Кыргызстан республикасында да башка капиталисттик түзүмдү колдонуучу светтик мамлекеттер сыяктуу эле окуучулар үчүн бирдиктүү мектеп формасын киргизүү маселеси негизги проблемалардын бири болуп эсептелет.
Анткени, 5 миллиондон ашыгыраак калкы бар Кыргызстандын көпчүлүгү Ислам динин карманат. Ошол себептен улам көптөгөн мектеп окуучуларынын ата-энелери балдарынын,
айрыкча окуучу кыздарынын мектепке Исламий баалуулуктарга ылайык кийинип, мектепке жоолук оронуп барышын каалашат.
Республикада бирдиктүү мектеп формасы киргизилбегени ар түрдүү проблемаларга себеп болуп жаткан. Т.а. мектеп директорлорунун аймактарда окуучу кыздарга жоолук салынууга уруксат бериши же тыюу салышы элдин арасында ар түрдүү нааразылыктарга себеп болуп жаткан эле.
Жогорудагы проблеманы чечүү үчүн Кыргызстан өкмөтү 2014-жаңы окуу жылынан баштап мектеп окуучулары үчүн жаңы мектеп формасын киргизүү токтомун тастыктады.
Өкмөттүн эсеп-китеби боюнча жаңы мектеп формасы ата-энелерге 1 700 сомго түшөт.
А бирок, проблема жаңы мектеп формасын киргизүү менен чечилип калабы? Албетте жок!
Мурдагы Советтер союзуөз перзенттерине коммунисттик сакафатты сиӊдирди. Өзүнүн сакафатынакапиталисттик же Исламий сакафаттан бир тамчы да киргизбөөгөаракет кылды. Бүгүнкү күндө болсо Батыш перзенттерин динди турмуштан ажыратуунун үстүнө курулган капиталисттик сакафат негизинде тарбиялап, жашоо образын да ошол негизде калыптандырып,
акыйдасы жана сакафатына Исламий сакафаттан бир тамчы да кошулуп калбасын үчүн согуштарды уюштурду.
Батыш таасир чөйрөсүн кеӊейтүү үчүн жана колония кылып алган Исламий өлкөлөрдө мусулмандардын балдары Ислам дининин негиздеринен кабардар болуп калбасын үчүн бул өлкөлөрдүн бардык тармактарына аралашканы сыяктуу эле билим берүү тармагынын да майда-чүйдөсүнө чейин аралашты.
Мусулмандардын балдарына өздөрүнүн дүйнө карашынан келип чыккан сакафатты сиңдирүүгө,
ал тургай эч кандай муктаждык болбогон абалда жигит-кыздардын аралаш билим алышын киргизип, мусулман жаштардын көӊүл каалоолорун да өзгөртүүгө катуу умтулду.
Мунун натыйжасында болсо жигиттерден намыстуулук,
кыздардан болсо ар-намыс, абийирдүүлүк көтөрүлүп кетти. Бүгүнкү күндө капиталисттик негизде билим берилип жаткан бардык билим берүү мекемелеринде (бала бакчадан тышкары) жаштардын арасында бузукчулук,
турмушка чыкпаган окуучу кыздар арасында боюна бүтүп калуу абалдары көбөйүп бара жатканы да мына ушул аралаш билим берүүнүн натыйжаларынан болуп эсептелет.
Мындан тышкары, бардык иштерин жалаӊ гана материалдык кызыкчылык үстүнө кура турган жана билим берүүдө да ушул жакты үстөм коё турган Батыш сакафаты натыйжасында ата менен баланын, ага менен ининин ортосундагы жакындык көтөрүлүп кетти. Бүгүнкү күндө жетимканалар менен карыялар үйлөрү жакындары таштап кеткен жаш балдар менен карыяларга толуп кетти. Булардын бардыгы ушул дүйнөнүн өзүндө гана жакшы жашап калуу түшүнүгү негизинде калыптандырылган билим берүү программасынын натыйжасы болуп эсептелет.
Жогорудагы проблемалардан кутулуу үчүн Батыш сакафаты менен сугарылган аралаш билим берүү программасынан бүтүндөй баш тартуу, Аллахтын ыраазылыгын ата-эненин ыраазылыгы менен байланыштыруучу,
тууганчылык байланыштарын үзүүнү Аллахтын рахматынан куру калууга алып баруучу күнөө, даюстук (жакындарын кызганбастык) Аллахтын бейишинен куру калтыруучу иш катары баалануучу Исламий таалим-тарбия негизине кайтуу аркылуу ишке ашат.
Бул болсо, оболу өзүбүздүн дүйнө карашыбызды оӊдоону, андан кийин эмне үчүн балдарыбыздан Ал Бухарий, ибн Сина, Берунийлер келип чакпастан, тескерисинче,
лезбиянка жана гейлер келип чыга баштаганы, эмне үчүн бул сыяктуу элементтер агымындагы балдарыбыз уялбастан өздөрүн коомго жарыя кыла баштаганы, эртеӊки күнү менин балам да ушулардан таасирленип,
өзүнүн жынысынан болгон адамга турмушка чыгууну жарыя кылып калса эмне кыламын деп ойлонушубуз керектигине алып барат. Бул пикирлөө бизге жогорудагы проблемаларда билим берүү саясатынын салмактуу үлүшү бар экендигин түшүндүрөт.
Мына ошондо гана өсүп келе жаткан жаш муун иштерин материалдык кызыкчылык негизине эмес, тескерисинче сооп жана күнөө негизине курат о.э. өзү ээ болгон илим-билимди коомчулук үчүн пайдаланууга үйрөнөт. Мунун натыйжасында болсо коомдо бейпилдик, өз ара ынтымак-ырашкердик кайрадан калыптанат,
инша Аллах.
Окуучулар кандай форма кийиши керек?
#3 14 July 2014 - 04:48
Жоолукка тыю салынышына каршымын!
Эгер жоолукка тыю салынса, "жигиттерди өзүнчө, кыздарды өз өзүнчө окутуш керек" Бул түрк лицейлери себаттарда колдонулат.
балдарга агай мугалимдер,
кыздарга эжекелер сабак өтсүн. Мына ошондо "порядок"
жана "окууга"
көңүл бурулат.
#4 14 July 2014 - 13:51
Биз орто жолдо калган, баш аламан өлкөбүз.Жоолукту тыю салган мыйзам чыга элек, бирок, жанылыктар да болуп кетиши мүмкүн. Жөн эле, стандарттык мектеп формасын иштеп чыгышты.
Биз исламий өлкө эмеспиз. Бирок, калктын басымдуу 80-90% ислам динин кармангандыктан тыюу салынбаса керек. Акыркы жылдарда оронуп авраттарын жапкан аялдарыбыз көбөйүүдө. Эми келечекте оронгон, жакшына формаларды чыгаруусуна үмүт кылаалы. Бирок, азыркы учурда мунун мүмкүнчүлүгү жокко эсе. Ушунусу да дурус. Демократиялуу өлкө болгондон кийин баары өз билгенин кылат. Башка айла жок.

Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#5 14 July 2014 - 14:14
Демократиялуу өлкө баары өз билгенин кылат десең жаңылышасын.
Анткени хиджабака каршы чыгышып адамдын укугун эркиндигин тебелеп жатышат. Мен кесе айта алам демократия берген жеке адамдын 4 эркиндиктин бирине жол берген жок тескерисинче дале ошол 4 эркиндикти да тебелеп келе жатышат. Каптализимдин андан келип чыккан демократия ДИН ТУРМУШТАН АЖЫРАТЫЛСЫН дегег негизге куруан. КУДАЙ БАР БИРОК БИЗДИН ИШТЕРГЕ АРАЛАШПАСЫН дешет. Мына силер ыраазы болуп жашаган демократия.
Сыноого сынба!
#6 14 July 2014 - 14:29
Анткени,
5 миллиондон
ашыгыраак калкы бар
Кыргызстандын көпчүлүгү Ислам
динин карманат. Ошол себептен
улам көптөгөн мектеп
окуучуларынын ата-энелери балдарынын, айрыкча окуучу
кыздарынын мектепке Исламий
баалуулуктарга ылайык
кийинип, мектепке жоолук
оронуп барышын каалашат.

Чынында көпчүлүк ата-энелер ошону каалашканда, ошол форманы киргизсе керек эле. Өкүнүчтүү, бирок, көпчүлүк аны каалабайт экен. Көп учурда байкайм. Жакын эле бир кыз, жоолук салынып, хижаб кием десе, ата энеси " Сен азыр жашсың, жаштыгыңда ойноп күлүп алышың керек. Не кыласын оронуп алып?!" деп, оронтпой койду. Биринчи элдин психологисын оңдош керек. Оронгон аялды коргондор "ээ кечээ эле, кыска юбка кийип жүрдү эле, бүгүн оронуп алыптыр" дешет. Дагы бирөөлөр " оронуп, узун юбка кийген ичинде эчтекеси жок" дегенди укканда жаның кашайып, жинин келет. Оюу түз эмес. Ошондуктан элдин психологиясын оңдош жана даярдаш керек деп ойлойм. Машинанын моторун жасап алган менен, корпусу болбосо бир тыйынга арзырлык баасы жок. Андыктан сиздер айткан мектеп формасына кыйла жол бар.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#7 14 July 2014 - 14:34
Демократиялуу өлкө баары өз билгенин кылат десең жаңылышасын.
Анткени хиджабака каршы чыгышып адамдын укугун эркиндигин тебелеп жатышат. Мен кесе айта алам демократия берген жеке адамдын 4 эркиндиктин бирине жол берген жок тескерисинче дале ошол 4 эркиндикти да тебелеп келе жатышат. Каптализимдин андан келип чыккан демократия ДИН ТУРМУШТАН АЖЫРАТЫЛСЫН дегег негизге куруан. КУДАЙ БАР БИРОК БИЗДИН ИШТЕРГЕ АРАЛАШПАСЫН дешет. Мына силер ыраазы болуп жашаган демократия.
Сиз оюмду кичине туура эмес түшүнүп алыпсыз. Оронгон формага мен да каршы эмесмин колдойм. Демократиялуу өлкө болгондуктан хижабка тыюу сала албайт жана мажбурлап кийгизе да албайт, дегим келген.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#8 14 July 2014 - 14:39
#9 14 July 2014 - 14:41
Сиз оюмду кичине туура эмес түшүнүп алыпсыз. Оронгон формага мен да каршы эмесмин колдойм. Демократиялуу өлкө болгондуктан хижабка тыюу сала албайт жана мажбурлап кийгизе да албайт, дегим келген.
Тыюу салып эле жатпайбы мамлекет үн катпаганы менен мекетептеги мугалим директорлорду ишке салып даже канчалаган жоолук салынган кыздарды ур токмокко алып мектептен кууп чыгып жатпайбы же сен буларды укпай көрбөй жатасынбы скоро мамлекет тыюу салат мени айтты дейсинго. Коңшу өлкөлөрдү карасаң алар эмне ислам менен жашап жатабы?!
Сыноого сынба!
#10 14 July 2014 - 14:47
Эскертүү:
- Мыйзамга туура келбеген билдирүүлөргө;
- Башкалардын улутун, динин жана башка нерселерин кемсинткен билдирүүлөргө;
- Аймактык бөлүү же бөлүнүүчүлүк маанисиндеги билдирүүлөрдү калтырууга;
Эскертүү жазылды, эгерде эрежелер бузулса, банга айдайм.

"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#11 14 July 2014 - 15:00
daring,
теманын алкагында гана билдирүү калтырыңыз,
жеке сүйлөшүү үчүн купуя бар. Эскертүү берилип жатат, же болбосо, бан.
"Касыңды кучактасаң - дос табасың,
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
Досуңду ушактасаң - кас табасың..."
#12 14 July 2014 - 15:27
Депутат болсок экен,парламентке добушка коймок экенбиз...биздин какшап жазгандарыбызды министрлик коз кыйыгы м.н болсо да окуп коер бекен...?!
#13 14 July 2014 - 18:04
Сиз оюмду кичине туура эмес түшүнүп алыпсыз. Оронгон формага мен да каршы эмесмин колдойм. Демократиялуу өлкө болгондуктан хижабка тыюу сала албайт жана мажбурлап кийгизе да албайт, дегим келген.
Пикирине кошулам досум.
Мисалы, демократияга таянсак, парламентге ар ким оз оюн алып келууго укуктуу жана элдин ою Ислам динин туура корсо демократиянын акысы жок Ислам динин токтотууга себеби демократиянын мыйзамы элдин ою менен ишке ашат. Ал эми, биздин Кыргызстан да 80 85 % Мусулмандар.
Оз ордунда айтылбаган акыйкат акыйкатсыздык!
#14 14 July 2014 - 23:35
Тыюу салып эле жатпайбы мамлекет үн катпаганы менен мекетептеги мугалим директорлорду ишке салып даже канчалаган жоолук салынган кыздарды ур токмокко алып мектептен кууп чыгып жатпайбы же сен буларды укпай көрбөй жатасынбы скоро мамлекет тыюу салат мени айтты дейсинго. Коңшу өлкөлөрдү карасаң алар эмне ислам менен жашап жатабы?!
Ал деген эми, кысым көрсөтүү чоңдордун саясаты.
Дагы терең ой жүгүртсө "Бирдиктүү мектеп формасы тандалды" дегени, ошол форманы кийиш керек. Эртең мектепке барса, ошол форманы талап кылышат. Бул деген оронгондорду да ошол формада жүрүүсүн талап кылышат. Бир жактан кысым болушу мүмкүн экен. Айтайын дегенңиз ушундай эмес беле?!
Жалпылап караганда теманын максаты системаны өзгөртүш керекпи же мектепте хижжаб кийгендерге кысым болбосун деген ойбу?
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#15 15 July 2014 - 02:39
Мектеп формасын кордум жакшы бир калыпка тушуруп койгону дурус болмокчу,Бирок мыйзам аркылуу жолук салынууга тыюуу салган эчким жок коркбостон кийсенер болот, Жоолук салынуу демократиянын тартиптерине каршы келбейт, Биз Ислам мамлекети эмес, демократиялык мамлекете жашап жаткандыктан сын тага албайбыз.
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#16 15 July 2014 - 04:03

Биз сын тага албайбыз, бирок, ойлонуп көрүңүз, Мектеп формасында эмес ( оронгон) кызды мектеп чогулушунда (Линейка беле) формачан келген эмес деп уяткарат да. Бул анын жоолукка болгон оюн бузуп жибериши мүмкүн.
#17 15 July 2014 - 04:16
Биз сын тага албайбыз, бирок, ойлонуп көрүңүз, Мектеп формасында эмес ( оронгон) кызды мектеп чогулушунда (Линейка беле) формачан келген эмес деп уяткарат да. Бул анын жоолукка болгон оюн бузуп жибериши мүмкүн.
------------
Ал арбир Мектепте иштеген адамдардан коз каранды, бирок биз эскертип отушубуз керек Мамлекетик баш мыйзам тыюуу салбасын..!
Көтөр башты улутташым, кандашым!!!
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
Сен баарын түшүнүп бүткөнүңдө мен сенден такыр алыста болом!!!
forget them,and rest your life ehuuu. ;)..)
#18 15 July 2014 - 17:35
#19 15 July 2014 - 18:13
Азырынча тыю салбайт, ооба. Бир түрдүү формага толук өткөндөн кийин эмне болот?
Тыйуу салуусуна укугу жок!!!
Эгер ушундай окуя болсо,туз эле министерствого кайрылсын,атайын комиссия бар деп уктум,бул форма анан шартту эмес!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!
#20 15 July 2014 - 18:14
Ощол эле формада,тусто,
бирок узун юпка,анан жени узун кофта жэ костюм тиктирип,жолук оронуп алса толук мумкун!
Нуржылдыз+Хуснидин=Любовь!

Супер-Инфо
super.kg
видео