Жараланган жан дүйнө Туңгуюкка тушалган тагдыр
#21 03 Июль 2014 - 16:54
#22 03 Июль 2014 - 23:16
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 04 Июль 2014 - 06:11
Түзөтүүнүн себеби: Грамматикалык каталар түзөтүлүп, кирилл тамгалары орнотулду
#23 03 Июль 2014 - 23:43
#25 04 Июль 2014 - 01:53
Сага Кудайым ден соолук берсин, жашоонун кызыгы алдыда талыкбай аракет жаса.
#26 04 Июль 2014 - 16:49
#27 05 Июль 2014 - 12:00
#29 05 Июль 2014 - 17:42
#30 05 Июль 2014 - 22:47
#31 09 Июль 2014 - 11:01
Жайдын аптаптуу күндөрү. Мен үйдөмүн. Кылган жумушум өзүмө өзүм карап, өз убагы менен көнүгүүлөрдү жасоо. Убакыттын өтүшү менен көп нерселер унутула берди. Бирок алардын ордуна жаңылары да пайда боло баштады. Алар: “Кайсы окууга тапшырсам?”, “Же быйылча окууну токтото турсамбы?” деген сыяктуу... Бирок бир жылды өткөргүм келбеди. Ачыгын айтканда башкалардай болуп, Бишкекти көздөй бет алганга мен моралдык да материалдык жактан да даяр эмес элем. Аны үйдөгүлөр да жакшы түшүнүп турду. Ошентип, жергиликтүү окуу жайга эле тапшырдым. 2009- жылдын күзү келди. Мен өзүмдү өзүм студент сезип, универге жөнөдүм.Жаңы адамдар... Жаңы таанышуу процесси... Байкап көрсөм баарында эле меникиндей себеби бар. Бирөөнүн чөнтөгү жука, башкасы үйүндө жалгыз кызы же баласы. Ал эми кээ бирлерин ата-энеси мажбурлап окуткан. Айтор айласы жоктор менен шарты жоктор биригиптирбиз. “Бул жагынан мен жалгыз эмес экемин” дедим өзүмө.
Биринчи курс негедир мен үчүн бат эле өтүп кеткендей болду. Же мага ошондой кызык болдубу билбейм. Ага кошумча группада кыздар көбүрөөк эле. Алар менен бир теманы ачып алып эле сүйлөшүп отура беребиз. Ошентип жайкы сессия башталып, сабактарды бүтүрүп каникулга чыгып кеттик.
2-курс болдук кайрадан баягы группалаш кыздар. Алардын арасынан бирөөсү менен жакшы мамилем бар эле. Ал мага эркелей берчү, менда кез-кез ага тамашалап турчумун. Экөөбүздүн ортобузда ушундай мамиле көпкө чейин уланды. Акыры өзүм колго алууну чечтим. Бир күнү анын подружкасына жолугуп ал жөнүндө сурадым. Ал болсо подружкасы мен жөнүндө айтканын айтып, дагы көп нерселерди айтып отурду. Кыскасы кептин баары менин бутумда экен. Бутум түз болгондо баары жакшы болмок экен. Анын айткан сөздөрүн уксам да түшүнгүм келбей жүрдүм. Акыры ар кандай ойлорго орун бербей, “личный фронтту” токтотуп турууну чечтим. Анын ордуна окууга көңул бөлдүм. Ошодо өмүрүмдө биричи жолу китеп сатып алдым. Колума кармап алып “ушуну мен чын эле окуп колдономбу? ”- деп өзүмө өзүм суроо берип келе жаттым. Ошентип 1-курстан айрымаланып, 2-курсту бир топ жакшыраак аяктадым. Сатып алган китебимдин жакшы эле жардамы тийди.
Бир күнү үйгө кирсем “Супер- Инфонун” жаңы саны келиптир. Алып бир ирет көз жүгүртүп чыктым да кызыктуу жерлерин окуп отурдум. Бир маалда “Таанышуу Бурчуна” көзүм урунду. Зеригип турган мен, сап башынан окуй баштасам көбү эле балдардын аттары. Бирок мен акыры Акмөөр деген кыздын атын окудум. Жаш кургы мага да ылайыктуу экен. Дароо эле номерин терип, чала баштадым. Алгач албай койду. Эртеси кечинде дагы аракет кылдым. Ошодо алды, тааныштык, сүйлөштүк... Күндүзү ал иштейт экен, ошондуктан биз жалаң кечинде байланышабыз. Күндө ар кандай темада сөз уланат. Көрбөй - билбей эле биз жакшы досторго айландык. Үйдүн улуусу катары ал апасына жардам берип, жеңилин жерден оорун колдон алып, үй-бүлөсү менен Бишкекте жашаарын айтты. Мен ишендим, анткени анын ой жүгүртүүсү, кылган мамилеси баарын далилдеп турчу. Бир күнү ал мага “китеп окуганды жактырам” - деп окуган чыгармаларын баяндап берди. Чынын айтсам мен таң калдым, анткени азыркы заманда “китеп окуган” кыздар бар экенин билбептирмин. Мен ага таң калганымды айтсам, ал акыл калчап, татыктуу жооп берди. Ошентип, биздин мамилебиз күндөн – күнгө жакшыра берди.Ыр жазганга анча – мынча шыгым бар болгондуктан, “илхом” келгенде дароо эле Акмөөрдүн атына багытталчу СМС менен. Азыр ойлосом Акмөөргө мен төрт саптуу сезимимдин эң көбүн арнаптырмын. .. Азыр аларды эстей албайм. Ошондо бир баракка жазып койбогонума өкүнөм...
Ошентип арадан 2 ай өттү. Мен Бишкекке барганда биз жолуга турган болдук. Анткени мени операция кылган врачка барып, текшерүүдөн өтүп келишим керек эле. Акмөөргө бул тууралуу кабарладым. Ал менден мындайды күтпөгөндөй, ден –соолугума байланыштуу ар түрдүү суроолорду берип жатты. Мен болгонун болгондой баарын айтып бердим. Ал менен мамилем жакшы болгондуктан эч нерсени жашырбадым, мени түшүнөт деген ойдо болдум. Бирок... Оюмда эч нерсе врачка каттоодон өтүп, белгиленген күнү келдик. Апам мени менен келген. Бизди Сабырбек Жумабеков өзү кабыл алып,текшерип көргөндөн кийин, дароо эле дагы бир жолу операция жасоо зарыл экенин айтты. Мага направление жазып берип, анализ тапшырып,тийиштүү врачтарга жолугуп орууканага жата берүүмдү айтып, колун коюп, кагазды колума карматты. Мындай кабар мага күтүүсүз болду. Кайрадан ар түрдүү ойлор башымды басты. Операциянын азабын тартып калгандан кийин “ал нерсени дагы бир жолу кайталоого күч – кубатым жетеби?”, “ананчы, андан кийин кандай болот?”- деген суроолор көңүлгө жай бербей, туңгуюкка тушалып турдум. Ооба, андай учурда адамдын оюна жакшы ой келбейт. Эгер башыңардан өткөн болсо түшүнөсүңөр достор... Бирок мен үмүттү баарынан жогору койдум. Жараткандан суранып,“Баары өз колуңда, баары сенден көз каранды” деп ички туюмум сүйлөп жатты. Анткени канчалык кайраттанып, өзүңө-өзүң дем-күч берсеңда, кайсы бир моментте өзүңдү алсыз сезет экенсиң. (грубо айткан болсом кечиргиле). Энеден туума жылаңач кылып, шейшепке ороп,бирөө сени кайсы бир тарапка сүйрөп кете берет. Сени коштоп жүргөн бир туугандарың, жакындарың эшик сыртында калат. Дал ошол моментте мен бул дүйнөгө кандай келсем ошондой кетип бара жаткандай. Айласы жок, алсыз пенде сымал Кудай алдына бараткандай сезилген. Эми ошол эпизод дагы бир жолу кайталана турган болду.
Ошол күнү анализ тапшырып, жүрөктү текшертип, айтор, операция алдында боло турган процедуралардан өтүп, керектүү кагаздарды чогултуп, жиберген врачка жолугуп, Жумабековдун колу коюлган кагазды көрсөттүк. Ал мурунку операцияны жасаган врачтардын бири эле. Мени көрүп, тааныш адамдай “дагыкелдиңби” дегендей, бир карап койду да жообун көпкө күттүргөн жок, бир күн убакыт берди. Ошол күн ошондой машакат менен өттү. Эртеси оору канага жатканда керек боло турган нерселерди алып, үйгө келдик. Кеч кирди. Акмөөрменен сүйлөшкүм келди. Чалдым бирок алган жок. Колу бошобой жатса керек деп ойлодум. Кайра –кайра чалып, анын тынчын албадым. Көрсө, “мени түшүнөт” деген оюм оңунан чыкпаптыр. Мен болгон чындыкты айтып, аны өзүмдөн алыстатып алыпмын. Аны мен кийин түшүндүм...
Эртеси ооруканга келдик. Баары эле кайталанып жаткандай. 2 жыл мурда да дал ошол палатага келип жатеан элем. Мени менен кошо жүргөн врач палатага кирип, бош орунду көрсөттү. Жайланышып алгандан кийин мени ошол мен бөлүмдүн жаткан бөлүмдүн башчысы өзүнө чакырды. Кабинетине кирсем 3-4 врач бар экен. Операция жасала турган жеримди көрүп, өздөрү медицина тили менен бир нерселерди сүйлөшүп жатты. Мен аларды түшүнбөдүм. Бир маалда алардын бирөөсү: “Операцияга даярсыңбы?”- деп суроо узатты. Мен “Ооба” дегендей баш ийкедим. 2 жыл мурдагыдай ар кандай психологиялык суроолорду берип, моралдык колдоо көрсөткөн жок. Сыягы мени “билет” дешти окшойт. “Андай болсо, эртеңки тизмеге жаза бергиле” – деп төрдө отурган врач жардамчысына айткандай болду. Мага болсо: “Сен бара берсең болот” – деп мени узатты. Ал убакта бир күндө биздин бөлумдө 4-5 адамга оперция жасалчу. Мен ошолордун катарына кирдим.
Ошентип 2011 – жылдын 17 – августу дагы бир эсте кала турган дата болду. Жогоруда айтып өткөндөй эпизод кайталанды. Наркоз сайып жатканын билем, андан кийинкиси эсте жок... Уйкуга кетиптирмин. Түшүмдө фантастика кинодогудай жер ачыла берди, мен төмөн түшө бердим, түшө бердим... “Операция учурунда ар ким ар кандай болот” деп уккам бирок, биринчисинде уктап эле ойгонгондой болгом. Негедир бул жолкусу кызыктуудай болду.
“Кайсы жериң ооруса, жаның ошол жерде” деген сөз барго кыргызда. Ошондо ушул сөз өз маанисин тастыктап турду. Эсиме келсем жаным жанчылып калгандай, баардык жерим ооруксунат. Бирок денемдин ылдыйкы бөлүгү өзгөчө. Көзүмдү ачып, дароо бут жагымды карадым. Ооба жөн эле оорубайт да, буттарым дагы гипстелген. Эки бутум гипс менен оропуп, экөөнүн ортосуна 1 метрлик жыгач кадалган. Көрсө ал менин буттарымды чою максатында жасалыптыр. (мурдагысында кыскача эле жазып койгом, бул жолкусунда толугураак токтолууну туура көрдүм. Кааласаңар окубай эле койгула) Баары кайра башталды. Биринчи эле аба ырайы кыйнады. Эми достор Бишкекти билесиңер да жайдын күнү кандай ысыйт. Менин буттарым жыгачка байлангандыктан бир гана калыпта жатам, башкача мүмкүн эмес. Ошондуктан аркама, белиме аба жүгүрбөйт. Бара – бара түз жата бергендиктен арка сөөктөрүм ачыша баштады. Өзүм болсо тердейм. Тердеп кургай берип, денем да кирдей баштады. Наркоз алгандан кийин уйку качып калат экен, түнкүсүн да уйку жок 1-2 күн. Бир күнү бирөө түнү менен онтоп чыгат, эртеси кезек сага да келет. Күндө саат 8 врачтар обход жасашат, операция кылган жериңди тазалап, зелекадан басып дегендей. Ага кошуп күндө эки маал укол салат. Капельница дагы аласың. Айтор орукчан байкушка кыйын эле болот экен. Анын үстүнө биздин палатада көбү өз алдынча басып - тура албагандар элек. Ошентип бир палатада 10-11 киши жашадык. Аладын алтоосу орукчандар, калганы ошол орукчандардын ага-ини, балдары,жакындары дегендей. Сыртта 35 градус, палатанын ичинде 11 кишинин деми... Эми өзүңөр элестетип көргүлө достор ошол картинаны... Бирок достор адам баласы кокустан өлүп эле калбаса, баарына чыдайт экен. Ой-жүгүртүп, элестеткенде кыйын көрүнгөнү менен, башка түшсө баарын көтөрөт тура адам деген. Мен буларды айтып, ар бир нерсеге токтолуп жатканымдын себеби, дени сак туруп, жашоонун баркын билбеген, ден – соолуктун кадырын сезбегендер үчүн. Ушуну окуп, акылы болсо жаман ойдон арылып, жашоого туура кадам таштаса деген максат достор. Албетте мындай сөздөр баарына эле жага бербейт. Ошондуктан мен туура эмес айткан болсом кечирип койгула.
Ооруканада 20 күндөн ашык жаттым. Анан кайра узак жолдун изи менен алыска, үйгө карай... 2 жыл мурдагы балдак кайрадан колумда. Окшош күндөр өтүп жатты. Бир гана өзгөчөлүгү - Акмөөрдү көп ойлогонумда. Эртеден кечке үйдө болгондуктан күн батып, кеч киргенин күтөм. Анткени Акмөөр экөөбүздүн маегибиз дал ушул мезгилде башталчу эле. Чалсам албайт, СМС жазсам жооп жок. Бир күнү башка номер менен чалдым. Алды. Бирок Акмөөрдүн үнү эмес, бир топ жашка улуу адамдыкы. Мен өзүмдү тааныштырып, дароо Акмөөрдү сурадым. Ал адам болсо Акмөөрдүн апасы экен. Сөзүбүз көпкө уланган жок. Кыскасы мага Акмөөр Россияга кеткенин түшүндүрүп, “экинчи чалба” дегендей сөзүн жыйынтыктап жатты. Мен болбой эле “россиядагы номерин бере аласызбы?” дедим. Бирок трубканы коюп койду. Мындай болушу мүмкүн эмес эле. Жогуруда айтып өткөндөй ал үй-бүлөсү каралашкан, апасынын жанында эң ишеничтүү жардамчысы эле. Анын үстүнө телефон аркылуу болсо дагы аны жакшы билип калгам, сүйлөшкөндө Россия жөнүндө такыр айтчу эмес. “Эгер кеткени чын болсо кантип мага чалып коштошуп коштошуп койгон жок? Ал мындай кылбайт болчу”- деп күмөн ойлорго такалып отурдум. Ошентип ал чынбы жалганбы айтор баары бүткөнүнө көзүм жетти.
Билдирүүнү түзөткөн: Taranchy: 09 Июль 2014 - 11:04
#32 09 Июль 2014 - 11:45
#33 09 Июль 2014 - 16:41
Ден-соолукта аман болуңуз!
Билдирүүнү түзөткөн: Sweet-Lika: 09 Июль 2014 - 16:43
#34 09 Июль 2014 - 18:55
#35 09 Июль 2014 - 19:01
#36 11 Июль 2014 - 01:54
Гостон де Левис
#37 11 Июль 2014 - 17:45
#39 15 Июль 2014 - 17:46
#40 16 Июль 2014 - 20:09