Бисмилахир рахманир рахиим
Биз даңазалаган,
жардам сурап дуба кылган жана күнөөлөрүбүздүн кечирилишин суранып тообо кылган Улуу Аллах Таалага сансыз-чексиз мактоолор жана даңктоолорду айтып, андан бизди Туура жолго салуусун суранып тилек-дуба кылабыз! Биз андан өз напсибиздин азгыруусунан сактап, жаман адаттарыбыздан арылтуусун суранабыз. Кимди Аллах Таала Туура Жолго салган болсо, аны эч ким адаштыра албайт, кимди Аллах Туура Жолдон адаштырган болсо, аны эч ким Туура жолго сала албайт! Аллахтан башка сыйынууга татыктуу бир да Кудай жок экендигине,
Мухаммад Анын кулу жана элчиси экендигине күбө өтөмүн. "Али Имран" сүрөсүнүн 102-аятында Аллах Таала мындай дейт:
"О (Аллахка) ыйман келтиргендер!
Аллахтан чыныгы коркунуч менен корккула жана мусулман боюнча гана өлгүлө!"
.
Ошондой эле, "Ниса" сүрөсүндө:
" О адамдар! Силерди бир Адамдан чыгарып, ага (Адам-Атага) өзүнөн (б.а. кабыргасынан) жубай жаратып жана (ал экөөсүнөн пайда болгон) көптөгөн аял-эркектерди жер жүзүнө тараткан Аллахтан корккула. Силер (баарыңар) ошол экөөсүнөн (Адам-Ата менен Обо-Энеден) таралгансыңар.
Силер ысымы менен бири-бириңерден сураган Аллахтан сестенгиле жана бир туугандык мамилелерди бузуп алуудан корккула. Чындыгында,
Аллах силерди (ар дайым) байкап турат!"
,- деп эскертти..
Күйөөгө моюн сунуунун бактысы
Ислам дини аялдарга өз укугун (кайтарып) берип, аларга милдеттеринин жана укуктарынын бири - бул күйөөсү менен байланышкан,
анткени ал (күйөөсү) анын бейиши дагы, тозогу дагы. Тагыраак айтканда, ар бир аялдын күйөөсү- анын бейишке же тозокко кирүүсүнө себеп болуучу адам. Аллахтын элчиси (ага Алланын саламдары салаваттары болсун) мындай деген:
"Эгерде (Кайсыл бир мусулман) аял ар күнү беш маал намаз(ын чын ыкластан, толугу менен) окуп, Рамазан айында орозо кармап, (Эч КАЧАН) ойноштук кылбай, күйөөсүнө толук баш ийген болсо, анда ага (Кыямат Күнү) мынтип айтылат: "Бейишке өзүң каалаган эшиктен кир".
Аял кантип өз бактысын таба алат? Даярдаган которгон: Садык Гавай
#1 14 July 2014 - 23:38
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#2 15 July 2014 - 00:00
Момун аялдын башка аялдардан артыкчылыктары
Такыба момун аял- бул дүйнөнүн бактысы. Андай аял күйөөсүнүн Аллахка моюн сунуусуна жан дили менен колдоо
көрсөтүп, күйөөсүнүн көңүл кушун сергитип, өзүнүн бардык иштери менен аны канааттандырат. Пайгамбарыбыз (ага
Алланын салам салаваты болсун) :
"Бул дүйнө убактылуу пайдаланууга (гана) берилген (нерсе ошондуктан), бул дүйнөдө пайдаланууга берилген
нерселердин ичинен эң мыкты нерсе- бул (такыба) момун аял". (Муслим)
Ислам мусулман эркекти момун аялга үйлөнүүгө чыкырып, кыз- келиндин такыба момундугун жигиттерге келегечектеги жубайын тандоодогу эң негизги критерийлреден кылып койгон. АНткени
эгерде келечектеги жубай диний амалдарды ак ниеттен аткарууда моюн сунбастык, чалагайымдык, текебердик, сабырсыздык жана жалкоолук кылып, ыйманы алсыз болуп, өз напсисин жеңе албаса, андай жүрүш-турушу менен күйөөсүн эл алдында уят кылып, анын жүрөгүндө кызгануунун отун жандырып, ошентип, күйөөсүнүн жашоосунда жан чыдагыс абалга чейин жеткирет. Ошондуктан Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваты болсун) өмүрлүк жар тандаган кезде анын ыймандуулугуна эң басымды жасап, дал ошол критерийге карап үйлөнүүнү буюрган. Анткени ошондой ыймандуу аял гана мусулман эркектин баарынан көп тынчын алган (дин, ыйман, такыбалык..ж. б.) маселелеринде чыныгы жардамчы боло алат.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (ага Алланын салам салаваты болсун) айткан: "Кимге Аллах такыба аял берген болсо, демек анын дининин жарымына жардам берген экен, ошондуктан ал эми дининин экинчи жарымында (б.а. диндин талаптарын өзүм аткара албай калбайын деп) Аллахтан корксун". (Хаким)

#3 15 July 2014 - 00:46
Күйөөсү үйгө келгенде аялы аны кандай тосуп алуусу кажет?
Өзүнүн ( ар күн сайын улам кайталанып чарчатуучу) кызматтык милдеттерин аткарып бүткөн соң, эркек үйүнө, "автопробкалардан" жол чаалгуусунан тезирээк кутулууга, руханий бейпилдикке жетүүгө умтулуп, өз үй, өлөң төшөгү болгон "хандыгына" жубайы жана балдарынын алдында бактулуу болуп олтуруу үчүн кайтып келет. Такыба, момун-мусулман аял учурларда күйөөсүн кандай кабыл алат?
Аялдардын арасында ушундайлары да бар: алар күйөөсү үйдөн кайтып келген учурда үйдө жок болуп чыгат. Аялы ошол учурда иште болдубу, же кошунанын үйүндө олтурдубу, же курбусунун үйүндөбү, же өз ата-энесинин үйүндө болгондугуна карабастан, анын үйдө жок болуп чыгышы күйөөсүнүн дилинде жаман таасирлүү изин калтырат. Анткени күйөөсү андан (б.а. жубайынан) бейпилдик, канааттануу жана ырахат табамын деп шашылып келет.
Аялдардын ушундайлары да бар: алар күйөөсү жумуштан келген учурда үйдө болушканы менен, аны каадасына жараша тосуп албайт; ал дагы эле акылында кызматтык жу турмуштук түйшүктөрү менен алек болуп жатканына көңүл да буруп койбойт. (Келдиңби-келбедиңби, барсыңбы же жоксуңбу, ачсыңбы же токсуңбу..ага баары бир сыяктуу...
Азыр аталган эки учурдан да жаман жагдайлар болот: аялы күйөөсүн "тосуп" да алат, "көңүл" да бурат, бирок андай тосууну тосуу деп айтыы кыйын! Күйөөсү босогону аттап-аттай элек кыйкырык, даттануу, нааразылык, мемелеп кааруу, кабактар карыш салаңдаган көз караш... Мындай абал эркекти келген жагына кайра тезирээк кетип калууга шыкактап, санаасын санга, оюн онго бөлөт да, үйдүн кутун учуруп, жашоонун жагымдуулугун , ырыскысын ырахатын, тирүүлүктүн бейпилдигин качырат.

#4 15 July 2014 - 02:11
Аялдардын ө күйөөлөрү үчүн сыланып-жасанышканы жакшы
Көптөгөн аялдар кандайдыр бир себеп гана болбосо (маселен той...) азыркы учурад өз күйөөлөрү үчүн эч сыланып-жасанып, атыр-упа, себинишип, зер-кооздуктарды тагынышпайт. (Болбосо аялдар көчөгө эмес, өз күйөөсү үчүн, үйдө сыланып-жасанып жүрүүсү туура).
Көптөгөн аялдар кандайдыр бир себеп гана болбосо (маселен той...) азыркы учурад өз күйөөлөрү үчүн эч сыланып-жасанып, атыр-упа, себинишип, зер-кооздуктарды тагынышпайт. (Болбосо аялдар көчөгө эмес, өз күйөөсү үчүн, үйдө сыланып-жасанып жүрүүсү туура).
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#6 15 July 2014 - 22:40
Күйөөнүн аялындагы акысы
Күйөөнүн аялындагы акысы - бул аялдын күйөөсүндөгү акысына караганда бийигирээк,
анткени Аллах Таала мынтип эскерткен:
".....Эркектердин аялдарында акылары болгондой эле, аялдардын да күйөөлөрүндө акылары бар. (Бирок) аялдарга караганда эркектердин даражасы улугураак. Аллах- Мартабалуу жана Даанышман! ". (Бакара: 228)
Аллахтын Элчиси салаллоху алейхи вассаллам мындай деген: " Эгерде мага адамдардын ичинен кимдир бирөөгө башка бирөөнүн сажда кылуусун буюруу туура келгенде, анда мен, албетте, аялдар өз күйөөлөрүнүн алдында сажда кылышсын деп буюрмакмын" . Жана ошондой эле, ал мындай деп буюрган:
"Эгерде аял өз күйөөсүнүн төшөгүнө баруудан баш тартып, таңды атыра турган болсо, анда аны (аялды) периштелер таң атканча каргап турушат". (Тирмизи)
".....Эркектердин аялдарында акылары болгондой эле, аялдардын да күйөөлөрүндө акылары бар. (Бирок) аялдарга караганда эркектердин даражасы улугураак. Аллах- Мартабалуу жана Даанышман! ". (Бакара: 228)
Аллахтын Элчиси салаллоху алейхи вассаллам мындай деген: " Эгерде мага адамдардын ичинен кимдир бирөөгө башка бирөөнүн сажда кылуусун буюруу туура келгенде, анда мен, албетте, аялдар өз күйөөлөрүнүн алдында сажда кылышсын деп буюрмакмын" . Жана ошондой эле, ал мындай деп буюрган:
"Эгерде аял өз күйөөсүнүн төшөгүнө баруудан баш тартып, таңды атыра турган болсо, анда аны (аялды) периштелер таң атканча каргап турушат". (Тирмизи)
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#7 16 July 2014 - 20:28
Туура айтканыныз ,эми аял киши намаз окуп ,куйоосу ыйманга келбей жаткандарга эмне деер экенсиз,же жол жобосу болсо жазып коерсуз,Эмнеге эркектер азыркы заманда тескерисинче коп жоопкерчиликтерден качып ,бага албаса деле канча аялдын убалына калып жатышат да ,жыйынтыгында аялы жаман экен деп коюшат ?ушул сурого кенири так жооп берип коюнузчу?алдын ала ырахмат
#8 16 July 2014 - 22:28

Бул темага жазганымдан жаза элегим көп, бул темадан кабардар болуп туруңуз.
Ар кандай себептер болуусу мүмкүн. Азыркы жаштар болочок келинчегинин кашы-көзүнө,
бой-турпатына,
сулуулугуна,
ырдашына, бийлешине ж.б.сырткы келбетине карап үйлөнүп алышат, а кээ бирөөлөрү жаштык кылат же башканы сүйүп калуу менен ушул нерселер болуп жатат. Мындай күйөөсү бар аялдарга Сабр кылыңыздар демекмин, сабр кылып эле отурбастан акырындан диндин жакшы жактарын көргөзүп, жок дегенде балдарына жакшы тарбия берип, күйөөсүнүн көңүлүн өзүнө бурууга аракет кылсын. Өзүнө тартуу менен балким, аялынын намаз окуп жүргөнүн көрүп алда акылына кирээр...
Эркектер шариятта 4 аял алууга болот деген сөздү карманып эле үйлөнүп алышканы туура эмес, аялынын үстүнөн аял алса экөөсүнө бирдей мамиле, бирдей убакыт, бирдей каражат бөлүүсү керек. Мисалы: Биринчи аялына Жоолук (100) сомго алып берсе, экинчи аялына да ошол эле наркта башка түстөгү жоолук алып берүүсү керек.
Эркектер шариятта 4 аял алууга болот деген сөздү карманып эле үйлөнүп алышканы туура эмес, аялынын үстүнөн аял алса экөөсүнө бирдей мамиле, бирдей убакыт, бирдей каражат бөлүүсү керек. Мисалы: Биринчи аялына Жоолук (100) сомго алып берсе, экинчи аялына да ошол эле наркта башка түстөгү жоолук алып берүүсү керек.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#9 16 July 2014 - 22:36
Кандай аял эң сулуу аял?
Чыныгы сулуулук- бул руханий, жан дүйнөнүн сулуулугу жана адеп-ахлактуулук, тарбиялуулук. Андай сулуулук ар бир аялда ар башкача деңгээлде болот жана ал ага өзүнө жараша кам көрүп, ачыкка чыгарат. Ал эми дене менен жүздүн сулуулугуна келе турган болсок, ал тез таасир эте алганы менен эч качан руханий, ички сулуулукка жете албайт. Анткени руханий сулуулук сандаган жылдар өтсө да эч качан картайбас да, эскирбес да сапатка эгедер.

#10 16 July 2014 - 22:41
Кандай аял эң бактылуу аял?
Дил түпкүрүндө (өз үй бүлөсүнө болгон) адамдык сүйүүсү алоолонуп жанып турган жана ошол сүйүү анын жүзүн жаркыратып, айланасын да жаркыткандай таасир калтырып, Өз Жаратуучу Жан Эгеси Аллахка толук моюн сунуусу менен сүйүүсү, ошондой эле ыйбалуу жүзүнөн боорукердик менен мээримдүүлүк, махабат менен жаз, назиктик менен руханий сулуулук, нур жана дүйнө бейпилдиги байкалып турган асылзат аял, албетте бактылуу.

#11 17 July 2014 - 02:21
Пайгамбар Мухаммад Мустафа саллалоху алейхи вассалам: «…дүйнөдөгү эң чоң жакшылык – туура жолдо жашаган аял» (Муслим, Ахмад) деген. Туура жолдо жашаган аял – алгач Аллахтын алдындагы милдеттеринин аткарылуусун жогору койот. Андан соң калган милдеттерин аткарат. Ал эми Аллах өз кезегинде аялдын алдына – үйгө байлануу, кажетсиз үйдөн чыкпоо, өз татыктуулугун арттыруу, үй иштерин башкара билүү, балдарын тарбиялоо, үй-бүлөөсүнө ыраазы болуу, орозо - намаздарын аткаруу, ырыскысына шүгүр кылуу – сымал бир катар милдетерди койгон. Бул милдеттерди жоопкердүүлүк менен аткара алган аял гана туура жолдогу аял болуп эсептелет. Андан тышкары да аялдын эри алдындагы төмөндөгү негизги милдеттери бар:
1. Аялы ар дайым эринин укуктарын биринчи кезекке коюу. Анткени, эринин Аллах белгилеген артыкчылыктары бар;
2. Аялы (айыз, төрөттөн кийинки, ж.б. себептүү учурларды эске албаганда) эринин табигый муктаждыгын канааттандыруудан баш тартпоо. Пайгамбар саллалоху алейхи вассалам : «Эри төшөккө чакырса, аялы келбегенине кыжыры келген эркек ойгонгонго чейин - ал аялды периштелер каргашат» (Бухарий, Муслим) деген. Дагы бир хадисте пайгамбар саллалоху алейхи вассалам: «Эри чакырганда аялы дандырдын алдында болсо да келсин» (Тирмизи, Насаи) деген.
Орозодо ооз ачканга чейин жыныстык мамилеге тыйуу салынат. Ошондуктан, эри каалап калса орозого шылтоолоп калбасын үчүн ыктыярдуу орозолорду аял эринин уруксаты менен кармоо керек. Эринин табигый кажетин, ар шартка карабай аткаруу менен аны бузукулуктан сактап калуу аялдын колундагы иш. Бул жагдайга анчейин маани бербеген аялдар адатта, бактысыз болушат. Анткени, каалаганда өз аялынан таппаган лазатты эркек көчөдөн издей баштайт. Дегеле жубайлардын бири-бири менен шариат көрсөткөндөй ыракаттануусу - Аллахка жаккан амалдардан жана бул жуптардын бактылуулугунун ачкычы.
Пайгамбар саллалоху алейхи вассалам : «Аял күйөөсүнүн уруксатысыз кошумча (нафил) орозо кармабасын жана анын үйүнө уруксатысыз бирөөлөрдү киргизбесин » (Бухарий, Муслим) деген. Азыр кээ бир аялдар эринин жогунда аяштары менен кенен кесири ар түрдүүчө азилдешип, талтаңдай бергени көнүмүш деле болуп калды жана буга эри да макул. Балким анын аялын тыйганга алы жетпейт, же досун кой дегенге духу жок. Эреже боюнча эри жокто бирөө эшик какса ал тааныш же бейтааныш болсун эгер жакын тууганы болбосо аны үйгө киргизүү туура эмес. Жакын туугандарга – ага-ини, ата- кайнаталар жана башка нике жүрбөгөн туугандар кирет. Пайгамбар саллалоху алейхи вассаламдан:
- эки бир туугандын балдары жакын туугандай кире берсе болбойбу? - деп сураганда: «Бардык балээ ошондой тууганчылыктан башталат» деген.
3. Күйөөсүнүн мүлкү аялына аманат жана аялы ага жоопкер болгондуктан анын уруксатысыз үйдөн эч кимге, жада калса өзүнүн туугандарына да эч нерсе бербөө керек. Бирок, пайгамбар саллалоху алейхи вассалам : «Эгер аялы эринин бузулбаган тамагынан садага берсе – аялына - бергендиги үчүн, эрине - таап келгендиги үчүн сооп» (Бухарий) дегендиктен эринен сурабай тамак берүүгө уруксат.
4. Күйөөсүнүн уруксатысыз – иш, туугандарды, дүкөн кыдыруу, ж.б. кандай гана кажет болбосун - үйдөн чыкпоо керек. Күнүмдүк тиричилик муктаждыктарын түшүнгөн эр алдын ала көпчүлүк кыймылдарга өзү уруксат бергени оң. Маанилүү маселелерди албетте, персоналдуу уруксат менен гана жүзөгө ашыруу аялдын ыйманынан. Ошондой эле күйөөсү тыйуу салган - ага жакпаган аялдар менен мамиле түзүү да туура эмес. Анткени, үй бүлөө ыркы көбүнесе сырткы терс таасирлерден бузулаары анык.
5. Күйөөсүнүн Аллахтан таап келген ырыскысына ыраазы болуу, Ага шүгүр келтирүү. Тетирисинче, күйөөөсүн нүрөтүп арам тамак табууга түртүү – келечекте тозокко түшүү. Эринин адал аракетин мактап, анын анча жүрүшпөй жаткан иштеринде көңүлүн көтөрүү, ага канатташ болуу - адептен жана аны арам тамак табуудан токтотуу алгач аялдан көз каранды. Анткени пайгамбардын саллалоху алейхи вассалам
заманындагы аялдар күйөөлөрү жумушка кетип баратканда: «Биз ачкалыкка чыдайбыз, бирок сен таап келген арамды жеп, тозок отуна чыдабайбыз» дешчү экен.
6. Өз чырайына көз салуу жана келбетин башкалардын назарынан сактоо. Анткени, Ислам дини аялдын күйөөсүнөн башкага чечинүүсүн – бузукулук деп эсептейт. Айша р.а.: «Мен пайгамбардын саллалоху алейхи вассалам : «Аялдын эринин үйүнөн башка жерде чечингени Аллахтын алдында шерменде болгону» дегенин уккамын» (Ахмад, Тирмизий, Абу Дауд ) дейт. Чечинүү бүгүнкүдөй ич кийимди гана чечүү эмес, тетирисинче авраттын ачылуусун айтат. Эринин үйүнөн башка жер деп - көчөлөрдү, пляж-бассейндерди, сауна- мончолорду ж.б. жерлерди айтса болот.
7. Тилин тыя билүү жана жакшы сөз сүйлөп үйрөнүү – аялга керектүү сапаттарга кирет. Балдарын тарбиялаган аял сүйлөп жаткан сөздөрүнө маани берүү зарыл. Көпчүлүк аялдар өздөрү каалашпаса деле, көбүнесе көнүмүштөн балдарын – «өлүгүңдү көрөйүн» же «өлүгүңө отурайын» ж. б. у. с. каргаган сөздөр менен тилдегени көп учурайт. Ошондой эле, аял эрине да жакшы тилдүү болуу зарыл. «Жакшы сөз жыланды ийининен чыгарат» демекчи, сылык мүнөздүү аял сөзсүз эринин көңүлү каалап турган сөзүн таап сүйлөйт. Дайыма наалый берген аялдар бара-бара көгөрүп – шалдаакы же ажаан болуп калышат. Пайгамбар саллалоху алейхи вассалам : «Күйөөсүнүн дайым кылган жакшылыктарын унутуп, бир эле жолу өз каалоосундагы болбой калса - сен дайыма ушундайсың - деген аялдар бар» деген жана ал зат бейишти да тозокту да көргөн пенде – тозоктогулардын көбү аялдар экен – деп, аялдар өзүн сактабаса тозокко жакын болооруна ишарат кылган
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

Супер-Инфо
super.kg
видео