Окуучулар кандай форма кийиши керек?
#1 14 Июль 2014 - 04:34
Анткени, 5 миллиондон ашыгыраак калкы бар Кыргызстандын көпчүлүгү Ислам динин карманат. Ошол себептен улам көптөгөн мектеп окуучуларынын ата-энелери балдарынын, айрыкча окуучу кыздарынын мектепке Исламий баалуулуктарга ылайык кийинип, мектепке жоолук оронуп барышын каалашат.
Республикада бирдиктүү мектеп формасы киргизилбегени ар түрдүү проблемаларга себеп болуп жаткан. Т.а. мектеп директорлорунун аймактарда окуучу кыздарга жоолук салынууга уруксат бериши же тыюу салышы элдин арасында ар түрдүү нааразылыктарга себеп болуп жаткан эле.
Жогорудагы проблеманы чечүү үчүн Кыргызстан өкмөтү 2014-жаңы окуу жылынан баштап мектеп окуучулары үчүн жаңы мектеп формасын киргизүү токтомун тастыктады. Өкмөттүн эсеп-китеби боюнча жаңы мектеп формасы ата-энелерге 1 700 сомго түшөт.
А бирок, проблема жаңы мектеп формасын киргизүү менен чечилип калабы? Албетте жок!
Мурдагы Советтер союзуөз перзенттерине коммунисттик сакафатты сиӊдирди. Өзүнүн сакафатынакапиталисттик же Исламий сакафаттан бир тамчы да киргизбөөгөаракет кылды. Бүгүнкү күндө болсо Батыш перзенттерин динди турмуштан ажыратуунун үстүнө курулган капиталисттик сакафат негизинде тарбиялап, жашоо образын да ошол негизде калыптандырып, акыйдасы жана сакафатына Исламий сакафаттан бир тамчы да кошулуп калбасын үчүн согуштарды уюштурду.
Батыш таасир чөйрөсүн кеӊейтүү үчүн жана колония кылып алган Исламий өлкөлөрдө мусулмандардын балдары Ислам дининин негиздеринен кабардар болуп калбасын үчүн бул өлкөлөрдүн бардык тармактарына аралашканы сыяктуу эле билим берүү тармагынын да майда-чүйдөсүнө чейин аралашты.
Мусулмандардын балдарына өздөрүнүн дүйнө карашынан келип чыккан сакафатты сиңдирүүгө, ал тургай эч кандай муктаждык болбогон абалда жигит-кыздардын аралаш билим алышын киргизип, мусулман жаштардын көӊүл каалоолорун да өзгөртүүгө катуу умтулду.
Мунун натыйжасында болсо жигиттерден намыстуулук, кыздардан болсо ар-намыс, абийирдүүлүк көтөрүлүп кетти. Бүгүнкү күндө капиталисттик негизде билим берилип жаткан бардык билим берүү мекемелеринде (бала бакчадан тышкары) жаштардын арасында бузукчулук, турмушка чыкпаган окуучу кыздар арасында боюна бүтүп калуу абалдары көбөйүп бара жатканы да мына ушул аралаш билим берүүнүн натыйжаларынан болуп эсептелет.
Мындан тышкары, бардык иштерин жалаӊ гана материалдык кызыкчылык үстүнө кура турган жана билим берүүдө да ушул жакты үстөм коё турган Батыш сакафаты натыйжасында ата менен баланын, ага менен ининин ортосундагы жакындык көтөрүлүп кетти. Бүгүнкү күндө жетимканалар менен карыялар үйлөрү жакындары таштап кеткен жаш балдар менен карыяларга толуп кетти. Булардын бардыгы ушул дүйнөнүн өзүндө гана жакшы жашап калуу түшүнүгү негизинде калыптандырылган билим берүү программасынын натыйжасы болуп эсептелет.
Жогорудагы проблемалардан кутулуу үчүн Батыш сакафаты менен сугарылган аралаш билим берүү программасынан бүтүндөй баш тартуу, Аллахтын ыраазылыгын ата-эненин ыраазылыгы менен байланыштыруучу, тууганчылык байланыштарын үзүүнү Аллахтын рахматынан куру калууга алып баруучу күнөө, даюстук (жакындарын кызганбастык) Аллахтын бейишинен куру калтыруучу иш катары баалануучу Исламий таалим-тарбия негизине кайтуу аркылуу ишке ашат.
Бул болсо, оболу өзүбүздүн дүйнө карашыбызды оӊдоону, андан кийин эмне үчүн балдарыбыздан Ал Бухарий, ибн Сина, Берунийлер келип чакпастан, тескерисинче, лезбиянка жана гейлер келип чыга баштаганы, эмне үчүн бул сыяктуу элементтер агымындагы балдарыбыз уялбастан өздөрүн коомго жарыя кыла баштаганы, эртеӊки күнү менин балам да ушулардан таасирленип, өзүнүн жынысынан болгон адамга турмушка чыгууну жарыя кылып калса эмне кыламын деп ойлонушубуз керектигине алып барат. Бул пикирлөө бизге жогорудагы проблемаларда билим берүү саясатынын салмактуу үлүшү бар экендигин түшүндүрөт.
Мына ошондо гана өсүп келе жаткан жаш муун иштерин материалдык кызыкчылык негизине эмес, тескерисинче сооп жана күнөө негизине курат о.э. өзү ээ болгон илим-билимди коомчулук үчүн пайдаланууга үйрөнөт. Мунун натыйжасында болсо коомдо бейпилдик, өз ара ынтымак-ырашкердик кайрадан калыптанат, инша Аллах.
#2 14 Июль 2014 - 04:36
Билдирүүнү түзөткөн: daring: 14 Июль 2014 - 04:36
#3 14 Июль 2014 - 04:48
#4 14 Июль 2014 - 13:51
Биз исламий өлкө эмеспиз. Бирок, калктын басымдуу 80-90% ислам динин кармангандыктан тыюу салынбаса керек. Акыркы жылдарда оронуп авраттарын жапкан аялдарыбыз көбөйүүдө. Эми келечекте оронгон, жакшына формаларды чыгаруусуна үмүт кылаалы. Бирок, азыркы учурда мунун мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ушунусу да дурус. Демократиялуу өлкө болгондон кийин баары өз билгенин кылат. Башка айла жок.
#5 14 Июль 2014 - 14:14
Билдирүүнү түзөткөн: daring: 14 Июль 2014 - 14:15
#6 14 Июль 2014 - 14:29
Цитата
ашыгыраак калкы бар
Кыргызстандын көпчүлүгү Ислам
динин карманат. Ошол себептен
улам көптөгөн мектеп
окуучуларынын ата-энелери балдарынын, айрыкча окуучу
кыздарынын мектепке Исламий
баалуулуктарга ылайык
кийинип, мектепке жоолук
оронуп барышын каалашат.
Чынында көпчүлүк ата-энелер ошону каалашканда, ошол форманы киргизсе керек эле. Өкүнүчтүү, бирок, көпчүлүк аны каалабайт экен. Көп учурда байкайм. Жакын эле бир кыз, жоолук салынып, хижаб кием десе, ата энеси " Сен азыр жашсың, жаштыгыңда ойноп күлүп алышың керек. Не кыласын оронуп алып?!" деп, оронтпой койду. Биринчи элдин психологисын оңдош керек. Оронгон аялды коргондор "ээ кечээ эле, кыска юбка кийип жүрдү эле, бүгүн оронуп алыптыр" дешет. Дагы бирөөлөр " оронуп, узун юбка кийген ичинде эчтекеси жок" дегенди укканда жаның кашайып, жинин келет. Оюу түз эмес. Ошондуктан элдин психологиясын оңдош жана даярдаш керек деп ойлойм. Машинанын моторун жасап алган менен, корпусу болбосо бир тыйынга арзырлык баасы жок. Андыктан сиздер айткан мектеп формасына кыйла жол бар.
#7 14 Июль 2014 - 14:34
daring (14 Июль 2014 - 14:14) жазган:
Сиз оюмду кичине туура эмес түшүнүп алыпсыз. Оронгон формага мен да каршы эмесмин колдойм. Демократиялуу өлкө болгондуктан хижабка тыюу сала албайт жана мажбурлап кийгизе да албайт, дегим келген.
#8 14 Июль 2014 - 14:39
#9 14 Июль 2014 - 14:41
AZIK01 (14 Июль 2014 - 14:34) жазган:
Тыюу салып эле жатпайбы мамлекет үн катпаганы менен мекетептеги мугалим директорлорду ишке салып даже канчалаган жоолук салынган кыздарды ур токмокко алып мектептен кууп чыгып жатпайбы же сен буларды укпай көрбөй жатасынбы скоро мамлекет тыюу салат мени айтты дейсинго. Коңшу өлкөлөрдү карасаң алар эмне ислам менен жашап жатабы?!
#10 14 Июль 2014 - 14:47
- Мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө;
- Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө;
- Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;
Эскертүү жазылды, эгерде эрежелер бузулса, банга айдайм.
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#11 14 Июль 2014 - 15:00
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#12 14 Июль 2014 - 15:27
#13 14 Июль 2014 - 18:04
AZIK01 (14 Июль 2014 - 14:34) жазган:
Пикирине кошулам досум.
Мисалы, демократияга таянсак, парламентге ар ким оз оюн алып келууго укуктуу жана элдин ою Ислам динин туура корсо демократиянын акысы жок Ислам динин токтотууга себеби демократиянын мыйзамы элдин ою менен ишке ашат. Ал эми, биздин Кыргызстан да 80 85 % Мусулмандар.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#14 14 Июль 2014 - 23:35
daring (14 Июль 2014 - 14:41) жазган:
Ал деген эми, кысым көрсөтүү чоңдордун саясаты.
Дагы терең ой жүгүртсө "Бирдиктүү мектеп формасы тандалды" дегени, ошол форманы кийиш керек. Эртең мектепке барса, ошол форманы талап кылышат. Бул деген оронгондорду да ошол формада жүрүүсүн талап кылышат. Бир жактан кысым болушу мүмкүн экен. Айтайын дегенңиз ушундай эмес беле?!
Жалпылап караганда теманын максаты системаны өзгөртүш керекпи же мектепте хижжаб кийгендерге кысым болбосун деген ойбу?
#15 15 Июль 2014 - 02:39
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#16 15 Июль 2014 - 04:03
Vazir (15 Июль 2014 - 02:39) жазган:
Биз сын тага албайбыз, бирок, ойлонуп көрүңүз, Мектеп формасында эмес ( оронгон) кызды мектеп чогулушунда (Линейка беле) формачан келген эмес деп уяткарат да. Бул анын жоолукка болгон оюн бузуп жибериши мүмкүн.
#17 15 Июль 2014 - 04:16
Nurmuxammet (14 Июль 2014 - 16:03) жазган:
------------
Ал арбир Мектепте иштеген адамдардан коз каранды, бирок биз эскертип отушубуз керек Мамлекетик баш мыйзам тыюуу салбасын..!

Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#18 15 Июль 2014 - 17:35
#19 15 Июль 2014 - 18:13
#20 15 Июль 2014 - 18:14