Акындар айтышы. Акынсыңбы? Күчүңдү сынап көр.
#301 12 Апрель 2009 - 13:50
Баштап дайым куч болун
Окуп алып кубанып
Ойго баттым буланып
Кийинки тур ийгилик
Алып эле келсинда
Ийгиликтин коштоосунда
Жыргап эле калсамда
Бирдиктуу болуп байып калсам
Апама чыгып жанылык айтсам
Ичимден мен жыргалга батсам
Эмнелер кыялдап жазып жатам
Ач коздук озу жаман адат
Жазып койдум тамашалап
Чынын айтсам акындарым
Журогумо жакындарым
Чогуу ойноп кулуп журуу
Бакыт экен бизге кулуу
Андан артык эмне пайда
Айтышпай журуу кимге пайда.
#302 12 Апрель 2009 - 17:55
Окуп алып кейидим
Адамдар кайда баратат
Жырткычтан калбай баратат
Жеп койгудай создорду
Катардан айтып баратат
Жакшы да айбан эмеспиз
Аттырып жытын жоготмок
Адамга адам конулдуу
Суйлоп жургону суйунтот
Бироонун созун бироого
Багынтырган кунообу
Тийешеси жок создорду
Тийгизип суйлоо кунообу
Оз куноосун сезбеген
Озгого орун бербеген
Озумчул болуп ар дайым
Озгоруп дайым кураган
Жаны ондонуп жашарып
Жасалма создор жаратып
Артынан болбогур создор таратып
Тентекче суйлоо кунообу.
Отугун торго илбеген
Орокчу чалдан беш бетер.
Ар кимдин созун ар кандай
Кабыл алгын тус тандагандай
Ажырата албай кыйналсан
Кенеш алгын акылдуу бир адамдан
Кызыл менен караны
Андай албай келесин
Тушунбой жаткан адамга
Туйшугун илип келесин
Кимсин озу билбеймин
Бир жараткан пендесин
Акылынды ашыкча
Жаратканбы кудайым
Озунчо бир сындайсын
Озгону козго албайсын
Адам менен айбанды
Окшоштуруп жыргайсын
Акыры барып создоруно
Жооп берип калаарсын.
#303 13 Апрель 2009 - 12:07
Сыйлаймын мен кун сайын
Окуп жатып жаз айын
Эске туттум ан сайын
Анда атап кетейин
Жаратылыш бактарын
Жаз келип жашыл тус алып
Жаратылыш дем алып
Кызыл сары тус алып
Айланага корк салып
Кыштын куну картайып
Ак тусторго буланып
Буугу чыкпай уч айлап
Мезгилибиз мымырап
Кыйналдыда кыш айлап.
Мына келди жаз айы
Жаз айындай жалтырап
Ырларынды жараткынын биз тарап
Бутагын чачып ар тарап
Дарака сен окшогун
Кокмок суудай суйкайып
Тунарып сен коштогун
Кызарып жайнаган гулго окшоп
Кызыгын дайым курагын
Королуу кокмок туско окшоп
Когоруп сен турбагын
Бышып калган сары оруктой
Саргайгыча ырдагын
Деги эле куз айына
Экинчи тур буткучо
Онорунду курагын
Андан кийин туру жок
Сап сап аккан ырларды
Омурундун чегине
Жеткичекти ырдагын.
Кыскасы соз аягы айтайын
Чакырып угут салганда
Унубуз жетпей калганда
Чакырдынбы мен деп
Алсызданып турбагын
Чакырыксыз кучтонуп
Кирип турчу ондонуп.
#304 13 Апрель 2009 - 12:16
Салам алайкум жыттуу гул
Жаздын жарык кундорундо
Капаланбай ачык кул...
Бугун да болсун ийгилик
Кереметтуу куттуу кун...
Сага айтат бир ооз соз
Жаман аттуу Лимон кул...
Конулу чоккон сулуу кыз
Жылмайып бери келиниз.....
Катуу айтпайм мен сизге
Кермени жакшы кериниз..
Кемсинтип мени салат деп
Акпасын сиздин териниз.....
Башындале урушсак
Копко жетпейт демибиз......
Коп жашасын бул айтыш
Колундагы клавыштан
Жакшы создор териниз.....
Капа болсон сен менден
Кечиримин бериниз.....
Жаман ойлосон Лимонду
Соолубас гулум озун бил......
Айбан кылбагам эч кимди
Ой жугуртуп андап бил........
Жырткыч кылып тенеген
Мендеги эмес башка тил...
Тушунбой жатсан созумду
17 ни баштап кир......
Кибрликти жактырбайм
Байкап калсам озгодон
Ошол бойдон калтырбайм. .....
Сыйлуу болсо коногум
Конулун такыр калтырбайм. ....
Чулдуратса бироолор
Кантип анан жакшы кором..
Айбан кылып мээси жок
Шылдын кылса бироолор
Адамча кантип конул болом...
Чыдабаймын андайга
Не болсо да оч аламын
Тер алсам да мандайга...
Кемсинтпегем эч кимди
Жол бербеймин андайга..
Адамдардын жакшысы
Далили менен суйлогон...
Далили жок суйлосо
Эки дуйно суйбогом..... .
Кээ бирге айтып чындыкты
Жалгандан мен куйбогом....
Тарткым келип азаптан
Жыргал жайга суйрогом....
Уккусу келбейт шайтандар
Аларды кошуп бет бурган.....
Мени болсо байкуш кылып
Аындарга кеп урган......
Акылымды ченегенсип
Кудайым ашыкча берген деп
Такымын да жеп урган.....
Адам менен айбанды
Окшоштурдум кай жерде.......
Акылманым сулуу кыз
Карап корчу жакшылап
Андай эмес ал жерде....
Тийишкен кыз ыйлабайт
Баштаган эле абалы
Эмес создор жаратып......
Чучука жетчу соз болсо
Кантип койбойт каратып...
А сен болсо жаман соз
Айтпасам да ушунча
Ызы чуу кылып ыйладын..
Кемсинтти мени дайым деп
Журокторду кыйнадын....
Жалааны толо кап кылып
Ыр сабына жыйнадын...
Эми ушунча болоду карындаш
Озун айткан создорго
Катасы жок сыр кылып
Далилинди жыйнагын..... .
Ии анан...
Эрчитип келем айтышка
Жаныдан тапкан суйгонум...
Жактырып калдым ал кыздын
Жылмайынкы кулгонун..
Каршы болбой эч качан
Туура жолдо жургонун...
Урмат кылып сыйлаган
Ой пикирин суйгонун....
Урушуп кетпе чачташып
Урмат кылып сыйланыз....
Конулу калып калбасын
Жакшы создон кыйбаныз....
Каардуу болбой жумшак бол
Сабыр кылып ырданыз.....
Дайым болгун орундуу
Жаман созго сыйбаныз....
Билдирүүнү түзөткөн: ЛИМОН: 13 Апрель 2009 - 12:23
Акыл дос, ачуу душман.
#305 13 Апрель 2009 - 13:22
Саламатчылык Лимонтай
Байкап баарын жаздыныз
Конулундо создорунуз
Тубу менен курдунуз
Андыктан мен баштайын
Акылдуум менин угуп тур
Жылмайып сени карадым
Карасам кара коздорун
Жаш толуп мени карадын
Чыдабай барып жашынды
Артканга мен кол байладым
Колдорум силкип ар дайым
Артпагын башка ардагым
Алыстай жургун каралдым
Деп кайгырып калганын
Мен кандай кабыл алайын.
Соолубаган гулумсун деп
Соолутткан жан сен болдун
Соолутуп назик гулунду
Куураткан да сен болдун.
Айбан кылып мээси жок
Шылдын кылса бироолор
Конул бурба каражан
Реал менен ойун кулкуну
Алмаштырба каражан
Кандай кыз болгонум
Айылымдан сураштыр
Кааласан жалпы элди чогултуп
Эркектердей сураштыр
Жакшымынбы жаманмынбы
Мына ошондо караштыр
Башка мындай создорго
Чыдай албайм каражан
Жаман адам жаман создор атаса
Кабыл албайм мен аны
Жакшы адам жакшы создор жартса
Кабыл алам суйунуп мен аны
Жан дуйному ичине
Кирбединго каражан
Кир создорду катардан
Сап сап кылып арнасан
Анан эмне кыламын
Акындарча арнадым
Болду башка жазбаймын
Кандайлыгым байкадын.
ИиИ- деген созуно дагы жообум!! !
Эрчитип келчи макул суйгонун
Сыйлаймын мен силерди
Сый урматтуу кыздарды
Чачташпаймын билгинин
Сылык эстуу кыздардан
Сендей жандуу инсанды
Сыйлагын деп кураймын
Кыргызымда бактылуу
Мына ушундай жаштарды
Бактылуу кылгынын деп
Кудайымдан сураймын.
Тескери ойум жок менин.
Орундуу болбой ойсондоп
Ойногон жерим жок менин
Суперде ойноп кулгонум
Озгочо койгой кырдаалы
Жашоодо ойноп кулгонум
Жашоомду женип жатканым
Баарын жаздым байкежан
Болду кылуу сизден каражан.
#306 18 Апрель 2009 - 21:17
Экинчи тур башталыптырда, .. жакшыы..анда эмесе аракет кылып королу,ээ?
Салам калкым аманбы
Саламдашып алалы
Салам айтат Жанымай
Алик алгын акын ай.
Коптон бери ыр жазбай
Унутулду создор ай
Кантип жазам мен ыр деп
Кыйналдымгоу бираз ай.
Уктум Аксы кайгысын
Ооруп журок булкунду
Конул айтып тим болдум
Не кылаарым билбеймин
Жазгы жамгыр ыйлады
Бир нече кун кыйнады
Бурдоп калган момону
Ушуттуго..билбедим
Макул эми сурайын
Акындарды сынайын
Жазбай калды эч ким деп
Кабатыр болдум жону жок
Кана эмесе акындар
Же болбосо токмолор
Жамакчылар калбасын
Баары бурда катталсын
Башталды деп 2- тур
Жар салгыла жалпынар
Улантып ата-салтын биз
Аракет кылып жазалык
Кыйын деген акындар
Алып сыйлык жок болдун
Алды алды орук комузун
Бирдик салды калганы
Кутобуз жалпы силерди
Коргозгун болгон онорун
Форум кутот жанылык
Куттурбой келчи шашылып.
Менин ырым бутту окшойт
Ильхом жок бугун, ойгонбойт
Эркеги уктап калыптыр
Ургаачысы андан качыптыр.
Окуп корсом анча окшошбой калыптыр, макул деп калтырып койдум, очургонго "жалко" болду, коп сынабагыла, суранам...
Билдирүүнү түзөткөн: janymai: 18 Апрель 2009 - 21:22
#307 19 Апрель 2009 - 17:13
Эмне мынча капырай
Келбей койуп бул жака
Кайып болдун кай жака
Дагы да болсо айтайын
Куш келиппсин биз жака
Туура айтып кайгырдын
Жамакчы токмо акындар
Кирбей койду айтышка.
Жалгыз кирип жыргасан
Жакпайт озго жандарга.
Кол шилтеп бери баскыла
Айтыштын кызыгын айткыла
Айыгып кайра кайткыла
Деп кыйкырып айкыруу
Маданиятка жатпайт экен жагынуу.
Айтыш эмес форумдагы адамдар
Жок болуп кайда качтынар
Анча мынча бул жака
Кадам тыштап турсанар.
Аллага шугур айталы
Шайтанга азгырып калбайлы
Жарата албай создорду
Кайгырып кийин калбайлы
Убагында бай бербей
Бал тамган аз маз ырларды
Ырдаганча,конул ачып калалы.
#308 19 Апрель 2009 - 18:21
Азамат Архидея..колундан келсе жаза бер...ийгилик сага.
Салам жаным кыздарай
Салтты бузбай келдимай
Жандансын биздин темабыз
Келгиле, кутом жаштарай.
Акындар кайда кеттинер
Барсынбы модур жигиттер
Жазсанар боло жамакты
Токсонор боло саптарды
Архидея азамат
Эн биринчи кол сунат
Жанымай кайра келиптир
Жазыптыр бираз ыр сабын
Эркек баштаса торго дейт
Катын баштаса чолго дейт
Айткым келди тескеринче
Эркектер коркок келет деп.
Сыйлайм мен кыргыз жигитин
Ойлонгон бизди куну-тун
Айтышты баштоого жол берди
Чамдагыла кыздар, ой келди
Жаз келди, жаны умут келди
Журокко салкын аба келди
Суйушуп жаштар баардык жерде
Суйунтот козду алар биздин
Суйуулор жазда башталат
Куттурот, баары бир тарап
Жанашып жаштар айлуу тундо
Басышат сейилдеп бак аралап
Суйомун мен да суйомун
Ким суйбойт, анда ал озу байкуш
Суйуусуз жашоо кызыксыз
Билесин баарын мунусун
Башталсын суйуу бул темада
Жазышсын жаштар ыр саптарын
Данкташып суйуу сезимин
Кутолу кана, ким биринчи?
Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 19 Апрель 2009 - 18:25
#309 19 Апрель 2009 - 18:46
#310 19 Апрель 2009 - 19:00
Салаам алайкум сулу кыз
Мунозун сенин камтыган
Аппак карлуу таза кыш...
Журоктон чыккан ырларын
Тизилген экен ото жыш...
Оркундоп оссун онорун
Такшалын аны коробуз..
Ырдабай койсок экообуз
Айтыштын корку кетеби..
Урушуп жатат булар деп
Форумга ушак жетеби..
Таарынып турсан когоруп
Буга эмне болгон деп
Сабырым менин кетеби..
Акындардын бири да
Мындан сон мага жазба деп
Айткан эмес эзели..
Тытыша бербей жоо сымал\
Ынтымака келели...
Сонуна чейин айтыштын
Кубаныч кылып элиме
Оюн куруп берели....
Туура корсон карындаш
Жок дегенде айтышта
Чал кемпир болуп берели..
Алыс таштап арканды
Узунураак керели...
Вайс акан айткандай
Баардыгы эле эмес эмес...
Тил кайрып койсо кичине
Ырыдын баары чындык эмес..
Баш ийип койсон кичине
Мойнундагы кулдук эмес...
Жыгып койсон бироону
Жылмындачу куулук эмес..
Соз угуп койсон бироонон
Арман сууга жуунуу эмес..
Бул жака келген коноктор
Баары эле сыйлуу эмес..
Мактанып жаткан бир жандар
Кыялында кырдуу эмес...
Жамактап жаткан бир жандар
Созундогудой сырдуу эмес...
Батыштан соккон шамалдын
Баардыгы эле салкын эмес..
Жаман коргон ЛИМОНУН
Анча эле саткын эмес...
Таштай коюп суйгонун
Бурула кашчу качкын эмес..
Андыктан ниет ондойлу
Жамандардан болбойлу...
Айтышка келчу конокторду
Чын журоктон колдойлу..
Тартынбастан ырдашсын
Качыргыдай болбойлу....
Таарынганда пайда жок
Кире кашчу сайда жок...
Конулундун акысына
Балмуздак сатып берейин десем
Крупный экен майда жок..
Ырдап сага берейин десем
Чарчаптырмын шайда жок..
Эмесе сулуу Архидей
Коеоорсун мени тушунуп..
Олтура бербе ал жерде
Конулунду тушуруп...
Даракпызго жаны гулдогон
Улгуруп алсын берууго
Берекелуу бучурун..
Куулоп калгын комузунду
Эркем менин учугум...
Касяк кылсам кечиресин
Айтышасын мени менен
Болбосо мени кетиресин

Акыл дос, ачуу душман.
#311 19 Апрель 2009 - 19:07
Суйдум эле суйдум деп
Мындан кийин ырдайын
Тартуу кылып бир куйрук
Силер менен жаргайын..
Башталып кетсин айтыш деп
Тер чыкканча ырдайын..
Суйбой калсам эч кимди
Жаш агызбай ыйлайын..
Саламатсынар акындар
Саламым сага сунайын
Ырдап турсанар токтобой
Эки колду шатыратып
Гулум менен кулайын..
Биринчи болук айтышта
Капа кылсам киминди
Кечиримим сурайын...
Жаман болгон создорумду
Жакшы жакка бурайын..
Эмне дейт деп акындарым
Азырынча сырт жактан
Конулум буруп турайын...
Акыл дос, ачуу душман.
#312 19 Апрель 2009 - 23:18
КАЛЫСТАР ТОБУНА ДАГЫ, АЛАРДЫН ЭМГЕГИ УЧУН ---200 ----БИРДИК САЛЫНАТ.
Урматым менен АеЧКа
Билдирүүнү түзөткөн: AeCHka: 19 Апрель 2009 - 23:58
#313 19 Апрель 2009 - 23:41
Бул форумда жашаган карыга да жашына!
Жакшы тема башталып, салтты салдын эсиме,
Эми кыргыз айтышкын болунуп алып экиге.
Болунуу болсун бул ырда, эч болбосун турмушта,
Тундук-Туштук илдети коп кездешет кыргызда.
Чымыны бар кыргыздар, соз байлыгын чачкыла,
Унуттурбай айтышты, тарых бетин ачкыла.
Ушул эки сабыма уйкаш соз бул "АТКЫЛА" ,
Бул созго сап жазбайын, башка жака саткыла.
Ансыз деле чекеден атып жатат кыргызды,
Кылмышкерди таппаган, кызыл шапке куйгузду.
Кыйын болсон айтышкын, атышпагын кыргызым,
Откон жылы ансыз да кете берди Чынгызын.
Андан башка канчасы кош айтышты былтыры,
Армандуу сап болсо да, бул учурумдун чындыгы.
Коп эле жазам дедим ле, уйку келди кашайып,
Эртен менен жумушта туруш керек какайып.
Тунун болсун бейпилдуу, кунун болсун коп пулдуу.
Аман болсун кыргызын эй, ооооругандар сакаайыы-ыып, дын-дын дын-дын....
Айлансын ар бир уулун чагылганга!
Акылды аябаган кыргыздардан,
Адашпа ак жол аран табылганда!
#314 19 Апрель 2009 - 23:49
Эми
айтышпай көрчү, кана?!!
ыр менен Жаз, Сүйүнү н кереметин сана,
оозуңдан шекер, балың тама...
Орустар айткандай: "Вот она!!! "
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#315 20 Апрель 2009 - 02:20
Ыр турундо жазамын
Маанисине тууралап
Ачылган жаны теманын.....
Алмашып жазга кыш айы
Айлана бут жайдары
Келгени ушул деп турам
Олбогон жанга жаз дагы.....
Кун мемирем,жер ысып
Алма гулдоп,чоп чыгып
Бал аарылар учушат
Ачылган гулго кызыгып.....
Сирендин жыты буркурап
Конулумду бурдурат
Батыш жактан эркелеп
Жылуу болуп жел урат....
#316 20 Апрель 2009 - 11:13
Салам достор акындарым аманбы
Адашпасам баары келип калганбы
Кубангандан конулум асман тарапта
Мына азыр тез тез жазым турган чагымда
Анда эмесе акын досторум
Ар бирине ыр тосойун
Таарынып капа болбогун
Тамаша коодон тогойун.
Архидея гулундой
Тоодо осуп тогулгондой
Жыпар жытын чачкылап
Айтышта журом чапкылап.
Аечка эже кызгалдак гулундой
Ачылып кызыл нурун токкондой
Татыктуу конул бурдуруп
Баарыны конулун которгондой.
Жанымай жыттуу сирен гулундой
Анча мынча убакыт таап
Жалпыбызды жакшылыка чакырып
Жыттынган назик сирен гулундой.
Алмагул атына заты жарашкандай
Алма гулдоп жерге тогуп жаткандай
Бат баттан кирип бизди кубантып
Кирип турчу кыздарды санын улантып.
Кыздардан саны тортоо экен
Балдарга тенелип жыргоо
Кошулуп балдар менен ырдоо
Кыздар учун абдан кызык экен.
СССР байке байбичеден баштайын
Бака жалбыракты сага таштайын
Баса калсан ооруп турган ысык журоко
Оорусун сезбей жатып калат кыздарын.
Барс байке бош отурган жандайсыз
Айтышка кирип соз атпайсыз
Окшоштурам жаздагы жамгыр токмосуно
Дагы да токмо акындардын озуно.
Лимон жигит жакшы саптар сага берейин
Жашыл дарактарды барыны сага тенейин
Жашылданып жарык маанай каалайсын
Жалпы элдин камын абдан баалайсын.
Жека жигит жашыл адыр сымалсын
Бийик бийик тоолорундан
Откорбой абдан кыйнайсын
Тустуу гулдор кучагына байлайсын.
Вайс байке виртуалда чото корунбойсун
Реалга алып келсе чон байкедей коруносун
Окшоштурам жаздагы чон жалбырака
Жалбырактай жайылып,ырлар курчу жай туруп.
Айтылбай калган жандарым
Жазамын дагы ырларым
Ийгиилк коштоп ар дайым
Журогумдон жакшылыктар арнаймын.
#317 20 Апрель 2009 - 12:10
Акындарым аманбы!
Мен да кирдим айтышка ,
Сынайын деп чамамды.
Жазгыч акын мен элем,
Ырды жазуу боюнча,
Бир тобуна тең элем.
Чечендиктен жарышсам,
Сөз табалбайм дебегем.
Бир да жолу бирок мен,
Төкмө акындык жарышта,
Жамак айтып көрбөгө м.
Ошондуктан, кечиргин,
Чала жерин келбеген.
Андыктан, достор күлбөң өр,
”Ары жок экен пендеден...
Өлө албай жүрүп огеле,
Таланты, шыгы жок эле
Калыстык да кылган-деп-
Төкмөлө ргө Мен деген.”
Экинчи турда айтышка,
Берилиптир темасы:
”Жаз, сүйүү жана жаштык” деп.
Мен турамын тартынып,
Бул ашууну биз болсо,
Качан эле аштык деп.
Болобу деп бирөөдө н,
Картайып калган абышка,
Кошулуптур жаштыкка,
Туура эмес деп күлбөйбү ,
Айтып мага ашык кеп?
Анткен менен жүрөк жаш,
Аман болсо алтын баш,
Ырдаганга эргитип,
Келет али нечен жаз.
Жер бети гүл жамынып,
Көлгө кайтат өрдөк, каз.
Деп өзүмдү сооротуп,
”Жаз-дедим, - Барс, талбай жаз!”
Ошентип, ырдап турамын,
Сөздөр го менин куралым.
Жаз жамгырлуу башталып,
Тынч болсун деп Кудайдан,
Тынчылыкты сурадым.
Жазда сүйүү башталып,
Жаштык менен жакшылык,
Бирге өсүп буралып,
Жашоо нары уланып,
Жыргал бассын элимди,
Ушул менин урааным.
Ыры дагы созулуп,
Жок деп башы-аягы.
Маанилүү ою байкалбайт
Тантыраптыр баягы,
Деп дагы жүрбө угарман,
Ырымдын ушул аягы...
Кичине окшоштубу я?
Билдирүүнү түзөткөн: Барс: 20 Апрель 2009 - 12:13
Үч кылы күүлүү комуздун,
Кыргыздар: Оң, Сол, Ичкилик...
#318 20 Апрель 2009 - 17:40
ыла.
Салам айтып мен келдим
Алчу алик ким деймин..
Карап, колдоп турамын
Суусасанар, мен суу сунамын
#319 20 Апрель 2009 - 20:17
Сутактын уну угулат
Арманын сайрап жаткансып
Журогум неге буулат....
"Аа" деп оозум ачылса
Суйуунун ыры куюлат
Боз улан жапжаш баладай
Сезимим неге булкунат.....
Эххх...айлананы карасам
Табийгат-сулуу кулпунат
Жомокко кирип кеткенсип
Жашоо да башка туюлат.....
Сезимдин жазы журокто
Кун болуп тийип жадырайт
Кыялым учуп асманга
Таттуу сезим азгырат....
Башкача баары,озгочо
Баарында шайыр,баары шат
Ардактап суйуу сезимин
Жарышып ырлар жазышат.....
Мен да ушул ырымды
Бироого койдум багыштап......
#320 20 Апрель 2009 - 20:50
Салам айтат Жанымай
Эсенсинби калкым ай
Суйуулор жазда башталып
Журоктор турат учуп ай
Сутактын угуп арманын
Досум неге кайгырдын?
Суйуп калсан жакшы экен
Суйгонуно жет эми.
Чыкты акындар мелдешке
Эстеп суйуу создорун
Сагынткандар бул жакка
Киришиптир жабылып
Коруп баарын суйундум
Окуп алып кубандым
Жашоо кызык керемет
Муну баарысы билет
Жаштык кезди эстеткен
Суйуу, жаштык, мастык деп
Суйгонуно жетишип
Суйушкондор кубанган
Суйом жазды мен дагы
Суйот жаным жыргалды
Суйуп алып кыйналып
Кургур журок сыздады
Суйуу жашка карабайт
Барс акын неге уялат
Сезген, билет журогун
Жаштык кезди эстегин
Суйсон керек сен дагы
Байбиченди кызганып
Озун болсо акырын
Башка кызга коз кысып
USSR досум кубанып
Журогуно дем салып
Турган кези суйдум деп
Айтсын суйуун кызуу кеп
Болгун жаным бактылуу
Каалайм дайым ак суйуу
Армандуу эч болбосун
Суйуун сени колдосун.
Жалпы акын досторум
Ильхомун такыр очпосун
Коштоп суйуу ырлары
Чыксын ак соз дилинден
Анча-мынча окшоштубу, билбейм..бирок чын дилимден чыкты.