Кайненени жакшы дегенди укпагам дегин. Кызык? Менин женем апам жонундо эмне дээр экен. Аябай камкор да апам, боюнда барда камыр жасатып нан жаптыртпайт.
Эшиктин алдында крант болсо да челектерге сууну дайым апам алып коет.кир пир бул жактале калат. Баняга суу толтуруп от жагып берет. Кирип жуунуп чыгып кетет.Энкейип эшик шыпыртпайт озу шыпырат апам байкуш.анда женен эмне кылат дешинер турган нерсе. Уйлорду жыйнайт. Идиш жууп коет. Гулдорду сугарат. Тамак жасайт.Кыскасы майда чуйдо женил иштерди жасайт. Тушто эки уч саат как положена тихий час болот женеме. Бирок ошого жараша женем да тен салмактуу журот. Бир аз жаны кыйнала тушсо тултуяп калат, бирок апам аны тушунуп эс алдырып коет. Базар учарга барам десе бар балам барып кел деп жиберет. Кээсинде чогуу барат. Балдарын карап калып той топурга аяштары менен барчу пикниктерине отуруштарына жиберет. Апамдын дагы бир жакшы жери таза тыкан чебер аял болгон учун келин ала электеле ошондой болчу. Келини кайненесин тартып таза тыкан чыкканына ичи жылыйт. Озу медсестра бир жыл иштеди. Апам да иштейт. Апам менен женемдеги баалаган сапат атандашуу, ушакташуу деген нерсенин жоктугу. Коз тийбесин эсен эле болушсун. Эми кудайдан мыкты кенже келин тилеп келебиз. Кудай буюрса бир жылдын ичинде болунушот. Уч жыл кызмат отоптур. Кызык ушул кайнене келин бири бири жонундо эмне дешеээр экен мага кызык да?
Кайнененин каарынан кантип кутулуу керек? Менин кайненемдин мүнөзү бир күн соо, эки күн оору.
#22 03 July 2014 - 14:29
Кайын энеге да чын дилден " апа" деп турсак, алдына ысык чайын берип, оорун колдон алып, женилин жерден алып турсак, эч бир кайын эне каарын токпосо керек. Жашаганына 5 ай эми болуптур го....5 айдын ичинде кайын энен сага каарын того баштаса... тушунбодум.
Озумду алайын ар качан апа деп сыйлап, кандай койгой чыкса да апам менен кенешип иш кылам. Анан да жолдошум апам сени менден да жакшы корот деп тамашалап калат. Ошондуктан кенешим; ар дайым кабагыны салбай, кулуп жайнап ысык чайынды берип, сиздики туура деп турсан албетте жениш сенде!
#23 03 July 2014 - 18:46
Menin apalarum ( mamamdun avusunu ) aitat kelindrine " Menin balamdu syiyp keldinbi, mushugumdu da syi, kychygymdy da syi " deit anusu tyyra antkeni emnege al torogon bala jakshu , enesi jaman bolysh kerek. Siz bolgony janu semiaga konboi atasuz. Bara-bara konyp ketesiz. Bir mamleketin zakony menen ekinchi mamleket okshosh bolboit. Lady.kg tyyra aitat boiynyzda bar kezde jerip atasuz kainenenizdi . Aman esen koz jarup alsanuz baaru oz ordyna kelet.
Туура Айтасын 100% кошулам.Жолдошун жакшы мамиле кылса болду да.Чыдамкай болуу керек,Биз дагы кайнене болобуз.
Чолпона
#24 10 July 2014 - 18:10
1. Эч качан жолдошуңуздун ата-энесин өзүңүздүкүнө алмаштырбаңыз.
Көптөгөн келиндер келгенден баштап эле, кайната менен кайненесин чын ата-энесиндей көргүсү келип, үйдөгү мамилесин уланткысы келет. Эсиңизде болсун, кайнатаңыз сизге ата, кайненеңиз сизге апа болуп бере албайт. Биринчи "алтын"
эреже: ар качан жана өмүр бою "экинчи ата-энеңиз"
менен ортодогу аралыкты сактай билиңиз. Өтө жакын мамиледе болуу же алыстоо сизге көптөгөн маселелерди туудурат.
2. "Кайнене - душман" деген "макалды" унутуңуз. Бул калп. Күйөөңүздү төрөп, аны тарбиялап жана чоңойткону үчүн сыйлаңыз жана ар дайым жылмайып туруңуз. Эч качан урушпаңыз жана тартышпаңыз.
3. Эгерде күйөөңүздүн үй-бүлөсү менен бирге турган болсоңуз, сый болууну эстен чыгарбаңыз. Алгачкы убакыттарда "көрүнбөгөндөй" болуп жүрсөңүз, сиз жеңишке жетесиз. Сиздин ал шартка көнүшүңүз кандай кыйын болсо, аларга деле сизди бат кабыл алуу жеңил эмес. Ошондуктан, байкалбай жүрүү аракетиңиз сизге чоң түшүмүн берет.
4. Кайненеңизден ар дайым кеңеш сураңыз. Колдон келсе, ашканада ал менен бирге көп убакыт өткөзүңүз. Себеби, көптөгөн эркектер апасынын колунан жасалган тамакты жакшы көрөт. Бекер убакыт өткөзгөнчө кайненеңизден кантип тамак жасаганын үйрөнүңүз. Келечекте сөзсүз керек болот.
5. Эң көп кезиккен каталардын бири - күйөөңүзгө эч качан апасын ушактабаңыз. Керек болсо, "экинчи апаңызды" сынга албоого, анын кыймыл-аракетин айтып берүүгө да болбоорун эске алыңыз. Күйөөңүзгө жамандап жатып, чын-чынына келгенде, өзүңүздү жаман көрсөткөнүңүздү кийин аңдайсыз. Жакында таанышкан күйөөңүз менен болгон мамилеңиз өтө деле узак эмес. Ал эми жолдошуңуз апасы менен төрөлгөндөн бери жашап келет жана ага ишенет. Ошондуктан далилдеп жамандасаңыз да, сизге толук ишенбейт.
6. Эч качан кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен уруша көрбөңүз.
7. Колдон келсе, бөлөк-бөлөк жашоого аракет кылыңыз. Бул жагдай сизди көптөгөн көйгөйлөрдөн куткарат

Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#25 11 July 2014 - 04:45
Жогоруда мыкты кенештер берилиптир.
Ошолорду аткара алсаныз эле утук сиздики. Озум тараптан "кайнененизди куйоонузго жамандабаныз"
деген созду кошоюн десем, аны да айтып отушуптур.
#26 11 July 2014 - 23:46
Кайнене да эне.Ал эми эне эч качан баласына жамандык каалабайт.Сага жөндөн жөн эле каарын төкпөсө керек.Бир нерсени көңүлүндөгүдөй жасабай койгон болушуң мүмкүн..Ар бир үй-бүлөнүн өз мыйзамы бар.Сен ошол үйдүн мыйзамына баш ийүүгө тийишсиң."
Ар адамда ар кыял,ал кыялды ким тыяр" дешет го.Ар адам өз эмоциясын ар түрдүүчө билдирет.Кээ бир болбогон нерсеге да ачууланып,кыйкырып айтса,кээ бири чоң катачылыкты да туура түшүнүп жай айтып түшүндүрөт.
Сенин кайненең да биринчи түрүнө кирсе керек а сен аны түшүнүп кой.Эч качан кабагыңы салба,кайненең айткан ишти убагында аткарып кой.Өз апаң деле бирөөнүн кайненеси да.Жеңең же келиниң кайненем ушундай деп жамандаса сен кандай кабыл алмаксың.Сен апаңы кандай жакшы көрсөң кайненеңин балдары да ошондой жакшы көрөт.Ошон үчүн эч качан бирөөлөргө кайненеңи жамандаба,"
Кулак укса курсак кайнайт"-
дейт,Биринен болбосо биринен кулагына жетип калса сага ичи муздап калат.Кайненең менен кайнатаңын батасын алганга аракет кыл.Кудай бактыңы берсин.
Унутпа ата-энеңдин кадыр -баркын,
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
Аларга эч тең келбейт каухар-алтын.
#27 12 July 2014 - 19:03
Кайнене менен келиндин тил табыша албагандыгы "актуалдуу"
проблемалардын бири. Кайнене келинди жамандайт, келин болсо күнөөнүн баарын кайненеге оодарат. Бирөө компромисске барып, тил табышуунун аракетин жасаса, бирөөлөрү "муздак согуш" жүргүзөт. Дагы бирөөлөрү кайненеси менен ачык эле согуш баштайт. Мындайда кимисине болушаарын билбей байкуш күйөөсүнүн эси кетет. Кайнене-келин пикир келишпестиктери эмнеден улам чыгышы мүмкүн?
Кайнененин көңүлү чаппаганынын бирден бир себеби жөн гана уулун кызгануусунан болушу мүмкүн. Бапестеп-багып өстүргөн уулуна башка бирөө келе калып эле кожойкелик кылып атканына ар бир апа кызганат. Эгерде сиздин жолдошуңуз үйдөгү жалгыз бала болсо, же көпкө күттүрүп төрөлгөн бала болсо, же болбосо апасы баласын жалгыз өстүргөн болсо, кырдаал алда канча оорлойт.
Анан дагы балдар чоңоюп, өз алдынча жашап калганда дагы ага көңүл буруу, мээрим жетишсиз болушу мүмкүн. Чыр-чатактын себепкери дайыма эле кайнене боло бербейт. Анын айткан сын-пикирлерин сиз кандайча кабыл аласыз, кеп мына ушунда дагы жатат. Ошол эле сынды өзүңүздүн апаңыз айтса, сиз башкача кабыл алмаксыз, албетте, анчалык капа болмок эмессиз.
Бирок, урушууну эле каалап тургандар дагы жок эмес. Же сизди жактырбай атканы жашоонун ар кандай кырдаалдарына байланыштуу болушу мүмкүн. Мисалы, ден-соолугунун акыбалы, жумушу оңунан чыкпаганы ж.б. Ар бир келишпестикте эки тарап тең күнөөлүү болот. Албетте, биз өзүбүздү актап, аяганга устабыз. Өзүбүздүн тынч жашообузду каалайбыз.
Кайненеге өз оюңузду ачык айтып, укугуңузду талашсаңыз деле болот, бирок бул учурда үйдө ар дайым "нерв" ойноп турган аба ырайы түзүлөт. А тескерисинче, дипломаттуулугуңузду көрсөтүп, мамиле түзүүдө ийилчээк болсоңуз, өзүңүздүн нерв клеткаларыңызды дагы, башкалардын тынчтыгын дагы сактайсыз.

#28 12 July 2014 - 19:05
Кайненеңиздин ордуна өзүңүздү коюп көрүңүз. Балаңызды төрөп, чоңойгондо мага жөлөк болот деп үмүттөнүп багып чоңойттуңуз.
Уулуңузду үйлөп, кызыңыздай болгон келиндүү болсом дейсиз. "Акылдуу келин", "акылдуу кайнене" деген түшүнүктөр ар кимде ар кандай. Кайненеңиз сиздин кандай болушуңузду каалайт (?) мына ушуну билүү керек. Анүчүн уулун үйлөгөндөн кийин кандай жашоону элестеткенин сураңыз. Аны менен бирге сиз жолдошуңуздун апасы менен кандай мамиледе болушуңузду каалаарыңызды айтып бериңиз.
- Дүйнөнү анын көз карашы менен караганга аракеттениңиз. Анын ордуна өзүңүздү коюп. Эмнеге ал ушундай кадамга барат деп ойлоп көрүңүз. "Ар бир кадамды адам жакшы нерсе үчүн жасайт" деген пастулатка ылайык кайненеңиздин ар бир жасаган иши жакшылык үчүн деп түшүнүңүз. Эгерде кайненеңиздин жасаган иштери, кадамдары сиздин кыжырыңызга тийип атса, жакшы сөздөр менен сүйлөшүүгө аракеттениңиз. Мисалы, алгач, сиздин үйбүлөңүзгө жасаган жакшылыктарына ыраазычылыгыңызды билдиргенден кийин өз кааалооңузду, сунушуңузду айтыңыз.
- Аны менен пикирлеш, сырдаш болуңуз. Кандай маселе болбосун андан кеңеш сурап туруңуз. Кайра-кайра сурай берген соң ал өзү дагы тажап, сизге өз пикирин таңуулабай калат. Кайненеңизди театрга, концертке алып барыңыз. Гүл берип турсаңыз болот. Комплимент айтып туруңуз, күйөөңүз жөнүндө дагы жакшы сөздөрдү көп айтыңыз. Жолдошуңуздун кайсы сапаты жагаарын (кайненеңиз тарбиялаган) сөзсүз белгилеңиз.
- Ага чын жүрөгүңүз менен мамиле кылууга аракеттениңиз. Ден-соолугуна кам көрүп, анын иштери тууралуу сурап дегендей. Сизге кызыктуу эмес тема болсо дагы кайненеңиздин айткандарын кунт коюп угуңуз.
- Жолдошуңуз менен тил табышыңыз. Кайненеңиз кандай адам болбосун эң башкы адам сиз үчүн күйөөңүз.
Жолдошуңуз ар дайым сиз тарапта болот, эгерде:
а) Ал үчүн эң сулуу, назик, боорукер болсоңуз;
б) Жок жерден уруш чыгарбай, тескерисинче, кээ бир чатактарды болтурбай койгонго аракеттенсеңиз;
в) Анын апасы тууралуу эч качан жаман сөз айтпасаңыз (айрыкча өзүнө, же ал барда);
- Жолдошуңуздун ата-энесин майрамдарда куттуктап турууну, кам көрүүнү ага эскертип туруңуз.
- Өзүнчө жашаганга аракеттениңиз!
- Өзүңүздү жакшы караңыз. Келбетиңизге көбүрөөк көңүл буруп. Аны менен бирге ички дүйнөңүздү дагы өзгөртүңүз, албетте, жакшы жагына. Жакшы маанай менен тосуп алган, татынакай аялдын шейшептерди үтүктөбөй койгонун, килемдерди тазалабаганын дагы кечиришет. Бул жагынан сизге сын айтышса дагы, жай кабыл алыңыз, тескерисинче жылмайып туруп, "көзүңүз торлоп" калганын айтып коюшканына ыраазычылык билдирип коюңуз.
- Ар дайым кабагыңызды ачып, жадырап жүрүңүз!

#29 13 July 2014 - 01:54
" тушунбогон адам жок, тушундуро албаган адам коп" же болбосо " жылуу соз суйлосо жылаан ийинден чыгат" дегендей кыргызымдын макалдары мн кенеш берем. Жеке мен озум апам жинденип, же менин чоюлуп жай кыймылдаганыма жини келе баштаса " апа чай ичелиби" дейм же катуу кучактап алам, же кебетемди кулкумуштуу кылып ( Коздорумду тостойтуп, же мурчуюп ж.б у.с) койсом апамдын жини тарап кетет да " бул аркалык мени бат эле алдап коет" деп кулуп басып кетет.
Убакыт даарылайт деген созго ишенбей бараткандаймын.
..
#30 26 July 2014 - 17:33
Ачлзаты кызык келет озу, куйоосу жакшы ал эми аны багып остуруп жакшы кылган энеси жаман болуп келип чыгат. Жылуу жылуу суйлосо жылан ийнинен чыгыптыр дегендей эле кайнененин ары жагынан бери жагынан отуп болсо да анын конулун алыш керек. мин каарын тогуп турган чакта дагы куйоондун апасы ал, оз апабызды куйообуз кайненем мындай тигиндей деп атканын уксак кандай абалда калмакпыз. Кайненени эмес озубуз озгоруп эпчил болушубуз керек ошондо гана балээден кутулмай...
#31 26 July 2014 - 19:08
Биз бул жакта минтиш керек антиш керек деп коюп отурабыз. Негизи алыс эле оолак эле болсон кадырлаш, сыйлаш болосун да. Биз деген кобубуз эле талаа туздо журобуз же болунуп жашагандарбыз.
Мен бир же эки келиндиле билем "кайненемдер менен жашайбыз аябай жакшы сыйлайм тиги бу" деген. Байкуш калганы бу форум дегенге деле колу бошобой уйундо тиргиликтерин кылып журушот да. Форумда негизинен 90 пайыз ээн эркин келиндер киребиз чынбы? Эми анча мынчалар бар убак убак маал маалы менен киришет форумга кайненелери менен турса да...
#33 27 July 2014 - 22:19
Бул жерде негизинен сый болууга тийиш. Кандай болгон күндө да дал ошол ата-эне сизди сүйгөн адамды тарбиялаган.
Ошон үчүн сиз аларга ыраазы болушуңуз керек.
Сени чындап суйгон адам эки болок кеткенге мин себеп болсо да,сени менен калууга бир себеп созсуз табат...........
#34 27 July 2014 - 23:58
. 1. Алгач баргандан баштап өзүңүздүн кызыкчылыгыңыз үчүн кайненеңизден тамак жасаганды үйрөнүңүз. Жолдошуңузга сиздин жасаган тамагыңыз апасынын тамагына окшошсо, ал сизди ошончолук жакын тутуп, жакшы көрөт. Ашкананы эле эмес, үйдүн ичин да кайненеңиз мурда кандай жайгаштырып жүргөн болсо, убактылуу эч нерсени өзгөртпөй ошол бойдон койгонуңуз дурус.
2. Ар бир эле кайнене келини өзү менен акылдашып, кеңешип иш кылса дейт. Кайненеңиз менен достошуп, тамырын тереңирээк тартууну кааласаңыз кандайдыр бир жумуштар тууралуу кеңеш сурап койгонуңуз ашыкча болбойт. Кеңеш сураңыз, бирок чечимди албетте өзүңүз кабыл алыңыз.
3. Өз алдынча иш кылуу менен уруксат суроонун айырмасын билиңиз. Мисалы, кайненеңизге "бүгүн эмне тамак жасайын?" деген суроо менен кайрылууңуз мүмкүн. Эгер ар бир беш мүнөт сайын "муну кандай кылам, тигини кандай кылам" дей берсеңиз өз алдынча эч нерсе жасай албагандай сезим калтырасыз. Ал эми өзүңүздүн ички туюмуңузга ишенип, ишти туура жасап жатсаңыз деле кайненеңизге "өзүн-өзү билип жатат" деген ой кетет. Ошондуктан майда болгону менен маанилүү көрүнүштөрдү ажырата билип, колдон келишинче кыраакы болуңуз.
4. Кайненеңизге күйөөңүздү эч убакта, эч качан жамандабаңыз. Аялдардын эң чоң катасы - күйөөсү кайнене менен келиндин ортосундагы чырды чечет деген түшүнүктө жашаганы. Жолдошуңузду орто жолдо чайналтып, өйдө тартса өгүз өлүп, ылдый тартса араба сынат абалына тушуктурбаңыз. Акылдуу эркек эч качан өз апасын аялына алмаштырбасын унутпаңыз.
5. Кайненеңиздин көзүнчө күйөөңүз менен урушпаңыз. Анткени баласына жан тартып, сизди жаман көрүп калуусу мүмкүн. Жолдошуңузга болгон нааразычылыгыңызды эл жок жерден, экөөңөр гана калганда айтканга көнүңүз.
6. Кабагыңызды чытыбаңыз, жылуу сүйлөңүз. Жайдары мамилеңизге кайненеңиз оройлук менен жооп бере албайт. Көтөрүмдүү болсоңуз ортодогу мамилени бир нукка түшүрө аласыз. Эгерде кайненеңиздин мүнөзү оор болгон күндө да, ал сиз сүйгөн адамыңызды төрөп, багып өстүрүп, тарбия берген адам экенин эсиңизге бекем түйгөнүңүз жакшы.
7. Айрым кайненелер уулун келининен кызганып, баласына "камчысы катуу болсо, катыны уяттуу" деген таризде далай сөздү кулагына куюшу мүмкүн. Бул учурда жолдошуңузду жайына коюңуз. Сизди кандай жол менен башкарууну өзү чечет. Энесинин тилине киреби же өз акылына таянабы аны убакыттын өтүшү менен байкай аласыз.
8. Чогуу жумуш жасап көрүңүз. Үйдү оңдоп-түзөп же ашканада бирге тамак жасап дегендей. Балким, экөөңөрдүн ортоңордо окшоштуктар болуп, табитиңер бирдей чыгышы ыктымал. Чогуу жумуш жасаганда жакыныраак баарлашканга мүмкүнчүлүк түзүлөт.
9. Кайненеңиз да бир убакта сиздей келин болгонун, сиз да бир убакта кайнене болооруңузду элестетиңиз. Кийин келиниңизден жакшы мамиле күткүңүз келсе, сиз да ошол мамилени жасаңыз.

#35 28 July 2014 - 11:30
Демек жаны уйдун закондоруна али коно элексиз
. Беш ай ото аз. Беш жыл десенизда жарашмак. Кош бойлуу экенсиз, кош бойлуу кезде кайнене ажыдаар, жанындагылары анаконда коруно берет кээбир келинге. Кош бойлуу кездин каприздери.
Созунузго 100% кошулам. Кайненени сыйласак, биз дагы келинден сый коробуз.
Мисалы, менин чон энем келиндерге ото каардуу болбосода, казанга салып кууруп алчуулардын катарында. Апам ошол казанга куурулуп, куурулуп бышып чыккан келиндердин коч башында.
Апамдан кийинки абысыны мен мындайга чыдабайм, олуп калам деп ыйлачуу
. Апам "Олсом мен эбак эле олбойт белем, журомго жакшынале, бир аз чыдап кой!" десе болбой ыйлактап журуп кетип тынды, ортодо бир бала же ата мээримине, же эне мээримине тойбой тайларынын козун карап чонойду. Ошондо келиндерден кимиси женди деп ойлойсуз? Олуп калам деп, уйбулону уратып, бир баланы тируулой жетим кылган келинби, же тилин тишине катып журуп баарына чыдаган келинби? Бул нерсени озунуз таразалап алаарсыз. Бирок, чон энемдин келиндерге кылган мамилеси ошол келинди турмушка бышырган эмгеги деп билем. Анткени, кактабай канын алып журуп, узулгон жипти улаганды, жоктон барды тапканды, уйбулоонун оокатын кын дедирбей баштаганды,
айтоор баарын уйротту.
Сиз жаман деген кайын энениздинда жакшы сапаты бар. Аны коро билиш керек. Баласын суйгон сон энесинда суйууго акылуусуз, калптан болсода
.Чыда, чыда жунун жалтырак болот дечуу беле?!)) Чыдайсыз, чыдабаска арганыз жок, курсактагы баланы жетим кылбайт чыгаарсыз. Эгер ошол бала менен башка кайненеге барып корунузчу, бир сиз эмес, баланыз кошо кыйналат, огойлонуп.
Жакшы кайненелер деле бар. Кайнененин баары Онолкан десениз жанылышасыз, анткени дагы кырк жылдан сон сизда Онолкан болуп калышыныз эч кеп эмес.

#36 28 July 2014 - 12:02

Буга кимисиженди ким куноолуу эмес бул нерсеге чон апан куноолу! Келин не асмандан тушуптурбу кетип калган женен ырасс кылыптыр ал да бироонун барктап баккан кызы тийсе кайненесине тийген жок баласына тийди ошондой каардуу кайненеден кудай сактасын! !! Баласынын бактысына балта чапкан! Бала деп жашаба ал чоноет, акча деп жашаба ал жоголот деген соз бар кыргыздарда. .... Менин кайненем оор басырыктуу тушунгон, баарыбызга билбегенин билдирип уйротуп турат.
Сага кенешим ал да бир куну каарыйт, сени куйоон тушунуп турса болду , унчукпаган тоодой баледен кутулат дейт унчукпай кутул нерв боло бербе балага зыяны тиет
Алга жана алга!
#37 17 August 2014 - 16:31
Мен жаңы келгенде да абысындарым кайненемдин жоруктарын айтса жүрөгүм тушүп калган, бирок кайненем бир жакшына эле экен, эноооуу деп: жеп көрүңүзчү атайын сизди ширииин жеп алсын деп бышырдым деп жакшы тамактарды бышырып алдына коюп берип, эптеп септеп торт,пирогдорду бышыра калып, анан китеп окуп берип,бир нерселерди айтса аябай таң калып берилип угуп жатып өзүм да жакшы көрүп калдым ,кайненем да мени жакшы көрүп калган. Анан үйрөнгөн адат калабы дегендей бааарыбызды аралаштырып кууруп, кыйкырып,карганып бугу чыгып калганда дагы энее деп жанына барсам айнанайын деп күлүп ийет. Ушинтип эле артисттенип бирок чын жүрөктөн масиле кылсаң кайненең апаңдай болуп эле калат.
Аллахым көрсөткөн ар бир күнүңө бейэсеп шүгүр!
#38 20 August 2014 - 20:22
Кайнени эч качан урушуп жеңбейсиз, көңүлүм калганда сүйлөбөй койом дейсиз. Сүйлөбөй койсоңуз абал андан курчуйт да. Кайнененин көңүлүн алыш керек, жагыныш керек. Кайненеңиз жолдошуңуздун апасы, эң жакын адамы ошондуктан баардык каприздерин көтөрүңүз. Бир нерсени туура эмес жасадың десе аа кандай кылат, ушинтейинби десеңиз өзү эле жибип баштайт. Анан ысык чайыңыз, таттуу тамагыңыз менен кубантып туруңуз. Конокко бир нерсе алып келсеңиз да биринчи кайын ата-энеңизге,
ооз тийиңиз анан дасторконго койомун десеңиз аябай ыраазы болуп калышат деп апам айтып калат.
#39 20 August 2014 - 22:15

+++

Супер-Инфо
super.kg
видео