Форумда кээ бир ислам динине байланыштуу терминдердин ушул жакка кенен түшүндүрмөсү менен жаза кетсек. Албетте, алдын ала тактап!
Мисалы, пайгамбар деген сөздөн жана Мухаммад аттан кийин (бардык эле ат эмес, а пайгамбар Мухаммадга тиешелүү) САВ деп жазып жүрүшөт. Кээ бирлер толук жазат. Кээ бирлер кыскартып жазат. Бирок, негизи ушул сөздү толугу менен эле жазып коюу жакшы. Мен бул сөздү "СалаЛлаху алейхи уа саллам" же анын кыргыз тилиндеги котормосу болгон "Ага Алланын саламы жана салаваттары"
деп толук жазам.
Ошондой эле сахабалардан
(сахаба - пайгамбарыбыздын жолдоштору,
жолдоочулары,
аны менен чогуу болгон, көргөн адамдар) кийин р.а. деп жазып жүрөбүз. Мунун чечмелениши болсо "радияЛлаху анху". Ал эми кыргызча мааниси - "Аллах андан ыраазы болсун" дегендей.
ж.б.у.с.
Ислам терминологиясы "түшүнбөгөн" сөздөр
#1 09 February 2013 - 20:57
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#2 12 February 2013 - 10:20
Теманы улай жазсак кээ бир табиин(сахабаларды коргон инсандар) уламалардын атын жазган сон рахматуллохи алейх деп уланат.Кыргызча айтканда козу отуп кеткен кишини суйлосок "ырамаатылык"
деп алдына кошкон сымал,ал адамга Жараткандын рахматын,кечиримин тилейбиз.
#3 14 February 2013 - 16:14
Мен самый простой эле терминдерди жазып салайынчы. Эгер ката тапсаныз Ctrl+Enterди басып коюн.
- Мусульман - Аллахтын бир экенине жана Мухаммад(С.А. В.) анын элчиси экенине куболук берген адам. Анын башка дин окулдорунон озгочолугу ыйманы менен окуган намазы. А башка иштерде башкалардан айырмасы жок.
- Араб - бул кыргызга окшогон бир улут. Алардын бир озгочолугу: Курандын араб тилинде тушкондугу жана Мухаммад(С.А. В)дын араб улутунан чыгышы. Аларда да бизге окшогон эле кемчиликтуу кадимкидей пенделер.
Люблю зимний закат
#4 24 February 2013 - 22:24
Ошол хадисти таап шархтарын карайын деп жатканмын...
Шарх - түшүндүрмө, чечмеленүү.
Мисалы: "Бул хадистин шархында мындай деп келет..." - "Бул хадистин чечмеленишинде мындай деп келет..."
... жүрөктөр Аллаhты эстөө менен жибип, Андан түшкөн Акыйкатка муюган мезгил келбеди бекен?!. [57:16]
#5 01 March 2013 - 22:49
"Мужтахид"
, "ижтихад"
дегендерди түшүндүрүп берсеңиз. Анча түшүнө албай жатам.
"Мужтахид ижтихад кылып туура айтса эки сооп,ал эми ката айткан болсо бир сооп берилет!"
"Мужтахид ижтихад кылып туура айтса эки сооп,ал эми ката айткан болсо бир сооп берилет!"
Ижтихад деген сөздү арабчадан которгондо күч аракетти жумшап, тырышуу дегенди билдирет. Ал эми Ислам терминологиясындагы мааниси - шариат өкүмун билүү үчүн күч аракетти жумшоо.
Мужтахид - ижтихад кылууга жарамдуу болгон аалым.
P.S. Ар бир мужтахид аалым, бирок ар бир эле аалым мужтахид эмес.
#6 01 March 2013 - 23:20
Ыйман, акыйда, этикаттын, бири биринен айырмасы кандай билгендер болсо жазып жибериниздер алдын ала рахмат.
#7 03 March 2013 - 09:47
Ыйман, акыйда, этикаттын, бири биринен айырмасы кандай билгендер болсо жазып жибериниздер алдын ала рахмат.
Акыйда менен этикад экөө тең бир эле сөздөн алынган. Ал сөз عقد сөзү. Акыйда сөзү عقيدة деп жазылат. Ал эми этикад сөзү اعتقاد деп жазылат. Ыйман сөзү آمن деген сөздөн алынган. Ыйман إيمان деп жызылат. Алардын баары эле ишеним деген маанини билдирет.
#8 14 July 2014 - 03:44
Амир
- арабча "амара"
деген этиштен буйрук кылуу, буюруу жана "амр" - буйрук, буюруу, арабча маанисин которгондо мусулман жамаатынын,
кыймылынын "диний башчысы" деген мааниде. Бул термин Пайгамбар да бардык мусулмандардын амири болуп саналган Пайгамбардын Сүннөтүндө колдонулат.
Хадистерде сүннөткө ылайык, бардык мусулмандарга,
эгер мусулмандардын чакан жамааты ал тургай үч кишиге жетсе, өзүнө амир (башчы) шайлап алышса болот. Мусулмандар жамааты адатта, сапарга аттанарда же диний иш-чарада (мисалы, дааватка чыгарда) амир шайлап алышат. Исламга ылайык, өздөрүнө амир шайлап алуу чакырыгы пикир келишпестиктен (фитна), талаш-тартыштын болбошун, жамааттын ички дисциплинасын же тартипти камсыздоодо практикалык мүнөздү алып жүрөт.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#9 14 July 2014 - 03:58
Аль-Каида
(арабча "негиз"
,, "база",
"пайдубул"
, "принцип"
) - ваххабий радикалдуу багыттагы эң ири ультрарадикалдуу эл аралык террористтик уюмдардын бири. Кээ бир булактарда "Аль-Каида"
1988-жылдын 11-августунда түзүлгөндүгү ырасталат. Терроризм менен АКШ башында турган дүйнөлүк узак күрөшкө карабастан (2001-жылдан азыркы учурга чейин), "Аль-Каида"
Ливиядагы, Ирактагы, Алжирдеги, Малидеги, Пакистандагы,
Афганистандагы,
Сириядагы ж.б.у.с. окуяларга активдүү катышкан. Ар түрдүү өлкөлөрдө кийинчээрек көп пайда болуп жаткан жихадчыл жамааттар бул уюм менен түздөн-түз же кыйыр (идеологиялык) байланышка ээ. Бир катар эксперттер "Аль-Каида"
кээ бир өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын инструменти гана болуп санааларын четке кагышпайт.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#10 14 July 2014 - 04:06
Ахль аль-Китаб - (арабчадан которгондо "китептин ээлери"). Мусулмандар китеп ээлери деп иудаизмди жана христиандыкты тутунгандарды аташат. Азыркы интерпретациясында ультра радикалдуу багыттагы топтор (жихадчы-такфирчилер,
кээ бир салафий-ваххабийлер) учурдагы жөөттөр менен христиандар Ахль аль-Китабга (Жазуунун кишилерине) таандык эмес дешет. Ага ылайык, кол тийбестик укутары жок жана мушрикун (көп кудайчылар) жана каапырлар болуп эсептелет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#11 14 July 2014 - 04:12
Бидъа
- жаңы нерсе, жаңы колдонулган.
Бидъа - бул мурда болбогон, кийин пайда болгон дегенди билдирет; Мухаммед Пайгамбар (САВ) жана анын сахабалары жашап турган кезде болбогон, Ислам дининде андан кийин колдонула баштаган жаңычылыктар.
Бидъа термини салттуу мазхабтарды айыптоодо ваххабий-салафийлер абдан көп пайдаланган термин.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#12 14 July 2014 - 04:19
Дар аль-Ислам (мусулман дүйнөсү, Исламдын жери, Ислам өкүм сүргөн бүткүл аймак) - мусулман диний мыйзамдары күчүндө болгон жана саясий жактан мусулмандар өкүм сүргөн аймактардын мусулмандарча салттуу аталышы.
Дар аль-сульм (тынчтык келишимин түзгөн мусулман эмес өлкөлөр) ортодогу калыс өлкөлөр болуп саналат.
Дар аль-сульм (тынчтык келишимин түзгөн мусулман эмес өлкөлөр) ортодогу калыс өлкөлөр болуп саналат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#13 14 July 2014 - 04:24
Дар аль-харб (согуш өргөөсү, коркунуч өлкөлөрү) дар аль-Исламга кирбеген, Ислам өкүм сүрбөгөн, мусулман диний мыйзамдары күчүндө болбогон, мусулмандар куугунтукка алынган жана Ислам жете элек өлкөлөрдүн баары.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#14 14 July 2014 - 04:28
Жамаат
(коом, коллектив, жамаат) - мусулмандардын бириккен тобу. Мечиттеги жамаатты имам жетектейт (Исламдын жөрөлгөлүк жагынын билерманы) же амир (жамааттын башчысы, жетекчиси).
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#15 14 July 2014 - 04:30
Жахилия
- диний түшүнүктө алганда - Исламга чейинки динсиздик, бутпарастык абал.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#16 14 July 2014 - 04:37
Жахиль
(түркөй, наадан) - Исламга чейин жашаган бутпарас арабдарды атаган термин. Азыркы радикалдуу идеологиялардын түшүнүгүндө бул термин Шариаттын талаптарын аткарбаган жана Исламды практикалабаган мусулмандарды же динге негизделбеген коомдорду айтат. Ал эми Исламдын канондук түшүнүгүндө мындай мусулмандарды фасикун (күнөө кетиргендер,
бузулгандар) деп айтат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#17 14 July 2014 - 13:37
Рухий коопсуздук - диндердин конфессиялар аралык тынчтыкта жашоосуна, коомдун бүтүндүгүнө коркунуч келтирүүчү,
коомдун улуттук өзгөчөлүгүндө түзүлгөн маданий-диний жашоосуна идеялык жана диний деструктивдүү тышкы таасирден болгон коопсуздук.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#18 14 July 2014 - 13:42
"Диний деструктивдүү түзүмдөр"
- коомдун бүтүндүгүнө жана диндердин өз ара сый-урматта жана толеранттуулукта тынч жашоосуна коркунуч келтирген жашыруун аракет катары (мисалы, секталардын,
Мун Чиркөөсүнүн,
ахмадийлердин,
саентологдордун иштери).
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#19 14 July 2014 - 13:49
Зулумдук
- башка кимдир бирөөгө же өзүнө карата жасалган адилетсиз мамиле, зулумдук. Укуксуз түрдө адилетсиз мамиле жасоо, басым кылуу, басынтуу ж.б.у.с. жасоодон улам зулумдук келип чыгат. Ислам саясий жамааттарынын түшүндүрмөлөрүндө тирандык жана авторитардык мүнөздөгү жана диний эркиндиктерге,
саясий көз караштарга басым көрсөткөн, диний ишенимдери ж.б.у.с. үчүн куугунтуктаган кандайдыр бир өкмөттү , мамлекетти,
репрессиялуу бийликти, мыйзамды зульм деп түшүнүүгө болот.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#20 14 July 2014 - 13:52
Ин-ша-
Аллах - Аллах кааласа. Ар бир мусулмандын динге ылайык, баары Аллахтын эрки менен болот деген мааниде айткан салттуу Исламдык каалоо-тилек (кыргызча Кудай буйруса, Кудай кааласа).
Ак ийилет, бирок сынбайт.

Супер-Инфо
super.kg
видео













