Жарым кылым буттарына темир чынжыр менен байланып турган пил, айбанаттарды коргоочулар тарабынан куткарылып, бошотулганда кадимкидей көз жаштарын төгүп, ыйлай баштаган.
Индиянын Уттар-Прадеш штатында кайырчы катары колдонулган Раджу аттуу пилди 50 жыл чынжырга байланып тургандан кийин Лондондун айбанаттарды колдоочу Wildlife SOS уюму тарабынан куткарылган. Кожоюндары пилди тумшугу менен кайырчылык кылдыртып, жан сактап келишкен. Ал эми пилдин тамактануусу үчүн эч кандай кам көрүшкөн эмес. Байкуш пил ачкалыктан таштандылардан баштап, желим шишелер жана кагаздарды да жегенге туура келген. Пилдин кайгылуу туткундагы жашоосу тууралуу жергиликтүү айбанаттарды коргоочу уюмунун мүчөсү Пуджа Бинепал: "Акыркы 50 жылдан бери Раджу өтө катаал шарттарда жашап келген. Дээрлик 24 саат бою бутундагы чынжыр чечилбейт. Биз аны куткарып, бошотконубузда кадимкидей көз жаштары тамчылап ыйлаганда, биз дагы пил менен кошо ыйлап, жараткан жандыктын сезимталдуулугуна таң калдык," - деп билдирген. Анын айтымында, пилдер эң акыл-эстүү жаныбыр болуп эсептелет. Алар өтө терең сезимталдуулук касиетке ээ.
Армандуу пилди куткарууга айбанаттарды коргоочулар эки жылдай соттошкон. Пилдин ээсинде эч кандай документтери болгон эмес. Аны кичинекей кезинде кармап келишип, уруп-согуп, кайырчылыкка көндүрүшкөн. Айбанат коргоочулары мындай шарттарда пилдин узак жашаганына таң калышты. Анткени азият пилдери эң узак дегенде 70 жылга чейин жашашат.


