Кафир
(көптүк санда: куффар) - Кудайга ишенбеген адам (атеист), Аллахтын (Кудайдын) бар экендигине,
Мухаммед (САВ) Анын акыркы Элчиси жана Пайгамбары экендигине ишенбеген киши. "Кафир"
сөзү түз которгондо (денени жапкан) "соот кийимди",
ал эми кыйыр маанисинде (чындыкты) "жапкан"
деген маанидеги, көзгө көрүнбөгөнгө ишенбеген кишини, атеистти билдирет.
Ислам терминологиясы "түшүнбөгөн" сөздөр
#22 14 July 2014 - 14:01
Курман чалуу - Аллахтын ысымына багышталып союлган мал же багышталып берилген (материалдык) нерсе.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#23 14 July 2014 - 14:17
Махди
(арабча Аллахтын жолунда жүргөн) - акыр замандын жакын калганын кабарлоочу,
Мухаммед Пайгамбардын (САВ) акыркы мурасчысы жана урпактарынын бири, бүткүл мусулмандардын амири, имамы, ал Пайгамбардын (САВ) хадистерине ылайык мусулмандарды Дажжалга (Антихристке) каршы согушуу үчүн бириктирет жана Халифатты жетектейт. Анын аты толугу менен Махди Сахиб аз-Заман (акыр заман болордо келе турган) жана Махди Мунтазар (келе турган Махди) деп аталат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#24 14 July 2014 - 14:20
Ма-ша-
Аллах - Аллах каалаган. Таң калганда, суктанганда айтылган сөз (ошондой эле башка бирөөнү мактаганда,
жана бирөө өзүн мактаганда көз тийбеш үчүн кошуп айтылат).
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#25 14 July 2014 - 14:24
Мисвак же сивак - арак (Salvadora persica) дарагынын бутактарынан жана тамырларынан жасалган тиш щетка, аны тиш менен чайнаганда булалары ажырап, кисточкага айланат. Пайгамбардын (САВ) сүннөтү болуп саналат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#26 14 July 2014 - 21:35
Можахед
(араб адабий тилиндеги вариантына бир кыйла жакыныраак айтылганы мужахид, көптүк санда мужахидин) - жихадга катышуучу (уңгулаш сөз), сөзмө-сөз которгондо "күрөшүүчү"
, "күч-аракет үрөгөн". Ислам аалымдарынын пикири боюнча можахед - бул жоокер гана эмес, ошондой эле жихаддын түрлөрүнүн биринин себептүү алкагында күрөшүүчү ар бир мусулман. Ошентип, мугалим да, диний кызматкер да, өз баласын тарбиялаган эне да можахед боло алат. Азыркы коомдо "можахед"
термини көбүнчө "Ислам согушчаны"
, "террорчу"
, түшүнүгү менен синоним сыяктуу туура эмес кабыл алууда. Бул көбүнчө мыйзамсыз куралдуу топтордун көптөгөн мүчөлөрү, ошондой эле террорчулар да өздөрүн можахед деп аташкандыктан улам болгон (мисалы, афган можахеддери).
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#27 14 July 2014 - 22:58
Мужтахид
(арабчадан "ижтахада"
- аракеттенүү,
тырышчаактык кылуу) - ижтихадды практикалаган диндар аалым, факих, тагыраак айтканда, диндин жана мусулман укугунун (фыкх) маанилүү маселелери боюнча өз алдынча чечим чыгарууга жөндөмүнө жана укугуна ээ адам. Ислам укугу боюнча билермандын жана адистин жогорку даражасы.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#28 14 July 2014 - 23:00
Мунафик
- мусулмандардын арасында Кудайга ишенбегендигин жашырып, өзүн динчил кылып көрсөткөн эки жүздүү киши.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#29 14 July 2014 - 23:02
Муртад
- Бир Кудайдын бар экендигин (таухид) билген жана Исламдан өз ниети менен баш тартып, же атеизмге (куфр), же башка динге өткөнүн ачык айткан динден чыккан адам.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#30 14 July 2014 - 23:09
Муржиит
- белгилүү бир жамааттын көз карашы боюнча: корккондуктан же белгилүү бир пайда алуу үчүн туура эмес көз караштарды же адилетсиз мыйзамдарды,
авторитардык бийликти караманча колдогон мусулман аалым же имам. Адатта, бул термин радикалдуу мусулмандар тарабынан динге негизделбеген бийликке, мыйзамдарга ж.б.у.сыяктууларга баш ийген улама (аалымдарга) же башка мусулмандарга карата колдонулат.
Араб элинин ичинде муржиит сөзүнүн синоними катары - шейхус-султан (бийликтин молдосу) сөзү колдонулат,
ал бийлик тарабынан контролго алынган расмий молдону билдирет.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#31 14 July 2014 - 23:12
Мушрик
- көп кудайга ишенген, аллахтан башка нерселерге сыйынган адам. Кээ бир ваххабий жамааттардын радикалдуу түшүндүрмөсүндө адатта, ыйык мазарларга ж.б.у.с. ажылык кылган суфийлерге карата айтылат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#32 15 July 2014 - 09:23
Медресе - мусулмандардын адистик орто окуу жайы, дин жаатында окуучуларды профилге даярдоо менен айкалышкан жалпы орто билим берүү деңгээлин камсыздоочу диний багыттагы окуу жай болуп саналат. Ошондой эле жогорку медресе да бар - диний адамдарды кесипке даярдоо үчүн жогорку адистик диний окуу жайы.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#34 15 July 2014 - 14:27
Каари-
кана - Куранды үйрөнүү жана жаттоо боюнча курс.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#35 15 July 2014 - 14:40
Тагут
- бул араб сөзү "Тагьа"
же "Тугъян"
сөздөрүнөн келип чыккан. Анын түз мааниси "тиешелүү чектен чыгуу" дегенди билдирет. Дегеле, тагут сөзү көп мааниге ээ. Шариаттын көз карашы боюнча Аллахтын ар кандай укугун өзүнө таандык кылып көрсөткөн адам тагут болуп саналат, мисалы: жаратуу, баарын билүү, мыйзам чыгаруу жана бекитүү, ошол адам Аллах менен барабар болуусу, ошондой эле жалган Кудай болуусу. тагут катары: шайтан, жин, идол, тоо-таштар, күн, жылдыздар ал тургай кишилер же авторитардык режимдер да болушу мүмкүн.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#36 15 July 2014 - 14:52
Такбир же Аллаху Акбар - "Аллах Улук" дегенди билдирген. Бул сөз айкашы мусулмандардын сыйынганда жана Аллахты эстегенде (зикр) Улуу Кудайдын атын улукташ үчүн Мухаммед Пайгамбар (САВ) тарабынан атайын айтылган. Такбир ар кандай айтылат; ал кубанганда да орустар "Ура!"
дегендей да колдонулат.
Ошондой эле жихад учурунда Аллахтын атын улуктаган аскердик ураан катары да пайдаланылат.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#37 15 July 2014 - 14:58
Такфир
- Кудайга ишенбегендерди (куфр деп) айыптоо, тактап айтканда, белгилүү бир ишенимдеги же белгилүү бир динди тутунган белгилүү бир инсандарды же адамдарды Исламдан чыгаруу. Муну менен катар кээ бир ультра радикалдуу топтор тарабынан өзүнөн башка мусулмандар такфирдин объекти экендигин баса белгилөө маанилүү.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#38 15 July 2014 - 15:05
Тавба
- Оор күнөөсү үчүн Аллахтан кечирим сурап тобо (тавба // тооба // тообо // тобо) келтирүү. Ошондой эле бул ниетинде Кудайга ишенбей, жаңылып-адашканда Кудайдан кечирим суроо.
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#39 15 July 2014 - 15:13
Салттуу конфессиялар
- коомдун улуттук маданий өзгөчөлүгүн эске алган, тарыхый жактан өз ара урмат-сыйдын негизинде тынчтыкта катарлаш жашаган диндер (бул түшүнүккө расмий түрдө Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы катары сунушталган сунний багыттагы Ислам, Православие Чиркөөсү, Католик Чиркөөсү кирет).
Ак ийилет, бирок сынбайт.
#40 15 July 2014 - 15:17
Фарз - парз, аткаруу милдет болгон Аллах тарабынан буйрук! Парзды тануучу каапыр болот.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

Супер-Инфо
super.kg
видео










