Ассаламу алейкум бир туугандарым!
Исламдагы 5парздын бири-ажылык кылуу, колунда бар мусулман баласы учун созсуз омурундо бир жолу ажылык кылуусу парз болуп саналат.Аранарда ажылык кылгандар болсо,ажылыктын шарттары,аткарылышын жана ажылык кылуудагы одоно кемчиликтер жонундо жазсанар.Кандай ажылыкты Аллах созсуз кабыл кылат?Бара электерге Аллахым барышты насип кылсын!Ажылык наамын алуу учун эмес,Аллахтын ыраазычылыгы учун!Аминь!
АЖЫЛЫК КЫЛУУ
#2 13 December 2011 - 17:52
Мен иншаАллах бир эки жылдын ичинде ажылыкка барайын деген ой-тилегим бар. Бир олуя айтмакчы эки нерсе үчүн жогорку деңгээлде даярдык керек: ажылык жана үйлөнүү. Ал эмей ушул иштерге даяр деген диплом менен гана ажыга барып же үйлөнүшү зарыл. Эң биринчиден ниет абдан таза болуш керек. Ажы болуп келдим деш үчүн эмес, Аллахтын ыраазычылыг үчүн баруу керек. Жакшы даярдык да керек, көптөгөн китеп окуу керек, бирок мен азырынча билбейм бардык шарттарын.
#3 13 December 2011 - 19:44
Баары ыймандан. Ыйман бекем болсо Каабаны,
ыйман алсыз болсо базарды таваф (айлануу) кылып калас.
Ажы башчы жана жамаатыныз Алланын жолуна чыккандар болсо ото жакшы жана пайдалуу
Ажылык кабыл болушу бир гана Алладан
ал жактан алып келе турган нерсе зам-зам жана курма.
Ажы башчы жана жамаатыныз Алланын жолуна чыккандар болсо ото жакшы жана пайдалуу
Ажылык кабыл болушу бир гана Алладан
ал жактан алып келе турган нерсе зам-зам жана курма.
#4 11 April 2014 - 16:56
Ажылык деген эмне?
Ажылыктын сөздүк мааниси – улуу
нерсеге карай аттануу. Шарият боюнча ажылык бул – Кааба жана анын айланасындагы куттуу деп эсептелген белгилүү жерлерге белгиленген учурда барып, усул-эрежелерине ылайык зарыл ибадаттарды аткаруу болуп эсептелет.
Ажылык учурунда аткарыла
турган ажылыкка байланыштуу
ибадаттар “манаасик” деп аталат.
Ислам динибиздин негизги беш парзынын бирөө болуп саналган
ажылык ибадаты хижранын 9-жылы
парз болгон. Ажылыктын парздыгы
Курани Карим жана хадистер аркылуу айкын белгиленген.

Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#5 11 April 2014 - 16:58
Курани Каримде Алла Таала мындай деп белгилеген:
«Барууга чамасы жеткен бардык
адамга Алла Таала үчүн Кааба үйдү
зыярат кылып ажылык милдетин
аткаруу парз». (Аали-Имран сүрөсү,
3/92)
«Барууга чамасы жеткен бардык
адамга Алла Таала үчүн Кааба үйдү
зыярат кылып ажылык милдетин
аткаруу парз». (Аали-Имран сүрөсү,
3/92)
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#6 11 April 2014 - 17:00
Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам) өзүнүн бир хадисинде айтат:
«Алла Таала силерге ажылыкты
парз кылды, ажылык ибадатын
аткаргыла».
Дагы бир хадисте ал мындай деген:
«Ислам беш негиздин үстүнө курулган:
Аллахдан башка Кудай жок экендигине жана Мухаммед (саллаллаху алейхи
васаллам) Аллхдын элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо жана ажылыкка баруу».
«Алла Таала силерге ажылыкты
парз кылды, ажылык ибадатын
аткаргыла».
Дагы бир хадисте ал мындай деген:
«Ислам беш негиздин үстүнө курулган:
Аллахдан башка Кудай жок экендигине жана Мухаммед (саллаллаху алейхи
васаллам) Аллхдын элчиси экендигине күбөлүк берүү, намаз окуу, зекет берүү, орозо кармоо жана ажылыкка баруу».
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#7 11 April 2014 - 17:11
Aжылыктын маани-маңызын
мына бул өңүттөрдөн көрсө болот:
1. Оболу, хаж менен умра ибадаттары, касиеттүү ибадат жай болгон Каабанын, ар жыл сайын Аллага ибадат кылуунун шаңдуу маанайына бөлөнүүсүнө себепчи болууда.
2. Ажылык-инсандын жан дүйнөсүн күнөөлөрдөн тазартып,
таптаза абалга
келтирет жана аны ыкластуу өмүр
сүруүгө багыттап, жапжаңы бир
жашоонун эшигин ачат. Адамдын
руханий ааламын Кубаттандырып,
Алла Тааланын мээримине жана кечиримине карай ишенимди арттырат.
3. Ажылык ыйманды күчөтөт, Алла
Таалага берилген ишеним убаданы
жаңылоого жардам берет.
Демейде адам жете албаган чыныгы маанидеги тооба кылууга жол ачып, тазарган жан дүйнөнүн аруу сезимдерин канааттандырат.
4. Ажылык мусулмандарга Ислам
дининин шаңдуу, маанилуү өтмүшүн
эстетет. Баа жеткис көркөм адеп-
ахлагы менен бүт дүйнөгө нур тараткан сүйүктүү Пайгамбарыбыз (саллаллаху алейхи васаллам),
анын ар тараптан
жетик сахабаларынын жана аларды
өрнөк тутуп арттарынан ээрчиген
куттуу инсандардын жасаган улуу
иштери менен каармандыктарын кайра баштан эске салат.
5. Дагы бир өңүттөн караганда, ажылык
ибадатын аткаруу учурундагы
кыйынчылыктар адамды
сабырдуулукка, кайраттуулукка
үйрөтүп, буйруктарды тартип менен өз ыраатында аткара билүүгө көндүрөт.
6. Ажылык ибадаты аркылуу адам
Жараткан Аллага жакшылап
шүгүрчүлүк келтирет. Алла Таала
берген мал-мүлк, ден соолук жана
тынчтык сыяктуу чоң сыйларга чын пейилинен шүгүрчүлүк келтирүүнүн
жолун табат.
7. Коомдук-социалдык
маңыздуулугунан караганыбызда,
ажылык мезгилинде адамдардын түсү,тили, жашаган чөйрөсү, маданияттары, орун-мартабалары жана байлыктары
сыяктуу ар кандай айырмачылыктары
таптакыр унутулуп, бир тилек, бир
максаттагы миллиондогон
мусулмандар бир чөлкөмгө чогулуп,
мусулмандардын арасындагы теңдик, ынтымактуулук жана боордоштуктун
идеал даражадагы жандуу көрүнүшү
даана жүзөгө ашканына күбө болобуз.
Бай-кедейи, күчтүү-алсызы
айырмаланбастан, ажылык учурунда
бүткүл ажылар бирдей кийим кийинишип, бир тартипке уюп, бирдей
кыйынчылыктарды баштан кечирип,
бирдей жагдайда аракеттенүү аркылуу
бир түрдүү гармониялык теңдик-
боордоштук тарбиясынан өтүүдө.
8. Байлыгы ашып-ташыган бай адам менен күнүмдүк тиричилигин эптеп
камдаган бир адамды, бирдей ихрам
кийими ичинде Арафат тоосунда
жанаша туруп, Жаратканга кол жайып дуба кылдырып жаткан жана Каабанын айланасында камыр-жумур аралашып тооп кылдырып жаткан ажылык ибадаты, адамдарга орун-мартаба,
акча-байлыкка көөп башкаларга бой
көтөрбөөнү, башка мусулмандар менен
ич ара жар-жөлөктө болууну үйрөтөт.
9. Ажылык ибадаты мусулмандардын оюнан өмүр бою өчпөс, маанилүү
эскерүүлөрдү калтырат.
Ажылыктын аркасында дүйнөнүн жер-жерлеринен келген мусулмандар бири-биринен эң сонун таасир алышат.
10. Ажылык ибадаты адамды акыреттеги улуу Эсеп күнүнө окшоп
кеткен бир көрүнүшкө күбө кылат. Бул
дүйнөнүн келип-кетер бир коногу
экенин адамга эскертет.
11. Ажылык түбөлүккө айланган
касиеттүү эстеликтердин руханий музейи. Жалгыз өзү бир үммөт болуп
саналган Азрети Ибрахим (а.с.) менен анын уулу Азрети Исмаилдын (а.с.) өрнөктүү өмүрлөрүн, бүткүл
адамзаттын сыймыгы болгон акыркы
пайгамбар Мухаммеддин (саллаллаху алейхи васаллам) асмандарга туташкан куттуу өмүрүнүн үлгүлөрүн,
ушул касиеттүү топуракта жашап өткөн алгачкы үлгүлүү мусулман
сахабалардын ишеним-ыйман жолунда чеккен азаптарын ажылык ибадаты көз алдыбызга элестетип, ааламдын акыйкат нугун жандуу сүрөттөй көз алдыбызга тартат.
Алла Тааланын
ыраазычылыгы жолунда эч нерсеге
буйдалбастан наристесин кучактап
сапарга чыккан үй-бүлөнү, Алла Таала үчүн кара жанын курмандыкка
чалуудан аянбаган азаматтарды жана өз уулун Алла Тааланын буйругуна баш ийип курмандыкка чалууга даяр руху бийик жандарды ажылык ибадаты
тарыхый куттуу жерлер аркылуу мусулмандарга кайрадан эскертип
айтып турган сыяктуу болот.

#8 11 April 2014 - 17:18
Ажылыктын шарттары
Бир адамга ажылык ибадатынын парз
болушу үчүн:
1. Мусулман болуусу,
2. Акыл-эси ордунда болуусу,
3. Балакат жашына толгон болуусу,
4. Эркиндиктеги адам болуусу,
5. Ажылык милдетин аткаруу үчүн
материалдык жактан мүмкүнчүлүгү бар болуусу,
6. Ден соолугу бар болуусу,
7. Жол коопсуздугу жана утурумдук
тоскоолдор болбоосу шарт.
8. Аялдар үчүн алыс сапарга жалгыз
чыкпоо маселеси негизинде, күйөөсү
же жакын тууганы менен бирге ажылыкга баруусу шарт кылынган.

#9 11 April 2014 - 17:18
Мусулмандардын 5 парзынын бири ажыга баруу зыярат кылуу, кудайым буйруса ата энемди ажыга жонотсом деген ниетим бар, Аллахым ошол кунго жеткизсин иншаалах.
#10 11 April 2014 - 17:21
Ажылыктын түрлөрү
А) Исламдык өкүмдөргө ылайык
ажылык түрлөрү:
1. Парз
2. Важип
3. Нафил болуп үч түргө бөлүнөт.
Ажылыктын бардык шарттарына
ылайык келген адамдын өмүрүндө бир жолу ажылык кылуусу парз.
Ал эми
ажылык кылуусу парз болбогон же
парз ажылыкты аткарып бүткөн бир адамдын атайылап арнап, Аллах
жолуна назыр кылган ажылыгын
аткаруусу важип. Ошондой эле
ажылык башталган соң белгилүү
себептерден улам ортодон бузулса,
анын казасын аткаруу да важип болуп эсептелет.
Парз жана важиптен башка аткарылган ажылык нафил болуп эсептелет.
Мисалы: ажылыкка барууга милдеттүү эмес жаш балдардын кылган ажылыгы жана бирден көп ирет аткарылган ажылыктын биринчи жолкусунан кийинкилери аткарган адам өзү үчүн ниет кылса нафил ажылык болуп эсептелет.
А) Исламдык өкүмдөргө ылайык
ажылык түрлөрү:
1. Парз
2. Важип
3. Нафил болуп үч түргө бөлүнөт.
Ажылыктын бардык шарттарына
ылайык келген адамдын өмүрүндө бир жолу ажылык кылуусу парз.
Ал эми
ажылык кылуусу парз болбогон же
парз ажылыкты аткарып бүткөн бир адамдын атайылап арнап, Аллах
жолуна назыр кылган ажылыгын
аткаруусу важип. Ошондой эле
ажылык башталган соң белгилүү
себептерден улам ортодон бузулса,
анын казасын аткаруу да важип болуп эсептелет.
Парз жана важиптен башка аткарылган ажылык нафил болуп эсептелет.
Мисалы: ажылыкка барууга милдеттүү эмес жаш балдардын кылган ажылыгы жана бирден көп ирет аткарылган ажылыктын биринчи жолкусунан кийинкилери аткарган адам өзү үчүн ниет кылса нафил ажылык болуп эсептелет.
Юрист - одна из древнейших профессий. Где бы он ни работал, его обязанность - свято служить закону!
#11 13 July 2014 - 16:45
Курандын аяттарын жүзөгө ашыруу ажылыкка баруу аркылуу гана тастыкталат.
«...Биз Ибрахимге «Алла Тааланын үйүнүн» (Харам мечити) ордун белгилеп берип, ага ушундай деген элек: «Сен Мага бир дагы нерсени теңдеш кылбагын жана Менин Үйүмдү таваф кылуучулар, кыям, руку, сажда кылуучулар үчүн таза кармагын. Адамдарга ажылыкты жарыя кыл, алар жөө-жалаңдап, же узак жол басып чарчаган төөлөрдүн үстүндө келишсин. Алар өздөрү үчүн пайдаларга күбө болуу үчүн белгилүү күндөрдө аларга ырыскы кылып берген үй айбанатын курмандыкка чалаарда Алла Тааланын атын айтышсын. Андан өзүңөр да жегиле, бей-бечара, кембагалдарга дагы жедиргиле. Анан алар кирлерин кетиришсин (чачтарын алып, таза кийим кийишсин), моюндарына алган ажылык милдетин толук аткарышсын жана Каабаны таваф кылышсын! »
Убакыт менен жерди жандуу барак сыяктуу ачып көргөзгөн бул аяттар бизге ондогон кылымдар мурунку турмушту көз алдыга чагылдырат. Азирети Ибрахим пайгамбар Абу Кубайс тоосуна чыгып: «Эй, адамдар! Жаратканыңардын үйүнө ажылыкка келгиле!» деп кыйкырат. Алла Таала анын үнүн али төрөлө элек ата-эненин белинде, жатынында жүргөн бардыгына угузат. Кылымдар өткөндөн кийин Пайгамбарыбыз (САВ) «Коштошуу ажылыгында» аят талап кылган ажылыкты адамдарга жарыя кылат. Мына ушул чакырыктар убактысы келгенде бүчүр салган көчөттөр сымал адамдардын көңүлүндө өсүп, өнөт. Алла Тааланын ошол эскертүүлөрүн уккан момундар чакырык келген тарапка бурулуп, Алла Таланын ажылыкка тиешелүү буйруктарына моюн сунушат.

Ак ийилет, бирок сынбайт.
#12 13 July 2014 - 16:47
Улут, түс жана мамлекет деп ажыратып отурбастан,
мусулмандардын ортосундагы ыймандык байланыштардын күчүн көрсөтүү, исламдык бүтүндүктүн түзүлүшүнө шарт түзүү - ажылыкта жыйналуу аркылуу жүзөгө ашат. Анткени дүйнөнүн ар тарабынан келген ар бир мусулман ажылык милдетин өтөп жатып төмөнкү чындыкты түшүнөт: «Баарыбыздын Жаратканыбыз бир, Ээбиз бир, сыйынчу Кудайыбыз бир, Ырыскы Берүүчүбүз бир, динибиз бир, кыбылабыз бир. Мынчалык көп бирдиктер биргелешүүнү,
сүйүүнү жана боордоштукту талап кылат. Ырас, булардын бардыгы ааламды жана планеталарды бири-бирине байлай турган руханий чынжырлар сымал ислам ааламынын биримдик байланыштары.
Америкадагы негр мусулмандардын лидери Малкольм Х дагы ажылыкка баргандан кийин өзүнүн мурдагы туура эмес идеологиясын түшүнүп, ислам жалгыз гана негрлерге эмес, бүткүл адамзатка берилген чыныгы дин экендигин түшүнгөн.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#13 13 July 2014 - 16:48
Ажылык - мусулмандардын улуттар аралык теңдигинин иш жүзүнө ашырылышы. Анткени бардык мусулмандар,
бай-кедей, сабаттуу-сабатсыз,
окуучу-мугалим,
колбашчы-жоокер,
башкаруучу-
кызматчы, айтор бардыгы өз кийимдерин чечишип, апаппак ихрамдарга бөлөнүшүп, дүйнөлүк бүткүл даражаларынан убактылуу болсо дагы ажырап, калган мусулман боордоштор менен бирдей деңгээлге келет, ажыларды бири-биринен айырмалоо мүмкүн эмес. Өлгөндө ак кепинге оронгон кездегидей жана Махшарда мүрзөлөрдөн ойгонуп жаткандай.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#14 13 July 2014 - 16:50
Алла Таала Куранда адамдарга мындайча кайрылган:
«Эй, инсандар, чындыгында Биз силерди бир эркек жана бир аялдан жараттык, ошондой эле бири-бири ңер менен таанышууң ар үчүн силерди бөлөк-бөлөк элдерге жана урууларга бөлүп койдук. Албетте, силердин Алла Таала алдындагы эң урматтуу ңар - бул силердин эң такыбааң ар. Албетте, Алла Таала - Билүүчү жана Кабардар» .
Тагыраак айтканда, бөлөк-бөлөк эл, бөлөк-бөлөк уруу катары жараттым, бири-бириңерди тааныйсыңар, таанышасыңар, бири-бириңердеги коомдук жашоого тиешелүү байланыштарды билип, бири-бириңерге жардам кыласыңар деп. Болбосо, бир улут экинчисине кыйынсынып карасын, душмандык кылсын деп жаратканым жок деп жатат.
Аскердик бөлүктө да топ-топ болуп бөлүнүү бар. Анткени милдеттер, иштер түрдүү болот. Бул бөлүнүүлөр бири-бири менен урушсун деп эмес, бири-бирине жардам берип, иш кылсын деген максатта түзүлгөн. Так эле ушул сыяктуу бүткүл мусулмандардын коомдук жашоосу чоң аскердик кошуун сыяктуу болот, бул кошуун бөлөк-бөлөк топторго, урууларга бөлүнгөн. Демек, кошуундун түрдүү бөлүктөргө бөлүнүшү сыяктуу мусулмандар дагы түрдүү коомдорго ажырашы, таанышуу жана жардамдашуу үчүн бөлүнүп турат.
Мына ушул таанышуу менен жардамдашуунун эң жакшы жери - бул ажылык ибадаты болуп эсептелет.

#15 13 July 2014 - 16:52
Ажылык - бул мусулмандар үчүн мектеп. Анда сабырдуулук менен иш-аракет үйрөтүлөт. Бул ибадат аркылуу напсиге тиешелүү каалоолор ооздукталып,
мусулман мусулман боордошуна,
дегеле бардык адамдарга назигирээк жана жумшагыраак мамиле кылууну үйрөнсө болот. Бул жолоочулукта Алла Таала үчүн бардык нерсени бере алуу сезими өркүндөйт. Жакшы менен жаман символдоштурулуп,
Алла Тааланын достору жана душмандары көз алдыга элестетилет.
Шайтанды ташбараңга алууда, Кааба таваф кылынып жатканда, Кара ташка салам берилген чакта жогоруда айтылган маанилер өчүрүлгүс оймо-чийме сыяктуу дилибизге, аң-сезимибизге жана ички дүйнөбүздүн тереңдиктерине сиңет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#16 13 July 2014 - 16:53
Ажыга баруучуларга коюлган талаптар
- Ажылыкка мурун барбагандар гана кабыл алынат.
- Махрамдын болушу шарт (загс кагазынын көчүрмөсү же болбосо жергиликтүү бийлик тарабынан берилген махрам справкасы).
- Ден- соолугу тууралуу медициналык справка.
- Сүрөт (3х4)=4 даана (түстүү ак фондо, матовой кагазда).
- Чет элдик паспорт (акыркы үлгүдөгү).
- ID- карттын көчүрмөсү, мөөнөтү бир жылдан кем эмес болушу керек.
- Ыраазычылык кат( паспорт алууда толтурулат).
- Ажыга баруучуга номерленген ордер берилет.
- Берилген ордерди алмаштырганга же башка бир адамга бергенге уруксат берилбейт.
- Ажыга баруучуга Штаб тарабынан анкета (КСА) толтурулат.
- Ажыга баруучу Ажылыктан баш тартса, анын ордери жана квотасы Штабка кайтарылат. (төгүлгөн акчасынан 5% кармалат).
- Ажылыкка акча төгүү паспортун тапшырып, ордер алгандан кийин 10 күн ичинде сөзсүз аткарылышы шарт. Квитанциянын көчүрмөсүн Ажы Башчы аркылуу Штабка берилет.
- Көрсөтүлгөн мөөнөттө Ажылыктын каражаты төгүлбөсө, берилген ордер жараксыз деп табылып, квота эскертүүсүз алынат.
- Ажылыкка жашы 18ге толгон киши бара алат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео