамилебиз. Пикир алышуунун натыйжасында адамдардын өз ара мамилеси түзүлөт: сыйлашат же касташат; урушат же достошот. Пикир алышуунун жыйынтыгында адамдын ички дүйнөсү ачылат, ага баа берилет. Гректин улуу ойчулу Сократ: "Сүйлө, анан мен сени тааныйын" деген накыл сөз калтырса, атактуу акын бабабыз Саади мындай дептир:
"Акылмансың, акмаксың, улуксуңбу, жөнсүңбү?
Билербиз биз, сүйлөсөң, угуп бүтүп сөзүңдү."
Адамдын коомдогу орду, коомдун өнүгүүсүнө кошкон салымы анын башкалар менен пикир алышуусунун сапатына байланыштуу. Айрыкча, демократиялык (эл бийлеген) коомдо элдин жашоосунун маанилүү маселелери жалпы талкууда, биргелешип чечилүүгө тийиш. Бул кырдаал да сүйлөө чеберчилигинин маанисин жогорулатат.
Сүйлөө чеберчилиги, чечендик өнөр коомдун жалпы өнүгүшүндө да зор роль ойнойт. Америкалык окумуштуулар изилдөөлөрдүн, салыштыруулардын негизинде "Чечендик кеп коомдун өнүгүү багытын өзгөртө алат, чечендик кептин мыкты үлгүлөрү коомдун рухий абалына таасир тийгизип, коомдук жашоону туура өнүктүрүүгө түрткү берет." [2, 24] деген ойго келишкен.
Пикир алышуу дегенибиз эмне? Ал үчүн кандай шарттар керек жана ал кандайча өтөт? Орус окумуштуусу В.П. Морозовдун төмөнкү сөзүндө бул жөнүндө мындай айтылган: "Сүйлөө жөндөмдүүлүгү - эң укмуштуу жана эң "адамдык" жөндөмдүүлүктөрдүн бири. Табияттын бул керемет тартуусун дайыма колдонуп көнүп калгандыктан, биз анын канчалык мыкты, татаал жана табышмактуу экендигин байкабай да калабыз. Адамда ой жаралат. Аны башкаларга бериш үчүн ал сөздөрдү айтат. Адамдын үнүнөн жаралган акустикалык толкундун (сөздүн) анын ой-сезимдерин толук сактаган бойдон башка адамдын кулагына жетиши, ошол замат угуучу анын жашыруун маанисин жана мазмунун билиши, бардык ойлор жана сезимдер ага түшүнүктүү болуп калышы таң калыштуу эмеспи?! Бул кандайча ишке ашат?" (Морозов В.П. Занимательная биоакустика. Изд.2. М., 1987.)
Пикир алышуу - өтө көп кырдуу, татаал кубулуш. Анын татаалдыгы изилдөөчүлөрдүн көптөгөн ар кыл көз караштарын жана изилдөө багыттарын туудурган. Бул кубулушту философия, психология, логика, эстетика, этика, лингвистика, социолингвистика, психолингвистика ж.б. бир катар илимдер изилдешет. Чечендик өнөр жана кеп маданияты ал илимдердин жетишкендиктерин эриш-аркак колдонуп, кептик пикир алышуунун, сүйлөө чеберчилигинин сырларын ачууга умтулат.
Пикир алышуу - адамдардын өз ара таасир этүү процесси. Бул процессте маалымат, сезим, билим алмашуу болуп өтөт. Пикир алышуу - инсандын калыптануусу жана өнүгүүсү, коомдун өзүнүн жана коомдук мамилелердин түзүлүшү, адамдардын өз ара байланышынын түзүлүшү жана өнүгүшү. [4, 7]
Философиялык аспекттен (өңүттөн) көз жүгүрткөндө, пикир алышуу - адамдын, субңекттин коомдук статусун камсыз кылуучу процесс. Ал адамды коом менен байланыштырат, коомдук ролдорду аткарышын камсыз кылат. Коомдун башка мүчөлөрү менен байланыш түзмөйүнчө адам коомдун мүчөсү боло албайт. Пикир алышуу аркылуу адамдын коомдогу орду, ролу аныкталат. Социалдык-психологиялык өңүттөн алганда - баарлашуу жамааттын, андагы жеке адамдын коомдук сапаттарын аныктайт. Ал эми психологиялык өңүттө - жамааттын ичиндеги нравалык климатты, өз ара мамилени көрсөтөт. [2, 12.]
Пикир алышуунун негизги каражаты - кеп. Ошондуктан пикир алышууну башка айрым каражаттар (белгилик системалар) - телеграф, Морзе алиппеси, светофор, математикалык, химиялык ж.б. символдор аркылуу түзүлгөн байланыштан айырмалап кептик пикир алышуу деп аташат. Кептик пикир алышуу эки тараптын (айтуучу-угуучу, жазуучу-окуучу) тең катышуусу, аң-сезимдүү аракети аркылуу түзүлөт. Айтуучу оюн ыраатка салуу, оюн туура билдирген кеп түзүү, аны айтуу же жазуу менен алек болсо, угуучу кабыл алынган кепти анализдөө, аны түшүнүү, туюнууга аракет кылат. Коммуникациянын жүрүшүн схемалык түрдө төмөнкүдөй чагылдырууга болот:
Айтуучунун ишмердиги: 1) Максатты (ойду, идеяны) калыптандыруу - 2) ойду белгилик, коддук системанын (тилдин) каражаттары менен туюнтуу (кодирование) - 3) сигнал жөнөтүү (кепти айтуу);
Угуучунун ишмердиги: 1) сигналды кабыл алуу - 2) андагы белгилерди, коддорду чечмелөө (декодирование) - 3) ойду түшүнүү (өз аң-сезиминде жаңы маалыматты калыптандыруу.
Пикир алышуу 3 түрлүү компонентти өз ичине камтыйт:
* Кыймылдык (процессуалдык) компонент - ой жүгүртүү, сүйлөө, жазуу, угуу, окуу;
* Белгилик компонент - тил жана кеп;
* Тексттик компонент - мазмун жана маани.
Белгилик компоненттин мүнөзүнө карай экстралингвистикалык (жаңдоо, мимика, обон аркылуу) пикир алышуу жана буюмдук-жышааналык (искусство чыгармалары, буюмдар ж.б. аркылуу) пикир алышуу деген түрлөрдү да айрым учурда өз алдынча бөлүп карашат.
Сүйлөөдөн, кеп түзүүдөн мурда ар бир адам өзүнүн алдына төмөнкүдөй суроолорду коюуга тийиш:
1. Эмнеге сүйлөшүм керек? Кебим кандай максатка багытталмакчы? - Бул суроого жооп берүү - кептин максатын аныктоо. Кептин максатынын негизги түрлөрү - суроо берүү (маалымат талап кылуу), маалымат кабардоо, угуучунун аң-сезимине, жүрүм-турумуна таасир этүү.
2. Эмнени айтышым керек? - Бул суроонун жообу кептин мазмуну болот. Кептин мазмуну угуучунун психологиялык, курактык ж.б. өзгөчөлүктөрүнө, байланыштын кырдаалына ылайык болууга тийиш. Кептин мазмуну максатына шайкеш болуусу негизги талап.
3. Кебимди кандай каражаттар, кандай ыкмалар менен айтышым керек? - тексттин формасын тандоо - айтылчу маалыматты кандай жанрда, кайсы сөздөрдү, кандай сүйлөмдөрдү, интонацияны колдонуп берүү ылайык экендигин аныктоо.
4. Кебимдин натыйжасы кандай болот? - угуучунун психологиялык абалына, көз карашына кеп кандай таасир этерин, кандай реакцияны, жоопту (жүрүм-турумду) жаратарын алдын-ала прогноздоо, божомолдоо.
Кеп түзүүдөгү бул төрт маселе бири-бирине тыгыз байланышып, системалык мүнөзгө ээ болот. Эгерде алардын бирөө өзгөрсө, башкалары да аны ээрчип өзгөрүүгө дуушар болушат. Кептин максаты өзүнө ылайык мазмунду талап кылат. Мазмунга ылайык кептин жанры, түрү, көлөмү, стили, интонациясы, пафосу ж.б. тандалат. Текстке жараша кептин таасиринин деңгээли, угуучулардын кепке жасай турган реакциясы күтүлөт.

Билдирүүнү түзөткөн: saltanat.: 06 Июль 2014 - 10:52

Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#59 Пользователь офлайн   saltanat.   06 Июль 2014 - 10:53

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Көрүнүп тургандай, сүйлөө чеберчилигинин маселелери тил илиминин алкагына сыйбайт. Тексттин өзүн изилдөөдө лингвистикалык билимдер, категориялар менен чектелүүгө мүмкүн болсо, кептин максатын, мазмунун, таасирин психологиянын, логиканын категорияларын колдонбой изилдөө мүмкүн эмес. Ошол эле учурда кептин көркөмдүгүн, адептүүлүгүн аныктоодо эстетиканын, этиканын, философиянын категориялары да колдонулат. Кийинки мезгилдеги изилдөөлөрдө (неориторикада) маалымат теориясынын, кибернетиканын, семиотиканын, парапсихологиянын, психолингвистиканын ж.б. илимдердин маалыматтары да пайдаланылууда. Демек, сүйлөө чеберчилигин ар тараптан, толук изилдеген чечендик өнөрдү жеке бир илимдин - тил илиминин, адабият таануунун же эстетиканын тармагы катары аныктоо кыйын. Аны кайсы илимдин тармагына киргизүү керектиги жөнүндө ар кыл пикирлер бар. Ал эми Е.Н. Зарецкая: "Сөздүн кеңири маанисинде алганда, риторика адамзаттын рухий маданиятынын бир бөлүгүн түзгөн филологиялык дүйнө таанымдын өзгөчө бир тиби. Ал гуманитардык билимдин методологиясы: Риторика билимдин жана коомдук ишмердиктин маданий негизи болуп эсептелет:" [3, 3] деген ойду айтат. Кандай болгон күндө да, риториканын лингвистикага, жалпы эле филологияга тыгыз байланыштуу экендиги талаш туудурбайт.
Кептик чеберчиликти өнүктүрүү - жакшы адис болуунун эң негизги жолдорунун бири. Кайсы гана кесиптин ээси болбойлу, ар бирибиздин ишибиз жамаатташ адамдар менен байланыштуу. Адамдардын эриш-аркак аракети гана ийгиликке алып келет. Ошондуктан пикир алышуунун сапаттуу жүрүшү адам үчүн өтө маанилүү. Өз ой-пикирин жеткиликтүү, түшүнүктүү, таасирдүү айтып бере албоо адамды кандайдыр-бир психологиялык комплекстерге алып келет, шагын сындырат. Сүйлөө чеберчилиги адамдын "карьерасына" , ийгилигине, кадыр-баркына дайыма оң таасирин тийгизет. Таасирдүү, көркөм сүйлөй билген адам өз оюн түшүндүрө да, пикирин далилдей да алат. Бул болсо анын коомдогу кадыр-баркынын өсүшүнө өбөлгө болот. Тескерисинче, ою канчалык туура, канчалык баалуу болсо да, аны башка адамдарга толук жеткирүүдө чабалдык кылуу адамдын беделин түшүрөт.
"Сөз кичинекей денелүү, анча байкалбаган нерсе болсо да, керемет иштерди кыла ала турган улуу өкүмдар. Ал коркунучту жок кылып, кайгыны тарата да, кубандырып, кайгырта да алат. Сөздүн ынандыруу күчү жан дүйнөнү каалагандай калыптандырууга жөндөмдүү" -деп байыркы Рим чечени Горгий айтса, анын замандашы Аристотель чечендик өнөрдү "ынандыруунун жана баш ийдирүүнүн жашыруун куралы катары" эсептеген. Сөздүн кудуреттүү күчү жөнүндө ойлор кыргыз элинин көптөгөн макал-ылакаптарында да айтылат.
Жакшы жетекчи, педагог, коомдук ишмер болуу үчүн оозеки баяндама жасоого, диалог жүргүзүүгө, коомдо, жамаатта маектерди алып барууга, башкаруу, багыттоо максатында маектешип турууга үйрөнүү зарыл. Акыркы мезгилдерде кызматкердин адистик деңгээлин аныктоо үчүн анын коммуникативдик профессиограммасын - пикир алышуу жөндөмдүүлүгү боюнча мүнөздөмөсүн аныктоо ыкмасы кеңири тарап келе жатат.
Сүйлөө чеберчилиги - алака, мамиле түзүү үчүн эң негизги шарт. Азыркы заман - демилгелүү, жигердүү, ишкер адамдардын заманы. Бүгүнкү күндө чыгармачылык менен ойлонгон адамдар үчүн каалаган багытта демилге көтөрүп, каалаган багытта ишмердик жүргүзүүгө шарттар түзүлүп жатат. Ишмердүүлүктүн бардык түрлөрү коммуникация, байланыш, мамиле түзүү менен тыгыз байланышкан. Батыштын ишкерлери кызматкер тандоодо коммуникабелдүүлүктү - байланыш түзүүгө жөндөмдүүлүктү негизги талаптардын бири катары коюшунун себеби да ушул. Ишкерлер ортосундагы сүйлөшүүлөрдө, келишимдерди талкуулоодо өз оюн таасирдүү чагылдыруу, далилдүү чечмелөө, талаш маселелерди чечүүдө өз кызыкчылыктарын коргоо сыяктуу кырдаалдарда сүйлөө чеберчилиги, кеп маданияты зор роль ойнойт. Америкада "Бизнес - адамдар менен сүйлөшө билүү" деген элдик макал жаралган.
"Өнөр алды - кызыл тил" деген макал кыргыз элинин даанышмандыгынын дагы бир айкын далили. Анткени, коомдо жасалып жаткан ар бир иш, ар бир адамдын жан дүйнөсү, анын тарбияланышы, адамзаттын көп кылымдардан берки тажрыйбасын өзүнө сиңириши, коомго келтирер пайдасы адамдын өз оюн тил аркылуу таасын, таамай, так, таасирдүү чагылдыра алышына түздөн-түз байланыштуу. Азыркы замандагы тар адистешүү шартында өз ара байланыш, коомдун, мекеменин, эки адамдын өз аракеттерин пландаштыруу, ишмердигин бир максатка багыттоо үчүн өз ара маалымат алмашуунун сапаттуулугу үчүн тилди пайдалануу чеберчилиги эң биринчи, зарыл шарт.
"Адамдардын акыл-эстик байланышынын жападан жалгыз каражаты - сөз, мындай байланышты түзүү үчүн сөздөрдү алардын ар бири угуучуларга керектүү жана так түшүнүктү туюнткандай кылып колдонуу керек" - деп Л.Н. Толстой, орус элинин улуу ойчулу айткан экен. [Русские писатели о языке. 2-е изд. М., 1955, 285-бет.] Сүйлөөчү өз аң-сезиминдеги, оюндагы нерсе угуучуларга толук жетиши үчүн ошол ойду так чагылдырган сөздөрдү туура тандап, туура кураштыра билиши керек. Ошондо гана "акыл-эстик байланыш" түзүлөт - эки акыл-эс, эки аң-сезим бирин-бири түшүнө алат. Өз оюн туура туюнта билүү - ар бир адамдын турмушунда башка адамдар менен байланышты жакшыртуу үчүн, өз көз карашын коргоо үчүн зарыл өнөр. Ошондуктан, чечендик өнөрдүн сырларын, ыкмаларын үйрөнүү эл алдына чыгып сүйлөө үчүн гана эмес, күнүмдүк турмуш үчүн да керектүү.
"Чечендик өнөр - сөз менен ынандыруунун өнөрү"-деп мындан эки жарым миң жыл мурда байыркы грек ойчулу Аристотель айткан экен. Байыркы гректер жана римдиктер бул өнөрдү күчтүү жана жашыруун курал ("тайное оружие") катары эсептешип, ак сөөк эмес, карапайым адамдардын бул өнөрдү үйрөнүүсүнө тоскоолдук кылышкан.
Адамды күч менен мажбурлап кул кылууга болот. Бирок, кара күч адамдын аң-сезимин багынта албайт. Аң-сезимди сөз менен ынандыруу, ишендирүү аркылуу гана багынтууга болот. Ошол себептүү коомдук башкаруунун бардык түрлөрүндө, саясатта, динде чечендик өнөргө чоң маани берилет. "Жылуу сөз жыланды ийнинен чыгарат", "Жакшы сөз жан эргитет, жаман сөз жан кейитет" деген макалдар кыргыз эли да бул чындыкты эзелтеден эле байкаганы, туйганы жөнүндө кабар берет. Байыркы грек жана рим чечендери бул жашыруун куралды этият пайдаланууну талап кылышкан: "Чечендик өнөр элдин жыргалчылыгы үчүн кызмат кылышы керек, оратор адамдык аруу сапаттарга ээ болушу зарыл" деген талап чечендикти үйрөнүүдөгү алгачкы шарт катары эсептелген.
"Оюмду айтайын десем, тил жетпейт", "Билип эле турам, бирок айта албайм" деген сыяктуу сөздөрдү көп эле угуп жүрөбүз. Ооба, кеп маданияты, чечендик өнөр азыркы учурда коомубузда жогорку деңгээлде эмес. Көркөм, элестүү сүйлөгөн, оюн шуруга тизгендей ырааттуу, так туюнткан адамды күндө эле жолуктура албайбыз. Бул да болсо кеп-сөздүн эл ичиндеги баркынын төмөндөп кетишинин, а балким, кыргыз тилинин баркынын бир кездеги төмөндөгөндүгүнүн кесепетидир. Бирок, бул жерде маселенин экинчи жагы - "таяктын экинчи учу" да бар. Кыргыз тилинин нормаларын тактап, анын көркөмдүгүн, тактыгын арттыра алсак, кыргыз тилинде чебер сүйлөөгө үйрөнсөк биздин тилибизди чет өлкөлүктөрдүн үйрөнүүсүнө да стимул пайда болору шексиз. Ошондо "Кыргыз тили - жарды, бул тилде ойду так чагылдыруу кыйын" деген сыяктуу түркөй, ыкшоо, патриоттук эмес көз караштарга сокку урулары шексиз.
Сүйлөө чеберчилиги табигат тарабынан берилеби же каалоосу бар адам аны өздөштүрө алабы? Бул суроого чечендик өнөрдүн тарыхында ар кандай жооптор берилген. Байыркы Римдин атактуу чечени Марк Туллий Цицерондун бул маселеге көз карашы учкул сөзгө айланган: "Poetae nascuntur, oratores fiunt" - "Акын төрөлөт, чечен жасалат". Ошентип, ал чечендикке шык, таланттын анча зарылчылыгы жок, бул өнөрдү машыгуу, эмгектенүү менен өздөштүрүүгө болот деген ойду жактаган. Байыркы грек чечени Демосфен да тынымсыз машыгуу, талыкпаган эмгек аркылуу гана чечендиктин жогорку деңгээлине өсүп жете алган. Анын алгачкы эл алдына чыгып сүйлөөсү ийгиликсиз болгон - элдин шылдыңы менен кыйкырыгынан кебин акырына чейин жеткире алган эмес. Байыркы грек тарыхчысы Плутарх "Салыштырма өмүр таржымалдары" ("Сравнительные жизнеописания" ) аттуу эмгегинде Демосфендин чечендикке машыгуулары жөнүндө баяндайт. Бала кезинде Демосфендин үнү алсыз, ичке болгон, толкунданган учурда ийнин күйшөй берчү адаты да бар эле. Бул кемчиликтерден арылуу үчүн ал жер төлөдөн өзүнчө бөлмөнү машыгуу үчүн бөлүп коюп, чыдамкайлык менен күнүгө машыккан. Машыгуудан алаксыбаш үчүн атайын башынын жарты чачын кырып салып, эки-үч ай бою, чачы өскөнгө чейин жер төлөдөн чыкпай калчу.
Yнүн, дикциясын ачык, так кылыш үчүн Демосфен оозуна буурчактай таштарды салып алып, ошол боюнча акындардын чыгармаларын жатка айткан. Чуркап баратып, тоого чыгып баратып сүйлөгөнгө машыккан. Бир дем менен, кайра дем албай, узун ырды же текстти айтууга аракет жасаган. Ким менен жолугуп, сүйлөшсө да, ал маекти көнүгүү катары пайдаланчу. Маек бүтөр замат жер төлөгө түшүп, болгон маекти кайталап чыгып, талдап, аны дагы оңдоого, ырааттуу кылууга, кептеги далилдерди, жүйөөлөрдү бекемдөөгө көнүкчү. Башка чечендердин сөздөрүн угуп, алардын ой жүгүртүүсүн талдап, артыкчылыктарын жана кемчиликтерин байкоого умтулган. Башкалардын же өзүнүн жакшы чыккан сөздөрүн жаттап калып, кийинки кептеринде колдонгон, бир эле ойду чагылдыруунун көптөгөн варианттарын таап, аларды оңдоп-түзөп, жылмалап, курчутуп, таасын вариантын иштеп чыгууга машыккан. Мына ушундай талбаган эмгек Демосфендин өз учурунун эң күчтүү чечени болуп өсүп чыгышына мүмкүндүк берди. Демосфендин атак-даңкы, чечендик чеберчилиги - анын табигый талант-шыгынын эмес, тынымсыз, өмүр бою жасалган эмгектин үзүрү.
Плутархтын эмгегинде Цицерондун өмүр таржымалы да камтылган. Цицерон өтө билимдүү, ар тараптан өнүккөн жана мээнетчил адам болгон дейт автор. Өспүрүм кезинен баштап эле илимдин бардык түрлөрүн кызыгуу менен өздөштүргөн. Эмгекчилдиги жана шыктуулугу жаш кезинен эле анын атын чыгарган. Цицеронду өз көзү менен көрүш жана анын акылдуулугуна ишениш үчүн сабакка чоочун адамдар келип катышып турушкан. Мектепти аяктагандан кийин да ал тырышчаактык менен билим алууну уланткан. Философияны, грек тилин үйрөнүү менен бирге чечендиктин сырларын өздөштүрүүгө аракет кылган, өз чеберчилигин курчуткан, таптаган. Сотто актоочу болуп чыга баштаганда эле анын кептери эл көңүлүнө илинген. Бир жолу афинылык Аполлоний деген грек чечени Цицерондон латынча эмес, грекче (чет тилде) сүйлөп берүүнү өтүнөт. Цицерон макул болуп, грек тилинде сүйлөйт. Сүйлөп бүткөндө угуучулардын баары ыраазы болуп, мактай башташат, бир гана Аполлоний сабыры суз, унчукпай көпкө отурат. Цицерондун таң калган көз карашын байкаганда гана ал эсине келип, минтип айткан экен: "Сен, Цицерон, мактоого татыктуусуң, сенин өнөрүңө суктанам, бирок мен Греция үчүн кайгырып отурам, анын эң акыркы артыкчылыгы жана жалгыз сыймыгы - билим жана чечендик - сенин айыңдан римдиктерге кетип жатат."
Чечендик өнөр тубаса шыкка анча көз каранды эмес. Бирок, чечен болуу жөнөкөй, жеңил-желпи иш да эмес. Чебер, чыгаан чечен болууну көздөгөн адам талбай, тынымсыз машыгууга, билимдүү болууга тийиш.
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:
1. "Адамдын жана коомдун тилдик жашоосу" теориясында эмне жөнүндө айтылат?
2. Сократ жана Саади кепти кандай баалашкан?
3. Пикир алышуу процесси жөнүндө өз түшүнүгүңдү айтып бер.
4. Пикир алышуунун структурасы кандай? Жогоруда берилген схеманы өз алдыңча чечмелеп бер.
5. Кептин максаты, мазмуну, текст жана кеп таасири жөнүндө өз түшүнүгүңдү айтып бер.
6. Сүйлөө чеберчилиги кайсы илимдер менен байланыштуу?
7. Сүйлөө чеберчилигин өнүктүрүүнүн эмне кереги бар?
8. Сен чечендикти үйрөнө алам деп ойлойсуңбу? Ал үчүн эмне кылыш керек?
ПИКИР АЛЫШУУ ПРОЦЕССИ
1. Кепке коюлуучу негизги талаптар.
2. Кептик ишмердүүлүк жана анын компоненттери.
Кеп - пикир алышуу процессинин негизги каражаты. Кептин максаты - корреспонденттин маалыматын, ой-пикир, идеясын угуучуга жеткирүү. Бул максатты ишке ашыруу үчүн кеп эки негизги талапка жооп бериши керек:
1. Корреспонденттин оюн, маалыматын тилдик бирдиктер аркылуу так, туура чагылдырышы керек.
2. Адресаттын өзгөчөлүктөрүнө (билим деңгээли, жаш курагы, психикалык абалы ж.б.) ылайык болушу керек.
Бул талаптарга жооп бербеген кеп өз максатына толук жете албайт.
Толук кандуу пикир алышуу үчүн адам айрым бир жөндөмдүүлүктөргө, сапаттарга ээ болушу керек. Бул сапаттар логикалык, психологиялык жана лингвистикалык жагдайлардын өз ара айкашынан түзүлөт: 1. Маектин жүрүш багытын байкоо жана андагы өз позициясын аныктоо. 2. Кептин максаты жана мазмунун алдын ала аныктоо. 3. Өз оюн берүү үчүн ылайыктуу каражат тандоо жана даярдоо, б.а. белгилүү бир мазмундагы жана формадагы текст түзүү. 4. Кептик кайра байланышты камсыз кылуу (айтылган ойго карата угуучунун мамилесин байкоо, аныктоо). Булардын баары өз ара тыгыз байланышкан аракеттер, биринин сапатсыз аткарылышы кептин жалпы сапатына кедерги тийгизет.
Адамзаттын узак мезгилдик тарыхый өнүгүүсүндө табигый кепке жөндөмдүүлүк (речевая способность) калыптанган. Адамдын мээ түзүлүшү кепти иштеп чыгууга, ал эми дем алуу ж.б. органдары үн чыгарып, тыбыш жасоого ыңгайланышкан. Бирок, табигат тарабынан берилген жөндөмдүүлүктү аң-сезимдүү өнүктүрмөйүнчө кептик ишмердүүлүк калыптанышы мүмкүн эмес. Кептик ишмердүүлүк деп адам организминдеги кеп түзүүгө багытталган психофизиологиялык аракеттердин жыйындысы аталат. Адамдын кептик ишмердүүлүгү төрт түрдүү жөндөм-сапаттардан куралат:
1. Угуу (окуу).
2. Сүйлөө (кеп түзүү).
3. Жазуу.
4. Түшүнүү.
Төмөндө бул процесстердин ар бирин тереңирээк карап чыгабыз.
Угуу (окуу) - кептин маанисин кабыл алуу. Бул тилдик белгилер менен туюнтулган маанилерди чечмелөөгө (декоддоштурууга) багытталган активдүү ой жүгүртүү процесси. Угуу процессин үч бөлүккө ажыратууга болот: кабыл алуу, идентификация (таануу) жана түшүнүү.
Кабыл алуу этабында үндүк (графикалык) сигналды угуу (көрүү) органы аркылуу кабыл алуу жана борбордук нерв системасына өткөрүү иши аткарылат. Кепти кабыл алууда угуу (көрүү) эс тутуму чоң мааниге ээ. Анткени, оперативдик (убактылуу) эс тутумдун иштөөсү кыска-кыска сеанстар аркылуу жүрүп, кептин белгилүү бир бөлүгүн гана бир "сеанста" кармап, сактап кала алат. Оперативдик эс тутумда кептин канчалык чоң үзүндүлөрү сакталып турса, кепти түшүнүү, аны логикалык ыкмалар менен кайра иштеп чыгуу ошончолук жеңил жүрөт. Бул учурда сөздөрдүн өз ара маанилик байланышы да кошумча жардам боло алат. Өз ара маанилик байланышта турган сөздөр аң-сезимге бүтүн блоктор, схемалар, образдар түрүндө кабыл алынат. Бул сыяктуу көптөгөн маанилик бөлүктөрдүн өз ара айкашуусунун, байланышуусунун натыйжасында турмуштун, чындыктын бүтүн бир фрагменти, үзүндүсү түзүлөт. Кептин маанилик бөлүктөрүнүн өз ара чектерин ажыратуу жана эс тутумунда сактап калуунун натыйжалуу ыкмасы - таяныч (ключевые, опорные) сөздөрдү аныктоо. Мисалы: "Быйыл окуу жайыбызга 524 студент кабыл алынды. Алардын ичинен 150 студент бюджеттик негизде окуп жатышат. Ал эми калган 374 студент окуу акысын контракттын негизинде төлөшөт." деген үзүндүдөгү алды сызылган сөздөр - таяныч сөздөр. Алар аркылуу тексттин кыскартылган мазмунун түзүүгө болот: "524 кабыл алынды, 150 бюджеттик негизде, 374 контракттын негизинде" .
Жакшы кабыл алуу, эс тутумунда бекем кармап калуу үчүн айрым учурда кепти ичтен кайталоо (проговаривание) ыкмасы да сунуш кылынат. Бул учурда эс тутумдун угуу, көрүү эс тутуму сыяктуу түрлөрү менен бирге механикалык, кыймылдык эс тутум да ишке киришет. Айрыкча, жаңы жолуккан сөздөр, түшүнүктөрдү эстеп калууда ичтен кайталоо жакшы жардам берет.
Кабыл алуу менен бир учурда эле тилдик белгилерди (тыбыштарды, тамгаларды, сөздөрдү, интонацияны ж.б.) таануу, идентификациялоо механизми иштей баштайт. Мында сырттан (айтуучудан, жазуучудан) келген үндүк же графикалык сигналдарды эс тутумда сакталган модель, эталондор менен салыштыруу жана окшоштуруу процесси жүрөт. Айрым сигналдарды таануу, алардын маанисин аныктоо аткарылгандан кийин кептеги бардык сигналдардын маанилерин өз ара айкалыштыруу - кептин жалпы маанисин, мазмунун аныктоо - түшүнүү процесси башталат. Бул учурда көптөгөн логикалык операциялар: маанилерди, түшүнүктөрдү жалпылоо, классификациялоо, анализдөө, топтоштуруу ж.б.у.с. аракеттер аткарылат. Ушул учурда адамдын турмуштук тажрыйбасы, билими сигналдарды, алардын маанисин интерпретациялоо, чечмелөө үчүн чоң роль ойнойт.
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#60 Пользователь офлайн   saltanat.   06 Июль 2014 - 10:54

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 8 229
  • Катталган: 25 Февраль 13
  • Соңку аракети: 10 Фев 2025 14:40
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Кереметтүү жерде.

Психолингвистикада угууну рефлексивдүү угуу жана рефлексивдүү эмес угуу деп экиге бөлүшөт. Рефлексивдүү эмес угуу айтуучунун сөзүн бөлбөй, кепти түшүнүп жатканын мимика жана жест аркылуу билдирип угуу менен гана чектелет. Ал эми рефлексивдүү угууга кайра байланыш (угуучунун өз мамилесин билдирип турушу) көбүрөөк мүнөздүү. Мында суроо берүү, сезимин, мамилесин ачык билдирүү, түшүнгөнүн кайра айтып берүү сыяктуу аракеттер жасалат [3, 48]. Ал эми жазуу кебин кабыл алуу - окуу процесси жазуу кебинин мезгилдеги туруктуулугуна, кайталап окуу мүмкүнчүлүгүнө байланышкан айрым өзгөчөлүктөргө ээ. Ушуга байланыштуу окуунун сапаттык классификациясы төмөнкүдөй аныкталат:
1. Үстүртөн окуу - мында окурман кептеги ойду, кабарды жалпы жонунан гана кабыл алат, "барактап чыгуу", үстүртөн көз жүгүртүү менен чектелет.
2. Тааныша окуу - кептин мазмуну жөнүндө жалпы түшүнүк алуу.
3. Критикалык (сын көз менен) окуу - тексттин мазмуну менен терең таанышуу, аны анализдеп, талдап окуу.
Угуунун механизми менен бирге анын маектештердин өз ара мамилесине тийгизген таасирин да карап чыгууга болот [4, 24]. Мында угуу жөндөмдүүлүгү, анын этикалык, нравалык аспектилери чечмелөөгө алынат. "Угуу - жөн гана үн кабыл алуу эмес, ал кептин маанисин, айтуучунун оюн, психикалык абалын, маанайын түшүнүү. Изилдөөлөр көрсөткөндөй, маектешин кунт коюу жана сабырдуулук менен угууга, айтылгандын маңызына жете түшүнүүгө адамдардын 10%ы гана жөндөмдүү: Угуу - маектешти, адамды түшүнүү. Бул - оор жумуш, ошол эле учурда баалуу касиет." [4, 25]. Угуунун манерасы, шарттары да анализге алынган. Натыйжалуу угуунун шарты катары: маектеш менен көздүк контакт-ты сактоо (көздү ала качпоо), ага "физикалык" көңүл буруу - түз карап отуруу (туруу), артын салбоо; айтуучунун жестине, мимикага жана интонацияга этият көңүл буруу; кепке мамилени суроо, тактоо жест, мимика, аркылуу билдирип туруу; ортодогу ыңгайлуу аралыкты ("инсандык аралыкты" ) сактоо сыяктуу аракеттер көрсөтүлөт.
Психологиялык изилдөөлөр адамдын тегерегинде белгилүү бир "өздүк" , инсандык аймак бар экендигин аныкташкан. Башка адам бул аймактын чегинен өтүп кирип келсе, "басып алса" инсанда психологиялык ыңгайсыздык, дискомфорт пайда болот. Инсандык аймактын чеги адамдар ортосундагы мамилеге, психологиялык жакындыкка байланыштуу. Төмөнкүдөй инсандык аралыктар аныкталган: чоочун, тааныш эмес адамдардын оросунда - 5-3,7 м., тааныш адамдардын сүйлөшүү учурунда - 3,7-1,2 м., достордун, жакын адамдардын маегинде - 1,2-0,5 м [4, 36]. Ыңгайлуу кырдаалда, натыйжалуу пикир алышуу үчүн ушул аралыктарды сактоо талапка ылайык.
Угуучу (окурман) сигналдар аркылуу түзүлгөн текстти кабыл алат. Сөздөр, сөз айкаштары, сүйлөмдөр, сөздөрдүн орун тартиби, жест, мимика, интонация ушундай тилдик сигналдарга кирет. Текстти туура түшүнүү адамдын сигналды кабыл алуу жана аны декоддоштуруу, чечмелөө жөндөмдүүлүгүнө көз каранды болот. Кептеги кабар, мазмун маанилик кесиндилерден, бөлүктөрдөн түзүлөт. Кабыл алууда алгач ар бир үзүндү, бөлүк эс тутумуна алынып, анын мааниси аныкталат. Ар бир үзүндүнүн мааниси мурунку жана кийинки үзүндүлөрдүн мааниси менен байланыштырылат. Кептин бардык бөлүктөрүнүн маанилери өз ара байланыштырылып, анализделгенден кийин гана тексттин жалпы мааниси аныкталат. Бул учурда рефлексия дайыма орун алат. Рефлексия - кептеги сигналдардын маанисинин угуучунун турмуштук тажрыйбасы, билими менен байланыштырылышы. Ар бир сөз, ар бир түшүнүк угуучунун дүйнө таанымы аркылуу чечмеленет. Мисалы, "Жер" деген сөздү дыйкан агрономия менен байланыштырса, архитектор аянт, кыртыш менен, астроном планета менен, ботаник өсүмдүктөр менен байланыштырат. Кептеги ойду угуучу кайра өз сөзү менен айтып берүүгө даяр болгондо гана түшүнүү процесси аяктайт.
Пикир алышуу процесси негизинен даярдыксыз жүрөт, угуучу менен айтуучунун эвристикалык (таанып-билүүчүлүк) ишмердигине негизделет. Бир адам экинчиге жаңы, балким ал күтпөгөн маалымат берет, экинчи адам ал маалыматты өз тажрыйбасынын негизинде талдап, анализдеп, башка маалымат иштеп чыгып, кайра биринчиге берет, өз кезегинде ал маалымат биринчи адам үчүн жаңы маалымат болуп эсептелет ж.б.у.с. Кептин маанисин туура түшүнүү, чечмелөө угуучунун тилди билүү деңгээли менен гана чектелбестен, анын сөз болуп жаткан тармак боюнча билимине жана тажрыйбасына, психикалык абалына ж.б. шарттарга байланыштуу.
Кептин маанисин туура, так чечмелөө, контексттик маанилерди туура аныктоо, көмүскөдөгү (подтексттеги) маанилерди толук ачуу өз ара түшүнүшүүгө алып келет. Өз ара түшүнүшүүнү камсыз кылууда төмөнкү сапаттар чоң роль ойнойт:
1. Адамдын угуучуга, анын тажрыйбасына, дүйнө таанымына, билим деңгээлине, көз карашына ж.б. өзгөчөлүктөрүнө тексттин маанисин, мазмунун ылайыктап бере алуусу - текстти трансформациялоо (өзгөртүп түзүү) жөндөмдүүлүгү.
2. Кепти терең кабыл алуу - өзүн айтуучунун ордуна коө билүү, мазмунду айтуучунун көз карашынан туруп түшүнүү жөндөмдүүлүгү.
Адатта, кептин, сүйлөмдүн мааниси белгилүү бир суроого берилген жооп катары түшүнүлөт. Эгер кеп эч бир суроого жооп бербесе, анда анын эч кандай мааниси жок. Кепти түшүнүү - ал жооп бере турган суроону аныктоо. Суроо - билүү менен билбөөнүн, маалыматтуулук менен маалыматсыздыктын ортосунда жайгашкан ой жүгүртүүнүн өзгөчө формасы. Суроо коюу, суроо түзүү учурунда адам кептин предмети жөнүндө терең ой жүгүртүп, аны анализге алат, касиеттерин талдайт. Мисалы, тестиер баланын "Жылдыз эмне үчүн көрүнбөйт?" деген суроосунда эки маанилик бөлүк бар:
1. Жылдыздын күндүз көрүнбөгөндүгү жөнүндө маалыматтын балага белгилүү экендиги.
2. Бул кубулуштун себебин түшүндүрүп берүүнү талап кылуу.
Суроо берүү - өзүндөгү билимдин кенемтесин, жетишпегендигин аныктоонун, аны жоюуга аракет кылуунун натыйжасы.
Ошентип, түшүнүү механизми кептеги маанилерди өз ара байланыштыруу, салыштыруу, анализдөө сыяктуу логикалык процесстердин негизинде ишке ашат да, өз ара түшүнүшүүнү калыптандырууга умтулат. Психолингвисттер пикир алышуу процессинин негизги, түпкү максаты - айтуучунун аң-сезиминдеги түшүнүктөрдүн, элестердин жана идеялардын угуучунун аң-сезимине "көчүрүү" деп аныкташкан. Идеалдуу түшүнүү - айтуучунун аң-сезиминдеги ойлорду эч өзгөртпөй, чыпчыргасын коротпой кабыл алуу. Бирок, мындай түшүнүүнүн болушу дээрлик мүмкүн эмес. Анткени, толук, идеалдуу түшүнүү үчүн эки адамдын дүйнө таанымдары, билимдери, этикалык, эстетикалык, нравалык көз караштары бири-бирине толук окшош болушу керек. Мынчалык окшош адамдарды табуу кыйын. Ал эми реалдуу, турмуштагы пикир алышууда ойлор эки өткөөлдөн өтүү учурунда (алгач айтуучу өз оюн тилдик системага өткөрөт, анан тилдик системадагы ой кайра угуучунун аң-сезимине өткөрүлөт) бир катар жоготууларга, өзгөрүүгө сөзсүз учурайт. Өз ара түшүнүшүүнү жогорулатуу үчүн айтуучу кепти угуучуга ылайыктап түзүүгө, ал эми угуучу кепти айтуучунун көз карашы менен кабыл алууга аракеттенүүгө тийиш.
Маекти баштаардан мурун негизги сөздөрдү, терминдерди кандай мааниде түшүнүү керек экендигин алдын ала макулдашып алуу пайдалуу. Эл ичине кеңири тараган икаяда мындай айтылат:
"Мугалим окуучуга суроо берет:
- "Капиталды" ким жазган?
Анда окуучу мындай жооп бериптир:
- Чын айтам, мен жазган эмесмин."
Бул икаяда капитал деген сөздүн маанисин эки ача түшүнүү комизмдик эффектке алып келген.
Жазууда да, сүйлөөдө да кеп түзүү процесси ишке ашырылат. Ошондуктан, жазуу менен сүйлөө негизинен окшош. Алардын негизги айырмачылыгы түзүлгөн текстти чагылдыруунун каражатында гана - сүйлөөдө үндүк белгилер колдонулса, жазууда графикалык белгилер колдонулат. Ошентсе да, алардын ар бирине өз алдынча токтолуп, талдоого алып көрөлү.
Сүйлөө - ойдун калыптануу жана туюнтулуу процесси. Сүйлөө процессинде үч аспект катышат: 1. Коммуникативдик ниетти аткаруу. 2. Референция жана предикация. 3. Кептин айтылышы.
Ар бир кеп пикир алышуу процессинде (ички же сырткы диалогдо) түзүлөт. Ал пикир алышуунун бир бөлүгү катары кызмат кылып, айтуучунун коммуникативдик максатына (маалымат берүү, маалымат талап кылуу, угуучуга таасир этүү ж.б.) багытталат. Кепти түзүүдөн мурда айтуучуда мотив пайда болот, б.а. кепти түзүүгө ички, психологиялык стимул, түрткү жаралат. Бул учурда "Эмне үчүн, кандай максатта сүйлөшүм керек?" деген суроо алдыга коюлуп, жообу аныкталат. Бул коммуникативдик ниетти, каалоону жаратат.
Референция - сөздүн денотатка (сөз атаган кубулушка, нерсеге) болгон катышы, байланышы. Ар бир предмет, кубулуш, зат аң-сезимде түшүнүк менен чагылып, ал эми тилде өз атоосуна, өз сөзүнө ээ болот. Сүйлөө учурунда аң-сезимдеги түшүнүк референцияланат, ар бир түшүнүктү туюнта турган сөз тандалып алынат.
Предикация - бүтүн бир ойдун тилде грамматикалык жак, чак, модалдуулук категорияларынын жардамы менен чагылышы. Ойдо камтылган окуялар, заттар, аларга болгон мамилелер тилде сөздөр жана грамматикалык категориялар менен туюнтулат. Мисалы, "Бишкек - Кыргызстандын борбору" деген сүйлөмдө сөздөрдөн башка да мезгилдик категория (маани) - учур чак, 3-жак жана айтылган кабарга жай мамиле (модалдуулук) катышып турат.
Референция жана предикация кубулуштарын конкреттүү мисалдын негизинде карап көрөлү: "Бишкек шаары кооз жана жашыл" деген сүйлөмдү түзүү учурунда алгач референция процесси аткарылат - аң-сезимибиздеги түшүнүктөргө, оюбузга, максатыбызга ылайык сөздөр тандалат. Бул учурда эс тутумдан төмөнкүдөй сөздөр "чакырылышы" мүмкүн: "Бишкек (шаары, калаасы), (борбор шаарыбыз), (Кыргызстандын борбору) (кооз, сулуу, татынакай, көрктүү) жана (дарактарга толгон, өсүмдүктөргө бай, жашыл)" Бул сөздөрдүн (варианттардын) арасынан оюбузду болушунча так чагылдырган, сүйлөмдүн жалпы мазмунуна ылайыктуулары тандалып алынды. Кийинки этап - предикация. Ойду жыйынтыктуу берүү үчүн аны мезгил (чак) жана автор (жак) менен байланыштыруу керек, ошол эле учурда автордун кабарга мамилеси сөзсүз камтылат. Биз түзүп жаткан сүйлөмдө учур чак (": жашыл жана кооз болот" же ": жашыл жана кооз болчу/болгон" эмес), 3-жак жана ылайыктуу модалдуулук ("Бах, Бишкек шаары кооз жана жашыл" же "Ка-а-п, Бишкек шаары кооз жана жашыл" же "Бишкек шаары кооз жана жашыл го" эмес) катышат.
Сүйлөө жөндөмдүүлүгү үчүн референциянын сапаттуу аткарылышы чоң роль ойнойт. Эң ылайыктуу, түшүнүктү так, кырдаалга тууралап чагылдырган, туюнткан сөздү тандап алуу кептин маанисинин тактыгына, түшүнүктүүлүгүнө өбөлгө болот. Сөздөрдү туура тандоо үчүн адамдын лексикону бай болууга тийиш. Лексикон деп жеке адамдын сөз байлыгы, кебинде дайыма колдонуп жүргөн сөздүк кору аталат. Эс тутумда сөздөр жана сүйлөмдүк моделдер, схемалар үч деңгээлде жайгашат:
1. Жогорку деңгээл же дайыма колдонулуп жүргөн сөздөр.
2. Ортоңку деңгээл же чанда, айрым учурда колдонулган сөздөр.
3. Төмөнкү деңгээл же дээрлик колдонулбаган сөздөр.
Тилибизде колдонулган сөздөрдүн бардыгын түшүнсөк да, алардын азын гана колдонобуз. Көркөм сөздүн чыгаан чеберлери да тилдин лексикасынын, жалпы сөздүк корунун аз гана бөлүгүн колдонушат. Сүйлөө чеберчилигин жогорулатуу үчүн активдүү лексиконду байытуу, болушунча көбүрөөк сөздөрдү кепте колдонууга үйрөнүү чоң өбөлгө болот.
Сүйлөө процессинин акыркы этабы - кепти айтуу. Мында үн чыгаруу, тыбыш жасоо, үндү сегменттөө (ажыратуу) жана интонация менен жабдуу механизмдери ишке киргизилет. Сүйлөөнүн негизги куралы - сүйлөө органдарында жаралган, ар түрдүү бийиктикке, күчкө, тембрге ээ болгон үн. Үндүн жасалуу сапаты тыбыштардын так айтылышына, дикцияга таасир этет. Сегменттөө - жасалган тыбыштарды жайгаштыруу, тыбыштардын, сөздөрдүн, сүйлөмдөрдүн чегин тыным менен ажыратуу. Ал эми интонация - кептин маанисин туюнтууда чоң мааниге ээ болгон каражат. Кептин интонациясы анын маанисине шайкеш болууга тийиш. Үндүн тону, катуулугу, тактыгы, кептин айтылыш темпи кептин кырдаалына жараша жөнгө салынат. Айрым бир шарттарда катуу сүйлөө орунсуз, туура эмес болсо, башка учурда шыбыроо ылайыксыз болушу мүмкүн.
Жазуу - текст түзүү жана аны графикалык белгилер (тамгалар, тыныш белгилери ж.б.) аркылуу чагылдыруу процесси. Жазууда эки аспект - тексттин мазмуну жана жазуу техникасы эске алынат. Жазуу техникасында каллиграфиялык (сулуу, элементи менен жазуу) көндүмдөргө жана тыныш белгилерин, абзац коюу ыкмаларына көңүл бурулат. Ал эми тексттин мазмунуна жазуу кебинде оозеки кеп түзүүдөгү, сүйлөөдөгү сыяктуу эле талаптар коюлат. Кепти, тексттин түзүлүш процессин төмөнкү схема менен чагылдырууга болот:
<сан> Кайталоо жана бекемдөө үчүн суроолор жана тапшырмалар:
1. Кеп кандай максатка багытталат?
2. Кепке кандай негизги талаптар коюлат?
3. Кептик ишмердүүлүк деген эмне?
4. Кептик ишмердүүлүк өзүнөн-өзү өнүгөбү?
5. Кептик ишмердүүлүк кандай жөндөмдөрдөн куралат?
6. Кеп кандайча кабыл алынат?
7. Кепти туура түшүнүү үчүн эмне кылуу керек?
8. Кеп түзүү процесси кандайча жүрөт?
Никогда не путай мой характер с моим отношением. Мой характер зависит от меня, а мое отношение - от твоего поведения.
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Мен кыргызмын!
  • Кийинки тема →

  • (4 бет)
  • +
  • ←
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • →
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 1 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 1, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 21 Июл 2025 01:49

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: