Суперстан: Сaлaттaр жaнa пирогдор. - Суперстан

Перейти к содержимому

Сыр сөзүм кандай эле?    Каттоо   
Форумдан кенен издөө
  • > Негизги темалар
  • > Билерман
  • > Ашкана сырлары
  • ЖАЛПЫ ЭРЕЖЕЛЕР
  • Соңку билдирүүлөрдү кароо
  • RSS поток
  • RSS поток
  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Сaлaттaр жaнa пирогдор. Билгендер жaзa кеткиле,билбегендер уйронгуло

#61 Пользователь офлайн   orhideya   08 Июль 2014 - 07:21

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Салат " эби абагадо сарада"

Керектелуучу азыктар.

1. Ак козу карын. 25гр.(шампиньон)
2. Авакадо 20гр.
3. Салатные криветки. 20гр.
4. Икра. 5гр.

Соус. Майонез 25гр жана соевой соус 5гр (аралаштырып койсонуз эле даяр)

Жасоо ыкмасы.

Козу карынды майдараак кесип, майга кууруп, ( озунуз каалаган козу карынды кошсонуз болот) жумшак авакаданы да торт бурчтук кылып кесип алып, салатный криветки менен бириктирип , даяр болгон соус менен аралаштырасыз . Салат даяр болгон сон, авакаданын каттуу тазаланган сыртына саласыз. (Авакаданы кескенде туура кесиниздер, тен ортосунан болуп алып, ортосундагы данегин алып саласыз. Анан кадимки эле колдонуп журуучу кашык менен чукуп, ичин тазалап аласыздар. Эгер авкада каттуу болсо, сууга 5-6 мин кайнатсаныздар жумшап калат.) Салаттын устун икра, кок пияз менен кооздойсуз. Жашыл жалбырак ( лист бамбук) деп аталат.
Негизи авакаданын ичине каалаган салаттарды жасап, суротто жасаганымдай озунуздун фантазияныз менен жасасаныз деле болот.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: IMG_20140701_020358.jpg
  • Прикрепленное изображение: IMG_20140701_020546.jpg

А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#62 Пользователь офлайн   orhideya   08 Июль 2014 - 07:36

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 263
  • Катталган: 18 Декабрь 13
  • Соңку аракети: 19 Авг 2023 13:53
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Уроссия гой ))

Суротту карап эле жасай алсаныздар болот менимче.

Прикрепленные изображения

  • Прикрепленное изображение: 20140701_004546.jpg

А знаете ли Вы, что каждую ночь кто-то думает о Вас перед тем, как заснуть. Для кого-тo Вы означаете весь мир. Кто-то мог бы не родиться, но родился ради Вас. Вы особенны и уникальны. Кто-то, о чьем существовании Вы даже не подозреваете, любит Вас…
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#63 Пользователь офлайн   nuri.88   08 Июль 2014 - 15:48

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 526
  • Катталган: 21 Март 14
  • Соңку аракети: 15 Июн 2017 15:48
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Америка Кошмо Штаты

Оной жана жасаганга ынгайлуу экен. Мага жакты. Балдарыма созсуз жасап берем, буйруса!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#64 Пользователь офлайн   MACKA   09 Июль 2014 - 23:24

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз


"Ильмень" салаты:
Сүрөт

Ингредиенттер:
- 1 даана - жаш малдын тили,
- 1 даана - таттуу болгар калемпири,
- 2 даана - помидор,
- 4 аш кашык - жашыл горох,
- 1 боо - укроп,
- салат жалбырагы,
- майонез.
Даярдоо жолу: Кайнатылып бышырылган малдын тилин, помидор (помидордун баш жагын кесип жылдызча жасалат), болгар калемпирин чарчы түрүндө кесип алабыз. Алгач тарелкага салат жалбырагын салып кесилген тилди, анын үстүнө болгар калемпирин, анын үстүнө жашыл горохту салып, үстүнөн майонезди куюп коёбуз. Даяр кошулмалардын үстүнө жылдызчаны коюп, укроп менен сүрөттөгүдөй кооздойбуз.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#65 Пользователь офлайн   MACKA   10 Июль 2014 - 00:59

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Гүлдүү салат:

Кандай азыктар керек?
Кайнатылган колбаса: 250 гр.
Капуста: 200 гр.
Жумуртка: 4 даана.
Консерваланган буурчак: 150 гр.

Бадыраң: 1 даана.
Өсүмдүк майы: 1 чай кашык.
Туз.
Майонез.


Кантип жасалат?
Капустаны майда туурап, бир чай кашык өсүмдүк майы менен аралаштырасыз. Кайнатылган колбасаны узун-узун кылып туурайсыз. Жумурткаларды сууга бышырып, колбасага окшотуп туурайсыз. Бадыраңды кыргычтан өткөрөсүз же узун-узун майда кылып туурайсыз.
Эми тууралган азыктарды кабаттап тарелкага сала баштайсыз: 1-кабат – капуста, 2-кабат – колбаса, 3-кабат – консерваланган жашыл буурчак. Буурчактан кийин тегиз кылып майонез сүртүп аласыз. Жумуртканын сарысын майдалап, аны майонездин үстүнө себелейсиз.
Андан кийинки кабат – майда тууралган бадыраң, анан жука кабат майонез. Эң үстүңкү бетине кыргычтын ирик тишинен өткөрүлгөн жумуртканын агын себелеп коёсуз. Салатты өзүңүздүн табитиңизге жараша кооздой берсеңиз болот.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#66 Пользователь офлайн   MACKA   10 Июль 2014 - 01:31

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Кызылча салаты:

Кызылча: 3 даана,Сабиз: 2 даана,
Жашыл алма: 2 даана,
Мейиз: 50 гр.
Жаңгак: 50 гр.
Каймак: 100 гр.
Сыр: 100 гр.
Бал: 3 чоң кашык,

Кантип жасалат?
Кызылчаны бышырып, сыртын аарчып кыргычтын ирик тишинен өткөрөсүз. Мейизди көөп чыкканга чейин жылуу сууга чылап коёсуз. Чийки сабизди кыргычтан өткөрүп, мейизди кошосуз. Сырды кыргычтан өткөрөсүз. Жаңгакты майдалайсыз. Алманы кыргычтан өткөрүп, ага балды кошуп аралаштырасыз.

Эми салатты кабат-кабат кылып тизесиз. 1-кабат – кызылча, 2-кабат – сыр, анан балга аралашкан алма, жаңгак, андан кийин сабиз менен мейиз, анан кайра кызылча. Эң үстүнө сырдан себелеп коёсуз. Салаттын ар бир кабатына каймактан сүртөсүз. Салатты сүрөттөгүдөй кылып кооздоп койсоңуз болот.
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#67 Пользователь офлайн   MACKA   10 Июль 2014 - 01:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Фантазия салаты:

Кандай азыктар керек?
Тоок эти: 400 гр.
Майонез: 200 гр.
Жумуртка: 3 даана,
Шампиньон козу карыны: 300 гр.

Сыр: 200 гр.
Пияз: 1 баш,
Өсүмдүк майы: 3-4 чоң кашык.


Кантип жасалат?
Тооктун этин бышырып, муздаган соң, орточо көлөмдө чарчы кылып туурайсыз. Жумурткаларды сууга бышырып, аларды да туурайсыз.
Козу карынды жалпак кылып туурайсыз. Пиязды жарым шакекче кылып туурап, кызып турган өсүмдүк майына салып кууруйсуз. Бир аз куурулгандан кийин козу карынды салып кууруйсуз. Сырды кыргычтан өткөрүп аласыз.
Эми тууралган азыктарды тарелкага кабаттап саласыз. Ар бир кабаттын ортосуна майонезден сүртүп турасыз. Азыктар мындай тартипте салынат: Тоок эти, жумуртка, куурулган козу карын менен пияз, сыр. Салатты жумуртка жана көк пияз менен кооздойсуз.

Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#68 Пользователь офлайн   MACKA   12 Июль 2014 - 19:36

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Витаминдүү салат.

Кандай азыктар керек?
Пекин капустасы: 200 гр.
Бадыраң: 3 даана,
Сабиз: 1 даана,

Консерваланган жүгөрү: ½ банка,
Салат жалбырагы,
Туз,
Өсүмдүк майы.


Кантип жасалат?
Пекин капустасын төрт бурчтук кылып туурайсыз. Бадыраңды да чарчы кылып туурайсыз. Сабизди аябай майда, чарчы кылып туурайсыз же кыргычтан өткөрөсүз. Салат жалбырагын чоң-чоң бөлүктөргө бөлөсүз. Идишке тууралган азыктарды, консерваланган жүгөрүнү салып, өсүмдүк майы менен аралаштырасыз. Татымына жараша туз кошосуз.
Сүрөт
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#69 Пользователь офлайн   MACKA   12 Июль 2014 - 19:46

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Көктөм салаты.


Кандай азыктар керек?
Укроп: 1 боо,
Петрушка: 1 боо,
Көк пияз: 1 боо,
Каймак: 250 гр.
Горчица: 1 чай кашык,
Жумуртка: 4 даана,
Редиска: 250 гр.
Туз.

Кантип жасалат?
Редисканы жука жарым шакекче, жумуртканы сууга бышырып алып төрт бурчтук кылып туурайсыз. Укропту, петрушканы майда туурайсыз. Каймакка горчицаны аралаштырып, бул соусту тууралган азыктарга кошуп аралаштырып коёсуз. Татымына жараша туз кошосуз. Даяр болгон салатты сүрөттөгүдөй кылып кооздоп коёсуз.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#70 Пользователь офлайн   MACKA   12 Июль 2014 - 19:57

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Брынза кошулган салат.

Кандай азыктар керек?

Брынза: 100-150 гр.
Бадыраң: 2 даана,
Салат жалбырагы,
Консерваланган жашыл оливка: 1 кичине банка,
Лимон: 1 даана,
Көк пияз: 2-3 тал,
Өсүмдүк майы: 2 чоң кашык,
Кара мурч,


Кантип жасалат?
Салат жалбырагын чоң-чоң бөлүктөргө бөлөсүз. Сыр менен бадыраңды чарчы кылып туурайсыз. Көк пиязды майда туурайсыз. Оливканын суусун төгүп салып, бөлүктөргө бөлөсүз. Лимонду экиге бөлүп, бир бөлүгүн майда туурайсыз, экинчисинин ширесин сыгып аласыз.Бул ширеге өсүмдүк майын, мурчту кошуп аралаштырып соус жасайсыз. Соусту тууралган азыктарга куюп аралаштырып коёсуз.

  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#71 Пользователь офлайн   Baktyluumun   13 Июль 2014 - 15:55

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Жаран
  • Билдирүүсү: 1 392
  • Катталган: 08 Октябрь 12
  • Соңку аракети: 04 Авг 2025 01:14
  • Жынысы:Белгисиз
  • Калаасы:Baktyluular olkosundo!!!

Ммммм сонунго аппетти ачып. Кол бошогондо жасап коруш керек экен. Сүрөт
Лучше быть счастливыми, чем гордыми. Пишите, звоните, говорите в глаза .
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#72 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   15 Июль 2014 - 16:32

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Ышталган скумбрия салаты
Керектелүүчү азыктар: 1 ышталган скумбрия (400 г.), 4 жумуртка, 1 банка жашыл буурчак (400 г.), 300 гр.алма (ачкыл болсо жакшы) көк чөп,пияз, майонез. Даярдоо: Скумбрияны тазалап, кылкандарын алып салып, чоң эмес кылып кесебиз. Сууга бышкан жумуртканы орточо кыргычтан өткөрөбүз. Көк чөптү майда туурайбыз. Алманы чөн кыргычтан өткөрөбүз же майдалап кесебиз. Скумбрияны, жумуртканы, алманы, буурчакты(суусун төгүп), пиязды жакшылап аралаштырабыз. Үстүнө майонез кошобуз, кооздоп тарелкага салабыз)
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#73 Пользователь офлайн   Farmka   16 Июль 2014 - 11:17

  • Момун
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 36
  • Катталган: 15 Июль 14
  • Соңку аракети: 12 Фев 2015 19:12

Пергамен кагазы кандай кагаз?
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#74 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   16 Июль 2014 - 14:51

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз


Алма, жаңгак кошулган салат. Керектүүлөр: 125 грамм жаш чалкан, 1 даана алма, 1 аш кашык майдаланган жаңгак, 1 чай кашык өсүмдүк майы, 1 аш кашык лимон ширеси, 1 аш кашык бал, бир чымчым туз.
Даярдоо : майды, лимон ширесин, балды, тузду аралаштырсак, соус даяр. Жаңы үзүлгөн жалбырактарды муздак сууга жууп, майда туурап, үстүнө соус куябыз. Тууралган алманы, жаңгакты кошсок, салат даяр.

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#75 Пользователь офлайн   Muslimka_Muslimka   16 Июль 2014 - 14:56

  • Активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 908
  • Катталган: 26 Июнь 14
  • Соңку аракети: 26 Апр 2020 17:06
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Farmka (16 Июль 2014 - 11:17) жазган:

Пергамен кагазы кандай кагаз?

Чын айтайын интернеттен көчүрдүм Сүрөт, которбой эле жаза салдым Сүрөт
Пергамен является одним из видов бумаги, используемой для выпечки хлебобулочных и кондитерских изделий. По виду он напоминает упаковочную бумагу: плотный, гладкий

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#76 Пользователь офлайн   MACKA   16 Июль 2014 - 16:30

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

Просмотр сообщения Farmka (16 Июль 2014 - 11:17) жазган:

Пергамен кагазы кандай кагаз?

Пергамент кагазы.



  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#77 Пользователь офлайн   belka   25 Июль 2014 - 18:15

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 2 104
  • Катталган: 21 Июль 14
  • Соңку аракети: 01 Фев 2022 01:17
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Деңиз жээгинде.

Сонун рецептер экен рахмат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#78 Пользователь офлайн   MACKA   27 Июль 2014 - 19:47

  • Супер-активист
  • PipPipPipPip
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Тартип бузгандар
  • Билдирүүсү: 3 414
  • Катталган: 10 Июнь 14
  • Соңку аракети: 08 Фев 2015 17:13
  • Жынысы:Белгисиз

http:/ /www.super.kg/...opic=70468& st=0 Ушул эки тема окшош эле экен...
  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#79 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 23:04

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


"Анар билерик"

Курамы:
Кызылча - 2 даана
Пияз - 1 даана
Картошка - 2 даана
Сабиз - 2 даана
Тоок эти - 200 грамм
Жумуртка - 2 даана
Анар - 1-2 даана
Жаңгак
Майонез
Туз
Мурч

Жасалуу жолу:
Кызылчаны, сабизди, картошканы, жумуртканы сууга бышырып, майдалап туурайбыз да, өз-өзүнчө идишке сала турабыз.
Тоок этин бышырып, майдалап туурайбыз.
Пиязды майда туурап, кууруп алабыз.
Салаттын түзүлүшү билерикке окшош болуш үчүн тарелканын ортосуна стаканды көмөрүп, анын айланасына даярдалган азыктарды кабаттап тизе баштайбыз. Кабаттардын арасына каалооңуз боюнча туз менен мучтан себелеп койсоңуз болот. Кабаттар төмөнкү тартип боюнча тизилет:
1-кабат - картошка, майонез
2-кабат - кызылчанын жарымы, майонез
3-кабат - сабиз, майонез
4-кабат - чагылып, майдаланган жаңгак
5-кабат - тоок этинин жарымы, майонез
6-кабат - куурулган пияз
7-кабат - жумуртка, майонез
8-кабат - тоок этинин калганы, майонез
9-кабат - кызылчанын калганы.
Андан соң стаканды сууруп алып, үстүнөн тегиз кылып майонезди жаап чыгабыз. Анан майонездин үстүнө анарларды жармаштырып чыгабыз.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

#80 Пользователь офлайн   Feijipiao   27 Июль 2014 - 23:06

  • Супер-активист
  • Перейти к блогу
  • Тайпасы: Кыймылы жок
  • Билдирүүсү: 3 042
  • Катталган: 17 Январь 14
  • Соңку аракети: 27 Янв 2021 01:19
  • Жынысы:Аялзаты
  • Калаасы:Анкара


"Ананас"

Курамы:
Картошка - 2-3 даана
Окорочка - 1 даана (300-400 грамм)
Чагылган жаңгак - 150 грамм
Жумуртка - 3 даана
Сыр - 100 грамм
Туздалган бадыраң - 4-6 даана
Пияз - 0,5 даана
Көк пияз
Майонез
Туз
Мурч

Жасалуу жолу:
Картошканы таза жууп, сууга бышырып, муздаган соң кабыгын аарчып, кыргыч (тёрка) менен кырабыз.
Жумуртканы да сууга бышырып, муздаган соң аны да кыргыч менен кырабыз.
Окорочканы бышырып, майда кылып туурайбыз.
Сырды кыргыч менен кырабыз.
Туздалган бадыраңды чарчы түрүндө майда кылып туурайбыз.
Пиязды да майдалап туурайбыз.
Даяр болгон азыктарды сүйрү кылып, башкача айтканда, ананастын формасына окшоштуруп кабат-кабат кылып тизебиз. Ар бир кабаттан соң аз-аздан чымчып туз менен мурчтан себелеп, аздан майонез сүйкөп турабыз. Кабаттар төмөнкүдөй тартипте тизилет:
1-кабат - картошка
2-кабат - пияз
3-кабат - тоок этинин жарымы
4-кабат - бадыраң
5-кабат - тоок этинин калганы
6-кабат - сыр
7-кабат - жумуртка
Салаттын эң үстүнкү кабатына майонезден көбүрөөк сүйкөп, жаңгак менен кооздоп чыгабыз. Ал эми көк пиязды ананастын сабагына окшотуп сайып коёбуз
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........


  • Жогоруга of the page up there ^
  • Жооп жазуу Цитата
  • Жооп жазуу Жооп жазуу

  • ← Мурунку тема
  • Ашкана сырлары
  • Кийинки тема →

  • (10 бет)
  • +
  • « 1
  • ←
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
  • 6
  • →
  • Акыркы бет »
  • Сиз жаңы тема ача албайсыз
  • Темага жооп жаза албайсыз

Теманы 11 колдонуучу окуп жатат
Колдонуучулар 0, коноктор 11, жашыруун колдонуучулар 0

Билдирүүнү өчүрүү

Кароолордон өчүрүү

Билдирүүнү сайттын башкармалыгы көрө алат

Себеби:

Темадан өчүрүү

Билдирүү толугу менен өчүрүлөт


  • Жогоруга
  • Форумдун тизмегине
  • Cookies тазалоо
  • Бардык билдирүүлөрдү окулган деп белгилөө

Статистика работы системы

  • Азыр убакыт: 13 Авг 2025 23:33

Внешний вид

Маалымат-маанайшат порталы
2006-2020 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Төлөмүш Океев, 39/7
Тел.: +996 312 882 500
portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Мобилдүү версияМобилдүү версия
Эрежелер Эрежелер

Система для сообществ IP.Board.
Зарегистрирован на: ОсОО "SUPER.KG"

Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: