Уландысын кутобуз автор манилуу жеткире жазгансын азамат
Сени сүйүп жашоо мен үчүн чоң бакыт.
#502 05 Июль 2014 - 20:51
Андан коро автор тынч эле болсо экен.Ооруп калбады бекен деп ойлонуп жатам.
«Будьте с людьми как дерево, когда в тебя
кидают камень, отвечайте плодами»
кидают камень, отвечайте плодами»
#503 05 Июль 2014 - 21:01
Журок сырынан ушул тема менен дагы бир теманы эле кызыгып окуп жаткам.ий балам ойгонуп кетти.
#504 05 Июль 2014 - 22:20
Ылайым аман эле болунузчу Мырза байке. Деги тынчылыкпы?
Не скажи Аллаху что, у тебя есть проблемы. А скажи проблемам что, у тя есть- Аллах!
#505 07 Июль 2014 - 13:01
кино тартканда кайдагы бирдемкелерди тарта бербей ушуга окшош турмушта б.п жаткан окуяларды тартышса болмок бул байкени жашоосу вобше соонун кино болмок
#506 07 Июль 2014 - 14:19
Деги тынчылыкпы?
Бутуп калса керек деп кирсем бир да жолу жазылбаптыр гоо... Автор байке жок дегенде аманмын деп коюнузчу.
Бир көргөндө эле көз кубанган адамдар да бар.
#507 07 Июль 2014 - 18:12
Кандайсынар достор сабырынарга Аллахым береке берсин.Кутконунуздорго рахмат. Жеке жашоонун туйшугу менен алек болуп журуп кире албадым. Анда эмесе темага отойун. Айгулдун мага бир кечирим жана апама тушундургончо бир аз убакыт беришин кутуп жаттым. Бир аз ойлонгоон болду да мага карап "ЖОК" деди. Биздин бир болоорубуз буюрган эмес андан коро жакшы достордон бололу деди. Ордумдан шарт турдум. Эркектен коркуп калганбы же мени кетип калат дедиби айтор коздору жайнайй тушту. Алдына чоголодум да дагы бир жолу байкап королучу дедим. Аргасыз эркиме конууго аргасыз болду. Ойдот туруп аны озумо тарттым. Жакын келип кучагымдан жылуулук издеп жаткандай болду.
#508 07 Июль 2014 - 18:14
#509 07 Июль 2014 - 18:20
Жанымда Айгулум. Денем чымырап озумду бактылуу сезип турдум. Ал да мен сыяктуу делебеси козголдубу айтор эрдин кайра кайра нымдай берди. Белинен бекем кыстым унчукпады. Айтор мен кандай аракет кылсам да баарына макулдай. Бирок аны чочутуп озумдон алыстатып алуудан дайым коркоор элем.Ойноп жатканбыз бир маалда эрдилерибиз жакындаша тушту андан ары озубузду башкара албадык, эзилише кумарлана обушуп жаттык.
#510 07 Июль 2014 - 18:24
Канча жылдан бери мен куткон учур. Кандай ширин анын эриндери. Кете албай анын жанында копко турдум.Бирок уйго эрте барып апам менен акылдашым керек эле. Бири бирибизди кыйбай жаттык Канат жаныбызга келип "и суйушкондор мен силерден жакшы чечимди угууга даярмын " деди. Досум сенин колдоонот рахмат мындан ары мен биздин суйуу учун чындап курошом дедим. Бир топко апама кантип айтышым керектигин акылдашып уйго сапар алдык.
#511 07 Июль 2014 - 18:34
Уйго кирсем чай устундо отурушуптур.
Иним, келиним апам. Чай устундо кандай болот деп чыдап отурдум. Апам да жайдары. А менин ичим уйгу туйгу. Эми апам эмне дээр экен. Чай ичип болгон сон апа журусонуз сизде создорум бар эле акылдашалы дедим. Анда иним келинге карап Гулум боорсокко камыр жуура берсенчи агам сени абысындуу кылат окшойт деп тамаша жаратты. Апама да жага бербей ошентсе кана деди. Аркы болмого кирип жайланыша отурдук бир топко дейре созду эмнеден баштаарымды билбей : апа мен уйлонойун деп жатам, бирок эгер сиз менин чечимиме каршы болсонуз мен омур бою бойдок отууго даярмын. Себеби мен бир гана ал кызды суйом андан башкага канча ирээт конулумду бурсам да болбоду дедим козумду жашылданта.
Апам бир топо ойлуу мага карап отурду да ал ким Айгулбу? деди. Оа апа дедим. Апам дагы бир азга тунжурап отурду да ал менен бактылуу болууга козун жетеби деди.
#512 07 Июль 2014 - 18:40
урррраааааа автор келиптир
Айгулго эле уйлонуп той жесек экенбиз






келечек алдыда
#513 07 Июль 2014 - 18:40
Оа апа мен ошол учун уйлонбой журом. Оа ал турмушка чыкты бирок бул биздин мындан аркы бир болуубузга тоскоол болбойт дедим. Апам акылдуу апам менин, айкол апам менин. Мен да учурунда ачууга алдырып аны катуу урушкан элем. Мени кечире алат бекен деди. Ал сизге таарынбаган сизди тушунот. дедим. Каралдым ай сен атанды жазбай тартыпсын, оа анын турмушунун бузулушуна себепкер эместир, ал да бактылуу болушу керек мен да жаш турмушка чыгып жолдошум каза болуп калган кезде атан бардыгына коз жумуп мени озу мурда турмуш курбай туруп озуно жубай кылган. Бирок омур бою бир да жолу ал кунду эсиме салган жок деди.
#516 07 Июль 2014 - 18:51
Апа сиздин акыркы чечиминиз кандай дедим шаштым кетип. Уйлон уулум убагын да келип калды. Мен каршы эмесмин, бирок качан деди? Апа сиздин туулган кунунуздо сизге белек катары уйлонойун ээ дедим эркелей карап. Апамдын туулган куну 6-март эле. Бирок ошондо анын омуру азайып жатканын билсем кана. Баары жайына келип журогум оз ордун тапты. Эртесине дейре чыдай албай ошол замат Канатка бардым. Ал да мени куттуктап, экообуз Айгулго барып ал кундк кафеге барып белгиледик.
Ошентип чыныгы бакыттын даамын сезчу кунду чыдамсыздык менен кутуп, уй жайды ондоп тойго камылга коро баштадык. Ал ортодо жумушка орноштум. Атамдан калган камазым бар эле аны менен Кытайга темир, тери жуктоп барып.Кытайдан товар алып келип журдум. Ишим да жакшы баары ойдогудай, конулум жайдары.
Билдирүүнү түзөткөн: kg-muza: 07 Июль 2014 - 18:52
#517 07 Июль 2014 - 18:59
Оа ал кун февраль айынын 13 болчу. Кытайга кетмекмин эртеси. Кеч Айгулго жолукканга жонодум. Барып Айгулду алып кафеге бардык. Себеби Айгул мандайлаш отуруп тамак ичкенди жактыраар эле. Ага дейре Айгулго талма оорусу жабышкан эле. Анын азабынан арыктап да кеткен. Уккан молдо , бубу, бакшыга алып барып жаттык. Экообуз кечке созубуз бутпой суйлошуп отурдук. Кетели барып жатып эс алыныз эртен сизди узак сапар кутуп жатат. Кайра качан келесиз сагынып кетем эми деди. Эркем менин 10 кундо келип калам, сен жакшылап тойго даярдык коро бер мына аз калды, тоюбузга акча кенен болсун. Тойдон кийин дайыма жанында болом дедим.
#518 07 Июль 2014 - 19:02
Сизге бакыт калайм , бактылуу болгула омур бою?
Мен да бактылуу болуп калдым, суйунуп.
Мен да бактылуу болуп калдым, суйунуп.
#519 07 Июль 2014 - 19:06
Бактылуу болунуздар!
Ото кубанып жатам чындыгында.
Бир көргөндө эле көз кубанган адамдар да бар.
#520 07 Июль 2014 - 19:13
Дагы бир нерсе башталып кете электе, тойду батыраак откоруп алсан жакшы болмок!