ТАГДЫР- бул жоопкерчиликтен качуу учун шылтоо.
Тагдыр деген эмне?
#121 14 May 2014 - 17:17
Мне наплевать на тех кто уходить из моей жизни.Я найду замену каждому! Зато тех кто остается я люблю больше жизни
!
#122 14 May 2014 - 20:55
Тагдыр - озубузду озубуз алдап соротуучу, сабырыбызды сыноочу, озубуз тандаган ар бир кадамыбыздын узурун корсотуучу жазмыш.
#123 14 May 2014 - 22:14
ТАГДЫР- бул жоопкерчиликтен качуу учун шылтоо.
Ушундай ойдомун...
Жана ушундай тема башка тема бардай сезилип атат...
Судьба не приговор, судьба творение...
#124 14 May 2014 - 22:44
Тагдырды ар ким ар кандай тушунот экен. Асман менен жер жарала электен 50 мин жыл мурун Кудай Таала баардык нерсени Лавхуз Мавхуз китебине ТАГДЫР кылып жазып койгон. Адам балдары бай кедей падыша болобу ырыскысы кен тар болобу кыскасы кандай адам болору эмне иш кылат, канча жашайт, бактылуубу бактысызбы,
мусулманбы каафыр болобу кандай гана адам болоору баары ошол китепте жазылган. Ошону тагдыр дейт. Кыскача айтканда.
#125 14 May 2014 - 23:33
Тагдыр деп адамдын журуш-туруш,
иш-аракетинин натыйжасын тушуном. Маселен бир жигит бир кызды жактырып бирок чечкинсиздигинин айынан ал кызга жете албай калып тагдыр ушул экен да деп тагдырга шылтайт. Же кайсы бир саясатчы кур намыска алдырып тосмодон секирем деп шишке сайылып, анысы аз келгенсип соттолуп, мандатынан да ажырап акыры ойлонбой жасаган жоругун тагдырга тоюс бийлике шылтайт. Же дагы бир адашкан бироолор Хизбутка кошулуп алып эл катары тынч оокат кыла албай, качып-бозуп,
жашырып журуп анысын да тагдырга шылтайт. Жогоруда Ликви эн туура аныктама берген. Мен Ликвинин аныктамасына мисал келтирип, чечмелеп бердим. Ошо.
#126 16 May 2014 - 10:45
Аллах Таала келечекти билуучу зат, инсандын эмне кылаарын билип тагдырына тагдырын жазып койгон. Кандай болсо да жакшы жолго умтула беришибиз керек тагдырга шылтоолобой.
#127 16 May 2014 - 16:16
Аллах Таала келечекти билуучу зат, инсандын эмне кылаарын билип тагдырына тагдырын жазып койгон. Кандай болсо да жакшы жолго умтула беришибиз керек тагдырга шылтоолобой.
Мына ушул сөз туура. Тагдырды кинонун сценарийин жазган сыяктуу түшүнбөө керек. Актёрлор кинонун сценарийине ылайык гана иш кылыша алышат. Алар ошондой кылууга мажбур. Аларда башка тандоо жок.
А бирок Аллахтын тагдыры андай эмес. Аллах Таала адамдар эмне кылаарын алар жарала электе эле билет жана алардын эмне кылаарын белгилеп жазып койгон. Аллахтын тагдырды белгилеп коюусу адамдарды ошол нерсеге кылууга мажбурлоосу эмес.
#129 16 July 2014 - 16:05
Бир киши "кудай буйруса лоторея ойнойм,уй утам,аны муну утам"-деп эле мактан берет экен,бирок утпайт экен.Анан периштелер жаратканга келип:"паланчы кудай кааласа ойнойм,утам деген,сиз эмнеге анын каалоо,тилегин орундатпай жатас"-десе,
анда аллах айтат экен:"ой мен да ошонун каалоо тилегин орундатайын эле дейм,бирок ал лоторея ойнобой жатпайбы"
-дептир.Ошонун сынарындай баарыбыздын тагдырыбызды аллах пешенебизге жазган,бирок биз озубуз ал нерселерди жасабайбыз,
анан журобуз "пешенеге жазган да"-деп.Аллах таала бизге жаман да,жакшы да кундорду башыбызга салган "ушул пендем кандай которот экен"-деп
АК ИШТЕГЕН АДАМ АКЫРЫ ЖАМАНДЫК КОРБОЙТ (И.Р.РАЗЗАКОВ)
#130 21 December 2014 - 12:35
Адамдын тандоосу оз колунда, кайсы жолдо кетээри. Ал эмт тагдыры кудайдын колунда.
Билим байлыктан жогору турат, Себеби байлыкты сен кооруйсун, билим болсо сени кооруйт.
Али.Р.А
#131 21 December 2014 - 20:12
Бир киши "кудай буйруса лоторея ойнойм,уй утам,аны муну утам"-деп эле мактан берет экен,бирок утпайт экен.Анан периштелер жаратканга келип:"паланчы кудай кааласа ойнойм,утам деген,сиз эмнеге анын каалоо,тилегин орундатпай жатас"-десе,
анда аллах айтат экен:"ой мен да ошонун каалоо тилегин орундатайын эле дейм,бирок ал лоторея ойнобой жатпайбы"
-дептир.Ошонун сынарындай баарыбыздын тагдырыбызды аллах пешенебизге жазган,бирок биз озубуз ал нерселерди жасабайбыз,
анан журобуз "пешенеге жазган да"-деп.Аллах таала бизге жаман да,жакшы да кундорду башыбызга салган "ушул пендем кандай которот экен"-деп
Кудай менен периштелердин "Лоторея" жөнүндөгү маегин ким укту экен? Же христяндардын кудайыбы, кыскасы, философиялык жазма экен.
Баарыңарга ьIůณан тынчтык, бекем ден соолук, эки дүйнөлүк бактылуулук каалайณ!
#132 21 June 2015 - 04:05
Туубаган жана туулбаган, жана Ага эч ким тең келе албаган, Тек жана Түбөлүктүү Аллага мактоолор болсун! Ааламдарга кайрылуу аркылуу адамзатка таза динге чакырууну жеткизген биздин пайгамбарыбыз Мухаммадга (алейхиссалам) салам жана салаваттар болсун!
Адамдардын арасында Тагдыр, жакшылык жана жамандыктын алдын ала жазылгандыгы тууралуу, “эгер биздин иш-аракеттерибиз алдын ала жазылган болсо, алдын ала ким тозокко, ким болсо Бейишке бараары белгилүү болсо, анда биздин иш кылуубуздун эмне кереги бар?”, деген көптөгөн суроолор бар.
Тагдыр – бул Улуу Алланын сыры жана даанышмандыгы. Улуу Алла Тааланын бардык башка сыпаттары Анын даанышмандыгынын чагылдырылуусу жана бардык болуп жаткан нерселер – Улуу Кудуреттүү Алланын даанышмандыгынан келип чыгат.
Тагдырдын жандырмасы эң жөнөкөй нерсе: Жараткан Алланын эрки менен адамдын эркиндигинин катышын, байланышын билүү.

Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!

#133 21 June 2015 - 04:06
Бул тема өзгөчө тема. Тагдырга ыйман келтирүү маселесинин өзгөчөлүгү аны бирдиктүү, бир маселени экинчисинен ажыратпастан карап чыгууда. Адамдарда пайда болуп жаткан ар бир суроого өзүнчө жооп берип, Тадыр тууралуу биздин жоопторубуздун бир бөлүктөрүн гана окуп алгандардын күмөндөрү пайда болбоосу үчүн биз толук бир макала жазып чыгууну чечтик. Андан дагы тактап айтканда, ар бир сабак логикалык ыкмага баш ийип мурунку сабактан келип чыккан макалалардын сериясын жазууну туура көрдук. Ошону менен бул маселенин кеңири элеси бирдиктүү сакталат.
Исламдын “алтын доору” (мусулмандардын алгачкы үч мууну: сахаба, табаин жана таба-табаиндер) өткөн соң, Тагдырды алдын ала чийилген нерсени адам тарабынан эрксиз эле аткара берүү деп билген «жабариттердин» жана Тагдырды жокко чыгарып адамга бардык жашоосунун бардык тарабында эркиндик “белек” кылган «кадариттердин» агымдары пайда болгон. Алар бирдей аралыкта (оң жана сол жакка) туура ортолук болгон Ахли-Сунну валь-Жамааттын ишеним доктринасынан алысташкан.
Исламдын “алтын доору” (мусулмандардын алгачкы үч мууну: сахаба, табаин жана таба-табаиндер) өткөн соң, Тагдырды алдын ала чийилген нерсени адам тарабынан эрксиз эле аткара берүү деп билген «жабариттердин» жана Тагдырды жокко чыгарып адамга бардык жашоосунун бардык тарабында эркиндик “белек” кылган «кадариттердин» агымдары пайда болгон. Алар бирдей аралыкта (оң жана сол жакка) туура ортолук болгон Ахли-Сунну валь-Жамааттын ишеним доктринасынан алысташкан.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#134 21 June 2015 - 04:07
Бирок,
Исламды кыйроодон сактаган, ааламдардын Эгеси Аллага мактоолор болсун!
Улуу Алла Таала айтты:
«Акыйкатта, Биз Эскертмени (Куран) түшүрдук, жана Биз аны сактап турабыз” ( Куран, аль-Хижр, 15:9)
Улуу Эге Куранды гана эмес Мухаммад пайгамбардын ﷺ ар бир кичине Сүннөтүн дагы тунгуч калыбында сактап койду. Пайгамбар ﷺ, өзүнүн сахабаларына Ыйык Куран менен таптаза Сүннөтүндө Тагдыр маселесинин маңызы болгон Эгенин эрки менен адамдын эркиндигинин тең салмактуулугу тууралуу апачык жорумасын берген. Кандай гана шариатта маселе болбосун - анын туура жагын билгендер бар. Акыйкат жашынып калган жок, болгону аны изилдөө, издөө керек. Бул жашоого келген максатыбыздын бири - акыйкатты табуу.

#135 21 June 2015 - 04:08
ТАГДЫР МАСЕЛЕСИН ИЗИЛДӨӨДӨГҮ АДЕП
имам ат-Тахавинин «Аль-Акида ат-Тахавия» китебинде айтылгандай Тагдырга болгон ишенүү “Диндин түйүнү, диний агартуунун негиздери, жана ошондой эле Улуу Алла Тааланын Таухидин (Жалгыздыгын) кабылдоо” деп айткан, жана Мухаммад пайгамбардын, ﷺ, хадисинде айтылгандай “...Диндин чыныгы маңызы” (Ахмад, 28252). Тагдыр маселесинин татаалдыгына жана назиктигине карап, маселени изилдегендердин бардыгына адашып жана туура эмес жактарга ооп кетпөө үчүн бир нече эрежени карманууну керек:

#136 21 June 2015 - 04:10
1
. Ыклас (аль-Ихлас) жана Алланын бардык кудуреттерине ишенүү (аль-Ийман). Тагдыр – бул биз изилдей алган шариятты билүү жана биз изилдей албаган кайып нерселер тууралуу (гойб) кабарды анализсиз жана ой-жүгүртпөстөн ишенүү, анткени гойб тууралуу аяттар менен хадисттердин сыры бизден жашырылган (бул чексиз кудуреттүү Алла Тааланын сыры).
2. Көңүлдүн жогорку деңгээлде коюлуусу. Бул тема, кичинекей көлөмүнө карабастан маалыматтын өтө жогорку деңгээлде жыйналып бириктирилгени менен айырмаланат, ошондуктан кандайдыр бир конкреттүү маселени анализдөө бир убакта “Тагдырга ишенүү” темасынын башка көптөгөн жоболорун эске алууну талап кылат. Бул тууралуу биз макаланын киришинде айтканбыз.
3. Тагдырдын өзөгу – бул Улуу Алла Тааланын сыры (гойб), ал адамдардын жашырылып, жаратуучулук принциптердин ичинде камтылганын, ошондуктан “Тагдырга ишенүүнүн” илимий изилдөнүүсү көп учурда Жаратуучулук менен айкалышат. Ушул себептен анализ кылууда маани оордугу өтө жогору.
4. Чектелген кубаттуулук жана мүнөз. Даанышмандыктын аныктамасынын бири мындай дейт: “Даанышмандык – бул илимди толук өздөштүрүү жана амалдарды ошого жараша кылуу. Алла Таала кимге даанышмандыкты белек кылгысы келсе анын ички дүйнөсүн ага даяр жана аны кабыл кылгыдай калыптайт, туура ойлонуусу, чектелген кубаттуук жана мүнөз менен айырмаланган адам, эгер ал ага ачылса, маңызды түшүнүп жана акыйкатка моюн суна алат”.
5. Бирок эң негизкиси биз— Билим — бул Алла Тааладан келген нур экенин унутпообуз керек, ошондуктан эң биринчи кезекте биз жүрөктөрүбүздү тазалап туруубуз керек, анткени алдыда кеткен таза муундарыбыз айткандай: «илим – бул Алла Таала жүрөккө таштаган нур, күнөөлөр болсо бул нурду өчүрөт», башкача айткангда, күнөөкөр адамдын шариятты изилдөө каалосу өчөт, билген нерсеси болсо унутулат.
Улуу Алла Тааладан акыйкатка буруусун жана жаңылуудан сактоосун суранабыз. Оомийин!
2. Көңүлдүн жогорку деңгээлде коюлуусу. Бул тема, кичинекей көлөмүнө карабастан маалыматтын өтө жогорку деңгээлде жыйналып бириктирилгени менен айырмаланат, ошондуктан кандайдыр бир конкреттүү маселени анализдөө бир убакта “Тагдырга ишенүү” темасынын башка көптөгөн жоболорун эске алууну талап кылат. Бул тууралуу биз макаланын киришинде айтканбыз.
3. Тагдырдын өзөгу – бул Улуу Алла Тааланын сыры (гойб), ал адамдардын жашырылып, жаратуучулук принциптердин ичинде камтылганын, ошондуктан “Тагдырга ишенүүнүн” илимий изилдөнүүсү көп учурда Жаратуучулук менен айкалышат. Ушул себептен анализ кылууда маани оордугу өтө жогору.
4. Чектелген кубаттуулук жана мүнөз. Даанышмандыктын аныктамасынын бири мындай дейт: “Даанышмандык – бул илимди толук өздөштүрүү жана амалдарды ошого жараша кылуу. Алла Таала кимге даанышмандыкты белек кылгысы келсе анын ички дүйнөсүн ага даяр жана аны кабыл кылгыдай калыптайт, туура ойлонуусу, чектелген кубаттуук жана мүнөз менен айырмаланган адам, эгер ал ага ачылса, маңызды түшүнүп жана акыйкатка моюн суна алат”.
5. Бирок эң негизкиси биз— Билим — бул Алла Тааладан келген нур экенин унутпообуз керек, ошондуктан эң биринчи кезекте биз жүрөктөрүбүздү тазалап туруубуз керек, анткени алдыда кеткен таза муундарыбыз айткандай: «илим – бул Алла Таала жүрөккө таштаган нур, күнөөлөр болсо бул нурду өчүрөт», башкача айткангда, күнөөкөр адамдын шариятты изилдөө каалосу өчөт, билген нерсеси болсо унутулат.
Улуу Алла Тааладан акыйкатка буруусун жана жаңылуудан сактоосун суранабыз. Оомийин!
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#137 21 June 2015 - 04:25
“АЛЛАХ ТАГДЫРГА ЖАЗДЫ” ДЕГЕН СӨЗ ЭМНЕНИ БИЛДИРЕТ?
«Алла тагдырга жазды» деген сөз – бул Тагдыр маселесин түшүнүүдөгү эң негизги кыйынчылык. Бул Алланын ысым-сыпаттарын түшүнүүнүн начарлыгынан келип чыгат. Улуу Алла Таала эң сонун, башаты дагы, аягы да жок ысымдардын жана сыпаттардын ээси. Башкача айтканда Алла Тааланын сыпаттары чексиз, алардын арасында Бүлүү (аль-Ъильму) сыпаты дагы чексиз. Алла Таала өтмүштө эмне болгонун, азыр эмне болуп жатканын, келечекте эмне болоорун бирдей билет. Андан сырткары Алла Таала эмне болбогонун, эгер болгон болсо кандай болмоктугун дагы билет. Ал өзүнүн билимине жараша, пенделер тандап алган нерселерге жараша алардын тагдырын мажбурлабастан эзелтен аныктаган.
Улуу Алла Таала илими тууралуу:
«Аллах билими менен бардык нерсени камтыйт» ат-Талак сүрөсү (65:12)
«Акыйкатта Аллах бардык нерселер жөнүндө кабардар» аль-Анфаль сүрөсү (8:75)
Ал кимди, качан жана кандай жаратаарын билген. Ал эрк эркиндигин берип жараткан. Анын жаратылгандары (адамдар жана жиндер) тигил же бул амалдарды мажбурлоосуз кылаарын алдын ала билген. Андан сырткары алардын өз эрки менен эч кандай мажбурланбастан тигил же бул натыйжага келээрин жана Бейиш же Тозокко татыктуу болоорун алдын ала билген. Бул эзелки Өзүнүн илимин Улуу Алла Таала ал-Лавх аль-Махфузга дүйнө жаратылуусунан 50 миң жыл мурун жазууну буюрду. (Ат-Тирмизи, Ахмад, Абу Дауд риваят кылган хадис).

#138 21 June 2015 - 04:29
ТАГДЫРДЫ ӨЗГӨРТСӨ БОЛОБУ?
Тагдырдын 2 түрү бар: каралуучу (өзгөрүлүүчү) жана бекитилген (өзгөрүлбөөчү). Ал экөө тең аль-Лавх аль-Махфузда сакталып турат.
Негиз болуп бекитилген тагдыр эсептелет. Ал тагдырда замандын жаралышынан баштап, Акыр Заманга чейинки боло турган окуялар, төрөлө турган адамдар, алардын амалдары, көрө турган турмушу, бул дүйнөнүн шарттары жана мыйзамдары, дегеле бардык маклукаттардын толук тагдыры жазылган. Боло турган окяларды алдын ала билип, Аллах аларды атам-заман жарала электен 50 миң жыл мурун аль-Лавх аль-Махфузга жаздырып койгон. Аллах гана ал тагдырды билет жана периштелер да, жиндер да, адамдар да аны биле алышпайт. Кандай жазылса ошондой болуп бул тагдыр өзгөрүлбөйт.
Тагдырдын бар экендигин баяндап Аллах айтат: “Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (аль-Лавх аль-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил” (Куран, аль-Хадид 57:22)
Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) айтты: «...Калем көтөрүлдү, сыя кургады». (Ат-Тирмизи)

#139 21 June 2015 - 04:31
Каралуучу (өзгөрүлүүчү) тагдыр периштелердин баракчаларында жазылуу (ага карап периштелер Аллахтын амири менен ырыскы бөлүштүрүшөт,
жан алышат, базарларда баа орнотушат ж.б. нерселерди аткарышат), ал өзгөрүшү мүмкүн, бирок бекитилген (өзгөрүлбөс) тагдырдын китебинде боло турган бул өзгөрүүлөр алдын ала жазылган.
Аллах Таала Куранда айтат: «Аллах каалаганын өчүрөт жана бекитет, анда (Аллахта) Китептин Энеси бар (тагдырдын эки түрү сакталып турган аль-Лавх аль-Махфуз)» (Куран, ар-Ра’д 13:39)
Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) ырыскы көбөйүшү тууралуу: «Ким өзүнүн ырыскысынын көбөйүшүнө жана өмүрүнүн узарышына сүйүнгүсү келсе – туугандык мамилени чыңдасын» (Аль-Бухари, Муслим) деп айткан.
Бул маселени сахабалар (радияллаху анхум) туура түшүнгөндүгүнүн мисалы Ибн Умардын кылган дубасы: “Аллахым! Сен мени бактысыз деп жазган болсоң, аны өчүр жана мени бактылуу деп жаз!” (аз-Зухд, 429), б.а. Сен менин тагдырыма бактысыздыкты жазсаң, аны бактылуулукка өзгөрт.
Аллах Таала Куранда айтат: «Аллах каалаганын өчүрөт жана бекитет, анда (Аллахта) Китептин Энеси бар (тагдырдын эки түрү сакталып турган аль-Лавх аль-Махфуз)» (Куран, ар-Ра’д 13:39)
Аллахтын Элчиси (салляллаху ‘алейхи уа саллям) ырыскы көбөйүшү тууралуу: «Ким өзүнүн ырыскысынын көбөйүшүнө жана өмүрүнүн узарышына сүйүнгүсү келсе – туугандык мамилени чыңдасын» (Аль-Бухари, Муслим) деп айткан.
Бул маселени сахабалар (радияллаху анхум) туура түшүнгөндүгүнүн мисалы Ибн Умардын кылган дубасы: “Аллахым! Сен мени бактысыз деп жазган болсоң, аны өчүр жана мени бактылуу деп жаз!” (аз-Зухд, 429), б.а. Сен менин тагдырыма бактысыздыкты жазсаң, аны бактылуулукка өзгөрт.
Прошу у Аллаха дать мне такого чтоб к сердцу поближе...
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
Не прошу красоты я, прошу лишь Иман...Ведь ВСЕВЫШНИЙ сказал :"Попроси ты красивого, Дам тебе красивого! Попроси ты хорошего, Дам тебе хорошего! Попроси ты с Иманом, Дам тебе всё!
#140 21 June 2015 - 04:34
ТАГДЫРДЫН КАНЧА ТҮРҮ БАР?
аль-Лавх аль-Махфузда 4 түрлүү тагдыр жазылган. Биринчи түрү – баарына негиз болуп ал өзгөрүлбөйт. Калгандары өзгөрулөт:
1. Биринчи түрү – тагдыр азалий (эзелтеден эле жазылган тагдыр). Аллах айтат: “Жердеги жана өзүңөрдөгү ар бир апаат-кырсык, Биз аны болтурганыбызга чейин эле (аль-Лавх аль-Махфуз деген) китепте жазылып калган. Бул Аллах үчүн жеңил” (аль-Хадид, 22)
Пайгамбар Мухаммад ﷺ айткан: “Аллах Таала асман-жер жарала электен 50 миң жыл мурун эле маклукаттардын тагдырын белгилеп койгон. Ошондо Анын Тактысы (Арш) суунун үстүндө эле” (Муслим, 6919). Маклуктар жаралаардан абал Аллах алардын тагдырын жазган. Бул тууралуу сөз макалабыздын биринчи бөлүгүндө кеңири баяндалган.
2. Экинчи турү болуп жеке адамдын өмурүнүн тагдыры эсептелет. Хадистерде келгендей: “Чындыгында, силердин ар бириңер (оболу) энесинин жатынында кырк күн бою бир тамы (урук) түрүндө, анан дагы ошончо күн уюган кан түрүндө, анан дагы ошончо күн бир тиштем эт түрүндө калыптанат, андан кийин (120 күн өткөн соң) Аллах ага периштени жиберип, ал ага рухту үйлөп (жан салып), төрт нерсени: (1) анын ырыскысын, (2) өлүмүн, (3) амалын жана (4) бактылуу же бактысыз болушун жазууга буйрук алат” (аль-Бухари, 3036). Периште бул маалыматты аль-Лавх аль-Махфуздан адамдын китебине көчүрөт.
3. Үчүнчү түрү – бир жылдык тагдыр. Рамазандын акыркы он күндүгүндө, Кадыр Түнүндө периште адамдын бир жылдык тагдырын аль-Лавх аль-Махфуздан анын китебине көчүрөт.
Аллах айтат: «Ал түндө (кадыр кечесинде) ар бир өкүм кылынган иштер белгиленет. Биздин буйругубуз болгон себептүү» (ад-Духан, 4-5)
Ибн Аббас (радиаллаху анху) бул аттын тафсиринде айткан: «Кадыр Түнү аль-Лавх аль-Махфуздан келээрки жылда боло турган ырыскы, өлүм, өмүр, жаан-чачын тууралуу маалымат көчүрүлөт. Керек болсо ажылардын ажыга баруусу жазылат. Ошондо айталыт: Баланча ажыга барат, түкүнчө ажыга барат – деп» (ад-Дар аль-Мансур, 9/112)
4. Төртунчу түрү – күнүмдүк тагдыр, бул эчактан бери белгиленген мөөнөттөргө тагдырды алып келүү. Аллах Таала айтат: «Асмандардагы жана жердегилердин баарысы Андан (жардам, ырыскы) тилешет. Ал күн сайын иш үстүндө» (Ар-Рахман, 29).
Аллахтын Элчиси (салляллаху алейхи уа саллям) бул эмне иш экенин баяндап: “Күнөөлөрдү кечирүү, кайгы-кападан бошотуу, бирөөлөрдү ызаттап жана башкаларын кордоо” экенин айткан.
Куранды баяндаган аалымдардын (муфассир) пикири бул аят боюча төмөндөгугө барып такалат: “Аллах ар күнү жан салат жана жан алат, жаратат жана ырыскы берет, бирөөлөрдү ызаттап жана башкаларын кордойт, оорулууларды айыктырат жана байкуштарга жардам берет, кайгы-кападан бошотот, дубага жооп берет, сурагандын кажатын аткарат, күнөөлөрдү кечирет. Макулуктарга тешелүү болгон Аллахтын иштерин санап бүтүү мүмкүн эмес” (аль-Багави «Ма‘аридж аль-кабул», 1/346).

Супер-Инфо
super.kg
видео