Ушу темага Момунтайды тебейин деп атайын кирдим))). Азыр биз Кудайым буюрса 3 айдан аштык. Биз дагы бала жытына зарлап жүрдүк. Менин дагы ичим күйчү,кичинекей балдарды көргөндө ичим өрттөнчү да. Азыр курсагымды сылап, эч кимге көңүл бурбай калгам))). Менин башыман да канча кайгы өттү, азыркыга чейин арманым бүтпөй келет. Биринчи тун балам врачтардын айынан (Кудай тараза баарына) чарчап калган, 9 ай көтөрүп, ден-соолугу чың балабыздан кол жууп, томсоруп эле калганбыз. Андай күндү эч ким көрбөй эле койсун. Стресстен улам боюма бүтпөй, бүткөндөн кийин угроза болуп... иши кылып, жакшы күндөр баары алдыда. Момунтай, кыздар баарыңарга бактылуу эне болушуңарга тилектешмин!
!!
Рахмат сизге. Эсен аман коз жарып алыныз.

Супер-Инфо
super.kg
видео

















