Андай эмес Айкоо...
Кыздар эмне учун кенже келин болууну каалашпайт? Кыздар эмне учун.
#202 13 Июль 2014 - 12:12
Атаандаштык,
или таардык,ич куйдулук.. Бирок Аллах ыраазылыгын коздоп,сабыр кылып жатам..
#203 22 Июль 2014 - 20:39
Эгер жигит тушунуктуу турмушка тын уй-булоону караган жигит болсо жалгызбы,кенжесиби карамак эмесмин.
Меня никогда не отталкивала бедность человека, другое дело, если бедны его душа и помыслы
#204 07 Ноябрь 2014 - 02:28
Кыздар эмне үчүн, кенже келин болууну каалашпайт.
Бир себеби кайын энени, жан алгыч катары көрүп калышкан. Кайын эне менен, бир үйдө жашагысы келбейт. Кайын эне, кайын атасын кирин жууп, тамак жасап, аларды баккысы келбейт.. Ошондон улам кенже келин болуудан качышат. Билбейт да кайын эненин колунда жашаса, сонун эле жашайт. Кайын энени жек көрүү сезими калыптанып калган, күн мурунтан эле...
Эч качан бирөөгө ылай чапташка аракет кылба, анткени ылай ага тийбей калышы мүмкүн. Бирок сенин колуң ылай бойдон калат!
#205 09 Ноябрь 2014 - 08:49
Bad-boy (07 Ноябрь 2014 - 02:28) жазган:
Кыздар эмне үчүн, кенже келин болууну каалашпайт.
Бир себеби кайын энени, жан алгыч катары көрүп калышкан. Кайын эне менен, бир үйдө жашагысы келбейт. Кайын эне, кайын атасын кирин жууп, тамак жасап, аларды баккысы келбейт.. Ошондон улам кенже келин болуудан качышат. Билбейт да кайын эненин колунда жашаса, сонун эле жашайт. Кайын энени жек көрүү сезими калыптанып калган, күн мурунтан эле...
Апамды анан дагы бир эжени коруп улгу алам да. Чон энем коп нерсени корсотуптур апама,кийин апамдын колунда журуп козу отту. Каза болооруна жакын апамды чакырып алып кечирим сураптыр.
Дагы бир намаз окуган эже бар,чогулуп калганда дайыма бизге насаат айтат. Мен го турмушка чыга элекмин,а уй-булолуу кыздарды дайыма урушат „экоонун башы бириксе эле кайынэне м.н куйоону жамандамай башталат, эгер Аллахтын ыраазылыгына жетем десенер куйоонорду ыраазы кылгыла,а анын ата-энесин сыйлабасанар каяктан ыраазы болот” деп. Эже озу айткан создорун амалга ашырат ар дайым,менин билишимче кайынэнеси капризная,бирок, ошого карабай апам апам деп турат. ”Эн эле эки жуздуулук-койнунда жаткан куйоонду жакшы коруп,аны ошондой кылып тарбиялаган ата-энесин жаман коруу”дейт.
Озубуздун ата-энебизди женебиз карабай,жаман коруп турса жакшыбы? Озубузго каалабаганды башкага кылбайлы дегим келет. Келечекте баарына чыдагым келет,анткени акыретти тандаган адам катары алардын ыраазылыгын алгым келет ин шаа Аллах.
#206 09 Ноябрь 2014 - 18:01
Мен жалгыз келинмин,биринчи тааныбаган уй -булого конуш кыйынго,жарым жылдай коно албай кыйналгам.Азыр баары жакшы,сени эч кимге салыштырбайт,
башка келин жок болгондон кийин.Анан да мен аларсыз кантип жашайм , аябай конуп калгам.
#207 09 Ноябрь 2014 - 20:16
Мага кенже келин болгон жагат.Кайын ата кайын энен менен чогуу жашаган сонун го.Жолдошун досторуна кетсе жалгыз калбайсын.Пикир келишпестик болуп кетсе алар акыл айтат.Кайын энен кадырлуу байбиче болсо кайын энемдей болойун деп аракет кыласын.Аларды уят кылбайын дейсин.Балдарыны чонойтконго жардам берет.Кайнене эч качан ападай,келин эч качан кыздай боло албайт.Ошон учун аярлап мамиле жасап,сыйлап турасын.Бешенене кыялы начар кайнене туш келсе шорун эле болсо керек...Бирок мага жоош кайненеден коро,тил билги , созу таасирдуу болгон кайнене туш келсе деп тилек кылам деп турмушка чыккан курбуларыма айтсам,аларым коой андан коро болунуп жашаган жакшы,ошондо да кийлигишет жашооно деп коп айтышат.Кайын эненин деле тилин тапсан болсо керек.?
Бактылуу-
омур жок,бактылуу кундор гана болот!
#208 09 Ноябрь 2014 - 21:11
Мен деле кенжемин. Тийбесе тийбей калсын гатын жолдо бала белде...
#211 12 Ноябрь 2014 - 17:09
#212 10 Декабрь 2014 - 15:59
aijan (10 Сентябрь 2012 - 21:20) жазган:
Тилегенинизге жетиниз!
Менимче,бир дагы кыз барган жерине жаман келин болсом экен деген ою болбосо керек. Кайын журтка уят болбосом экен, ата энемди жер каратпасам экен, уруш,талаш,ушактан ары болсом экен деген идеальный ойду непредсказуемый турмуш башына муш менен бир келип, козду чоон кылып ачып коет. Кенжесине чык деген соз кайнене, кайнеже, кайынсиндинин сыноосунда, кызматында болосун,суйуу пуйуунду суйлобо-уят, жумушунда мейли министр бол, бирок уйдо сен эн акыркы кишисин, оз балдарына ээ эмес жансын деген эле соз. Артынан чуркап журуп уйлонгон половинкан эрте жумушка кетип кеч чарчап келет,тамагын ичет, уйдогу окуялардан кабары жок,сен чарчадынбы жокпу озунун миссиясын аткарат,бутту. Кыз маал бутуп,алгандан кийин катыным башталды. Рутина. Озунду карабай каласын-зачем деп. Оокат,тирилик деп замандан артта каласын. Мына сага турмуш!! !

Замандын так жообун берипсин! Азаматсын)))
#213 10 Декабрь 2014 - 22:21
ооой азыркы кыздар жаш болуп эле шумдук ойлонушат.уйу болсо, машинасы болсо,иши болсо деп.мен куйоого тийип атканда такыр ошондой нерселерди ойдобопмун.
..кенжесиби,улуусубу анысына деле маани бербепмин тообо.эч эч материальный жагына кызыкбаамын деле.азыр куйоого тиелек кыздардын созун угуп отурсан оозун Ошту эле карап калат тан калганынан ааай
#214 11 Декабрь 2014 - 09:55
Кенже келинби же улуубу мен учун анчалык деле мааниге ээ эмес!!!
Негизгиси кайынэнемдин баласы жакшы болсо болгону
Негизгиси кайынэнемдин баласы жакшы болсо болгону
#215 06 Май 2017 - 18:15
Кенже келин болгон ото жакшы болсо керек.Баары даяр жашоонду жакшынакай бир уйдо улантасын.Бизди караган ушулар кенжетайларыбыз деп бардыгы конул буруп турушат.Ата энене саарлап дааратына суу даярдап,тамагын жасап ,уктаар тошогун салып берип жургондун озу кандай гана бакыт.Аны коргон куйоон да сени алаканына салып багат ичи жылып ыраазы болот.Пайгамбарыбыз Мухаммед С.А.В да куйоо баланы озгочо сыйлаган дешет.Куйоон сени ушунчалык суйуп жакшы коруп турса анан кантип ал жакын жарындын ата энесин сыйлабай калмак элен.Чон келин болуп болунуп,уй курабыз,тигини алабыз минтиш керек деп куйоон менен ыркырашып чырдашканга караганда,кенже келин болуп ыссык куйоондун кучагында эркелеп,анын бут уй кызматын кылып ата энесинин ыраазылыгын алып жургонго не жетсин?Келечекте озум да кенже келин болгум келет.Мен дагы уйдо эн кичуу кызмын .Кенже келин болуудан качкандарды мен ата энесин сыйлай албаган,сабырсыз,
оз бакытынан качкан айласыз адамдар деп эсептейм.Дарак дагы бир жерде когорот.Кайненеден болунуп эле жыргап бакытка балкып кеткендерди коро элекмин.Турмуш оюнчук эмес да.Келин деген ушунусу менен келин...
#216 06 Май 2017 - 19:22
Бир эжем айтты эле "Кайненесиз келин келин эмес" деп. Мен да кежне келин болгум келет буйруса. Бирок кежесиби, улуусубу башкысы кайынжуртун,
куйоон жакшы тушунуктуу болсо жакшы. Турмуштун балын да, тузун да чогуу татып. Жогоруда Момунтай эженин "кежне келин мыкты болсо уйго береке, кут толот. Уучу узарып, бактылуу болот." деген созуно 100% кошулат элем.
Жашоо кыйын. Бирок, мен да оңой эмесмин....
#219 07 Май 2017 - 02:47
ayildik_kiz (09 Ноябрь 2014 - 20:01) жазган:
Мага кенже келин болгон жагат.Кайын ата кайын энен менен чогуу жашаган сонун го.Жолдошун досторуна кетсе жалгыз калбайсын.Пикир келишпестик болуп кетсе алар акыл айтат.Кайын энен кадырлуу байбиче болсо кайын энемдей болойун деп аракет кыласын.Аларды уят кылбайын дейсин.Балдарыны чонойтконго жардам берет.Кайнене эч качан ападай,келин эч качан кыздай боло албайт.Ошон учун аярлап мамиле жасап,сыйлап турасын.Бешенене кыялы начар кайнене туш келсе шорун эле болсо керек...Бирок мага жоош кайненеден коро,тил билги , созу таасирдуу болгон кайнене туш келсе деп тилек кылам деп турмушка чыккан курбуларыма айтсам,аларым коой андан коро болунуп жашаган жакшы,ошондо да кийлигишет жашооно деп коп айтышат.Кайын эненин деле тилин тапсан болсо керек.?
Айпери эженин билдируулорун окуп алып эле зээним кейип кете турган болду. Кстати кенже келин болуу насип кылганда аябай соонун келин болмок экен.
которгон суугумду да ,ысыгымды ,
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
Корушкон азабымды кызыгымды .
Ата-энем бекеринен койбогондур ,
Мээримдуу бол -Мээрим деп ысымымды .
#220 07 Май 2017 - 03:24
Кайненелуу келин каркара келин,
кайненесиз келин маскара келин дейт беле)
кайненесиз келин маскара келин дейт беле)
Түнт мүнөздүү түркөй болушпай
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!
Ойноп күлсөк ойго коюшпай
Гүлдөй назик адам көнүлүн
Жүргөн жакшы эч бир оорутпай.
Жүрөлүчү жүрөк оорутпай!