1. Жакынкы 1 айга койгон максатыңыз кандай?
2. Ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керек?
3. Сиз ийгиликтүү инсансызбы? Эгер жообуңуз "ооба" эмес болсо, дагы бир суроо: Азыркы ийгиликтүү адамдардан сиздин эмнеңиз кем?
Эң негизинен инсан ийгиликке жетүү үчүн өзүнө ишениши керек, өзүн жакшы көрүп, сыйлашы керек. Эртең менен турганда өзүңүзгө "Мен бүгүн ийгиликтерге жетишем, мен жакшы адаммын" деп, жылмаюу менен ойгонушу керек. Күзгүдөн өзүңүздү карап, сулуулугуңузга суктаныңыз.
Албетте, башында оор болот:
- өзүңүздөн уяласыз-сиз жалгызсыз, уялбаңыз;
- өзүңүзгө себепсиз жылмаюу, бетиңиздин булчуңдарын иштетүү оор, бирок жасалма жылмаюу болсо дагы, жылмайыңыз;
Видеону көрүүнү сунуштайм! Сизге жардам берет! Эсиңизде болсун, сиз мыкты адамсыз!

Супер-Инфо
super.kg
видео










